ЗАБАР - КАЙКЫБОЗ
- ЗАБАР
- ЗАКЫМ
- ЗАМБИРЕК
- ЗАМЗАМ
- ЗАРАПШАН
- ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович
- ЗЕНГИ БАБА
- ЗЕРГЕР
- ЗООНИМДЕР
- ЗООМОРФТУК ОБРАЗ
- ЗИЛЗАЛА
- 3ООЛУ
- ЗУБУН
- ЗУЛПУКОР 1
- ЗУЛПУКОР 2
- ЗУЛПУКОР 3
- ЗУЛПУКОР КҮМБӨЗҮ
- ЗУМУРУТ
- ЗУУРА
- ЗЫМЫН
- ЗЫМЫРЫК
- ЗЫЯНДАШ
- ИБИЛИС
- ИБРАЕВ Бообек
- ИВГИН ХАЙРЕТДИН
- ИБРАИМОВ Кубат
- ИЗАТ
- ИДЕАЛДАШТЫРУУ 1
- ИДЕАЛДАШТЫРУУ 2
- ИДЕАЛДАШТЫРУУ 3
- ИДЕАЛДАШТЫРУУ 4
- ИДЕАЛДАШТЫРУУ 5
- ИДЕЯ 1
- ИДЕЯ 2
- ИДЕЯ 3
- ИДЕЯ 4
- ИДИЛЛИЯ 1
- ИДИЛЛИЯ 2
- ИЛЕ
- ИЛЕБИН
- ИЛЕПСИ
- ИЛИЙ БИЧИК
- ИЛЬИНА Лидия Александровна
- ИЛЯС
- ИМАЛАЙ
- ИМАНГАЗЫ Исагул уулу
- ИНДИ
- ИСПАРА
- ИНДУСТАН
- ИТ-КЕЧПЕСТИН КАРА-СУУ
- ИНТОНАЦИЯ 1
- ИНТОНАЦИЯ 2
- ИНТОНАЦИЯ 3
- ИНТОНАЦИЯ 4
- ИРОНИЯ
- ИСАКОВ Бектур Сыдыкович
- ИСАМУТДИНОВ Зухритдин Низамутдинович
- ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙН
- ИСЛАМ 1
- ИСЛАМ 2
- ИСЛАМ 3
- ИСЛАМ 4
- ИСТОРИЗМДЕР
- ИТ-КЕЧҮҮ
- ИСХАКОВ Мелис
- ЙАМГУРЧИ
- ИТААЛЫ 1
- ИТААЛЫ 2
- ИТААЛЫ 3
- ИТААЛЫ 4
- ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ - 1
- ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ - 2
- ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ - 3
- ИТ-ИЧПЕСТИН АЛА-КӨЛ
- ИТ-КЫЯ
- ИТ-ӨЛБӨС
- ИТ-ӨЛӨР
- ИТ-ТОРПУ
- ИЧТЕН ТУЮНТУУ
- ИШЕНОВ Сагынбек
- КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 1
- КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 2
- КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 3
- КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 4
- КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 5
- КААПЫР
- КААР АЯР
- КААРМАНДЫК 1
- КААРМАНДЫК 2
- КААРМАНДЫК 3
- КААРМАНДЫК 4
- КАБА Атабек уулу
- КАБАЙ
- КАБАК
- КАБАКАРТ
- КАБАНДАР
- КАБАРТ
- КАБИЛ-КАБУЛ
- КАБЫКЕ
- КАБЫЛ
- КАДООБАЙ
- КАДЫРБАЙ
- КАДЫРСЕЙИТ
- КАЖЫРТЫ
- КАЗАТ
- КАЗГАРА
- КАЗ МОЮЛ
- КАЗЫ-КУРТ
- КАЙБЕРЕН 1
- КАЙБЕРЕН 2
- КАЙБЕРЕН 3
- КАЙГЫЛ
- КАЙКЫБОЗ
ЗАБАР
(иранча зар, зер, зээр) — эпосто алтын деген сөздүн синоними катары колдонулат: «Сары алтындай бой кылып, Забар зерден кол кылып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 158).
ЗАКЫМ
— топоним. Көкөтөйдүн ашындагы байгеге чабылган аттар басып өткөн жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).
ЗАМБИРЕК
— алыска атуучу артиллериялык курал. «Манас» эпосунда аскердик курал катарында эскерилет, к. Үркөрбоо.
ЗАМЗАМ
(арабча земзем) — Мекедеги Кабанын жанындагы ыйык булак. Булактын дарылык касиети бар деп эсептелинет. Ажыга баргандар көп учурда замзамия деген атайын идишке ал дары сууну куюп өз жерине ала кетет. «Манаста» ошол ыйык сууга өлгөн адамдын сөөгүн жууйт. Мисалы, Көкөтөй өлгөндө:
Сарбап менен буудуруп,
Замзам менен жуудуруп,
Чарайнага чаптатып,
Шайингиге каптатып
(Сагымбай Орозбаков, 3. 11)
— туруп койгондугу айтылат.
ЗАРАПШАН
— топоним. Эпостун айрым эпизоддорунда тажик эли менен болгон мамилелерге байланыштуу айтылат. Географиялык реалияда 3.— Тажикстан менен Өзбекстандын аймагынан агып өтүүчү дарыя.
ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович
(1869, Волхов шаары—1936, Москва) — музыка изилдөөчү, этнограф жана композитор. Казак ССРинин эл артисти (1923), Кыргыз ССРинин эл артисти (1925). Казак, Орто Азия, Сибирь элдеринин обондорун, күүлөрүн жыйноочу. 3. 1928-ж. Кыргызстанга келип, атактуу комузчулардын аткаруусундагы обондорду, күүлөрдү жазып алат.
Жыйнаган обон, күүлөрдүн ичинде Токтобек Багишевден «Манастын», Субанкул Жыйнакта кайсы күү, обон кандай аткарылып, айтыларын, кимден жазылганы, анын шыгын билдирген илимий мүнөздөгү кыскача түшүндүрмө да берилген. Алардын обондорун төкмөлүк ырааттуулук менен айтылышын, угумдуулугун өзгөчө бөтөнчөлүгүнө ой жүргүзөт. 3. музыка изилдөөчүлөрдүн ичинен биринчи жолу «Манас» эпосунун обонун нотага түшүрөт.
ЗЕНГИ БАБА
— элдин ишениминде уйдун колдоочу пири, ээси. Диний түшүнүктө 3. б. жылоологон адамдын уюнун тукуму көбөйүп, бай болот. Эпостун негизги варианттарындагы жай турмуш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн окуяларда 3. б. жөнүндө эскерилет. Көкөтөйдүн ашында анын төрт түлүк малынын эпсиз көп экендиги саналып өткөндө «Сыр боюнда салдырган, Заңги баба мал экен, Эсеп кылса уйлары, Эки жүз миң бар экен» деп айтылат. Ошондой эле «Манас» эпосунун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү окуяларда да 3. б. жөнүндө эскерилет.
Юсуповдон «Семетейдин» обонун, Актан Тыныбек уулунан «Семетей күү» жазылып, «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обону» деген ат менен 1934-ж. Москвадан жарык көргөн.
ЗЕРГЕР
(заргер) — алтын, күмүштөн түрдүү буюмдарды жасаган чебер уста. «Эр кадырын эл билет, Зергер кадырын зергер билет» (макал). Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер, жез, мис, датчалбас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек, билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек, искек, бой тумар, оймок, топчу, чолчу, күбөк, кемер, кыргак, чачкеп; үй эмеректери: алабакан, такта, жагдан, сандык; ашкана буюмдары: чыны куту, көөкөр, үкөк; ат жабдыктары: ээр, жүгөн; көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, камчы, үзөңгү, кичин (тердик); сөөк буюмдары: чанча, картык, туур; аваз аспаптары: комуз, чоор, кыл кыяк, добулбас жасап, аларды шөкөттөөчү уста. Эпосто жоокердик кийим-кечектерди, азем буюмдарын, жоо куралдарын (дүрбү) жасоодо 3-дин чеберчилиги тууралуу айтылат.
ЗООНИМДЕР
(зоо — жаныбар, onum — ысым, ат) — жаныбарларга, айбанаттарга коюлган энчилүү аттар. Үй айбандарына энчилеп ат коюу жер-сууну атагандай эле турмуштук зарылчылыктан, практикалык муктаждыктардан улам келип чыккан. «Манас» эпосунда 3-дин өтө көп учурашы да кыргыз элинин көп кылымдык тарыхына байланыштуу. Эпосто жылкы баласынын өңү-түсүн билдирген сөздөрдүн жалпы саны жүзгө жакын, жылкы чарбасына байланыштуу айтылчу сөздөрдүн саны миңден ашуун экенин «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук симпозиумга (1988) катышкан Г. Кушбакова белгилеген. Согуштагы ийгилик баатырдын курал-жарагына, минген атына байланыштуу болгон жоокерчилик заманда «ат адамдын канаты» делип өтө жогору бааланган. «Манаста» башкы баатырдын туулгандан тартыл, өлгөнгө чейинки өмүрү ат менен тыгыз байланышкан.
Эпосто аттын өтө көп жана ар түрдүүчө сүрөттөлүп берилиши кыргыз эли мал чарбачылык менен кесип кылышынын негизинде келип чыккан. Анын себеби аттын эл турмушунда зор чарбачылык мааниге ээ болгондугу менен түшүндүрүлөт. Жоокерчилик заманда ат баатырлардын согушта минген жакын жолдошу болгон. Ошондуктан ат көчмөн элдердин эпосунда, айрыкча «Манаста» өтө маанилүү орунду ээлейт да, баатырдын белсемдүү жарадмчысы, кээде аны өлүмдөн кутказган досу катары идеалаштырылып, апыртылып сүрөттөлгөн. Эпикалык салтка ылайык эпостогу ар бир оң жана терс каармандын өзүнө таандык унаасы, ал унаанын өзүнө ылайык энчилүү ысымы бар.
Мисалы, Манастын аты — Аккула, Алмамбеттики — Сарала, Коңурбайдыкы — Алгара, Ороңгунуку — Кулабээ, Мадыкандыкы — Көкбука, Малгундуку — Боз качыр жана башкалар Баатыр, анын минген аты, ал атка берилген ысым бири-бирине байланыштуу деп эсептелинип, күлүккө ат энчилөөгө өзгөчө маани берилген. Тулпарларга ат коюуда өңү-түсүнө, сымбат-турпатына, мүнөзүнө, жашына жана башкалар өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулуп, метафоралык ык, өң-түскө байланыштуу символика, сөздү өтмө мааниде колдонуу кеңири пайдалынылган. Ошондой эле тотемдик түшүнүк — жаныбарларды ыйык тутуу, аларга табынуу салты да белгилүү роль ойногон (Камбароз жана башкалар), өңү-түсүнө карай: Торучаар, Аккула, Сарала, Алгара, Көгала, Куучабдар жана башкалар; өңү-түсүнө+жашына: Кулатай, Тайбуурул (кийин Нарбуудан болуп да айтылат) жана башкалар; өңү-түсүнө+жынысына: Кулабээ, Торайгыр жана башкалар; турпатына + өңү-түсүнө: Тоотору, Тоокара, Чоңкүрөң жана башкалар; өңү-түсүнө+тукумуна: Бозжорго, Каракашка аргымак жана башкалар; өңү-түсүнө+эмнеге окшоштугуна: Керкабылан, Көкчебич, Наркызыл, Суркоён, Уларбоз жана башкалар; күлүктүгүнө: Желтаман жана башкалар. Эпосто ошондой эле жылкы баласынан башка айбанаттардын аттары да учурайт. Айрым эпикалык душмандардын унаалары эмне унаа экенине карай аталган: Көкбука, Бозкачыр, Бозкерик жана башка Кызыгууну туудура турган Мааникер өңдүү 3. да учурайт.
Эпосто иттин (Кумайык, Актайган), куштун (Акшумкар), төөнүн (Желмаян, Агинген, Кууинген) энчилүү аттары да бар. Эпостогу з. негизинен кыргыз элинин, ошондой эле түрк-моңгол элдеринин элдик оозеки чыгармаларында жолуккан энчилүү атоолорго окшош же жакын турат. Мындан 3-дин келип чыгышы, таралышы элдик оозеки чыгармалардын талаптарына, максаттарына, принциптерине байланыштуу узак убакыттар бою өнүгүп келе жатканын байкоого болот.
Ш. Жапаров
ЗООМОРФТУК ОБРАЗ
(гр. zoon — жаныбар morphe — форма, образ, көрүнүш) — кудайларды, пирлерди айбанат кебетесинде элестетүү. Зооморфизм антроморфизмден мурда пайда болгон; айрым учурларда гана тең өнүккөн. Адамдардын жаратылыш кубулуштары жөнүндөгү түшүнүктөрү алгач негизинен зооморфтук формада болуп, антроморфтук элеске кийинчерээк өткөн жана 3. о-дар да антроморфтук образдардан мурун түзүлгөн (к. Антропоморфтук образ). Алгач зооморфтук формадагы образдардын баары эле антропоморфтук формага өтө бербейт. «Манас» эпосунда да 3. о-дарды учуратууга болот. Башкы каарман Манастын алп кара куш, ажыдаар, бөрү, жолборс жана башкалар жаныбарлар колдоп жүргөндө ага эч кимдин алы жетпейт, ок өтпөйт, найза тешпейт:
Кара чаар кабылан
Капталында чамынып,
Чолок көк жал арстан
Жан жагында камынып.
Бет алдында сур жолборс,
Пендеде мындай жан болбос
(Саякбай Каралаев, 1. 148).
Ажыдаар — жыланы
Артынан сойлоп калгандай,
Көсөө куйрук көк бөрү —
Көкжал эрдин жөкөрү
Көтүнөн ээрчип алгандай,
Асман жаккы айбаты
Алп кара куш арбайып
Асмандан бутун салгандай
(Сагымбай Орозбаков, 2. 186).
X. Короглы
ЗИЛЗАЛА
— жер титирөө. «Манас» эпосунда да ушул эле мааниде пайдаланылып, Манас төрөлгөндө «Чекеси жерге жеткени, Асмандан кудайдын нуру чачылып, Зилзала жүрүп кеткени» (Саякбай Каралаев, 1. 54),— деп сүрөттөлөт. Эпосто 3. окуяга мифтик кырдаал, каармандын образында табиятынан ашка мүмкүнчүлүк болорунан кабар берет.
3ООЛУ
— эпос боюнча колго же моюнга салуучу кишен: «Шоктугум болсо, балдарым Зоолуңду мага камдагын» («Манас», 1. М., 1984, 181).
ЗУБУН
(моңг. зуу — «жүз») — эпосто калмактардын уруу, топ, бөлүк, аскер бөлүгү маанилеринде айтылат: «Зубун-зубун калмактар, Эр өлгөн айылга барыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 154); «Майданга Манас барыптыр, Аны көрүп акырын, Зубундап ураан чакырып, Сайкал жөнөп калыптыр» (СО. 2. 60).
ЗУЛПУКОР 1
(арабча зулфакар — аркалуу) — Манастын кылычы. Мусулман уламышы боюнча Мухаммед пайгамбар өзүнүн күйөө баласы, ары ннисн Азирет Аалыга берген укмуштуу кылычтын аты да 3. (Зулфакар) деп аталган. Бул ат эки миздүү, учу эки ача, кылычтын жеңил жана бекем болушу үчүн ортосуна жаныбардын кыр аркасын элестеткен быдырлар салынып өзгөчө ыкма менен жасалышына карата берилген.
«Манас» эпосунда кылычтын мындай аталышы дин уламыштары аркылуу кийин кирген. Көпчүлүк варианттарда Манастын кылычы нагыз кыргыз сөздөрү менен аталат: Сагымбайда Ачалбарс, Б. Сазановдо Жойболот, М. Мусулманкуловдо Наркескен, А. Рысмендеевде Акболот (Акалбарс) жана башкалар Баатырдык эпостордун салтында каармандын жеке керт башын эле идеалаштырып, баатырдык доордун рухуна ылайык жоодон жеңилбес кайрат күчкө, согуштук айла-амалга ээ кылбастан, ал урунган курал-жарактарды, ат-тонду да укмуштандырып, адаттан тышкары касиеттерге ээ катары баяндоо адаттагы көрүнүш.
Көпчүлүк учурда курал-жарактар жандандырылып, касиеттүү (культтук) сапатка ээ болот. Бул бекеринен эмес, металл (темир) куралдардын пайда болушу баатырдык доордун пайда болушуна түрткү болгон. Бул тууралуу Ф. Энгельс минтип белгилеген: «Келерки кадам варварчылыктын жогорку баскычына, мына мындай бир доорго алып келди: бул доордо маданияттуу элдердин бардыгы тең өздөрүнүн баатырдык доорун, темир кылыч доорун баштарынан өткөздү» (Ф. Энгельс, Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы, Фр., 1970, 281-б.).
ЗУЛПУКОР 2
Көрүнүп тургандай, баатырдык эпостордун жаралышына түрткү болгон тарыхый шарт адамзат металлды өздөштүрүүсү менен пайда болгон. Варварчылыктын жогорку баскычынын толук гүлдөшүн Гомердин поэмаларынан, асыресе «Илиададан» көрөбүз: «Өркүндөтүлгөн темир куралдар,... гомердик эпос жана бүткүл мифология — гректердин варварчылыктан цивилизацияга алып келген башкы мурасы мына ушулар» (Ф. Энгельс, жогоруда аталган эмгек, 3-б.).
Эгерде баатырдык эпостор металлды өздөштүрүү башталганда жарала баштаса, табигый түрдө андан жаралган куралдардын кол салууга, коргонууга өтө жарамдуулугун даңазалаганы талашсыз. Бул «Манас» эпосунда ачык көрүнөт. Эпосто башкы каармандардын алып жүргөн ар бир куралынын «таржымалына» кеңири токтолуп, каарман ага кандайча ээ болгонун, качан, кандайча жасалганын, кандай укмуштуу касиеттер бардыгы кенен сүрөттөлөт. Ошол куралдардын ичинен жоокердик замандын негизги куралы кылычка да зор көңүл бурулат. Бул куралга жетүү өзгөчө кырдаалда болот. Манас жана анын чоролору урунган башка жоо куралдарынын мыкты сапатка ээ болушу эч бир кереметтүүлүк менен байланышкан эмес.
Андай касиет аларды жасаган усталардын (мисалы, төкөр уста Бөлөкбай), уздардын (Каныкей) чеберчилигине тийиштүү болсо, жалпысынан алты курч аталган кылычтар: Манастын Зулпукору, Бакайдын Кылболоту, Ажыбайдын Ачболоту, Алмамбеттин Жойкумасы, Чубактын Ачалбарсы, Сыргактын Аркескени асмандан түшүп, баатырлардын колуна керемет менен тиет. Саякбайда Манас атасы Жакыпка тарынып кетип Боз-Талаага Баба-Дыйкандын жардамы менен эгин эгип, түшүмүн Аккулага алмашып кайтып келе жатканда алдынан чыккан ак сакалчан думана Кайыпчал (Кызыр) ага алты курчту атайы сен үчүн асмандан түштү деп берет.
ЗУЛПУКОР 3
Думана алты курчтун маанисин, касиетин сыпаттап келип: «Өзү тийген күчтүүгө, Кызылдай кыргын салыңыз! Зордукчул кытай элине, Ылайык кылган алты курч...» — деп атайы тапшырма берет (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 502-инв., 74-б.). Баатырдык эпостордо башкы оң каармандын өзү гана белгилүү бир миссияны аткарыш үчүн укмуштуу жол менен атайы төрөлбөстөн, анын курал-жарагы да атайы ошол ишке арналган болот. Эл өзүнүн идеалын жүзөгө ашырчу каармандын жеке керт башын гана эмес бүткүл турушу менен идеалдаштырат. Ошондуктан каарман ал миссияны аткарыш үчүн атайы жаралган сыяктуу, анын куралдары да ошол миссияга арналып, кереметтүү жол менен атайы көктөн түшөт. Ушул салттык мотивге ылайык Сагымбайдын жана ага жакын турган варианттарда да Манас өзүнүн атактуу кылычына укмуштуу жол менен жетет. Бирок мында эпостун байыртан келе жаткан мотиви мусулман динине ылайыкташып өзгөргөнү байкалат. Манаска Ачалбарсты Мекеден келген Айкожо пайгамбардан калган белек катары тапшырат. Чындыгында мусулман ыйыгынын аркасында байыркы элдердин мифтик түшүнүктөрүнөн, ишенгендеринен пайда болгон касиеттүү колдоочу карыя — тотемдик баба жатканын көрүү башка типтеш материалдар менен салыштырганда ачык көрүнөт.
Дүйнөдөгү байыркы элдердин салтында кылычка кудай катары сыйынуу тарыхый реалдуулук болгон. Мисалы, Геродоттун жазганына караганда байыркы скифтердин согуш кудайы кадимки эле кылыч болуп, ага арнап курмандык чалышкан. «Манас» эпосунда да кылыч скифтердегидей культтук касиетке ээ экенин көрөбүз, эпосто баатырлар антташканда: «Ушул анттан танганды Ачалбарстын мизи урсун» — дешип кылыч байыркы түрк-моңгол элдериндеги эң жогорку культтар «төбөсү ачык көккө», «төшү түктүү жерге» катар коюлат:
Түн ичинде суурса
Өрттөй болуп кызарган,
Уруштуу күндө узарган,
Заарын тарткан мунардан,
Учун кайкы чыгарган
Тоого чапса таш кескен
Белге чапса баш кескен
Шиберге койсо өрт кеткен
Шилтенгени мүрт кеткен
(Сагымбай Орозбаков, 2.210).
Алты болот курч ошол,
Ачуусуна тийгенде
Ааламды бузган мүлк ошол
Кыйкырып кындан алганда
Кан ичпей куру жүрбөгөн
Кызыгып кындан чыгарса
Кан ичпесе кирбеген
Кабарын угуп алганда
Качып душман сүрдөгөн
(Саякбай Каралаев, Ф, 542 инв., 275-б.).
Шилтегенде бул кылыч
Аркан бою узарат,
Кайра тартып алганда
Керидей болуп тартылат
(Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 201-б.).
Бул сүрөттөөлөрдө Манастын кылычы өтө жогорку сапаттуу жоо куралы болуу менен бирге кандайдыр адаттан тышкары укмуштуу касиетке ээ экени да айкын байкалат. Кээ бир варианттарда мындан да күчөтүлгөн гиперболалык сүрөттөөлөр бар. Акмат Рысмендеевдин вариантында Манастын кылычы колдон түшүп кеткенден ташты, тоону оюп, жерди көтөрүп турган көк өгүзгө жетип, башын кыйып кетерде, бул дүнүйө кыйрап кетет — деп периштелер кармап алып келип турушканы айтылат.
Р. Сарыпбеков
ЗУЛПУКОР КҮМБӨЗҮ
— архитектуралык эстелик. Талас — Суусамыр жолунун боюнда, Кара-Кол суусунун жээгинде, Талас районунун Арал айылынан 1,5 км аралыкта көрүстөнгө жакын дөңсөөгө курулган. Элдик уламыш боюнча Манас баатырдын кош миз кылычы — Зулпукор сынган согушту эскерүү иретинде курулган.
Эстеликтин көлөмү сыртынан эсептегенде 6,75X6,5 м, ичи 4,24X4,42 м. Күмбөз чарчы тик бурч формадагы бышкан кирпичтен салынган. Кумпасы сакталган эмес, фасадынын жана интерьеринин алгачкы оюмдары өчүп калган. Стилдик белгилеринин негизинде эстеликтин курулган мезгилин 12кылым—14-кылымдын баш чендери деп айтууга болот. Ошондой кылым мемориал курулмаларынын бир түрү катары кызыгуу туудурат.
ЗУМУРУТ
— эпосто кымбат баалуу таш, андан жасалган буюм катары айтылат: «Жүгүн чечип караса Зумурут көөхар таш экен» (Сагымбай Орозбаков, 1. 169). Илимде изумруд деп аталат. Берилл минералынын бир түрү, 1-класстагы асыл таш. Мөлтүр тунук келип, өңү чымкый жашыл. Айрым түрү алмаздан кымбат бааланат.
ЗУУРА
(иранча Зохре — чолпон, таңкы жылдыз) — кыргыз элинин ишениминде үйдүн кутун жана жаш балдарды, боюнда бар жана төрөп жаткан аялдарды көзгө көрүнбөй кайыбынан колдоочу ыйык эне. Элдик оозеки чыгармачылыкта маданий таасир катары иран элинин мифологиясынан кабыл алынып, байыркы түрк элдеринин кудай энеси Умай менен катар же бир эле кейипкер катары кездешет. «Манас» эпосунда да ушул түрдө колдонулат. Мисалы, Айчүрөк Сейтекти төрөп жатканда:
Умай эне Зуурага
Уялбай ичин оңдотту.
Шек билгизбей эч кимге
Жети күнү толготту
(Саякбай Каралаев, «Сейтек», 50),
— деп сүрөттөлөт.
ЗЫМЫН
— топоним. Манас өзү катылган Шоорукка каршы элди курап кошун топтогондо айтылган аймактардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 207). Айтылышы азыркы Өзбекстандын Замин районуна үндөш.
ЗЫМЫРЫК
(симург, сымырык) — иран мифологиясында кереметтүү куш, байыркы фарсы тилинде (авестаде) бүркүткө окшош куш деген түшүнүктү билдирет. Атайы изилдөөлөрдө анын образы скиф доорунан бери Евразияга белгилүү деп белгиленип жүрөт. 3. мифологиялык дөө, ажыдаарлар сыяктуу эле иран жана түрк элдеринин кереметтүү жөө жомокторунун, укмуш окуялуу кереметтүү дастандарынын туруктуу каармандарынан. Мисалы, анын образы ирандардын «Рустам намэсинде», түркмөндүн «Шабахрам», азербайжандардын «Шахзада Бахрам», түркмөн, өзбек, тажиктердин «Көруулунда» жолугат.
Айрыкча, элдик оозеки чыгармачылыктын негизинде жазылган Фирдоусинин «Шахнамэсинде» көрүнүктүү роль ойнойт. Ал башкы баатыр Үрүстөмдү, анын энеси Рудабени, атасы Залды бир нече жолу кырсыктан куткарып, ажалдан алып калат. Иран элдеринин жомокторунда 3. биздин «Эр Төштүктөгү» алп кара куш сыяктуу кызмат аткарат. Ал балапандарын жыландан сактап калган Төштүктү жер астынан алып чыгат. Жолдо келе жатып азыгы түгөнгөндө Төштүк сан этинен кесип жедирет. Жер үстүнө чыкканда 3. ал этти ордуна жабыштырат, жарат дароо айыгат.
«Манас» эпосунда «Алп кара куш — зымурук асмандан бутун салыптыр» — делип, Манас жоону качырганда ажыдаар, жолборс, көкбөрү жана башкалар жаныбарлар менен бирге колдоочусу — алп кара куштун синонимдеш бир аты катары берилет, 6. а. алп кара куш, 3. бир эле куш. Түрк жана иран элдеринин оозеки чыгармачылыгында ал экөө бирдей милдет аткаргандыктан жана эки элдин бири-бирине өтмө катар маданий таасирлеринин натыйжасында башта өз-өз алдынча өнүккөн бир типтүү — бул эки образ кийин ажыратылбай бирге каралып калган, к. Алп кара куш.
Р. Сарыпбеков
ЗЫЯНДАШ
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашында Кошой Акбайга кайрылганда 3. Акбайдын колуктусу экенин айтат (Сагымбай Орозбаков, 3. 193).
ИБИЛИС
(арабча иблис — шайтан) — ислам дининде адамды азгырып күнөөгө батыруучу, ак жолдон адаштыруучу мифтик-фантастикалык образ. Эпосто И. мифтик терс каарман катары кездешет, айрым терс каармандарды (мисалы, Нескараны) азгырып, тескери жолго түртөт.
ИБРАЕВ Бообек
(1935, Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу айылы) — режиссёр. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1985). 1961-ж. Ташкендеги А. Островский атындагы театр жана сүрөт институтун бүтүргөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз драма театрында, Нарын облусун музыкалуу драма театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Ош облусундагы С. М. Киров атындагы өзбек музыкалык драма театрында, Пржевальск шаарындагы Ысык-Көл облусунун драма театрында, режиссёр, башкы режиссёр болуп эмгектенген.
И. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасын (режиссёр Ж. Абдыкадыров менен бирдикте) даярдоого киришип, 1982-ж. Кыргыз мамл. академиялык драма театрында койгон. Андан кийин «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) драмаларын сахнага даярдап, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасына алып чыккан.
ИВГИН ХАЙРЕТДИН
(1945, Түркия, Везир-көпрү) — түркиялык фольклорчу, манас изилдөөчү.
Аскер лицейин (1961), Газы педагогикалык институтунун адабият бөлүмүн бүтүргөн (1966). Түркиянын орто жана жогорку окуу жайларында окутуучу, билим берүү, маданият министрлигинде бөлүм башчы. И. X. түрк элдеринин фольклорун жыйноо, иликтөө, жарыялоо иштеринде көп эмгек сиңирген. «Манас» дастанынын изилдениши, жарыяланышы боюнча да эмгектери бар. «Түркияда «Манас» тууралуу жарыкка чыккан эмгектер» деген көлөмдүү макаласы 56 наамдагы библиография менен жабдылган. Ал. ошондой эле «Уйгур автоном районунда "Манас" дастаны жана «Диван-и лугат-и түрк»» (1987), «"Манас» дастаны» (1987), «"Манас" дастаны тууралуу Түркияда жана Кытайда жарыяланган эмгектер» (1987), «"Манас" дастаны тууралуу эмгектер» өңдүү бир нече эмгек жазган. Белгилүү түрк илимпозу Абдулкадыр Инан, кызыл-суулук манасчы Жусуп Мамай жөнүндө да макалалар жараткан. Айрыкча эпостун Үрүмчүдөн жарыкка чыккан нускаларынын Түркия окуучуларына жетишине И. Х-дин эмгеги зор.
Ал Анкарада (Түркия) түзүлгөн «"Манас" дастанын изилдөө борборунун» мүчөсү.
И. Абдувалиев
ИБРАИМОВ Кубат
(1948, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы) — фольклор изилдөөчү, педагог, филология илиминин кандидаты (1987). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1972). Мектепте мугалим, Кыргыз республикасынын ИАсынын ТАИде улуу илимий кызматкер болуп эмгектенген. И. кыргыз фольклоруна арналган 40ка жакын илимий макалалардын автору. Ал белгилүү фольклор жыйноочу, айрыкча «Манас» эпосун жазып алууда чон эмгек сиңирген Ыбырайым Абдрахман уулунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Ыбырайым Абдрахманов» аттуу монография (1987) жазган.
ИЗАТ
— эпизоддук кейипкер, кытайда жашаган дунган аял. Энеси Экзердин эмчегинен сүт чыкпай калганда Алмамбет И-тын эмчегин ээмп чоңоёт.
ИДЕАЛДАШТЫРУУ 1
чыгармада чагылдырылган көрүнүштөрдүн алгылыктуу жактарын баса белгилеп ажарын ачып ашкере сүрөттөөлөрдө таасын байкалат. И. искусстводо көрүнүштөрдүн «жакшы жагын да, жаман жагын да күчөтүп көрсөтүү же жөнөкөй айтканда апыртуу» (Н. Г. Чернышевский). Мындай сүрөттөөлөр «Манас» үчилтигинде өзүнүн табияты боюнча типтештирүү менен жуурулушуп турса да, негизинен карама-каршы турган оң, терс көрүнүштөрдү, ошондой эле асыл сапаттарды, оң каармандарды көкөлөтүү, даңазалоо, аларга кынтыксыз турпат берүү менен идеалдуу, өрнөк болуучу деңгээлге жеткирип, эстетикалык жактан бөтөнчө маанилүү кылуу аракеттеринде айкын көрүнөт. Эпосто сүрөттөлгөн көпчүлүк объектилер идеалдаштырылып асыресе оң каармандар, алардын курал-жарактары, жоо кийимдери, иш-аракеттерин сыпаттоодо көбүрөөк кездешет.
Манастын туулушунан өмүрүнүн акырына чейинки бардык иштери бүтүндөй И-нун чегинде көрсөтүлөт: «Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй»; «Акылмандын тунугу, Ак калпактын улугу»; «Бир карасаң бир киши, Бир карасаң миң киши»; «Жолборс моюн, жоон билек, Жоругу калың таш жүрөк»; «Алды жагын карасаң, Алты жүз эрдин сүрү бар, Аркасынан карасаң, Ажыдаардын түрү бар» жана башкалар Адамдар гана эмес, табият кубулуштары, предметтик нерселер, адаттан сырткары сырдуу көрүнүштөр, кереметтүү күчтөр да дайыма Манаска жан тартып, аны колдоп турушу да И-га жатат. Мунун түпкү максаты Манасты башкалардан өзгөчөлөөгө, артыкчалоого багытталган. Анын кырк чилтенге, Кызыр дубанага жолугушу жана жоо кийимин алышы мындайча баяндалат:
Белекке берген көк күрмө,
Ок өтпөй турган бек күрмө.
Кийсең жоого ылайык,
Ок өтпөгөн кылайып,
Табылгы жаксаң чок өтпөйт,
Очогор атса ок өтпөйт,
Жакадан тартсаң кол өтпөйт.
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз.
Келеме жака, кең күрмө
Керишке кийсе ылайык.
Кызыр атам берди деп,
Арстан кийгин бул тонду,
Балбандыгың башкача,
Сенин баатырлыгың бир канча.
Отко салса күйбөйсүң,
Сел каптаса акпайсың,
Арбагың артык, заарың күч,
Катылгандын баарысын
Кыйратасың кылып түз...
(Саякбай Каралаев, 1. 105—106).
ИДЕАЛДАШТЫРУУ 2
Манастын телегейи тегиз, келечеги кең өзгөчө сапаттары, алдын ала эле аныкталып жатат. Кеп буларды адам эмес, Кызыр дубана айтып, ал асыресе жараткандын атынан күбөлөп жатышы ого бетер таасирлүү. Эпосто ошондой эле Манастын укмуштуудай баатырдыгы гана эмес, анын айкөлдүгү, ашкере берешендиги, кең пейилдиги, адилеттүүлүгү да жогорку деңгээлде идеалдаштырылган.
Эпосто аялзатын даңазалоо бөтөнчө мааниге ээ. Көбүнчө аялдардын даанышмандыгы, акылмандыгы, уздугу, сарамжалдуулугу менен катар айрым учурларда эркектерден кем калышпаган эрдиги, кайраттуулугу да көрсөтүлөт. Мисалы, Каныкей:
Узун чачтын ыктуусу,
Ургачынын мыктуусу.
Кең көйнөктүн тазасы,
Ургачынын паашасы
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 539-инв., 217-б.).
Каныкейге мүнөздүү билермандык, бийик ыймандык сыпат да баса белгиленген. Айрыкча аялзатынын туруктуулугу, адептүүлүгү, ашкере сулуулугу көкөлөтө макталат. Каныкейди «мусулмандын нурдуусу, кара суурдун сулуусу», «төгүлгөн кара чачы бар, жүлүндөй түптүз бою бар» жана башкалар Ушул жагдайда Айчүрөк да өзгөчө күчтүү поэтизацияланган. Дегеле эпосто аялдардын акылы, иштүүлүгү, сымбаты, келбети келиштире тартылган.
ИДЕАЛДАШТЫРУУ 3
Эпосто негизги оң каармандардын мыкты сапаттары дайыма алдыңкы планда көрсөтүлөт (Семетей, Сейтек, Алмамбет, Бакай, Күлчоро жана башкалар), ошондой эле чыгарманын терс каармандары да унут калбай, аларды И-да жагымсыз иш-аракеттери, терс сапаттары гана эмес, алардагы баатырдык, эр жүрөктүүлүк, амалдуулук, айлакерлик өңдүү алгылыктуу сапаттары да белгилене кетет. Маселен, Жолой жөнүндө:
Каардуу Жолой баатырда
Сакал да жок, мурут жок,
Балбандыгы башкача
Кан жыттанган Жолойдун
Баатырдыгы бир канча.
Өлчөөң кеткен бул Жолой,
Өлтүрүп канга тойбогон,
Жан кыйгычтын бирөө ошол,
Жалаңкычтын өзү ошол
(Саякбай Каралаев, 1. 95).
Бир жагынан «Кан Жолой», «Жетик Жолой», «Эр Жолой», «Каардуу Жолой», «Көк жолборстой чамынып» деген сыяктуу эпитеттер менен сыпатталса, экинчи жагынан анын аёону билбеген ашкан зордукчулдугу, баскынчылыгы, мыкачылыгы баса белгиленет. Мындай сүрөттөөлөр реалдуулукка, чындыкка жакын келүү менен, жалпы эле чыгарманын таасирдүүлүгүн күчөтөт. Себеби душман эч качан начар болгон эмес, андыктан аны жеңүү да оңойго турбаган.
Ушундан улам сырттан басып кирген душманбы, ичтен чыккан бузукуларбы, аларды эпосто коркунучтуу кылып сүрөттөө негизги орунду ээлейт. Эпостун борбордук сюжетин согуштук окуялар түзүп, мында баатырдыкка, эрдикти даңазалоого айрыкча көңүл бөлүнгөндүктөн, эпостогу баатырлардын жоокердик куралы менен жоокердин аты да идеалдаштырылган.
ИДЕАЛДАШТЫРУУ 4
Эпосто жоокердик куралдардын нечендеген түрлөрү кездешет. Алардын көпчүлүгүнүн энчилүү аттары жана ээси бар. Чыгармада айрым баатырлардын өзүнө гана арналган укмуштуудай куралга ээ болушу атайын белгиленет же кеңири баяндалат. Ал куралдын оңой менен табылбастыгы, өзгөчө материалдан жасалышы, даңкы таш жарган, атактуу устанын колунан чыгышы, ал түгүл айрым курал-жарактардын кудуреттүү күчтүн, кудай тааланын амири менен белгилүү баатырларга атайын арналышы даана көрсөтүлүп өтөт, маселен, Манастын курал-жарактары: Аккелте, Сырнайза, Зулпукор жана башкалар, ар биринин таржымалы, татаал сырлары бар. Асмандан түшкөн алты курчтун эң мыктысы, кудайдын буйругу менен Зулпукор аталып, ага Манастан ысымы да жазылып коюлган:
Асмандан түшкөн Зулпукор
Айкөл Манас курчу ошол,
Катылышкан душмандын
Канын төгөр мүлк ошол.
Кыйкырып кындан чыгарса,
Кан ичпей куру жүрбөгөн,
Канга мыктап тойбосо,
Кайта кынга кирбеген.
Кындан сууруп алганда
Көк жалын болуп кызарган,
Кыябын таап шилтесе
Кырк кулач бою узарган
(Саякбай Каралаев, 1. 212).
Манастын жоо кийимдери, курал-жарагы өзгөчө идеалдаштырылган. Алар баатырдын өзүнө гана кызмат кылбастан Семетейге, анан Сейтекке ата мурас катары өтүп, касиетин жоготпой, алардын баатырдык иштеринде зор көмөк болот. Мисалы, Семетей атасынын куралдарын алганы Көбөштүкүнө келгенде илинип турган Аккелтеден шүйшүндөп кан агып, өзүнөн өзү эле тарсылдап добуш бергени айкын күбө. Эпосто жоо кийимдер, курал-жарактар баатырлардын эрдиктеринен кем эмес сыпатталып, даңазаланат.
Баатырлардын тулпарларына да айрыкча көңүл бөлүнүп, ар бир баатырдын өзүнө ылайык жоого минген аты бар: Манастыкы Аккула, Коңурбайдыкы Алгара, Алмамбеттики Сарала, Семетейдики Тайбуурул жана башкалар Аттардын ар биринин өзүнчө энчилүү атка ээ болушу эле көп нерсени билгизет. Чоң казатта Айбанбоз жүрбөй калып Аккула келгенче жөө калган Манас согуша албай коркунучта калат. Коңурбайды Коңурбай кылган атактуу Алгара тулпар, Көкөтөйдүн ашындагы эр сайышта Алгараны олжолоп алып, Коңурбайга кайра берип койгондо Алмамбет Манасты жемелеп, ыйлаганы бекер эмес.
ИДЕАЛДАШТЫРУУ 5
Ал эми «Тайбуурулдун тартууга кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени» деген Тайбуурулдун Үмөтөйдүн кунуна берилип кетиши, Семетейдин Кыяс менен Канчородон жеңилишине алып келет. Аштойлордогу ат чабыштарда, карсылдашкан кармаштарда күлүктүгү, чыдамдуулугу, көркөмдүгү менен адамды суктандырган нечен түркүн тулпарлар сүрөттөлөт. Аккуланын сыпаты:
Кең көкүрөк, тайкы жал,
Кетмен туяк, кең соору,
Аркар аяк, капкан бел
Алыска чыдар мал экен,
Атасы тоонун кайыбы,
Энеси чөлдүн бууданы,
...Кыска көкүл жал экен,
Ай, жаныбар Аккула
Кырсыкты чечер мал экен
(Саякбай Каралаев, 1. 179).
Аккуланын артыкча сапаттары, өзгөчө касиеттери Сагымбай Орозбаковдун вариантында:
Маңдайында багы бар,
Ай караңгы түн болсо
Туман баскан жылчыксыз
Жер көрүнгүс күн болсо
Кулагында шамы бар
(Сагымбай Орозбаков, 4. 338).
Эпосто таймашка катышкан атактуу аттар ээсинин айтканына түшүнүп, кээде көп коркунучтан алдын ала сактаган, ал түгүл канат бүткөн, тил бүткөн абалдарда да сүрөттөлөт.
Эпосто элди душмандан коргоочу баатыр — өзгөчө жаралган адам. Анын ишенимдүү курал-жарагы, жоого минчү тулпары зоболосун көтөрүп, эрдигин арттырып, күчүнө күч кошуп турат. «Манас» эпосунда бул үчөө бири-бири менен ажырагыс байланышта берилип, атайын идеалдаштырылып, укмуштуу көрсөтүлөт. Мындай сүрөттөө биринчиден эпосто сүрөттөлгөн доордун талабынан келип чыкса, экинчиден баатырдык эпостун табиятына байланышкан.
О. Исмаилов
ИДЕЯ 1
эпостун мазмунунда, образдар системасында камтылган негизги ой катары чоң мааниге ээ. Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда «Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун негизги идеясы, анын бүткүл «кан тамырын» аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан аяк улап, өөрчүтүп өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. «Манас» эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алары да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу» («Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу».
К-пте: Сагымбай Орозбаков, 1. 9). Эл эркиндикке, күнкор эместикке күрөш аркылуу гана жетише алган. Ал эми күрөш элдин баатырларга, эр-азаматтарга муктаждыгын пайда кылган. Ушундан улам эпостун И-лык чордонун көп кылымдык тарыхында сандаган түркүн окуяларды башынан кечирген элдин эркиндик, күнкорсуздук үчүн баатырдык, каармандык күрөштөрү түзүп эпостун эң алгачкы калыптануу учурунан башталып, улам барган сайын тышкы душмандар менен катар ички душмандарга каршы күрөштөрдө кеңири сүрөттөлөт.
ИДЕЯ 2
Эпостун Манас, Семетей, Сейтек, Каныкей, Бакай, Чубак, Сыргак, Айчүрөк, Күлчоро жана башкалар каармандары — өз элин, жерин сүйгөн патриоттор. Алардын эрдик, баатырдык иштери, майтарылбас эрки, кайраттуулук, күжүрмөндүк, өткүрлүк, көсөмдүк сапаттары, элдин кызкчылыгы үчүн жан аябай күрөшү эпостун негизги И-сын улам тереңдетип турат. Эпосто элдин үмүт-тилегин, мүдөөсүн, максатын алып жүргөн башкы каарман — Манас.
«Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап», бытырап тарап кеткен элдин башын бириктирип, өз Ата Мекенине ээ кылуу, элди тышкы жана ички душмандардан коргоо, баскынчыларга каршы күрөшкө баш коштуруу Манастын зор ишенимдүүлүгүнө байланышкан. Ат жалын тартып мингенден баштап эле «өчкөн отту тамызган, өлгөн жанды тиргизген» иштерди жасап, элдин алкоосуна арзыйт, анын тирегине айланат. Манастын патриоттук сезиминин эрте ойгонушуна Алтайда турган кыргыздар менен калмак, кытайлардын ортосундагы карама-каршылыктар, кытай, калмактардын зордук-зомбулуктары, ошондой эле ата-теги, эли-жери жөнүндөгү уккандары себепчи болот. Ата Журтун табуу, элин эзүүдөн куткарууну алдына максат кылып коёт. Манастын кыргыз урууларын бириктирип, Алтайдан Ала-Тоого көчүү, ата-бабадан калган жерди баскынчы душмандан кайрып алуу үчүн түшкөн багыты, иш-аракеттер эл тарабынан колдоого ээ болот.
ИДЕЯ 3
Аттангандан тартынба, Айтууга калсын артыңа. Көптүгүнө ишенген Көңкү кытай капырды Көрүп турсун көз менен, Аягың чыгар кишенден! Арбынмын деп ишенген, Арбак урган капырга, Санын бириң өлтүрүп Зарыкпай аяк чечиңер
Саныңды чыгар кишенден! (Сагымбай Орозбаков, 2, 151),— деп алдыда болуучу айыгышкан күрөштүн кыйындыгын ачык-айкын түшүндүрөт. Манастын аркасы менен эл ата мурас жерине ээ болуп, колу-буту «кишенден» бошойт. Бирок, эңсеген эркиндик ушуну менен эле камсыз болуп калган жок. Бул үчүн дагы ички ыйкы-тыйкы, чыр-чатактарды тышкы душмандын басып кирүү коркунучун жоюу зарылдыгы келип чыккан. Манастын жети кандын чатагын жөнгө салуу менен башкы күчтү, негизги көңүлдү Бээжинге карата буруп, Чоң казатка аттанышынын негизги себеби да ушуну менен түшүндүрүлөт.
Анын элге, жерге деген сүйүүсү ушунчалык назик жана чексиз. Чоң казат жолунда эл тагдыры жөнүндө бушайман болот, эли-жерин бир саамга эсинен чыгарбайт:
Жылгындуу Кең-Кол, кең
Талас Жерди айтып бир кейип,
Жыргалдуу кыргыз көп ногой
Элди санап бир кейип,
Кокустан өлүп кетсем
Бээжинде Бирөөнүн тилин бири албай, Баш-аламан кокуй эл
Бирөөн бирөө көрө албай,
Ала болуп кетет бейм,
Аңдып жүргөн көп душман
Алакандай элимдин
Түбүнө түгөл жетет бейм
(Саякбай Каралаев, 2. 98).
ИДЕЯ 4
Манастын жолун уулу Семетей улап, талоонго калган элин эбине келтирип, Коңурбайдан атасынын өчүн алат. Семетей ишке ашыра албай калгандарды Сейтек жөнгө салат. Эпостун улам кийинки бөлүктөрүндө («Семетей», «Сейтек») кан күйгөн кармаштар, кырчылдашкан согуштар «Манастагыдай» көп болбосо да, чыгарманын негизги лейтмотиви — эркиндикти, күнкор эместикти коргоп калуу эч солгундабайт. Дегинкисинде, Манас да, Семетей да, Сейтек да элдин эңсеген тилегинен жаралган идеал каармандар.
Алар элдин эркиндик үчүн күрөштөрүндө дайыма чоң тирек, өбөк, таянар тоо болуп, муундарды, элдин эркиндигин коргоочу болочокку жоокерлерди тарбиялоодо зор мааниге -өэ болуп келген. Эпостун эркиндик, көз каранды эместик И-сы жуурулушуп турган баатырдык патриоттук элди, жерди, Мекенди сүйүү И-лары чыгарманын башынан аягына кызыл сызык болуп өтүп турат.
О. Исмаилов
ИДИЛЛИЯ 1
эпосто көзгө урунтуктуу сүрөттөөлөрдүн катарына кирип, көркөм чыгармада адамдардын табияттын кучагында жөнөкөй, тынч эмгектенип, куунак өмүр өткөрүп жаткан бейгам турмушун көрсөтөт. И-нын пайда болушу байыркы грек акыны Феокриттин (б. з. ч. 4-кылымдын аягы 3-кылымдын биринчи жарымы) чыгармачылыгындагы И. жанрына байланыштуу. Антикалык мезгилде таралган И-нын мотивдери ар түрдүү. Маселен, эллин доорунда тартылган сүрөттөрдө негизинен беймарал жайылып жүргөн мал, табияттын кооз, түркүн көрүнүштөрү жана башкалар сюжеттер бар. Мындай багыттагы сүрөттөөлөр ар кандай жанрдагы көркөм чыгармалардан орун алат жана атайын кеңири планда да, өз алдынча чакан эпизоддордо да кездеше берет.
Жалпысынан алганда чыгармалардын И-лык мазмуну окшош келип, мында өткөндөгү кандайдыр бир жашоо ыңгайын, турмуш шарттарды өтө үзүрлүү, куунак, жанга жай, ыракаттуу кылып мактап, көкөлөтүп көрсөтүүгө айрыкча көңүл бурулат. «Манас» эпосунда жалпысынан жоокерлик турмуш сүрөттөлсө да элдин тынч, беймарал жашоого умтулушу өзүнүн салт-санаасы, үрп-адаты менен бейгам жашоосу жөнүндө да айтылат. Маселен, кыргыздардын Алтайдан ата журту Ала-Тоого, Таласка көчүп келиши, ошо жерде жашоо үчүн күсөгөн максаттарынын, аракеттеринин көрүнүшү дал И-лык планда берилет:
Эриксе элик атышып,
Эрикпесе кыргыздар
Эркин ойноп жатышып,
Кырк таман чийип ордону
Сары түзгө салышып,
Багылан козу, кысыр тай
Бор кайнатып алышып,
Коштоп кийип суусар бөрк
Ыргап жатып калды дейт,
Кошоктошуп кайран журт
Жыргап жатып калды дейт
(Саякбай Каралаев, 1. 183).
ИДИЛЛИЯ 2
Эпосто асыресе Таластын көркүнө, берекесине тен берилип, анын ушул касиети бактылуу жашоонун накта өбөлгөсү экендиги таасын көрсөтүлөт. Таласта жашоого зарыл болгон бардык нерселер бар. Андагы шапата бүрккөн ак кар, көк муздуу тоолор, аркайган бийик аскалар, аркы-терки айкашкан адыр, белдер, башынан булут кетпеген чокулар, жашыл ыраңга бөлөнгөн жайлоолор, жемиштери жер жайнаган чер токойлор, башайыдай кулпурган дүйүм чөптөр, салкын аба, атыр жел, шылдырап аккан тунук булактар — дүйнөнүн өзүнчө бир ажайып бурчу экенин элестетет. Ушундай жерди жердеген, элдин согуш жок мезгилдеги бакыбат турмушу, беймарал жашоосу эпосто кеңири сүрөттөлөт.
Эпостогу «жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы», ошондой эле ушул жагдайда кездешчү «Бөтөнчө бейиш жер келет» деген сыпаттоодон И-лык сүрөттөөлөр ачык байкалып турат.
Эпосто адам менен жаратылыштын ажырагыс биримдиги өтө даана чагылдырылган. Адамдар жаратылыштан материалдык байлыкты гана албастан, жаратылыштан рухий каниет алып, ага аяр мамиле жасалат. Элдин түшүнүгүндө мал-жанга жайлуу жерлер тиричиликтин гана булагы эмес, таң-тамаша, оюн-зоок куруп, көңүл ачуунун, куунак, үзүрлүү өмүр сүрүүнүн да зор өбөлгөсү.
О. Исмаилов
ИЛЕ
— топоним. «Манастын» көпчүлүк варианттарында кыргыздын жери катары сүрөттөлөт:
Кордой менен кол салып,
Көл-Камышка жол салып,
Ашкан журтум барсыңбы?
Ары багыт кең Иле
Түшкөн журтум, барсыңбы?
(Сагымбай Орозбаков, 4. 63).
Ошондой кылымдарда кыргыз элинин бир бөлүгү И., Эртиш бойлорунда көчүп-конуп өткөн жагдайлары болгон. И-нин эпосто чагылдырылып калышы мына ошол тарыхый окуяларга байланыштуу. Эпосто кытайдагы тескей менен күңгөй сууларынын кошундусунан пайда болуп, Казакстандын территориясынан узундугу миң чакырымдан ашуун аккан чоң суу жөнүндө да айтылат:
Ошо Кең Илени кыдырып,
Чоң Бууранын боюнда
Алты күнү жатам дейт
Ат сергитип өтөм дейт,
Кең Илени кеме менен кечем дейт
Кең Кулжаны тегерене өтөм дейт
(Радлов жазып алган вариант,4)
Географиялык реалияда Казакстан менен Кытайдагы дарыя, Текес менен Күнөс (Күнгес) дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Балкаш көлүнө куят.
ИЛЕБИН
— кейипкер. Алма-Коюрду жердеген калмак каны. Орго канга жардамга барган И. аламан урушта Бакайдын колунан өлөт. Каны жок калмактар каршылык көрсөтө албай, жарашмак болуп, И-дин агасы Чыңша байдын кызы Буудабек сулууну баш кылып тартуу тартышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 74, 88—89, 127). ИЛЕҢ — эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Манас Кошойго жолукканы кеткенде каптап келген көп кол менен Акбалта, Кутубий экөө согушуп калганда Кутубийдин найзасынан өлгөнүн Акбалта Манаска айтат (Саякбай Каралаев, 1. 134).
ИЛЕПСИ
ЛЕПСИ — топоним. Эпос боюнча кыргыз, казактар мекендеген жерлердин бири. Географиялык реалияда Жунгар Ала-Тоосунан агып чыгып Балкаш көлүнө куйган дарыя жана анын боюндагы өрөөн.
ИЛИЙ БИЧИК
(кытайча ли — заң, закон; бичик — түрк-моңголчо жазма, китеп, кат) — эпостун айрым варианттарында (мисалы, Саякбайда) кытайдын тарых, санжыра китеби деген мааниде айтылат.
ИЛЬИНА Лидия Александровна
(1915, азыркы Рязань облусунун, Михайлов шаары) — кыргыз совет графикачысы, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1963).
Москва көркөм сүрөт институтун бүтүргөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иштейт. 1947-ж. окутуучусу В. Фаворскийдин таасири менен «Манас» эпосуна кайрылган. Ал өзүнүн гравюраларындагы кыргыз улуттук оюмдарында эпостогу көрүнүштөрдү же эпизоддорду гана чагылдырбастан, баатыр-каармандардын образын да ачып берген. «Алмамбет — Манастын баатыры», «Бакай — Манастын баатыры» жана башкалар гравюраларында бет маңдайынан жайгаштырылган баатырлардын тулкулары кагаздын тегиз бетине өзгөрүлбөгөн абалда ишке ашырылган. Ал «Манас» темасына 1972-ж. кайрадан кайрылып линогравюра техникасында «Эпос», «Манасчы» серияларын жараткан. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971).
Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6—7-шайл.) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
ИЛЯС
— адамды суунун ичинде колдоочу пири, к. Кызыр Иляс.
ИМАЛАЙ
Ымалай — топоним. Эпостун «Манас» баатыр өзү катылган Шоорук канды жеңип, Акылай деген кызын тартууга алганы» окуясында: «Күн чыгышы Ималай, Шолорду да жердеген Шооруктун эли бир далай» (Сагымбай Орозбаков, 2. 203),— деп Шоорук кандын эли И-ды жердегени айтылат. Географиялык реалияда Гималай — жер шарындагы эң бийик тоо системасы; Тибет тайпак тоосу (түндүгүндө) менен Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында.
ИМАНГАЗЫ Исагул уулу
(1934, Токтогул району, Толук айылы) — семетейчи. «Семетейди» 6—7 жашында айта баштаган. Анын жалпы мазмунун атасынан үйрөнгөн. Сюжеттик мазмунун ыр аралаш айтат. 1952-ж. Жалал-Абад шаарындагы орто мектептин 8-классында окуп жүргөн кезинде «Семетей» дастанынан 822 сап ыр көлөмүндө жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 274-инв.). Сюжети көп жактан салттык нукта айтылып, өзгөчө Саякбай Каралаевдин варианты на өтө жакын.
ИНДИ
— этноним. «Манас» эпосунда Индустанды таянган, Кесектин уулу Шоорук кан тууралуу баяндалган, жана башкалар айрым эпизоддордо кезиккен эл: «Жедигер менен инди бар, Шанкай менен кыргыз бар» (Курама варианты, 1, 149), Бул саптарга караганда И. кыргыз уруулары менен катар айтылууда. Демек, И. этнониминин «Манаста» эскертилиши бекер эмес. Эпостун саптарына орто кылымдарда кыргыз менен И. элдеринин кандайдыр бир бучкактарынын кирип калышы ыктымал. Мисалы, 17-кылымда Индия аскерлеринин мизин кайтарган, балх жоокерлерине жардам бергендердин арасында кыргыздар да болгону тарыхта белгилүү. Бул туралуу «Бахр альасрар» аттуу 17-кылымда жазылган фарси тилиндеги кол жазма баяндайт.
ИСПАРА
— топоним. Эпос боюнча Манастын бабаларынын жери (Сагымбай Орозбаков, 2. 151). Географиялык реалияда Кыргызстан менен Тажикстандын аймагындагы Исфара чөлкөмүнө дал келет.
ИНДУСТАН
(Ындыстан) — топоним. Алтайдан көчүп келаткан жолдо кыргыздардын калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Күн жүрүшү Индустан, Өкүмүнө куп көнүп Нөкөр болор канча жан» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 606-б.),— деп И-дын түштүк тараптагы өлкө экени айтылат. Географиялык реалияда И. — Түштүк Азиядагы өлкө. ИНЖИ — эпосто кымбат баалуу таштын аты: «Инжиден сайып тиш кылып Жыргатчудай иш кылып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 178). И. кыргыз лексикасына тарыхый маданий карым-катнаштардын негизинде кытай тилинен кирген.
ИТ-КЕЧПЕСТИН КАРА-СУУ
— топоним. Кы тайлар менен болгон согушта мөндүрдөй кылып ок атып, найза сайып, Манас баатырды жыга албай турган жердеги «аргымак түшсө ойнобогон, найза сайса бойлобогон кара суу» (Сагымбай Орозбаков, 4. 330).
ИНТОНАЦИЯ 1
— текстти угуучуга жеткирүүдө айтуучунун ага эмоциялуу-экспрессиялуу маани берүү үчүн жана сүйлөмдөрдүн синтаксистик курулушун көрсөтүү үчүн айтуучунун речинин ыргактык-обондук жактан иштелиши. «Манас» эпосундагы И-нын тутумдук элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) речтин обондуулугу, мында чыгарманы угуучуга жеткирүүдө ырдалган, ыр менен аткарылган ырдын бөтөнчөлүгү. Маселен, суроолуу, илептүү, жай сүйлөмдөр деп кийин бөлүштүрүлүп, тыныш белгилери коюлган өзгөчөлүктөр манасчылардын И-сында байыртадан эле болуп, сакталып келген. Мисалы, Карагул Алмамбеттин алдынан чыгып, анын сырын тартуу максатында мындай суроолор менен кайрылат:
Билеги жоон, таш жүрөк,
Душманга салган чоң дүмөк,
Пил мүчөлүү бадырек,
Айбаты арыстан, жолборстой,
Алышкан аман болбостой,
Азыр келген сен кимсиң?
(Сагымбай Орозбаков, 4.279).
ИНТОНАЦИЯ 2
Мындай суроолуу маанини берүү үчүн манасчылар суроо И-сын колдонушат. Ошондой эле жай маани, күчтүү сезим менен айтылган жерлер өз-өзүнчө, бөлөк-бөлөк И-да айтылган.
2) речтин ыргагы, башкача айтканда ыр жолдорундагы муун сандарынын, муундардын катышы, муун өлчөмү (к. Ыргак).
3) речтин интенсивдүүлүгү, башкача айтканда текстти айтуунун бийиктиги же пастыгы, бул манасчынын эпосту кандай жагдайда аткарып жаткандыгына (жайлоодо, боз үйдө, телестудияда, кабинетте ар башкача айтылышы белгилүү) байланыштуу болот.
4) речтин темпи, башкача айтканда сөздөрдү, сүйлөмдөрдү айтуунун тездиги же жайлыгы жана текст ичиндеги тынымдар.
5) речтин тембри, башкача айтканда бул же тигил эмоциялык-экспрессиялык белгилерди туюнтуу үчүн колдонулган үндүк өзгөрүүлөр, манасчынын сезиминин чагылышы, аткарып жаткан окуяга аткаруучунун мамилеси. «Көңүлдүү», «салтанаттуу», «кайгылуу», «ачуулу», «тамашалуу» жана башкалар тембрлердин тексттеги окуянын жүрүшүнө, маанисине карай колдонулушу.
ИНТОНАЦИЯ 3
6) фразалык же логикалык басымдан келип чыгуучу И., мында тексттеги негизги мааниге ээ айрым сөздөрдү бөлүп көрсөтүүнүн үндүк белгиси (к. Басым).
И-нын көп түрдүүлүгү — манасчынын таланттуулугунун көрсөткүчү. Музыка изилдөөчү В. Виноградов эпосту айтууда Саякбай Карала уулу жыйырмадан ашык обондорду, вариацияларды тапканын жазат. Философ изилдөөчү А. Салиев манасчылык өнөрдүн кудурети жөнүндө мындай дейт: «Жөнөкөй ырлардын обондору өз алдынча чарчы келет да ошол бир түрдөгү обон-алкак ырдын баш-аягына чейин кайталана берет. Ал эми бизге Саякбай көрсөткөн «Манастын» ыр формасы андай эмес, бул дастандын өзгөчө мазмунуна байланышкан. Анда чыйралган динамика менен өтүп жаткан күчтүү окуялар баяндалат эмеспи: ал окуялардын драмалуу башталыштары, бири-бирине эшилген, ойку-кайкы тармактары болот, аларда адамдардын мүнөздөрү, иштери, мүдөөлөрү кагылышат.
ИНТОНАЦИЯ 4
Мына ошол чыйралган окуяларды жана ойку-кайкы кагылышууларды кайра-кайра кайталана берген чарчы калыптагы обон менен баяндалганда ал мазмундун толгоосу, кубаты, күчү солгундап түшүп калат экен. Бул «манасчылар» деп аталып, бирок дастандын эпизоддорун динамикасы жок, бир калыптан чыкпаган сенек речитация менен аткарып жүргөндөрдүн практикасынан ачык көрүнүп турат. Тиги мазмунга жараша ар түркүн И-ларга өтүп, өөрчүтүлүп турган музыкалык формалар да керек экен, аны тийиштүү даражада таасирдүү аткарып берген артисттик өнөр да керек экен. Саякбай дал ушуну көрсөттү («Манас» жана Саякбай» — «Ала-Тоо», № 8. 1988). Демек, манасчылык өнөрдүн ушундай өзгөчөлүгү эпосту аткарууда андагы И-лык белгилерди сактоого да байланышат.
И. тексттин угумдуулугун арттырат, элге жеткиликтүү кылат, ойду, анын астарин түшүнүүгө көмөктөшөт.
Б. Кыдырбаева, А. Мурагов
ИРОНИЯ
(грекче eironeia анткорлонуу, астыртан, жанытып жылмалап какшыктоо) — анткордук менен макулдук же кубаттоо формасында билдирилген жокко чыгаруу же мыскыл. И. турмуштук көрүнүштү же предметти атайын апыртып мактоо менен адам кемчиликтерин күлкүлүү какшыктап, жылмалап, сын — шылдыңын жөнөтөт. Бул ыкма тээ эзелтеден элдик оозеки адабиятынан бери келаткан көркөм табылга. Мисалы, Чоң казатка кыргыз колу аттанганда Манастын Тазбаймат он башы болгон топко аты катталат.
Аны Тазбаймат да, Манас да билбейт, Кытай чегине жеткенде аскер башчы кан Алмамбет элди түгөлдөгөндө Тазбайматтын тобунан бир киши жетпей, ал бул күнөөсү үчүн өлүм жазасын тартмак болот. Серектин өтүнүчү менен тизме текшерилгенде бул жаңылыштык такталат. Ошондо Манас он башы болуп аз жерден өлүм жазасына тартылбай калган оопай Тазбайматты эл: «Манаска болгон он башы, байкаңар кандай неме экен» — деп келекелеп күлүшөт.
ИСАКОВ Бектур Сыдыкович
(1941, Талас району, Арал айылы) — кыргыз тили жана адабияты мугалими, 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. «Манас» эпосун окутуу» усулдук (методикалык) китебинин автору. Кыргыз ССРинин, СССРдин эл агартуу отличниги. Мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин, усулдук бир нече китепти түзүүгө катышкан, көптөгөн илимий макалалар жазган. «Манас» тарыхый-этнографиялык комплексин уюштурууга көп салым кошууда.
1990-жылдан тартып И. иштеген Арал орто мектебинин базасында алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүнүн жана жайылтуунун жумурияттык мектеби иштеп жатат.
ИСАМУТДИНОВ Зухритдин Низамутдинович
(1953, Анжыян облусунун, Өзбек Республикасы) — филолог, журналист. 1976-ж. Ташкен мамлекеттик университетин бүткөн. 1976-жылдан Өзбек Республикасынын Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер.
1991-ж. «Жакын түркий тилдерде поэтикалык котормонун өзгөчөлүктөрү» («Манас» эпосунун өзбек тилиндеги котормосунун мисалында) деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. «Манас» эпосу жана кыргыз адабияты маселелери боюнча 30га жакын илимий макалаларды жазган. Айрым кыргыз эл жомокторун, кыргыз жазуучуларынын аңгемелеринен өзбекчеге которгон.
ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙН
Александр Македонский (б. з. ч. 356, Пелла — б. з ч. 323, Вавильон) — байыркы замандагы улуу кол башчы жана мамлекеттик ишмер.
Чыгыш элдерине И. 3. деген ысым менен белгилүү болгон. Илгерки грек тыйындарында Александрдын кош мүйүздүү туулгачан турган сүрөтү түшүрүлгөн (бул египеттик фараондорду тууроо болуп эсептелет), ошондон улам ага «Кош мүйүз» (Зу-л-Карнайн) деген ылакап ат кошулган. Ал эми «Искендер» аты Александр ысмын арабчага «ал-Искендер» деп ыңгайлаштыруудан улам келип чыккан. «Манас» эпосунда И. 3-дын ысымы Манастын баатырдыгын белгилөө үчүн:
Топон суу тоздоп кирбеген,
Сулайман сурак албаган.
Үрүстөм Дастан, Искендер
Ошолор изин салбаган
(Курама варианты, 2. 155),
— деп айтылып анын Бээжинге казат жасаган эрдиги И. 3-дан да жогору турганы белгиленет.
ИСЛАМ 1
(мусулман дини, мусулманчылык) — дүйнөгө кеңири тараган диндердин бири. Биздин замандын 7-кылымында Арабстанда пайда болгон. Мухаммед пайгамбар негиздеген. Мусулман дини кыргыз элинин күндөлүк турмушунан, үрп-адаттарынан, оозеки чыгармачылыгынын деялык-тематикасынан жана бейнелеринен кеңири орун алган. Башка диндер сыяктуу эле мусулман дининин жолжоболору, эрежелери «Манас» эпосунун бардык варианттарында ар кандай деңгээлде чагылдырылган.
Мусулмандар адамдардын колдоочусу катары мазарларды, айрым дарактарды, булактарды жана башка ушундай сыяктуу ыйык тутушуп, аларга сыйынып, баласыздар балалуу болуу, бейтаптар оорусунан айыгуу, таалайсыздар таалайлуу болууну тилөө менен мусулман дининин ырым-жырымдарын өткөрүшкөн. «Манас» эпосундагы окуяларда диний ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр ушундай формада орун алгандыгын көрүүгө болот. Мисалы, тотемдик түшүнүктөрдөн тартып фетишизм, шамандык көз караштарга чейинки диндик ишенимдердин издери бардык варианттардан жолугат. Адат катары эпосто бир дин менен экинчи диндин арасында чек коюлбайт, тээ байыркы диндик түшүнүктөр менен кечээ жакынкы ишенимдер аралаш айтыла берет.
ИСЛАМ 2
Айрыкча шаман дининин түшүнүктөрү менен ислам дини көп учурда бири-биринен айырмасы жок катары берилет. Мазарды таюу, ай туякка ак боз бээ чалуу менен катар ата-бабанын арбагын негизги колдоочу күч катары түшүнүп табынуу да, ошол эле учурда кудайга кайрылуу адаттагы көрүнүш. Эпосто негизги каармандардын (Манас, Алмамбет, Чубак жана башкалар) дээрлик бардыгынын туулушу алардын ата-энелеринин (Жакып, Акбалта, Алтынай жана башкалар) «ыйык мазарларга түнөшү, зыярат жасашы, кудай алардын үнүн угуп тилегин бергендигине» байланыштырып чагылдырылган.
Мусулман дини кеңири тараган өлкөлөрдө жарык дүйнөнүн жыргалчылыгынан кечип, тигил дүйнөдөгү бейишке ишенип, аса-муса таягын алып, эл-жерди кезип, бул диндин жол-жоболорун үгүттөгөн думаналарды ыйык тутуп, ыйбаа кылуу, акарат кылбоо эрежелери иштелип чыккан. Муну кыргыз элинин «Манас» дастанында жаңы төрөлгөн болочоктогу башкы эпикалык каармандарга (Манас, Алмамбет, Чубак, Сейтек жана башкалар) эл ылайыктуу ат коё албай турганда аса-мусалуу думана келип аларга ат коюп берип, көздөн кайым болуп кетиши менен ачып берилген.
ИСЛАМ 3
Мусулман дининин талабы боюнча беш маал намаз окуу, эртең менен азан чакыруу, арбактарга багыштап куран окуу, дооран түшүрүү жана жаназа окуу, садага берүү сымал жөрөлгөлөрдү кыйшаюусуз аткаруу, шариятка ылайык такыбачылык жасоо мусулман дининин негизги эрежелеринен болуп эсептелет. Бул эрежелерди эпостогу каармандардын аткарып турушу «Манас» варианттарында кездешет. Башка варианттар сыяктуу эле Сагымбай Орозбаковдун вариантында ушулардын баары бар. Бирок Сагымбай Орозбаковдун вариантында И. көбүрөөк орун алган, ал гана эмес башка диндеги элдерге кайрылып аларды мусулман болууга чакыруу сыяктуу И-ды үгүттөө учурлары да кезигет.
Дин, анын ичин де И. дини Сагымбайга чейинки манасчылардын варианттарында да бир топ орун алган (мисалы, эпостун В. В. Радлов жазып алган үлгүсү). Негизги варианттарда Алмамбет баатырдын өз элин таштап, Манаска келип кошулушу жана чыныгы берилген чоросу болушу да анын өз каалоосу боюнча «кара динден, ак динге» (мусулман динине) өтүшү менен байланышкан. Эпостун «Семетей» бөлүгүндө мусулман дининин жөрөлгөлөрү кадыресе салт катары улантылып, Бакайдын намаз окуганын жазбагандыгы, Каныкей, Чыйырды, Семетейлерди кудайдын колдоолору, алардын кудайдын кудуретине ишенүүлөрү бир кыйла эпизоддордо чагылдырылат. Бул эпизоддордо башка диндерге караганда мусулман дининин улук, ыйык тутулушу мусулман идеологиясын анын өкүлдөрү кийинки мезгилде гана кошумчалагандыгын айгинелеп турат. Чындыкты, берилгендикти далилдөө үчүн шерт кылып куран кармоо жөрөлгөсү мусулман дининин бирден бир өзгөчөлүгү болуп эсептелет.
ИСЛАМ 4
Жердеги адамдар үчүн кудай асмандан атайын түшүргөн ыйык китеп — курандын кереметтүүлүгүнө, касиеттүүлүгүнө ишенүү салты кандайдыр бир өлчөмдө эпостогу каармандардын аракеттеринен, максаттарынан айкын байкалат. Манастын, Чубактын туулушу жана чоңоюшун душмандарга билгизбөө үчүн Жакып менен Акбалта шерт кылышат жана шертти бузбоо үчүн элге куран карматтырат. Бул ырым-жырымды так туткан эл эпикалык баатырлар, алардын артыкчылыктары жөнүндө сырды сыртка чыгарбай шертти бекем сакташат. Эпостогу окуяларда мусулман динин үгүттөөчү эшен, кожо молдолор (анжыяндык Айкожо, кырк эшен) жөнүндө жана Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө, Көкөтөйдүн, Манастын сөөгүн коюуда диний жөрөлгөлөр баяндалган. Мындай жөрөлгөлөр эпостун «Семетей» бөлүмүндө да тиешелүү деңгээлде чагылдырылган. Эпосто эл турмушун туура чагылдыруу үчүн ошол эл эмнелерге ишенгенин, кандай үрп-адаттык эрежелерди пайдалангандыгын, ал гана турмак жокко ишенүү, чектелген түшүнүк сыяктуу чабал жактары да бурмаланбай чагылдырылган. Ансыз «Манас» эпосу элдик чыгарма болуудан калмак.
К. Байжигитов
ИСТОРИЗМДЕР
— азыркы тилибизде сейрек колдонулган буюм, зат, кубулуш аттарын жана айрым адамдардын социалдык артыкчылык абалын билдирген сөздөр. «Манастын» каармандарына карата айтылган кан, бек, төрө, корбашы сыяктуу титулдук наамдар; жаа, айбалта аттуу жоо куралдары, соот, чопкут, калкан жана башкалар согуштук коргонуу кийимдери конкреттүү тарыхый шартка байланыштуу пайда болгонун аныктоо зарылдыгын белгилешет. И-дин архаизмдерден айырмасы — азыркы тилибиздин лексика системасында семантикалык эквиваленти болбойт. И. көбүнчө илимий эмгектерде жана тарыхый көркөм чыгармаларда колдонулат.
ИТ-КЕЧҮҮ
— топоним. Эпосто Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүү үчүн жер тандап бара жаткан көчү И.-К-нү кечип өткөнү айтылат (Радлов жазып алган вариант, 147). Географиялык реалияда Чүй суусундагы белгилүү кечүү.
ИСХАКОВ Мелис
(1946, Кочкор району, Ак-Учук айылы) — Кыргыз драма театрынын сүрөтчү - коюучусу.
Ташкендеги Островский атындагы көркөм-театр институтун бүтүргөн (1970). Кыргыз драма театрында эмгектенип, элүүдөн ашык драмалык спектаклдердин көркөм жасалгалоочу-сүрөтчүсү катары өзүн көрсөтө алды. Ж. Садыковдун «Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» драмаларын жасалгалаган. И. спектаклдердеги окуялардын идеялык маанисин, мазмунун толуктоо максатында кийимдердин эскизин, сахнадагы көрүнүштөрдү (М. Сыдыкбаев менен бирге) көркөмдөгөн. И. негизинен үчилтикти драмага өзүнүн сүрөтчү-коюучу жөндөмдүүлүгү менен көрүүчүлөргө жылуу сезим калтырат.
ЙАМГУРЧИ
— ногой эмири, Едигенин чөбөрөсү, «Мажму ат-таварихте» Фулад (к. Фулад) менен бирге Манасия шаарына жортуулга барат. Манас баатыр жана анын союздаштары менен болгон согушка активдүү катышкан. «Манас» эпосунун кийинки мезгилиндеги варианттарында Жамгырчы деген ат менен уруу кандарынын бири катары белгилүү каарман, к. Жамгырчы.
ИТААЛЫ 1
— эпостун Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Кошойдун окуялары» деген бөлүмдө И. жөнүндө өзүнчө эпизод айтылат. Бул окуянын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: Манастын чоролорунун бири — Жайнак өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын баян кылганда И-нын элинде үч жыл жүргөнүн айтат. Жайнак кой кайтарып жүргөн И-га жолугат да, анын үйүнө барат. Анын аялы өтө сулуу экен. Дөбөт иттин буйругу менен козу союлуп, ага эт бышырып берет. Бирок өздөрү жебейт. Эртесинде көйнөк, өтүк кийгизет. Жайнак беш-алты күн туруп кетейин деген өтүнүчүнө дөбөт ит макул болот. Күнүгө бир үйү чакырып козу союп коноктойт.
Жайнак бир — эки жыл силерге кызмат кылып, кой кайтарып берейин деп суранат. Дөбөт ит көпкө каңкылдап туруп: «Адамга жакшылык кылып баксаң, курсагы тойгондо кайра жамандык кылат» —дейт. Бир күнү көп иттер келип, баягы козу сойгон келин экөөнү эки жоргого мингизип түштүк тарапты көздөй ээрчитип жөнөйт. Эртесинде ак ордо үйгө келишет. Жер жайнаган иттер Жайнакты баягы ак ордого киргизет. Көп тайгандар тегеректеген чоң жолборс түрүндөгү бир ит бар экен. Ал И-лардын беги (каны) экен. Жайнак анын аялынын сулуулугун көрүп талып калат. Суу сээп жатып араң эс алдырышат.
ИТААЛЫ 2
Ал зор дөбөт көк чүпүрөккө мөөр басып берет да, эми баргын деп уруксат кылат. Жайнак кайра келип баягы И-нын коюн үч жыл багат. Үч жылдан кийин баягы келин: «Адам уулун издеп таап алгын» — деп, Жайнакка ат мингизип түндүк тарапка жөнөтөт экен. Ошол И. элинен келе жатып жалгыз көздүү Адамдүк дөөгө жолугуп калып, анын туткунунда алты жарым жыл жаткан экен (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 320-327-б.).
И. жөнүндөгү мифтик уламыш Азия элдеринде байыркы доордо эле пайда болуп кеңири чөйрөгө таралган уламыштардын бири экендигин белгилөөгө болот. Изилдөөчүлөр И. жөнүндөгү мифтик уламыш адегенде Индияда пайда болуп, улам Азиянын башка элдерине таралган деп эсептешет.
«Манас» эпосундагы И. жөнүндөгү окуянын түзүлүшүнө бул мифтик уламыштын кандай версиясы негиз болгондугун белгилөө үчүн ар түрдүү адабияттардагы маалыматтарды келтирип көрөлү. А. Фирдоусинин белгилүү «Шахнаме» дастанында сегсар (ит башы) деген эл, тагыраак айтканда Сегсаран (ит башы өлкөсү) деген жомоктук жердин аты эскерилет. Поэма боюнча Сегсаран деген жер элдик ишенимде Ирандын түндүгүндөгү Мазендеран (Каспий деңизинин түштүгүндөгү бийик тоо кыркасы) менен бирге дөө-перилердин өлкөсү катарында түшүндүрүлөт. Моңголдордун «Ганга — йин урусхал» («Ганганын агымы») аттуу жылнамасында Чынгызкан башка элдерди багынтуу менен бирге башы иттикиндей дене бою адам кебетесиндеги элди жеңгендиги тууралуу да маалымат айтылат.
ИТААЛЫ 3
13-кылымдын орто ченинде Борбор Азияга келишкен Европа саякатчылары Марко Поло менен Плано Карпини жазып кеткен маалыматтарда да И. жөнүндө уламыш бар. Мында ал элдин сырткы көрүнүшү адам кебетесинде болгону менен башы иттикиндей болуп, сүйлөшкөндө бир-эки ооз сөздү адамча сүйлөп, арасында итче үрүп айтчу, оюн эптеп түшүндүрөт имиш. П. Карпини Азиянын элдеринде айтылган укмуштуу мифтик жандыктар жөнүндөгү уламыштар боюнча алардын сүрөттөрүн да тарткан экен. Алардын ичинде И-нын да сүрөтү бар.
16-кылымдын башында жазылган өзбек акыны Мажлисинин «Киссаи Сайфулмулк» аттуу поэмасында итбоши (итбашы) жөнүндөгү окуя белгилүү орунду алат. Мажлиси бул поэмасына негиз кылып арабдын «Миң бир түн» деген чыгыш элдерине кеңири таралган жөө жомокторунун сюжетин пайдаланган. Ошондой эле элдик оозеки чыгармалардагы уламыштарды (И. жөнүндө да) да поэмага кайрадан иштеп киргизгендиги ачык байкалат. Себеби, Итбашы (И.) жөнүндөгү мифтик уламыш «Миң бир түн» жомогунда айтылбайт. Демек, бул итбашы тууралуу уламышты кийин өзү киргизгендиги даана эле көрүнүп турат.
Мажлисинин бул поэмасы эл арасына кеңири таанымал болгондуктан кол жазма түрүндө да таралып башка түрк элдеринде (татар, казак, уйгур, түркмөн) да анын өзүнчө улуттук версиялары пайда болгон.
ИТААЛЫ 4
«Киссаи Сайфулмулк» поэмасы «Калк китептери» деген серия боюнча 1-жолу 1883-ж., 2-жолу 1898-ж. Казанда басылып чыккан. 1916-ж. кыскартылган түрдө Ташкенде басылган. Бирок, поэма ушул сыяктуу кеңири белгилүү болуп коңшу элдерге да таралгандыгына карабастан, кыргыздарда өзүнчө версиясы болгондугу белгисиз. Ошондой эле эпостогу И. жөнүндөгү окуянын мазмуну менен Мажлискийдин поэмасынын ортосунда жалпылык жок экендиги сезилет. И. жөнүндөгү уламыштын бир версиясы алтайлыктардан жазылып алынган. Бул версияда И. моңгол тилиндеги аталышы боюнча «нохой артыны» («ит адамдар») деп аталат. Уламыш боюнча «нохой артыны» элинин аялдары өтө сулуу келип, кадыресе адам кебетесинде болот да, эркектеринин гана башы иттикиндей болот имиш. Арийне, алтайлыктардагы версиясы моңгол термини («нохой артыны») менен аталгандыктан, аны моңголдордон өздөштүрүлгөн деп эсептөөгө толук мүмкүн.
Мына ушул алтайлыктардан жазылган «нохой артыны» («ит адамдар») деген уламыштын мазмуну «Манас» эпосундагы «Итаалы жөнүндөгү окуя» менен бирдей, башкача айтканда генетикалык жагынан түздөн-түз байланышы бар деп айтууга болот. Эң негизгиси Нохой артыны менен И-нын жана алардын аялдарынын образдары (өтө сулуу) бир типте болушу түпкү чыгышы бир экендигин аныктап турат.
И. жөнүндөгү уламыш Түш. Сибирь менен Борб. Азияда жашаган түрк-моңгол элдеринде гана эмес, Орто Азия элдеринде (кыргыздар) да кеңири белгилүү болуп, өзүнчө версиясы таралгандыгы талашсыз. Ошондуктан Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу И. жөнүндөгү окуянын түзүлүшүнө кыргыз элинин өзүндө эле айтылып жүргөн уламыш негиз болгондугун белгилөөгө болот. Бул уламышты жомоктук окуяга айландырып, ыр түрүндө иштеп чыгуу менен «Манаска» кошумчалап киргизүү Сагымбай Орозбак уулуна таандык. Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу И. жөнүндө өзүнчө эпизод айтылуу менен бирге бул эл Көкөтөйдүн ашында да эскерилет:
Эргежээли, Итаалы —
Катыны адам, эркеги ит.
Кабарын уктум мен аны
Аларга кабар салбасын
(Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
Э. Абдылдаев
ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ - 1
— байыркы элдердин жашоо тиричилигинде азык-түлүк табуу максатында качырганын куткарбаган алгыр ит (тайган) жана атайын тапталган кыраан куштар менен аңчылык айбанаттарына ууга чыгуусу. Кыргыздар башка түрк уруулары сыяктуу илгертен эле мал чарбасы менен бирге аңчылыкты кесип кылып, азык-түлүктүн айрым түрүн аңчылыктан алган. Аң уулоо куралы колдонулушуна жараша атылма (жаа, мылтык жана башкалар) жана капкан, тор, тузак болуп бөлүнөт.
Алгач жаа, кылтак, тузак, тор колдонулса, кийин аңчылыкта милте менен атылма мылтык, капкан көбүрөөк колдонула баштаган. Кыргыз элинде тузак, капкан салуу, мергенчилик, мүнүшкөрлүк кылуу, бүркүт салуу, тайган агытуу дагы ушундай сыяктуу кеңири таркап, ар бири өзүнчө жарым-жартылай кесип катары эсептелген. «Манас» жана «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды» эпосторунда да И. а., к. с. өнөрү аңчылыктын өзүнчө түрү катары айтылат. Ошондой эле И. а., к. с. жөнүндөгү сюжет түрк-моңгол элдеринин эпосторунда байыркы доорлордон бери келаткан ардактуу салт катарында орун алышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ - 2
Алтайлыктардын «Маадай-Кара», «Боодый-Мерген» эпосторунун баш каармандарынын окшош эки кара бүркүтү, эки кара тайганы болгондугу айтылат. «Кан-Сулутай» эпосунда бүркүт, тайгандан башка аюусу да болот. «Алтай-Буучайда» эки боз шумкар, эки боз тайган сүрөттөлөт. Булар негизинен эпикалык баатырлардын ата-журтун душмандардан коруп, кароолчулук милдет аткарышат. Ошондой эле Алтай-Буучай аң уулоого эки тайганы менен барса, Манас да «Ит агыта, куш салып Жети жигит кошчу алып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 234) дегендей бардык варианттарда Кумайык баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир касиеттүү жаныбар катары сүрөттөлөт. Манас өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле Кумайык аза күтөт.
Семетей Букардан Таласка алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат. Кийин Семетей Кыястан жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп Алтай-Буучайдын эки боз тайганы сыяктуу Кумайык да эч кимди жолотпойт. Айрым изилдөөчүлөрдүн (Р. Сарыпбеков) пикири боюнча бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбардын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган иттин атрибуту Кумайыкка куштун атрибуту Акшумкарга айланган. Манас өлгөндө «алтын туурун талкалап, жибек боосун тытып, айды көздөй сызып» кетип калган Акшумкар Семетей эр жетип, элине келээр жолуна уя салып, «куу арыктуу дайрадан куу бөктөрүп», «капчыгайлуу зоолордон каз бөктөрүп», «Качып калган түлкүнү Шукшуруп алып Акшумкар «Келегой жетим» дегенсип» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 549-инв., 25-б.), Семетейди сагынычтуу тосуп алат.
ИТ АГЫТЫП, КУШ САЛУУ - 3
Эпосто Акшумкардын идеалдаштырылышы Семетей баатырдын бейкут тиричилигинде маанилүү роль ойношуна байланышкан. Анткени көчмөн уруулардын түшүнүгүндө бүркүт, кыраан куш адамдын байлыгы эле эмес, мартабасын да көтөргөн. Элдик салт боюнча эң бир орчундуу учурларда (согуш мезгилинде, уруулардын өз ара чатактарын басууда) кушту сыйлыкка тартуулашкан. Бул жөнүндө тарыхый материалдарда ачык маалыматтар сакталган. Мисалы, Моңгол жапырыгына байланыштуу маалымат боюнча кыргыздарга Чынгызкан элчилерин жиберип, багынып берүүсүн өтүнгөн. Кыргыздар макулдугун билдирип, Чынгызканга Акшумкар тартуулаган. Акшумкардын баалуу белек, жогорку сыйлык катарында канга тартууланышы Кыпчак талаасынын каны Жаныбектин алты шумкар баш болгон баалуу белектерди Мисир султанына бергени тарыхый факты менен да аныкталат.
Ошондуктан «Манастагы» Акшумкар менен Кумайыктын образынын салттык мүнөзгө ээ болушу бекеринен эмес. Айрыкча Акшумкардын образынын ачык элеске, өзгөчө мүнөзгө ээ экени «Семетей» эпосунда Семетейдин куш салуу сөөлөтүнөн көрөбүз. Салттык бул көрүнүш эпостогу окуянын жүрүшүндө майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлөт. И. а„ к. с-нун ардактуулугу жана баалуулугу көлдөгү кууга салган Акшумкарды Айчүрөктүн амал менен алып кетиши, дайынсыз жоголгон шумкары үчүн Семетейдин күйүткө түшүп кайгырышы, аны жер жүзүнөн издетмекчи болгону, «Шумкар табылмайынча жер кезем, дүйнөмдү чачам» деген сөзүнөн таасын сезилет. Демек, «Манас» бөлүгүндө коллективдүү аңчылыктын салбырын сыяктуу байыркы түрү сакталса, «Семетей» чагылдырган тарыхый шартта И. а„ к. с.-нун эс алуу, ден соолук чыңоо, көңүл ачуу үчүн мааниси чоң.
Буга түрк-моңгол элдеринде И. а, к. с. байыркы мезгилден тарта эле ардактуу өнөр-кесип болгондугу, баскынчы кандарга Акшумкар тартуулап адилет элдин жоодон чабылбай аман калгандыгына жогоруда келтирилген тарыхый фактылар далил болсо, элдик эпостон орун алган, мисалы, Алтай-Буучайдын эки боз тайганы менен эки боз шумкары ата-журтун душмандардан коруганы жана Семетейдин ууга чыгып Акшумкарды жоготушу, аны азап менен табышы кыраан куштардын жогору бааланышынын айкын күбөсү боло алат.
С. Алиев
ИТ-ИЧПЕСТИН АЛА-КӨЛ
— топоним. Эпосто бирде: «Уркун, Эртиш эки суу Калмактын жайы мына бу, Ит ичпестин көлү бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260),— деп айтылса, экинчи бир учурда Ала-Көл делет. Мисалы бала чакта ойноп кетип, атасы Жакып аны Үч-Арал жолунан издеп «Алыскы жолго салганбы, Шумурай, Ала-Көл кетип калганбы?» (Сагымбай Орозбаков, 1. 216—217),— деп айтылса, Радлов жазып алган вариантта И.-И. А.-К. деген толук формасында «Баатыр Манас тентеги Ит-Ичпестин Ала-Көл Ит агытып, куш салган» (Радлов жазып алган вариант, 166),— деп кездешет.
«Манастын» кийинки жазылган варианттарында бирде Ала-Көл, бирде Ит-Ичпестин көлү деп берилсе, революцияга чейинки Радлов жазып алган вариант менен Валиханов жазып алган эпизоддо И.-И. А.-К. деген толук формасы берилет. Валиханов жазып алган эпизоддо төмөнкүдөй айтылат:
Андан ары чыккамын
Ит-Ичпестин Ала-Көл
Суу түбүнө түшкөмүн
Кырк кулактуу мыс кармап
Алып чыгып бергемин
(Валиханов жазып алган эпизод, Кол жазмалар фондусу, 5187инв„ 64-б.).
Ала-Көл аттуу көл «Мажму ат-таварихте» Жолой менен Манас урушкан эпизоддо эскерилип кетет («Мажму ат-таварих», В. Ромодиндин котормосу. Кол жазмалар фондусу, 5154-инв., 68-б.). «Манастан» тышкары кыргыз эпикалык чыгармаларында И.-И. А.-К, аттуу көл «Жаныш-Байыш», «Эр-Төштүк», «Жоодарбешим» эпосторунда да кездешет. Географиялык реалияда И.-И. А.-К. Казакстандын чыгышындагы көл.
И. Молдобаев
ИТ-КЫЯ
— топоним. Кыястын Тоотору аты «Медиянын көлүнөн, Ит-Кыянын белинен Кайыбынан кабылгандыгы» (Курама варианты, «Сейтек», 107-б.) айтылат.
ИТ-ӨЛБӨС
— топоним. Алтайдагы кыргыздар Ала-Тоого көчүп келгенде И.-Ө чөлүнүн аты аталат. Элдик оозеки чыгармачылыкта адам жашай албас кыйын жер катары көп кездешет.
ИТ-ӨЛӨР
— топоним. Каныкей Тайторуну чапканда байгеге кошулган күлүктөр басып өткөн чөл. «Ашып түшсө ар жагы Ит-Өлөрдүн чөлү ошол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 89).
ИТ-ТОРПУ
— топоним. Каныкей Тайторуну чапканда байгеге кошулган күлүктөр басып өткөн татаал жолдордун бири: «Ит-Торпунун жолунда, Кезең-Кырдын оюнда, Санап көрсө Тайтору, Келе жатат бууданың Алтымыш аттын соңунда» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 89).
ИЧТЕН ТУЮНТУУ
«Манас» айтуу өнөрүндө. «Манас» айтууда манасчы актёрдук өнөрдүн И. т. (переживание) принцибин пайдаланат. Бир да образ көрсөтүп туюнтуу (представление) аркылуу жаралбайт. «Манас» айтып жаткан аткаруучу сөзсүз түрдө кейипкерлеринин «терисине кирип» кетет да, образды анын ички ал-абалын көрсөтүү аркылуу жаратат. Ошон үчүн манасчынын эмоциялык абалы өзгөчө концентрацияланган деңгээлде турат. Манасчы каарманы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо муңга чөгөт.
Маселен, Каныкейдин Тайторуну чапканын айтканда Саякбай Карала уулунун көзүнөн бурчактаган жаш кетип, өңү буркураган муңдуу абалга келет Же болбосо Манас жоосун жеңип кубанып турганда манасчы жадырап-жайнап, үнү шаңдуу чыгып, жигерденип калат. Айтуучу жеке эле кейипкеринин ички ал-абалын көргөзүп гана тим бөлбөйт, ал өзү да чын дилинен кошо кубанат, кошо кайгырат (сопереживание). Бул принцип да актёрдук өнөрдүн бир белгиси болуп эсептелет.
ИШЕНОВ Сагынбек
(1934, Чүй району, Бурана айылы) — кыргыз совет сүрөтчүсү. Кыргыз ССР искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). Фрунзе сүрөт окуу жайын (1955), Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн (1961). «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү (1961 — 76). И. сүрөтчү-коюучу катары «Улуу эпос» аттуу кино очеркти көркөмдөгөн. Сагымбай Орозбак уулунун портретин тарткан («Элес», 1963; жиповись, к. Сагымбай макаласынын баттамасын).
1977-ж. Кыргызстанда биринчи мультипликация тобун уюштурган жана жетектеген.
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 1
— кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы өз алдынча салттуу жанр. Негизинен үч чоң топко бөлүнөт, алар өз ара бир канча түрлөргө ажырайт. 1) Үйлөнүү үлпөтүнө, бүлөчүлүккө байланыштуу ырлар: той баштаар, токмок салуу-жар көрүштүрүү, жар-жар, көрүшүү, келиндин бетин ачуу, отко киргизүү, бешик ыры. 2) Үрпадат ырлары: нооруз, жарамазан, ырым-жырым (эм-дом), алкоо, бата-каргыш. 3) Жоктоо ырлары: керээз, угузуу, кошок, көңүл айтуу. Мындан башка жар чакыруу, саламдашуу, коштошуу сыяктуу салттык ырлардын башка да түрлөрү бар.
К.-с. ы-нын багытына, мазмунуна карата аткарыла турган орду жана жанрдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык көтөрө турган социалдык-турмуштук, көркөм эстетикалык жүгү болуп, салт-санаалык жөрөлгөлөр менен коштолуп аткарылат. Саламдашуу, коштошуу, жар чакыруу, каргыш, алкоо-бата (к. Алкыш) сыяктуу түрлөрү «Манаска» да кирип, эпостун жанрдык табиятына ылайык баатырдык темага баш ийдирилип, чыгарманын идеялык-мазмундук өзөгүнө сиңип кеткен. Айрыкча керээз, угузуу, көңүл айтуу сыяктуу жоктоо ырларынын эпоско киришин чыгарманын мазмундук өзөгүндө орчундуу орунду ээлеп, чыгарманын идеясын тереңдетип угуучуларга жеткирүүдө, көркөм, эстетикалык таасирин арттырууда мааниси зор. Дегеле манасчылардын К.-с. ы-н пайдалануусу жөн жай кооздук же ар түрдүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир чыгармачылык максатты көздөйт. Бул же тигил окуянын маңызын ачып, эмоциялуулугун арттырууга, турмуштук көрүнүштөрдү көтөрүңкү эпикалык-баатырдык маанайда баяндоодо пайдаланылат. Мындай жагдай кандайдыр бир деңгээлде салттык ырлардын жанрдык табиятынын жаңыланышын аныктайт.
Саякбай Каралаевдин вариантында Манас баатырдын Алмамбет, Сыргак, Чубак баштаган чоролорунун теңдешсиз кармашта шейит болгонун элге, алардын жесирлери Арууке, Бирмыскал, Бурулчага өкүрүп ыйлап угузуп турганы армандуу жоктоосу, жесирлердин муң-зары жана айкөлүнөн ажырап, жалгыз уулу Семетейди каякка качырып баш калкалатарын билбей жан алакетке түшүп турган Каныкейдин армандуу кошогу, эл атасы Кошойдун Манасты жоктоосу, Алмамбет менен Манастын армандуу керээзи жогорку көркөмдүктө, терең психологизм менен берилген. Философиялык терең мазмунга ээ Көкөтөйдүн керээзи (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) да угуучуларды кайдыгер калтырбайт. Бирок, «Манастын» бардык эле варианттарында К.-с. ы-нын алган орду, көтөргөн жүгү бирдей эмес.
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 2
Ал ар бир манасчынын талантынын күчүнө, чыгармачылык баамынын кеңдигине жараша ишке ашат. Мисалы, Радлов жазып алган вариантындагы К.-с. ы-нын стили турмуштук ырларга көбүрөөк жакын болуп, баатырдык тема ачык көрүнбөйт. Бул Манастын өлгөнүн (биринчи өлүшүн) Алмамбеттин Жакып канга угузуп турган жеринен, Манастын керээзинен көрүнөт. Тескерисинче Саякбай Каралаевдин вариантында жоктоо ырлары күчтүү айтылып, салттык ырлардын чегинен чыгып, баатырдык эпостун табиятына баш ийдирилип, багыты, стили жаңыланган. Буга Саякбай Карала уулунда Манастын Алмамбетти жоктоосу ачык күбө. Мисалы,
Алтын айдар чок белбоо
Алмамбет достум, ала жат,
Колоттогу карагат,
Кол кармашып кеткенге
Кокуй күн Алмам,
ала жат сыяктуу салттуу ыр саптарын баатырдык эпостун салмагын көтөрө турган:
Алакем, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Каран түн түшкөн Бээжиндин
Кадимки жолун ким баштайт?
Өңдүү ыр жолдору менен бекемдеши чыгармадагы баатырдык идеяны тереңдетет. Армандуу ыргакта айтылган Кошойдун Манасты жоктоосу да баатырдык теманы тереңдетип, көркүнө чыгарат. Кошой Манастан мурун өлбөй, айкөлдүн артында калганына, башчысыз калган кыргыздын тагдырына жаны кейип, аңгырап ыйлап, муңдуу жоктойт:
Манасым, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Алакандай журтумду,
Муну капа кылбай ким баштайт?
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким аштайт?
Тозок келсе кытайдан
Береги толкуп жаткан журтумду
Тополоң кылбай ким баштайт (Саякбай Каралаев, 2.246).
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 3
Каныкейдин кошогу да кадимки салттуу поэзиянын нугунда айтылат: «Кара чачы жайылып, кандуу бети жыртылып», кара кийип кайгыга баткан кан баатырдын жесири асылынан айрылгандагы армандуу күйүтүн кошокто чагылыштырат. Саякбай Каныкейдин күйүтүн төрт сап ырда эле апыртуу ыкмасы менен таасын тартат. Айкөлүнөн ажыраган Каныкей «тарак тийбес кара чачынан» жулуп ыргытканда «тал-тал токой бүтөт», көз жашынан «дайра болуп кара суу агат». Бирок, кантсе да кошокто аялдын жеке кайгысына караганда баатырдын артындагы туягы жаш, башчысыз калган кыргыз калкынын тагдыры, келечеги жөнүндөгү ой, ата журт темасы алдыңкы катарга чыгат:
А дүйнө кеткен сен болдуң,
Азапты тарткан мен болдум.
Береги кара жаак айбалтаң,
Кайкалатпай ким аштайт?
Сурап ичсе тойбогон,
Сугалагын койбогон,
Аргын кыргыз элиңди
Тополоң кылбай ким баштайт?
(Саякбай Каралаев, 2.249).
Эпосто өз орду жана чыгармачылык чеберчилик менен колдонулган жоктоо ырлары окуянын кульминациялык чегин, башкача айтканда жалпы кыргыз журтчулугунун башына күн түшүп тургандыгын угуучулардын сезимине жеткирүүдө зор роль ойнойт. Эпосто берендерден ажырап, казаттан кайгылуу кайткан Манаска Каныкейдин көңүл айтуусу кадимки каада-салт ырынын нугунда, салтында түзүлгөн. Мазмуну, формасы жагынан элдик көңүл айтуу ырына жакын.
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 4
Саякбай Каралаевдин вариантында окко учкан чоролорунун сөөгүн жерге тапшырып, алапайын таппай жер жаңыртып, өкүрүп турган Манаска Каныкей нускалуу сөз таштайт. «Телегейи тең да өтүп, ааламды гана бузган шер да өтүп» дүйнөгө түркүк болгон адамдын жоктугун, Чубак, Сыргак, Алмамбет айта берсе түгөнбөс асыл эрлерден экендигин баяндай келип:
Эчен бир дөбө жер өткөн,
Баатыр ай, ал эмес атабыз
Адам тең өткөн.
Өткөнгө өксөгөн менен айла жок,
Кеткендерге кейиген менен пайда жок
(Саякбай Каралаев, 2.225),
— деп, баатырдын көңүлүн жубатат.
К.-с. ы-нын байыркы түрүнөн болгон керээз (Көкөтөйдүн, Алмамбеттин, Манастын) көпчүлүк манасчылардын репертуарынан орун алса да, ар бир вариантта ар кандай көлөмдө, ар башка көркөмдүк деңгээлде, мазмундук айырмачылыктары менен айтылат (к. Керээз). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн керээзи лирика-эпикалык деңгээлге көтөрүлсө, Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын керээзи көлөмдүү, мазмундуу жана көркөм айтылып, эпостун корутунду бөлүмүнүн окуясынын өнүгүшүндө ролу чоң. Радлов жазып алган вариантта Манастын бир уядан жалгыздыгына басым жасалып, керээз турмуштук эпостун стилине жакыныраак айтылат. «Манаста» алкыш-бата, каргыш, ант берүү сыяктуу байыркы каада-салттык ишенимдерге байланыштуу түзүлгөн афоризмдик курулмалардын поэтикалык формалары кеңири орун алып, эпостун табиятына ылайык көбүнесе баатырдык мүнөз алып, алардын жанрдык мүмкүнчүлүгү бир топ кеңейген. Мисалы,
Кабылан болгун, шер болгун,
Казына мүлкүң тең болсун,
Касташкан жооң кем болсун.
же
Ок өтпөгөн тондуу бол,
Ок жетпеген аттуу бол.
же
Жолуң кыдыр шар болсун,
Жолдошуң кызыр эр болсун,
Телегейи тең болсун,
Теминишкен душманың
Теги кырылып, кем болсун
жана башкалар. Кан Кошойдун Каныкейге берген батасында айтылыш формасында, структурасында салттуулук толук сакталгандыгына карабастан, айрыкча Саякбай Каралаевдин вариантында батанын багыты, мазмуну бир топ кеңейип, көркөмдүгү арткан:
Бу Семетей эр болсун,
Кара кулак шер болсун,
Эңкейиштен эр сайсын,
Эченди катар бир сайсын!
Телегейи тең болсун,
Теңиз Манас тукуму
Атасындай шер болсун!
Белеске күйгөн от болсун!
Бет алган душман жок болсун
(Саякбай Каралаев, 2. 46).
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ 5
«Манас» эпосунда саламдашуу, коштошуу сыяктуу К.-с. ы. негизинен чыгарманын мазмундук өзөгүнө сиңип, каармандардын өз ара пикир алмашуу, сүйлөшүү каражатына айланып, стили да ошого ылайыкташып кеткен. Айрым учурда салттык саламдашуу ырлары эпостун каармандарынын кулк-мүнөзүнө, пикир алмашуунун багытына ылайык поэтикалык мүнөз алып, байыркы формасын сактап калган.
Урааның ким, дайның ким?
Уругуң ким, айлың ким?
Тукумуң ким, дайның ким?
Балам, туура чыккан айлың ким?
Балам, киндигиң кескен жериң ким?
Балам өнүп өскөн элиң ким?
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.226).
Жар чакыруу — салттык ырдын калк арасына кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Манасчылардын көпчүлүгүнүн репертуарынан орун алып, Көкөтөйдүн ашында чабыла турган тулпарлар, аштагы оюн-зооктун сыпатталышы, жеңүүчүлөргө берилүүчү байгелер жөнүндө кабарлоо өзүнчө бир социалдык, таанытуучуэтнографиялык жана эстетикалык мааниси бар көркөм дүйнөнү түзөт (к. Жар чакыруу).
Эпостун идеялык-мазмундук, поэтикалык системасында К.-с. ы-нын ээлеген орду, көтөргөн жүгү ачык көрүнүп турат.
Б. Кебекова
КААПЫР
кьаапыр (арабча кьафир — динсиз) — ислам динин тутпаган элдин жалпы аталышы. Бардык варианттардагы окуяларда эскерилет. Эпос боюнча кыргыздар жана ага канатташ калктар, уруулар мусулман катары каралса, душмандар — кытай, калмак, ойрот, маңгул жана башкалар К. деп аталат. К. диний-этникалык жалпы ат катары колдонулуп, тяш боор, кара мүртөз, өзүмчүл адамдар да К. аталган. К. өзүнүн диний маңызынан ажыратылып, «акылсыз», «эссиз», «түркөй», «ыймансыз» маанисинде да колдонулат. Мисалы, кытайдын эр Жолою өз жылкычыларына «ат минбеген каапырлар...» деген ачуу сөз айтат (Сагымбай Орозбаков, 4. 313). Байбичеси Чыйырдыны бай Жакып: «Эсирген кандай каапырсың?» (Сагымбай Орозбаков, 1.19),— деп жемелейт.
КААР АЯР
— эпизоддук кейипкер. Калмак аяры жана Култаңдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2.33).
КААРМАНДЫК 1
«Манас» эпосунда эстетикалык көрүнүш катары өтө маанилүү, орчундуу орунду ээлейт. Бул жагдай кыргыз элинин көп кылымдык тарыхый жолундагы «жоокерчилик заман» деп аталган урунттуу окуяларды, жалпы эле жашоо үчүн күрөшкө жык толгон турмушун чагылдыруу менен тыгыз байланышкан. К. — эстетикалык категория катары адамдар жамаатынан (социалдык топ, тап, эл) чымырканган рухий жана кара күчтү, кайраттуулукту, жан аябастыкты талап кылган коомдук мааниси бар зор иштердин аткарылышын түшүндүрөт. Турмуштук көрүнүш катары булар «Манас» эпосунда конкреттүү сүрөттөөлөргө ээ. Эпостун мазмунунда элдин бийик максатка, тилеген тилекке, эң жогорку гуманисттик идеалдарга умтулушу баатырдык жан аябастык, тайманбастык, эрдик, жалтанбастык, ноюбастык, кайраттуулук, жанын кыюу менен коштолуп келип, кеңири планда көрсөтүлөт.
Нукура К., эрдик, кайраттуулук, кайра тартпастык асыресе Манаска, анын чоролоруна өтө мүнөздүү. Мындай баатырдык белгилер башкы каарман Манаска туулгандан эле ыйгарыла баштайт. Анын алгачкы К-ы калмактар Жакыпты кордоп, жылкысын тийип жаткан учурда мындай зомбулукка чыдап тура албай, аларды тике качырып кирип, башчысы Кортукту кошуп калмактардын катыгын бериши, Манастын мүнөзүндөгү К-тын калыптанышы ушул алгачкы эрдиктен башталат. Оңойго турбаган ушул К-тан соң ал атасынан кыргыз уруулары кантип талкаланып, таланып туш-туш тарапка айдалып, өсүп-өнгөн жеринен, мекенинен алыста жүрүшкөндүктөрү тууралуу угуп, намыс-арына келип, элине мурункудай эркиндикти, күнкорсуздукту алып берүүнү өз алдына максат кылып коёт. Манастын нукура баатырдыгы, жекече эрдиги, майышпас кайраттуулугу анын Эсенкан жиберген калмак-кытай колу менен согуштарында ачык көрүнөт. Анын:
Тегерегин карабай,
Теги жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Күрдөөлдүү башым барында
Күлүгүм кантип берейин,
Күчөгөн экен бул калмак,
Мен бир күлжүктөшүп көрөйүн
(Саякбай Каралаев, 1.72),
— деп турушу өз элинин чыныгы патриоту экендигин жеке керт башынын эмес, асыресе жалпы кыргыз эли үчүн, анын эркиндигин коргоого анык бел байлап чыккандыгы, ал үчүн өмүрүн да кыюуга даяр экендигин айгинелейт. Келечекте Манастан катуу сокку жээрин билген Эсенкан аны жок кылуу үчүн нечен ирет тыңчыларын, аскерлерин жөнөтөт. Бул кырчылдашкан согуштарда Манас өзүнүн жеке эрдигин аскер ишине жетекчилигин айкын далилдейт. Манастын мүнөзүндөгү К. бөтөнчө «Чоң казат» «Кичи казат», окуяларында даана көрүнөт. Ал теңдешсиз салгылашууда кытайлардан болгон жеңилүүнү эч калтаарыбастан, өтө кайраттуулук менен кабыл алат.
КААРМАНДЫК 2
Эң акыркы кармаштарда жаралуу экенине карабастан Манас чоролоруна аралаша жүрүп дем берип, алардын окко учуп набыт болгондугун терең кайгыруу менен элге угузат. Мейли согуштук кырдаалда, мейли байкерчилик турмушта болсун Манастын айкөлдүгү менен Кынын айкалышып турушу анын ыймандык бийик сапатын айгинелейт. К. мүнөз эпосто Кошой, Алмамбет, Сыргак, Чубак, Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Сейтек жана башкалар көптөгөн каармандарга тийиштүү. Мисалы, мындай сапат Каныкейде анын акылмандыгында, кыраакылыгында, уздугунда гана эмес, жекече көрсөткөн баатырдык, эрдик, ноюбастык аракеттеринен да көрүнөт.
Чындыгында, Манасты Манас кылган Каныкей. Анын ок өтпөс тону — Аколпок баш болгон жоо кийимдери Каныкейдин колунан чыккан, Каныкейдин берген туура кеңештери Манасты көптөгөн кыйын абалдардан куткарат. Ал керек учурда Манастан кем калбаган эрдик иштерди жасайт. Бир нече жолу Манасты өлүмдөн куткарып (мисалы, Көзкамандардан жана башкалар), кыйын кезеңде Семетейди сактап калып, тарбиялап, эрезеге жеткирүү үчүн жасаган албан иштери — накта кайраткерликтин белгиси. Семетейдин Таласка келип, атасы Манастын ишин улантуу үчүн болгон кыйын күрөшүндө да Каныкейдин ролу өтө зор. Мында Каныкей баласынын кеңешчиси, насаатчысы гана эмес, ошондой эле жоо жарагын байланып, колуна курал алып, душманга каршы чыккан жоокер катары да көрүнөт. Манастын жогунан пайдаланып, элди оңду-солду бийлеп калган Абыке, Көбөштөр Семетейдин тынчтык, ынтымак менен бийликти алышына каршы туруп, кырк чорону баш кылып кол курап, анын ордосуна кол салат.
Ошондо:
Берен энең Каныкей
Алмамбеттин Сырбараң
Ала коюп колуна
Оңго ооп бир атып,
Он эчесин сулатып.
Солго ооп бир атып,
Солтондорун кулатып,
Катындыгын билгизбей
Абыке, Көбөш иттерди
Ал ордого киргизбей
Эпсиз эрдик кылды эми
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.321).
Каныкейдин бүткүл турпаты бардык жагынан К. аракеттер менен каныктырылган. Мындай ыймандык сапат тигил же бул даражада эпостогу башка аялдардын образдарында да учурайт (Сайкал, Куялы жана башкалар). Эпостогу К. тууралуу айтканда Бакайды унутууга болбойт. Ал — эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн дээрлик бардык окуяларына катышкан негизги каарман. Бакай эпосто Манастын жоокер чоролорунун бири гана эмес, эң башкысы — элдик акылман катары ага туура жол көрсөткөн, туура кеңеш берген, турмуштун жаман-жакшысына, ысык-суугунда да кыябынан жазбаган көсөм, насаатчы экендиги менен баалуу.
КААРМАНДЫК 3
Манастын Манас болушунда Каныкей сыяктуу эле Бакайдын да ролу чоң. Жеке турмушунда да, ички жана тышкы душмандар менен айыгышкан күрөштөрүндө да ал Манастын жаңылыштыктарын өз учурунда эскертип, туура жолго салып турат. «Каныкей алсаң оңосуң, Калкка бааша болосуң» (Саякбай Каралаев, 1.235),— деп Манастын Каныкейди алышына себепчи болгон да Бакай, Манасты чабабыз деп күүлөнүп келген алты кандын колу менен Манастын кырк чоросунун ортосунда боло турган кандуу кагылышты да Бакай токтотот. Бакайдын акылмандыгы, гумандуулугу канатташ жашаган же жеңилген элдердин мал-мүлкүн тартып алууга дайыма каршы тургандыгынан, алар менен ынтымакта жашоого умтулгандыгынан да таасын байкалат.
Ал согуштарда жекече эрдиктерди да көрсөтөт. Бирок, анын аскердик татаал иштерди акыл менен абдан таразалап, калыс чеЧе билгендиги көпчүлүк учурларда накта эрдикке тете. Маселен, Чоң казатка бараткан жолдо Чубак менен Алмамбеттин чатагын басуудагы ролу, жалпы эле баатырлардын стратегиялык жактан кетирип жаткан жаңылыштыктарын ишенимдүү далилдеп көрсөтүүсү чыныгы К. болуп саналат. Бакайдын «алты ай келер азапты» алдын ала билип, аны болтурбай коюу кудурети, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, ийрини түзөгөн ашкере ишкердүүлүгү — накта баатырдыктын белгиси. Ал ушуну менен гана чектелбей, жоо кийимин кийинип, курал-жарагын байланып, дайыма окуялардын кайнаган жеринде жүргөн кармаштардан кайра тартпаган жоокер десең жоокер, кысталышта айла тапкыч айлакер, ички, тышкы душмандар менен болгон чыр-чатактарын, кагылышууларын кан чыгарбай, эки жакты тең абыгер чекпегендей адилеттүү жайгаштыра алган акылман десең акылман, эртеңки күндө, келечекте эмне болорун алдын ала билген көсөм десең көсөм.
Бакайдын К-ы асыресе кыргыз элинин биримдигин бекемдөө, көз каранды эместигин чыңдоо үчүн күрөшкөн Манас, Семетей, Сейтекке да чоң өбөлгө болуп бергенинен ачык көрүнөт. Бакай өзүнүн бүткүл эмүрүндө аларга ак кызмат өтөдү. Бул анын жалпы кыргыз эли үчүн жан аябай эмгектенгендиги катары бааланат. Эпосто мейли окуяларды сүрөттөөдө, мейли образдарды сыпаттоодо болсун дайыма К. аракеттер үстөмдүк кылып турат. Мунун өзү кыргыз элинин байыртадан башынан кечирип жаткан жоокердик, баатырдык турмушу менен шартталып олтурат. Жашоо үчүн болгон күрөш жоокерчилик заман ошол мезгилде эркекти да, аялды да, жашты да, карыны да кыйынчылыктарга дайыма даяр турууга үйрөткөндүктөн, душмандан кайра тартпоо, эрдик кылуу аларга көнүмүш болуп, улам кийинки урпактарга сакталып келе берген. Эр жүрөктүүлүк, тайманбастык, Ата журт үчүн курман болууга даяр туруу, башка түшкөн ар кандай кыйынчылыктарга моюн сунбай, жеңе билүү сыяктуу сапаттар элдик рухий күчкө, ноюбас тирекке айланган.
КААРМАНДЫК 4
К. көрүнүштөр, башкача айтканда жоокердик дух менен жашоо, күжүрмөн даярдыкта туруу эпосто жалаң эле согуш учурларында эмес, тынч эмгек өкүм сүргөн, кадимки турмуш-тиричилик шарданында да таасын байкалат. Маселен, Манастын Каныкейге үйлөнүшү же Көкөтөйдүн ашы сыяктуу окуяларда адамдардын мыкты сапаттары даңазаланат. Көкөтөйдүн ашындагы кеңири көрсөтүлгөн жамбы атуу, эр сайыш, балбан күрөш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар курч өткөндүгү, адамдардан шамдагайлыкты, туруктуулукту, кажыбас кайратты, баатырдыкты талап кылгандыгы менен айырмаланат. Мындагы таймашуулар согуштагы эрегишүүлөрдөн, карама-каршылыктардан кем калган эмес. Мөрөй, жеңиш үчүн, намысты алдырбоо үчүн керек болсо кээде өмүрдү кыюуга чейин барган учурлар кезигет. Манас менен Коңурбайдын сайышында Манас, Кошой менен Жолойдун күрөшүндө Кошой өздөрүнүн каршылаштарын шамдагайлыгы, ыктуулугу, күчтүүлүгү менен гана эмес, намыс үчүн жан аябаган рухий тырышчаактык артыкчылыгы менен жеңишет. Манастын ордо ойногон кырк чоросунун өз ара мелдештериндеги таймашуулар кээде чыныгы сагылаштарга да окшоп кетет.
Кыргыз эли уул-кыздарын дайыма «эл четинде, жоо бетинде» болууга тарбиялап келген. Ар бир үйдө жоокердик куралдардын илинип, жоокердик аттардын токулуу даяр турушу жашоонун, турмуштун көнүмүш көрүнүшү болгон. Мына ушундай шарттардын негизинде элдин аң-сезиминен орун алган, ишенимине айланган каармандын ишмердүүлүк жөнүндөгү ой-пикирлери калыптанган. Жыйынтыктап айтканда, адамдын эң жогорку жетиктиги, кажыбас кайраттуулугу, тайманбастыгы тууралуу түшүнүк катары «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылат. К. өзүнүн мазмуну боюнча коомдук болумушту, адамдардын социалдык багытталгандыгын аныктап турат.
О. Исмаилов
КАБА Атабек уулу
(1926, Тоң району, Төрткүл айылы) — манасчы. Он жашынан «Манас» айта баштаган. «Манас» айтып калуусун көпчүлүк манасчылардай эле кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат. Ал түшүндө атынын жалы жерге тийген ак сакалдуу, ак калпакчан абышканы көрөт. Алыстан жер дүңгүрөткөн дабышты угат, ал дабыш улам жакындаган сайын найза, айбалта кармаган атчан кол болуп алыска жоо кууп бараткандай өңдөнөт. Кара чаң чыгып боз үйдүн керегелери качыр-кучур этип жер титирегенсийт. Маңдайындагы ак сакалдуу абышка колунан балага бир нерсе берет да «Жегин, жебесең атка сүйрөтүп, жоонун артынан алып кетем», — деп катуу өкүм менен айткандыктан бала коркконунан колундагы нерсени шашып жей баштайт. Какап-чакап жеген нерсеси кумга окшоп куюлушуп турду деп эскерет. Эми мындан ары айкөл Манасты айтасың, айтпасаң кайра келип майып кылам деп көздөн кайып болот.
Эртеси эртең менен ойгонуп эч кимге айтпай коргондун артына барып түндө көргөн түшүн элестетип Манасты кандай айтам деп ойлонот, ары-бери басса эле Манас айткысы келет. Анын манасчы катары калыптанышына белгилүү манасчы Саякбайдын таасири тийген. К-нын айтуусундагы «Манастын» үзүндүлөрү чоң-чоң окуялардын чиелениши жана көркөм образдарынын чечилиши жагынан Саякбайдын вариантына үндөшүп турат. «Манас» айтуудагы обондун созулушу же буркан-шаркан түшүп, отурган жеринен козголуп, колду жаңсап айтуусу да Саякбайдын манерасындай. Белгилүү манасчы Мамбет Чокмор уулуна жолугуп таасир алган. Андан 1962-ж. «Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунан «Жылкы тийүү» окуясы жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 247-инв.). Жалпы сюжети көл мектебинин чоң манасчыларыныкына өтө жакын.
Ж. Сагынов
КАБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Ашаң дөөнүн атасы деп гана айтылат (Курама варианты, 1.121).
КАБАК
— топоним. Манас жердеген Таластагы Ак-Чийдин бир бурчу. Каныкей, Чыйырды, Семетейди Букарга качырмак болгон Бакай Кабак, Ак-Чий боюндагы Манастан калган жылкылардын ичинен Тайторуну кармап Каныкейлерге алып барат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 45). Географиялык реалияда К. — Ак-Чий азыркы Талас шаары турган чөлкөм.
КАБАКАРТ
— топоним. Манас төрөлгөндө Жакып алыс, жакын туугандарын түгөл чакырып башын коштурмак болуп Сарыколдогу кыпчактарга кабар жиберилгенде кошо аталган жер (тоо, ашуу).
КАБАНДАР
— топоним. Манас баатырга өзү катылган Шоорук кан анын каарына чыдабай 60 миң колу менен качып баратып эки күн, эки түн басып өткөн жол (Сагымбай Орозбаков, 2.215).
КАБАРТ
— эпизоддук кейипкер. Эпосто жоо тараптан кол башчы баатыры катары эскерилет (Курама варианты, 1.164). КАБАТАЙ — эпизоддук кейипкер. Ороздун ыркы жок он уулунун сегизинчиси (Сагымбай Орозбаков, 1. 190).
КАБИЛ-КАБУЛ
— топоним. «Өзү келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан жеңилиши» окуясында: «Башы Маймун калаасы, Азыр жердеп турганы — Таш-Котон, Кабил арасы» (Курама варианты, 1. 150),— деп Шоорук жердеп турган жердин бир чеги катары айтылат. Географиялык реалияда Ооганстандын борбору — Кабул.
КАБЫКЕ
— кырк чоронун бири. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда гана Каратүлөө Кабыке делип кырк чоронун катарында саналат (Сагымбай Орозбаков, 2. 420).
КАБЫЛ
— эпизоддук кейипкер. Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө Атемирдин үч уулунун бири экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 384). КАВАК, Кувак — топоним. «Мажму ат-таварихте» Манас баатыр Жолойдун кол башчысы Жондолой (Чондолой) менен согушканда аталат.
КАДООБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Ошпурдун айлында жашаган кыргыз. Жакып Манасты Ошпурга бергенде, К-дын баласы Чегебай экөөлөп козу кайтарсын дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 111).
КАДЫРБАЙ
— эпизоддук кейипкер, жедигер элинин баатыры. Жедигер эли Канчорону кан көтөргөндө ал отурган килемди Кыяс, Төлөбай, К. үчөө көтөрүп келет. Семетей кайып болгон согушта Төлөбай экөөнү Күлчоро өлтүрөт (Курама варианты, «Семетей», 310—311).
КАДЫРСЕЙИТ
— эпиозоддук кейипкер, сабаттуу адам (молдо). Бээжинге казатка бараткан колдун тизмесин К-ке окутса, Тазбаймат Манасты унутуп койгон болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 170).
КАЖЫРТЫ
— топоним. Нескара менен Манастын урушун баяндаган окуяда эскерилет. Согушта Нескара качып кутулат. Ошондо бошотулган Маңгулдарга Манас баатыр К. деген жерге отурукташып жашоону сунуш кылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 211).
КАЗАТ
(арабча газават, — ыйык согуш) — ислам дини үчүн мусулмандардын жүргүзгөн ыйык согушу. «Манаста» салттуу түрдө поэтикалык термин катары кеңири колдонулат. Эпостогу:
«Калдайдын уулу капырга
Кан Коңурбай баатырга,
Казат кылсак кантет»
(Сагымбай Орозбаков, 4. 58),
Аттанып чыкты кан Манас
Кырк чоросу кашында,
Бээжинге казат кылам деп,
Элүү эки жашында
(Саякбай Каралаев, 2. 83),
Калың казат көп кыргын,
Дагы тарткан сүрөткө
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 221),
— деген саптардан К. өзүнүн түпкү маанисинде колдонулгандыгын баамдоого болот. Ошондой эле К. эпосто диний мааниде эмес жөнөкөй эле кадыресе «согуш», «уруш», «кан майдан», «чабуул» деген мааниде колдонулгандыгын төмөнкү саптар айкын далилдейт: «Казат десе камданып, Каршы жоого чыкчусу» (Сагымбай Орозбаков, 2.150), «Казатка барды деп жүрсөң, Калгандын камын жеп жүрсөк, Казат деп мурун барыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 155), «Казаттын жолун билбеген Капилет өскөн калктыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 203). «Манаста» кеңири колдонулган бул термин эч кандай түпкү маанисине семантикалык жактан туура келбейт. Эпосто эпикалык термин катары гана колдонулган. Ошондуктан, диний катмарларды көбүрөөк киргизген деп эсептелип жүргөн Сагымбай Орозбак уулунун вариантында да салттык түрдө айтылып келаткан «Чоң казат» деген эпикалык термин ага синонимдик маанидеги «Чоң чабуул» деген термин менен аталат. Ал эми:
Казат үчүн камданып,
Кан Коңурдун каарына
Калкы чоочуп таңданып
(Сагымбай Орозбаков, 4. 230),
Чоң казат деп атанып,
Ушу болгон чоң кыргын
Каканчалуу Бээжиндин
Даңзасына катталып
(Саякбай Каралаев, 2. 214),
— деген саптардан К. түпкү диний маанисинен башкача колдонулганы байкалат. Себеби, «каапыр» деп эсептелген эл «мусулман» элине дин үчүн ыйык согуш (казат) жасабагандыгы түшүнүктүү. Бир диндеги элдер да бири-бири менен дин үчүн согушкан эмес. Демек, К. термини эпоско кийин гана айтуучулар тарабынан колдонулган. Эпосто жылкы жөнүндө:
Эркегинин баарысын,
Нээти казат караткан,
Ургаачысын ар качан
Ак түлөөгө тараткан
(Сагымбай Орозбаков, 2. 19),
— деген саптар көп учурайт. Мындан жоокерчилик заманда жылкыны жогору баалоочулук, атты ар дайым согушка минүүгө даяр кармап турганы байкалат. Ал эми «Манас» деп тикти казатын» (Сагымбай Орозбаков, 1. 191),— дегендей саптар да бар. Мындагы «казатты» «кастар» деген мааниде гана кабылдоо керек.
Ы. Кадыров
КАЗГАРА
— Калкаман дын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылганы эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).
КАЗ МОЮЛ
— этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин арасында айтылат. «Какандын шаарын каралап, Каз моюл журтун аралап, Жетиген жакка барбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12). КАЗЫ, КАЗЫЙ — шарыят жолу менен дин эрежелеринин талабына ылайык иш алып баруучу өкүм ээси, сот. Ишти тергөөгө алып, тийиштүү чечим чыгара алган. Эпосто төмөнкүчө эскерилет:
Казы менен муптусун
Калкы сөзүн укчусун,
Удайчы менен бектерин,
Үстүнө алып келгени
(Сагымбай Орозбаков, 2. 369).
КАЗЫ-КУРТ
КАЗЫКУРТ — топоним. Каныкей Чыйырды менен Семетейди алып Букарга качып баратканда басып өткөн белес. «Казы Курттун кайкысын Кайран энең таянып, Ары жагы кара талаага Эңкейип энең жетти эле» (Саякбай Каралаев, Семетей, 1. 32). Географиялык реалияда Чымкент облусунун түштүк чыгышында жайгашкан тоо.
КАЙБЕРЕН 1
(кайп, кайып, кайып эрен) — 1) кепшөөчү жапайы жаныбарлардын (кийик, аркар жана башкалар) жалпы аты; 2) мифологияда ошол жаныбарлардын ээси, колдоочусу; 3) көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп адамдарды колдоочу кереметтүү күчтөр. «Манас» эпосунда аталган үч маанисинде тең колдонулат. К. арабдардын «кайп» — көзгө илешпөөчү, көрүнбөөчү жашыруун жана «яран» — жолдош, дос деген сөздөрүнөн турат. Бирок анын мифологиялык образы кыргыздар арабдар менен маданий байланыш жасаганга чейин алда качан мурун алардын тотемдик жана анимисттик көз караштарынын негизинде пайда болгон. Эпосто кайыптардын образы татаал жана көп кырдуу. Көпчүлүк учурда кереметтүү кыздар Арууке, Айчүрөк, Көкмончок, Куялылардын ата-энеси, эли-журту кайыптар болот.
Мисалы, Аруукенин атасы кайыптын каны болот. Ал Байың деп аталып, якуттардын аңчылыктын кудайы менен аты уйкаш жана аткарган милдети окшош. Байың кулжа, кийик, бугу жана башкалар К-дерди башкарат. Кызы Арууке Алмамбетке турмушка чыкмак болуп үч көгүчкөндөн кабар бердиргенде 12 айры бугу минип, заматта эли-журту менен жетип келет. Манасчы кайып журтун «адамдардан анча өөдө, жин уруктан канча өөдө, Акка (Аллага, кудайга) жакын» кереметтүү күч катары мүнөздөйт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581инв., 202-б.). Байыңдын кызы Арууке менен «Кожожаш» эпосундагы К-дердин ээси жана энеси Суречкинин кызы Ашайрандын окшош жактары бар. Келтирилген мисалдардан көрүнгөндөй бул типтеги кайыптардын образы алгач энелик доордогу аңчылыкка байланыштуу пайда болгон.
КАЙБЕРЕН 2
Эпосто Айчүрөк да кайыптын кызы делет. Манасчылар «периден эмес кайыптан» деп Аруукенин тегин даана белгилешсе (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 202-б.), Акундун кызы Чүрөктүн перинин кызы деген да, кайыптын кызы деген да «эки таалай кеби бар» дешип, теги тайталаш экенин көрсөтүшөт. Кайыптын кыздары Арууке да, Айчүрөк да кереметтүү күчтөргө ээ. Арууке өзү каалагандай өңүн кубулта алат, ал бирде адамдар, бирде кайыптар менен жашай берет. Айчүрөк кереметтүү аял катары өз каалаганындай кубула алат (ак кууга, ак чабакка, ак булага); табиятка түздөн-түз таасир этет (Семетейдин Акшумкарын ала качканда жамгыр жаадырат, туман түшүрөт); ал кааласа өлгөн адамды тирилтет (Коңурбайдан жараланган Семетей өлгөнү жатканда үстүнөн үч аттап өтүп, анын жараатындагы окту түшүрүп айыктырат) же өлүмгө туш кылат (Семетей өлөр астында анын тилин албай Манастын күмбөзүнө тайынганы жөнөгөндө каргайт).
Мунун баары энелик доор күч алып турган мезгилде жаралган — улуу кудай аял — табияттын улуу энесине таандык касиеттер. Бирок, ак куу кыз — Айчүрөктүн мифологиялык образы түпкүлүгүндө тотемизм мезгилиндеги көз карашка барып такалат, башкача айтканда Суречкинин тибиндеги мифологиялык образдын стадиялык өнүгүшүнүн жогорку чекке жеткен көрүнүшү. Түпкүлүгүнө тотемдик жаныбарларга барып такалуучу кайыптардын образы эволюциялык өнүгүшүндө өзүнө типологиялык образдар менен биригишип, жаңыча түскө ээ боло башташкан. Мисалы, Манас жоого киргенде сүр-айбат болуп кошо кирген укмуштуу жаныбарлар жөнүндө манасчы «Каршы алдынан көрүндү, Кара чаар жолборсу — Кайып эрен кырк чилтен Канкор эрдин жолдошу, Кырк чилтендин бирөөбү, Ажыдаар болуп сойлошуп» (Сагымбай Орозбаков, 2. 186), — деп сүрөттөйт. Баштагы тотемдик колдоочунун, түпкү бабанын ордун ээлей баштаган кайып эрен — кырк чилтен, алардын башчысы Кызыр Иляс элдик баатырларга кысталыш жерде жардам көрсөтөт, кайыбынан кезигип, курал-жарак, ат-тон менен жабдыйт. Аксакал думана кебетесинде келип жаңыдан туулган баатырга ат коёт, анын келечегин алдын ала айтат. Кайыптар байыркы формасында — зооморфтук жаныбар түрүндө да каарманга жардамга келет.
КАЙБЕРЕН 3
Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандар тарабынан ууланып, өлүм алдында жаткан Манас өзүн издеп келген Сыргак, Серекке «Мени дагы чоролор, Бейсаадат бенде дебеңер, Жолборстон болоор жолдошум, коркпостон болоор колдошум. Жолборстон жолдош келүүчү, Жот дары алып берүүчү, Бөрүдөн бөлө келүүчү. Бөлөкчө дары берүүчү, Илбирстен ини келүүчү, Искеме дары берүүчү, Аюудан ага келүүчү, Ак дары казып берүүчү, Өлөт деп жүрсүң оюңар, Өкүнүчтү коюңар» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.) — дейт. Эпостун аркы бөлүгүндө Манас айткан жаныбарлар келип, ал айыгат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манасты кайыптар (бугулар) Жылаңач-Бугу тоосуна алып барып дарылашып, айыктырып элге кошот. Энеси Букарга ала качып баратканда, жолдо азык түгөнүп ачка калган балтыр бешик Семетейди К. Акмарал эмчегин эмизет. Кайыптар жеке адамдардын гана эмес, баатырдын курал-жарагынын, тулпар атынын да колдоочусу же жаратуучусу.
Баатырлардын аттары көбүнчө «кайыптан бүткөн жаныбар» — деп сүрөттөлөт. Тайбуурулдун «энеси чөлдүн кайыбы» болот. Багыш Сазан уулунун вариантында Аккула да кайыптан туулат. «Асмандан түшкөн алты куч, Кайыптан кылыч табылган, Калкта болбойт мындай иш» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 502-инв., 73-б.), — деп сүрөттөлгөндөй Манастын бир катар куралы кайыбынан табылат. «Кайыптан акыл табылып» — деген сүрөттөөлөргө караганда кайыптар кысталышта көзгө көрүнбөй келип, адамга акыл-кеңеш берүүчү болуп да саналат. Эпосто жердик адамдар, жан-жаныбар да кайыпка айланат. Элдик уламыш боюнча эпостун каармандары Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, ошондой эле Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктар өмүрүнүн акырында кайып болуп кетишет. Алар азыр да дүйнө кезип кыдырып, кайыбынан жолуккан адамдарга жардам көрсөтүшөт имиш.
Р. Сарыпбеков
КАЙГЫЛ
— кырк чоронун бири, дайыма чоролордун катарында саналып өтүлөт. Манастын кайынына мал айдашып барганы жана жети кандан келген элчилерди Манастын алдына алпарып салам бердиргени эпосто эскерлет. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде аты Карагер жыйырма жетинчи келип К. тагдырына буюрган Үркөрбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 150, 394, 420, 425, 3. 50, 176, 25, 27, 44).
КАЙКЫБОЗ
— Бокмурундун карындашы Карлыгачтын минген аты. Валиханов жазып алган эпизоддо гана айтылат (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 76-б.).

