ЖАА

— жебе менен атуучу жоокердик курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгачтын эки учу жип тептир менен катуу тартылып байланат. Жебенин түп жагын Ж-нын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээлеген нерсени көздөй коё берет. Ж. адамзат тарыхынын бардык этаптарында: согуштук беттешүүлөрдө, уучулукта, мелдештерде (жамбы атуу) кеңири пайдаланылган. Ж. дүйнөнүн бардык элдеринде (Австралия менен Микронезиянын жергиликтүү элдеринен башка) мезолит (б. з. ч. 12—7-к) доорунан б. з. 17-кылымына (кээ бир жерлерде азыр да бар) чейин колдонулган. Ж-нын жөнөкөй жана татаал түрү бар.

Адамдар Ж-нын бул түрүн Түштүк Африка, Түштүк Америка, Меланезия, Рим, Байыркы Германияда урунган. Татаал Ж-ны жасаганда, жыгачынын сырт жагына майда таралган тарамышты жыш желимдеп, ич жаккы бетин жука мүйүз менен каптайт, эки четине жана ортосундагы кармоочуна сөөктөн эн кыят. Мындай Ж-ларды гунндар, Орто Азия жана Сибирь элдери, скиф жана сармат уруулары биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта эле колдонушкан. Кыргыз эли урунган Ж. жасалышы боюнча кытай, моңгол, араб элдерине мүнөздүү татаал Ж. түрүнө кирет. Мындай Ж-лар жергебизде кенен жолугуучу сак, усун этносторунун маданиятынан (б. з. ч. 6 — 2-кылымдарда) жана байыркы кыргыз доорунун эстеликтеринен да (6 — 10-к.) жолугат. Атак-даңктуу баатырлардын өздөрүнө гана таандык-ЭКсы болуп, ага алтын, күмүш, асыл таш чөгөрүлүп өзгөчө кооздолгон.

Ж. түрк-моңгол элдеринин эпосторунун сюжетинде жана поэтикасында көрүнүктүү орунду ээлейт. Түрк-моңгол элдеринин эпосторунда Ж. мүйүздөн кураштырылып жасалгандыгы айтылат. Тува эпосунда Ж. жетимиш тоо эчкисинин мүйүзүнөн бири-бирине туташтырылып жасалгандыгы, жебеси кара эчкинин бүтүн терисинен жасалгандыгы айтылат. «Манас» эпосунда Ж-нын эмнеден, кантип жасалгандыгы эпостун «Чоң казат» бөлүмүндө кеңири сүрөттөлөт.

К. Айдаркулов

ЖААНГЕР КОЖО

— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эпикалык өмүр жолу толугураак берилген. Ж. к. Иса пайгамбарга 40 жыл кызмат кылып, батасын алгандан кийин Мухамед пайгамбарга кезигип анын да батасын алат. 850 жыл жашаган Ж. к. жер кезип жүрүп, баласы Билерик экөө Нескаранын колуна түшүп калат. Нескара аларды Кырмус шаага тапшырат. Кырмус шаа Ж. к-нун баласын барымтага алып калып, зынданга салат да атасын коё берет. Туткундагы баласына айланчыктаган Ж. к. ал жерге жакын кумга ырабат салганы үчүн Кумарайым падыша атыгат, ал жерде кудайга жети жыл зар айтат. Ошондо ага Кызыр келип, сенин зарың Алдага угулуп, тилегиң орундалмак болду, катагандын кан Кошоюна бар дейт. Кошой Ж. к-нун өтүнүчүн орундатып, Кашкар, Котон, Жаркен жана башкалар бир катар шаарларды нечен айлаамал, сыйкыр, эрдик менен каратып, Билерикти туткундан куткарат. А. А. Валитова «Манастагы» Ж. к., анын баласы Билерик жөнүндөгү эпизодду 1822 — 28-жылдардагы Жаангер кожонун Цин династиясына каршы көтөрүлүшүнө тийиштүү Чыгыш Түркстандагы тарыхый окуялар менен байланыштуу караган. Бирок, бул В. М. Жирмунский белгилегендей байыртан келе жаткан эпикалык баянга кийинки кошулган жаңы катмарлардан. «Зийа-ал-кулуб», «Жалис-и Муштакин» сыяктуу тарыхый булактарга караганда Жаангердин тибиндеги кожонун образы 16-кылымда түзүлө баштаган болуу керек. Себеби, Махдум-и Азам, Кожо Искахтар ушул кездерде Чыгыш-Түркстандагы бутпарас дининдеги элдерди, анын ичинде кыргыздарды мусулман динин алгач кабыл алдырган. Ошол мезгилдерге чамалаш Орто Азиядан жаңыдан ооп барган катаган уруусунун өкүлдөрү мамлекеттик иштерде активдүү роль ойногондугу, а түгүл бийлик башында тургандыгы катагандын кан Кошоюна байланыштырылып, кожо жөнүндөгү мотивдин эпоско киришине шарт түзгөн болуу керек, к. Кошой.

Р. Сарыпбеков

ЖАА ТАРТУУ

— согушта, уучулукта, мелдештерге жаа менен жебе атуу өнөрү. Ж. т. өтө зор чеберчиликти, кайраттуулукту, күчтүүлүктү талап кылган. Жааны тизелеп олтуруп, жөө да, атчан да, басып баратып, чаап баратып тартышкан. Ж. т. чеберчилигинин мыкты үлгүлөрү «Манас» эпосунда өтө таасын сүрөттөлгөн. Көкөтөйдүн ашында Манастын чоролору төрткө бөлүнүп жоокердик түрдүү оюндарды көрсөтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 166— 174). Бири-бирине бет маңдай турушуп жаа да тартышат:

Шарт этип саадак тартылды,
Өнөрү журттан артылды.
Саадактын огу жеткени,
Бөркүнө таккан чокуну,
Үзгөн бойдон кеткени.
Саадактан көрдү огуну
Баары кыркып өтүптүр
Тебетейдин чогуну
(Сагымбай Орозбаков, 3. 171).

Ошол эле Көкөтөйдүн ашында Кыргылчалдын асманга ыргыткан тебетейин чоролор жерге түшүрбөй эт бышымга чейин асманда атып турганы сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 167 —168). Буга дагы бир мисал орус совет фольклорчусу Р. С. Липецтин «Түрк-моңгол эпосторундагы баатырдын жана анын атынын образы» (М., 1981) деген эмгегинде Манастын чоролорунун тарткан жааларынын да жебеси мээлеген бутага бир нече буюмдун тешиктеринен өтүп барып тийгендиги көңүлгө алынган. Учуп баратканда жебе талааларды өрттөп, дарактарды жарып кеткени, керек болсо баатырлар жебени кууп жетип кармап да алгандыгы белгиленген (86-б.). Албетте эпосто Ж. т-ну сүрөттөөдө эпостук апыртуулар да колдонулган. Ошого карабастан эпостогу Ж. т. чеберчиликтеринин чагылдырылышы кыргыз элинде анын өнүккөндүгүн айгинелеп турат.

А. Абилов

ЖАБА

жабай — этноним. Эпос боюнча кырк кан кытай элинин бир уруусу. Алмамбет Бээжинде жүргөн кезинде «жаба журту» менен жоолашып, аларды «жадатып сүргөн» болот. «Чоң казатка» жөнөп баратышканда Манас Бээжиндин жолун, эл-жерин билгендер жөнүндө сурамжылап көрсө, андай киши Алмамбет болуп чыгат:

Ант урган кытай элинде
Жүргөн чороң мен бармын.
Жаба журтун жадатып
Сүргөн чороң мен бармын
(Сагымбай Орозбаков, 4. 68).

Алмамбеттин Бээжиндин жайын баяндап айтып берген сөздөрүнүн арасынан Ж. учурайт. Кийин Алмамбет баштаган Манастын колу Бээжиндин жерине жеткенде да ошол Ж-га дуушар болушат: «Андан өтүп Алакең (Алмамбет) Аңгүктүн жабай журтуна Аралап кирип барганы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 269). Ошондой эле Алмамбеттин кеңеши боюнча Манас Кенжут шаарындагы Айганды (Айган-канды) чапканы барганда да ал жерде «жаба калмагы» бар экендиги эскерилет:

Кигит, жаба журтунун,
Кишиси арбын ушунун...
Кенжуттуктан улугу
Кигиттен болгон уругу,
Кигит өзү калча экен,
Оюнда жаба калмагы
Ойлоп турсак канча экен
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 95, 9-б.).

Эпостогу Ж., жабагы деген душман элдин кимдер экендиги жөнүндө Манас таанууда эки ТҮРДҮҮ көз караш бар:
1) Манас чаап алган «Кенжут», «Кигит» деген эпикалык топонимдерди Индиянын (Кашмирдин) түндүк жагындагы Канжут, Гильгит княздыктарына окшоштурулат жана ошол жерде жашаган Ж„ жабагы дегенди «жаба эли» деп карайт аны иран тилиндеги «джабали» («тоолуктар») сөзү менен маанилеш деп эсептейт. Бирок Манастын «Кенжут» шаарындагы Айган канга каршы жасаган чабуулу, ал жердеги ар түрдүү элдер (Ж. жабагы жана башкалар) жөнүндөгү маалыматтар чыныгы тарыхый окуялардын (согуштук кагылышуулардын) негизинде жаралбастан Чыгыш Түркстанда (Кашкар, Жаркен, Котон шаарларынын аймактарында) жана Памирде жашаган жергиликтүү кыргыздар аркылуу, ошондой эле Индиянын түндүк тарабындагы өлкөлөр (Кенжут княздыгы жана башкалар) менен кабардар болгон манасчы Сагымбай Орозбак уулу тарабынан эпоско киргизилиши мүмкүн деген. Ошондой эле ал эпикалык окуянын өнүгүшүнө географиялык адабияттардын таасири да тийгени болжол кылынат (Э. Абдылдаев).
2) Манас, Бакай, Алмамбет баш болгон кыргыз жоокерлеринин Ж„ жабай менен эки жолу эки башка жерден — Бээжинден жана Кенжуттан кездешип жоолашканы жөнүндөгү маалыматтар кыргыз элинин башынан өткөргөн турмуш чындыгы катары божомолдонот. Манастын Бээжин, Каңгайга жасаган казаттарын, эпостогу жана башкалар көптөгөн эпизоддорду 11-кылымдын ортосунда (1050—1051-ж.) Кара Иртыштан баскынчылык жортуул жасап келген калмак-кыпчактардын сырдарыялык огуз мамлекетин (9— 11-кылымдарда) биротоло талкалаган согушу менен байланышта карайт да, ошого жараша Ж. жабай дегени Махмуд Кашкар (11-к.) тарабынан катталган огуздардын «ива», «йива» (Толстов, Короглы) же «заба», «зыба» (Орузбаева) деген уруусунун атынан келип чыгышы мүмкүн деп белгиленет.

Т. Абдыракунов

ЖАБЫКЕ

— кырк чоронун бири. Ж. Алмамбеттин келишинде жан кесеге куюлган бал кымызды Алмамбетке сунган чоро (Сагымбай Орозбаков, 2. 312). Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты отуз алтынчы келип, Ж. Дилдебурушка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 420, 427).

ЖАБЫР-БАЯН

(иранча бабр — жолборс, жаён — каардуу, сүрдүү) — эпосто Сагымбай Орозбак уулунун вариантында эки мааниде айтылат. 1) Өтө күчтүү жырткыч жаныбар: «Баарысынан кыйыны Жабыр-Баян деген бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 190); «Жалпы жырткыч ичинде Жабыр-Баян улугу» (Сагымбай Орозбаков, 2. 192). 2) Алмамбеттин жоо кийими маанисинде сүрөттөлөт: «Жамынганы сыртынан Жабыр-Баян териси» (Сагымбай Орозбаков, 2. 211). Бул термин «Манас» эпосунда «ШахНаме» дастанынын таасири аркылуу 19-кылымдын 2-жарымында кирген. «Шах-Наменин» негизги каарманы Үрүстөмдүн жоо кийими да бабр-е бейан» деп аталып, ал кабылан, илбирс, жолборс сыяктуу жырткыч айбандардын терисинен жасалган сырт кийим жана анын башынын формасындагы туулга болгон. Ж.-Б-дын терисинен жасалган сырт кийимди легендарлуу баатырлар соотунун сыртынан жамынып жүрүү салты чыгыш элдеринин фольклорунда кеңири белгилүү. Мисалы, Аалы (Азырети Алы), Тариел, Үрүстөм жана башкалар Ошондуктан, Сагымбай өз вариантында мындай сырткы кийимди Алмамбет да жамынып жүргөн катары сыпаттайт.

Э. Абдылдаев

ЖАБАГЫ

— этноним. Борбор жана Орто Азиядагы түркий уруунун аты. Ж. уруусунун бир бөлүгү кыргыздарга да жуурулушкан. Түрктүн улуу аалымы Махмуд Кашкар (11-к.) йабаку, кыргыз, кыпчактардын көк кылычты алдыга коюп шерттешүү салты жалпы болгондугу тууралуу эскерген. Ошондой кылымдардагы фарсы булактарында «йабаги» аттуу түркий этноним жолугат. «Манас» эпосунда Ж. адамдын энчилүү аты катары эскерилет: «Аскардын уулу Жабагы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 238). Бул ысым кыргыз урууларынын бири үчүн этноним болуп калган.

ЖАГАЛБАЙ

— эпизоддук кейипкер, Алмамбет менен Көкчөнүн ортосуна чагым салгандардын бири Жанбайдын атасы экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).

ЖАДИГЕР

— эпизоддук кейипкер, Багыштын Жедигерден кийинки бабаларынын бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 101).

ЖАЖУЖ-МАЖУЖ

— этноним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Ж.-м. пери элинен болот. Көкөтөйдүн ашына ал элдин Киеңкис менен Кишидаш деген дөөлөрү чакырылат. Диний жомокто Искендер Зулкарнайн оттуу чокмор менен айдап, Кап тоосунун нары жагына бекитип салган жандар (кыямат-кайым болгондо чыгат имиш. Кыргыздар аны «ит жээр, бит жээр» деп да айтат). ЖАЗАЙЫЛ МЫЛТЫК (арабча ал — жезаир — «арал», Алжирдин борбору аралда жайгашкандыктан ушундай аталат) — эпосто мылтыктын бир түрү катары айтылат: («Жазайыл мылтык күркүрөп»), Алжирден чыккан мылтык 17-кылымдан баштап Алдыңкы Азия аркылуу Орто Азия элдерине тараган. Ошондуктан өзбек эпосторунда «жозаил милтик», казактарда «жезаир мылтык» түрүндө аталат. ЖАЗИРЕ — топоним, бел.

Ала-Тоонун бетинде, Анжыяндын ары жагы Мыргаптын туура четинде Жазире, Жет-кайт белинде Аркы атасы Жедигер, Берки атасы Жадыгер, Уюктун уулу Багышка айт (Сагымбай Орозбаков, 3. 101),— деп Бокмурун жаш Айдарга Мааникерди мингизип, Көкөтөйдүн ашына кабарга жибергенде айтылат.

ЖАЙДАР

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйгө аш берүү кеңешине катышкандардын бири Акбайдын атасы катары ысымы гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).

ЖАЙ-ДӨБӨ

— топоним. Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп баратып сегиз ай туруп калган жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 161). Географиялык реалияда Кашкардан түндүк-чыгышта, Кара-Теке тоосунун этегинде жайгашкан тайпак какыр талаа.

ЖАЙНАК

— кырк чоронун бири. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Чалаңкөк жыйырма бешинчи болуп келип, Ж. Көгүчкөн деген кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425). Ж. из кубар мыкты чоро катары белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 3. 176).

ЖАЙНАКЕ

— эпизоддук кейипкер, Кыястын аялы, Жанаалынын кызы. Кыяс аялдары Ж. менен Каракөздүн төрөбөгөнүн Айчүрөккө айтат (Курама варианты, «Сейтек», 81).

ЖАЙНАКЕ

— эпизоддук кейипкер, Эштектин Жамгырчысынын байбичеси. Чачыкейден Акшумкардын дайынын билгени арага түшкөн үч байбиченин бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 27 — 29). Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо Каныкей Ж-ни Темиркандын кызы, өзүнүн эжеси экендигин Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).

ЖАЙНАКОВА Айнек

(1940, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) — адабиятчы, илимпоз. Филология илимдеринин кандидаты (1985). 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1968-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө эмгектенет. «Манас» эпосунун ар түрдүү проблемалары боюнча монографиялары бар: «Семетей» эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи» (1982), «Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүмү» (1984) жана «Манас» эпосунун варианттарындагы «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүгү» (1988). Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын 1-томун, «Сейтекти» (Р. 3. Кыдырбаева менен бирдикте) түзүп, баш сөзүн жазган.

ЖАЙСАҢ

— топоним. Эпос боюнча Алтай тараптагы Уркун суусунун куймасы (Сагымбай Орозбаков, 1. 246). Географиялык реалияда Зайсаң Чыгыш Казакстандагы тоолуу өрөөн жана андагы суу.

ЖАЙСАҢ

— кырк чоронун бири, Үмөттүн уулу. Чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он сегизинчи келип Ж. тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93, 149, 394, 419, 424; 3. 49, 175; 4. 43).

ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ

— манасчы. Ж. ы-нын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14—18-к. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260—1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерээк 14—15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири таралып, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Ж. ы. Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:

Салтанатын көргөндө,
Жайсаңчы ырчы дегени
Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнү ырдаган
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 554-б.)

калмак ырчысы катары айтылат. Советтик белгилүү эпос изилдөөчүлөр М. Ауэзов, К. Рахматуллин жана башкалар эмгектеринде «Манасты» жараткан, айтып, эл арасында сактап келген биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө айрым маалыматтар берилет. Манастаануу илиминде биринчи манасчы ким болгон деген суроону койгон жана бул маселе боюнча өзүнүн жоромолун айткан окумуштуу М. Ауэзов болгон. Ал Сагымбай Орозбак уулунун вариантында «Жалаң үйдүн порумун Жарым күнү ырдаган» Ж. ы. деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.

С. Алиев

ЖАЙТАШ

— аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуучу магиялык күчкө ээ таш. Коомдук өнүгүштүн алгачкы учурларында адам табияттын сырын билип, баш ийдирүүгө кылган аракетинен келип чыккан, Ж-тын магиялык касиетке ээ экендиги жөнүндөгү шамандык түшүнүктүн пайда болушуна, биринчиден, эң алгачкы эмгек куралынын болушу, ал таштын көбүнчө суунун түбүндө же башка нерселерде орун алышы түрткү болгон. Ж. моңголдордо «жада», «яда», казактарда «жайтас», якуттарда «сата» деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде Ж. көбүнчө койдун же уйдун карынынан табылган. Эпосто жайчылык өнөр жылан-ажыдаар менен байланыштырылат. Мифтик мындай ишенимди дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири кездешкен суунун ээси жылан, ажыдаар болуп эсептелген белгилүү салттык сюжеттин бир элеси, көрүнүшү катары кароого болот. Ж-ты пайдалана билүү үчүн анын окуусун окуу керектиги түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында көп айтылат. Бирок, башка элдердин эпикалык чыгармаларына караганда «Манас» эпосунун байыркы катмарында жаткан шамандык Ж. өтө кеңири баяндалат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда Ж-тын (жайчылыктын) эпикалык душман тарапка түшүргөн алааматы элестүү сүрөттөлөт:

Алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Карыкандын жай ташын
Чап жанынан алды эле,
Бир чөйчөктөй кара суу
Кур дегизе салды эле.
Жаканын баары жамгырлап,
Бөксөнүн баары мөндүрлөп
Жайдын күнүн кыш кылып
(Саякбай Каралаев, 2.194).

«Семетейде» да Ж. согуш мезгилдеринде же бир зарыл учурларда колдонулат. Коңурбай, Мурадыл, Карагулдар кысталыш учурларда күндү жайлап, алай-дүлөй түшүрүп, изин жашырып кутулуп кетишет. Ж-ты колдонгондо жайчылардын атайын окула турган магиялык күчкө ээ дубасы болгондугу да айтылат:

Жай ташты көлгө урду эле,
Күндү жайлап турду эле,
Булут ээси Бууракан,
Мунун атын чакырып
Жердин аты Жершамал,
Мунун атын чакырып
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 554 ИНВ., 375-б.), К. Жайчы.

С. Алиев

ЖАЙЧЫ

— жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ киши. Эпосто көбүнчө аярлар Ж-лык өнөргө ээ. Түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында күндү жайлоо жөнүндө көп айтылат. Мындай сюжеттик мотив «Манас» эпосунан да орун алган. Ж-лык башкы оң каармандардын ичинен Алмамбетке гана мүнөздүү. Алмамбет бала кезинде Аберген деген көлдөгү укмуштуу ажыдаардан Ж-лыктын, аярлыктын окуусун окугандыгы эпосто кеңири баяндалат. Ал Ж-лыгы менен агыны катуу суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын Ж-лыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:

Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону көргөндө,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп,
Согуш кылган чоң майдан
Найза бою кар болуп,
Жай убакта кыш болуп,
Жабылган кытай, көп манжу
Ошондо кыңшылаган кыз болуп
(Саякбай Каралаев, 2.194).

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынан Манас баатыр баштаган кыргыз Жоокерлеринин катуу чабуулунан кырылат. Эпосто Ж-нын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелет, к. Жайташ.

С. Алиев

ЖАКИШЕВ Өмүркул

(1909, Кант району, Үч-Эмчек айылы —1978, Фрунзе шаары) — кыргыз совет адабиятчысы, «Манас» изилдөөчү, түзүүчү. Алгачкы билимди Бишкектеги интернаттан, педагогикалык техникумдан алган. 1931 — 34-ж. Москвадагы редакциялык басма институтунда окуган. 1934—37-ж. Кыргызстан мамлекеттик басмада редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, 1940—49-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча Башкарманын начальниги болуп иштеген. 1952 — 62-ж. Кыргыз ССРИлимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» секторун жетектеген. Адабий-сын ишмердүүлүгүн 30жылдары баштап, кыргыз адабиятына тийиштүү бир катар рецензияларды, обзорлорду, проблемалык мүнөздөгү макалаларды жазган. Өмүрүнүн кыйла бөлүгүн «Манасты» изилдөөгө жана жарыялоого арнаган. Союздук жана республикалык басма сөз беттеринде макалаларын жарыялап, «Манас» эпосунун көркөмдүк чен-кудуретин кыргыз жана дүйнөлүк оозеки адабияттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-ж. Москвадан чыккан «Манас» эпосунун бир томдук орусча көркөм котормосун редакциялоого катышып, Е. Мозольков менен бирдикте кириш сөзүн жазган. «Манас» эпосунун 1958—60-жылдарда жарыяланган курама төрт томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. 1952-жылдагы «Манас» изилдөөгө арналган бүткүл союздук илимий конференцияда марксизм-ленинизмдин жоболорунун негизинде вульгардык социологиялык сындан коргоп, ««Манастын» негизги варианттарына кыскача обзор» деген доклад жасаган.

Р. Сарыпбеков

ЖААНБАЙ

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Нурдун уулу Ж. Манастын кырк чоросунун бири катары айтылат (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 79-б.).

ЖАЙЫК

(Орол, Урал) — топоним. Эпос боюнча түрк уруулары мекендеген жерлердин бири: «Эдил, Жайык жери бар, Эне-атабыз өскөн деп, Бир кыйла элдин кеби бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 16),— деп айтылат. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя. Эдил (Волга), Ж. (Урал) дарыялары түркчө мурдагы аталышы менен «Манас» эпосунда гана эмес, казак-кыргыздардын оозеки чыгармаларында алар качандыр бир кездерде мекендеп келген жерлер катары көп эскерилет. Бул Чыңгызкандын тукумдары негиздеген Алтын-Ордонун талкаланып, анын курамындагы айрым уруулардын кийин казак-кыргыздардын арасына келип сиңип кетиши менен байланыштуу.
Географиялык реалияда Урал 1775-ж. чейин Жайык деп аталган. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя.

ЖАКУТ

— кымбат баалуу асыл таш, яхонт. Жашыл саффир менен кызыл рубиндин кымбат баалуу түрлөрүнүн жалпы аты. Кээде гранит жана асыл шпинель сыяктуу кызыл түстөгү асыл таштар Ж. деп аталган. Эпостон Ж-тун байыртадан эле асем буюмдарга, жасалгаларга, кооздуктарга колдонулганы, нур чачыратып, жарык чыгаруучу каражат катары пайдаланылганы көрүнөт. Мисалы, Алмамбет Бээжиндеги өзүнүн алтын тагын Сыргакка төмөнкүчө сүрөттөйт: «Бу туш менен тиги туш Жакут таштан жабылуу» (Саякбай Каралаев, 2. 136), «Жакут менен көөкардан Босогого салдырган» (Саякбай Каралаев, 2. 136). Алмамбеттин атасы Азизкандын сейилдикке кийүүчү жарым кандык чен тонунун жасалгасы төмөнкүчө баяндалат: «Жакут ташты жардырган Көкүрөккө тонунун Асыл таштан салдырган» (Саякбай Каралаев, 2. 139). Ж-тун баалуулугу төмөнкү саптардан да көрүнөт: «Жакут, көөхар, лагыл таш, Жандар өлүп калган соң Аны эмине кылабыз!» (Сагымбай Орозбаков, 4. 349). Жарык болуп турсун үчүн Каныкей Манастын сөөгү коюлган жайга да Ж-ту колдонот: «Жакут таштан жардырдым, Алтымыш уруу жерине Жакут, көөхар аралаш Чырак гана кылып салдырдым» (Сагымбай Орозбаков, «Семетей», 1. 154).

Ы. Кадыров

ЖАКШЫЛЫК 1

— эпосто элдин моралдык аң-сезимин чагылдыруу менен жалпысынан этикалык түшүнүмдөрдөн кабар берет. Ал өзүнүн мазмуну боюнча жамандыкка карама-каршы. Бул антипод көрүнүш чыгармада «Туулмак бар, өлмөк бар, Жакшы менен жамандык Туш-тушунда көрмөк бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 24) — делинип, жашоодогу түбөлүктүү маселе катары тастыкталат. Элдин социалдык-этикалык ойлорунун, идеяларынын тарыхы негизинен жакшылык менен жамандыктын (к. Жамандык) ортосундагы келишпес күрөш болуп келген. Бул учурлар «Манаста» дайыма Ж-тын жамандыктын үстүнөн болгон жеңиши, салтанат курушу менен көрүнөт. Ушул ыңгайдан алып караганда эпостун «кан тамырына терең тараган, мазмунунда чордонун аныктаган өмүр, жашоо, эркиндик, көз каранды эместик, адилеттүүлүк үчүн жан аябай күрөшүү ириде Ж-тын жаркын жышааналарын билдирет. Алсак, эпостун сюжеттик өзөгүн түзгөн окуялар (Манастын туулушу жана эрезеге жетип, элин жыйып Ала-Тоого келиши, баскынчы душмандарды багындырышы, Семетейдин эли-жерине келип, ички жана тышкы душмандар менен талбай кармашып, элине, мекенине ээ болушу жана башкалар) дал ушундай.

Эпосто чагылдырылгандай, Ж. жөнүндөгү түшүнүктү адамдар жүрөгүндө бекем сактап, аспиеттеп жүргөн түпкү кызыкчылыктары, умтулуулары, мүдөөлөрү, каалоолору, үмүт-тилектери менен ажырагыс байланыштырышкан. Муну барыдан мурда чыгарманын негизги оң каармандарынын кылган иштеринен, кылык-жоруктарынан таасын байкоого болот. Маселен, Манас баш болгон: Каныкей, Бакай, Кошой, Семетей, Алмамбет, Айчүрөк, Сейтек жана башкалар көптөгөн каармандардын бардык аракеттеринде элдин эртеңки күнү, эркиндикке умтулуусу үчүн астейдил күрөш, бийик ыймандык, адамгерчилик сапаттар башкы орунду ээлейт. Маселен, Манас 24 жаш курагында эле элге баш-көз болуп, келечегине кам көрүп, анын зор күч-аракети менен:

Азган-тозгон кайран эл,
Чогулушуп калды эми.
Медер кылып Манасты,
Мекен кылып Таласты
(Саякбай Каралаев, 1. 183).

Ушул сыяктуу умтулуулар берки каармандарда да даана байкалат. Алсак, Каныкей бүткүл турган-турпаты менен Ж-ка жаралып калган адамды элестетет. Анын бул бийик сапаты Манаска ишенимдүү жан-шерик, ийги акылман болуп бергендикте гана эмес, андан да нары элдин мыкты билерманы, көсөмү даражасына да жетишкендикте. Каныкей эркинин бекемдиги, акылынын тунуктугу менен башына түшкөн бардык оор кыйынчылыктарды жеңип, өз максатына жетет. Манастын ысмын өчүрбөй сактап калууда, Семетейди эр жетилтип, элине ээ кылууда анын эмгеги аябай зор. Анын Ж. иштери жалаң эле Эл, Жер, Мекен, Манас, Семетей үчүн болгон түйшүктөрдө гана эмес, каска, доско кылган адилет, ак ниет мамилесинде да айкын сезилет. Маселен, Каныкейдин дааналыгы Кошой сыяктуу абасына чак келген кандагай тигип, анын Жолойду жыгышына өбөлгө түзгөндөн да, түбүндө душман болгон Канчоро сыяктуу адамды ак сүтү менен баккандан да байкалат.

Мындай асыл сапаттар Кошой, Бакай жана башкалар каармандарга да мүнөздүү. Ошол жоокерчилик заманда Ж. менен жамандык тынбай кагышып, кармашып, улам биринин үстүнө бири ала салып жаткан мезгилде, эл арасынан чыккан жогорудагыдай акылмандар чоң демөөр болгон. Маселен, согуш болгон жерде талоон бар. Бирок, эпосто сүрөттөлгөндөй Манас душманын багындырганда мындай учурлар байкалбайт. Ал душманынын колун гана кыйратат, бейкүнөө элди чаппайт. Ал гана эмес душмандан олжолоп алынган дүнүйөнү элге таратып берет. Алсак, Манас элге аябай запкы көрсөткөн Алооке канды жеңгенде эпосто айтылгандай:

Алоокенин сан дүйнө,
Келген жандын баарына
Атаң Кошой ошондо
Камчыга ченеп бөлдү эми
(Саякбай Каралаев, 1. 215).

Акыл үстөмдүк кылган жерде Ж. болору шексиз. Манастын жогорудагыдай позициясына албетте Кошой, Бакай, Каныкей сыяктуу акылмандар таасир берген. Маселен, Бакай жоокердик артыкчылыгына караганда туура кеңеш берген, билгилик, олуялык жагы менен Манаска зор тутка, жөлөк болгон. Ал душманга дайыма келишпес мамиле кылат, ошондой эле аны жетиштүү деңгээлде баалай билет, эч качан адамгерчиликке жатпаган чеки ишке барбайт. Кырк чоро Семетейдин айтканына көнбөй, бийлигине ыкрар кылбай ага дайыма жаман иштерди жасап, акырында кытайды көздөй качышат. Семетей алардын артынан кууп жетип, бардыгын тындым кылып таштайт. Ошондо Бакай Семетейге кайрылып мындай дейт:

Манастан калган кырк чоро
Жашырып жүзүн кетпесек
Карагаттай кайран көз
Каркылдап карга ойбосун,
Каалгадай кашка тиш,
Сагызган чычып койбосун,
Бөйрөгүн бөрү ойбосун
Бөтөн эттин баарына,
Түлкүлөр капыр тойбосун.
Мингендерин союп кет,
Кетмендеп жерди оюп кет
Мингенин атап союп кет
Кырк чоронун баарысын
Белгилеп жерге коюп кет
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 340).

Семетей Бакайдын тилин алып, ары-бери өткөн жолоочуларды уюштуруп, кырк чорого кырк күмбөз, кызык кылып салдырат. Мындан Семетейдин да, Бакайдын да жамандыкка жакшылык менен жооп бергендигин байкоого болот. Эпос күбөлөп тургандай, элдин көп кылымды ичине алган социалдык-саясий экономикалык, турмуштук изденүүлөрүндө мезгилдин сынынан өтүп, адамдарга дайыма аброй болуп келген баалуу, көөнөрбөс моралдык сапаттар иштелип чыккан. Мында асыресе Ж. идеясына дем берүү чоң мааниге ээ болгон. Мындай идеянын шарданы менен адамдардын прогрессивдүү социалдык практикасы, жашоо ыңгайлары, кылган иштери, кылык-жоруктары, жүрүш-туруштары, аракеттери калыптанган. Мына ушулардын пайдалуу, оң болушуна жараша Ж. мазмуну жагынан кеңейип көп түрдүү, конкреттүү көрүнүштөрү келип чыккан.

Маселен, Ж. кылуу (добродеяние, доброта), кең пейилдик (широта души), ажат ачуу (благодеяние), ак көңүлдүк (добродушие) адамдардын моралдык сапаттарына айланган. Эпосто булардан сырткары айрыкча көңүл бура турган нерсе — жакшылыкчыл (добродетель) көрүнүштөр. Бул дегинкисинде инсандык туруктуу оң, мыкты моралдык сапатын мүнөздөйт, анын моралдык абройлуулугун, нарктуулугун айгинелейт.

ЖАКШЫЛЫК 2

Мында Ж-тын эч ноюбастыгы, жашоонун эң алгылыктуулугу, ишмердүүлүгү. Ал өзү асыресе Ж-ты, ыймандуулукту активдүү алып жүрүүчүнүн ролун да көрсөтөт. Жакшылыкчыл жөнүндө түшүнүк ар бир мезгилде шартка жараша өзгөрүлүп келсе да, анын кайраттуулук, патриоттуулук, акылмандык, кең пейилдик, эрктүүлүк сапаттары дайыма сакталып калган. Эпосто буга бирден бир мисал Манаска карата колдонулган айкөл, асыл, эр, зор, сырттан, кызырдуу деген сыяктуу эпитеттер анын ашкере жакшылыкчыл адам экендигин ырастайт. Бул жерде ага карата берилген «айкөл» деген сыпаттама өзгөчө маанилүү. Ал биринчиден, өтө сыйымдуу моралдык сапатты көрсөтсө, экинчиден, эпостук каармандардын ичинен Манаска карата гана айтылат. Манасты «айкөл» деп атоо менен эл андан бүткүл жакшы нерсени көргөн. Анын ысмы жалпы эле Ж-тын символу болуп калган. Манастын туулушу эпосто кыргыздар үчүн чоң Ж-тын келиши катары көрсөтүлөт. Чындыгында эле ал «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган», «өчкөн отту күйгүзгөн, өлгөн жанды тиргизген» улуу иштерди жасайт. Эл ага тен берип, «Өйдө бассак Манасты Өбөк кылып алалы, Ылдый түшсөк Манасты Жөлөк кылып алалы» деп өздөрүнүн бүткүл үмүт-тилегин, мүдөөлөрүн, максаттарын анын аты менен байланыштырат.

Эпосто сүрөттөлгөндөй Манас өмүрүндө бирөөгө жамандык кылган жан эмес. Ырас, анын алабармандык, ээнөөлүк жагы да бар. Бул сапаттар анын жакшылыкчыл мүнөзүн кемитпестен, кайра толуктап турат. Бөтөнчө ага зордукчулдук жат нерсе. Маселен, Алтайда эл жыйылып, Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү масилетте Манас ким кааласа көчө тургандыгын эскертет. Жоого карата аттанганда адамдарды аскерге, кошунга кысым, күч колдонуу менен албайт. Ал түгүл чет Бээжинди ээлеп турганйа кайра кайтуу жөнүндө Каныкейден кат барганда да абалдын татаалдыгына карабастан, каалагандарга элге кайтууга уруксат берет. Колундагысын аябай элге чачат. Душмандын тилине да кирип кете берет.

Ушулардын бардыгы анын дегеле дилинде эч кимге залал келтирбей тургандыгын ачык далилдейт. Анын жакшылыкчыл иштери жалпы элге гана эмес, ар түрдүү адамдарга да жугумдуу. Маселен, кырк чоро ким эле:

Тонсуз келди бир чоро,
Тонсуз келген чорого,
Жакасы алтын, жеңи жез.
Кош бадана, торгой көз,
Келеме бото, кең жака,
Керишке кийсе ок өтпөс,
Тон кийгизди зор Манас.
Атсыз келген чорого,
Аркар аяк, жез билек,
Ат мингизди зор Манас.

Манастын кырк чорого кылган жакшылыгы ченемсиз. Мындай иштерди ал мамилелешкендердин бардыгына, ал түгүл душмандарына да жасайт. Анын жакшылыкчыл дыгы дегинкисинде адилеттүүлүктү, бийик ыймандык сапатты күбөлөп турат.

Эпосто Ж. жөнүндөгү элдик түшүнүмдөрү жалаң эле адамдардын жүрүш-туруш чөйрөсүндө эмес, ошондой эле анын мифтик, диний, космологиялык жана башкалар көз караштарында ширешкен формаларда чагылдырылган. Маселен, баланын жакшы жышааны менен туулушу (Манас), дуба окуу менен кыйын кырдаалдан чыгуу (Алмамбет), Ж-тын түш, аян аркылуу берилиши, Манасты дайыма сырдуу күчтөрдүн колдошу (Баба-Дыйкан, Кырк чилтен, Кызыр, жаныбарлар жана башкалар), асмандагы ай, жылдыздардын жайгашына, көрүнүшүнө карата алдыдагы иштерди аныктоо жана башкалар дайыма Ж-ка байланыштырган. Эпостун мазмунунда адамдардын өздөрүнүн жашоо турмушунда коомдогу, айлана-чөйрөдөгү жакшы нерселерди улам өздөштүрүп, үйрөнүүгө, үлгү алууга, тууроого боло турган баалуу көрүнүштөрдү дайыма алып, байытып олтурушкандыгы даана байкалат.

О. Исмаилов

ЖАКШЫЛЫК Сарык уулу

(1880, Ысык-Көлдүн Шаты айылы—1934, ошол эле жер) — манасчы. Бугу уруусунан. Эл арасында «Кара ырчы» деген ат менен таанымал. Ж. тогуз жашынан жамактатып ыр айтып, он эки жашында эл аралап, жамакчы-ырчы катары белгилүү болгон. Анын «Жылдыз» аттуу дастаны мазмунунун кызыктуулугу жана уккулуктуулугу менен эл арасына кеңири тараган. Жыйырма бешке чыкканча аш-тойлордо жар чакырып, жамак айтып жүргөн. «Семетей» айта баштаганын кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат.

Жыйырма беш кезимде,
Күнү-түнү үч күндө,
Аян берип өзүмө,
Түшүмдө келди көзүмө.
Белги берип береним,
Жамагыңды ташта деп,
Түшүмдө сөзүн уккамын.
Түшүмдө сөзүн уккан соң
Жамакты мындай таштадым.
«Семетей» менен «Сейтекти»
Ошондо айта баштадым
(Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 57-инв., 1684-б.),

— деп эскерет. 1929-жылдан баштап андан «Семетей» менен «Сейтек» эпостору жазып алынган. Ж. өмүрүнүн акырына чейин жомок айтууну атайын кесип кылып калгандыгы жөнүндө: «Семетей» менен «Сейтекти» Катар айтып чакылдап, Акын-ырчы атанып, Жашымдан берген кесипти, Карыганча таштабай Айтып жүрөм таштабай (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 57-инв., 1682-б,),— деп өмүрү өткөнчө эпосту айткандыгын баса белгилеген. «Семетей» эпосу — эл арасына кеңири тарап, сюжеттик, тематикалык, композициялык жактан калыптанып калган чыгарма. Ж. Сарык уулунун «Семетейинде» да бардык семетейчилерге мүнөздүү сюжеттик нук сакталып, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттары менен жалпы сюжеттик схемасы, окуялардын чечмелениши боюнча үндөшүп турат.

Жакшылык Сарыковдун вариантынын «Семетей» бөлүгү: Каныкейдин Букарга качканы, Семетейдин балалык чагы, Семетейдин эл-жерин угуп Таласка жөнөөгө камынганы, Каныкейдин жомогу, Семетейдин Таласка келип Абыке, Көбөш, Жакыптарга жолукканы, Атасынын алты мүлкүн алганы, Чачыкейге үйлөнгөнү, Айчүрөктүн ак куу кебин кийип учуп баатырларды сынаганы, Семетейдин Чынкожо, Толтой менен урушу, Толтойдун жомогу, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөнү, Семетейдин Коңурбай менен урушу, Кыяс менен Семетейдин урушу, Семетейдин өлүмү, Айчүрөктүн олжого кетиши, Сейтектин тарыхы жана башка окуяларды камтыйт. Көпчүлүк семетейчилерде Манас дүйнөдөн кайтканда Каныкей күмбөзүн салдырып, аны жайына койгондон кийин көп өтпөй Манастын инилери Абыке, Көбөш Каныкейге сөз айттырып, аны аялдыкка алууга аракеттенгендиктен Каныкей аргасыздан атасы Темир кандын шаарына качып баргандыгы баяндалат. Ж. деле жалпы сюжеттик нукту улантканы менен эпостун «Семетей» бөлүмүнө «Манастын» акыркы финалдык бөлүмүн кошуп айтуу менен айырмаланып турат.

Семетейдин төрөлүшүнө чейин айткан баяндамасында Манастын туяксыз өтөмбү деген зары жана Көкөтөйдүн ашында Кошойдун берген батасынан бүтүп эли-жерин тышкы жана ички душмандан коргой ала турган болочокку баатыр баланын — Семетейдин дүйнөгө келиши жөнүндө айтылат. Семетей төрөлгөндөн кийин Манас жортуулга чыгып, Коңурбайды жеңип, Орто Бээжин, Чет Бээжинге сурак жүргүзөт. Бээжинди алгандан кийин Манас душманга алдатып, бүт колун кырдырып Алмамбет менен Чубактан айрылып, өзү башынан жарадар болот, Аккула аты окко учат. Абалдын оордугун байкаган Каныкей Манастын көзү өткөндө Жакып төрт уулу менен ордону талап, мени бир уулуна алып берүүгө аракеттенет деген ишеничке келип, тийиштүү ырым-жырымдарды өткөрүп, Манаска арнап күмбөз салдырат да, аны коштоп күмбөзгө алып келет. Каныкейдин камбылдыгына ыраазы болгон Манас баарын көргөндөн кийин, Семетей менен Чыйырдыны Бакайга табыштап көз жумат. Манас дүйнөдөн кайткандан кийин Каныкей Семетейди алып, Чыйырдыны ээрчитип Букарга качып барат. Семетейдин бала чагы, жигиттик курагы Букарда өтөт. Окуянын экинчи этабы — Семетейдин Таласка келиш эпизоду Сарытазга байланыштырылган.

Жакшылык Сарыковдун вариантында Сарытаз Манастын чоролорунун бири катары баяндалат да, ал Абыке, Көбөш жана Жакыптан качып, Семетейдин артынан Букарга келет. Сарытаздын негизги максаты — Семетейге эли-жерин таанытуу. Ар бир семетейчиде Сарытаздын тарыхы ар кыл айтылса да, негизги мотив бардыгына тең бирдей жалпылыкты түзөт. Семетейдин Букардан Таласка көчүшү жөнүндөгү баяндамада Ысмайыл элин чогултуп той кылып, Семетейге көп мал берип, жездемдин кабарын билип келем дейт деп Семетейди Таласка чейин жеткирип келет. Ал эми Канчоро менен Күлчоронун образы Канчоро менен Күлчоронун эпиканын дүйнөсүнө келиши Жакшылык Сарыковдун вариантында бир аз өзгөчөлөнүп сүрөттөлгөн. Бул окуянын чечмелениши сюжеттик нукта түрк элдеринин, о эле дүйнө элдеринин фольклорунда салттык түрдө айтылып келе жаткан туугандашуу мотиви менен үндөшүп, эки чоронун Семетей менен эмчектеш тууган болушу баяндалат. Ж-тын айтуусунда Айчүрөк периден жаралган кыз экендиги ачык баяндалат. Өзүн Кайкынын сары белине перинин кызы тууп таштап кеткендигин жана аны Акун кан таап асырап баккандыгын:

Алакандай энеме,
Акункандай атама,
Пери ойногон жеринен,
Кайкынын сары белинен,
Перинин кызы тууп кеткен,
Таап алган талаадан
Асыранды кыз болдум
(Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 54-инв., 620-б.),

— деп эскерет. Семетей өлгөндөн кийин ордосу таланып, Айчүрөк баш болуп олжого кетет. Күлчоронун далысы кесилип, кул катары Айчүрөк менен кошо Кыяска берилет. Ушул учурду пайдаланып, Күлчородон өч алуу үчүн, Карагул Кыяска жылкычы башы болуп келет. Башка варианттагыдай эле Сейтектин дүйнөгө келиши жана жүргүзгөн иш-аракеттери айрым бир көрүнүштөрүнө карабастан сюжети жагынан бир жалпылыкты түзөт. Айчүрөк Кыяска келгенде боюнда бар экендиги белгилүү болот. Бала төрөлгөндө анын көзүн тазалоо Кыястын оюнда жүрөт. Ошентип, Сейтек төрөлгөндө аны жок кылууну Кыяс беш мастан кемпирге тапшырат.

Сейтек дүйнөгө келип, көз жарып жаткан учурунда Айчүрөктүн сиңдиси Көкмончок беш кемпирди дубалап, баланы өлүмдөн куткарып калат. Сейтек эс тартып эрезеге жеткенде Орус кандын кызы Күлнаарыга үйлөнөт. Сейтек Кара дөө менен кармашып, аны жеңет. Эпостун финалында Сейтек менен Күлчоро душмандарын жеңип, Таласка келгенден кийин Сейтек энеси Айчүрөктү Күлчорого тийсин деп ортомчу салат. Айчүрөк макул болгону менен Күлчоро макул болбойт. Жалпысынан алганда Жакшылык Сарыковдун вариантында Семетейдин Чачыкейге үйлөнүшү, Семетейдин Коңурбайдан атасынын кунун кууганы, Семетейдин өлүмү жана башкалар салттык эпизоддор бүтүндөй кезигет. Бул жогоруда эскерилгендей айрым бир окуялардагы мотивдердин берилиши боюнча айырмачылыктар жана кошумчалар бар экендиги байкалат. «Сейтек» бөлүмүндө да туугандар арасындагы араздашуунун натыйжасында Айчүрөк колго түшүп туткунга кетет. Ата-бабасы сыяктуу эле Сейтектин да балалык күнү башка эл, башка жерде өтөт. Акыры өз эл, жерин таап, атасынын кунун кубалап, өчүн алгандыгы баяндалат. Ж. Сарык уулунун айтуусунда жазылып алынган «Семетей», «Сейтектин» варианты кол жазма түрүндө 12 китеп (дептер) болуп Кыргыз республикасынын Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 53—54. 57, 214-инв.).

К. Кырбашев

ЖАКЫП

— каарман, Манастын атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ногойдун уулу. Саякбай Каралаевдин вариантында Ж-тын атасы Каракан. Ж-тын образы эпостогу татаал, карама-каршылыктуу образдардын бири. Эпостун башында каны өлүп, душмандан кордук көргөн эл туш-тушка чилдей тараганда, Ж., Акбалта баштаган кырк үйлүү кыргыз Алтайга айдалат. Алтындын кенин казышып, эгин айдап, мал багып, эл бакыбат турмушка жетишет. Айрыкча Ж. абдан бай болот. Бирок, көпкө чейин ал балалуу болбой жүрөт.

Долоно саптуу ай балта
Муну толгонтуп ийбей ким аштайт?
Бу тозуп жүргөн көп журтту,
Томсортпой муну ким баштайт?
(Саякбай Каралаев, 1. 38),

— деп кейиш кылат. Бул арманында Ж. керт башынын камын гана эмес жалпы журттун кызыкчылыгы, келечеги үчүн санаа тартат. Бирок малга кароо Ж. бай ушинтип зарлап жүрүп көргөн баласы төрөлгөндө эле «Малымды суудай чачарда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 69) дейт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас атасы Ж-ка кыргыз элинин салтына ылайык куда түшүп, калың берип, аял алып беришин суранат, өзүнө кандай аял ылайык экендигин айтат. Ж. кыйла жерди кыдырып, бир да кыз көңүлүнө толбойт.

Акыры Атемир кандын кызы Санирабиганы көрүп, сынына толтурат, кыздын бой турпатын, жүрүм-турумун гана электен өткөрбөстөн, келечек тагдырынан өйдө таасын көрө билет. Куда түшүп Атемир сурагандан алда канча көп калың төлөп, Санирабиганы Манаска алып берет. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында караниет Ж. калың төлөмөк түгүл, «кара тай бербеймин» деп чыкканда Бакай өзү жуучу түшүп, калыңын төлөп Манасты Каныкейге үйлөндүрөт. Манастын көзү өткөндө Ж.:

Ат өлгөндө кесек ит
Соору керек болучу,
Ага өлгөндө иниге,
Кесек ит, жеңе керек болуучу
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 12),

— деп Бакдөөлөттөн төрөлгөн алты уулун тукуруп, бирин Каныкейди ал дейт. Левират салтына ылайык бул адаттагы эле көрүнүш болгон (к. Левират). «Бирок Манастын жесирине Көбөштүн көз артуусу жана мындагы Жакыптын ролу кордогондук катары кабыл алынат» (В. М. Жирмунский). Семетей Таласка кайтып келгенде Ж. кичи аялынан төрөлгөн балдары басып калган бийликти жана байлыкты сактап калууга жан далбас кылат. Ачыктан-ачык душмандыкка өтүп, Семетейге уу берип, өлтүрмөкчү болгондо, Ж-тын эки жүздүүлүгүн башынан билген кыраакы Бакай Семетейди өлүмдөн алып калат. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас эр жетип, элге таанылып, Таласка келип туруп калган мезгилде эле атасынын «малымды түгөттүң» деген кебине тарынып кетип калып, эгин айдай, түшүмүнө Аккуланы айырбаштап алганы айтылат. Манастын атасына: «Малга кароо сырың бар, Мал жагына калганда, Басылбаган чырың бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 349), — деп баа беришинин да жөнү бар. Ж-тын ач көздүк, дүнүйөкордук, өзүмчүлдүк өңдүү терс сапаттары бара-бара киши өлтүрүүдөн, болгондо да өз небересин өлтүрүүдөн кайра тартпаган жүзү каралыкка чейин өсүп жетет. Анын образынын эволюциясы эпосто ишенимдүү көрсөтүлгөн. Бул жеке эле Ж-тын керт башына мүнөздүү терс сапаттары менен гана эмес, ошол учурдагы коомдук шартка дагы негизделет.

Эпостун «Семетей» бөлүгүнүн окуялары феодалдык уруу түзүлүшүнүн учуруна туура келет. Бул мезгилде жеке кызыкчылык уруунун кызыкчылыгынан жогору коюлуп, адамдардын өз ара мамилеси (ал түгүл тууган арасында) мал-мүлккө, бийликке көз каранды болот. Ушул шартта токол аялынан көргөн балдарына тийген дүнүйөнү, мансапты Семетей менен бөлүштүрүүнү каалабаганы, аны өлтүрүүгө жасаган аракети ишенимдүү мотивдештирилген. Ж-тын Семетейди өлтүрүүгө аракеттениши эпостун дээрлик бүт варианттарында бар. ТМВ боюнча Жакып өзү даярдаткан ууну өзү ичип өлсө, Саякбай Каралаевдин вариантында жүзү-каралыгы ашкереленген Ж-ты Чыйырды, Бакдөөлөт, Каныкей үчөөлөп өлтүрөт.

Көп элдердин, анын ичинде кыргыз элинин фольклордук чыгармаларында ата менен баланын касташуусу кенен кезиге турган салттык мотив. Мисалы, «Курманбек» эпосунда Курманбектин атасы Тейитбек менен, Алмамбеттин атасы Азизкан (Соорондук) менен касташуусу аркылуу берилет. «Эр Төштүктө» сараң бай Элеман өзү аман калыш үчүн желмогуз кемпирге Төштүктү баш кылып, тогуз уулун, балдарынын энесин кошуп туруп берип жиберүүгө да даяр. Ал эми Манас менен Ж-тын ортосундагы карама-каршылык анчалык ачык байкалбай, ата-бала өмүр бою бир пикирге келе алышпаса, Манастын баласы Семетейге Ж. тикеден-тике душмандыкка барат (к. Ата менен баланын касташуусу). «Мажму-ат-таварихте» да Ж тын (Якуб-бектин) Манастын атасы катары берилиши, бул каарманды эпостогу байыркы образдардын бири катары кароого негиз берет.

Д. Саалиева

ЖАКЫПБЕКОВ Ашым

(1935, Киров району, Шекер айылы) — жазуучу, котормочу. 1963жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1958). «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер (1958—60), Шекер айылында мугалим (1961 — 64). «Мектеп» басмасында редакция башчысы (1965—69), «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор (1969—83) болуп иштеген, 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторуна орун басар. К. Жусупов менен бирге «Манас» эпосунун кара сөз нускасын жазган. Үзүндүлөрү бир нече жолу газета, журналдарга жарыяланды. Ж.— бир нече китептин автору. ЖАЛГАСЫНОВА Дарыйка (1941, Киров району, Чолпонбай айылы) — кыргыз совет ырчысы, Кыргыз ССРинин эл артисти (1983). Ар түрдүү концерттик программалардагы аткаруучулук-ырчылык чеберчилиги менен белгилүү.

«Айчүрөк» (1966) операсындагы татаал образдардын бири Калыймандын, «Манас» (1968) операсындагы Канайымдын партияларын аткарып, эпостогу бул эки каармандын ээлеген ордун терең түшүнгөн ырчынын вокалдык өнөргө берилген ынтызардыгы актёрдук чеберчилиги менен тыгыз айкалышкан. Калыймандын шайыр мүнөзүн ишенимдүү ачып берип, азапка батып турган эжесинин кайгысын жеңилдетүүгө жасаган аракети, же калктын камын ойлогон Канайым сулуунун ажарлуу жүзү Ж-нын арияларында элестүү жана таасирдүү көрүнөт.

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕП ЖАНА «МАНАС»

«Манас» эпосу жалпы билим берүүчү мектептер менен бир нече жагдайда байланышат. Биринчиси, мектептерде эпосту окутуу маселеси. Аны окутуунун башаты 30-жылдардан башталат. Ушул мезгилдеги адабият хрестоматияларына эпостун чакан үзүндүлөрү кире баштаган. 1941-жылдагы мектеп программасында 8-класска оозеки эл адабияты боюнча 20 саат сунуш кылынып, анда «Манас» бөлүмүнөн «Чоң казат», «Көкөтөйдүн ашы», «Каныкейдин тою», «Манастын өлүмү», «Семетейден» — «Семетейдин балалык чагы», «Таласка келиши», «Айчүрөктү алышы», «Коңурбайдын өлтүрүлүшү», «Кыястын Семетейди өлтүрүшү» деген эпизоддор менен бирге чыгарманын келип чыгышы, идеясы, образдары, эпостогу сүрөттөөлөр жана ыр түзүлүшү, айтуучулардын эпосту аткаруудагы өзгөчөлүктөрү окутулган. Бул «Манасты» окутуудагы алгачкы ири кадам болгон. Ал эми 1949-ж. 3. Бектенов, Т. Байжиев жазган 8-класс үчүн «Кыргыз адабияты» окуу китебинде эпостун текстинен үзүндүлөр комментарийлер менен берилип, адабий талдоо жасалган.

Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Шапак, Саякбай сыяктуу чоң манасчылардын, эпосту алгачкы жазып алган жыйноочулардын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар берилген. 50-жылдарда 8-класстарда 12 саат менен «Манас» бөлүмү окутулган. 1961-ж. программада эки саат киришүү жана 6 саат «Семетей» бөлүмүнөн үзүндү сунуш этилген. 1963 — 64-ж. эпостун жалпы маселелерине 2, «Манаска» 3, «Семетейге» 3,. «Сейтекке» 2 саат, жалпысынан эпосту үйрөнүү үчүн 10 саат бөлүнгөн. 1965-ж. 11, 1966-ж. 14, 1967-ж. 15, 1969— 70-ж-да 14, 1972-ж. 17, 1980-ж. 12, 1982-ж. 15 саат ыйгарылган, 1989-жылдагы программага ылайык азыр 5-класста «Манастын балалык чагы» 2 саат менен, 9-класста эпос бардыгы 22 саат менен окутулуп жатат. Окуу китебин деги эпоско тийиштүү бөлүмүн С. Мусаев жазган. Мектеп окуучулары манасчылардан Сагымбай менен Саякбайдын өмүр баяндары, чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле эпосту эл оозунан жыйноо жана изилдөө тарыхы, варианттары менен таанышат. Окуучулардын эпостун негизги салттык өзөк окуяларын, идеясын, темасын, образдык системасын, композициясын билип чыгышына басым жасалып, сабак процессинде тексттен үзүндүлөр талдашат.

Эпос мугалимдердин кесиптик өнөрүн жогорулатууга, усулдук тажрыйбасын байытууга, мектеп окуучуларынын ыймандык рухтук жетилүүсүнө, эстетикалык табитинин өсүшүнө чоң салым кошууда. Адабият сабагында «Манас» эпосун окутуп-үйрөтүүдө текстти көркөм окуу, техникалык каражаттардан манасчылардын үнүн угуу, манасчылар жөнүндөгү кинофильмдерди («Манасчы» жана башкалар), операларды («Манас», «Айчүрөк»), драма спектаклдерин («Манастын уулу Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас») көрүү, айрым бөлүмдөрдү ролдоштуруп аткаруу, сабак-сахна, сабак-жомок, талаш-тартыш сабактарын өткөрүү, сөздүк менен иштөө, эпоско байланыштуу сүрөттөрдү тартуу жана көрүү сыяктуу усулдар жана ыкмалар кеңири колдонулууда. Жаңычыл мугалим Б. Исаковдун «Манас» эпосун окутуу» деген китебинин чыгышы жалпы билим берүүчү мектептердин «Манас» менен байланышкан экинчи жагдайы класстан тышкаркы иштерде, викториналарда, конференцияларда, сүрөт көргөзмөлөрүндө, тарбиялык сааттарда жана башкалар мектептин ар кандай окуу тарбиялык иштери менен «Манас» эпосун окуп үйрөнүүгө дагы бир жакшы өбөлгө түздү. Мектеп иштеринде эпосту пайдалануу, анын тарбиялык маанисин ачып көрсөтүү, балдарга идеялык көркөмдүк күчүн жеткирүү болуп саналат.

В. Кыдырбаева, А Муратов

ЖАЛГЫЗ-КЫР

— топоним, калмактардын Тулус баатыры мекендеген жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 137).

ЖАЛГЫЗ-ТЕРЕК

— топоним. Кыястын колу тарабынан жараланган Күлчоро Кара-Үңкүргө бараткан жолдогу жер (Курама варианты, «Сейтек», 7). ЖАЛ-КАМЫШ — топоним. «Чоң казатта» кыргыздар тийген жылкынын артынан кууп келе жаткан Коңурбайды Алмамбеттин айтуусу боюнча Сыргак баатыр астынан жашынып тоскон жер (Сагымбай Орозбаков, 4.297).

ЖАМАН-ДАБААН

— топоним. Кыргыздар Алтайдан көчүп келатып калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошотконунда: Жаман-Дабаан, Кара-Тоо, Мунун баары мурда жоо» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 646-б.),— деп Ж.-Д-да мурдатан эле жоо жатканы айтылат. Географиялык реалияда Ж.-Д. Кыргызстанда Ак-Талаа районунундагы жер, ашуу, суу.

ЖАМАНДЫК

— эпосто элдик этикалык түшүнүм катары чагылдырылып, мазмуну боюнча жакшылыкка (к. Жакшылык) карама-каршы турат. Анын маңызын ошол мезгилдердеги моралдык талабына ылайык күнөөлөгө, айыптоого, жазалоого, жектөөгө туура келген социалдык турмуштагы жана адамдардын кылык жорук, кылган иштериндеги терс көрүнүштөр түзөт. Бул жагдайда адегенде эле социалдык Ж-ка токтолуп өтүү абзел. Чыгармада мунун басымдуу орун алышы элдин ошол замандардагы жоокерчилик турмушу менен байланышкан. Маселен, согуш — адамдарды азап тозокко салган ашкан социалдык Ж. Ал — өлүм, ый. апат; элге кыйроо, талкалануу, талоон алып келген алаамат. Эпостун негизги мазмунун түзгөн кыргыз элинин ички жана тышкы душмандар менен болгон тынымсыз согушу ириде дал ушуну күбөлөйт. Чыгармада согуштук окуялар адамдын жүрөгүн титиреткен өзүнчө бир оор-мүшкүл, каран түн, кыйноо, кайгы, муң катары сүрөттөлөт. Мындай социалдык Ж-тын тамыры ошол доордогу баскынчылык, талоончулук, «ким күчтүү болсо, ошол туура» деген жапайылыктын мыйзамдарында жатат. Жоого каршы күрөштө душмандан алдын ала сактануу, андан келечекте келип чыгуучу коркунучту жоюу максатында озунуп кол салуу да болот. Эпостогу Чоң казат окуясы дал ушундай. Ал эми негизинен алганда башка элди каратуу, басып алуу, кара ниеттик, ач көздүк, дүнүйөкорлук максатта жүргүзүлүп, ал элдин малмүлкүн олжолоо, өзүн кара күчкө айландыруу сыяктуу Ж-ты жаратат. Мына ушундан келип чыккан зомбулук, зордук, эзүү турган турпаты менен өтө зор социалдык Ж.— кытай кандары Алооке менен Молтонун кыргыздарга көргөзгөн кордугу буга айкын күбө.

Кыргыздарды бакубат кылып турган Каракан өлгөндөн кийин анын жетим калган сегиз уулунун жаштыгынан пайдаланып, кытайлардын Молто, Алооке кандары аларды басып алат. Элдин башына оор кайгы, кыйын иш түшөт. Кытай, калмактар «төрөсү өлгөн буруттун төбөсүнөн басып, төрт түлүгүн чачып, төшүнө казан асып, каяшаяк кылганды кырып, балбандарды байлап, эрендерин түк койбой жайлап, чалдын баарын сабап, кыздардын баарын олжолоп, туура чыккан кыргызды туура күңкөр тул кылып, азаматты кор кылып, колуна чеге кадап», элди каалагандай талайт. Ошондо: «Өлөйүн деп өлө албай Өкүрүп турат кайран журт Өз жанын өзү кыя албай» (Саякбай Каралаев, 1. 31) Алооке, Молто элге карата эң ырайымсыз мамиле кылган. Алдыга койгон пландары, арам ойлору өтө коркунучтуу болгон. Маселен, Молто көп кыргызды кырып таштаганга караганда, алардан алым алып турууну ыңгайлуу, пайдалуу көрсө Алооке кыргыздар түбү бөтөн журт:

Чамасы келсе бу бурут
Чалышкан турат өзүмө
Ушунчадан күтүнүп,
Мунун үйүрүн бузуп тийбесек
Эгерде бизди соо кылбайт
Муну туш-тушка бөлүп ийбесек (Саякбай Каралаев, 1. 35),

— деп акчыланып, элди бүтүндүгүнөн, мекенинен ажыратып биротоло түбүнө жетүүнү көздөйт. Чындыгында эле анын бул буйругу кыргызды абдан катаал, оор кейиштүү тагдырга туш кылды:

Бирөө айдалды Иренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге
Жер таба албай конушка
Оболку дарты козголду,
Тополоңу тоз болду.
Колу артына байланып,
Кордук көрүп айдалып,
Буларды бөлүп турганда
Калайык ыйлап, кары ыйлап,
Калайык журттун баары ыйлап:
Ай, Каракан, өлбө — деп
Азапты бу журт көрбө! — деп,
Бул өңдөнгөн кордукту,
Мендесине бербе деп,
Көөдөнгө батпай көп санаа
Талоон көргөн кайран журт,
Көзүнүн жашы он талаа
(Саякбай Каралаев, 1. 35).

Кытай, калмак-манжу төбөлдөрү элди ушундай азапка салуу менен чектелбестен, эзүүнү ого бетер улантып, анын жаңы формаларын таап, кийирип турушкан. Маселен, буга калкты тынымсыз талап-тоноодон башка балдарды байлап кетип, денекул, маңкурт кылуу сыяктуу акылга сыйбаган иштерди да жасашкан. Мына ушундай Ж-тар акыры келип элдин эзүүгө каршы чыгуусуна, эркиндик үчүн күрөшүүсүнө себепчи болгон. Ошентип, эпосто таасын сүрөттөлгөндөй, социалдык жамандык — жыргал, оомат деген түшүнүктөргө карата алганда ал жалаң эле моралдык көрүнүш эмес. Ал өзүнө асыресе элдин, адамдардын турмуштук керектөөлөрүнө, мүдөө-талаптарына, муктаждыктарына жана кызыкчылыктарына карама-каршы келген, коомдук прогресске тоскоол болгон кеңири түшүнүктү камтыйт. Социалдык Ж. дегинкисинде моралдык Ж-тын булагы. Тагыраак айтканда, адамдардын социалдык шарттары гана алардын ошол коомго жана мезгилге типтүү болгон жүрүш-туруш формаларын аныктайт.

Адатта моралдык Ж. адамдардын тескери, жарамсыз жүрүш-турушу катары бааланат. Бирок, коомдун бардык эле мүчөлөрү мындай сапатка ээ эмес. Эгерде кээ бирөөлөрдү тескери жолго барууга колундагы зор байлык түртсө, айрымдарга оор турмуш-жагдай себепчи болушу мүмкүн. Жалпы алганда, моралдык Ж. белгилүү бир адамдардын (социалдык топтордун, жааттардын) тийиштүү моралдык нормадан четтеп, андан чегинүүсүн, тескери ишке түшүүсүн, Ж-ка баруусун, чектен чыгуусун мүнөздөйт. Андыктан, тигил же бул адамдын адилетсиз, кара ниеттик менен кылган иши, кылык-жоругу, аракеттери да (мейли ал душман, бай, жана башкалар болсун) моралдык Ж. катары каралат. Себеби, аларды ушул жакка түртүп жаткан нерсе: жалаң эле социалдык жагдай, теңсиздик эмес, алардын өздөрүнүн эрки (наадандык, мансапкорлук, өзүмчүлдүк, мерездик жана башкалар) Эпосто моралдык Ж-тар негизинен ошол мезгилдердеги көчмөн турмуштун, уруулук-феодалдык түзүлүштүн, жоолашуунун шарттарында келип чыккандыгы ачык сезилет.

Маселен, буга кек сактоо, өч алуу, кун кубалоо сыяктуу сыртынан караганда туурадай сезилген, бирок ички мазмуну боюнча таптакыр адамкерчиликке жатпаган көрүнүштөрдү келтирүүгө болот. Мындай кесепеттердин натыйжасында көпчүлүк учурларда эч күнөөсү жок адамдар материалдык гана эмес моралдык, психологиялык жактан да зыян тартышкан, көз караштарындагы, кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө учурашкан. Эпосто буларга байланышкан окуялар (Чубактын, Үмөтөйдүн куну жана башкалар) көп кездешет. Эл арасында ушуга тийиштүү макал, ылакаптардын кеңири тарашы да (маселен, «Чубактын кунундай чубалган...», «Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени» жана башкалар) аталган терс көрүнүштөрдүн адамдарга терең из калтыргандыгын күбөлөйт.

Элдердин бирин-бири чабуусу, басуусу, душмандык, кастык мамилелер, социалдык теңсиздик, адилетсиздик, кызыкчылыктардын жана мамилелердин ортосундагы кыйчалыштыктар түбү келип ыймандуулукка жат көрүнүштөрдү жаратат. Бул багыттарда эпостон орун алган көптөгөн фактылардын ичинен бир гана учурга, атап айтканда Манастын өлүмүнө атайын токтолуп өтүү зарыл. Анын дүйнөдөн кайтышы — чындыгында да эч орду толгус жоготуу. Ал каза болгондо «Айкөлүм Манас өлбөй кал, азапты куу баш көрбөй кал» деп анын күйөрмандары Каныкей, Бакай, Кошой жана башкалар ыйлабастан, жалпы эл («Калың журттун баары ыйлап»), ал гана эмес жаныбарлар (Кумайык, Желмаян, Нарбуудан тынчы кетип, аза күтүп, Ак шумкар боосун үзүп), жаратылыш көрүнүштөрү муңайып («карагай ыйлап, тал ыйлап, алты күнү ай чыкпай, ай караңгы түн болуп»), дегеле турмушта болбой турган чоң кайгыга батышат. Мына ушулар жалаң эле өлчөмсүз жоготууну билдирбестен, Манас дүйнөдөн кайткандан кийинки элдин азаптуу турмушун, ашынган жамандыктын өкүм сүрө тургандыгынан кабар берет. Эпосто сүрөттөлгөндөй, чындыгында да ушундай болот. Манастын зор кыйынчылыктар менен жасагандары, тургузгандары бүт бүлгүнгө учурайт. Мурунтан ичтен кекенип жүргөн Абыке, Көбөш сыяктуу арамдарды «таптакыр кудай уруп, жетим менен жесирди талаганга» чейин барып, ыйманга сыйбас ыплас иштерди жасашат. Ал гана эмес, «Кан Манастын өлгөнүнө али кырк күн боло электе баягы Манастан калган кырк чоро Көбөшкө айыл конуп», анын талабын талашып-өздөрүнүн бир мезгилдеги ыйык адамына каршы чыгышат:

Жамгырдай кылып жаа тартып,
Кырк чоро, мөндүрдөй кылып ок атып,
Каарданып бакырып
Кан Манас атын өчүрүп,
Баарысы «Көбөш» деп ураан чакырып
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 21),

Манастын ордосуна тартынбай кол салышат. Албетте, алар бул кыйды иштери үчүн жаза алышат. Манастын дүйнөдөн өтүшү менен элден оомат кетет, башына мүшкүл түшөт. Калк моралдык жактан ыдырайт, чыр-чатак ырбап, ыймансыздар көбөйө баштайт:

Башка сая бак бол деп,
Кара жүрбөй, ак бол деп
Калк ичинде шумдук кеп
Ушул кепке сак бол деп
Көрө албай жүргөн көөсөр бар,
Бата албай жүргөн байкуш бар,
Өтө албай жүргөн өксүк бар,
Жете албай жүргөн жезит бар
(Сагымбай Орозбаков, 2).

Эпосто чагылдырылгандай, мына ушулардын бардыгы элди башы-көзүнө карабастан аябай эзүүдөн гана келип чыгып олтурат. Ж. көрүнүштөр, ал тууралуу ойлор, түшүнүктөр эпосто дайыма терс каармандардын (Алооке, Нескара, Коңурбай, Жолой, Канчоро, Чынкожо жана башкалар) кылган иштеринде, кылык-жоруктарында, келтирилген зыяндарында даана чагылдырылган. Алардын турган турушу: басып алуу, өлтүрүү, зордуктоо, алдоо, аксымдык, жүзү каралык, ашынган катаалдык, каардуулук, ырайымсыздык, мыкаачылык, зөөкүрлүк, митаамдык жана башкалар Макел дөө сыяктуу жалгыз көздүү да, Шыпшайдар сыяктуу мерген да душмандык көрүнүштөрү менен биринчи кезекте Ж-ты айгинелеп турушат.

Моралдык Ж-тын орчундуу жагы — жамандык кылуу. Ал дилинде жакшылык кылууга карама-каршы аракет. Ал — кылмыш, болгондо да ыймандыктын ыйык талабына, гумандуулук менен адилеттүүлүктүн принциптерин тебелеп-тепсеген кылмыш. Эпосто булар көбүнчө кара ниеттик, чыккынчылык, кара мүртөздүк, бузукулук, арамзалык кылган Манастын аталашы Абыке, Көбөш, Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбай сыяктуу алты арамдын кылмыштарында, кылык-жоруктарында таасын көрсөтүлгөн. Ушундан келип «арам» деген түшүнүк эч качан моралга сыйбаган нерсе катары кабылданат. Эпосто кырк чоронун жакшылыкты унутушу, «Манастын тузуна сийгендик» катары айыпталат. Жашоодо нандын, туздун эң зарылдыгы алардын улук, ыйык болушун шарттаган. Демек, нанга, тузга шек келтиргенчелик жолго барган адам каргышка калып, эч жакшылык көрбөйт. Ушул сыяктуу этикалык, моралдык түшүнүктөр эпосто көп кырдуу жана терең маанилери менен айырмаланат. Алардан дайыма «жамандыкты амандык жеңет» деген эртеңки, турмушка, жашоого умтулуу ачык сезилип турат.

О. Исмаилов

ЖАМАН-СУУ

— топоним. Айчүрөк аккуу болуп учуп баатырларды сынап жүрүп «Ал Какшаалдын оюнда, Жаман-Суунун боюнда» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 361) Эр Төштүктү көргөн жер.

ЖАМБЫ

(кытай сөзү юань — уюткан, бао — баалуу) — койдун, жылкынын жана башкалар малдын туягынын формасындагы ар түрдүү көлөмдө жана ар кандай салмакта уютулган күмүш. Ж. Кытай мамлекети тарабынан көчмөн элдер менен соода жүргүзүү үчүн киргизилген. Цин империясы чыгыш Түркстанды (Синьцзян) басып алгандан кийин (18-кылымдын экинчи жарымы) Ж. жергиликтүү жана Орто Азия элдерине да тарала баштаган. «Манас» эпосунда Ж. негизинен жогорудагы эле мааниде айтылат. Бирок эпосто Ж-ны алтындан куюлган деп да айтат: «Көкөтөй жыйган пул экен, Жүргөн алтын бир жамбы. Жүз адамдын куну экен» (Сагымбай Орозбаков, 3. 163—164). Эпосто Ж-нын кээ бир түрлөрү өз алдынча учурайт. «Бөйрөк жамбым бөтөн бар Тай туягым бирөө бар Чыныгы жамбым үчөө бар» (Радлов жазып алган вариант, 148). Соода иши менен катар Ж. кыргыздардын турмушунда да, ошондой эле «Манас» эпосунда көбүнчө жамбы атууда колдонулган, к. Жамбы атуу.

ЖАМАНОВ Сыдыкбек

(1913, Жумгал району, Беш-Терек айылы) — кыргыз актёру, Кыргыз ССР эл артисти (1958), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Ж. «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек» (1987) драмасында Бакайдын образын түзгөн.

Анын Бакайы — сырткы келбети келишкен, акыл-ою тунук, турмушка кеңири байкоо жүргүзгөн сынчы, насаатчы, эл камын ойлогон патриот. Уруу башчылары, аксакалдар бийлеген мезгилдин көп мүнөздүү белгилери анын образында сакталгандыгы Ж-дун аткаруусунда таасирлүү жана жыйнактуу көрүнөт.

ЖАМБЫЛ

— топоним, Жакыптын көп сандаган малы жайлап, кыштаган жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 74). Жунгария менен Чыгыш Түркстандын ортолугунда.

ЖАМГЫРЧЫ

— каарман, уруу башчы кандардын бири. Көпчүлүк учурда эштектердин Жамгырчы делип туруктуу эпитет менен айтылат. Эштек аттуу урууну ичине камтыган бас деген журттун каны, кол башчысы, баатыры катары баяндалат: «Эштектердин Жамгырчы, Бас журтунда бу бир кан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Ж. борборунда турган атайын эпикалык сюжет жок. Түрк урууларынын биримдиги, биргелеш өткөргөн жыйындары же казаттары баяндалган эпизоддордун бардыгында Ж. уруу башчы катары көрсөтүлөт. Көкөтөйдүн ашына Ж. өзүнүн колу, эли менен катышат. Ж.— Манаска каршы кутум уюштурган жети кандын бири, күүлөнүп барып, Манастын сүрүн көргөндө аны менен басташмакчы болгон максатынан кайра тарткан кандардын эң алдыңкысы:

Каршы келген Жамгырчы
Каарына тура албай...
Улук эрди көргөндө
Учуп түштү атынан,
Кол куушуруп бооруна
(Сагымбай Орозбаков, 4. 47).

«Чоң казатка» да өз колу менен катышып эрдик көрсөтөт, кытай, калмактарды жеңүүдө үлүшүн кошот. Семетей Таласка кайрылып келгенден кийин Ж. Семетейге канатташ жашап, керек учурларда акыл-насаатын айтып турат. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз кандарынын бири катары айтылса, Валиханов жазып алган эпизоддо карама-каршы планда берилип, Көкөтөйдүн ашында эр сайышка чыккан «каапырдын каны» Ж. Манастан жеңилип калганы сүрөттөлөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 87—88-б.). «Мажму ат-таварихте» Иамгурчи аталып, Фулад менен бирге Манасия шаарына жортуулга барган ногой эмири делет, к. Йамгурчи.

С. Кайыпов

ЖАМЫРА

— эпизоддук кейипкер, калмак баатыры, Акунбешимдин топ башчысы. Жекеге чыгып, эр Көкчөнүн колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 135). ЖАНААЛЫ, КАРАЧ — кейипкер, Чамбыл-Белди жердеген эки эр (к. Карач). Бокмурун Көкөтөйдүн ашына чакыртканы айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 15). Манастын өлгөнүн билген Ж., К. мурунтан касташып жүргөн жоосу Көкбөрүнүн Таласка келгенин билип, көп кол менен жолун тосот. Уруш болуп Ж., К. жеңилет. Жоо кийимин чечип салып уктап жаткан Коёнаалыны Ж. атып өлтүрөт. Ж-нын жоокердик салтты бузган бул жоругу анын намызсыз адам экенин көрсөтүп турат (Саякбай Каралаев, 2. 254— 255). Семетей Таласка адеп келип Бакайга кезиккенде өзүн К-тын уулумун деп, Бакайдын сырын тартып билмек болот: Бакай Ж., К. менен алты жолу чабышып, Көрпаянды тартып алганын Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 226 — 227). Алгач Ж., К. бир эле кейипкердин аты болгон болуу керек: Ж. негизги аты, К. титулу (Карач, Карача байыркы түрк элдеринде кандын башкы кеңешчиси). К. көөнөргөн сөзгө айлангандыктан кийинки айтуучулар анын маанисин түшүнбөй, Ж. менен катар жүргөн кейипкердин аты катары кабыл алган болуу керек.

С. Төлөгөнова

ЖАНАДИЛ

— эпизоддук кейипкер. Каныкейдин атасы Атемирдин уулу экени гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 384).

ЖАНАДИЛ

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн атасы экени гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 37, 48).

ЖАНАЙ

— эпизоддук кейипкер. Кыргыз уруу башчыларынын катарында аты көп эскерилет. Алмамбеттин келишинин урматына өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта аты он үчүнчү келип байге алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 341). Жакып Каныкейге жуучу түшүп келгендеги кеңешке катышып (Сагымбай Орозбаков, 2. 383), кудага жөнөгөндө калыңга айдалган малды башкарып жүргөндөрдүн бири болуп барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 391). Көкөтөйдүн ашында да кыргыз бектеринин катарында «Көчпөс байдын Жанайы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 61, 105, 178) катышат.

ЖАНБАЙ

— эпизоддук кейипкер. Алмамбетке каршы кутум уюштурган Көкчөнүн тегерегиндеги бузукулардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243). ЖАНГЕР — эпизоддук кейипкер. Манастын чоролорунун бири Жабыкенин атасы катары аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 420).

ЖАНДАКЕ Байболот уулу

(1853, Жети-Өгүз аймагы, Чырак айылы —1917, Жети-Өгүздүн сырты, Ак-Шыйрак) — манасчы. Атасы Байболот элдик салтты, динди катуу туткан, сабаттуу адам болгон. Ж. жаштайынан малжандуу болуп, ыр-күүгө шыктуу болгон. «Манас» айтууну атактуу Назар манасчыдан үйрөнгөн. Ал «Манас» эпосунун орчундуу жерлеринен, анын ичинде «Көкөтөйдүн ашын» көбүрөөк айткан. Ж. «Манас» айтып жатканда боз үйгө эл батпай, толуп кетчү экен. Белгилүү манасчы жана «Манас» изилдөөчү Ыбырайым Абдыракман уулу Ж-ни өзүнүн устаты катары эсептеген жана аны менен 20 жылча бирге жүрүп, таалим алгандыгын эскерет.

ЖАНДАНДЫРУУ

— «Манас» эпосунда жаратылыш көрүнүштөрүн же жансыз нерселерди, айбанаттарды адам сыяктуу ойлотуп, кайгыртып көрсөтүүчү стилдик көркөм ыкма же каражат. Эпостордо кеңири колдонулган бул ыкма «Манас» эпосунун поэтикасында да белгилүү стилдик-көркөмдүк мааниге ээ. Бул көркөм каражат Сагымбай Орозбаковдун вариантында, Саякбай Каралаевдин вариантында кеңири учурайт. Эпикалык чыгармалардагы Ж-ну жандуу жаратылышты (айбанаттар, канаттуулар жана башкалар) жана жансыз жаратылышты (тоо-таш, бак-дарак, жер-суу жана башкалар) Ж. же адамдаштыруу деп шарттуу түрдө экиге бөлүүгө болот.

«Манас» эпосунда Ж-нун ушул эки түрү тең кезигет. Ушул жагдайда ар бир вариант өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Нескаранын Чабдар ат менен Төштүктүн Чалкуйругу жогоркудай сапаттарга ээ. Бул каармандардын тулпарларынын «адамдык» касиеттери жана белгилери, кызматтары жалпы элдик идеяга үндөшүп, эпостун жалпы көркөм эстетикалык мазмунунун артылышына кол кабыш этет. Нескара Манас баатырдын сырткы душмандарынан болгондуктан анын Чабдарын «адамдаштыруу» ошол душмандык, баскынчылык идеянын ишке ашырылышына багытталган. Жакыптын агасы Бай инисин издеп келе жатып, арык каздырып жаткан Нескаранын колуна түшкөндө ал аты менен сүйлөшкөнүн угат. Чабдар ээсине акыл үйрөткөн, анын келечегин таамай аныктаган көрөгөч, аяр, ээсинин тагдырына камкор буудан болуп сыпатталат. Жер астынан чыкканы аз убакыт болгон «алты эсе күчтөн айрылган», табына келе элек Чалкуйрук Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта: «Ачбуудандан өтсөм деп, Ашка чукул жетсем деп, Көй күлүктөн чыксам деп Көкөтөй туусун жыксам деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 265) ээсине намыс алып берүүгө бар күчүн үрөйт.

Эгерде, Сагымбай Орозбаковдун вариантында стилдик-көркөм мындай ыкма эпостун жалпы духуна, мазмунуна өзүнчө эстетикалык, идеялык кошумча кошуп, Ж-ну фольклордук чыгармачылыктагы натыйжалуу каражат катары көрүнсө, ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында эпикалык поэзиянын бул өрнөктүү салты табигый түрдө улантылып, варианттын жалпы поэтикасынын деңгээлинин көтөрүлүшүнө, эмоциялуулугунун артылышына көмөктөшөт. Мында эпикалык каармандардын тулпарларын, «адамдаштыруу» менен бирге (Алмамбет менен Сыргак тийип алган кытайлардын жылкысын баштап бараткан Карткүрөң Манаска келгендеги эпизод; Саякбай Каралаев, 2. 143) жапайы айбанаттар, мифтик жаныбарларды жана жаратылыш көрүнүштөрүн Ж-га басым коёт. Бул өзгөчөлүк манасчынын жеке чыгармачылык өнөрүндөгү, поэтикалык ойлоосундагы касиеттерден болуп саналат. Монументалдуу образдардын бири Алмамбеттин аярлыгы, жайчылыгы жана билимдүүлүгү анын алтымыш баштуу ажыдаардан окугандыгы жана тарбия алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал эми Коңурбайдын жолго койгон кырк кулач кызыл түлкүсү, куу кулжасы, жез канаттуу куу өрдөгүнүн «адамдаштырылышы» Алмамбет менен Сыргак чалгынга чыккандагы окуяларда кенен, так жана элестүү баяндалат.

Алмамбет кырк кулач кызыл түлкүнү, куу кулжаны жана жез канаттуу өрдөктү билгизбей жок кылуу, аларды кабар берүүгө мүмкүнчүлүк бербөө максатында өзүнүн жайчылыгын пайдаланып аба ырайын өзгөртөт. Эпостогу түлкүнү «адамдаштыруу» кыргыз элинин фольклорундагы образ, түшүнүктөр менен байланышта берилет. Түлкү аба ырайынын өзгөрүш себептерин талдайт, Алмамбеттин келер жылын болжолдойт, байкоо жүргүзүүнүн, кабар берүүнүн «тактикасын» эстен чыгарбайт, тактап айтканда, мындагы «адамдаштыруу» фольклордук эстетиканын талаптарына ылайык куулугу, сактыгы менен айырмаланат. Ал эми кароолдо турган куу кулжаны «адамдаштыруу» бул сыяктуу ачык эмоциялуу белгилерди жана сапаттарды алып жүрбөйт. Анда Алмамбет Коңурбайдын каткан тонун таап кийип, Саралага Каныкей тиккен кепти кийгизип, сырткы көрүнүшүн өзгөртөт да, куу кулжаны мактап, анын кызматына ыраазычылыгын билгизет, аркардын үйүрүнө кошууга убада берет. Ошондо гана Коңурбай деп ойлоп, анын сөзүнө ишенип, Алмамбеттин жанына келип, андан өлүм табат. «Сейтекте» мындай салт чыгармачылык менен өнүктүрүлөт жана өзүнчө көркөм-эстетикалык озуйпага ээ көрүнүш. Кыястын Тоотору тулпары анын башына түшүүчү мүшкүлдү, кырсыкты күн мурун сезип, аларды алдын ала айтып, билдирип, ээси менен максатташ болуп, иштерине көмөктөшөт. Айчүрөккө Тооторуну берип алдатканда Кыяска тулпары аны күтүп турган алдыдагы кыйынчылыктарды айтып берүүгө ниеттенет.

Бирок, Айчүрөк тилин байлап салган Тоотору тулпар эми ээсинин өчүн алууну ойлоп, аны ала качып жөнөйт. Жаратылыштын жансыз көрүнүштөрүн Ж. жандуу нерселерди «адамдаштырууга» караганда аз жолугат. Көркөм чагылдыруунун бул каражаты эпостогу башкы идеялардын, мотивдердин эмоциялуу берилишин камсыз кылуу менен бирге анын образдар системасынын мазмундуулугун да көтөрүүгө мүмкүндүк түзөт. Эпикалык чыгармалардагы трагизм өз апогейине жеткенде анын рухун, мүнөзүн тереңдетүү үчүн жансыз предметтер жандандырылат. Манастын эң жакын чоролору, эпикалык баатырлар Алмамбет, Чубак жана Сыргак окко учканда мындай оор жоготуунун, кайгынын берилиши «кайың ыйлап, тал ыйлап, аскасы бийик тоо ыйлап» сыяктуу күчөтмө сыпаттоолор менен баяндалат. Жаратылыш кубулуштарын, айбандарды «адамдаштыруу» өңдүү көркөм ыкма эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн поэтикасында туруктуу кездешет жана мындай көркөм каражат «Манаска» караганда жаңы белгилер, сапаттар менен кошумчаланып өрчүтүлөт. Бул эпостун жалпы идеялык-эстетикалык маңызын тереңдетүүгө, образдар системасын арттырууга, поэтикалык речтин ийкемдүүлүгүн көтөрүүгө көмөктөшкөн.

Эпостун «Манас» бөлүмүндө «карагай ыйлап, тал ыйлап, аска-тоо кошо ыйлап», каармандардын башына түшкөн оор кыйынчылыкты, терең трагедияны көрсөтүүгө баш ийдирилсе, дал ушундай мотив «Семетей» жана «Сейтекте» толугу менен сакталып, жаңы кошумчалар менен ширетилгенин байкоого болот. Анткени мында, карагай, тал, тоодон башка «Жер силкинип, таш ыйлап... Асты калың жер ыйлап» (Курама варианты, «Сейтек», 25). «Жыгач боздоп, чыркырап чымчык, бото ыйлап, кара күрөң куу ыйлап» (Курама варианты, «Сейтек», 66), «Куурап салган баш да ыйлап, Аркайган зоо таш да ыйлап, Аккан булак суу ыйлап, Албан түрлүү чөп ыйлап» (Курама варианты, «Сейтек», 183) каармандардын кайгылуу абалын көрсөтөт. Табияттын мындай көптөгөн кубулуштарынын көрүнүштөрүнүн жандандырылышы андагы идеяны, трагедияны дагы тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Бул Сейтек, Күлчоро, Айчүрөктөр Таласка кайтып келип Каныкей, Бакайга келгендиги, кайып болгон Семетейге Күлчоро жолуккандыгы жана башкалар эпизоддордон ачык көрүнөт.

Жаратылыш көрүнүштөрүн Ж. каармандардын кайгыга же кубанычка батып турган абалын берүү үчүн гана колдонулбайт. Башкы каармандар кыйын кезеңге, кысталыш учурга кабылган мезгилде, башкача айтканда элдик идеалды андан нары туруктуу улантуу максатында баш иет. Мисалы, Байтерек Семетейди алып Букарга качып бараткан Каныкей менен Чыйырдынын кайгысын тең бөлүшүп, күңгүрөнүп сүйлөнөт. Өзөгүндөгү сүтүн берип качкындарды тоюнтат, калкалап паана болот (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 49—50).

К. Байжигитов

ЖАНДЫН ДЕНЕДЕН БӨЛӨК САКТАЛЫШЫ

— элдик оозеки чыгармаларда айрым кейипкерлердин жаны өзүнүн денесинен тышкары башка нерселерде жан-жаныбарларда, буюмдарда болуп, каармандын өлбөстүгүн айгинелеген көркөм ык. Мисалы, «Эр Төштүк» эпосунда Төштүктүн жаны өгөөдө. Бул мифтик мотив түрк-моңгол жана башкалар дүйнө элдеринин жомокторунда кеңири учурайт. Байыркы адамдардын магиялык күчкө болгон ишениминен пайда болгон Ж. д. б. с. «Манас» эпосунда да орун алган. Манаска каршы согушкан Күйөнүш аярдын жаны башка жакта:

Күйөнүштүн өз жаны
Кара курт деген куш экен.
Жакындабай жанына
Жарым таш жерде турчу экен
(Курама варианты, 1. 161).

Күйөнүштү «Канча туурап салса да, Кайтып болот ажыдаар». Күйөнүштүн жаны сакталган Кара курт деген кушту эр Камбар мылтык менен атып түшүргөндө гана ал өлөт. Ж. д. б. с. эпосто жомоктук-мифологиялык кейипкер Көңгөй дөөнүн образына байланыштуу да учурайт.

ЖАНТАК

— топоним. Эпос боюнча жалгыз көздүү Макел башында турган ит жээр, бит жээр дөөлөрдүн (Сазаншаң элинин) жери менен кытайлардын жеринин ортосундагы чек болуп турган дарыя (Сагымбай Орозбаков, 4. 227).

ЖАНТӨШЕВ Касымалы

(1904, Түп району, Тепке айылы —1968, Фрунзе)— кыргыз совет жазуучусу, драматург. Кыргыз ССР эл жазуучусу (1968), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1946). Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн (1930). Чыгармачылык жолу педагогикалык техникумда окуп жүргөндөн башталып, өмүрүнүн акырына чейин ыр, аңгеме, роман, повесттердин жана балдар үчүн жазылган фантастикалык чыгармалардын автору болгон.

Ж. академик Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы менен даярдалган курама төрт томдукту («Манас», 1—2-китептери, 1958; «Семетей», 1959; «Сейтек», 1960) редакциялоодо редколлегия мүчөсү катары бир кыйла иштерди жүргүзгөн. Ж. «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.

ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ

фауна. «Манас» эпосунда кылымдарды басып өткөн кыргыз элинин тарыхы, дүйнөгө көз карашы, салт-санаасы жана башкалар толгон түшүнүктөрү менен катар табият таануу жаатындагы, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндөгү билимдери орун алган. Ошондой эле элдин чарбачылыгы жөнүндө да маалымат берилет. Эпосто каармандардан кийин түркүн жан-жаныбарларга көңүл көп бурулуп, адамдын жашоо тиричилигинде зор материалдык байлык болгон төрт түлүк малдан баштап, ар түркүн жапайы жан-жаныбарларга, түрдүү мифтик жандыктарга чейин учурайт. Үй жаныбарларынын ичинен жылкы өзгөчө мааниге ээ.

Эпосто чагылдырылган жоокердик заманда «ат адамдын канаты» болуп, жылкы минерге унаа, жегенге эт, ичерге кымыз болгон. Ошондуктан, эпосто Аккула баштап баатырлардын көптөгөн тулпарлары жөнүндө айтылат, алардын сын-сыпаттары көркөм баяндалат. Жылкыга байланыштуу алардын жаш өзгөчөлүгүн, өңү-түсүн жана башкалар өзгөчөлүктөрүн туюнткан көп терминдерди жолуктурууга болот, ошондой эле ондогон тулпарлардын энчилүү аттары бар (к. Зоонимдер). Эпосто жылкы баласынан башка уй, топоз, кой, эчки, төө өңдүү төрт түлүк мал жөнүндө кеңири айтылат. Мисалы, Каныкейдин калыңына Жакып жылкыдан баштап төө, уй, кой, эчки кылып толгон мал айдап барат (Сагымбай Орозбаковдун варианты). Манастын жортуулга чыкканда ок-дары жүктөп жүрө турган Желмаян төөсү бар. Бакай Манастын төөлөрүн кайтарып Семетей чоңоюп, Таласка кайрылып келгенче күтүп жүрөт (Саякбай Каралаевдин варианты ). Эшек, качыр, керик, көк-бука көбүнесе мифтик кейипкерлердин мине турган унаасы катары берилет (Маамытбектин Бозкачыр, Макел-Малгундун Бозкерик, Мадыкандын Көк-Бука жана башкалар) Ошондой эле адамдардын илгертеден ишенимдүү досу ит жана ит төрөсү Кумайык жөнүндө да айтылат. Чыгарманын каармандары ит агытып, куш салышат. Башкы каарман Манастын өзүнө таандык, күчүк кезинде таап алып, Каныкейге бактырган Кумайыгы бар.

Эпосто ошондой эле жапайы айбанаттар жөнүндө да кеңири жана түрдүү кырдаалда баяндалат. Кайберендер тууралуу көбүнчө каармандар көңүл ачып, салбырынга чыкканда аңчылыктын объектиси катары сөз болот. Эпосто кийикке (аркар, кулжа, бугу, марал жана башкалар) мергенчилик кылышат. Каармандар жашаган, көргөн жерлер аларды мекендеген жан-жаныбары, кайберендери менен кооз экендиги айтылат («Будурунда бугу бар», «Адырдан аркар куюлуп»). Мекендеген кайберендин көптүгүнөн ошонун аты менен аталып калган топонимдер да учурайт. Мисалы, Кара-Кулжа. Ал эми Манасчылар куланды көбүнчө тулпарлардын күлүктүгүн мүнөздөө үчүн колдонуп, «куланды кууса куткарбас» деген туруктуу ыр сабы менен беришет. Эпосто арстан, бөрү, көк жал, шер, кабылан, жолборс жана башкалар жырткыч айбандар да кеңири сүрөттөлөт. Алар көбүнчө «Манаста» баатырларга көркөм каражат катары колдонулуп алардын эрдигин, балбандыгын, тайманбастыгын белгилөө үчүн (Арстан Манас, Көк жал эр, Шер Манас жана башкалар), ошондой эле эпосто Манастын кай бир колдоочулары да жырткыч жаныбарлар: көсөө куйрук көк жал бөрү коштоп, кара чаар кабылан капталында чамынып, жолборс менен арстан аны жандап жүрөт. Бул жаныбарлар символ катары кабыл алынган учурлар да бар. Төрөй турган аял шердин, жолборстун жүрөгүнө талгак болушу келечекте баатыр болчу баланын туула тургандыгынын жышааны (Чыйырды Манасты. Арууке Күлчорону төрөрдө). Эпосто Ажайыпкана, анда багытталган жолборс, тайбас, арстан, кабылан, шер өңдүү көптөгөн жырткыч айбанаттар туурасында да айтылат (к. Ажайыпкана). Эпосто парандалардын түркүн түрлөрү, алгыр куштардан суу куштарга, булбулдан таранчыга чейин бар. Парандалардан алгыр куштар өзгөчөлөнүп, каармандарды, окуяларды сүрөттөөдө салыштыруу, эпитет өңдүү көркөм каражаттарды түзүүдө пайдаланылат (к. Алгыр куштар). Булбул, тоту, күкүк, торгой, улар, бөдөнө, кыргоол, үкү, каркыра, турна, куркулдай, карга, жору, кузгун, сагызган, таан жана башкалар көптөгөн ар кандай канаттуулар, ошондой эле каз, өрдөк, чүрөк, аккуу жана башкалар суу куштары жөнүндө да айтылат. Мунун ичинде аккуу өзгөчөлөнүп турат. "Семетейдеги" негизги каармандардын бири Айчүрөк керек учурда аккуу болуп кубулуп уча алат. Булардан башка түрдүү жыландар, бака, суудагы балыктар, түркүн курт-кумурскалар, чымын-чиркейлер жөнүндө да айтылат. Эпосто мифтик-жомоктук жандар да көп учурап, чыгарманын мазмунуна дагы бир өзгөчө түс киргизип турат.

Н. Субанкулов

ЖАҢЫБАЙ Кожек уулу

(1869, Жумгал — 1942, Токтогул району, Өзгөрүш айылы) — манасчы. Ж-дын эскерүүсүндө анын жети атасы тең (Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай Сары, Жаманкары, Кожек) «Манас» айтып, манасчылык атадан балага өтүп, мурас катары сакталып жана аитылып келген. Ж-дын атасы Кожек эл арасында көбүнчө үчилтиктин экинчи бөлүмү «Семетейди» айтып жүргөндүктөн аны эл семетейчи деп билишчү. Ж. «Манасты» атасы Кожектен үйрөнүп, 16 жашынан айта баштаган. «Манастан» «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» эпизодун жана «Семетей», «Сейтек» эпосторун толук айткан. Ж-дан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19445 сап ыр. Ал «Эр Төштүк», «Эр Табылды» эпосторун, элдик поэма «Ак Мөөрдү» жана салт ырларын да билген. К. Мифтаковдун жазып калтырган маалыматына караганда Кожектин баласы Матай да атасынан «Семетейди» үйрөнгөн жана айрым эпизоддорун атасынан жакшы билген. Анын айтып берүүсүндө К. Мифтаков 1941-ж. «Семетей менен Чынкожонун жоолашкан себеби» деген эпизодду жазып алган да, окуяны үзбөс үчүн бул үзүндүнү атасы жаздырган эпизодго кошуп 34-номерлүү дептерге киргизген. Бирок, Матай өзү билген эпизодду ыр формасында эмес, кара сөз түрүндө жаздырган. Анткени, айтуучулук өнөрдү өнүктүрүп жүрбөгөндүктөн, эпизоддун мазмунун гана эстеп калып, аны кара сөзгө айлантып айтып калган. Демек, бул көрүнүштүн өзү башка элдердегидей эле эпикалык чыгармаларды мурас катары бир бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы айтып калышын эскертип жатат. Бул кесипчиликтин тукум куучулук салты. Кыргыздарда жомокчулукту түпкү тегинен бери сактап келген манасчыларды сейрек учуратабыз. Ошондуктан, Жаңыбай Кожек уулунун жети атасынан бери «Манас» айтуу салты — сейрек көрүнүштөрдөн болуу менен кыргыздардын өз эпосун кастарлагандыгынын далили.

Ж. үчилтиктин «Семетей» менен «Сейтек» бөлүмдөрүн айтуу менен атасы сыяктуу эле негизинен эл арасына семетейчи катары таанылган. Ал да өзүнүн «Семетей» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат. «Семетей» айтуудан мурун үч жолу түш көрөт. Түш көргөн сайын үч киши дайыма келип: «Чочуба! Сен «Семетейди» айтасың деп буйрук берип жүрөт». Ошондон тартып Ж-дын түшүнө «Семетей» эпосунун башкы каармандары кире баштап, Семетей айтуусу күчөйт.

Айрым бир окуялардын сүрөттөлүшүнө жана мотивдердин берилишине караганда 5К-дын «Семетейи» башка варианттардан өзгөчөлөнүп турат. Сагымбайдын шакирттеринин, Ысык-көлдүк манасчы жана семетейчилердин, Саякбайдын вариантынан мазмундук жагынан айырмаланып, өзүнчөлүк мааниге ээ экендигин белгилөөгө болот. Ошондуктан, бул семетейчиге башка өрөөндүн манасчыларынын таасири болгон эместен. Ждын Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп, бирге жүрүп ырдашкан күндөрү болгон. Аны менен чыгармачылык байланышы болсо да, Ж-дын варианты стилдик жагынан Сагымбай Орозбаковдун вариантына же Саякбай Каралаевдин варианты нын «Семетейине» же аларга жакын турган манасчылардын чыгармаларына жакындыгы байкалбайт, алардан таасир алгандыгы сезилбейт. Айрым жыйноочу, изилдөөчүлөрдүн (К. Мифтаков, К. Рахматуллин) пикири боюнча Ж-дын чыгармачылык бөтөнчөлүгүнө карата аны түштүк манасчылар мектебинин өкүлү катары эсептешет. Бирок, Ж-ды түштүк ареалдын манасчысы катары эсептөө анчалык ынанарлык эмес.

Анткени, Жаңыбайдын жети атасынан бери манасчы болгондуктан таалим алуусу жана үйрөнүү жолу түндүк ареалда өткөн. Түштүк ареалга семетейчи чыгармачылык жактан толук жетилип, калыптанган мезгилде барат. Ушул учурдан тартып анын чыгармачылыгы өөрчүйт. Түштүк ареалдан чыгармачылыгына таасирин тийгизген эч ким болгон эмес. 1936-ж. Фрунзеде өткөрүлгөн эл чыгармачылыгына арналган олимпиадага ЭК. да катышат. К. Мифтаковдун сөзүнө караганда Ж-дын олимпиадада айткан «Семетейи» башка семетейчилердикине үндөшпөгөндүктөн кароонун комиссия мүчөлөрү семетейчинин чыгармасын жалпы салттык үлгүгө салыштырганда анын идеялык мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүгү, башка семетейчилерден болгон айырмачылыгы бар экендигин көрсөтүп баалабастан, үстүртөн гана уйкаштыгы начар деген жыйынтыкка келип, «Семетейин» жокко чыгарышат. Ж-дын сөзүнө караганда аны түштүктөн чыккан семетейчи катары эсептешип, чыгармасын баалабай коюшканын эскерет. Семетейчинин чыгармачылык бөтөнчөлүгүн өз учурунда туура баалай билген жана жазып калууга дилгирленген К. Мифтаковго Ж. макул болуп, 1936-жылдын сентябрь айынан 1937-жылдын март айына чейин 100 басма табак көлөмүндө «Семетейди» толук жана «Манастан» үзүндү жазып калат. «Манас» бөлүмүнөн кара сөз түрүндө «Манастын санжырасы» жана ыр менен кыскача «Манастын балалык чагы» деген эпизоддору гана жазылган. «Манастын санжырасында» кыргыздын таралыш тарыхы жана Манастын ата-тегинин чыгышы жөнүндө айтылат.

Жалпы салттык үлгүдө айтылып келген «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы» эпизоду бардык манасчыларда негизинен бирдейликти түзсө, Ж-дын башка манасчылардан айырмаланып турган жактарын белгилей кетүү керек. Анын айтуусу боюнча Бакдөөлөт байбиче аялы болот. Жакыптын кийинки алган экинчи аялы Чыйырды бала төрөбөгөндүгү үчүн аябагандай азапты Бакдөөлөттөн көрөт. Карып калган ата-эненин көпкө чейин бала көрбөй келгендиги да тийди-качты эскерилет. Ал эми «Манас» эпосунун салтында Жакыптын аялдарынын кереметтүү түш көрүүсү айтылганы менен бул вариантта жалгыз гана Чыйырдыга таандык. Көргөн түшүн Чыйырды Жакыпка айтпастан, тескерисинче, андан жашырын, Шыгайдын байбичеси Сейилканга айтып жорутат. Түштү жоруганда жалпы салтка мүнөздүү Манас баатыр төрөлө тургандыгы айтылат да, сюжеттик өзөк уланып Чыйырдынын талгак болуусу баяндалат.

Кара чаар жолборстун,
Өтү менен бооруна,
Ажыдаардын заарына,
Апакеси Чыйырды
Үч ай талгагы канбас жери бар
(Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 36-инв., 6-б.)

— деп айтылып талгак болуу мотиви кыскача сүрөттөлөт да, Манастын төрөлүшү: «Кан менен жин чеңгелдеп Кабылан Манас башында Как ушундай түштү эле» (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 36-инв., 6-б.),— деп айтылат. Манастын төрөлүшү кеңири пландагы сүрөттөөлөр аркылуу берилбесе да, жогоркудай белгилерине караганда бул манасчынын ата-бабасынан бери айтып келе жаткан үлгү сакталып, өзүнчөлүк мааниге ээ экендигин көрсөтүп турат. Окуяларды куруудагы мотивдердин талкууланышы жана берилиши, ошондой эле сюжетти өөрчүтүү манерасы аталган кичинекей үзүндү боюнча алганда башка варианттардан өзгөчөлөнөт.

Буга караганда аталган вариант манасчы тарабынан алымча-кошумчаларга учурабастан, өзүнүн алгачкы айтылышын сактап калгандай. Эпостун «Семетей» бөлүмү Манастын Бээжинден жарадар болуп келе жаткан жеринен башталат. Семетейчинин айтуусунда Манас жарадар болгондон кийин Бээжинден Таласка аны Кыз Сайкал жеткирип келет. Мында Бээжинге аттанганда Манастын кошуну менен кошо Кыз Сайкалдын да баргандыгы эскерилип жатат. Кыз Сайкал Манас менен кошо келет да, Манастын көзү тирүү кезинде Каныкей экөө биригип күмбөз салдырышат. Күмбөз салдыруу жана аны көркөмдөө, жазуу түшүрүү жагы башка семетейчилердикинен өзгөчө баяндалган. Күмбөз салынгандан кийин ичи кооздолуп, кимге таандык экендигин жаздырууда Манастын аты жазылбастан, кыздын аты жазылгандыгы Каныкей Семетейге айтып берген жомогунда эскерилет.

Семетейдин жарык дүйнөгө келиши башка варианттарда Манас Бээжинге аттанып жатканда төрөлгөн бала болсо, Ж-дын айтуусу боюнча Манас жарадар болуп келе жатканда астынан дубана тосуп чыгып, эркек балалуу болгондугун сүйүнчүлөйт. Ошондой эле бардык семетейчилерге мүнөздүү көрүнүш Каныкейдин Букарга качканы, Семетейдин Букардагы таякесинин колунда чоңоюшу, Семетейдин Таласка келиши, Семетейдин Бээжинге жасаган казаты, Семетейдин атасы Манастан калган элди башкарганы, Айчүрөк жөнүндө баян, Семетей менен Чынкожонун жоолашканы, Семетейдин Чынкожо, Толтой менен болгон урушу деген салттык эпизоддорду ичине камтыйт. Буга караганда Ждын «Семетейи» деле башка варианттардан мазмундук жагынан анча айырмаланабастан, бирдей сюжеттик нукта айтылгандыгын баамдоого болот. Эскерилип жаткан окуялар «Семетей» эпосунда эл арасында кеңири тарап, ооздон оозго, атадан балага өтүп келе жаткан салттык туруктуу эпизоддордон экени белгилүү.

Башка варианттарда Жакыптын тапшыруусу боюнча Каныкейди Абыкеге тийсин деп арачы болуп Кыргыл барса, Ж-дын-айтуусунда бул милдетти Серек менен Сыргак аткарат. Мында да окуянын жыйынтыгы катуу кагылыш кырдаалдардын негизинде чечилет. Семетей Букарда жүргөндө бир гана Сарытазга эмес үч тазга жолугуп, атасы Манас, жери Талас жөнүндө кабардар болот. Акыры Таласка келип, атасы Манастын алты мүлкүн алат. Бирок, бардык вариаттарында кездешүүчү жана кеңири баяндоого алынган Жакыптын Семетейге уу бергени Ж-да эскерилбейт.

Чынкожого байланыштуу окуяларда анын түбү душман экени эскерилсе да, Манас тууган иретинде Чынкожого өзүнчө айыл бөлүп берет. Бирок, түбүнөн бери келе жаткан көрө албастык сакталып, куйтулугун койбойт. Кийин Манас билип калат да Чынкожону алым төлөтүп кысып коёт. Манас дүйнөдөн кайткандан кийин Чынкожо өзүнчө бийлик жүргүзүп, Каныкейге запкы көрсөтүп, алымын төлөбөйт. Бул жөнүндө Бакай Семетейге эскерткенде аны чакыртышат. Чынкожо келбей коёт. Семетей Бакайды жиберет да, Чынкожонун 12 жылдан бери төлөбөй жүргөн алымын алдырат. Ошентип, эки туугандын ортосундагы мамиле курчуп, бири-бирине болгон араздашуусу, күчөп, жоо болуп калышат. Ал эми Чынкожо менен Толтойдун ортосундагы жакындык мамилени эки баатырдын достошуу мотивин түшүндүрүү жана окуяны куруу жолу бир аз башкачараак нукта өткөн. Анткени, Толтойдун элине кошулуу үчүн Чынкожонун жүргүзгөн жигердүү аракетин башка варианттардан көрө албайбыз. Салт боюнча Айчүрөк менен Семетейге, Күлчоро менен Канчорого байланыштуу окуяларга да кеңири орун берилип, турмуштук жөрөлгөлөрдүн жагдайында эпикалык планда сүрөттөлгөн.

Семетейдин Коңурбайдан өч алуусуна байланыштуу эпизоддо салттык үлгүдөгү окуялар камтылат. Бул эпизоддон айырмачылыктар байкалат. Эпосто көбүнчө каармандардын аткарган милдеттери алмашылып айтылышы Коңурбайды жеңгенден кийин Бакайдын жети жыл кан болушу, аттардын аталышы, окуянын мотивдештирилиши жана башкалар көрсөтүүгө болот.

Ж-дын аткаруусундагы «Семетей» эпосундагы салттык каармандардын алмашылып калгандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Мисалы, Сейтек Семетейдин баласы эмес Көкчөнүн баласы делет. Салттык түрдө айтылып келген Үмөтөйдүн ордуна Сейтектин айтылышы башка семетейчилерде кездешпейт. Ж. жашаган региондо андан башка семетейчилерден жазылып алынган материал жоктугунан, сөзсүз ушул тараптын мектебинин салттык багыты ушундай деген жыйынтыкка келүү кыйын.

Семетей Тайбуурулду Көкчөнүн уулуна бербейт. Тескерисинче, Канчоро Тайбуурулду кызыл май кылып, кандуу кармашта жүрбөй калат. Мына ушул мотив Семетейдин өлүмүнө, Канчоронун абалдан пайдалануусуна алып келет. Ж-дын «Семетейинде» окуя түзүү жагынан алганда анын композициясында согуштук сценалар анча кеңири орун албастан, элдин жай турмушу, сезим күрөштөрү, көргөн оор кыйынчылыгы сыяктуу турмуш көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл бурулган. Балким, Ж-дын таалим алган нускоочусу атасынын чыгармачылыгы ушул багытта, өздөрүнүн бүлөлүк салтында ушундайча айтылып келген болуу керек. Ушундай көрүнүштөргө карабастан «Семетей» эпосунун жалпы сюжеттик нугу өзгөрүлбөстөн сакталган.

К. Кырбашев

ЖАҢ-ЖУҢ

(кыт. цзянцзюнь; цзян — генерал, командачы; цзюнь — аскер, армия) — генерал-губернатор. Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алгандан (1758) кийин бул чөлкөмдө бийлигин бекемдөө максатында 1764ж. Иле өзөнүнүн жээгинде Хой-Юан-Чен (азыркы Кулжа шаары) шаарын негиздеп, жалпы аймакты башкаруу үчүн атайын генерал-губернатор (жаң-жуң) дайындаган. «Цзянцзюнь» деген сөз вице-Король же Чыгыш Түркстандын генерал-губернатору, ошону менен бирге бул өлкөдө жайгашкан бардык аскердин башкы командачысы» (Ч. Валиханов. Собр. соч. т. 2. А.-А. 1982).

«Манас» эпосунун негизги варианттарынын баарында Манас башында турган Орто Азия элдеринин биргелешкен согушу ушул Ж.-ж-га каршы жүргүзүлөт. Мисалы, «Жаң-жуң, сундуң — баарысы Жабылып келип калышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 22; 4. 226, 344). «Мага өткөрө баатыр эр келсин Жаң-жуңдардын шаарынан» (БС, «Манас», Кол жазмалар фондусу, 1090-инв., 672-б.), «Ошондо Жаңжуң баштап кан өлүп, Жалгыз жүрөт Коңурбай» (Саякбай Каралаев, 2. 230). Демек, кыргыздардын жана ага коңшу жашаган элдердин (өзбек, казак, уйгур, тажик жана башкалар) Ж.-ж-га каршы күрөшү Чыгыш Түркстандагы кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөш экендиги ачык көрүнөт. Саякбай Каралаевдин варианты нын «Чоң казат» эпизодунда Айжаңжуң, Күнжаңжуң деген каармандар согуштук окуяларга активдүү катышкан кейипкерлер болуп эсептелет.

Баатырдык эпостордун согуштук окуяларынын салттык түзүлүшү боюнча душман тарабы жеңилген соң, башкы же негизги каармандардын бири анын падышасынын же улуу даражалуу адамдарынын биринин кызына үйлөнөт. Ошондуктан, кытай тарабы жеңилгенден кийин Эсенкандын кызына (Бурулча) Алмамбет үйлөнөт (Сагымбай Орозбаковдун варианты). Айжаңжуңдун кызы Бирмыскалга Чубак үйлөнөт (Саякбай Каралаевдин варианты ), Ж.-ж-дун кызына Алмамбет үйлөнөт (Багыш Сазановдун варианты) жана башкалар. Демек, Ж.-ж. деген термин душман тарабындагы каарман катары 18-кылымдын 2-жарымынан кийин гана эпоско катмарлана баштаган. Асыресе, 19-кылымдагы жергиликтүү (уйгур) жана коңшу элдердин (кыргыз, казак, өзбек, тажик жана башкалар) боштондук көтөрүлүшүн кытай башкаруучуларынын баскынчылык образдарын кийинки айтуучулар арбытып сүрөттөп, окуяны кеңейтип баяндашкан.

Э. Абдылдаев

ЖАПАК

— эпизоддук кейипкер, Ногойдун иниси Шыгайдын уулу, Манастын аталаш тууганы. Алтайда Жакып Манаска ата-тегин, туш-тушка чилдей тарап кеткен туугандары тууралуу билдиргенде Ж-тын кабарын айтат (Сагымбай Орозбаков, 1. 137). Алооке кыргыздарды чапканда Шыгай Алай тарапка сүрүлүп, уулу Ж. Коңурбай менен бирге өсөт. Байжигит Алтайга кайра көчмөкчү болуп ажыраш аяк той берүүгө камданат. Байжигиттин тоюна камданып келсин, Манастын көзүн тазалайбыз деп, Ж. Коңурбайга Алымбекени жөнөтөт. Коңурбай жок, Алооке азыр Манаска алыңар жетпейт, андан көрө Коңурбайды чаап алалы деп Манасты азгырып эли-жеринен алыс алып чыксын деген жооп берет. Байжигиттин тоюнда Манастын көзүнө бир көрүнүп коймокчу болуп чатак чыгарган Ж-ты Көкчөкөз өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 439).

ЖАПАН

— этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Айдарга ашка келе турган элдердин арасына кошуп, Ж. деген элди да чакырууну буюрат:
Кытайдан качып кыйла журт
Жапан болуп калыптыр
Жайы жакшы болуптур,
Жапан атка конуптур
(Сагымбай Орозбаков, 3. 94).

Контекст боюнча Ж. Кытайга жакын турган эл. Демек, Ж. деп манасчы япондорду белгилеген. Бул этноним «Манаска» эки себептен кирип калышы мүмкүн. Биринчиден, Ж. журту менен Борб. Азиянын аймагындагы Амур дарыясына чейин жеткен эне-сайлык кыргыздардын байыркы кылымдарда болгон маданий байланыштарынын бир булагы эпосто чагылдырылып калышы ыктымал. Экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун өзүнүн ой өрүшүнүн негизинде кошулган, башкача айтканда айтуучунун эпоско кошкон жекече үлүшү катары кароого болот.

ЖАПЫС

— топоним. Кыргыздар калмактардан Ала-Тоону бошоткондо Жумгалда турган калмактардын Катраң деген аяр кызы өз сыйкыры менен көп каршылык көрсөтөт. Анын Суусамырдын Ж. деген жеринде жашынган жаны укмуштуу суусар болот. Аяр кыз кыргыз колунан жеңилгенде ушул жерде жаны чыгат, суусар жаны өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 619-б.).

ЖАР-БАЗАР

— топоним. Кыргыздар Алтайдан көчүп келаткан жолдо калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: Көкчө, Айдаркан баш болгон казак колу Алма-Коюр, Чарын, Челек менен кошо Жар-Базарды каратып алганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 524-инв., 525-б.).

ЖАРГАК

— топоним. Бай иниси Жакыпты издеп баратып Нескаранын кордугун көрүп, көмүлгөн жерден бошонуп чыгып, эптеп минерге качыр кармап алган жер (Сагымбай Орозбаков, 1. 182).

ЖАРГАК ШЫМ

— тоо эчкинин же эликтин жүнү жыдытылган терисинен жасалган шым. Ышкын түп же кабык менен кызгылт сары түскө боёлуп, түгү тышына каратып тигилет. Багелеги жазы бычылып, эки жагы тилик болуп, кездеме менен көбөлөнүп, саймаланып, бут кийимдин сыртына чыгарылып кийилет. Эпосто Ж. ш-дын кандагайдай керемет касиетинин бардыгы айтылбайт. Жолой менен күрөшкө түшөрдө Кошойго Санжыбектин «сары жаргак шымынын» батпай калганы сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 201).

ЖАРКЕНТ

— топоним, кыргыз уруулары жашаган шаарлардын бири катары эпосто көп эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 14). Географиялык реалияда Кашкар тараптагы шаар, к. Жеркен.

ЖАРКЫЗЫЛ

— Жанайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта он үчүнчү болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).

ЖАР-КЫЯ

— топоним. Таласка көчүп келгенден кийин Манас эли-журтун чогултканы чыгып Бакайга жолуккан жер. ЭК.-К. эпосто керемет кооз жай катары сүрөттөлгөн (СК. 1. 185, 204).

ЖАР-МАЗАР

— топоним. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта байгеге чабылган күлүктөр өткөн жер.
Араандай оозун ачыптыр,
Кандуу көбүк чачыптыр.
Аккула келет арыштап,
Тазбаймат келет Манастап
Жар-Мазарга келгенде
(Радлов жазып алган вариант, 182)

Манастап ураан чакырып Аккуланы сүрөгөн жер катары эскерилет.

ЖАР ЧАКЫРУУ

жар салуу — көп эл чогулган жыйындарда, той-аштарда элге кабар, жарыя айтуу. Адатта Ж. ч-га эл ичинен чыккан белгилүү акындар дайындалып, алар жарчы деп аталган. Жарчылар той-аштарда аны өткөрүүчү адамдын кимдигин, байлыгы менен ишмердигин мактап, кайсы оюн-тамашанын, мелдештин кезеги келгенин, аны өткөрүү тартибин, жеңгендерге берилүүчү байге жана башкалар жөнүндө элге ырдап жар салышкан. «Манас» эпосунда Ж. ч. салты кеңири сүрөттөлөт. Салтка ылайык Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн элдин оюн-зоок мелдештери да Ж. ч. менен башталган. Ж. ч-да даңазалуу ашты берген ким, анын камылгасы кандай экени, көрсөтүлүүчү оюн-зооктун түрү, аны өткөрүүнүн тартиби, байгеси жөнүндө жарыя кылынат. Салттык мелдештер ашка келген элге кезеги менен Ж. ч-чулар аркылуу жарыяланган. «Манас» эпосунда ар кандай үрп-адат, салтанаттарда жар салуучулар катары Манас баатырдын замандашы, кырк чоронун бири Ырамандын Ырчыуулу менен Жайма көкүл жаш Айдардын ысымы дайыма эскерилет:

Ырамандын Ырчы уул,
Ычкыры бапик кырк муун...
Жанында бар жаш Айдар
Жалпы баары кеп айтат,
Жарчылар журтка бек айтат...
Көкөтөйдүн ашында
Көк жал Манас сөзүн тут.
...Темирди талдай сындырган,
Пил, керик араң жылдырган,
Душманды басып сындырган,
Туугандын көөнүн тындырган,
Дөө жеңбеген бөкөдөн,
Көптөн коркпос жекеден,
Журтка болгон чегеден
Мусулмандан, капырдан
Бура тартпас баатырдан
Эки балбан чыксын деп,
Кабар ушул уксун деп,
Жыкканы мөрөй алсын деп,
Жыгылган куру калсын деп,
Алты жүз жылкы, бир жүз төө
Байгесинин саны деп,
Аз десеңер аны деп,
Эки жүз сыйыр, беш жүз кой.
Көңкү журтуң жыйылып
Көкөтөйгө берген той
(Сагымбай Орозбаков, 3. 181— 82).

Саякбай Каралаевдин вариантында «Керней-сурнай тарттырып, Жарчыга кабар айттырып», Бокмурун балбан күрөш болорун, байгесине эмне берилерин элге жарыялайт (Саякбай Каралаев, 2. 39). Чоң казатка бараткан жолдо да Алмамбеттин колго кан болгонун Ырчыуул жар салат (Сагымбай Орозбаков, 4. 122).

С. Алиев, К. Кырбашев

«ЖАШ МАНАСЧЫЛАР»

(«Юные сказители») — бир бөлүмдүү, кең экрандуу, кыска тасмалуу даректүү фильм. 1980-ж. тартылган. Фильмдин режиссёру Р. Байтемиров, оператору С. Макекадыров, үн оператору В. Лысенко, редактору С. Карымшаков, фильмдин сңенарийин жазган Б. Сарыгулов, директору Д. Иманалиева. Фильм белгилүү илимпоз-философ А. Салиевдин кириш сөзү менен башталат. «Манас» эпосун, анын «Семетей», «Сейтек» жана башкалар бөлүмдөрүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу сыяктуу эпостун негизги сюжеттик өзөгүн сактап, көркөмдүк сапатын арттырып, өнүктүрүп, молуктуруп айткан таланттуу айтуучулар эми чыкпайт го деген суроого жооп катары тартылып жана «эл ичи өнөр кенчи» экендигин, дагы далай таланттар жарала турганына көрүүчүлөрдү ынандырат. Жаш манасчы 6 жаштагы Асылбек Сыйдановдун «Манас» айтуу манерасы Саякбай Карала уулун элестетет. Ал тогуз баланын кенжеси, 5 жашынан эле «Манас» айта баштаган.

Оттук 8 жылдык мектебинин 4-классынын окуучусу Бапа Турганбаев, «Манасты» Асылбек айтып токтогон жерден улайт. Бападан кийин анын курбусу Төлөш Омокеев андан нары узартат. Бул экөөнүн «Манас» айтуу ыкмасы Сагымбай Орозбак уулун элестетет. Бул үч манасчы көл кылаасынан. Ал эми таластык 11 жаштагы Бактыбек Акиев «Манасты» Төлөш токтогон жерден улап бир топ айткандан кийин, кезектеги Ключевка орто мектебинин окуучусу 15 жаштагы Узейин Эсенамановго берет. Жаш манасчылардан чечендикти, чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин талап кылган эмес. Кино тартуучулардын максаты алардын «Манас» айтуу ыкмаларын гана көрсөтүп, бири баштап токтогондон кийин, экинчиси, үчүнчүсү улашын, такалбай, жаңылбай айтышын көздөгөн. Фильм А. Салиевдин элдик эпосту айтуу муундан-муунга өтө тургандыгына ишенген сөзү менен аяктайт.

Ж. Сагынов

ЖАРМАҢДАЙ

— Алымсарыктын минген аты. Көкөтөйдүн кара ашында «Кара Төбөл Жармаңдай, Кара сыны тайгандай», — деп сүрөттөлүп байгеге чабылат. Ал эми жылдык ашында Манас баатыр Коңурбай менен эр сайышка Ж-ды минип түшкөнү эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 58, 244—250).

ЖАШЫЛ-КӨЛ

— топоним. «Жакыптын агасы Байдын баяны» окуясында: «Жайлоосу Жашыл-Көл экен, Өлкөгө барып конору Кулан жайлоо бел экен» (Сагымбай Орозбаков, 1. 180),— деп Көктөмөн арт жагындагы Ж.-К. жайлоосу жөнүндө айтылат. Географиялык реалияда кыргыздар жашаган жерлердеги бир катар чакан көлдөр Ж.-К. аталат.

ЖЕДИГЕР

— эпизоддук кейипкер. Багыштын түпкү аталарынын бири экени гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 101).

ЖЕДИГЕР

— этноним. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз урууларынын бири катары учурайт: «Кыргыз уулу бу дагы, Улугу Багыш Жедигер» (Сагымбай Орозбаков, 3. 53). Сагымбай Орозбак уулу айткан варианттагы айрым саптарга («Казак, кыргыз, катаган, Жедигер, нойгут, думара Баарыбыз бир атадан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 53) жана тектеш элдердин санжыра маалыматтарына караганда Ж. түрк элдеринде алгачкы пайда болгон ири урууга кирет. «Мажму аттаврихте» Ж-лер отузуулдун ичиндеги уруу деп айтылат.

ЖЕЗБИЛЕК

— эпизоддук кейипкер. Курама вариантыда Семетей Букардан Таласка көчүп келгенде Кожонун кызы Ж. Каныкей, Чыйырды менен кубанып, ыйлап көрүшкөнү, Семетейдин ордосун тигишкени айтылат (Курама варианты, «Семетей», 124—125).

ЖЕЗИТ (арабча язид)

— ислам дининдеги төртүнчү халиф Алинин баласы имам Хусейинди Йрандын Кербала чөлүндө өлтүрткөн Шам (Дамаск) шаарынын акими. Ошондон улам өтмө мааниде, залим, канкор деген мааниде кеңири таралып бизге чейин жеткен. Эпостогу «Жете албай жүргөн жезит бар» деген сапта ушул мааниде айтылат. Бул термин турмушта жок жаныбарлардын катарында да саналат: «Алайман, жезит дагы бар, Тумшугу жез киши бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

ЖЕЗТУМШУК

(жез тырмак, жез кемпир) — кыргыз элинин кереметтүү жөө жомокторундагы салттуу терс каармандардын бири. Ж. кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмагы курч (болоттон, жезден). Ж. адам жүрбөгөн алыскы жайлардан жолугат. Адамдар амалкөйлүк менен Ж-ту өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. «Манас» эпосунда Ж. тууралуу толугу менен маалымат берилбесе да, алыскы жайларда жолуга турган тумушугу жез жапайы адам катары айтылып кетет: «Тумшугу жез киши бар — убара чаркоо дегени» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

ЖЕКЕГЕ ЧЫГУУ

— чоң беттешүүлөр алдында эки тараптан эки тандамал жоокер ортого чыгып салгылашканы. Ж. ч. эпосто кеңири орун алган. Мисалы, «Нескара менен Манастын урушу» окуясында душман жоокери Даң-Даң менен Күнөс балбандын Ж. ч-су сүрөттөлөт. Алар адегенде найза менен сайышат. Андан кийин күрсү менен чабышат. Калканга күрсү тийгенде добушу күндүк жерге угулуп турат. Акырында жакадан кармап эңишет. Бул Ж. ч-да Даң-Даң Күнөстү жеңет. «Ажалыңды сагынган адам болсоң келгин», — деп Даң-Даң кайрадан жекеге чакырып айгай салат. Даң-Даң жекеге чыккан Айдаркандын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 219—222). Ж. ч. эпосто Манастын Чүйдөгү Акунбешимди жеңген бөлүмүндө да кенен кесири сүрөттөлөт.

«Ак жалдуу кара ат минип, айчыгы алтын тон кийип, көмкөрө калкан тартынып, көпкөк темир артынып, Акунбешимдин Кегети деген жайсаңы жекеге чыкты. Ага каршы Манастын Абдылда чечен баатыры барды. Адегенде ал экөө ээринин кашы, как жүрөктүн башы — деп бири-бирине найза сайышып өтүштү. Найзаларын тирешип, үзөңгүнү чирешип, аянбастан сайышып, аттардын бели майышып, көпкө кармашты. Найза менен жеңише албай, албрас кылыч алышып, аркы терки салышып, алтымыш, элүү жолу чабышты. Андан да бири-бирин алыша албай, айбалта жондон чечишип, айкырышып жетишип, айбалта менен элүү, кырктай жолу чабышты. Мындан да айла болбоду, күүлөп күрсү алышты, күчү менен салышты. Күрсү күчтүү чабылып, туулгага калкан жабылып, болотко болот тийгенде тутанган оттой көк жалын, туш-тушка чагылып, толгонушуп турушту, токсон-сексен урушту. Андан да арга болбоду. Жааны колго алышып, күчүгөн жүндүү сыр жебе, киричине чалышып, элүүдөн огу түгөнгүчө атышты. Анда да бирин-бири жеңбеди. Мылтыктарын октошуп, милтелерин чоктошуп, эки бөлөк турушуп, мылтык атып урушуп, жүздөн огу түгөндү. Күн тийгенде салышкан ал экөө бир бирине жеңише албай күүгүм кирип күн батып жай жайына барышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 130—133).

Бул үзүндүдө Ж. ч-га мүнөздүү негизги белгилер толугураак чагылдырылган. Ж. ч. «Манас» эпосунда гана эмес жалпы түрк-моңгол элдеринин эпосторунда чагылдырылган согуштук эреже болуп саналат. Ал биринчиден, бардык элдердин эпосторунда апыртуу менен коштолот. Тоолор түздүккө айланат, деңиздер чайпалат жана башкалар Мындай апыртуулар «Манаста» да учурайт: «Күүлөп күрсү алышты, Күчү менен чабышты, Күндүк турган эл укту, Күрс деп чыккан дабышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 131) жана башкалар Ж. ч-нун алдында жоокерлер бири-бирин шылдыңдап, кордоп, коркутуп сүйлөшөт. Бул душманынын кыжырын келтирип, жинине тийүү максатын көздөгөн. Ж. ч-да эгерде душман картаң болсо, карысың деп, жаш болсо, али баласың деп кордойт. Кошой менен Жолойдун балбан күрөшүндө Жолой Кошойду «Кара сакал агында, Карууңдун кеткен чагында, Казаң жакын табында... Жашыңдан киши чыга албай... Карганда түшүп балбанга... Бир башында Кошоюм, Миң жаның болсо коёмбу. Ичип канга тоёмбу»,— деп кордоп, коркутат. Ага жооп катары Кошой Жолойду канча жолу кармаштарда жеңип уят кылгандыгын айтып, азыр да жерге киргизе чабарын эскертет. Күрөштө Кошой жеңип байгени алат. Мындай кордоолор, коркутуулар эпостогу жекеге чыккан окуяларда арбын учурайт. Жогоруда келтирилген «Ажалыңды сагынган, Адам болсоң келгин» деген сап Ж. ч-дагы коркутуунун бир үлгүсүнө жатат. Ж. ч-дагы курал алмашып салгылашуу жалпы түрк-моңгол элдеринин эпосторуна мүнөздүү. Ж. ч-да курал алмашып салгылашуу, куралдын сынып, жарабай калгандыгына, көбүнчө бир курал менен салгылашып жеңишке жете албай калгандыгы менен байланыштуу. Же болбосо бардык куралдар менен салгылашып бири-бирин жеңе албаган соң куралсыз кармашуу көпчүлүк түрк-моңгол элдеринин эпосторунда кездешет.

Мисалы, огуздардын «Коркуд ата китеби» эпосундагы Ж. ч. күрөш менен аяктайт. «Манаста» да Даң-Даң менен Күнөстүн Ж. ч-су эңишүү менен бүтөт. Эпостогу көптөгөн Ж. ч-ларда жеңген баатыр жеңилген баатырдын минген атын олжого алат. Душман жоокери Жамыра менен болгон жекеде Көкчө жеңишке жетишип, анын аты Алагерди алып кетет. Эр Тулус менен болгон жекеде согушта Манас аны өлтүрүп, атын алып келгендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 139).

А. Абилов

ЖЕЙТ-КАЙТ

Жет-Кайт — топоним. Ж.-К. кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында жердин бүткөн четиндеги укмуштуу өлкө, ага чанда бир гана өзгөчө адам каттабаса эч ким жете албайт. «Манаста» да ушул мааниде кеңири кездешет.

ЖЕКЕСАН

— 1) эпосто баатырлардын кооздолуп жасалган өтүгү: «Жекесан бутта чойкоюп, Желектүү найза койкоюп» (Сагымбай Орозбаков, 2. 53); 2) кербен баштаган атан төөгө тагылган коңгуроо: «Коңгуроолуу кара нар колго көчү барабар». Ж. кыргыздарда музыкалык аспап милдетин да аткарган: «Жебилгеси жер чийип, жекесаны баш жарып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 157). Мындай аспаптар октавага күүлөнгөн; көлөмүн чоңойтуп, үнүн төмөндөтүүгө, кичирейтүү менен бийиктетүүгө жетишилген.

ЖЕЛДЕЙБОЗ

— эпизоддук кейипкер, Көз-камандардын бири. Кыргыздар чабылганда сүрүлүп кетип калмак болуп калган. Түбү кыргыз. Манастын аталаш туугандарынан. Манасты өлтүрүп келгиле деп Эсенкан атайын тапшырма менен жибергенде Ж. да тогуз уулу менен келген. Манаска алдап уу беришкенден кийин, Акаярды орго салып, Манастын ордосун талап алып, кытайга кайра качып баратышкан Көзкамандар Амбал тоону этектеп өргүп жатышканда кароолдо турган Ж. Бакай баштаган Манастын кырк чоросу аркасынан кууп жеткенин Көзкаманга кабарлайт. «Көзкамандар окуясынын» башында Чаңдуу аяк деген ат менен айтылып, Манаска уу беришкенден баштап Ж. делет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189 — 210; Курама варианты, 1. 267—292). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардын ичинде мындай ысымдагысы жок.

ЖЕЛДЕҢБАЙ

— кейипкер. Манаска келип кыргыз менен туруп калган калмак. Манасты баласындай көргөн Ж. «алты арам» Манастын бүлөсүн чапканда: «Калаабыз Манас барында, Көр Көбөш качан жан элең» — деп Көбөшкө каршы сөз айтат. Жга жинденген Көбөш аны карматып алып, мойнунан байлап сүйрөтүп өлтүрөт (Курама варианты, «Семетей», 14).

ЖЕЛДЕТ

(арабча жаллад) — аким, эмирлердин буйругу боюнча өлүм жазасына же башкача бир өкүмүн жүзөгө ашыруучу кызматкер. Эпосто ушул маанисинде жана кызматчы жигит маанисинде учурайт: «Анда желдет кеп айтат, Ачууланып бек айтат» (Сагымбай Орозбаков, 3. 358).

ЖЕЛКАЙЫП

— Мамбеттин байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта марага жетинчи келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 58).

ЖЕЛМАЯН

— төөнүн күлүгү. «Манас» эпосундагы зооморфтук образдардын бири. Байыркы кыргыздарда төө урмат-сыйга ээ. Илгери ал ботологондо сүйүнчүлөп, жентек беришчү. Аны адам сыяктуу эле ботосу өлсө же жоголсо кайгы тартууга, ал эмес жоктоого да жөндөмдүү деп эсептешкен. Казактарда да ак төө ыйык деп эсептелет. Аны аябай бир кубанычтуу учурларда курмандыкка чалышкан. Эки элдин диний ишениминен орун алган жогоркудай жалпы көз караштар алардын көркөм ойлоосунда окшош мотивдерди жараткан. Дегеле кыргыз фольклорунда Ж-дын образы аңыз-уламыштан баштап, «Манас» эпопеясына чейин орун алган. Манас өлгөндө Ж. «Аза күтүп, ээй, от жебей, Армандуу болуп ээй, суу ичпей» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 223), чөгүп, "адам сыяктуу кайгы-муңга батат. Семетей эр жетип элине келе жатканда алдынан тосуп чыгат жана аны ал курмандыкка чалганда: «Караса көзгө илинбейт, Кайда экени билинбейт... Жерге тамган каны жок, Желмаяны дагы жок» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 548-инв., 154-б.), кайып болуп жоголуп кетет.

Эпос боюнча Ж. жөнөкөй эле төө эмес, аны Манаска Шай ата (Шаймерден) кайыптын элинен алып келгенин айтып тапшырат. Айрым этнографиялык маалыматтарга караганда кыргыздар кээ бир касиеттерин адамга окшоштурушкан, ага арнап ар түрдүү ырым-жырымдарды иштешкен. Ошондуктан мындай түшүнүктөр качандыр бир убактарда төө кыргыздарда (түркмөндөр сыяктуу) тотем болгондугун айгинелейт. Касиеттүү эсептелип, сыйынуунун объектилеринен болгон жер-суу, тоо-таш, булак ээлери да ак тайлак делип, төөгө байланыштырылгандыгынан да тотемдин калдыгын көрүүгө болот. Ж. кайып болуп кеткенден кийин бейшемби, жума күндөрүндө Манастын күмбөзүнө келип тургандыгы айтылат. Демек, эпостун негизги варианттарында баяндалган Ждын образы Манастын күмбөзүнүн колдоочу ээси катары элес берет.

С. Алиев

ЖЕЛМОГУЗ

(түрк-моңголчо) — мифтик жандык. Көп элдердин фольклорунда киши кебетесиндеги Ж-дун образы кезигип, ал көпчүлүк учурларда башкы оң каармандар менен согушат. Адам баласынын байыркы мезгилдеги түшүнүгүнө байланышкан Ж-дун образы көп белгиси, аткарган кызматы жагынан түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында негизинен бирдей, окшош. Ал тургай мифтик бул кейипкердин ысымынын аталышынын үндөштүгү да алардын образынын теги бир экендигин айгинелейт. Мисалы, кыргыз мифологиясындагы Ж. казактарда «желмауз», өзбектерде «ялмогиз», алтайлыктарда «моңуз» («моос», «маңыз»), туваларда «маңгыс» («моос»), хакастарда «моос», моңголдордо «маңгас» («мангус»), буряттарда «мангадхай» деп аталат.

Ж. элдик чыгармаларда тектеш, типтеш чагылдырылган менен көркөм образ катары улуттук мүнөздөгү айырмачылыктарга ээ. Алар дайыма элдик баатырларга каршы туруп, кыянаттык кылат. «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө чагылдырылган Желмогуз уулу Сарыбай дөө менен болгон күрөш (Курама варианты, «Сейтек», 210—229) бөтөнчө көркөм сүрөттөлүп, Ж-дун типтүү образы мүнөздөлөт. Ж-га каршы күрөш поэманын баатырдык багытын жогорку бийиктикке чыгарат. Сарыбай желмогуздун жеңилиши адилетсиздикти акыйкаттык, жамандыкты жакшылык жеңиши, эл мүдөөсүнүн жүзөгө ашышы болуп эсептелет. Бул сыяктуу жомоктук мифологиялык мотивдер Ж-дун эпосто чагылышын, учкул кыял көркөм сөздүн мыйзамына ылайык апыртмалуу, укмуштуу-кереметтүү жагдайда (сыпатта) баяндалышын көрсөтүп турат.

С. Алиев

ЖЕЛПИНИШ

— топоним. Эпосто күн батыш тагы жердин түгөнгөн чеги, бүтүшү:
Жер урунту Желпиниш
Ага кирип кетерсиң.
Канаты бардан жин жүрөт,
Кайраты бардан пил жүрөт
Андан бөлөк ким жүрөт?
(Сагымбай Орозбаков, 3. 93)

— делип, жин-пери дөө сыяктуу жомоктук жандыктын жери катары сүрөттөлөт. Ж. барган жанды аман койбогон бороон-чапкын, шамалдын мекени, же түшкөн адам кайра чыга албаган туңгуюк маанисинде да айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. жетимурук деген мифтик элдин мекендеген жери, мифтик өлкө.
«Жердин түбү
Желпиништи жердеген
Жаман элдин ээсине,
Жарманас деген дөөсүнө»
Манас карындашы
Кардыгачты күйөөгө берет
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 259—279).

ЖЕЛТАМАН

— Эштектин байгеге чапкан күлүгү. Манастын төрөлүшүнө арналган тойдо байгеге чабылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 81, 83).

ЖЕЛКАРА

— Сейиттин байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта марага тогузунчу келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 58).

ЖЕЛКЫЗЫЛ

— Тейиш кандын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта байгелүү орунду ээлеген тулпар катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).

ЖЕЛТИЙБЕС

— эпизоддук кейипкер. Эсенкандын атайын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан келген Көзкамандардын бири. Алооке кыргыздарды чапканда сүрүлүп кетип, калмак болуп калган. Түбү Манастын аталаш тууганы. Манаска алдап уу бергенден кийин аны өлдү деп, ордосун талап алышып кытайга кетип баратышканда аркасынан кууп жеткен кырк чоронун колунан өлөт (Курама варианты, 1. 267 — 292; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189—210).

ЖЕНТЕК

— бала төрөлгөндө той берүү салты. «Манаста» да сакталган. Манас төрөлгөндө Ж. той берилип, тийиштүү жөрөлгөлөр менен коштолуп өткөрүлгөндүгү сүрөттөлөт. Карыганча баласыз арманда жүргөн Жакып карыя менен Чыйырды байбиче тилегине жетип, балалуу болот да бул тойго күн мурунтан даярданып, камдап жүргөн тамак-ашы (сары май, кошкон май, курут, бал-шекер жана башкалар), боорсок жасалып, көп мал союлганы айтылат:

Чакырып журтка бериптир
Сегиз бээ союп жентекти.
Тоюнбаган тоюнуп,
Топтогон малдар союлуп
Ачтын баары тоюнуп
(Сагымбай Орозбаков, 1. 79).

Радлов жазып алган вариантта төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Жаткенден келген жети элчи, Жентегин мыктап жеп кетти,
Манас желмогуз чыгат деп кетти».

ЖЕҢИЖОК Өтө Көкө уулу

(1860, Таластагы Сары-Көбөн деген жер, азыркы Манас району —1918, Жаңы-Жол району, Кара-Суу айылы) — акын. Ата-энесинен эрте ажырап, көрүнгөндүн эшигин сагалап, эптеп жан сактап жүрүп «ала» оорусуна (тери оорусуна) чалдыккан Өтө айыл билермандары тарабынан куугунтукталып, Аксыдагы таякелерине качып барат. Ырга болгон шыгы жаш кезинен эле ойгонот. Ошол учурларда Анжыян тарапта чоң той болуп, Өтө жеңи жок кемселчен айтышка чыгып, Нурмолдону баш кылып бир нече ырчыны жеңип, калайыкка таанылат. Мына ошондон баштап анын Өтө аты калып, «Жеңижок» деген ылакап ат (псевдоним) менен аталып калган. Кыргыз элинде 5К. деген ат менен кеңири белгилүү болгон бул адам аалам, жер-суу, адам баласынын турмуштагы орду, милдети, жаратылыш менен катышы жөнүндө ырдалган философиялык маанайдагы термелери менен өзгөчө таланттын ээси экенин айкындап турат.

Ж.— элдик эпосторду да аткарган акын. Ал «Семетей» эпосунан «Семетейдин Таласка жөнөшүнөн» үзүндү айтканы бизге белгилүү. Үзүндү боюнча Каныкейден өзүнүн ата-тегин сурап билгенден кийин Семетей эл-жерин издеп жөнөйт. Анын туулган жери Таласка, атпай кыргыз элине келиши толгон жышааналар менен байланышкан. Бала баатыр Семетейди эл карысы Бакай баш болуп Манастын Акшумкары, Желмаяны, Кумайыгы да зор кубаныч менен тосуп алышат. Булар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл баатыры келди, элдин күткөн тилеги ишке ашты деген ой берилген.

Б. Кодоров

ЖЕР АЛДЫ

— байыркы мифологиянын негизинде пайда болгон түшүнүк. Байыркы адамдардын диний түшүнүгү боюнча дүйнө үчкө бөлүнгөн: биринчи — асман (кудайлар өлкөсү), экинчи — адамдар жашаган дүйнө, үчүнчү — жер астындагы дүйнө (өлүктөр дүйнөсү). Айрым адабиятчылардын пикири боюнча мифологиялык түшүнүктөрдүн алгачкы учурун таза диний мифология катары кароого болбойт. Кийинчерээк адамдар тапка бөлүнгөндөн кийин, бул элдик түшүнүк таптык кызыкчылыкка баш ийдирилип, мусулман дининин куралына айланган. Байыркы кыргыздар да кыял менен жаратылышты бул тирүү адамдар жашаган дүйнө, өлгөн адамдар жашаган тигил — Ж. а-ндагы дүйнө деп экиге бөлүшкөн. Эпосто сүрөттөлгөн Ж. а-ндагы дүйнө жер үстүндөгү турмуштан эч бир айырмаланбайт. «Бокмурун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү коигону» деген окуяда Ж. а-ндагы дүйнө төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Күтүнүп турсаң ашыңа
Күлдү журт келер кашыңа.
Жердин өзү дөңгөлөк
Жеткен жан келер жөрмөлөп.
Жер астында эрлер бар
(Сагымбай Орозбаков, 3. 67).

Мында кыргыз эпосундагы Ж. а-ндагы дүинө жөнүндөгү түшүнүк, башка түрк элдеринин көз карашындай эле бул элдин поэтикалык гана көз карашы деп жыйынтык чыгарууга болот.

9-кылымга чейин кыргыздарда, Алтайда, Батыш Сибирде жашаган элдерде тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүк абдан күчтүү болгон. Алтайлык жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармачылыгында Ж. а-ндагы кудайлар, шамандар менен болгон согуш учурайт. Башкы каарман тагдырына багышталган аялды алуу үчүн Ж. а-на түшүү, болбосо алыскы бир жерге чоочун элге саякат жасоо башка элдердин эпикалык оозеки адабияттарында да кезигет. Бул мотив алардын өтө байыркылыгын белгилейт.

Академик В. В. Радлов алтайлыктардын элдик чыгармалары менен таанышкандан кийин, бул түрк урууларынын оозеки чыгармаларында кеңири кезигүүчү Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндөгү түшүнүктөрдү шаманизмдин теңири катары карабастан, шамандык көз караштан өзгөчөлөнүп турган алтайлыктардын поэтикалык көз карашы катары караш керектигин эскерткен.

Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндө кыргыз элинин жөө жомокторунда, «Манас» эпосунда, негизинен «Эр Төштүктө» кеңири кездешет. «Эр Төштүк» эпосундагы Ж. а-ндагы турмуш жөнүндөгү мифологиянын өнүгүшү тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүктүн чыгышы, тактап айтканда, жан адамдын денесинен бөлөк жашайт деген түшүнүктүн келип чыгышы менен байланыштырылган. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да Төштүк Ж. а-на түшүп барып, кайра келген баатыр катары сүрөттөлөт:

Элемандын эркеси
Жер алдына түшкөнү
Жети жыл болгон чагы экен,
Жер үстүнө чыкканы
Жети күнчө бар экен
Ошо Төштүк келгени
(Саякбай Каралаев, 2. 12, 40; Сагымбай Орозбаков, 3. 106).

Төштүктүн Ж. а-на түшүшүн шамандык мифология катары карабастан, байыркы адамдардын түшүнүгү катары караш керек.

Ы. Кадыров

ЖЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМДЕР ЖАНА «МАНАС»

— табияттын кубулуштарын байкап, ой жүгүрткөн адамдарды эзелтен бери жер бетинин түзүлүшү, анын өзгөчөлүктөрү кайдыгер калтырган эмес. Байыркы кыргыздардын жер кыртышынын кыймылдары жөнүндө ой жүгүртүүлөрү «Манас» эпосунун ыр саптарында кезигет:
Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок,
Ар канча деңиз жоголду
(Курама варианты, 1. 2—3).
Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү,
Сай ташындай жан өттү,
Санаттагы кан өттү,
Санжыргалуу эл өттү,
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду,
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп тоо болду.
Калдайып жаткан бул жердин,
Кайсы жери соо болду?!
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз кургап чөп болду,
Чөл бузулуп көл болду
Түз бузулуп төр болду.
Чокусу көктү тиреген,
Зоо бузулуп саз болду,
Каз-өрдөгү ойногон
Какыр жерге көл бүттү
(Курама варианты, «Семетей», 3-4).

Жер жөнүндөгү илимдер менен терең тааныш эмес адамдар бул мисалдарды «Манастагы» көп апыртмалардын бири, эпостогу негизги окуяларды кооздоо үчүн гана айтылган сөз ыкмалары деп коюшу ыктымал. Бирок, «Манас» эпосунун ушул саптары аркылуу табият чындыгы, жер жөнүндөгү илимдер тарабынан аныкталган процесстер баяндалган. «Манас» эпосунун материалдарына таянып төмөнкүдөй илимий маселелерди кароого болот:
1) жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар;
2) өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы;
3) мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр;
4) өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу;
5) мезгил жана табият.

1. Жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар. Эпостогу ырлардын жалпы мазмуну — жер бетинин түзүлүшү түбөлүк бир калыпта турбайт, дайыма бузулуп, өзгөрүлүп турат деген маанини түшүндүрөт. Бул — илимий чындык жана маанилүү жыйынтык. Мындай өзгөрүүлөр жер кыртышынын өйдө-ылдый кыймылдары (жердин ички процесстери, башкача айтканда эндогендик процесстер) жана сырткы геологиялык процесстер (суу, шамал, мөңгү жана башкалар тектерди талкалап, үбөлөнтөт, ал үбөлөндү чөгүндүгө айланат) менен байланышкан. Деңиз жээктеринен мындай кыймылдар өзгөчө жакшы байкалат. Мурун кургак жерде салынган курулуштар кийин, жер кыртышы чөгүп кеткендиктен, суунун астында калган учурлар көп. Мисалы, Кара деңиздеги Сухуми булуңунда байыркы гректердин колониясынын курулуштары суунун түбүндө калган. Азов деңизинин түндүк жээктеринде байыркы скифтердин мүрзөлөрү азыр деңиз менен жабылып турат. Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаар урандылары, ошондой эле карапалар, бышкан кыштар, куурлар да көпчүлүккө белгилүү. Арийне, мурунку турган деңгээлинен өйдө көтөрүлүп кеткен жерлер да көп учурайт: Жаңы-Жер аралында мурун жээкте салынган балыкчылардын тамдары жана кайык байлоочу мамылары азыр деңиз деңгээлинен бир топ бийиктикке көтөрүлүп калган. Суусамыр өрөөнүндөгү Айгыр-Жал деген дөңсөөгө мурда арык менен суу чыгарылып, айдоо жерлер сугарылчу. Кийинчерээк, ал жер тектирче болуп, өйдө жылып кетип, арыктагы суу бөгөлүп, айдоого жетпей калды. Азыр Айгыр-Жалда кайрак эгин айдалат. Биз узагыраак геологиялык мезгил ичинде камтылган окуяларды алсак, эпостогу келтирилген ойлордун анык экенин даанараак көрөбүз. Палеогон жана бор мезгилдеринде (мындан 37 —137 млн жылдар мурун) биздин жерде азыркы аркайган кыргыз тоолору пайда боло элек, мелтиреген түз талаа жаткан. Климаты ысык жана кургак келип, өсүмдүктөр жок, азыркы Казакстандын Батпак Талаасы сыяктуу какыраган чөл болгон. Ал эми Фергана өрөөнү тарапта толкуган «көк деңиз» орун алган. Андан мурунураак, юра мезгилине (мындан 137 —197 млн жыл мурун) көз чаптырсак, климат нымдуу жана жылуу болгондуктан, субтропикалык өсүмдүктөр дүркүрөп өсүп турганын билебиз. Көп жерлерде чытырман токой, былкылдак саз, майда көлдөр, суулар болгон. Ал эми пермь мезгилинде жана карбон мезгилинин аягында (мындан 240—325 млн жылдар мурун) Орто Азияда мурункудан башкача жалпак тоолор, атылып турган жанар тоолор болгон. Улам өткөн доорлордун түпкүрүнө жылган сайын биздин жерибизде ар түрдүү тоолор, мелтиреген түздөр, чалкып жаткан деңиздер, какыраган чөлдөр орун алмашып, жер бети ала чакмак болуп өзгөрүп турганын геологиялык изилдөөлөр аныктоодо. Академик В. Е. Хаин мындай деп жазат: «Бардык жерде, ар убакта жер кыртышы тынымсыз кыймылдап турат: токумдай жер бети да кыймылсыз тынч турбайт жана турган эмес» («Общая геотектоника», М., 1964).
2. Өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы. «Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы», — деп «Манаста» айтылат. Элге караганда жер кыртышында болгон окуялар өтө жай өтөт деген түшүнүк берилип жатат. Бул да чындык. Маселен, (тиешелүү аспаптар менен) көптөгөн атайын илимий өлчөөлөрдүн натыйжасында Вильнюс шаары жылына 3,8 мм, Курск —3,6 мм, Харьков—3,9 мм, Донбасстын аймагы —10 мм өйдө көтөрүлүп, ал эми Витебск —1,4 мм, Москва — 3,7 мм, Ленинград —2 мм ылдый чөгүп жатканы аныкталган. Жер кыртышы үчүн жылына 1—3 смге жеткен кыймылдар өтө катуу кыймыл катары эсептелинет. Ошентип, жердин жаңыланышы өтө акырындык менен жүргөнүнө карабастан акылга сыярлык көрүнүш. Элдин жаңыланышы бөлсө, жашоонун өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү менен мүнөздөлөт.
3. Мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр. Эпос «бардан жок болбойт» деген жаратылыш мыйзамы менен үндөшүп турат. Жогоруда келтирилген мисалдардын ар бир сабында мурунку жерлер өйдө көтөрүлдү да (сай — тоого, деңиз — чөлгө, түз — төргө), ошол эле көтөрүлгөн жерлер кайрадан ойдуң түзгө (тоо — коого, чөл — көлгө, зоолор — сазга) айланды деп аныкталат. Бул азыркы түшүнүк менен айтканда жер кыртышынын кыймылындагы биримдүүлүктү жана ритмдүүлүктү көрсөтүп турат деп айтсак болот. Жер жөнүндөгү илимдердин илимий тыянагы буларды ырастайт.
4. Өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу. «Манастын» табиятты сүрөттөгөн ыр саптары, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр асты-үстүнө айлануу жолу менен өтөт деген маанини берет. Бул жыйынтык геология илиминин азыркы учурдагы «жер кыртышынын кыймылы дайыма багытын өзгөртүп турат» — деген негизги тыянактарынын бирине туура келет. Терең чөккөн коо же сай бийик көтөрүлүп, тоо болорун билдирген жаратылыштык кубулуш геология илиминде «инверсия» деп аталат.
5. Мезгил жана табият. Убакыт жөнүндө ар бир адам же илимпоз ар башка түшүнүктөрдө болот. Алсак, адамдын жашын бир нече жылдан ондогон жылдар менен гана эсептейт. Тарыхчылар тарых жөнүндө сөз болгондо убакытты мындан 25, 50, 100, 150 жыл мурун деп санашат. Ал эми археологдор болсо убакытты кылымдар же маданият доорлору менен эсептешет. Геологдор болсо убакытты миллиондогон жылдар менен эсептешет. 19-кылымдын башында эле Европанын көпчүлүк окумуштуулары Библияда көрсөтүлгөн бар болгону 6000 жылды жер жаралгандан берки убакыт деп эсептешкен. Кийинчерээк, геология, физика илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында убакыт чынында абдан узак экендиги, жердин жаралышынан бери 4,5—5,5 млрд жыл өткөндүгү аныкталды. Мунун өзү манасчылардын «Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс эчен түн өттү, Эсеп жеткис жыл өттү», — деп мезгилдин эсеп жеткис узактыгын баяндаган ыр саптарынын табигый ырастыгын айгинелейт.
«Манас» эпосунда айтылган жер жөнүндөгү ойлор терең мааниде экендиги кийинки илимий ачылыштардын жыйынтыгынан улам билинип турат. Жалаң гана геологиялык баян эмес, илимдин башка тармактары (биология, физика, медицина жана башкалар) боюнча да кызык маалыматтар бул залкар эпостон табылышы мүмкүн. Бул келечектин иши. Илгерки замандардан бери кыргыз элинин ичинде табиятка көз карашы, дили реалдуу болуп, жер кыртышында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө дайыма байкоо жүргүзүп келген инсандар болгонун «Манас» эпосу да ырастап турат.

А. Бакиров. К. Осмомбетов

ЖЕРГЕ-ТАЛ

— топоним. «Жерге-Тал ылдый жүгүрүп, Энеңдин тизеси жерге бүгүлүп» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 32),— деп, Каныкей Чыйырды менен Семетейди көтөрүп, төркүнүнө качып баратканда Ж.-Т. аркылуу өткөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандагы бир катар жер, суулар Ж.-Т. аталары белгилүү.

ЖЕРКЕН

(Жаркент) — топоним. Эпосто кыргыздар эзелтеден ээлик кылып келген өрөөн, шаар.
Ээ боло албай малына, Эми келди байыңыз Кашкар менен Жеркендин
Как ортосу шаарына (Сагымбай Орозбаков, 1. 173),— деп Жакыптын агасы Байдын Кашкар менен Ж-ди ортолоп келгени айтылат. Географиялык реалияда — Яркенд — Синьцзяндагы шаар жана суу.

ЖЕР ТИТИРӨӨ

— табигый күчтөрдүн таасиринен жер бетинин термелиши. «Манас» эпосунда да бул түшүнүк орун алган. Бирок Ж. т. кандайдыр бир чоң окуяларга байланыштуу болот, мисалы, Алмамбет төрөлгөндө, к. Зилзала. ЖЕСЕ — эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Чоң казатта Сыргак кулата сайган Каражойду атка мингизип алып кетүүгө аракеттенген баатыр катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 2. 190).

ЖЕСЕК

— чалгын, кароол, сакчылык, күзөт. Ж-чи, чалгынчы, кароолчу, күзөтчү маанилерин билдирет. «Семетей» бөлүгүндө Ж. тууралуу мындай маалымат берилет:
Эл башкарып, жер болжоп Жезекчи Жойку капыры, Семетей башын кесүүгө
Кумарланган баатырың (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 286), к. Чалгын чалуу.

ЖЕСЕТ

жасат —
1) дене, келбет, бүткөн бой;
2) сөөк, өлүк. «Манас» эпосунда эки маанисинде тең учурайт: «Жесетин жерге токтотуп, Ак жоолуктун баарына Атакелеп жоктотуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 40), «Талаада бекен деп турам Табытка салып жөнөөрдө» (Сагымбай Орозбаков, 2. 331).

ЖЕТИГЕН

— эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:
Какандын шаарын каралап,
Каз моюл журтун аралап,
Жетиген жакка барбасын.
Жетимурук журту бар,
Желмогуздай ушулар
(Сагымбай Орозбаков, 3. 12).

Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган: «Эми көчүп бул жерден Жетиген жакка кетеби» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).

Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай
(Сагымбай Орозбаков, 2.203).

К. Сейдакматов

ЖЕТЕ

Түндүк Жете — этноним. «Мажму аттаварихте» Моголстандын элин Ж. (каракчы) деп чагатай калкы аташкан.

ЖЕТЕЛЕК

— мифтик кейипкер. Жомоктук-мифтик жаныбарлардын арасында суу адамы катары айтылат: «Дагы суунун адамы Жетелек деген жини бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).

ЖЕТИ КАШКА

16-кылымга таандык Сейф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» деген кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарда Манас баатырдын ата-теги жана анын жакын туугандары жөнүндө маалымат берилет. Анда Каркарадан Якуб, андан Манас менен Карнас туулат. Каркарага тууган Ак-Темир деген кыпчактын Дөөлөт-Йар, Худа-Йар, Берди-Йар, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Түлө-Йар деген жети уулу болот. Жетөө тең көк кашка ат минип жоого чогуу кирчү экен. Ошондуктан алар Ж. к. аталып калганы айтылат санжырада.

ЖЕТИ КЫЛЫМ

(арабча иклим — бөлүк). Ислам дининин түшүнүгүндө бүтүндөй жер чөлкөмүндөгү кургактык жети кылымга (бөлүккө) бөлүнгөн. Мусулман дүйнөсүндөгү касиеттүү аталган ошол Ж.к. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1 иклим — Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү.
2 иклим — Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери.
3 иклим — Багдад менен Фейруз дубандары.
4 иклим — Кырым менен Урум (Византия аймактары).
5 иклим — Чин, Мачын жана Кытай калкы.
6 иклим — Көк ордо жана Едил журту.
7 иклим — Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү.

Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат.

Т. Ташмаматов

ЖЕТИМ-МОЙНОК

— топоним. Эпос боюнча Букар шаарына жакын жерлердин бири, Семетей бала кезинде куш салып көңүл ачып жүрөт: «Жээк Акчийди басты эми, Жетим-
Мойнок төрт кыраң Муну бала ашты эле» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.)

ЖЕТИМУРУК

— этноним, Желпиниш деп аталган мифтик өлкөнү мекендеген эл.

ЖЕТИ-СУУ

(Жети-Өзөн) — топоним, кыргыздардын жана ага жамаатташ элдердин абалтан мекендеген жери катары эпосто көп эскерилет. Жети-Суу жердин соорусу, Атынын жеми күрүчтөн, Намыс ойлоп мен турам Ага барбай жүрүштөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 154),— деп Айдаркан уулу Көкчөнүн ал жерди эңсегени айтылат. Географиялык реалияда Ж.-С. Казакстандын түштүк-чыгышындагы агын сууларга бай аймак. 18-кылымдын аягында—19-кылымдын башында Ж.-С. деп Илепсинин (Лепси) орто бөлүгүндөгү жерлер гана аталган. Архивдик даректе ал жер Семейден 700 чакырым алыс турат деп белгиленген. Кийин 19-кылымда бул ысым Аягүздөн Илеге чейинки кеңири аймакка таралган. Орто кылымдардагы чыгармаларда Ж.-С. топоними кезикбейт.

ЖЕТИ-ТӨР

— топоним. Эпосто Манастын бабасы Бөйөн кан мекендеген жердин аталышы:
Жети-Төрдүн башында
Жеткилең тууган
Бөйөн кан,
Бөйөн кандын баласы
Кайраттуу тууган
Кара кан
(Радлов жазып алган вариант, 1).

ЖЕТИ-ШААР

— топоним. Жакыпбектин убактылуу мамлекетине (Бак-Дөөлөт) (1864— 78) баш ийип турган Чыгыш Түркстандагы шаарлардын санына (Котон, Жаркен, Жаңы-Гисар, Кашкар, Ак-Суу, Куча, Кара-Шаар) карата 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон жалпы географиялык ат. «Манас» эпосунун варианттарында сейрек айтылып, Чыгыш Түркстандын (Алты-Шаар) бир аты катары жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Жолой байгеге сайган малды талап жатканда Манас «Жети-Шаарың бөлүшөм, Жеткире кууп өлүшөм» (Саякбай Каралаев, 2. 71),— деп айтат.

ЖИРМУНСКИЙ Виктор Максимович

(1891, Санкт-Петербург —1971, Ленинград) — советтик филолог. СССР Илимдер акдемиясынын корреспондент мүчөсү (1939), академиги (1966). Петербург университетин бүтүргөн (1912). Саратов университетинин (1917), Ленинград университетинин (1956), Москва университетинин профессору. Ж.— герман тилдерин изилдөө боюнча СССРдеги эң ири окумуштуулардын бири. Орус жана Батыш Европа адабиятынын теориясы, тарыхы боюнча көп эмгектерди жараткан. Ж-дин түрк элдеринин фольклору боюнча жазган эмгектери да арбын. Ал 1941-ж. Ленинград немец фашисттердин курчоосунда калганда Ташкенге эвакуацияланган.

Бул жерде 1944-жылдын октябрь айына чейин калып, Орто Азия мамлекеттик университетинин профессору, Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы, Тарых-филология илим изилдөө интунун директору болуп иштеген. Ошол кезде түрк элдеринин эпостору менен кеңири таанышып, омоктуу изилдөөлөрдү жараткан. Ж-дин изилдөөлөрүндө кыргыз эпостору, айрыкча «Манас» кеңири чагылдырылат. «Узбекский народный героический эпос» (1947, X. Т. Зарифов менен бирге), «Сказание об Алпамыше и богатырская сказка» (1960) деген эмгектеринде «Манас» эпосунун мотив, сюжет, образ жана башкалары салыштырма материал катары тартылган. Ж-дин «Введение в изучение эпоса "Манас"» (1948) аттуу китеби «Манасты» көркөм мурас катары изилдөөнүн, манасчылардын айтуучулук өнөрүнө баа берүүнүн, образдар системасын, сюжеттерди, эпостун жаралуу тарыхын жана анда тарыхтын чагылдырылышын иликтөөнүн негизги багыттарын аныктады. Ж-дин бул китебиндеги илимий тыянактар азыр да өз күчүн жогото элек (к. «Введение в изучение эпоса "Манас"». Ж. Берлиндеги Герман Илимдер акдемиясынын (1956), Британ Илимдер акдемиясынын (1962), Дания Илимдер акдемиясынын (1967), Бавария Илимдер акдемиясынын (1970) корреспондент мүчөсү болгон. Ленин ордени, башка эки орден менен сыйланган.

С. Кайыпов

ЖЕТКИР-БИЙ

— эпизоддук кейипкер. Агыштын атасы катары гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 90, 134, 177).

ЖОЙБОЛОТ

— жоокердик курал. Эпосто Ж. Алмамбетке таандык мылтык катары айтылат.

ЖОЙБОЛОТ

— асмандан түшкөн алты курч-тун бири, Бакайдын кылычы.

ЖОЙКАРА

— көзгө атар кытай мергени, к. Каражой.

ЖОНКУМА

— асмандан түшкөн алты курчтун бири, Алмамбеттин кылычы.

ЖОЙКЫНА

— эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Таластын суусун бурган тосмону кайтарган алтымыш балбандын башчысы Түктаман: «Коңурбайдан эр экен, Жойкынадан жоон эли, Нескарадан эки эли, Өөдө турган эме экен», — деп Күлчорону сынаганда Ж-ны эскерет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 239).

ЖОЛБОРС

— тотем жаныбар. Орхон-Эне-Сай жазмаларында көк түрктөрдүн уруу башчы, кандары, баатырлары жолборсту ыйык (тотем) тутуп өлтүрбөгөндүгү катталган. «Манас» эпосунда мифтик апыртма түшүнүктө сүрөттөлгөн. Ж-тун эпикалык образы башкы каармандын тотеми катары милдет аткарат. Манас жоого киргенде Ж. да мифтик башка жандыктар менен кошо баатырды коштоп жүрөт. Манастын кереметтүү бойго бүтүшү жана укмуштуу төрөлүшү да магиялык түшүнүк менен байланыштырылган. Бойго бүтөрдө эне-атасы элдин көз карашы боюнча тартынбастыктын, кайраттуулуктун, баатырдыктын символу болгон жырткыч жаныбарларды жана алгыр куштарды түштөрүндө көрүшөт. Түштө берилген аян аркылуу ошол жаныбарга таандык артыкча сапатка ээ эркек бала төрөлөрү алдын ала билинет. Болочокку баатыр бойго бүткөндө энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот.

Тотем эсептелген Ж-тун бүткүл эти эмес, жүрөгүнүн гана магиялык касиет, күчкө ээ болушу — өзүнчө бир поэтикалык мотив. Эпикалык бул мотив өзүнүн негизин тотемдик түшүнүктөн алынган менен болочокто элин душмандан коргой турган Ж-той жүрөктүү, күч-кубаттуу баатырдын жаралышын эңсеген элдин фантазиясы көтөрүңкү пафосто чагылдырылат. Болочоктогу баатырдын энеси арстандын жүрөгүнө талгак болуп, аны жегенден кийин же ажыдаардын башын чайнагандан кийин гана каалагандай баатыр уул төрөшү казактардын «Кабыланды» эпосунда да кезигет. «Манас» эпосунун сюжетиндеги Чыйырды менен Жакыптын түшүнө кирген Ж. Манастын тотемине айланып, классикалык тотемдерге мүнөздүү белгилерди сактаганын, анын бардык милдетин аткарганын көрөбүз. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас төрөлгөндө: «Бир карасаң баладай, Бир карасаң сур жолборс» (Саякбай Каралаев, 1. 54) болуп көрүнөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардан ууланып, жарадар болуп өлүм алдында жаткан Манас колдоочусу Ж-тон жардам аларын, өзүн издеп келген Сыргак менен Серекке билдирет: «Мени дагы чоролор Бейдаарат бенде дебеңдер, Жолборстон болор жолдошум, Коркпостон болор колдошум» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.). Ж-тун жардамы менен Манас жаратынан айыгат.

Манас баатыр Анжыянды бийлеген Алоокеге барган учурда, ал Манасты тымызын жайлоо үчүн ажайышканасында багылган жырткыч жаныбарларын коё берет. Бирок, алар Манаска даап кол сала алышпайт. Мында да анын колдоочуларынын бири Ж. экени окуяга поэтикалык курчтук, баатырга тете алптык касиет берип турат. Баатырлардын чексиз кара күчүн, баатырдык сапатын ЭК-тун элесине теңештирүү эпостогу терс каармандарга да мүнөздүү. «Көк күбө тонду жамынып, Көрөр болсоң Коң төрө Көк Жолборстой чамынып» турган Коңурбайдын баатырлыгын билдирет.

С. Алиев

ЖОКТОО

— элдик салт ырларынын бир түрү. Мазмун жагынан кошокко жакын, к. Кошок.

ЖОЛБОРСААЛЫ Турдаалы уулу

(Токтогул району, Токтогул айылы) — «Манас» айтуучу. «Манасты» 1947-жылдан китептен үйрөнүп айта баштаган. Ата-бабаларынан, туугандарынан «Манас» айткандары болгон эмес. Андан «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» эпизодунан үзүндү (367 сап) гана жазып алынган.

ЖОЛБОРСТУН ЖҮРӨГҮНӨ ТАЛГАК БОЛУУ

— баатырдык эпостордун баш каарманы энесинин боюна бүткөн кезинде эпикалык эненин кадимки тамакка көңүлү келбей, табылышы татаал башка бир даамды — жырткыч жаныбарлардын этин, жүрөгүн жана кыраан куштардын көз майын эңсеп күсөшү; жерик. Кыргыз элинин баатырдык эпосторунда болочокку башкы баатырдын энесинин
Ж. ж. т. б-су аны кана жегенден кийин гана ойдогудай жетилген баатыр баланын укмуштуу төрөлүшү жөнүндөгү салттык мотив «Манас», «Жаныш-Байыш» жана казактардын «Кобыланды» эпосторунда даңазаланат, к. Талгак болуу.

ЖОЛДОШЕВ Токчоро

(1902, Пишпек уезди, Сарбагыш болушу, Кара-Жылга айылы — 1937)— советтик партиялык ишмер, кыргыз совет адабиятчысы.

1925-ж. Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн. 1925-жылдан Каракол-Нарын округунда эл агартуу бөлүмүн жетектеген. 1927-ж. Москвадагы Борбордук улуттар басмасынын кыргыз секциясына жооптуу секретарь болгон.

1927 — 28-ж. Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын Академиялык борборунда төрагасы, 1929—31-ж. Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчө, жооптуу секретарь, 1931 — 32-ж. Кыргызстан колхоз борборунун (азыркы керек-жарак союзу) төрагасы, 1933—35-ж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары болгон. Ж-дын редакторлугу менен Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөнү», Тыныбек Жапый уулу айткан «Семетейден» үзүндү басылып чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын жазылып калышына камкордук кылган инсандардын бири.

ЖОЛОЙ

— негизги терс каармандардын бири, калмак каны жана балбаны, жоо саяр баатыры. Эпостогу согуш эпизоддорунун көбүнө катышкан туруктуу каардуу душман. Академик Б. М. Юнусалиев «Манас» эпосунда чагылдырылган эпикалык Ж. кидандардын Елюй Даши деген аскер башчысынын ысымына байланыштуу пайда болгон деген көз карашты айтат. Окумуштуунун бул пикири белгилүү даражада чындыкка жакындайт. Тарыхый маалыматтар боюнча 10-кылымдан тартып кидандардын (кара кытай) елюй (йолуй) уруусу Борбор Азияга өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзөт. Кидандардын мамлекети Ляо империясы деп аталган.

Ляо империясы 12-кылымдын башында экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Моңголия, Манжурия, Түндүк Кытайдын чөлкөмүндө Цзинь империясын, экинчи бөлүгү кол башчы Елюй Дашинин жетекчилиги менен Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекет түзөт. Кидандар азыркы Кыргызстандын аймагына 1129—30-ж. келет. Демек, Елюй уруусу (10-кылымдан тартып) бийликке келгенден кийин, башкаруу чөйрөсүндөгү адамдар салттык түрдө ушул уруунун атын кошо ала жүрүшкөн. Мисалы, Елюй Амбагань, Елюй Лубугу, Елюй Даши, Елюй Тэла, Елюй ЧуЦай, Елюй Юй-ду, Елюй Шу-Чен жана башкалар «Манас» эпосундагы эпикалык Ж-дун мына ушул кидандардын башкаруучу уруусунун («Елюй») атына байланыштуу пайда болгон деген тыя накка келүүгө болот. Анткени, эпостук чыгар малардын тарыхый өнүгүшүнүн мыйзам ченемине ылайык эпикалык ысымдар (эпоним) көп учурда конкреттүү уруулардын, элдердин, ар түрдүү титулдарын, аттарын персонификациялаштыруу аркылуу кабыл алынат.

Мисалы, Ногой-кан (Ногой ордосу), Бууракан (Караханийлердин титулдук наамы), Коңтаажы (калмактардын титулдук наамы) жана башкалар Демек, «Манас» эпосу Ж-дун ысымы аркылуу кидандардын башкаруучу уруусун персонификациялаштыруу менен аларды башкы душман экендигин жалпылаштырып туюндуруп жатат. «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») боюнча да Манас баатырдын эң башкы душманы Ж. согуштук окуяларда кеңири чагылдырылгандыгы белгилүү.

Чыгармада Ж. калмак элинин каны, кол башчы баатыры катары мүнөздөлүп, Манас баатырга каршы күрөш жүргүзгөндүгү баяндалат. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөй кандын ашы» эпизодунда капыр менен мусулмандын ичинен Ж. жаңжал чыгарып Манас менен согушат. В. В. Радлов жазып алган «Манастын» вариантындагы Ждун образына баскынчылык, ала көөдөндүк, көңдөйлүк сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү.

Колдо бар материалдар боюнча Ж.— жоокер, баатыр, ошону менен бирге эл бийлеген кан. «Манас» варианттарындагы Ж. катышкан бардык окуяларда ал «кан» деп аталат:

Кара калмак каны экен,
Сайыш менен чабышка
Башынан кадик жан экен,
Өзү жалпак, өңү саз,
Күрөш менен согушка
Эчак болгон эпчил маш
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536инв., 332-б.).

«Манаста» чагылдырылган Ж-дун образынан душмандын жоокер баатырынын элесин гана көрөбүз.

Саякбай Карала уулу Ж-дун портретин сүрөттөөдө баатырдык жана балбандык белгчлери менен шайкеш мыкаачылык жана кан ичкичтик сыяктуу терс сапаттардын бүтүндөй бир градациясын пайдаланат:

Өлчөөң кеткен бул
Жолой Өлтүрүп канга тойбогон.
Жан кыйгычтын бири ошол,
Жан алгычтын өзү ошол,
Кан ичип жүрүп катыккан.
Каары толук заары күч,
Бул капырдан күдөр үз.
Төбө чачы сүксүйүп,
Жеп ийчүдөй үксүйүп.
Качырган каман төштөнүп,
Алуучу аюу көздөнүп,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Айкырып сунган айзасы
Карагайдай көрүнүп,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Жолум үйдөй чоюн баш
Билекке орой чалынуу
Жолойду көрсөң көзүң ач!
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536-инв., 325-б.).

Ж. баскынчы баатыр катарында калмак жоокерлерине кол башчылык кылып, талоончул жортуулдарга баштап кирет. Жекеге чыгып, согуш майданында эрдик көрсөтөт.

Эпосто Ж-дун эзели жоого алдырбаган баатыр экендиги, атактуу балбан аталып калмак, кытайлардын бичигине чийилгендиги, өзүнө мүдөөлөш баскынчы душман баатырларынын колунан келбеген, күчү жетпеген иштерди аткарган эрдик сапаттары баяндалат. Ж.— Коңурбай сыяктуу айлакер, куу адам эмес, болжолсуз кара күчү бар балбан. Ж-дун жанда жок соргоктугу анын ушул өзгөчөлүгү менен байланышкан. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтай кандын ашы» эпизодунда Ж-дун сорунган соргоктугу мындай берилет:

Бир күндө анын жегени —
Тогуз бука эти экен,
Тогуз кочкор эти экен
Тогуз буура эти экен
Тогуз айгыр эти экен.
Бир күндө анын ичкени —
Токсон саба кымыз экен
(Валиханов жазып алган эпизод, «АлаТоо», 1979, № 7. 83-б.).

Радлов жазып алган вариантта кан Ж-дун сорунган соргоктугу: «Тамак жесе тойбогон, Суусун ичсе канбаган», — деп мүнөздөлөт. В. Радловдун пикири боюнча укмуштуудай сорунган соргок Ж. кан Манаска татыктуу баскынчы баатыр жана балбан. «Манас» эпопеясынын кийинки жазылган варианттарындагы туруктуу формулада айтылган поэтикалык ыр саптары да Ж-дун сорунган соргоктугун аныктап турат: «Алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган чоң Жолой, Алты батман буудай жеп, дан жыттанган чоң Жолой». Ж-дун күчү духунун бекемдигинде эмес, бул сапат анын ички дүйнөсү менен байланышпайт. Кеп ошол ички сапаттын жарды, көңдөйлүгүндө. Аны күчтүү кылып жаткан эрдиктин күчү эмес, тамактын күчү. Чынында эле ар-намыс, адамкерчилиги бар киши конокко келип эт уурдап жемек эмес (Көкөтөйдүн ашында Ж-дун кемеге башында быша элек этти зордуктап жегени жөнүндөгү эпизод).

Ж-дун ыксыз кара күчү менен жанда жок соргоктугуна ашкан ала көөдөн, мактанчаактыгы шайкеш келип, анын рухий жардылыгын, көңдөйлүгүн ого бетер айгинелеп турат. Жоо баатыры Жолойдун рухий жардылыгы, адепсиздик, көңдөйлүгүнөн тышкары анын образына кекчилдик, ач көздүк, жаңжал чыгарууга жакындык сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү. Ж-дун ашынган ачкөздүгүн «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабыштын байгесин күч менен тартып алган зордукчулдук иш-аракети айгинелейт.

«Ачбуудандын байгесин, алдырганча өлөлү» деп жаңжал чыгаргандардын бири Ж. болот. Радлов жазып алган вариантта да Ж. баш болгон калмактар кыргыздардын мал-мүлкүн талап алышат. Жекеме-жекеде Манас баатыр Ачалбарс кылычы менен Ж-дун башын кыя чабат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. бул эпизоддо өлбөйт, «Манас» бөлүмүнүн дээрлик бардык окуяларына катышып, кийинчерээк ажал табат. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Ждун образынын салттуулугу сакталган жана акырына чейин элдин оң идеалына, көз карашына карама-каршы коюлган. Ошондуктан эпика.лык Ждун образынын да кеңири масштабда жогорку көркөмдүктө баяндалышы «Манас» эпопеясынын монументалдуулугунун дагы бир фактору катары эсептелүүгө тийиш.

С. Алиев

«ЖОЛ ТАЛАШ», «Алмамбет менен Чубак»

— Алмамбет менен Чубактын чатагына байланыштуу элдик күү. Күүнүн чыгышына эпостогу төмөнкү окуя себепчи болгон. Чоң казатка баратканда Алмамбет жанына Сыргакты алып, чалгынга жөнөйт. Бир кытайдан кем болдуң деген көкүткөн сөздөрдөн улам ачууланып, куру намыска алдырган Чубак Алмамбеттин аркасынан жөнөйт. Эрегиште бири-бирин мерт кылып койбосун деп артынан барган Манас тирешип калган экөөнү ажыратат. Алмамбет менен Чубак элдешип, төртөө андан нары жүрүп, Тал-Чокуну таянышат.

Бул күүнү Ыбырай Туман уулу «Ж. т.», Асанаалы Кыштообай уулу «Алмамбет менен Чубак» деген ат менен кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жаздырышкан.

ЖОМОК

— жанрлык маанини туюндуруучу термин. Кыргыз фольклорунда «Ж.» термини жөө жомок жанрын туюнткан мааниден кеңири мааниде колдонулган, башкача айтканда Ж. деп ыр түрүндөгү эпикалык дастандар гана аталган. В. М. Жирмунский архаикалык типтеги баатырдык эпосторду «баатырдык жомок» деп атаган. Ал казак, каракалпак, өзбек элдеринде айтылып келген «Алпамыш» эпосун алтайлыктардын «Алып-Манаш» деген баатырдык жомогу менен тектеш экендигин далилдеп, эволюциялык жол менен өнүгүп отуруп эпопеяга жеткен деген негиздүү корутундуга келген. Кыргыздар да «Манасты» Ж-тордун катарына кошушат. Мааниси жана негизги белгилери боюнча Ж. оозеки көркөм чыгармачылык жөнүндөгү дүйнөлүк илимде кабыл алынган эпос түшүнүгүнө туура келген, к. Эпос.

ЖОМОК БАШЫ

— элдик оозеки чыгармалардын башталышында айтылуучу кириш бөлүм. Жана башкалар көбүнчө жөө жомоктордо, эпостук чыгармаларда колдонулат. Жомокто: «Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен», же «Илгери-илгери өткөн заманда» өңдүү туруктуу сүйлөмдөр болот. Жана башкалар «Манас» эпосунда өзүнчө кайырма түрдө айтылат:

Ээ-эй, байыркынын жомогу,
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу
Эстесе келер оролу.
Жарымы төгүн, жарымы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Көбү жалган, көбү чын
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Күпүлдөтүп айтабыз
Көк жал Манас көөнү үчүн
(Курама варианты, 1. 3).

Жана башкалар манасчы тарабынан эл алдында эпосту айта баштаганда окуяга, чыгармага, угуучулардын көңүлүн бурдуруучу киришүүнүн милдетин аткарган. Эпосто ал ушундай озуйпасы менен толук турпатында зор манасчылардын гана репертуарларында айтылат. Бирок айрым элге кеңири тараган «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» өңдүү окуяларда жана башкалар өзүнчө кайырма сыңары чакан-чакан көлөмдө көпчүлүк манасчылардын репертуарына мүнөздүү.

ЖОМОКЧУ

— «Манас» айтуучу. Бул наам, адатта эпостун үч бөлүмүн толук же бирөөнү айткан адамдарга карата колдонулган. 20-кылымдын 30-жылдарына чейин «Манас» айткан адамдар эл ичинде «ырчы», «жомокчу» деген термин менен аталып келген. Мисалы, 1925-ж. араб ариби менен кыргыз тилинде Москвадан чыккан «Манас» эпосунун титулдук бетинде ал вариант Тыныбек жомокчуга таандык экендиги белгиленет жана китепченин кириш сөзүндө да Тыныбек «жомокчу» деген наам менен эле аталат. Эпостун өзүнүн текстинде да:

Жомокчулар койбосо,
Уйкаштырып ырды айтып,
Келиштирип койбосо
Жомокчулар калп айтып
(Сагымбай Орозбаков, «Манас», Кол жазмалар фондусу, 537-инв., 380-б.),

— деп «Манас» айткан адамдар «жомокчу» деп айтылат. Бирок жазма адабияттарда Ж-га караганда «манасчы» деген термин кеңири колдонулуп жүрөт. «Манасчы» термин катары биринчи жолу профессор X. Карасаевдин «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргызстан туусу») газетасына 1930-ж. 27-майда жарыяланган «Манас» аттуу макаласында пайдаланылган. Манасчы кийин атайын адабий термин катары терминологиялык жана энциклопедиялык адабияттарга кирген, к. Манасчы.

М. Мукасов

ЖООБУЗАР

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин кызматчы кара күңүнүн баласы. Семетей менен тең төрөлөт, экөө жолдош болуп жүрсүн деп, Манас атын Ж. коёт. Көбөш баш болгон «алты арам», аларга кошулган кырк чоро Манастын бүлөсүн чапканы келатканда уулунун коопсуздугунан чочулаган Каныкей Семетей менен Чыйырдыны качырып жиберип, Семетейдин ордуна Ж-ды бөлөп коёт да, Букарга Семетейге кошуп ала кетмекчи болот. Кундактагы Ж-ды Семетей деп кылыч менен бөлө чапкан Көбөштүн канкордугу эпосто:

Наркескенди аркырап,
Алып сууруп колуна
Дүмөктү иттер баштады,
Кундактагы баланы
Алтыга гана бөлүп таштады
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 19—21),

— деп сүрөттөлөт.

ЖОНДУК

— эпизоддук кейипкер. Бээжинге элчи барган Билерикти кармап, Эсенкандын алдына тартууга алып барганда Нескара Ж-ту Билерик менен согушуп өлдү дейт (Саякбай Каралаев, 1. 119).

ЖООДАРЫ

— эпизоддук кейипкер, Чегиштин атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 186).

ЖООДУР

— эпизоддук кейипкер, эпосто аты гана аталат. Өзүн кармап алган Семетейди Карагул сенин кытайдын колуна түшүп кеткен тууганың Байболоттун уулу Ж. баатырмын деп алдайт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 172).

ЖООКЕ, Жөкө

— эпизоддук кейипкер, Алыбектин уулу. Жакып Манаска ылайык кыз издегенде жанына алган жолдошу (Сагымбай Орозбаков, 2. 394, 373).

ЖООКЕРДИК ОЮНДАР

— жоокерлердин курал-жарактарын колдонуу чеберчилигин арттырып, аскердик ыкка машыгуулар. Ж. ошондой Көкөтөйдүн ашында айрыкча апогейине жеткире сүрөттөлгөн. Эпос боюнча Ж. ошондой жамбы атуу менен башталат. Миң узун устун кыйдырылып, алты жүзү бири бирине уланып, тигинен жерге орнотулат. Алты жүз адамдын кунуна барабар чоң алтын жамбы орнотулган бийик устундун учундагы туура жыгачка кырк эки танап болот зым менен байланат. Мергендер мылтык октошуп, элүүдөн — жүздөн топтошуп атышат. Бирок эч ким жамбыны атып түшүрө албайт. Ошол учурда Манас кырк чоросу менен өз өнөрлөрүн көрсөтүп согуш оюнун башташат:

Кыбылага бет алып
Кыраан төрө турганда,
Кызыл алтын доолду
Тарс дедире урганда
Себилдүүсү сексен төрт,
Серп салган жагы кызыл өрт,
Эки жаак бөлүндү,
Манаска жолдош кырк баатыр
Байкабайт экен өлүмдү
(Сагымбай Орозбаков, 3. 166).

Манас алтын доолду урганда сексен төрт жолдошу экиге бөлүнүп бетме-бет турушуп, мылтык октошот. Манас доол урганда сексен төрт мылтык чогуу атылып, чоролордун баары аттан көз ирмемде жерге кулап калат. Атчан калган жалгыз Манас доолду кайра урганда жерде жаткан баатырлар, ачып көздү жумганча үзүңгүгө аяк салбастан доолдун кагылышы менен ишке ашат. Кыргылчалдын көккө ыргыткан тебетейин чоролор жерге түшүрбөй эт бышымга атып турушат. Манас доол уруп дагы белги бергенде сексен төрт баатыр төрткө бөлүнүп, Бакай жыйырма жигити менен Кыргыл баш болгон жыйырма жигитти качырып кирет: «Карыя Кыргыл акырды, Каар төгүп бакырды, Бакай канды бет алып Баатыр Кыргыл качырды» (Сагымбай Орозбаков, 3. 169).

Эки топ найзалашып беттешип, акыры Кыргыл тарап бүт аттан жалп-жалп кулап түшөт. Манастын доолу кайра кагылганда Алмамбет баштаган чоролор ат коюп жетип, тебетей эңгендей жерде жаткан Кыргылчалдын тобун илип алышып, аттарына мингизип, алдыда бара жаткан Бакайдын тобун кууп жетип, аттарынан аңтара сайып кетишет. Артынан Ажыбайдын адамдары жетип, Бакайдын тобун атка мингизип өтүп, Алмамбетти баш кылып, анын жолдошторун бүт аттан сайып түшүрөт. Бакай жигиттери менен жетип келип, Алмамбеттерди атка мингизип өтөт. Бакайдын тобун Кыргылдын тобу сайып өтүп, жыгылгандарды Ажыбай адамдары менен жетип атына мингизет. Манас дагы доол урганда сексен төрт жигит экиге бөлүнүп маңдай тескей турушуп, алеңгир жааны колго алып, оройного жебе чалып бири-бирине ок кезешет. Дагы белги болгондо шарт этип саадак тартылып, октой учкан жебелер каршысында турган адамдын бөркүндөгү чогун кыркып өтөт.

Манас урган доолдун үнү дагы чыкканда сексен төртү кылычты кындан чечишип, кыйкырышып жетишип, кылычташа кетишет. Кезектеги доол үнү менен чоролор айбалта менен чабыша башташат. Акыркы кагылган доол добушу менен чоролор жамбыны атышка киришет. Эпосто сүрөттөлгөн Ж. ошондой айтуучунун гана көркөм фантазиясынан жаралбастан, алар реалдуу турмушка негизделген. Анткени кыргыз эли өзүнүн көчмөн турмушунда ар дайым сырткы баскынчы душмандан коргонууга даяр туруу үчүн мезгил-мезгили менен Ж. о-ды өткөрүп, согушка машыгып, такшалып тургандыгы белгилүү.

Эпостогу Ж. ошондой кызыктуулугу менен гана эмес өтө катаалдыгы менен да өзгөчөлөнөт. Ж. о-да жоокерлер керек болсо өлүмдөн да коркпой тургандыгын, мүмкүнчүлүк болсо өлтүрө чабууга да даяр экендигин көрөбүз: «Өрттөнүп кеткен бул кулду, Өлтүрсөм экен деп жүргөн, Өчмөндүүсү дагы бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 172). Бул Ж. ошондой чыныгы согуштук машыгуу экендигин көрсөтөт. Көкөтөйдүн ашындагы Ж. ошондой бир жагынан кыргыздардын согуштук чеберчилигин ашка келген душмандарга көргөзүү максатын да көздөгөн: «Мусулман, капыр мынча журт, Карап туру зарылып, Кандай ушу жандар деп Эстен танып сабылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 173— 174).

Ж. ошондой «Манас» эпосунда гана эмес түркмоңгол элдеринин эпосторунан да орун алган. Алсак бурят элинин «Гесер» эпосунда мелдешке чыккан үч жаачынын асманга аткан жебелери бирөөсүнүкү күн шашке болгондо, экинчисиники эки чай кайнамда, үчүнчүсү бир чай кайнамда, ал эми Гесердики күн батарда өзү турган жерге келип түшкөндүгү тууралуу айтылат (Р. С. Липец).

А. Абилов

ЖООЛУК ТАШТАМАЙ

— кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Көк майсаңда кечкисин же айлуу түндө ойнолот. Эпосто Семетей Акункандын шаарына күйөөлөп барганда Айчүрөктүн тоюнда Ж. т. ойнолгондугу айтылат:

Сексен келин, сексен кыз
Сексен жигит, сексен уул
Серпилип оюн салышып,
Оромолдон жоолугун
Токмок кылып бурушуп,
Ургаачы, эркек аралаш,
Бири-бирин урушуп,
Кайран жеңең Айчүрөк
Ушундай салды тамаша
(Саякбай Каралаев, «Семётей», 2. 69).

ЖООН АЛП

— мифтик кейипкер. Алптардын катарында аты гана аталат. «Жору куйрук Жоон алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80, 94) дөөлөрдүн келбет-сөөлөтүнө бап элестүү салыштыруудан улам кадимки эле «жоон» деген сөздүн эпонимдик мааниге өтүүсүнөн келип чыккан дешке болот, к. Китен алп.

ЖООН-АРЫК

— топоним, эпосто кытай-калмактар башта басып алган ата-журтун бошото баштаган кыргыздар жоону кубалап басып өткөн жерлердин бири (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Географиялык реалияда Ж.-А. Кочкор өрөөнүнүн түштүгүндө Үкөк жана Баба-Ата тоолорунун ортосундагы капчыгай жана өзөн.

ЖООРУНЧУ

— кырк чоронун бири. Чоролор жөнүндө кеп болгондо «Казактардын Жоорунчу» делип саналып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 420). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо салтында Салкүрөң деген аты жыйырманчы болуп келип, Ж. тагдырына буюрган Мунусканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425).
356

ЖОРГОНУН БЕЛИ

— топоним. Эпосто Таластагы ашуу катары көп эскерилет. Манасты үйлөндүрүү үчүн Жакыпка кабарга жөнөгөндө Ажыбай ашкан бел (Саякбай Каралаев, 1. 236). «Семетейде» Каныкей Букарга качкан учурда: «Жоргонун белин аша албай, Энекең жобоп бир ыйлап басалбай» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 32) турганы эскерилет. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосуна жанаша жайгашкан КараЖылга тоосундагы ашуу.

ЖОРГОНУН СУУСУ

— топоним. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн жер тандаганда «Беш-Терек менен ашамын, Жоргонун суусун кечемин», — деп башка жер аттары менен катар айтып өтөт. Географиялык реалияда Эртиштын (Чыгыш Казакстан) сол куймасы Жорго суусу менен тике байланышат.

ЖОРГО СӨЗ

— аллитерация жана ыргактуулук сакталган, бирок ыр өлчөмү жок, кара сөз менен ырдын ортосундагы жанр. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Ж. с. кеңири өнүккөн. «Манас» эпосунда айрым бөлүктөр же чоң окуялар Ж. с. менен башталып, акырындап эпостун обонуна жана ыргагына ылайык 7—8 муундан турган ырга өтөт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунун башталышы:

Көкөтөй ооруп,
Ажал тооруп...
Өлөөрүндө,
Өтүрүк дүйнөдөн
Чын дүйнөгө жөнөөрүндө
Бай деген тууганы бар.
Башынан биргелешип турганы бар,
Баймырза байдын баласы,
Чакыртып кашына алды,
Керээз кылып кебин салды
(Сагымбай Орозбаков, 3.8).

ЖОРО

эпосто үч мааниде колдонулат: 1) жолдош, теңтуш; 2) кезектешип өткөрүлүүчү бозо ичүү жыйыны, тамаша кылуу үлпөтү; 3) буйрук, өкүм. Биринчи маанисинде көп учурайт. Кырк чоро жөнүндө: «Кылымды бузар кырк жоро Кыялын тапсаң кырк кашка, Кыркынын жөнү бир башка» (Саякбай Каралаев, 1. 183). Жакып түшүн жорутканда: « Жакып бай айтып токтолду, Жар жоронун баарынан Жалгыз жооп жок болду» (Сагымбай Орозбаков, 1. 47); Манасты кагылып, катыксын деп койчулукка Ошпурга бергенде: «Чеге бала чором деп, Жеке менин жором деп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 93), Алмамбет Көкчөгө тарынып келе жатканда: «Жол сурарга жоро жок, Калк сурарга кара жок» (Сагымбай Орозбаков, 2. 293),— деп айтып арман кылат.

Ж. бозо ичүү үлпөтү маанисинде «Семетей» бөлүгүндө чыккынчылык кылып качкан кырк чорону артынан кууп барган Семетей алардын кайра кайтышын суранып турган жерден көрүнөт:
Жылтыркандуу Таласка Жыргай турган кезиңде Жыйылып жоро ичишип,
Ырдай турган кезиңде (Курама варианты, «Семетей», 136-б.). Эпосто ошондой эле «Алымын артып жороду, Кайра айтып койгонду Кызыл канга боёду» (Саякбай Каралаев, 1. 27.) — деген саптар да жолугат. Мындан ЭК нун (жоронун) буйруу, өкүм кылуу, тапшыруу деген маанисин баамдоого болот.

ЖӨКӨР

(моңг. нөкөр — жолдош) — эпосто колдонулган мылтыктын аты. «Асынды мылтык Ак жөкөр, Очогор мылтык жонунда» (Сагымбай Орозбаков, 3. 237). Термин мылтыкка карата Ж.—«жанжолдош» деген сөздү өтмө мааниде колдонуудан пайда болгон, башкача айтканда жоокерчилик заманда курал-жарак адамдын коргонууда негизги таянычы болгондуктан, мылтык сыяктуу мыкты куралды урматтап, аздектеп өзүнүн Ж-ү — жан-жолдошу, «ак» эпитетин кошуу аркылуу ак ниет, чыныгы жан-жолдош аташы табигый көрүнүш.

Ак Ж-лөр окшогон эпостук мүнөздө берилген курал аттары «Манаста» бир топ: чотала, очогор, алмабаш, жазайыл, төө мылтык жана башкалар Мылтык аттуу куралдын Орто Азия чөйрөсүндө 16-кылымдан бери белгилүү экенин эске алганда ак Ж. сыяктуу эпосто кездешүүчү маалыматтар элдин турмуш чындыгынан алынган деп болжолдоого болот жана ок атуучу куралдар менен кыргыздардын илгертен эле тааныш болгондугунун негизинде «Манас» эпосунан орун алган.

ЖОРТУУЛЧУ

— эпизоддук кейипкер. Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Торучаарды окко учуруп, курчоодо жөө калган Манаска Кошой келип Айбанбозду бергенден кийинки урушта «Жоорукер минген» Ж. Нескаранын найзасынан өлгөнү айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 161).

ЖОШО

— эпизоддук кейипкер. Айчүрөк Семетейди издеп ак куу болуп кубулуп учуп жүрүп баатырларды сынаганында Үрбүнүн уулу Ж-ну да сынап өтөт
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 63).

ЖӨЛӨК

— топоним, кыргыз уруулары жердеген жерлердин бири. Көкөтөй өлгөндө Бокмурун Ж-төгү элге да кабар жиберет (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 54, 70). Эпостун башка эпизоддорунда да эскерилет.

ЖӨӨ ЖЕЛДЕТ

— эпизоддук кейипкер, кытай жоокери. Алооке менен Молто кан элден талап алган байлыктарды токсон беш төөгө жүктөп Бээжинге алып кетип бараткан кытай балбандарын Акбалта баштаган кыргыздар жолдон кармап алат. Балбандарын өлтүрүп, алтын-күмүш, көп дүйнөнү ажыратып алганда жалгыз Ж. ж. качып кутулуп кетет да Алоокеге кабар жеткизет (Саякбай Каралаев, 1. 32).

ЖӨӨ ЖЕЛДЕТ

— эпизоддук кейипкер, Мурадылдын угар кулак, көрөр көз балбаны. Кароол карап чыккан Ж. ж. кун кууп келген Семетейлердин тиккен чатырын, оттоп жүргөн он төрт атты көрүп Мурадылга кабарлайт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 151). Кийин Семетей Мурадыл менен согушуп жатканда кабарга бараткан Ж. ж. жолду тосуп турган Бакайдын колунан өлөт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 197—199).

ЖӨӨ ЖОМОКТОР

Эпосто тигил же бул деңгээлде жомоктук сюжет, кейипкер, жомоктук кагылышуулар менен байланышпаган кандайдыр бир эпизодду атоо кыйын. Ушунун өзү эпостун сюжетинин өзөгү тээ байыртадан жомок менен өз ара тыгыз карым-катнашта өнүккөндүгүн айгинелейт. Демек, сыйкырдуу жомок байыркы эпикалык сюжет менен тең жарыша калыптанган деп ойлоого негиз берет. Карыя Кошойго байланышкан эпикалык сюжетте жомоктук мотивдер анын аялы Аруукенин аңгемесинин негизинде өнүгөт. Калмак каны Кырмус шаага каршы аттанган күйөөсүнө Арууке анын жолу коркунучтуу экенин айтып, бөөдө кырсыкка учурабоо үчүн сак болушун эскертет, жолдо кезиге турган кырсыктар жөнүндө алдын ала айтып, этиятсыз бир дагы иш жасабоосун тапшырат (тыюу салуу жомокторго мүнөздүү белгилердин бири). Жолуңан дырдай жылаңач бала кезиксе аны карабай улам чүкө ыргытып бастырып кете бергин, ал чүкө сунса албагын дейт:

Маңгуттан өткөн жолунда
Жып-жылаңач башы бар,
Сегиз-тогуз жашы бар,
Жылаңайлак, жылаң баш,
Көйнөгү жок жылаңач... Колу тийсе чылбырга
Аты-тонуң барысы
Күйүп-жанып кетер деп...
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу 572-инв.).

Арууке андан ары Кошойго эгерде жолуңан колуна кумган кармаган жалгыз аял кезиксе кумганга колуң тийгизбе, кумганга тийсең сел жүрүп кетет, ошондуктан аялды алаксытуу үчүн ага бугу атып, тарамышын бергин дейт. Аял жана бала Кырмус шаанын кубулуп алышкан сыйкырчылары экенин айтат. Эпизоддогу окуялар Кошойдун аялы алдын ала айткандай эле өөрчүп олтурат. Башка кейипкерлерге салыштырганда жомоктук эпизоддор көбүнчө Кошойго байланыштуу айтылат, укмуштуу окуяларга Кошой көбүрөөк катышат. Ошол эле Кырмус шаага каршы жортуулунда Кошой аны өлтүрүп, кийимин кийип, тактысына олтурат; Кошойдун келиши жөнүндө кабар бере турган эң күчтүү алты сыйкырчысын өлтүрүүгө буйрук берет.

Бирок алардын жаны кара кучкач болгондуктан сууга салса чөкпөйт, отко жакса күйбөйт, ошондуктан аларды өлтүрүү үчүн адегенде кара кучкачтарды өлтүрүү керек эле. Бул сыйкырчылардын жанын алуу үчүн аларды орго салдырып, үстүнө тор салып, от жактырып коёт. Сыйкырчылардын жандары кара кучкач кейпинде ордон учуп чыгып, торго чалынганда кармап алып, баштарын жулуп салышат. Ошентип, жомоктук сюжет эпосто жанрдын бардык негизги белгилери боюнча өнүгөт, жай башталган окуялар улам чиеленишип, бир катар укмуштуу көрүнүштөр менен окуялар биринин артынан экинчиси баяндалып олтурат.

Ошентип, Кырмус шаага каршы жортуулунда Кошой душманды балбандыгы жана баатырдыгы менен гана эмес, өзүнүн аярлыгы, дуба окуп, башка нерсеге айланып кетүү өнөрүнүн жардамы менен жеңишке жетишет. Кошой Кырмус шаанын калаасына кирерде капканы кайтарган чалды өлтүрүп, анын мойнундагы Будданын бедизин көрөт. Бөтөн элдин бир да сөзүн түшүнбөгөн Кошой ал бедиздин киндигиндеги ачкычты бурар замат алардын тилин түшүнө баштайт:

Ачкычын колуна алганы,
Киндигине салганы,
Бурап-бурап ийгени
Көңүлүнө Кошойдун
(Калмактын) сөзү киргени
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв.).

Кошойдун ар кандай дөөлөр, сыйкырчылар менен укмуштуудай күрөшү, анын кубулуп турушу эпостун алгачкы, байыркы мезгилдеринде каармандардын мифтештирилген кейипкерлерге, каардуу дөөлөргө каршы күрөшүн эске салат. Кыязы мифтик кейипкерлерге каршы күрөш сыяктуу байыркы мотив бул жерде баатыр кыз менен күч сынашып, аны жеңгенден кийин ага үйлөнүү сыяктуу жомоктун кийинчерээк пайда болгон сюжеттик элементтери менен толукталып отурат. Эпосто эпикалык жомоктук сюжеттердин мифтер менен байланышы, айрыкча, жалгыз көздүү дөөгө (Сагымбай Орозбаковдун вариантында Макел дөө; Саякбай Каралаевдин вариантында Мадыкан) каршы күрөштө ачык байкалат.

Эпосто Макел дөө душмандын кара күчтөрү катары анын бейнесинде баскынчы душмандын бардык терс сапаттары чогултулган. Эпикалык баяндоодогу жомоктук сюжет жанрдын негизги фантастикалык элементтери сакталуу менен өзгөрүүгө дуушар болуп, чындыкка жакындашат. Мисалы, Маңдайында жалгыз көзү, төбөсүндө мүйүзү бар, денесин бүт түк баскан, күн күркүрөгөндөй үнү бар Макелдин өзгөчө көрүнүшү фантастикалык гиперболалаштыруу менен катар анын адамча сүйлөй алышы реалдуу сүрөттөлөт:

Байкаса адам үн өңдүү
Оозун ачып сүйлөсө
Обо жарган обосу
Күркүрөгөн күн өңдүү...
Аңдап көрсө дидары
Ажыдаар түр өңдүү
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 585-инв.).

Эпостогу фантастикалык кырдаалдар каармандардын баатырдык сапатынын кеңири ачылышына шарт түзөт. Фантастикалык күчтөрдү канчалык көбүрөөк жеңген сайын баатырдын жакшы сапаттары — каармандыгы, кыраакылыгы, эпчилдиги, эрдиги, акылдуулугу ачык көрүнө баштайт. Мисалы, Бээжинге жетип, Чоң казат башталганча Манас, анын аскери ар кандай сыноолорду баштарынан кечирет. Баатырдын кармашуучу жоосу сырттан кол салууга каршы абдан сак турат. Кароолдогу «куу өрдөк», «куу кулжа» сыяктуу сергек сакчы-кабарчылары душмандын аскерлери көрүнөр замат дароо кабар беришет.

Куу өрдөк деген өрдөк бар
Канатынын баарысын
Карк алтынга каптаган,-
Куйругунун баарысы
Зумурутка чаптаган
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 285-инв.).

Душмандын келаткандыгы жөнүндөгү кабар кулжанын мүйүзүндө жазылуу. болот. Эпосто Бээжин укмуштуу көрүнүштөр менен кубулуштарга бай өлкө катары баяндалат. Калаага кирүү үчүн кууш капчыгайга арта салынган темир тирөөчтүү сыйкырдуу темир көпүрө аркылуу өтүү керек. Көпүрөнү кайтарган көптөгөн кароолчулар, коркунучтуу жырткычтар, ажыдаар жана ар кандай сыйкырдуу сөлөкөттөрдүн бардыгы душмандын жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн коюлган. Алмамбет бул көпүрөнүн сырын билгендиктен Манас, Чубак жана Сыргакка сак болгула, менсиз көпүрөдөн өтпөгүлө деп эскертет.

Бээжин шаарынын табышмактуулугуна жана укмуштуулугуна карабастан анын сүрөттөлүшү реалдуулукка жакын — укмуштуу шаар сюжеттин өнүгүшүндө тарыхый топонимика, душмандын сан жеткистигин реалдуу баяндоо, анын адаттарын жана кулк-мүнөзүн сүрөттөө менен конкреттештирилет. «Манас» эпосунда жомоктун сюжети конкреттүү көрүнүштү дайыма толугураак жана айкыныраак ачып турат. Сюжет канчалык фантастикалуу болгону менен ал жыйынтыгында реалдуу чечилет. Манастын кырк чоросу өзүлөрүнүн каармандыгы, тапкычтыгы, кыраакылыгы менен сыйкырдуу, каардуу, бардык кара күчтөрдү жеңип чыгышат. Эпостогу жомоктук оң кейипкерлердин баатырдык сапаттарын даңазалап турат. Ошондой болсо да каарман — баатырдын баяндалышында эпос өзүнүн кульминациясына жеткенге чейин ал өз очогун коргогон жеке баатырдан уругун, уруусун, андан кийин элин коргогон элдик баатырга айланганга чейин узак жолду басып өткөн.

Р. Кыдырбаева

ЖӨӨ КУНАН ЧАБЫШ

— кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири; балдардын ат (кунан) болуп алып жарышуу оюну. Эпосто: Этке тойгон кырк бала Жөө кунан чаап бакырат, Астыга келген ал балдар Манастап ураан чакырат (Сагымбай Орозбаков, 1. 68),— деп жолугат.

ЖӨӨ КҮЛҮК

— эпизоддук кейипкер, Каңгайдын аяры. Алмамбет кытай кандары менен касташып, жеринен кетериндеги согушта Алмамбеттен найза жеген Коңурбайды чуркап жеткен Ж. к атына мингизип аман алып калат (Курама варианты, 1. 204).

ЖӨӨТ

(иранча яхот — еврей). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган элдердин бири катары эскерилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашына келген Тарса жана башкалар элдер менен катарлаш айтылып кетет:
Журттун баары чогулуп
Болжогон жерге барганы,
Тарса, жөөт, сакалат,
Аягы барып бул иштин
Ат келишке такалат
(Сагымбай Орозбаков, 3. 263).

ЖУЙКУ

— эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнүн ортосуна чагым салган казак бийлеринин бири (Курама варианты, 1. 212).

ЖУМАБАЕВ Асек

(1924, Нарын району, Байказак айылы) — кыргыз совет ырчысы.

Кыргыз ССР эл артисти (1964). Ж. «Айчүрөк» операсынан Күлчоронун партиясын аткарган. Операда Ж.— Күлчоро төрт тарабы шайма-шай, тартынбаган эр жүрөк баатырды элестет. Ж. бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын лауреаты (1955). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

ЖУМАБАЕВ Белек

(1939, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы —1977, Фрунзе шаары) — графикачы, живописчи. Ж. цинкография техникасында Саякбай Карала уулунун «Тулпарлар» (1965), «Баатырлар, айымдар» (1969) китептерин көркөмдөгөн. Эпикалык баатырлардын Аккула, Сарала, Тай тору, Алгара жана башкалар тулпарларынын сын-сыпат, образдары жогорку көркөмдүктө иштелген жана эпостун Манас, Каныкей, Бакай, Сейтек, Айчүрөк, Сайкал жана башкалар негизги каармандарынын портреттеринин галереясын түзгөн. Ж-дин чыгармачылыгы жогорку көркөм табити, чыгармачылык фантазиясынын байлыгы менен айырмаланат. Ал эпостук образдар аркылуу улуттук мүнөздү ачууга аракеттенген. Ж. «Тулпарлар» аттуу китептин жасалгасы үчүн 1965-ж. Орто Азия жана Казакстан респ-каларынын конкурсунда
1 - даражадагы, Бүткүл Союздук конкурста
2 - даражадагы диплом менен сыйланган.

ЖУМАБЕК

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашында кытайлар Аккуланын байгесин талап алып качканда Жолой Коңурбайды тосконго даярданып турсун деп аялы Кыяшка Аскардын уулу Ж-ти жиберет (Сагымбай Орозбаков, 3. 280— 281).

ЖУМАДЫЛОВ Советбек

(1932, Түп району, Тепке айылы) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1977). Улуу эпоско байланыштуу түзгөн образдарынын алгачкысы — «Сейтек» драмасы боюнча коюлган спектаклдеги Семетейдин образы.

Ж-дун аткаруусундагы Семетей чыныгы эр жүрөк баатыр гана эмес, ал — эң биринчи кезекте адамдарга Ишенген, жалпы элге таянган адилет каарман. Анын түзгөн бул образы спектаклдеги башка каармандар менен эриш-аркак жуурулушуп, аларды кандайдыр бир деңгээлде толуктап турат. Актёр мында кыргыз элинин залкар эпосундагы кайталангыс каармандын бүткүл жан дүйнөсүн көрүүчүлөргө таасын ачып бере алган. Ждун кийинки ролу — «Айкөл Манас» драмасындагы негизги каармандардын бири Бакайдын образын да актёр өзүнө таандык аткаруучулук чеберчилиги менен ачып берүүгө жетишкен. Ж. медалдар менен сыйланган.

ЖУМАКМАТОВ Асанкан

(1923, Ысык-Ата району, Кызыл-Желек айылы) — Кыргыз совет дирижёру, СССР эл артисти (1977). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972).

Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында «Айчүрөк» операсына (1948-жылдан мезгил-мезгили менен), анын кайрадан иштелген жаңы вариантына (1959), *Манас» операсына (1982) жана «Манастын кошуну» аттуу симфониялык сүрөттөмөгө (1983) дирижёрлук кылган.

Ж. эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

ЖУМАКУНОВА Гүлзура

(1954, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1988). Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн (1976). 1976 —84-ж. КСЭнин башкы редакциясында, 1984—88-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда илимий кызматкер. 1988-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу.

«Манас» эпосундагы тиричилик лексикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын (1988) жактаган. Диссертацияда эпостун турмуш-тиричиликке байланыштуу лексикасы тарыхый-салыштырма планда кеңири изилдөөгө алынган, тиркеме түрүндөгү сөздүгүндө этимологиясы да берилген. «Манас» эпосунун тилине арналган илимий макалалардын автору.

ЖУМГАЛ

(моңг. зүүн, калмакча зүн. Бирок бул сөз эки маани берет. Биринчиси — күн чыгыш, экинчиси — сол) — топоним. Кыргыздар эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Кытай-калмактар башта басып алган ата-журтун бошотуу үчүн Манас баш болуп Алтайдан аттанып чыккан кыргыздардын Үрбү, Мунаркан жетектеген колу бул өрөөндөгү калмактын Кубан калдайын багындырышкан (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.).

Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча анын баштагы аты — Буйда-Суу. Кыргыздар калмактарды багындыргандан кийин бул жер Ж. деген атка көчкөн. Бирок калмактар койгон ысым кала берген. Географиялык реалияда Нарын чөлкөмүнүн оң капшытындагы өзөн, өрчөн жана тоо кыркасы.

ЖУСУБАКУН

— керме-тоолук (КЭР) манасчы (болжол менен 1870—1920). 1916-жылкы үркүндө Какшаалга барган Сагымбай Орозбак уулу менен айтышканы (к. Айтыш) тууралуу гана дарек бар (Макелек Өмүрбай «Жусуп Мамай», «Кыргызстан Маданияты», 1988, № 41). Элдин айтымына караганда жомокчу Ж. «Манас» айтып жатып, Манас менен Коңурбайдын сайышына келгенде олтурган боюнча тулгадан секирип кетчү экен. Анын варианты жазылып алынбай калган.

ЖУСУП МАМАЙ (1 болум)

(1918, КЭР, Ак-Чий ооданы, Меркеч айылы) — манасчы, акын. Жети жашынан кат тааныган. Жомокчу Балбай (46 жашында Кашкардагы түрмөдө өлгөн) «Манас» айтып, аны кагазга түшүрүп жүргөн жана иниси Жусуптун акындык жөндөмүн байкап, өзүнүн кол жазмаларын окута баштаган; Манас айтуунун ыкмасына үйрөткөн.

Агасынан таасир алган Жусуп «Манасты» жазып чыккан, бирок, анын алгачкы варианты жоголуп кеткен. Ал мурда айткандарын жаңыртып, унуткан жерлерин эстеп, каира кагазга түшүргөн. «Манастын» Жусуп айткан варианты 1984-жылдан басмадан чыгууда. Ал «Манас» дастанын 8 муунга («Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейитим», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей») чейин айтып жаздырган. Мындан тышкары «Эр Төштүк», «Курманбек», «Толтой», «Көбөк», «Мамаке-Шопок», «Жаңыл-Мырза», «Тутан» сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билет. Ж. М. жаздырган «Манас» эпосунун биринчи китеби:

Кыргыздардын теги,
Алоокенин кыргыздарды чабышы,
Кардыгачтын туулушу,
акыптын Магдымды алышы,
Манастын төрөлүшү,
Манастын Турпанда эгин эгиши,
Жакыптын кандык алышы,
Аккулага ээ болушу,
Манастын куттуу үйүнө кайтышы,
Балта дөөгө барышы,
Акбалтанын Манаска айткан насааты,
Манас менен Дөөдүр алптын кагылышы,
Манастын Кошойго конок болушу,
Бөдөнөнү кооптон куткарышы,
Жамгырчы жана Шыгай менен көрүшкөнү,
Кырк душмандын кырылышы,
Манастын каруу-жарактарынын жасалышы,
Аколпокту алып келүү,
Кырк чоронун куралышы,
Жаш Манастын Көңтөйдү сайышы,
Элге акыл-насаат айтышы,
Жеңиштен кийинки той,
Манасты кан шайлоо

ЖУСУП МАМАЙ (2 болум)

Манастын качкан калмакты кубалап Шоорукка барганы жана аны жеңип, кызы Накылайды алышы сыяктуу окуяларды камтыйт. Бул окуяларда кылымдардан ооздон оозго өтүп айтылып келе жаткан сюжеттик салттык нук бузулбастан сакталган. Башка манасчылар сыяктуу эле Ж. М. да чыгармачыл дареметине жараша эпоско алымча-кошумчаларын киргизип, өз алдынча талкуулоого аракеттенген.

Манастын ата-бабалары жөнүндөгү окуя анын айтуусунда өз алдынча болуу менен башка манасчылардын варианттарынан айырмаланып, кыргыздардын таралышы Эне-Сайдан башталат. Кыргыз эли Эне-Сайда турганда аларды кан Мамай деген бийлеген. «Манас» эпосунда салттык түрдө туруктуу айтылып жүргөн кандардан Бөйөн кан, Чаян кан, Кара кан жана Орозду кандын ысымдары эскерилет. Бул кандардын тушунда сырткы душман дит багып кол салган эмес. Башка варианттарда Ногой өлгөндөн кийин калмактар кол салып кыргыздарды туш тарапка айдаса, Ж. М-дын вариантында Орозду кан өлгөндөн кийин Алооке кол салат.

Мамай кандан Бөдөнө, Бөдөнөдөн Бөйөн кан, Чаян кан, андан Кара кандын тукумдары тарайт. Ал эми Каракандан тартып Орозду кандын тукумдары башталат. Орозду кандын «беш уз» аталган беш аялы болот. Ороздунун улуу аялынан Жакып менен Шыгай, экинчисинен Катаган менен Каткалаң, үчүнчүсүнөн Балта менен Жамгырчы, төртүнчүсүнөн Касиет менен Калкан, бешинчисинен Текечи менен Кызалтай төрөлөт. Жакыптын Ороздунун баласы экендиги ала-тоолук манасчылардын варианттарынын бирөөндө да эскерилбейт, тескерисинче, Жакып менен Орозду Ногойдун балдары болуп тууган чыгат. Ж. М-да Жакып Ороздунун улуу баласы болуп айтылат. Манастын аталарынын таралышындагы ысымдарынын жакын аталыштарында айырмачылык чыгып, башка варианттардан өзгөчөлөнүп турат.

ЖУСУП МАМАЙ (3 болум)

Алооке кандын кыргыздарды чабышы жана туш-тушка айдап жибериши бардык эле манасчыларда негизинен бирдей эле айтылат. Бирок, Ж. М-дын айтуусунда Ороздунун он уулу калмак байларына таркатылып берилет да (мисалы, Жакыпты Ногойго, Акбалтаны Нойгутка, Жамгырчыны Эштекке) алар ошолордун ысмы менен Ногой эли, Нойгут эли, Эштек эли аталып калышкан. Жамгырчы Ж. М-да ала-тоолук Ороздунун он баласынын бири болсо, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Эштек Манастын таятасы катары эскерилип, Жамгырчы анын баласы делет. Жакыптын атасы Ногой, Акбалтанын атасы Нойгут болуп айтылат. Ушундай айырмачылыктарга карабастан, кайсы гана варианттарда болбосун Акбалта, Жамгырчы, Орозду — эпостогу туруктуу айтылып келген кейипкерлерден жана Манастын жакын туугандары менен жан-жөкөрлөрү катары эскерилет.

Кытайлар Манасты туула элегинде эле издегендиги Саякбай Каралаевдин варианты ндагыдай эле Ж. М-да да кеңири баяндагандыгы бул мотив бир гана манасчыга таандык өзгөчөлүк болбостон, башынан бери айтылып келе жаткан салттык окуя экендигин айгинелеп турат. Ж. М-дын вариантында Манастын төрөлө тургандыгын Акбалта:

Туулчу бала белгисин,
Элибизге тарат деп,
Эркек бала туулса,
Алаканын карат деп.
Баланын ал туулган,
Бир уучунда кан болот,
Бир уучунда май болот.
Алакандын бүлтөктө,
Көпкөнсүгөн төмпөктө,
Манас аты жазылуу,
Аппак мөөр басылуу
(Жусуп Мамайдын варианты, 1. 33),

— деп элге айтып жүрөт.

ЖУСУП МАМАЙ (4 болум)

Калмактар да Манастын туула тургандыгын бал китептен окуп, төлгөсүн тартып билишет. Ошондуктан Чыңгыш кандын буйругу боюнча кош бойлуу аялдардын баарынын кардын жардырып, ар бир айылга «бир уучунда кан, бир уучунда май, алаканында Манас аты жазылуу, ак мөөрү басылуу» бала туулса алып келесиң деп бирден кечил коюлат. Жакып элдеги сөз боюнча, аялы Чыйырдыны токойго мурду жырык уй берип жаман кара үй тигип, жалгыз таштап кетет. Бул ырым-жырымды Жакып эки жолу кайталайт. Чыйырды биринчисинде кыз (Кардыгач), экинчисинде эркек (Манас) төрөйт. «Манас» эпосунда салт катары кеңири сакталган мотивдердин бири Манас төрөлө элегинде эле белги-жышаана Жакыпка, башка адамдарга көрүнүшү же бала жөнүндө сырлуу добуш угулушу Чыйырдыга тамак жеткирген баланын көргөндөрү аркылуу баяндалат:

Бара жатса элеңдеп,
Топ-топ жүргөн кырк бала,
Көрүндү алды жагында.
Бар экен деп адамзат,
Куюлду кубат канына,
Жеңине байлап желени,
Чертмек ийип жаткан бар.
Кыргоол уулап кармаган,
Ойноп жүргөн дагы бар.
Өрдөк, казга куш салган,
Кезигип калды кырк арстан.
Бир сабакта алмадай,
Беттери кызыл анардай.
Күлгөнү сонун тамылжып,
Көзгө сүйкүм, гүл чырай
(Жусуп Мамайдын варианты, 1. 61).

Манас жөнүндөгү сөздү токтотуу үчүн Жакып ал баланы азоо байталга таңып, токойго айдап жиберип жок кылат. Акырында баланын энеси Магдымды Жакып аялдыкка алат да, Манас жөнүндөгү сөз, чыр токтолот. Жакыпка тийгенден кийин Магдым Серек, Сыргак аттуу эки бала төрөйт. Эгерде башка варианттарда түш көргөндөн кийин гана Чыйырды кош бойлуу болсо, Ж. М-дын вариантында ырым-жырым жөрөлгөлөрү аркылуу турмушка жакын окуяларга байланыштырып, башкы каармандын дүйнөгө келишине шарт түзүлгөн. Ошондой эле катышкан каармандардын ар түрдүүлүгү менен бирдейлиги окуянын жүрүшүндө жана чечилишинде ар биринин аткарган милдети да эпикалык салтты бузбастан, өз шарты менен берилген.

Мында Чыйырдыны Акбалта колго түшүрүп келип Жакыпка тартууга берет, Сагымбай Орозбаковдун вариантындагудай Чыйырды Жакыптын агасынын аялы болгондугу эч жерде эскерилбейт. Ошондой эле Жакыптын экинчи аялы Магдым жөнүндө маалымат колдо турган варианттардын эч биринде учурабайт. Серек менен Сыргак да Жакыптан кичи аялынан төрөлгөн балдары эмес, жакын аталаш туугандары катары баяндалат. Манастын укмуштуудай төрөлүшүн мотивдештирүүдө бардык манасчыларда салттык окуянын шарты бузулбастан баяндалат. Бирок, баланын баатырдык касиети, укмуштуудай жаралгандыгын баса көрсөтүүдө ар биринин өзүнчө бөтөнчөлүктөрү бар. Бул вариантта деле Чыйырды жолборстун жүрөгүнө, Зымырык куштун көз майына, шердин тилине талгак болот. Айтылган шарттын көпчүлүгүн Акбалта аткарып, Чыйырдынын талгагы канат. Чыйырды тогуз ай көтөрүп, он беш күн толготот; боюнан бошонгондо жерге баркырап ыйлаган бала эмес эле бир көк чаар тулум түшөт. Айылдагы төрөлгөн балдарды кароого коюлган кечилди чакыртып келип, тулумду көрсөтүшкөндө ал жүрөгү айланып чыга качат. Көк тулумдун сырын ачуу үчүн Жакып Акбалтага киши чаптырып, тез алдырат да, ырым-жырымын жасашып, тулумду жарганда баланын баркыраган үнү угулат. Ымыркайдын көрүнүшү:

Тулумду Балта жарганы,
Ичинен чыкты эр бала,
Тогуз жашар карааны.
Жакшыраак дагы көрүүгө,
Эңкейип колун карады.
Оң колунда майы бар,
Сол колунда каны бар.
Бүткүл дүйнө кылымды,
Кыйратчуудай жайы бар.
Келбетин көрсө баланын
Кере карыш ак маңдай,
Таңданып эл калгандай.
Кош жанары чолпондой,
Жаркырап шам жангандай.
Кең далысы керилет,
Тоотпой уктап жаткандай
Нурданып жүзү келишкен,
Агарып таң аткандай.
Баркыраган үнүнөн,
Айбанат үрктү дүркүрөп
(Жусуп Мамайдын варианты, 1. 106).

ЖУСУП МАМАЙ (5 болум)

Манасты сактап калуу үчүн Акбалтанын кеңеши менен көк тулумга жаңы туулган эки күчүктү салат да кечилди чакыртып келип, жарып көрсөтүшөт. Кечил кеткенден кийин Акбалта, Жакып баш болгон эл баланы алдырып, анын алаканындагы «Манас» деп басылган мөөрдү окуп көрүшөт. Эл кеңешип,
Манас атын которуп «Чоң жинди» деп ат коюшат. Манастын колундагы белгиси ошол замат жок болуп кетет. Жусуп Мамайдын вариантындагыдай баланын тулум төрөлүшү башка манасчыларда кездешпейт, ал эми май менен кан уучтап түшкөнү айрым варианттарда учурайт.

Ошондой эле Манастын аты өзгөртүлүп «Чоң жинди» аталышы Ж. М-да да, Саякбай Карала уулунда да учурагандыгынын өзү эле «Манас» эпосунун сюжетинин туруктуу экендигине күбө. «Манас» эпосундагы Манастын жоо кийимдерине, курал-жарактарына, согушка минчү атына байланыштуу сүрөттөөлөр, кырк чоронун куралышы, алгачкы беттешүүлөргө байланыштуу салттык окуялар да Жусуп Мамайдын вариантында кеңири сүрөттөлөт. Курал-жарак даярдоо орчундуу маселе катары өзүнчө чоң эпизод болуп баяндалган. Мында Акбалта, Кошой, Жамгырчы, Шыгай жана Бөлөкбай уста балдары менен башкы милдетти аткарышат. Ошондой эле Аколпокту Каныкей даярдабастан, Каныкейдин энеси жасап, Каракандан Буудайык сураттырып алат. Кырк чоронун Манастын тегерегине топтолуш-унун да өзүнчө шарты бар.

«Манас» эпосунун экинчи бөлүмү «Семетей» эпосунун биринчи китебине Жомок башы деп тема берилет да, Манастын өлүмү, күмбөздүн тургузулушу баяндалып, Абыке менен Көбөштүн Каныкейди чабышы, Каныкейдин Семетейди алып качышы, Семетейдин балалык чагы, Каныкейдин насааты, Семетейдин Таласка барышы, Семетейдин Абыке менен Көбөшкө кезигиши, Семетейдин Тайбуурулду табышы, Семетейдин Чачыкейди алышы, Кырк чоронун кырылышы, Күлчоро менен Канчоронун аңгемеси, Чынкожо менен Толтойдун Акунканга кол салышы, Айчүрөктүн ак куу болуп учушу, Семетейди сындашы, Акшумкарды алып качышы, Семетейдин Айчүрөктү издеп жөнөшү, Айчүрөктүн Семетейди тосуп чыгышы, Күлчоронун кайгуулга барышы, Семетейдин Үргөнчтү кечиши, Семетей менен Айчүрөктүн тою окуяларын камтыйт.

ЖУСУП МАМАЙ (6 болум)

Биринчи китептин сюжеттик өзөгүндө айрым окуялар бир тематикалык бирдикке топтоштурулуп, окуянын фабуласын ачууга аракеттенген. Семетейдин Букарага качышы менен анын бой жетип, өз эл-жерине келгени, Айчүрөккө үйлөнгөнгө чейинки салттык окуялар ырааты бузулбастан берилген. Салттык окуялардын туруктуулугуна карабастан, Жусуп Мамайдын вариантынын өзүнө таандык өзгөчөлүгү, окуялардын мотивдештирилиши, деталдык көрүнүштөрдүн берилиши, окуялардын талкууланышы аны башка варианттардан бөлүп турат. Бул вариантта Манастын төрөлүшүнөн тартып, өлүшү, күмбөз тургузуу жөнүндөгү окуяны эпостун чени менен кеңири бере албаса да, анын башкы мотивине гана кайрылып, ток этер жерин угуучуга жеткирген. Мунун да өзүнчө жөнү бар. Манастын өлүмү менен эпос аяктайт.

Манасчы экинчи бөлүмгө өтүүдөн мурун угуучуну өткөн окуя менен тааныштыруу иретинде кыскача гана кабар берет да, анан негизги сюжетке өтүп кетет. Мына ушул ыкма манасчылардын көпчүлүгүнүн чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Дагы бир айырмачылык Манастын сөөгү Эчкилүүнүн тоосунда эмес, Кайнардын Кара суусуна коюлгандыгын айтат. Семетейди Абыке менен Көбөштөн аман сактап калуу мотивинде да айырма бар. Башка варианттарда Семетейдин ордуна бешикке күңдүн баласы бөлөнсө, бул вариантта Сарытаз Семетейди алып кетет. Бош бешикти Абыке менен Көбөш эңип алып, сууга ыргытып жиберишет да, Семетейден кутулдук деп кетип калышат. Сарытаз Бакайдын кеңеши боюнча Семетейдин артынан барып, Букарда соодагердик кылып, Семетей он экиге келгенде эли, жери жөнүндө кабарлайт.

Экөөнүн бетме-бет кездешүүсү башка варианттар менен үндөшүп турат. Семетейдин Таласка келиши, чоң атасы Жакып, агалары Абыке менен Көбөшкө кезигишип, Чачыкейге үйлөнүшү, Айчүрөккө байланыштуу айтылган окуялардын берилиши, Айчүрөк менен Семетейдин тою сыяктуу окуялардын сүрөттөлүшүндө айрым бир көрүнүштөр, окуялардын жүрүшү, деталдык жагдайлар боюнча башка варианттардан өзгөчөлөнүп турат. Жусуп Мамайдын вариантында окуялардын берилүү тартиби, баяндоо ыкмалары боюнча өз алдынча вариант экендигин баса көрсөтүп турат.

Ошондой эле жер-суунун аттарында жана образдар системасында айырмачылыктар бар. Көркөмдүк жагы да башка варианттардан кем калышпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү башка варианттардагы баатырдыкты даңазалоочу эпикалык пафос толук сакталбаса да берилип, турмуштук окуялар басымдуу айтылат. Жалпысынан алганда Жусуп Мамайдын варианты «Манас» эпосунун окуяларынын берилиши, образ системасынын курулушу, көркөмдүгү бөтөнчөлүккө ээ дагы бир варианты болуп эсептелет.

К. Кырбашев

ЖУУЧУ

— кызга куда түшүүгө ата-энесинин макулдугун алуу үчүн күйөө тараптан жиберилген атайын өкүл. Ж-га көбүнчө эркек адамдар барган, алар сөзсүз түрдө үйлөнө турган жигиттин өз атасы же эң жакын туугандары болушу керек. Кыргыз элинде Ж-ларды дайындоодо өтө кылдат мамиле кылышкан. Алардын сабында сөзсүз түрдө акылга дыйкан, сөзгө чечен, актаңдай, шайыр адамдар боло турган. Алар куда түшүп барган жеринде ар кандай күтүүсүз кырдаалдардан жол таап, сөз таап кете алган. Эпосто да Жакып Санирабиганын атасы Атемир жана анын увазирлеринин какшык, кемсинтүү максатында айтылган сөздөрүнө курч, таамай жооп берип келечек кудаларынын купулуна толот. Кыргыз жана ошондой эле чыгыштын көптөгөн элдеринде Ж-га өзгөчө мамиле кылышкан. Кызын берүүгө макул болушпаса да Ж-ну урмат-сый менен узатышкан. Ушуга байланыштуу кыргыз элинде «элчи менен жуучуга өлүм жок» деген ылакап сөз бар. Кыздын атасы кызын берүүгө макул болгон учурда калыңы бычылып, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнүн күн тартиби, ирети макулдашылат. Кулдук уруу иретинде ала келген белек-бечкеги кыздын атасынын алдына тартылат: Эпосто да Жакып Атемирге жамбы, ай туяктарды кудалык пул деп берет. Кыздын атасы Ж-ларды жөн узатпастан кийит кийгизет. Ушундан баштап эки тарап тең тойго камдана башташат. Ж. адам эки башка бүлөнү, урукту, тайпаны, ал эми кээ бир убактарда элдерди да бири-бирине куда-сөөк кылган.

ЖУСУПОВ Кеңеш

(1937, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — жазуучу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1974). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1961). Нарында облусунда «Нарын правдасы» газетасында (1961 — 63), Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы басма бетинде Мамлекеттик сырды сактоо башкармасында (1964—66), «Кыргызстан» басмасында (1966—68), «Кыргызфильм» киностудиясында (1968—73) иштеген. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер (1978—82), 1987-жылдан башкы редактор. Үчилтиктин биринчи бөлүгүн —«Манас» эпосунун кара сөз нускасын жазган (к. «Манас» кара сөздө).

ЖҮГӨРҮ Назар уулу

(болжол менен 1864— 1941) — семетейчи. Назар Манасчынын уулу. Эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүн айткан жомокчу болгон. Ал жөнүндө замандашы Беки уулу Жолочу буларды эскерет: «Жүгөрү согуш башталган жылы 77 жаш чамасында өлдү. Жүгөрүнү да Совет мезгилинин алгачкы жылдары тиешелүү мекемелер «Манас» айттырууга чакыртса өзүнүн карылыгын шылтоо кылып барган эмес экен. Ал эпостун «Семетейин» толук айтчу. Сейтектин төрөлүшү, кайра элине келишин да Жүгөрү айтчу. Ошондуктан эл аны семетейчи-жомокчу деше турган» (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 1-б,).

ЖҮГӨРҮ

— эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп келаткан Манастын кошунун көргөн Ж. Кейип шаарын чапканы келаткан кол деп ойлоп, Атемирге кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 392).

ЖҮГӨРҮ

— эпизоддук кейипкер, Котон шаарынын балбаны. Бокмурун ашка чакыртып (Саякбай Каралаев, 2. 14), биринчилерден болуп ашка келгени айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 19).

ЖҮГӨРҮ

— эпизоддук кейипкер. Тейиш кандын тоюнан кийин Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн Манастын колунун ичинде аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2.69), кийин Көкөтөйдүн ашына келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 105).

ЖҮГӨРҮ

— эпизоддук кейипкер. Каракан өлүп эл чабылганда Кошой менен бирге жүрүп, Алптын уулу Ж-нүн кытайлар менен согушта өлгөнүн Кошой Манаска айтат (Саякбай Каралаев, 1. 114).

ЖҮГҮРҮКТҮН ЖҮГӨН-ТАШ

— топоним. Эпос боюнча кыргыз уруулары мекендеген жер. Чоң казатка даярданганда айтылып (Сагымбай Орозбаков, 4. 63), Бээжинге жөнөгөн кол Ж. Ж.-Т. аркылуу өткөнү белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 4. 130).

ЖҮЗ БАШЫ

— түрк-моңгол элдеринде байыртан бери келе жаткан аскердик чин. Бул элдерде жоокерлерди онго, жүзгө, миңге, он миңге (түмөн) бөлүп, ар бир бөлүккө өзүнчө аскер башкаруучу коюлган. Кыргыздарда да жүз адамдан турган аскер бөлүгүн башкарган киши Жана башкалар деп аталат. «Манас» эпосунда Ж. б-нын милдети, максаты ачык көрүнөт.

Алмамбетти кан көтөрүп, аскерди башкаруу ага тапшырылганда, аскерди тартипке келтириш үчүн он башы, миң башы жана башкалар даражаларын шайлайт. «Жүзүн санап алганы Жүз адамга бир адам Жүз башы коюп салганы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 124). Эпосто Ж. 6. аскердик тартипти чыңдоодо мааниси чоң экендигин ырастап турат:

Ушу болгон жүз башы,
Жүзүңдү жуур көз жашы,
Жүздөн бир жоголсо,
Жүдөп жолдо токтолсо,
Кашык тамбас каныңдан
Үз үмүтүң жаныңдан
(Сагымбай Орозбаков, 4. 126).

ЖҮЗГӨН

— эпизоддук кейипкер. Каманбектин атасы экендиги гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 216).

ЖҮЙҮРМӨНҮН КАРА-САЗ

— топоним, эпос боюнча кыргыз уруулары мекендеген жер. Чоң казатка көрүлгөн даярдыкта айтылып (Сагымбай Орозбаков, 4. 63), Манастын колу Бээжинге аттанганда Ж. К.-С-ын басып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 4. 130).

ЖЫГА

—1) кандык белги — таажы сайылуу тебетей; 2) эң жогорку даражаны көргөзө турган кооз жана сымбаттуу жасалган атайын белги; 3) баш кийимге кооздук үчүн тагылган куштун куйрук же канат жүндөрү; 4) шөкүлө. «Манаста» Ж. кандык даражаны көрсөтө турган белгиси бар баш кийим маанисинде колдонулат: «Кан таажысы ушу деп Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 1. 290).

Мөөрдүк белгини билдирген учурлар да кездешет. Ж-луу мөөр ар бир кандыкка энчилүү мөөр. Жети кан куралып Манаска каршы келгенде, алардын Бээжинге казаттап барууга макулдугун алып, кат жаздырып, ар биринин мөөрүн бастырганы эпосто: «Жыйып алып кандардын Жыгалуу мөөрүн бастырды» (Сагымбай Орозбаков, 4. 59).— деп айтылат.

ЖЫГАЛУУ БӨРК

(иранча «жыга» — куштун таажысы; аялдардын баш кийимине сайыла турган топ үкү, канат) — асыл таш менен асемдеген үкүсү бар тебетей, баш кийим; кандын таажысы. «Манас» эпосунда: «Кан таажысы ушу деп Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 1. 290),— деп айтылат.

ЖЫГАЧ

— Орто Азия элдеринде колдонулуп келген аралык өлчөмү. Бабурдун жазгандары боюнча бир жыгач 10—11 км аралыкка туура келген. Ал Анжыян менен Оштун ортосу төрт жыгач деп жазган. Бул шаарлардын аралыгы азыр 45 км деп белгиленет. Эпосто да аралык өлчөмү маанисинде учурайт.

ЖЫЗАК

— топоним. Эпос боюнча кыргыз уруулары жашаган жер. Манас төрөлгөндөгү тойго (Сагымбай Орозбаков, 1. 75), Көкөтөйдүн ашына (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 78) Ж-тын эли чакырылып, Жакып кыз издеп Каныкейге жуучу түшөрүндө Ж-ты да аралап өтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 350). Географиялык реалияда Өзбекстандагы Ж. облустук, шаары жайгашкан аймак.

ЖЫЛАҢАЧ

— топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйгө аш бергени Ташкенден Каркырага көчүп бараткан Бокмурун Ж-ка жылкысын өргүтүп өтөт. Географиялык реалияда Алматы облусундагы аймак, тоо (Челек дарыясынын боюнда).

ЖЫЛАҢАЧ-БУГУ-ТООСУ

— топоним. Көзкамандардан ууланган Манасты Каныкей качырып келип айыктырган жер. Манастын сөөгүн Каныкей Эчкиликтин-Кара Зоосуна коюлду деп айттырып, чындыгында Ж.-БТ-на койдурган деген уламыш бар. М. Мусулманкуловдун вариантында Манастын сөөгү коюлган жай Ж.Б-Т-сунда делет. Географиялык реалияда Ж.-Б-Т. Тогуз-Торо районунун түндүк жагындагы Молдо-Тоонун уландысы. Жергиликтүү эл Ж.-Б-Т-н ыйык тутат.

ЖЫЛГЫНДЫ

— топоним. Манас ата мекени Ала-Тоону душмандан бошото баштаганда Чүйдү бийлеп турган Акунбешим «Он беш жүз миң кол жыйнап, Жылгындуунун талаага» (Сагымбай Орозбаков, 2. 129) ага каршы даярданат. Ж.— азыркы Токмок шаары турган жер жана анын тегереги.

ЖЫЛКЫ ТИЙҮҮ

— мал чарбачылык менен тиричилик өткөрүп келген көчмөн түрк, моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун сюжеттик курулушунда туруктуу колдонулган типтүү учурлардын бири. Ж. т. эпостун согуштук эпизоддорунун өнүгүшү үчүн олуттуу роль ойнойт.

Душман тараптын жылкысын тийип айдап жөнөшү — негизги согуштук окуянын башталышына шарт түзүп, эки тараптын колунун (аскеринин) беттешүүсүнө себеп болот. Мисалы, «Чоң казат» эпизодундагы Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барып, Ажыбайдын Карткүрөңүн калмак-кытайлардын жылкысына кошуп жиберип, айдап жөнөшү бардык вариантта салттык түрдө айтылат. Жылкынын артынан душмандар кууп келип согуш болот, эки тараптын колдору беттешип кытайлар жеңилет.

Ушундай эле Алмамбет Көкчөгө келгенден кийин ар кайсы элдерден жылкы тийип келип, Көкчөнү байытат. Айрым варианттарда (Радлов, Түштүк Кыргызстан) Алмамбет тарынып Көкчөдөн кеткен соң, Манасты ээрчитип барып анын жылкысын тиет жана башкалар Жамаатташ жашаган элдер, уруулар бир-биринин жылкысын тийип алуу — аталык-феодалдык көчмөн коомдун шартында учуроочу салттык кадыресе көрүнүш болгон.

Э. Абдылдаев

ЖЫЛ СҮРҮҮ

— мүчөлдүн жылдары боюнча кишинин канча жашта экендигин, кайсы жылы туулгандыгын, белгилүү бир окуянын качан болгондугун аныктоо, эсептөө. Жылдар айбанаттардын аты менен аталып, акыркысы бүткөндөн кийин кайра баштан эсептеле берет жана он экиси бир мүчөлдү түзөт. Ж. с. төмөнкү тартипте эсептелет: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз. Ж. с. түрк элдеринде 6—8-кылымда эле белгилүү болгон. Эпосто Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга жолугат. Өзүнүн Семетей экендигин билгизбей аны сынап турганда Бакай жылды эсептеп Семетейдин келер жылы быйыл экендигин, аны күтүп жүргөндүгүн айтат:

Жыл эсебин алайын,
Эми жылды катка салайын,
Ал эле чычкан, ал эле уй,
Ал эле жылкы, а да барс
Ал эле коён, ал жылан,
Ал эле тоок, ал улуу,
Ал эле мечин, а да кой,
Ал эле доңуз, ал эле ит,
Айкөлдөн калган кулунум,
Өлбөй жүрсө Семетей
Быйыл он экиге толгон кез
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 230).

Ж. с. кыргыздарда байыртадан эле колдонулгандыгын баамдоого болот, к. Мүчөл.

Ы. Кадыров

ЖЫЛДЫЗ

— топоним, көп варианттарда кезигет. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнүндө «Баштап кыпчак кыргызды, Басып өтүп Жылдызды» (Сагымбай Орозбаков, 2. 160), Үрбүнүн колу андан өткөнү айтылат. Географиялык реалия катары Ж. (Юлдус, йулдуз) Синьцзяндагы суу, ойдуң (Чоң жана Кичи Ж.) Чыгыш Тянь-Шань тоо түркүмүндө жайгашкан.

ЖЫЛУУ-СУУ

— топоним, Орго канды жеңгенден кийин Манастын колу өргүп жаткан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 92). Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн күн чыгышындагы Аксуу - Арашан аймагы.

ЖЫҢ

(кыт.) — чен бирдиги. Бир Ж. 560 гга барабар. Эпостун кийин жазылган негизги варианттарында айтылат: «Кырк жың алтын бул алып, Алты атанга жамбы алып, Амбалды тосуп камданып» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1790-инв., 244-б.).

ЖЫРАНТЫ

— топоним. Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө «Жыранты менен Аңырты, Жык толтуруп жайнатып, Жылдырып жылкы айдатып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 158) басып өткөн жерлердин бири.

ЖЫРГАЛАҢ

— топоним. Орго канды жеңгенден кийин Манастын колу өргүгөн жердеги өзөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 92). Географиялык реалияда Ысык-Көл кылаасындагы азыркы Жыргалаң суусу.

ЖЫРЫНТА

(моңг. жирн, жирен — алтымыш) — эпизоддук кейипкер, калмактын малчы чалы. Козу издеп жүрүп талаада козу кайтарып жүргөн Манас баш болгон кыргыз балдарга жолугат. Манас анын от тутантып алганга оттугун сураса балдарды киши ордуна көрбөй, оройлук кылып тилдеп оттугун бербей коёт. Ачуусу келген Манас Ж-ны атынан оодарып, оттугун кисеси менен кошо тартып алат (Саякбай Каралаев, 1. 66).