ЛААТ-МАНАТ

(арабча аль-Лат, Манат) — байыркы арабдардын ислам динин кабыл алганга (7-к.) чейинки сыйынган кудай-буттары. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана учурайт. «Чоң чабуул» окуясында Макел-дөө «Эсенкан эгер оңбо деп, Лаат-манат колдо деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 299) сыйынып, Манаска каршы жолго чыгат. Муну өзбектердин «Малика-аёр» дастанынын таасиринен киргизилген болуу керек. Анда Макел-дөө да ар дайым Л.-М-ка сыйынып жүрөт.

ЛАГЫЛ

Лаал (арабча лаьл) — асыл таштын түрү. Мусулман элдеринин поэзиясында Л. түз жана каймана мааниде кеңири колдонулат. «Манас» эпосунда жакут, көөхар, зумурут таштары менен бирге Л. өзүнүн түпкү маанисинде көп учурайт: «Зумурут, көөхар, лагыл таш, Эки миң төөгө артылып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 349—350).

ЛАЙЛАМА

(моңголчо даа лам, далай лама — улуу лама, башкы лама) — ламаизм дининдеги моңгол-калмак элдеринин эң башкы ламасы (молдосу). «Манас» эпосунун варианттарында да калмак-кытайлардын дининин улуу, жогорку ламасы катары айтылат. Мисалы, Алмамбетке карата атасы Соорондук төмөнкүчө кайрылат: «Не болдум деп эрмегим, Эскирип кеткен чагымда Лайлама бергеним» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 57-б.). Ламаизм дининдеги элдер (моңгол, калмак) башкы (улуу) ламаны кудай катары эсептешет.

Алмамбет башка элге кеткени жатканда «Кудай бергеним» деген мааниде атасы кетпегин деп жалынып айтат. Калмактардын Текес каны Манастын келе жатканын угуп «Лаайлама колдой көр, Кыйыныраак болгон бейм Кыргыздардын Манасы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 35),— деп «кудай колдой көр» деген мааниде айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Ыламасын баңкү дээр, улуу-кичүү калың эл» (Сагымбай Орозбаков, 6. 320) деген түшүнүктөгү ыр саптары бар. Мында ламаизмдин ишеними боюнча ламасына (далай ламага) «мөңх» (кырг. маңкү-мөңгү) деген эпитет туруктуу колдонулат. Себеби, аны түбөлүктүү, өлбөс катары эсептешет. Саякбай Каралаевдин вариантында «Манжунун каны Ылама» (Саякбай Каралаев, 2. 147),— деп каармандын ысымы катары айтылат.

Э. Абдылдаев

ЛАПАЗ Көкөз уулу

(1899, Өзгөн району, Куршаб айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Л-дын тогуз атасына (Белек, Тасма, Эшполот, Дүйшө, Такабай, Кайназар, Кененсары, Матен, Көкөз) чейин «Манас» айтууну кесип кылып келишкен. Л-дын «Манасы» башка варианттардан Жакыптын атасынын алмашылып айтылгандыгы, кыргыздардын кытайлардан чабылып Жакыптын сүрүлүшү жана Манастын төрөлүү мотиви боюнча айырмаланат. Л-дын варианты Таласты мекендеген Бөйөн кандын уулу Чаяндан Жакып туулуп, Чаян өлгөндөн кийин Жакыптын кан болуп турушунан башталат. Жакыптын Чыйырды, Бакдөөлөт деген аялдарынан Манас, Бакдөөлөттөн Абыке, Көбөш деген уулдары болот. Чыйырдынын боюнда бар кезинде кыргыздарды кытайлар чаап, Жакыпты Таластын эл барбас бир четине бир кула бээ, эки ат, ончакты кой-эчки берип айдап жиберет. Манас ошол сүргүндө төрөлөт, кула бээден Аккула туулат.

Манас 12 жашка чыкканда кырк жигит чогултуп, элин кытайдын эзүүсүнөн куткарат. Жакып кан уулу Манаска кыз издеп жүрүп Караканга жолугуп, анын кызы Каныкейге куда түшөт. Манас баатыр эли-жерин бошотуу үчүн Кошой менен бирге кытайларга каршы көп жолу согушат. Коңурбай менен тарынышып, кытайдан качып кеткен Алмабет Көкчөгө жигит болуп жүрүп, андан Манаска келип жигит болуп калат. Көкөтөйдүн ашынан кийин Манас кырк чоросу менен элине келип сайран куруп жатып калат. Коңурбай Манасты чаап алуу үчүн миңдеген аскери менен келип жылкы тийип кетет. Согушта кытайлар жеңилет. Бээжинге Кошойду кан көтөрөт. Коңурбай жеңилдим, күнөөмдү кеч деп суранымыш болуп, Манасты алдап айбалта менен башка чаап жарадар кылат. Ал согушта Алмамбет, Сыргак, Чубак жана Манастын Аккуласы окко учат. Манастын жарааты айыкпасын билген Каныкей ага арнап күмбөз салдырып, бирок сөөгүн башка жерге койдурат. Л. Көкөз уулунан жазылган «Манас» варианты Кыргыз Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

С. Карагулов

ЛЕВИРАТ

(лат. levir — күйөөсүнүн бир тууганы, кайнага, кайни) — бүлө, нике мамилелериндеги жесир калган аялды кайнисине же кайнагасына, же өлгөн күйөөсүнүн жакын туугандарынын бирине алып берүү салты. Дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын да турмушунда орун алып келген салт. Адатта кандайдыр бир кырсыктан, оорудан эри каза болуп жаш аял жесир калса анда ал бир нече убактан кийин (адатта кара ашын берип, кийимин алмаштыргандан кийин) бир тууган кайнисине тийген (кайнисинин чоң кичүүлүгү эске алынган эмес). Бул салт патриархалдык, уруулук-жамааттык мамилелерден келип чыккан. Калың төлөнүп (ага бүт уруу, жамаат мүчөлөрү катышкан) алынгандан кийин аял киши толугу менен башка уруунун карамагына өткөн жана андан чыга алган эмес. «Чыккан кыз, чийден тышкары» деп төркүндөрү да кабыл алган эмес.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытай мамлекети кыргыздарды бөлүп кеткенде Алтайга барганда Жакыптын Чыйыр деген агасы өлгөн. Чыйырдынын Шакан аттуу (кийин Шакан аты унутулуп Чыйырды аталып кеткен) аялын Жакыптын алышы Л. салты менен байланыштуу. Ошондой эле «Семетей» бөлүгүндө да Манас өлгөндөн кийин анын ашын бере электе эле аталаш туугандары Абыке, Көбөш Каныкейди алмакка аракет жасашкан. Бул эпизоддо элдин бүлө, нике тарыхындагы реалдуу салты эпосто да чагылдырылганын айгинелейт.

А. Көчкүнов

ЛИБРЕТТО

(италянча libretto, сөзмө-сөз — китепче) — музыкалык-драмалык чыгарманын: операнын, опереттанын, кээде ораториянын көркөм тексти. Адатта ыр түрүндө жазылат; балеттин, пантомиманын көркөм сценарийин; опера, балет, драманын мазмунунун театр программасында же өзүнчө китепчеде (аты ошондон) жазылышы; кинофильм сценарийинин сюжеттик планы же схемасы. Л. алгач көрүүчүлөргө китепче катары чыгарылган, кийин Л-нун композициясы типтүү схема боюнча жазылган. Адабий-драматургияга шыгы бар композиторлор операларына Л-ну өздөрү түзүп жазган. Негизинен Л-ну профессионал жазуучу-акындар даярдашкан. «Манас» үчилтигинин негизинде көптөгөн жазуучу акындарыбыз: Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов кыргыздын туңгуч «Айчүрөк» операсынын Л-сун (1938), А. Токомбаев менен К. Маликов баатырдык-патриоттук «Манас» операнын Л-сун (1946) жазышкан. Операнын 2-редакциясы 1966-ж. кайра жазылган. Булар Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган.

ЛИПЕЦ Рахиль Соломоновна

(1906, Скопин шаары) — фольклорчу, этнограф. Экинчи Москва мамлекеттик университетин бүткөн. 1941-жылдан тарых илиминин кандидаты. Л-тин негизги эмгектери орус, түрк-моңгол элдеринин маданиятынын тарыхына, этнографиясына жана фольклоруна арналган. Көптөгөн эмгектеринде «Манас» эпосунун материалдары талдоого алынган. «Манас» эпосунун академиялык басылышынын биринчи томуна рецензия жазган.

ЛИПКИН Семён Израилевич

(1911, Одесса шаары) — акын, котормочу. 1937-ж. Москвадагы кыбачылык-экономикалыкинститутун бүтүргөн. Калмак, кабардин, бурят, инди элдеринин эпосторунан, ошондой эле азыркы тажик, өзбек, кыргыз, балкар жана калмак акындарынын чыгармаларынан котормолору барабча «Манас» эпосунун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Чалгынга даярдануу», «Чалгын», «Жылкы тийүү», «Баатырлардын согушу», «Соңку казат» бөлүмдөрүн орус тилине которгон. Ал М. Тарловский, Л. Пеньковскийдин котормолору менен кошо бир китеп болуп 1946-ж. Москвадан жарык көргөн.

ЛИТОТА

(гр. litotes — жөнөкөйлүк, кичинекейлик, кичирейтилгендик) — троптун гиперболага карама-каршы түрү. Л. бул сүрөттөлүп жаткан нерсенин же кубулуштун маанисин, күчүн, чоңдугун кичирейтип образдуу сүрөттөйт. Л. көркөм адабиятта, анын ичинде элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири колдонулат. «Манас» эпосунда да Л-ны көп эле учуратууга болот. Мисалы, Саякбай манасчы сүрөттөлүп жаткан көрүнүшкө контраст берүү үчүн, айрым учурда Аккуланын тулпарлык касиетинин күчтүүлүгүн көрсөтүү үчүн Л-ны колдонот:

Коргошундай Манасты
Корголдой кылып көтөрүп.
Опол тоодой Манасты
Омурткадай көтөрүп.
Баскан ташы быркырап
Учкан куштай зыркырап,
Келе жатат дыркырап (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 37-инв., 541-б.).

Каармандардын башкалардан өзгөчө сапаттарын белгилөөдө Л. көп колдонулат. Манасты Көзкамандардан куткарып чыккан Акаярдын балбандыгын белгилөө үчүн Л. колдонулган:

Ала-Тоодой атаңды,
Артык балбан Акаяр,
Жаш баладай көтөрүп,
Коргошундай атаңды,
Койбой чуркап көтөрүп (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 201).

Ал эми Сыргактын сактыгын, манасчы Л. аркылуу белгилеп көрсөтөт: «Чырым этип уйку албаган, Чыканактай Эр Сыргак». Л. согуш талаасын сүрөттөө үчүн пайдаланылган учурлар да кездешет.

Согуш салган көк майдан
Томуктай болгон тоосу жок,
Томук батар коосу жок.
Жайык далаа, кумдак чөл
Кыргыз, кытай беттешип,
Талкандашкан ушул жер (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв.).

ЛОП

— топоним. Кыргыздын нойгут уруусу жердеген жер катары эпостун көп эпизоддорунда эскерилет. Географиялык реалияда Синьцзяндагы Лобнор көлүнүн тегерегиндеги жерлер. Лобнор деп моңголчо аталышынан айырмалап, Кашкардын түрк тилиндеги жергиликтүү эли бул көлдү «Лоп» деп аташкан. Эпосто ушул аты сакталып калган. Бул жерлерди 16—18-кылымдарда нойгут уруусу да мекен кылганы тарыхта белгилүү. Ал эми Лобнор көлүнүн боюнда жашаган лобнор элинин тили кыргыз тилине эң жакын экендигин С. Е. Малов белгилеп кеткен.

ЛӨК

— эпосто «Манас баатыр Чүйдөгү Акунбешимди жеңгени» деген окуяда калмак баатырлары кыргыздарды жекеге чакырып турган жерде айтылат:

Жаның тирүү кутулбайт
Өлөм деген жан келгин,
Бириң коюп, миң келгин,
Лөгүң коюп, пил келгин
(Сагымбай Орозбаков, 2. 137).

Деги эле Л. деген сөздүн мааниси нар төөнүн эркегин туюндурат. Эпосто болсо өтмө мааниде баатыр, балбан, эр жүрөк деген мааниде колдонулган.

ЛӨКҮШ

— этноним. Айдың-Көлдүн жээгине жыйылып Манасты кан шайлаган көптөгөн уруу башчыларынын ичинде Л-төрдүн Өмүрзагынын аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 80).

ЛУЙПУ

— эпизоддук кейипкер. Эсенкандын курдашы жана ишенген аярларынын бири. Манасты жок кылууга жиберилген балбандарын кырдыртып Жолой менен Нескара качып келгенде Эсенкан Айжаңжуң менен Күнжаңжуңга, Л., Суйпу аярларына кеңешип, Жолойду, Чоң Дөөдүрдү баш кылып Манаска каршы дагы кол жөнөтөт.

МААМЫТБЕК

— мифтик кейипкер, кытайдын жалгыз көздүү дөөсү. Алтайда Манастан жеңилип, Бээжинге качкан Жолой, Нескара баш болгон кытай-калмак баатырлары Эсенканга Манастын эрдигин айтып барышат. Эсенкан менен Карыкан кеңешип, Манас акыры Бээжинге казат кылат деп, мерчемдүү жерге кароолчу коюп, Коңурбайды Чет-Бээжинге кечилге кан көтөрүп, Маңгубада туулган «Каканчындын балбаны Маамытбек сокур» менен тыргооттун каны Канышайга жол тостуруп, Бээжиндин жолун бекемдейт (Саякбай Каралаев, 1. 164—166). М. дөө Чоң казатта өлөт.

МААМЫТСУЛТАН

— эпизоддук кейипкер. Бадакшан, Балык жеринин каны. Көкөтөйдүн ашына чакырылып, эки жүз кол менен ашка келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 107).

МААРАМБҮБҮ

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин акылман нөкөр кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо салтында аты он үчүнчү келген Атай тагдырына буюрган М-гө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 424).

МААНИКЕР

— Көкөтөйдүн тулпары, ал өлгөндөн кийин уулу Бокмурунда калат.

Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Айдарга эл чакыртканда М-ди мингизет. Ашка келген кытай-калмак баатырлары Коңурбай, Жолой М-дин тулпарлыгына кызыгып, ашта чатак чыгарып М-ди берүүнү талап кылат. Бокмурун М-ди берүүнү чечет. Буга Манас кырк чоросу менен кийлигишип, тулпар ээсинде калат. М-дин артыкча сапаты эпосто:

Кечип чапса чок өтпөс,
Кездеп атса ок өтпөс.
Жазайыл менен топ жетпес,
Жанаша атса ок жетпес (Сагымбай Орозбаков, 3. 87),

— деп сүрөттөлөт.

Айрым варианттарда мисалы, Актан Тыныбек уулунун айтуусунда «Мааникердин окуясы» деген өзүнчө эпизод бар.

МААРАМКАН

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Маматбектин кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты он жетинчи келген Шүкүр тагдырына буюрган М-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418—428).

МАГДЫМ

— эпизоддук кейипкер, Жакыптын кичүү аялы, Сыргак менен Серектин энеси. Эпостун Кыргыз республикасындагы варианттарында М. аттуу кейипкер кезикпейт. Жусуп Мамайдын вариантында М. — жалгыз баласы бар жесир аял. Жакып М-дын баласын (аты аталбайт) ээн токойдо жалгыз калтырылган Чыйырдыга тамак алып барууга жумшайт. Бала кайра Жакыпка келип, анын балдарын жана Манасты көргөндүгүн айтат. Бул сөз айылга жайылып кетет. Буга чейин эле кытай-калмак кандары Манасты издеп жүрүшкөндүктөн, алардан корккон Жакып баланы азоо байталга таңып, тындым кылып салат. М. баласынын кабарын угуп чатак салганда, арага Адылбек түшүп, М-ды Жакыпка алып берип, чатакты басат. Бул вариантта Сыргак менен Серек Жакыптын М. төрөгөн балдары делет.

МАГИЯ 1

— «Манаста» сөздүн касиети аркылуу тигил же бул эпикалык сюжетке сыйкырдуу маани киргизүү. «Манас» көп катмарлуу поэтикалык көрүнүш, анын салттуу тексти өзүнүн жашоо процессинде көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Байыркы замандын бул оригиналдуу эстелигинин оозеки жашап келүүсүнүн өзү анын текстинин өзгөрүлмөлүүлүгүн, варианттуулугун шарттаган. Анын оозеки жашап келүү формасына карабастан айрым сюжеттик сызыктардын, образдардын жана байыркы поэтикалык формулалардын өтө туруктуулугун аныктаган экинчи бир өзгөчөлүккө ээ. Мындай өзгөчө касиет белгилүү даражада эпикалык дүйнөнүн алгачкы картинасын кайрадан калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, «Манаста» бутпарас дининин бир кыйла издери, ар түрдүү нерселердин магиялык кудуретине, сөздүн магиялык касиетине ишенүү сакталган.

Эпосто бир нече жолу магиялык сыйкыр аркылуу жортуулдун эмне менен аяктарын алдын ала айткан далычы жөнүндө кабар берилет. Койдун далысы менен бал ачуу, бул жаныбардын сөөгүнүн укмуштуу магиялык кудуретине ишенүүнүн байыркы жаңырыгы болуп саналат. Төлгөчү Кара Төлөк, далы көрүүчү Агыдай деген чоролор дайыма Манасты жандап жүрүшөт, анын буйругу боюнча төлгө салып, далы карап, келечекте эмне болорун дароо айтып беришет. Ошондой эле эпосто табиятка сыйынуу жана атайы тандамалуу адамдардын жаратылыш кубулуштарына таасир тийгизгени ачык көрүнөт. Айталык, Манастын башкы чоросу Алмамбет Чоң казатка барганда «жайташын» дубалап сууга салып, жайдын күнүн кыш кылып, бороон-чапкын жасап, күркүрөп кирип жаткан Уркун дарыясын тоңдуруп, душман колун берки өйүзгө өткөрбөй, тоскоол кылат. Адамзат маданиятынын алгачкы өнүгүш мезгилинин жаңырыгы маанисинде адамдын жаратылыш менен байлынышы жөнүндөгү мотивдердин кыргыз эпосунда сакталышы эң эле ар түрдүү жол менен көрүнөт. Алсак, эпосто кепшөөчү жапайы жаныбарлардын кереметтүү колдоочусу Кайыпка (көбүнчө алтымыш айры мүйүздүү бугу түрүндө элестетилет) өзгөчө назар салынат. Эпосто ар түрдүү расымдык буюмдардын жардамы менен аткарылган сыйкырлардан башка, сөз сыйкыры да күчтүү берилген. Бул сыйкырлап дарымдоо түрү эпостун поэтикалык системасына эриш-аркак айкалышкан. Алар өздөрүнө ар кандай конкреттүү жагдайларга байланыштуу жакшылыкты жана жамандыкты алып келген сыйкырдуу милдетти, сөздөрдүн укмуштай таасир берүүчү күчүнө ишенимди камтыйт.

МАГИЯ 2

Алкыштар эпосто жаңы төрөлгөн наристеге ат коюуда, баатырды жортуулга узатып жатканда, аксакал карыялардын төрөбөгөн аялдарга бата берүү учурларында көбүрөөк кездешет. Алкышты кээде аялдар да айтышат. Мисалы, Каныкей Манасты Бээжинге, Чоң казатка узатар алдында ага жана анын кырк чоросуна карата мындай дейт:
Сапарга чыксаң жол болсун, Жараткан эгем колдосун Кылган ишиң күч болсун, Самаган душман түз болсун. Алкыш өзүнүн составы боюнча ар түрдүү, мүнөздүү сөз айкаштары жагынан да, же татаал жүйөлөнгөн (мотивделген) топтору боюнча да айрымаланып турат. Сыйкырлап дубалоонун түрү — каргыштар. Алар негизинен төбөсү бийик Көктүн, төшү түктүү Жердин, ата-бабалардын арбагынын жана конкреттүү адамдын атынан айтылат. Эпосто бул типтүү мисалдар арбын. Чоң байгени алуу үчүн Аккуланы жарышка кошуп жиберген Айдарды Манас минтип каргышка алат:

Байге жебей майың же,
Медериңдин канын же,
Жеткен байге дооруң же
Жети атаңдын боорун же!

Кыргыз эпосунда көптү көргөн карыялардын, таңдайында же алкымында сөөлү, көзүндө чегеси бар аялдардын оозунан чыккан каргыштар кимге да болсо чоң зыян келтире тургандыгы жөнүндөгү ишеним даана чагылдырылган. Эпосто Каныкейдин тилинде сөөлү бар экендиги айтылат, андыктан баарысы анын каргышына калбоо үчүн абдан этият болушкан. Ал жөнүндө: «Каргышы ката кетпеген» деп эпосто баса көрсөтүлөт.

Алкыш менен каргыш өздөрүнүн чыгышы боюнча шамандык искусствого, дарымдоого барып такалат. Ушундан улам, алкыш жана каргыш түпкү тегинде шамандык искусствого таандык болуп, шамандык жөрөлгө, жорук-жоосундар, айрыкча шаман сөзү эпосто каада-салт жөрөлгөлөрдү гана аныктабастан, салттык поэзияда көркөм жанр катарында калыптанышына өбөлгө түзгөн.

Р. Кыдырбаева

МАДЫКАН

Мады, Мадышкер — кейипкер. Жомоктук-мифтик образ. М. — эпосто портреттик элеси, аткарган милдети жактан баатырдык эпостордун каармандарына жакыныраак турган, кийинки доорлордун мүнөзүнө ылайык өзгөртүлгөн жалгыз көздүү дөө. М. дөөнүн эпикалык душмандын кол башчысына толук өткөн образы Саякбай Каралаевдин вариантында «Чоң казатта» берилет. Башында жалгыз мүйүзү бар Көк Букасын минген Мады же М. дөө жекеге чыгат. Айрым Сибирь элдеринде Мады — тоонун ээси, тоо киши дегенди түшүндүрөт. Багыш Сазановдун вариантында «Алачыктай темирди, чочмор алган Мадышкер» деп сүрөттөлөт. «Мады» деген сөзгө уланган «кер» байыркы убактарда чоң, зор деген маанини туюнткан. Алтай эпосторундагы мифтик жандыктардын көпчүлүгү «кер» деген туруктуу эпитет менен тутамдашып айтылат: Кер-Жутма (чоң-жутма), Кер-Балык (чоң-балык, кит), Кер-Бука (чоң-бука, мамонт, керик), Кер-Куш (чоң-куш, алп кара куш) жана башкалар Ырым-жырым ырларында «керней баштуу кер жылан» деген сөз айкалышы учурап, «кер» деген сөз жыландын өңү-түсүн эмес, көлөмүнүн чоңдугун туюнтат. Демек, Мадышкер да «Чоң Мадыкан» деген маанини, түшүнүктү берет. Шор элинде Падыкан (Мадыкан) тоонун ээси катары айтылат.

Коом өзгөрүп, мезгилдин өтүшү менен элдин дүйнө таанып билүүсү, көз карашы, түшүнүгү жаңыланат. Жомоктук-мифтик кейипкерлерге карата мамилеси да өзгөрөт. Коомдун өнүгүшүнүн натыйжасында мифологиялык түшүнүктөр өзгөрүүгө учурап, эл чыгармалары да идеялык мазмунуна ылайык жаңы белгилерди сиңирет. Эпостогу ушундай эволюциялык өнүгүүнүн поэтикалык үлгүсү М-дын, Малгундун, Макел дөөнүн образдары. Эпосто М-дын мифологиялык кебетеси жана белгилери толук сакталуу менен ал туруктуу терс кейипкерге айланып, эпикалык душман баатыры катары берилген. Чоң казатта М-дын кол башчылык кылып майданга келиши анын мүнөзүнүн, иш-аракетинин өзгөргөндүгүн айкындайт. Эпосто Манас баатыр менен М. дөө жоокерчилик доордун шарты боюнча чыныгы эрдиктин салтын сактап жекеме-жекеде согушат:

Кереп турат Мадыкан,
Керилип саят Манас кан,
Кебелбей койду Мадыкан.
Чочубады зор Манас,
Букасына камчы уруп,
Оозунан өрт чыгып,
Кош колдоп саят Мадыкан,
Козголбой турат эр Манас
(Саякбай Каралаев, 2. 151).

М. дөөнүн шарттуу түрдө өлүүчү жумшак, талуу жери маңдайындагы жалгыз көзү эмес. Манас аны Көк Буканын үстүнөн сайып түшүрүп, Чубак Көк Буканын, Бакай М-дын башын кесип алгандан кийин гана ажал табат. Бирок, М-ды өлтүрүү жоокерчилик доордогу кадимки эле адам душмандардын бирин өлтүрүү сыяктуу көндүм иш эмес. Ал жөнөкөй эле өлө койбойт. Аны түбөлүк өлтүрүү үчүн белгилүү шартты ишке ашыруу керек. Элдик эпостордо М. тибиндеги сыйкырдык касиетке ээ кейипкерди биротоло өлтүрүү үчүн башын денесинен бөлүү керек. Ошондо гана ал мифтик жандык магиялык касиетинен ажырап, кайра тириле албай калат. Жалгыз көздүү жомоктукфантастикалык кейипкерлердин башын кесип өлтүрүү сюжети башка элдердин эпостук чыгармаларында да кеңири учурайт.

С. Алиев

МАЖИК

Манжыбек, Шакум — кырк чоронун бири. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жер коруган калмактар Жакыпка кол салганда атасына болушкан бала Манас башчысы Кортукту укурук менен чаап өлтүрөт. Кортуктун кунун кууп келишкен калмактар Жакыптын жылкысын тийип алып, аны бөлүшө албай өз ара манжуулук, алтайлык болуп чабышып кетишет. Алтайлыктар үстөмдүк кыла баштаганда өлгөн Кортуктун баласы, манжуулук Шакум: «Өз кордугун көргөнчө, жат кордугун көрөйүн», — деп Жакыпка келип, жардам сурайт. Кыргыздар манжу калмагын алтай калмагынан ажыратып, өздөрүнө кошуп алат:

Казак, кыргыз, калмагы
Жыргап жатып калганы.
Манжудан келген журт үчүн
Атасы өлгөн баланы
Бий көтөрүп алганы,
Кара Токо Мажик деп
Кабары кийин калганы
(Сагымбай Орозбаков, 1. 151).

Мындан кийинки эпизоддордо: «Каратоко Мажиги», «Манжуулуктан кошулган, бала Мажик эри бар», «Манжурия калмактан Манжуусуна бек койгон Мажик баатыр бар экен» делип, кырк чоронун катарында такай эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алмамбеттин бала күнүнөн кеңешчиси, жардамчысы. Түпкүлүгүндө мусулмандын уулу болгондуктан мусулман динин жашыруун кабыл алган Алмамбеттин энеси Алтынай менен пикирдеш болот. Алмамбет кытайдан качканда М. аны менен бирге келет. Кичи казаттагы салгылашта курман болорун билген Алмамбет аялы Аруукени «Өзүм менен бир келген Мажикке нике кыйып кой», — деп Манаска керээзин айтат. Бир катар варианттарда «Камбардан туулган Канчоро, Мажиктен туулган Күлчоро» делип, Күлчоро Алмамбеттин эмес, Мажиктин баласы катары көрсөтүлөт. ТМВда Алмамбеттин баласынын өз аты М. болуп, Күлчоро анын кийин коюлган ылакап аты болот. Ошол эле вариантта:

Мунаркандан Чынаркан,
Чынаркандан Чылаба,
Чылабадан Солобо,
Солободон Соорондук,
Соорондуктан Манжыбек,
Алмамбеттин өз аты
Алмамбет эмес Манжыбек
Муну буруттар айтып жүргөндүр
Кытайдан келген Манжу деп

(ТМ, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 54-б.),— деп сүрөттөлөт. Бул мотив Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Кортуктун баласы Шакум Манаска манжу журтунан келип кошулуп М. атка конгонуна үндөшөт. Кыскасы, ар бир вариантта М-тин образы ар түрдүү талкууланып, бири-бирине кыйгач келет. Бирок, варианттарга мүнөздүү көрүнүш: М. — Алмамбет сыяктуу эле кытай-калмактардан кыргыз тарапка өтүп келген баатыр. Бир катар варианттарда М. Алмамбеттин жандоочусу, ал турсун айрым вариантта анын өзү (мисалы, ТМВдагыдай). Буга караганда 17-кылымдан тартып Борбор Азияда жана кытайда манжуулардын бийлиги күчөй баштаган мезгилде алардан чыккан кайсы бир тарыхый инсан М. жөнүндөгү аңыз кеп «Манас» эпосундагы Алмамбеттин мурдатан калыптанып келе жаткан образына таасир тийгизип, реалдуу тарыхка жакындаштырып талкуулоодо кандайдыр бир деңгээлде роль ойногон.

Р. Сарыпбеков

«МАЖМУ АТ-ТАВАРИХ» 1

(«Тарыхтар жыйнагы») — ферганалык Сейф ад-Дин Аксыкентинин жана анын уулу Нооруз-Мухаммеддин эмгеги. Ал 16-кылымдын башталыш чендеринде жазылган. Анда ар кыл мезгилдердеги каармандар, тарыхый окуялар аралаштырылып, уламыштар менен байланыштырылып берилген. Жалпысынан бул эмгекте көптөгөн диний, фантазиялуу уламыштар менен катар 9—15-кылымда болуп өткөн тарыхый окуялар, фактылар чагылдырылган. Маселен, Манас баатырга каршы согушта, фактылар чагылдырылган калмак кол башчысы Жолойдун аскерлеринин ичинде Манжурияда жашаган солон, шивэй урууларынын болушу тарыхый фактыларды элестетет. Кытай тилиндеги эмгектердеги маалыматтар боюнча Або башчылык кылган Эне-Сай (Енисей) кыргыздарынын аскерлери 848-ж. Улуу Хинганда жашаган солон, шивэйлерге жортуул жасап, аларды жеңип кайтышкан. Бул окуя кийинчерээк «Манас» эпосунда чагылдырылып калышы ыктымал.

«М. а.-т-те» кара кытайлардын Гурканы (12-к.), чагатай Дува-кан (13-к.), хорезм-шах Мухаммед (13-к.), Чыңгызкан (12 — 13-к.) анын уулу Тулуй, Алтын-Ордонун каны Токтомуш (16-к.), Моголстан мамлекетинин башкаруучусу Кысыр-Кожо (14-к.) сыяктуу жыйырмадан ашык тарыхый адамдар эскерилет. Мындан тышкары ондогон этнонимдердин аталыштары кездешет. Ошондой кылымдагы тарыхый булактардын ичинен «М. а-т-те» Манас баатыр жөнүндө маалымат биринчи жолу жазылган. Анда Манас жана анын союздаштарынын калмак баскынчыларына каршы согуштары сүрөттөлгөн. Бул окуялар Тянь-Шань, Жети-Суу жана Орто Азиянын аймагында өтөт. Жыйнакта кыргыз элинин этнографиясына тиешелүү баалуу маалыматтар, анын ичинде кыргыз уруулары жөнүндө генеологиялык таблица да бар. Жыйынтыктап айтканда «М. а.-т.» кыргыз элинин тарыхын, этнографиясын жана «Манас» эпосун изилдөөдө баалуу эмгек болуп эсептелет.

«МАЖМУ АТ-ТАВАРИХ» 2

Бул эмгек «Тарыхтар жыйнагы» деп аталып, узак убакытты камтыган тарыхый маалыматтар баяндалганына карабастан «М. а.-т.» — өз алдынча көркөм чыгарма. Бул чыгармага тарых кабарлары менен катар санжыра, улама, уламыш, жомок-эпос жана башкалар сыяктуу материалдар булактык милдет аткарган. Ошол булактардын ичинде «Манас» эпосунун орду да кыйла орчундуу. Буга кол жазманын негизги мазмуну кыргыз элинин, айрыкча, Манас баатырдын иштеген иштерине арналышынын өзү да күбө.

Кол жазмада «Манас» эпосу жөнүндө сөз жок, Манас баатыр, анын калмактарга каршы күрөшү, бул күрөштө кимдер ага жардам берш- гени жана башкалар жөнүндө айтылат.

Демек, Манас көркөм чыгармада эпостун каарманы эмес, тарыхта чыныгы болгон адам катары мүнөздөлөт. Анын үстүнө Манас менен ымалалаш болгон, ага жардам берген адам аттарынын басымдуу көпчүлүгү тарыхта белгилүү адамдар. Ошондой болсо да кол жазмада «Манас» эпосунун материалдары пайдаланылган. Анткени, эпостун бүгүн илимге белгилүү бардык варианттарында туруктуу кезигүүчү Манастын атасы Жакып, жердеген жери Талас, жакын жардамчылары кырк жигити, негизги душмандарынын көрүнүктүүлөрүнүн бири калмактын каны Жолой делген маалыматтар, эпостун айрым эпизоддорунун сюжеттик нугу кол жазма менен кийинки варианттарда бири-бирине окшош мүнөздө кайталанат. Кыргыздардын түпкү тектери, урууларга бөлүнүшү, жашап турган жерлери жана башкалар маалыматтарды эске албаганда «М. а.-т-теги» түздөн-түз Манаска жана «Манас» эпосуна тиешеси бар кабарлар булар: каркыралык кыпчактарды жаш Жакып бек башкарып турганда аларга калмактардын каны Чункча кол салып, жеңилген кыпчактар Оң кандан жардам сурашат. Анын жардамы менен Чункчаны кайра сүрүп кубалашат. Жакыптан Манас, калмак каны Чункчадан Жолой туулат. Атасы өлгөн соң анын ордун ээлеген Жолой Оң кандын өлгөнүн угуп, Жакып бектин турагы Кара-Кыштакка кол салып кыйратып чаап, Жакыпты колго түшүрүп алат. Аны туткундан каркыралык кырк жигити менен Таластан келген 12 жаштагы Манас куткарат. Жолой Манаска каршы Таласка, андан кийин Манас эли менен көчүп кеткен Чаткалга жортуул жасайт. Кырк жигити менен жоого каршы турган Манаска Токтомуштун тууганы Аңчы төрө, Токтомуш өзү жардам берет. Токтомуш «Манас» шаарын салдырат. Токтомуш менен Жолой жарашып, уруш бүтөт.

«МАЖМУ АТ-ТАВАРИХ» 3

Башка элдер менен согушуп жүргөн Токтомуштун жоктугунан пайдаланып, Жолой солон-шибээлерди баштап Кара-Кыштак, Манасия шаарларына жортуул жасайт. Манас Аңги төрөнүн жардамы менен калмактарды кайра сүрөт. Жолойдун дагы бир чабуулу Токтомуштун жардамы менен токтотулат. Бул жолу да жеңилип калган Жолой Манасты уулантып өлтүрүүнү чечип, Тубай (балким Түбөй) деген чыккынчыга өз кызын алып берип, беш калмакка башчы кылып Манаска жумшайт. Ал «Туткундан качып келдим», — деп Манасты ишендирет да, ыгын келтирип уулантат. Манасты өлүмдөн ууга каршы дары берип Сейф Жалал ад-Дин аман алып калат. Эки ай өткөндө Жолой Кара-Кыштакка чабуул коёт, Манаска Кара кожо, Каңбай баатыр жардамга келет. Бирок, Жолойду жеңе алышпайт. Аңги төрө жиберген анын уулу Мухаммад бек колу менен келип, чоң согушта Жолой өлөт. Согуш токтоп, Манас Кара-Кыштакка кайтат. Кол жазмадагы Манастын өзүнө тиешелүү маалыматтар ушуну менен бүтөт, анын өлүмү, тукумдары жөнүндө эч кабар айтылбайт.

«Манастын» мазмуну, окуяларынын курамы ошол тарыхый шартта бүгүнкү варианттардагынын так өзү эмес. Ошондуктан, кол жазмада баяндалган Манаска тиешелүү маалымат-кабарлардын кайсыларын автор эпостун өзүнөн же башка булактардан алганын, эмнелерди өзү кошумчалаганын так ажыратып айтуу мүмкүн эмес. Бирок, чыгарманын түрдүү учурларда кагаз бетине түшүрүлгөн тексттерине, көптөгөн варианттарындагы кабарларга таянып болжол менен «М. а.-т-тин» автору эпостон пайдаланган материалдарга кайсылар жатарын жоромолдоого болот. Алар эң алды менен кыргыздардын калмактарга, башкача айтканда Манастын Жолойго каршы күрөшү менен байланыштуу. Буга «Манастын» өткөн кылымдын орто чендеринде кагаз бетине түшүрүлгөн тексттери күбө. Айрыкча, Радлов жазып алган вариантындагы материалдар баалуу. Бул вариант боюнча Манастын душмандары катары кыргыздарга коңшулаш жашаган уруу, элдердин кандары эскерилгени менен баатырга башкы душман делип калмак каны Жолой эсептелет.

«МАЖМУ АТ-ТАВАРИХ» 4

Кийинки манасчылардын дээрлик бүт баарында Манаска каршы турган негизги душман Коңурбай делсе, В. В. Радловдо анын аты аталганы менен Жолой сыяктуу биринчи планда турбайт. Варианттагы кенен сүрөттөлүп берилген согуш да Манас менен Жолойдун ортосунда жүргүзүлөт, ал согушта Жолой өлөт. Бул фактылар «М. а.-т-теги» Манаска таандык маалыматтар менен Радлов жазып алган вариантындагы сюжеттик нуктун ортосунда байланыш бар, ал нук айрым өзгөрүү, толуктоолорго учураганы менен негизги өзөк кол жазма жазылган шарттан бери 19-кылымдын экинчи жарымынын баш чендерине чейин өкүм сүргөн деп айтууга негиз бар. «Манас» эпосунун илимге белгилүү варианттарындагы окуялар, кабарлар менен «М. а.-т-те» берилген айрым маалыматтардын окшоштуктарын, жакын белгилерин системалуу окуялар түрүндө эмес башка көптөгөн жеке эпизоддордон, өзүнчө айтылган окуялардан да байкоого болот. Мисалы, эпостун Сагымбай Орозбаковдун вариантында, Саякбай Каралаевдин вариантында жана башкалар көрүнүктүү манасчылардан жазылган тексттерде кыргыздардын башында турган белгилүү кан (Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ногой, Саякбай Каралаевдин вариантында Каракан жана башкалар) өлгөндө душмандары басып кирип мал-мүлкүн олжолоп, Ногойдун (Каракандын) балдарын туш-тушка бөлүп айдап жибергени айтылат. «М. а.т-теги» «Манаска» таандык маалыматтар да негизинен ушуга эң жакын көрүнүштөрдү сүрөттөөдөн башталат: Жолой Оң кандын өлгөнүн угуп, Жакып бектин турагы Кара-Кыштакка жортуул жасап, чаап алып, Жакыпты колго түшүрөт.

Жакыпты туткундан 40 жолдошу менен уулу Манас бошотот. Эки тексттин жазылыш аралыгында төрт жүздөн ашуун жыл убакыт өткөнүн эске алганда айрым деталдык айырмачылыктар болгону менен негизги нук эки окуяда тең бирдей. «М. а.-т-те» жогоркуга улай эле Жолойдун Манаска каршы аттанып, Таласты камаганы айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Коңурбай көп кол менен келип Таласты камаганы өзүнчө чоң эпизод. Биринде Жолой, экинчисинде Коңурбай делгени менен көп жоонун Таласты камап согушуусу бир негизден экени шексиз же окуялардын жалпы өнүгүш нугунда анча чоң мааниге ээ болбогон майда деталь мүнөздөгү кабарлардын катарына жатуучу Манастын урматына «Манасия» шаарынын салынышы кол жазмадагы мүнөзгө жакын эле эпосто да эскерилет. Болгон айырмасы «М. а.т-те» Манастын көзү тирүү кезинде эле шаарды ага арнап тарыхтагы белгилүү адамдардын бири Токтомуш кан салдырды десе, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча баатырдын урматына аталган шаар экендиги гана эскерилип, ким тарабынан, качан салынганы деталдаштырылып чечмеленбейт. Эки кабардын бири менен генетикалык тектештиги бар болуу мүмкүндүгү көңүл бурууга арзырлык фактылардан.

«МАЖМУ АТ-ТАВАРИХ» 5

Кол жазмадагы маалыматтардын ичинен «Манас» менен түздөн-түз тиешеси бар эпостун белгилүү болгон кийинки тексттеринин дээрлик бардыгында орчундуу мааниге ээ, туруктуу өзөк окуялардын бири катары орун алган чоң эпизод «Көзкамандардын окуясы». «М. а.т-те» да, «Манастын» варианттарында да маалыматтын өзөгүн түзгөн окуя Манас баатырды кастык ой менен өз тууганы уулантышы. Деталдык белгилери боюнча эки материалдын арасында бир катар айырмалар бар, бирок жалпы нук, негизги схема экөөндө тең бир жана бир булакка негизделгендигинде шек жок. Мисалы, Манасты уу берип өлтүрүп кел деп Жолой жумшаган Тубайдын өзү туткундагы адам, түбү кыргыз. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кытайдын башкы каны Карыкан Манасты өлтүрүп келгиле деп жиберген Көзкаман, Көкчөкөздүн да теги кыргыз, колго түшкөн туткундагы кулдар. Жолой Тубайга өз кызын алып берип, калмактарга баш кылып, анан жиберет. Карыкан да Көзкамандарга Манастын көзүн тазалап келсеңер «алтын таажы кийгизип, алтын такка мингизип, Чоң Бээжиндин кандыгын берем», — деп убада кылат. Ырас, Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкамандарга Карыкан кызын бергени айтылбайт, бирок Манаска каршы аттанган Көзкаман, Көкчөкөз, Желтийбес, Чаңдууаяк, Орозон бешөөнүн ар биринен тогуздан уулдары бар, демек алардын аялдары калмак, бекеринен Көзкамандарды Каныкей алар калмак, калмак да тууган болмок беле деп эсептебейт.

Эки материалдагы орчундуу айырмачылык — кол жазмада ууландырууну калмак Жолой, ал эми эпостун вариантында кытай каны Карыкан жибергени. Бирок, бул фактыны чоң айырма дешке да болбойт. Анткени, эпос боюнча экөө тең кыргыздардын салттуу эпикалык душмандары. Анын үстүнө «Манаста» адат катары калмак менен кытайлардын арасы так ажыратылып, чек коюлбайт, аралаш айтыла берет. Буга Көзкаман, Көкчөкөздөр жөнүндө сөз жүрүп жатканда алар манжулар, кыргыздарды чапканда кара калмактардын колуна түшүп кеткен кулдар эле дегендик да күбө. Ал эми кол жазмадагы Жолойдун Карыканга, Тубайдын Көзкаманга айланып айтылуусу эпосто адаттагы көрүнүштөрдөн. Буга Манастын теги ар башка айтылуусунун өзү да күбө. Манас баатырдын ууланышы жөнүндөгү окуянын бүтүшү да эки нускада көп жагынан бири-бирине жакын: Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манасты жалгыз өз үйүнө чакырып келишкен Көзкамандар ага уу беришет. Баатырды өлүмдөн Акаярдын жардамы менен аны ала качкан Каныкей сактап калып, Кайыпчынын зоосундагы үңкүргө алып барып багат. Өлүм алдындагы Манасты Багдаддан атайын алдырып келген дары менен дарылап айыктырат. Кол жазма боюнча ууланган Манасты катуу дарттан Жалал ад-Дин шейх атайын издеп барып дарылап айыктырат.

Эпостун варианттарындагы касиеттүү шаарлар Мекке, Мисир, Багдаддан издетип жүрүп таап келген дары менен айыктыруусу касиеттүү шейхтин өзү атайылап издеп келип айыктырууга үндөшүп турганы күмөнсүз. «М. а.-т-теги» Манаска тиешелүү маалыматтар кара сөз түрүндө берилген. Бирок, айрым жерлерде ыр үлгүлөрү да учурайт. Буга караганда кол жазмага булак болгон эпостук чыгарма же жалаң ыр түрүндө же ыр менен кара сөз аралаш түзүлгөн болсо керек деген жоромолго негиз берет.

Ө. Караев. С. Мусаев

МАЗАР

(арабча товаф — табынуу, сыйынуу) — дин ишениминде мусулмандар сыйынуучу «ыйык» жер (күмбөз, булак, дарак жана башкалар). «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин шамандык түшүнүктө болгондугун жана мусулман болгондон кийин да шамандык түшүнүктөрдү сактап калгандыгын көрсөткөн материалдар көп. Бул төрөбөгөн аялдын бала тилешинен ачык көрүнөт. «Манас» варианттарынан (Радлов жазып алган вариант, Сагымбай Орозбаковдун варианты) баласыз кыргыздар М-га, куттуу жыгачка жана ата-бабалардын күмбөзүнө барып бала тилеп сыйынганын көрөбүз. Радлов жазып алган вариант боюнча Жакып аялы Чыйырдыны:

Бул Чыйырдыны алганы
Жайы, кышы он төрт жыл
Бул мазардуу жерге сыйынбайт,
Бу алмалуу жерге оонабайт,
Бу арашандуу жерге түнөбөйт

(Радлов жазып алган вариант, 12), — деп арман кылат.

Ал эми Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып М-га барып «Мойнуна куржун салынып, Мазарды көрсө бай Жакып, Бакырып ыйлап жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 46) жер, сууга сыйынгандан кийин гана Чыйырдынын боюна бүтөт. Демек, М-га, жер, сууга сыйынуу, жердин, суунун ээси бар деген шамандык түшүнүк менен байланышкан. Кыргыздар балалуу болбосо М-га гана эмес, арашандуу жерге барып, суу боюндагы жыгачтын жанына мал союп түлөө кылып, кудайдан бала тилегени белгилүү. Жер, сууга, жыгачка сыйынуу «Манас» эпосунда гана эмес башка элдердин да эпосторунда кездешкен, байыркы убактардан бери келаткан расмий экендиги байкалат. Жакыптын «мазарлуу жерге барып, Чыйырды сыйынбайт» дегени куттуу жыгачка ишенген шаманчыл якуттардын куттуу жыгач түбүндө кылган шамандык эм-домунан эч айырмаланбайт, ага жакындайт. Баласы жок -аялдын жер, сууга тайынганы 10-кылымдагы «Коркуд Ата» эпосунда да кездешет.

Эпостогу жомоктордун биринде баласы жок аял бала бер деп жер, сууга арнап суу чачат («Коркуд Ата», Баку, 1950, 115-б.). Башка диний түшүнүктөр сыяктуу эле ата-бабалардын күмбөзүнө барып сыйынуу мотиви «Семетей» эпосунда да сакталган. «Ак күмбөз тайып келүүгө Атасы Манас арбагы Акбоз бээ атап берүүгө (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 287) барган учурда Семетей баатыр кайып болгон же өлүмгө учураган. Кыскасы, М-ларга же ата-бабалардын күмбөзүнө барып сыйынуу байыркы доорлордон бери келген ата-бабалардын арбагын сыйлоо расмиси болуп саналат.

С. Алиев

«МАЙДАН»

— жазгыч акын жана Манасчы Тоголок Молдонун варианты боюнча «Семетей» бөлүмүнөн түзүлгөн китепче (Фр., 1943). Басмага даярдаган редактору Ж. Бейшекеев. Китепте камтылган окуя «Коңурбайдын Таласка жасаган жүрүшү» деген темада баяндалат. «Манас» эпосунан «Семетей» бөлүгүнө өткөн терс каармандардын ашкан амалдуусу, каардуусу, эң коркунучтуусу Коңурбайдан оор жарадар болгон Манас баатыр Таласка келип дүйнөдөн кайтат. Кыйды Коңурбай эми кыргыз элин баш көтөргүс абалга жеткирүүнү жана Манастын уулу Семетейди жок кылууну ойлойт. Анын бул аракети менменсинүүдөн же текеберленүүдөн келип чыкпайт. Манастын өлүмүнө себепчи болгон Коңурбай жоокерчилик салт боюнча кан кууп, өч ала турган Семетейден кооптонот. Эпосту түзгөн эл да баскынчы душмандардан коргоочу башкы баатыры катары кун кууп, өч алуучу милдетти Семетейге жуктөшөрүн сезген кыйды Коңурбай Үч-Бээжинге кабарлап эл башчы кандарын жыйып кеңешет:

Кечээ кайратымдын барында,
Айбатым толук чагында,
Ушул канкор кулдун атасы
Кан Манасты жайладым.
Алтайга бурут келтирбей
Түркстанга айдадым...
Түркстанда кыргыздан
Манастын уулу Семетей,
Кездеше турган чоң душман
Атадан артык тууптур.
Бул керишип турган жоо койбойт,
Кезенген душман соо койбойт.
Таласын барып чаппасак,
Талап малын албасак,
Семетейди өлтүрүп
Минтип кумар канбасак (7—8-б.)

— деген Коңурбайдын талабына баары макул болушат. Алты ай камданган Коңурбай 60 миң кол менен Таласка аттанып бейкут жаткан кыргыздарды камайт. Таластын суусун башка жакка бурдуруп, элди суусуз калтырат. Баскынчы душмандар Семетейдин айлын аткылай баштаганда Айчүрөк токуп, даярдап койгон Тайбуурул байлоосун үзүп качканда Коңурбай кармап алып, терең ор каздырып салдырып коёт. Аны айлалуу баатыр Күлчоро зындандан алып чыгат. Кыргыз эли бул кордукка чыдабастан Семетейдин жетеги боюнча басып алуучулукка каршы бүт көтөрүлүштү. Кандуу майдан бир нече күнгө созулуп, зордукчул Коңурбайдын аскери жеңилүүсу менен окуя аяктайт.

С. Бакенов

МАДАҢШАҢ

— эпизоддук кейипкер. Саякбай Каралаевдин вариантында Дөөдүр алп М. менен салгылашып, каратып алганын эскерет: «Мадаңшаң менен салгылашып, Ордолуу шаарын бузганда» (Саякбай Каралаев, 1. 85).

МАЖИЛИС

— «Манас» эпосунун варианттарында жыйын, жыйналыш деген мааниде көп айтылат:

Мажилиске жыйылган
Атпай кыргыз балдары.
Баатыр Манас кеп айтат:
Мажилиске жыйылдың,
Баарын уккун деп айтат
(Сагымбай Орозбаков, 2. 151).

МАЗАБЫЛ

— эпизоддук кейипкер. Медине, Меке жериндеги араб элинин төрөсү, карысы. Көкөтөй өзүнүн өлөөр алдында айткан керээзинде эскерет (Сагымбай Орозбаков, 3. 23).

МАЗАКЕ

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн жан-жөкөрү. Көкчөкөз М-ге Манас өлдү деп жар чакыртат. Эл ишенбей Мазакени шылдыңдап күлөт (ушундан улам «Мазаке кылбачы» деген ылакап калган). Көкчөкөз Каныкейди «мага тийсин» деп Меңдибай менен Мазакени арачы кылып жиберет (Сагымбай Орозбаков, 2. 440).

МАЗЕЙИЛ

— топоним. Ойрот элинин мекени. Кыз Сайкал жердеген жер. Манас керээзинде Карача кандын кызы Сайкалдын өлөрүңдө кырк күнү зыйнатыңа турам деген убада сөзү бар эле деп кабар жибертет (Саякбай Каралаев, 2. 229).

МАЙКАНА

— кагылган добуш аркылуу кабар берүүчү чоң коңгуроонун асылып турган жайы. Эпосто да ушул мааниде айтылат:

Ордокана коңгуроо —
Баңдуулуга жеткени,
Майканага туруптур,
Баңдуулусун уруптур,
Каңгыраган добушун
Бир күндүк жер угуптур
(Сагымбай Орозбаков, 2. 126).

МАЙМУН

— топоним, негизги варианттарда кыргыздарга чектеш жер жана андагы жашаган элдин аты. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Шоорук кан М-дуктардан деп берилет:

Дөбөт чөлү атанып,
Жакасы кум, тоосу таш,
Алайдын түштүк жагында,
Башы Даң-Дуң тоосунда,
Маймундуктун Шоорук кан
Жаткан экен ушунда
(Сагымбай Орозбаков, 2. 200). Географиялык реалияда Оогандын түндүк-батышындагы шаар. Жергиликтүү тилде аталышы Маймене. Ооганстандагы башка жерлер менен бирге 15-кылымдын 20-жылдарында Аксак Темирдин уулу Шахрух («Манас» эпосунда Шоорук) башкарып турган.

МАКАЛ-ЫЛАКАПТАР 1

Элдик оозеки чыгармачылыкта М.-ы. өзгөчө орунга ээ. Түзүлүшү жагынан кыска жана нуска болуп, айтыла турган ойду таасын чагылдырат. М.ы-да элдин тарыхы, турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, салт-санаасы орун алат. Жөнөкөй эле сөздөр турмуштук тажрыйбада элдин элегинен өтүп, нуска болорлук, адамды ойлонторлук накыл сөзгө айланат. Ошентип, М.-ы. адамдын акыл-эсинин энциклопедиясын түзөт. Макал (М.) менен ылакап (Ы.) түзүлүшү, мазмуну, айтылышы боюнча бир-бирине өтө жакын келет жана алардын бири-биринен айырмалануу өзгөчөлүктөрү да бар.

М. — адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан алынып, алардын философиялык ой-жүгүртүүлөрүн жыйынтыктаган, дүйнөгө болгон көз караштарын билдирген, тарбиялык мааниси курч сөздүү, көркөм элестүү, рифмага жана ритмге ээ кыска чыгарма. Ал сүйлөм, бир-эки сап же бир сабак ыр түрүндө да айтылат.

Ы. — кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүш-турушунун, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн жыйынтыктап, так, элестүү берилген, өзгөчө чечмеленүүчү тарыхы бар, көбүнчө каймана айтылып, контекстке карата мааниси чечилүүчү кыска, образдуу сүйлөм.

М-дагы ой, аягына жеткире айтылса, Ы-та ой кыйыр түрдө айтылып, жыйынтыкты Ы. багытталган адамдын чыгарышы талап кылынат. Кыргыз элинин көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу М.-ы-га, санат, накыл, нуска сөздөргө өтө бай. Эпостогу М.-ы. ыр саптары менен айкалыша келип, ыргакка ылайык структуралык анча-мынча өзгөрүүгө учурап, сүрөттөлүп жаткан окуянын, көрүнүштүн көркөм, элестүү сүрөттөлүшүнө көмөктөшүп, кошумча маани кийирип турат. «Мурут бар жерде сакал бар Мурунтадан макал бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 15) деген саптардын өзү М. болсо дагы, байыртадан эле элде, элдин сүйүктүү чыгармасы «Манаста» М-дын колдонулгандыгын айгинелейт.

МАКАЛ-ЫЛАКАПТАР 2

Ал эми эпостун ар бир вариантынан М.-ы-ды мол жолуктурууга болот:

Ар качандан бир качан
Жамандын жаны аялуу
(Сагымбай Орозбаков, 2. 17).

Бадышадан башкага
Баркы болбос көөхар таш
(Сагымбай Орозбаков, 2. 292).

Нелер келип, не кетпейт
Эр жигиттин башына
(Сагымбай Орозбаков, 2. 151).

Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар
(Сагымбай Орозбаков, 2. 18).

Адырмак тоого бел керек,
Азаматка эл керек
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 183).

Өтүрүк сөз — өлгөн сөз,
Жалган айткан жаман сөз
(Сагымбай Орозбаков, 1 183).

Элди баккан жер өлбөйт,
Эр төрөгөн эл өлбөйт
(Курама варианты, «Семетей», 312).

Өзөндө күйгөн өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман
(Саякбай Каралаев, 2. 187).

«Манас» эпосунун окуяларынын, сюжетинин негизинде пайда болгон, эпостун өзүндө, эл оозунда айтылып жүргөн М.-ы-дын арбын болушу элдин бул чыгарманы терең кадырлагандыгынын бир белгиси. Алсак: «Эрди сайса ким сайды Аты калат Манаска» (Саякбай Каралаев, 2. 34) же болбосо Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени; Чубактын кунундай чубалган иш; Ногойдон нойгут кем бекен, Чубактан Манас эр бекен?; Манас, Манас деп койсо барбая түшөт экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая түшөт экенсиң; Көкөтөйдүн ашы — көп чатактын башы жана башкалар көптөгөн М.-ы. эпостун сюжетинин негизинде келип чыккан.

Ы-ка караганда М-да дидактикалык маани күчтүү болот. Экөөнүн бири-биринен дагы бир айырмасы Ы-тын келип чыгыш тарыхы болгондугунда. Мисалы, Чубактын кунундай чубалган иш деген Ы. көпкө бүтпөй адамды убара кылган иш туурасында айтканда колдонулат. Эпостогу М.-ы. чыгарманын көркөмдүгүн арттырып, мазмунун байытуу менен чоң тарбиялык мааниге да ээ. Алар элдин дүйнөгө болгон көз карашын, басып өткөн тарыхын, эстетикалык түшүнүктөрүн чагылдырып, турмушту терең билүүгө, таптык сезимин ойготууга, курч, көркөм сөздөр менен куралдандырууга, аларды пайдалана билүүнү үйрөтүүгө жардам берет.

3. Бектенов, Ы. Кадыров

МАКЕЛ

Малгун, Макел-Малгун — антроморфтук, жөө жомоктук-фантастикалык кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында бир эле М. дөө Макел-Малгун делип айтылса, Саякбай Каралаевдин вариантында М. дөө жок, Малгун, Мадыкан деген эки кейипкер дөө айтылат. Жалгыз көздүү М. дөөнүн образы — эпосту жараткан элдин мифологиялык жандыктар жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн байыркы үлгүсү. Сагымбай Орозбаковдун вариантында М. дөө-мифтик салттык кейипкер. Анын элеси манасчынын баяндоосунда төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Ант ургурдун өзү бар,
Бакыраят ачылса,
Маңдайда жалгыз көзү бар.
Адам уулу билгисиз,
Аркы-терки сөзү бар
Байкаса адам үн өңдүү,
Оозун ачып сүйлөсө,
Обо жарган обону
Күркүрөгөн күн өңдүү,
Азат бойдон чыккан түк
Ажайган аюу жүнү өңдүү,
Аңдап көрсө дидаары
Ажыдаар түрү өңдүү
(Сагымбай Орозбаков, 4. 224).

Эпосто «Үй ордуна киргени, үлкөн тоонун үңкүрү, кирип-чыгып жүргөнү, көз учкан таштын чуңкуру» болгон Макел дөөнүн эпикалык душман кол башчысына айланышынын өткөөл мезгили баяндалган. Ошондой эле «тоодой болгон чоң Макел» деп өтө зор жандык катары сүрөттөлүп, «чоң киши», «тоо киши» дегенге жакын түшүнүктү бериши да — бул элестин түпкү теги байыркы адамдардын тоонун ээси жөнүндөгү ишенимдери менен байланышкандыгынын белгиси. Ал — үңкүрдө жашаганы менен өзүнчө бир жомоктук-фантастикалык элдин башчысы. М., анын эли чөптөн тартып, бак-дарактын тамырына чейин, кезиккен жан-жаныбарларды ылгабай жей берсе, эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этабында эми М. өзү да, эли да эпикалык душмандын башкы канына баш иет, анын союздашы катары сүрөттөлөт. Коңурбай Эсенкандын атынан М-ге чабарман жиберип, жардам сурайт, ал өзү да Коңурбайды союздашым деп таанып, Манас менен урушууга келет. Бирок, М-дин образында эпикалык душман өкүлүнүн, анын союздашынын белгисине караганда жалпы адам баласына душмандык белгилери басымдуу. Өнүгүүнүн кийинки баскычтарына ылайык дөөнүн образындагы алгачкы салттык касиеттердин жаңыланганы даана көрүнөт. Натыйжада, адам уулуна каршы кара күчтөрдү элестеткен М. дөөнүн образы өзгөрүп, эпикалык душмандын белгилерине ээ болот. Ушуну менен катар дөөнүн образындагы мифологиялык көрүнүштөр да белгилүү даражада сакталып калган. М. оңойлук менен өлбөйт. Мындай өзгөчөлүк жалгыз көз дөөлөрдүн образына таандык салттык көрүнүш. Бирок, көрүнүшү тоодой, күчүнө жан туруштук бере албачудай көрүнгөн анын жанында алсыз өңдөнгөн адамзат акылдын, куралдын жардамы менен жеңип чыгышы М. дөөнү Алмамбет менен Чубак өлтүргөндөгү эпизоддо сүрөттөлөт.

Тоо жылып келе жаткандай көрүнгөн М. дөөнү үңүп жаткан Алмамбет баатыр «көк милтени чоктоп, Алмабаш мылтык октоп» жазы маңдайда жаркылдаган жалгыз көзгө кармай берет:

Ок көзүнө мылгыды
Чечекейи челектей
Жерди карай ыргыды
(Сагымбай Орозбаков, 4. 243).

Маңдайда жалгыз «көзүнөн башка эч жеринде эти жок» ок өтүүчү жумшак жери болбогон М. дөөнү кереметтүү жөө жомоктордогудай уктап жатканда ысык темир шиш менен көзгө сайып өлтүрбөстөн, мылтык менен атып, курал, акылдын жардамы менен жеңет. Көп элдердин фольклордук чыгармаларында жомоктук-фантастикалык дөөлөрдү жалгыз көзүнө кызарта ысытылган шиш менен сайып, мылтык менен атып өлтүрүү сыяктуу окшош сюжеттер көп учурайт. Моңгол-ойроттордун эпосунда башкы каарман мангустар (киши жечү дөөлөр) менен согушса, «Одиссеяда» зор дөө (циклоп) Полифемди Одиссей оңой эле жеңет. Жалгыз көздүү дөөнү көзгө атып, анан өлтүрүү мотиви «Манас» эпосуна алда канча кийинчерээк мылтык пайда болгон учурлар менен байланыштуу кирген көрүнүш.

С. Алиев

МАЛГУН 1

— антропоморфтук типтеги жомоктук-фантастикалык кейипкер, жалгыз көздүү дөө. Манасчылардын түшүнүгүндө жалгыз көздүү дөө чоң киши, жапайы киши, дөө адам дегенге жакын. Бул эпосто берилген аттардан да байкалат.

Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында жалгыз көздүү дөөлөр Адамдүк, «Сазаңшаңды бийлеген Макел-Малгун эр деген» деп бир эле дөөнү (к. Макел) кош ысым менен атаса, Саякбай Каралаевдин вариантында эки дөөнүн бири «Мадыкан» делип, дагы бири М. деген ат менен берилет. Жалгыз көздүү дөөлөрдөгү өлбөстүк касиет жана тоонун ээси экендиги жөнүндөгү түшүнүктүн калдыктары М-дун образында сакталган. Чоң казаттын чалгын чалуу эпизодундагы эпикалык тоодо «алышса адамдын алы жетпеген, атышса огу өтпөгөн, жалгыз көз Малгун дөөнү» Алмамбет, Сыргак жалгыз көзүнө сайганда ал тоону карай качат (Саякбай Каралаев, 2. 132). Бул анын образынын түпкү теги тоо менен байнышкан, тоонун ээси экендигин, ал тоого таянып, тоо менен күчтүү болорунан кабар берет. Ошону менен бирге М. дөөнүн образында жалгыз көздүү дөөлөрдү шарттуу түрдө сокур кылып өлтүрүү сюжети менен байланышпаган мотив кездешет.

Саякбай Каралаевдин вариантында гана айтылган М. дөө — зор жана күчтүү, найза тешпей, кылыч кеспей, ок өтпөй турган кадимки" жалгыз көз дөө. Анын теги да мифологиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуу. Ал көзүнөн ажыраганда да өлбөйт. Себеби М. жөнөкөй дөө эмес, «дөө-перинин шаарынан алып келип, окутулган, адам тили билгизилген», атайылап кароолго коюлган дөө. Анын дөөлүк касиетине адамдарга таандык көрүнүштөр кошумчаланган — башына туулга кийгизилген. Жалгыз көзүнөн ажырап, бирок көрбөй ой-тоого качып жүргөн дөөнүн башындагы туулгасын Сыргак ыргыта койгондон кийин гана эки баатыр аны өлтүрө алышат. Бул дөөнүн образынын улам кийинки доорлордогу эволюциясынын — адам түрүнө жакындашынын көрүнүшү. М-дун адам түрүнө жакын турган дөө экендигин анын кароолго турушу, кечилдердин каны болгондугу да айкындап турат.

МАЛГУН 2

Эпостогу жомоктук-фантастикалык дөөлөргө салыштырмалуу М-дун эпикалык образынын эволюциясын аныктай турган атрибут — шарттуу талуу жери «жалгыз көзгө сайдырып, чечекейден айрылса» да өлбөгөн магиялык касиети. Ал башына кийген кереметтүү туулга эпосто түз маанисиндеги коргонуучу согуштук кийим катары эмес, аллегориялык мааниде, кандайдыр жашыруун, сырдуу, касиеттүү күчкө ээ түшүнүгүндө мотивделген. Мындагы негизги максат ар кандай касиеттүү, сыйкырдуу нерселер сырткы күчтөрдүн каршылыгынан, таасиринен «коргоочу», «сактоочу» керемети бар экендигин билдирүү. Мындай ишенимдин түпкү теги байыркы адамдардын чектелген анимизмдик, магиялык түшүнүктөрү менен байланышкан.

Эпостогу жалгыз көздүү дөөлөрдүн алгачкы сапатын алда канча өзгөрткөн түрү М. дөө тибиндегилер өткөөл мезгилде тургандыктан мурдагы касиеттерин (киши этин жегендик, жалгыз көзүнөн ажыраганда өлүшү) негизинен жоготкону менен жаңы өзгөчө сапат-касиеттерге ээ болот. Ансыз алар адамдар менен бирдей болуп калат. Ошон үчүн Алмамбет менен Сыргак М-ду өлтүрө албай убара тартышат:

Ортого алып Малгунду
Алты күнү сабады,
Өлтүрө албай Малгунду
Эки кыраан жадады
(Саякбай Каралаев, 2. 132).

Мунун сыры М-дун дөөлүк касиеттен башка «сыйкырдуулук» касиетке да ээ экендигинде. Магиялык мүнөздөгү касиеттүү нерселердин касиетине ишенүү түшүнүгү огуздардын эпосундагы Депе-Гез (Төбө-Көз) дөөнүн эпикалык образында сакталган. Эпостун сүрөттөөсү боюнча жалгыз көздүү Депе-Гез дөөнүн магиялык өлбөстүк касиети анын пери энеси жакшылыкты каалап, сыйкырлап берген кереметтүү шакекке байланыштырылса, «Манас» эпосундагы М. дөөнүн магиялык касиети кереметтүү туулга менен берилген. М-дун башындагы касиеттүү туулга түшкөндөн кийин гана магиялык сапаттан ажырап, ажал табат. Туулганын магиялык касиетке ээлиги жөнүндөгү мотивди Орхон-Эне-Сай жазма эстеликтеринен да көрүүгө болот. Күлтегиндин урматына коюлган эстеликте: «анын соотуна жана кемселине жүздөгөн жебе кадалганы менен жез соот кийген башына бир дагы жебе тийген эмес». Мындагы маани талуу жер болгон башты калкалап турган атайын кийимдин өзгөчө касиетинде эмес, түшүнүктүн теги анын магиялык күчкө ээ экендиги жөнүндөгү ишенимдер менен байланышкандыгында.

МАЛГУН 3

Жалпы эле соот түрүндөгү жоо кийимдери эл турмушунда алда канча кийин пайда болгону тарыхый маалыматтардан белгилүү. Ал эми М-дун образындагы көзүнөн ажыраганы менен туулгасынан ажырап, башы кесилмейинче өлбөстүк жөнүндөгү түшүнүктүн эл арасында жашашы алда канча эски учурларга таандык экендигинде шек жок. Аны биротоло өлтүрүү үчүн атайын белгилүү шарттарды аткаруу зарыл. Адатта кереметтүү жөө жомоктордо М. өңдүү сыйкырдык күчкө ээ кейипкерлердин сөөгүн өрттөп, такыр жок кылуу максатында күлүн сапырып жиберет. Ошондо гана ал жандык кайра тириле албай калат. «Манас» эпосунда бул өтө коркунучтуу душман ар кандай себептер менен кайра тирилип кетпесин үчүн сөөгүн (денесин) өрттөп жиберүү ишеними кийинчерээк өз маанисин өзгөртүп, шарттуу түрдө өлтүрүлгөн дөөлөрдүн денесинен башын кесип алуу мотивине байланыштырылган. Магиялык күчкө ээ жандыкты өлтүрүү үчүн талап кылынуучу атайын аракеттер жана ырым-жырымдык белгилер түрүн өзгөрткөн формада М-дун образында да сакталган. Чалгынга барган баатырлардын М-ду өлтүрүп, башын кесип алып кетишинин эки мааниси бар.

Биринчиден, бул жерде эң коркунучтуу жоону жеңгендиктин белгисин көрүүгө болот, анын далили катары башын алып барып Манаска көргөзүү; экинчиден, бул иш-аракеттин мааниси — денеден башты бөлүп эле таштап койбой, душманды кайра тирилип кетүү мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажыратуу. Кээде ушул расминин өзүнчө бир көрүнүшү жөө жомоктордо өлтүрүлгөн душмандын денеси менен башын кесип алып кетүү аркылуу магиялык күчтү жок кылуу ырымынын бир түрү катары берилет. Эпосто:

Бир чапканда Алмамбет
Чоң Малгунду сойгон соң
Алмамбеттен шер болбойт,
Эрдинен тешип Малгунду
Артып берсе атына
Малгун жалгыз башына
Кайран Сыргак тең болбойт
(Саякбай Каралаев, 2. 132),

— деп сүрөттөлөт.

МАЛГУН 4

Мындан М-дун эпсиз чоңдугун, өтө коркунучтуу мифтик жандык экенин, ошону менен бирге анын башын кесип алып, бир жагын таш менен теңдеп артып, башкача айтканда кордоо жолу менен магиялык касиет, күчүнөн ажыратуу расмисин көрүүгө болот. Эпос муну менен өтө коркунучтуу, жаратылыштан тышкаркы кара күчү мол жомоктук-фантастикалык жандык болбосун, алар кандай гана жаңы белгилерди алып, идеялык өзгөрүүгө учурабасын, жеңиш дайыма адилеттик үчүн күрөшкөн элдик баатырлар тарабында болорун сүрөттөп көрсөткөн.

М. тибиндеги сыйкырдуу күчкө ээ кейипкерлерди кайра тирилбесин үчүн башын кесип алуу же сөөгүн өрттөп, күлүн чачып жиберүү кыргыздардан башка элдердин эпосторунда да кеңири жолугат. Алтайлыктардын «Алтай - Буучай» эпосунда башкы баатырдын эки аты эки бүркүт болуп кубулуп, Алтай-Буучай менен Эркемелдин сөөгүн душмандар өрттөп кетпес үчүн эч ким таба албай турган токойго алып барышат. Камчы-Жээрен аты дары издеп кетет, калган эки ат, эки шумкар, эки тайганы сөөктөрдү кайтарып калышат. Ал эми якуттардын олонхосунда айыылар абаасыны өлтүрүлгөндөн кийин денесин өрттөп жиберип, башын жыгачка сайып адилеттиктин жеңишинин символу катарында илип койгондугу жөнүндө айтылат.

С. Алиев

МАЛДЫБАЕВ Абдылас

(1906, Кемин району, Кара-Булак айылы —1978, Фрунзе) — кыргыз совет композитору, ырчы (тенор) жана артист. СССР эл артисти (1939). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1937) Кыргыз профессионал музыкасына негиз са луучуларынын бири. 1922—24-ж. Алматы казак-кыргыз агартуу институтунда, 1924—29-ж Кыргыз педагогикалык техникумунда окуган. Москва консерваториясында Кыргыз улут студиясы нан (композиция классы боюнча 1940—41-ж Г. Литвинскийден, 1947 — 50-ж. В. Фереден) таалим алган.

В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге кыргыздын тунгуч улуттук операсы «Айчүрөк», «Манас» операсына музыка жазган. Ошондой эле ал драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды түзгөн. «Айчүрөк» операсынан эң алгачкылардан болуп Күлчоронун ролун аткарып, анын эпикалык маанайдагы образын артисттик чоң чеберчилик менен көрүүчүлөргө тартуулаган.

МАЛИКОВ Кубанычбек Иманалиевич

(1911, Үч-Эмчек айылы, азыркы Аламүдүн району — 1978, Фрунзе) — кыргыз совет акыны, Кыргыз ССР эл акыны (1969), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1947).

Ал кыргыз элинин адабий мурастарын изилдеп, пропагандалоого зор салым кошкон. Кыргыздын улуттук туңгуч «Айчүрөк» операсынын либреттосун (Ж. Бөкөнбаев, Ж. Турусбеков менен бирге), «Манас» операсынын либреттосун (А. Токомбаев менен бирге) жазган. Ата Мекендик согуш алдында «Сейтек» операсынын либреттосун жазып бүтүргөн. 1940—45-ж. «Манас» сериясы деген наам менен түрдүү эпизоддор боюнча жарык көргөн китепчелердин катарында М-дун мектеп жашындагы балдарга арналган «Манастагы элестер» (1941) аттуу китеби бар. «Манастын» төрт томдук курама вариантынын 1 — 2-китептерин («Манас» бөлүгүн) басмага даярдаган, ошондой эле «Манаска» байланыштуу жазылган көптөгөн макалалардын автору. М. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, үч «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

МАМБЕТ Чокмор уулу 1

(1896, Тоң району, Корумду деген жер —1973, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) — манасчы. М. өз вариантын жаздырып жүргөн учурунда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай, «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты» өз дилинде айтпаса, жаттап бүрөөдөн үйрөнүп алууга болбойт» деген.

Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың» деп кыстаганынан кийин гана «Манас» айтып калгандыгын эскерет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп, уктап калганын же талып калганын өзү билбейт. Ошондо көзүнө көк туу көтөргөн кошун көрүнөт. Алардын ичинен бөлүнүп чыккан бирөө буларды тааныйсыңбы деп опузалайт. М. тааныбастыгын айтканда бирөөнүн «найза менен сайып ташта» деген үнү угулат. Жанына келген киши: «Коркпо, Манас ушул, эми сен Манасты айтасың», — деп аттан түшө калып М-тин төшүнүн оң жагына мөөрүн басат. Ошондон кийин М. өзүнчө жалгыз жүргөн учурларында «Манасты» айта баштайт. Бирок, ага ошол учурда бирөөлөр жолугуп калса же көрсө эсинен танып жатып калчу экен. Мына ушундай абалда жүрүп, эл арасына барып айтпагандыктан, ал бир жак ыптасынан шал ооруга чалдыгат. М-тин ушул абалын байкаган таекеси Дөңүзбай аны эл арасына алып чыгып биринчи жолу бетин ачат. Ошондон тартып эл аралап «Манас» айтып калат.

М. Чокмор уулунан «Манас» үчилтигинин бөлүмдөрү («Манас», «Семетей», «Сейтек») «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан 1965 — 73-жылдардын аралыгында жазылып алынган. М-тин айткан вариантында «Манас» эпосундагы айтылып жүргөн салттык окуялар бүтүндөй камтылган. Окуяларды сүрөттөп берүү ыктары көпчүлүк манасчылардыкына жакын. Бирок, айрым бир окуяларды куруу, мотивдерди талкуулоо жана сүрөттөө көрүнүштөрү боюнча башка варианттардан мүнөздүү айырмачылыкка ээ. Эпостун мазмуну Манастын түпкү тегин баяндоо менен ачылат. Манастын түпкү атасы башка варианттарда жолукпаган, бирок элдик уламыштын каарманы Асанкайгы болот. Анын балдарынын аттары аталып, ошол учурда кайсы кандар менен жамаатташ тургандыгы жана чачылып, айдалып кетиши жөнүндө да өзүнчө баяндалат.

МАМБЕТ Чокмор уулу 2

Жакыптын жакын тууганы Аталыктын баласы Көзкаман бийлик талашуунун негизинде Жакыпка каршы чыгып, аны өз жеринен айдап жиберет. Жакыптын тентиши жөнүндөгү идея мотивдештирилсе да сөз эпикалык душмандар жөнүндө болбостон, ички ага туугандарынын ортосунда болгон араздашууга алып келип такайт. Мына ушундай себептердин натыйжасында Жакып аялдарынын сөзү менен өлүм жазасынан кутулуу үчүн айылын таштап качууга аргасыз болот. Көзкамандардын өкүмүнөн кийин Жакып аялдарын ээрчитип бир топ эл-жерди кыдырып, акыры Арстанбапка келип токтоп, жер айдап, эгин эгип дыйканчылык кылат. Бул жерден ал башка жерге которулбастан акырында өз жерине кайрылып келет.

Манас башка варианттардагыдай Алтайда эмес, Арстанбап тарапта төрөлөт. Анын дүйнөгө келиши баатырлардын сыйкырдуу төрөлүшү жөнүндөгү салттык ык менен эле баяндалат. М-тин айтуусунда ичтен капкактуу түшөт. Кайыптын добушу ал капкакты жарып чыгат. Баланы караса эки колу бекем түйүлгөн. Түйүлгөн эки колунда кан болот.

Башка варианттарда Манастын балалык кези койчулуктан башталып, андан соң анын калмактар менен болгон алгачкы айкаштары эпостун лейтмотивин түзүүчү баатырдык жүрүшкө багыт берип турат. Ал эми М-те негизинен тарбиялоонун багыты башка варианттарга үндөшкөнү менен эпостун мазмунунун жүрүшү кандайдыр жомоктук мүнөздө айтылат. Манастын тентектигине жана баш бербестигине чыдабаган Жакып энеси экөөнү айдап жиберет. Таалим-тарбияны жана молдолук окууну таятасы Карачаныкында жүрүп үйрөнөт. Бирок, канчалык тарбияланса да Манастын өз билгенин бербестиги, тентектиги күчөй берет. Анын мүнөзү эрезеге жетип, чоң жортуулга чыкканда гана токтолот. Манас таятасы Карачадан келгенден кийин кандарды издеп айылынан чыгып өзүнө чоро болуучу кандарга жолугат. Мунун ичинен Кошой менен жолугушканы кененирээк баяндалып, Кошойдон Кожонун кызы Билерик жөнүндө угат. Андан соң Манас алты пирге жолугат. Ушул сыяктуу көп жүрүштөрдөн кийин гана Манас элине келет.

МАМБЕТ Чокмор уулу 3

Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты нда) Жаангер Кожонун же Айкожонун баласы Билерик жөнүндө кеңири пландагы баяндама берилсе, М-те Билерик Кожонун кызы болуп аталат да Кошойдун сөзүндө гана эскерилет. Демек, варианттардын бирөөндө уул бала болсо, экинчисинде кыз бала болуп, айырмачылыкка ээ.

Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү МЧВнын эпизоддорунан да учуратабыз. Манастын Каныкейге үйлөнүшүндөгү башка варианттарда айтылган кыз издөө, кудалашуу, кызды алып келүү, Манастын Каныкейден жарадар болушу сыяктуу урунттуу окуялардын берилиши Мамбет Чокморовдун вариантында да толугу менен сакталган. Бирок, манасчы ушул окуяларды өөрчүтүүдө эпостун сюжетин жомоктук багыттагы мазмундун негизинде трактовкалаган. Манастын кандарды кыдырып келишинен кийин элинде болгон жыйында ага аял алып берүү жөнүндө сөз козголуп, Каракандын кызы Каныкейди алып беришмек болушат. Кыз издөөгө Жакып каршы болот. Кыз издөө, элчилик милдет Агыш, Үрбү, Жангазы, Элчибай жана Бөкөйгө тапшырылат. Алардын кыз издегени, жолдо көргөн азап-тозогу манасчы тарабынан кеңири баяндоого алынат.

Манастын башкы эпикалык душманы Алооке жөнүндөгү баян Мамбет Чокморовдун вариантында өзүнчө эпизод катарында айтылган. Алооке өзүнүн үстөмдүгүн тегерегиндеги кандарга көрсөтүп, аларды бүтүндөй каратып алат да жеңилбей дагы кайсы кандар калды дегенде Эдиге аттуу билерман жигити Манастын жөнүн айтат. Аны уккан Алооке Манастын элин камайт. Ошол учурда Манас кырк чилтендин азгыруусу менен Аккуланы минип айылынан чыгып кетет. Ортодо майда окуялар баяндалат да, бир топ эпикалык мүнөз өткөндөн кийин Манастын өзүнө тиешелүү курал-жарагы, кийимдери колуна тийгендиги айтылат.

МАМБЕТ Чокмор уулу 4

Эпостогу Көкөтөйдүн ашы бардык варианттарда чоң эпикалык жүрүштүн башталышына түрткү болгон эпизоддордон болуп саналат. Ашта кыргыз жана аларга союздаш кандар Манастан запкы көрүп, кек сактап калышат да ага каршы чыкканы бардык манасчыларда бирдей айтылат. Бул вариантта дагы айрым бир аталыштар же окуялардын айтылышы сыяктуу көрүнүштөрдөн айырмаланганы болбосо, башка варианттардагыдай эле Көкөтөй канга берилген аш, анын шаан-шөкөтү жөнүндөгү окуялар сүрөттөлөт.

«Манас» эпосунун финалдык бөлүгүн түзгөн жыйынтыктоочу эпизоддордун бири «Чоң казат». Бул эпизод бардык варианттарда туруктуу түрдө учурайт. Негизги сюжеттик нук жана окуянын өөрчүтүлүшү композициялык жактан көпчүлүк манасчыларда негизинен бирдей эле мотивдер аркылуу баяндалат. Мындай жалпылыкка карабастан айрым манасчылар айтуу манерасына, үйрөнүү салтына жараша кээ бир деталдуу көрүнүштөрдү жана окуяларды талкуулоодо башка манасчылардан өзгөчөлөнүп тургандыгы байкалат. Анткени, манасчы эпосту айтып жатканда жалпы сюжеттик нукту сактаганы менен айрым бир көрүнүштөргө же окуялардын түшүндүрүлүшүнө, пейзаждын сүрөттөлүшүнө келгенде эргүү сезимине жараша башка манасчыларды кайталабастан, өз өнөрканасына мүнөздүү чыгармачылык күчкө басым жасайт.

Негизинен үчилтиктин экинчи жана үчүнчү бөлүгү айтылган вариантта өзүнүн салттык өзөк окуяларын сактаган. Ошондой эле бул вариантта ысык-көлдүк манасчылардын мектебинде айтылган салттык эпизоддор бар экендигин да эстен чыгарбоо керек. «Семетей» бөлүмү өз ичине Каныкейдин Чыйырды менен Семетейди алып Букарды көздөй качканы, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Семетейдин Сарытаздан өзүнүн жери менен эли жөнүндө укканы, Семетейдин Букардан аттанып чыкканы, Таласка келип Абыке, Көбөштөн алты мүлктү алганы, кайра Букарга келгени, Букардан Таласка көчкөнү, Абыке, Көбөштүн каршылашып кырк жигитти ээрчитип качышы жана курман болгону, Семетейдин Толтой менен болгон кармашы, Айчүрөккө үйлөнгөнү, Коңурбайдан өч алганы, Семетейдин өлүмү сыяктуу бардык варианттарда туруктуу учуроочу өзөк окуяларды камтыйт. Жогоруда аталган туруктуу эпизоддор сакталганы менен манасчы тарабынан айрым окуялар, мотивдер, образдардын талкууланышы башка варианттардан өзгөчөлөнүп баяндалуу менен өзүнчөлүк мааниге ээ.

МАМБЕТ Чокмор уулу 5

Саякбай Каралаевдин варианты менен Жакшылык Сарыковдун вариантында Бакай төө кайтарып калса, Шапак Рысмендеевдин вариантында элин бөлүп өз алдынча жашайт. Ал эми Мамбет Чокморовдун вариантында Бакай Жакып менен анын балдары Абыке, Көбөшкө моюн бербестен, алар менен кандуу кармашка чыгып, Каныкейди качырганга жардам берет. Каныкей качканда түз эле Букарга атасыныкына барам деп чыгат. Анын башка элге баруу жөнүндөгү ою атасына таарыныч кылып Каракандын жолдон кезиккен жигитине айткан сөзү башка варианттардын айрымдарында учураганы менен өзгөчөлөнтүп Бакай менен болгон кеңеште мотивдештирилген. Ал эми бул вариантта жолдо чарчап-чаалыгып калган мезгилде Каныкей тарабынан таарыныч иретинде гана айтылган сөз катары белгилөөгө болот. Каныкейдин Букарга келгенден кийин атасы менен кеңешип ачык эле Манаска аш берип, Семетейдин эл, жерин таап, атасындай баатыр болор бекен деп төлгө кылып ат чаба тургандыгы манасчы тарабынан ачык айтылат. Башка варианттарда болсо мындай мотивдештирилген эпизод жок.

Семетей менен Коңурбайдын кармашына чейинки мезгилди ичине алган окуяларга бир топ майда окуялар киргизилген. Бирок, манасчы тарабынан кошумчаланган майда окуялар, сюжеттин өзөк окуяларына анча таасир бербестен жана өзгөртпөстөн, тескерисинче негизги окуяларга органикалык түрдө биригип кеткен. Буларга Күлчоро менен Канчоронун жана Чынкожо менен Толтойдун окуялары, Чачыкейге байланыштуу айтылган баяндамалар манасчы тарабынан өз алдынча трактовкаланып, окуяларга жаңы мазмун, мотив бергени менен эпостун негизги сюжеттик нугунан чыкпастан толуктап турат. Ошондой эле Айчүрөктүн баатырларды сынашы башка манасчылардагы мотив менен үндөшсө дагы Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылгандай эпикалык арымына жеткире сүрөттөлгөн эмес. Канчоронун ичине кек сактап калуусу башка варианттарда Семетейдин Толтойдун атын соогатка сураганда чылбырды Күлчоро тарапка үйрө ыргытып коюусунан чыгат.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 1

(1897, азыркы Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы —1969, ошол эле жер) — манасчы. М. бала кезинен жомокторду, элдик санжыраларды, уламыштарды берилип уга турган. Айылдагы жаштардын көңүл ачкан «Кыз оюну», «Селкинчек» өңдүү оюн-зооктордон калчу эмес. Өзү да ыр чыгарып, оюн-тамаша куруп, жаштардын арасында жамактатып ырдап жүрөт. Бара-бара ал өз айлында ырчы аталып кетет. М. жаш кезинен «Манаска» абдан кызыккан. 16 —17 жаш чамаларында Көл башындагы жомокчу Чоюке айлына келип, кыштап «Манас» айтат. Анын айтуусунда эпосту бир канча жолу угуп, чыгарманын негизги окуяларын, белгилүү сюжеттик мотивдерди, поэтикалык жалпы орундарды үйрөнүп, таалим алат. Мына ошондон тартып М. «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүнөн үйрөнгөн эпизоддорун эл алдында айта баштайт. Улам башка чоң манасчыларга жолугуп, билгенин толуктап, өркүндөтүп турган. М. жашаган айылга кошуна айылда чоң жомокчу Назар жашап өткөн. Анын уулу Жүгөрү да «Манас» үчилтигин толук айткан жомокчу болгон. М. Жүгөрү менен көпкө бир жүрүп, анын айткан «Манасын» угуп, өзүнүн билгендерин толуктаган. Мындан башка М. Улуу-Тоолук (Тянь-Шандык) манасчы Шапак Рысменде уулунун да «Манас» айтканын бир нече жолу угуп, айта билүүнүн чеберчилигин үйрөнгөн.

Бардык манасчылар сыяктуу эле М. да өзүндөгү айтуучулук шыктын жаралышын кандайдыр бир сырткары күчтүн колдоосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланыштырат. М. коллективдештирүү мезгилинде жер коом шериктигине жана алгачкы артелге өзү баштап кирген. Колхоздо иштеп жүргөндө, айылдык шайырлар менен бирге эмгек талаасында колхозчуларга эс алуу учурунда «Манас» айтып көңүл ачкан. Кийин Караколдогу өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, райондун аймагын кыдырып, элге «Манас» айтат. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышат. Ал ошол жылдан тартып Ысык-Көл облусунун драма театрында артист болуп 1944-жылга чейин иштейт. Ден соолугуна байланыштуу ал артистикти таштап, өз айлында жашап, өмүрүнүн акырына чейин эпосту дайыма чыгармачылык менен өнүктүрүп айтып келген. М. манасчыдан «Манасты» жазып алуу иши алтымышынчы (1962, 1967) жылдары башталган. Эпостун «Манас» бөлүмүнөн: Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Алмамбеттин аңгемеси, Коңурбайдын чабуулу (Чоң казат), Манастын өлүмү деген эпизоддор жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 231 — 234-инв.). Аталган эпизоддордун мазмуну төмөнкүчө баяндалат: Эпостун бардык варианттарында айтылган туруктуу салттык чоң эпизоддун бири «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизоду М-нын вариантынан да орун алган.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 2

Эпизоддо Манастын Каныкейге үйлөнүшү жана Манастын кыз Сайкал менен беттешкени деген белгилүү эки сюжет бириктирилип берилген. Манастын Каныкейди алышы белгилүү сюжеттердин бири катары кыска түрдө баяндалат. Окуянын башталышында эле Чубак жөнүндөгү баян кыска берилет. Эрдигине чиренген Чубак баатыр Каракандын шаарына барып, Каныкей менен жекеме-жеке сайышып жеңише албайт. Эңишке түшүп Чубак алдырып коё турган болгондо качып жөнөйт. Артынан кууп келаткан Каныкей, ууда жүргөн Манас менен Бакайды көрүп сынайт: «Ичи көлдөн кең экен, Телегейи тең экен, Шай колдогон эр экен» (Кол жазмалар фондусу, 231инв., З-б.), — деп Манас купулуна толот. Каныкей кайра тартат. Манас намазын окуп болуп, Кара-Зоонун түбүнөн балта жутар көк жору тууп кеткен күчүк таап алат. Аны бага турган ылайыктуу ургаачы жалгыз Каныкей болгондуктан, ага күчүктү багып берсин деп Кыргылчалдан берип жиберет.

Кийинки жылы Манас күйөөлөп барганда, көп азап менен багып чоңойткон күчүк Суртайган болуп, кыздар оюн куруп жатканда коломтодогу сөксөөлдүн чогуна куйругун чаап алат. Колуктусун алганы келген Манас баатыр Кумайыктын куйругунун учу күйүп калганын көрүп «Күчүктү жакшы бакпаптыр Кызыңда албаймын», — (Кол жазмалар фондусу, 231 -инв., 5-б.) деп айтып каарданат. Баатырдын күйөөлөп барышы, колуктусунун болочокку кайнатасынын оор тапшырмаларын аткарышы жана кыз-күйөөнүн ортосундагы чатак жөнүндөгү көрүнүштөр жөө жомоктук, эпикалык «даяр» сюжеттерден. Бул сюжеттердин теги баатырдык үйлөнүү темасы менен байланышып, улам кийинки доорлорго ылайык өзгөрүүгө дуушар болгон. Башка элдердин эпосторунун эпикалык баатырлары сыяктуу эле Манас да бир нече аял алгандыгы жөнүндө өзүнчө поэтикалык окуялар баяндалат. Эпостун негизги варианттарында Манас калмак каны Кайыпдаң кызы Карабөрккө, Ооган каны Шооруктун кызы Акылайга үйлөнгөндүгү жөнүндөгү эпизоддор салттык түрдө айтылат. Бирок бул экөө баатырдын чыныгы аялдары эмес.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 3

Манаска багышталган, «маңдайына жазылган» аял башка. Ал — Каныкей. Өзүнө жакын Саякбай Карала уулунун варианты сыяктуу эле Мененын айтуусунда да Манас Каныкейди албай кетип калат. «Алты жыл салбар кылганда, албаймын деп калганда» Бакайдын арага түшүшү менен окуя аяктайт. Ага улай Шооруктун кызы Акылай төрөбөй койду, нойгуттун каны Карачанын кызы Сайкалды аялдыкка аламын деп Манас оолугуп, Бакай, Чубак жана Сыргак, Серек эгиз эрди ээрчитип кыз Сайкалга аттанат.

Мыкты болсо Манасың
Бир сайыш менен чабышта
Тие турган мен эмес
Ала койчу ал эмес
(Кол жазмалар фондусу, 231-инв., 6-б.),

— деп Сайкал жекеме-жеке беттешүүдө Бакай менен Чубакты жеңет. Эр сайышта эки чыгаан баатырын ат үстүнөн сайып түшүргөн кыз Сайкалга каршы Манас өзү чыгат. Экөөнүн беттешүүсү намыс талашуу, өз беделин коргоо мүнөзүндө болот да, Манастын ээрден арты кылтайып, үзөнгүдөн бут тайып, атынан оой баштаганын көргөн Алмамбет баатыр туурадан кирип, ортого жетип, Манасты куткарып калат. Кайра бир беттешүүдө жеңилген Сайкал «О дүйнөлүк» жар болууга убадасын берет. «Манас» эпосунун варианттарынын көбүндө бул сюжет өз алдынча вариациялары менен кездешет.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 4

Кыргыз элиндеги адамдын дүйнөдөн кайтышына жана аны жерге коюуга байланышкан салттык расмилер М-дан жазылып алынган Көкөтөйдүн ашында кеңири сүрөттөлөт. Поэтикалык жактан күчтүү сүрөттөлгөн окуянын киришүү бөлүмүндө Көкөтөйдүн образы жагымдуу сүрөттөлөт. Көкөтөй көп жашаган, көптү көргөн, жыргалчылыкты жана кыйынчылыкты эл менен бирге тарткан акылман карыя катарында көрсөтүлөт. Карыганча балалуу болбой жүргөн Көкөтөй бай жоголгон кызыл нарын издеп жүрүп үйдөй болгон кызыл таштын түбүндө чөгүп жаткан нарынын оң өркөчүнүн түбүнөн ымыркай бала таап алат. Ал жөнүндө эпосто:

Билгендери айтчу эле
Нурдан бүткөн бала деп,
Билбегендер айтчу эле
Айсалкын өзү тууп алды деп
(Кол жазмалар фондусу, 231инв., 19-б.)

— чоң той берип, баланын аты Бокмурун коюлат. Эселек уулу эр жетип, он экиге толгондо Көкөтөй ооруп, өлөр алдында мурасчысы Бокмурунга керээзин айтат: Мекедеги Акешенди, Кошойду чакыр, зыйнатыма турсун.

Энеңдин тилин ал, Кошой менен энеңдин айтканына макул бол деп, Көкөтөй көз жумат. Анын жылдык чоң ашын берүү үчүн Бокмурун Ташкенден Каркырага көчүп, ашка ар түрдүү элди чакырат. Ашка келген кытай-калмак улуктарынын ичинен Нескара каапыр менен мусулмандын алптарын сынашы, Манастын жоктугунан пайдаланып Мааникер тулпарды тартууга бер деп Бокмурунга кыр көрсөтүп опузалашы, эси чыккан Бокмурундун ашты башкарган Кошой олуяга келип акылдашканы, Кошойдун кеңеши боюнча Таластан Манас ашка чакыртылып келиши, Мааникерди душман тарапка бердирбей коюшу Саякбай Каралаевдин варианты на жакын планда сүрөттөлөт. Айырмачылыгы «Манасыңды чакыртпайм, Манасың качан киши эле Манасың жок аш берем» (Кол жазмалар фондусу, 231 инв., 17-б.),— деп Бокмурун Кошойдун айтканына көнбөй, энеси Айсалкындын кийлигишүүсү аркылуу макул болгонунан көрүнөт. Манаска мындай кекирейүүгө Бокмурундун байдын дөөлөт мас баласы болушу түрткү болот.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 5

Аштын аземи башталат. Баатырлык кара күч, эрдик, аткычтык, айлакердиктерин сынашууга эпостун негизги каармандары — кыргыздар тарабынан Манастын өзү, анын атактуу чоролору — Кошой, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак жана башкалар катышса, экинчи тараптан алар менен эрегишип жүргөн эзелки баатыр жоолор — Коңурбай, Жолой, Нескаралар жана башкалар чыгат. Жар чакырылып, байгеси жарыяланып, чабыла турган аттар айдалат. Аттар келгиче, эл зерикпесин деп мелдештин башка түрлөрү ирети менен жарыяланат. Эр сайышка Коңурбай чыгат. Аккуланы ат чабышка кошуп жиберген Манас сайышка минип чыгууга ылайыктуу ат издеп турганда Айсарала ат минген, сары рапыс тон кийген Алмамбет баатыр келип, баштатан кеги бар ал Коңурбайга каршы сайышка чыгууга суранат.

Манас баатыр: «Алакандай буруттан Адам чыкпай калды деп, Бизден кеткен качкын кул Алмамбетти салды деп Күбүр кылып калбайбы» (Кол жазмалар фондусу, 231 инв., 10-б.),— деп намыстанып Калкамандын Кара атын минип, Сарала тулпарды бош коштоп чыгып, сайышка түшөт. Нескара менен Кошой алп баатырларга калыс болуп турушат. Манас Коңурбайды аттан түшүрө сайып өлтүрөрдө «кыргыздын колу аз» деп Кошой токтотот. Балбан күрөшкө чыккан Жолой дөөгө каршы барууга кыргыз, аларга канаатташ, максатташ жашаган казак, өзбек жана башкалар ашка келген түрк элдеринин белгилүү баатыр, балбандар баш тартканда, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой алп өзү чыкмак болот. Кийүүгө ылайыктуу кандагай, Каныкей атайылап даярдаган шымды кийген Кошой «эркек балалуу бол!» — деп бата берет. Кошой бата бергенде аны менен кошо ал жерде чогулган мусулмандарга кошулуп каапырлар да бата кылат (Семетей ошол батадан бүткөн бала делет). Узакка созулган күрөштө Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку күрөштө кытайлардын түктүү таман Түкүбай балбанын чыканактай эр Агыш ташка чаап өлтүрөт. Төө чечмейге каңгайлардын Ороңгусу чыгып тиешелүү байгени алды. Жамбы атууда каапыр менен мусулмандын ичинен эч кими ата албай койгондо Сыргак атып түшүрүп согуш өнөрүнө маштыгын көрсөтөт. Улак тартыштын байгесин эки тарап бөлүп алат. Чоң байге сайылган тулпарлар жарышында Манастын Аккуласы менен Жолойдун Суркуласы тең келе жатканда Алмамбет баатыр Аккуланы сүрөөнгө алып, ал чыгып келет. Өзүлөрү катышкан салттык мелдештерде жеңилип, байгенин көбүн алдырып ыза болгон Коңурбай, Жолой баш болгон калмак, манжулар «Суркула чыгар мезгилде кылганын эми көрдүңбү» деп көптүгүнө салып байгени талап киришет. Үтүрөңдөп тил кайырган Жолойду Манас булдурсун менен төбөгө тартып жибергенде, жаагы айрылып кеткенин көргөн Коңурбай жана башкалар калмак, манжуулуктары ичине кек сактап кетишет.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 6

Негизги варианттын бири эсептелген Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин окуясы чоң казатка аттанган жолдогу «Тал-Чокуда» анын өз сөзү аркылуу кеңири айтылса, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында Көкөтөйдүн ашына улай Алмамбеттин аңгемеси өзүнүн монологу аркылуу кыска түрдө баяндалат. Алмамбеттин өмүр таржымалы анын Бээжинден качып чыгып Көкчөгө келгенге чейинки окуялары Саякбай Каралаевдин варианты на окшош мотивде берилет. Анткени Ысык-Көл мектебинин өкүлдөрү болгон эки манасчы эпостогу салттык туруктуу чоң эпизод — Алмамбеттин баянынын бирдей мазмундагы негизин өзгөртпөстөн, өздөрүнүн айтуучулук чеберчилигине жараша поэтикалык салымын кошконун, кемиткенин байкоого болот. Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин Көкчөгө келип турушу, андан кетишинин себеби, Манаска кандайча, кимдин кеңеши боюнча келгени деталдаштырылып сүрөттөлсө, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында бул мотивдер эскерилбейт да, окуянын кийинки сюжеттик жүйөлөнүшүндө өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен башкача аспекте мотивделген айырмачылык бар. Маселен:

Алтайдын канын өлтүрүп
Шаңгай кирди деп уктум,
Шаңгайдын канын өлтүрүп
Каңгай кирди деп уктум,
Сары-Аркада Көкчөгө
Келгениң алты жыл болду деп уктум.
Карадан туулуп, ак болуп,
Калмактан качып жат болуп
Көрбөсөк да билбесек
Алтын айдар, чак белбоо
Кол алышып коёлу
О, Алмамбет аманбы?
(Кол жазмалар фондусу, 231-инв., 9-б.),

— деп Манас өзүнө тете Алмамбет баатыр менен табышып таанышканы күбө. Ал эми Алмамбет өзүнүн кытайдан биротоло кетишинин себептерин уккан Каныкей менен Бакайдын өтүнүчү боюнча аларды Манаска айтпас үчүн ант кылышы жана Манастын таарынычынан улам Бээжиндин укмуштай чеп экени, душман чек арасын кайтарган сакчылардын бар экени негизинен Саякбай Каралаевдин варианты на жакын айтылат.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 7

Манас, Манас болуп Таласта турганда кырк чоро кезектешип, кароолго жарым айдан барчу экен. Чубакка кезек келип, жер чалып чыгып Коңурбайдын көп кол менен келе жатканын көрөт. Калмактардын чалгынчыларынан экөөнү өлтүрүп, аттарын бош коштоп айылга келет. Чубактын эл арасында эрдиги менен кадыр-баркка ээ болушуна Манастын чоролорунун ичтери күйөт. Чоролор Манас өзү кадырлаган Чубакты эч себепсиз жөн эле кетирип жибербесин билишет. Ошондуктан «Манасты Чубак билди деп, Каныкей менен ойнош деп Ынандырып алалык» (Кол жазмалар фондусу, 232-инв., 61-б.) деген бүтүмгө токтошуп турганда Каныкейдикине Чубак келип кымыздан тартылган арак ичип кызып калган учурда Манас келет. Ушундай ыңгайлуу абалдан пайдаланып Кыргылчал Манаска Чубакты жамандап ортолоруна чагым салат. Ала көөдөң Манас ак, караны аныктабай туруп эле Чубакты жектейт. Манастын мындай мамилеси чоролоруна да таасирин тийгизет, аларга жага бербей калат. Чоролорго сабатып, ызаланткан Манаска таарынып Чубак көчүп кетет. Манас Каныкейди салбар кылып таштап, Акылайга барат.

Чубактын тарынып кетиши, Манастын Чубак менен Каныкей көңүлү жакын деп күнөм санашы Саякбай Карала уулу менен Багыш Сазан уулунун варианттарына жакын берилет. Бирок М-нын вариантында бир аз айырма бар. Анын айтуусу боюнча Чубак Коңурбайга кат жазат. Манас ооруп, төшөктө жатат, Алмамбет улак тартышып жүрүп колун кокустатып алды деген каттагы маалыматтан улам, Коңурбай көп кол менен Манаска каршы аттанып келип Таласты камайт. Баскынчы Коңурбай Манастан Аккула, Аколпок жана Каныкейди тартууга берүүнү талап кылат. Кыргыздар амалдуу акыл ойлошуп: «Урушту жети күнгө токтото туралы, кеңешели, эл макул болсо сенин тартууңду берели» — деген жообун берет. Согушту токтотууга Коңурбай макул болот. Бакай Каныкейди Чубакка жиберет.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 8

Эпосто Чубакты ээрчип Манастын куту, башкача айтканда колдоочулары кошо кеткендей сүрөттөлөт. Бирок Каныкей бараары менен Манастын колдоочулары ээсинин курчоодо калганын сезип, «Манас бир өлмөктөн үч өлсүн деп кекээрдеп турган Чубакты таштап жөнөшөт:

Манасты колдогон кырк чилтен
Кайра тартып калыптыр.
Адырдан чыгып ак кулжа
А да кетип баратат,
Кара чаар арстан
Тилин салып акактап
Капталдап ал да кетип баратат,
Боору кара, сырты көк Боз ала туйгун ителги
Кайра учуп баратат
(Кол жазмалар фондусу, 232-инв., 76-б.).

Каныкейден чочулаган Чубак Таласка келип, душмандарга каршы жеке салгылашат. Мындан кийинки эки тараптын негизги баатырлары катышкан жалпы уруш сүрөттөлөт. Беш-Таштын башы жайлоодон аскери менен Алмамбет келет. Салгылашта колго түшкөн Манастын карындашы Карлыгачты куткарат. Баскынчы душмандар чегинип, качат.

Манасчы М-дан «Манас» эпосунун согуштук эпизоддорунун эң негизгиси болгон «Чоң казат» эпизоду жазылып алына баштаган. Бирок, эпостун соңку окуялары Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында кеңири планда деталдаштырылып берилбестен, сомологон түрдө жондотуп айтылган мүнөздө: Манас баатырдын амалдуу Коңурбайдан жарадар болушу, чоролордун жана Аккуланын окко учушу, согуш бүтүп, Манас жерине кайтып келип курман болгон баатырларды катуу кайгырып угузуп, кан кусканы, оорусу күчөп, оңолбосун сезип, Кошой, Айкожо, Сайкал, Көкбөрүгө кабар бер деп керээз айтышы, Каныкей Тайбуурулду мингизип Ажыбайды кабарга жибериши, чакырылган адамдар менен коштошуп Манастын көз жумушу, Каныкей Эчкилинин Кара-Зоого күмбөз салдырып сөөгүн коюшу Саякбай Каралаевдин вариантына жакын баяндалат.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 9

Жомоктун биринчи бөлүгүнө караганда анын экинчи бөлүгү — «Семетей» эпосунун сюжеттик системасы жыйынтыктуураак, тыканыраак болуп, бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө баяндалат. Эпостун сюжетин андагы окуялардын мүнөзүнө жана сюжеттик сызыктын багытына ылайык бир нече топко бөлүүгө болот: 1) жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, эли-жерин билиши, 3) Семетейдин Таласка келиши, 4) өз туугандары менен талаш-тартыштары жана кагылыштары, 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү, 6) Семетейдин Коңурбай менен согушу, 7) Семетейдин өлүшү сыяктуу элге кеңири белгилүү окуялар толук сакталган. «Семетей» варианттарына таандык салт боюнча мында да болочокку баатырдын жаш кезиндеги өмүрү толгон коркунучтарга дуушар болот: акылман Каныкей балтыр бешик Семетейди корголотуп Абыке, Көбөштөрдөн алып качат. Букарга бара жаткан жолдо кыйынчылыктарга учурашат. Азыгы жок ач болуп, шайы кеткен «качкындар» дөбөгө суй жыгылып жатканда көктө учуп жүргөн жору түшүрүп жиберген өпкөнү Каныкей Семетейге бышырып жедирет жана ак марал эмчегин эмизет. Ал маралдын сүтү жеке эле Семетейди тойгузбастан, анын энеси менен чоң энесине да азык болуп күч-кубат берет. Бул эпизоддо болочок баатырдын башына кыйынчылык келгенде «колдоо көрсөтүп, жардам берген маралдын элеси аркылуу элдин байыркы тотемдик түшүнүгүнүн калдыгы берилген. Качкындарды издеп тапкан армандуу Бакай олжого түшкөн Бозжоргону Чыйырды, Тайбуурулду Каныкей минип, жол азык алышып, Үрбүс деген дайрадан өтүп Букарга жакындашат. Ит агытып, куш салып сейилдеп чыккан Ысмайылга жолугушат.

Бакай Букарга келишинин себебин түшүндүрөт. Баш калкалап качырып келген Семетейдин тагдыры, келечеги үчүн кам көрүп, аны Ысмайылга тапшырып, он экиге толгондо өзүмө көрсөткүн деп Бакай аманат сөзүн айтып кайра Таласка кайтат. Семетей эр жеткенде Букардан Таласка көчүп келет.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 10

Семетейдин балалык чагы таятасыныкында өтөт. Семетей сыяктуу атасынан эрте жетим калган бала таятасыныкында тарбиялануу, атасынын кимдигин кийин башка бирөөдөн угуп келип, энесинен кыстап суроо жана акыры чындыкты билип, эли-жерин издеп чыгуу көптөгөн элдердин эпосторунда, жөө жомокторунда салттык мотивдерден. Ошондой эле эпостук салт боюнча болочокку баатыр бала күнүндө өтө тентек болуп өсүшү да эпосто атайын белгиленип көрсөтүлгөн. Он экиге толгондо:

Баланы карап олтурсаң
Кадимки өткөн Манастай,
Айдыңы бар Таластай,
Ага арбак конгон Манастай
(Кол жазмалар фондусу, 233инв., 121-б.)

болгон Семетейдин тентектигин койдуруу үчүн таятасы аны өз ордуна кан шайлайт. Ушул тойдогу Каныкейдин Тайторуну чапканы болочокку баатырдын тагдырын сыноонун дагы бир түрү жана төлгөгө чабылган ал ат чыгып келгендиги аркылуу жеке эле Семетейдин өзгөчө баатыр болору алдын ала эскертилбестен, анын балалык доорунун бүтүшүнүн да далили. Бул эпизод аркылуу баатыр өсүп эр жетти, күчкө толду, өз эл-жерин табууга убакыт жетти деген түшүнүк берилет.

Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында да жетим өскөн Семетейге ата-тегинин жайын айткан Сарытаз ага жөн-жай кабарлабайт, баланын намысына тийип, баатырдык сезимин козгоп сүйлөйт. Сарытаздын сөзү аркылуу эркек бала сөзсүз атасынын өчүн алуусу керек, атасынын уруусунан башка урууда, жерде жүргөн бала кимдигине, жеке сапатына карабастан кул, энесинин уруусу балага таята, таяке катары эсептелет деген эпос чагылдырган доордун түшүнүк идеалдарынын негизинде берилген.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 11

Энесинен өзүнүн чыныгы тек жайынын ким экендигин аныктап билгенден кийин Семетей элин издеп жөнөйт. Бул сюжет «Каныкейдин жомогу» эпизодунда берилет. Болочокку баатырдын өз жерине, тууган элине келиши да толгон жышаандар менен байланышкан. Семетейди эл карысы Бакай баш болуп, Манастын Суртайган, Акшумкар, Желмаянына чейин зор кубаныч менен тосушат. Бул зооморфтук образдар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл башчы баатыры келди, элдин самаганы орундалды, күткөн тилегине жетти деген ой берилген. Атасынын ордун басуудагы Семетейдин укугун анын туугандары турмак душмандары да тана алышпайт.

Семетей баатырдын өз туугандары — чоң ата менен неберенин, ага менен ининин ортосунда болгон талаш-тартышы кеңири сүрөттөлөт. Тууган жеринде Жакып баш болгон өз туугандары анын атасынан калган курал-жарактарды берүүдөн баш тартышып ар түрдүү кастыктар иштешет. Чоң атасы Жакып бозого уу кошуп берип небересин өлтүрмөк болот. Ички душмандык иштерди Семетейдин аталаш туугандары Абыке, Көбөштөрдөн да көрөт. Алар бийликке зордук менен жеткендиктен андан ажырагысы келишпейт, элдин ыркын бузуп, Семетейдин күч-кубатын кетирүү максатында Манастан калган чоролорду баатырга каршы тукурушат. Чынында Семетейдин баатыр катарындагы биринчи кадамы да сырттан келген душмандарга эмес, өз туугандарына каршы күрөшүүдөн башталат. Семетей туугандарына каршы күрөштү Көбөштөн баштайт, аны жана чыккынчылык кылган кырк чорону жайлайт. Ошон үчүн Жакып менен Абыке, Көбөштөрдүн Семетейден жазаланышы элдик көз караш, түшүнүккө туура келип, адилеттиктин жеңиши катарында кубатталат.

Эпосто Семетей эки жолу үйлөнгөн болуп сүрөттөлөт. Анын биринчи аялы — Чачыкей. Ага үйлөнүү кыргыз элинде эскиден бери келе жаткан белгилүү салтка байланыштуу түшүндүрүлөт. Саякбай Каралаевдин вариантында Чачыкейди Семетейге Темиркан таятасы алып берсе, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында Темиркандын иниси Шаатемирге Бакай куда түшүп кызы Чачыкейге Семетейди үйлөндүрөт. Бирок Чачыкей баатырга ылайыктуу жар эмес. Эпостук байыркы салттын таламдарына ылайык Семетейдин өзү үчүн жаралган, маңдайына жазылган өмүрлүк жары бар. Ал — Айчүрөк. «Семетейдеги» андан кийинки окуя жомоктук-фантастикалык элементтер менен шөкөттөлгөн лирикалык-романтикалык мүнөзгө ээ баатырдык үйлөнүү тематикасына байланышкан.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 12

Семетей менен Айчүрөк өзүлөрү төрөлө электе аталары Манас менен Акункан бел куда болушкан. Бул эпостогу эң байыркы көрүнүшкө ылайык Манас уулдуу, Акункан кыздуу болуп, Көкөтөйдүн ашында батадан бүткөн баланын аты Семетей, кыздын аты Айчүрөк коюлат. Кудалашып койгон Айчүрөктү күч менен тартып алмакчы болуп, Манастын кыйыр тууганы Чынкожо жана жедигер элинин баатыры Толтой биргелешип кол курап келип, кыздын атасы Акункандын шаарын камайт. Кысымчылыкта турган элин куткаруу үчүн Айчүрөк болочокку жары Семетейди издеп, аккуу кебин кийип учуп жөнөйт. Нечен сонун жерлерди, ар түрдүү элдердин нечен алп баатырларын көрүп, аларды сынайт, бирок Таласка эч бир жер, Семетейге эч бир алп-баатыр тең келбейт. Айчүрөктүн учуп жүрүп ар кайсы баатырларды сындап өтүшү, Чачыкей менен жолугушу, акыры Семетей экөөнүн ортосундагы жакындык сезимдин берилиши эпоско лирикалык мүнөз берип турат. Семетейди ээрчитүү максатын көздөп, куш салып сейилдеп жүргөн кезинде анын шумкарын алып качат. Шумкардын жоголушунун дайынын билген Семетей эки чоросун алып, Айчүрөк менен таанышып, эли Чынкожо, Толтой тарабынан чабылганы жаткан Акункандын калаасына келип, Айчүрөктүн элин коргоо үчүн урушка кирет. Семетей, Күлчоро, Канчоронун эрдиги, айлакерлиги кең түрдө берилген согуштук сүрөттөр менен көрсөтүлөт. Ээликкен душман жеңилет, Семетей Айчүрөккө үйлөнүп, той-тамаша өткөрүлөт. Семетейдин Чынкожо, Толтойду жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү башка варианттарга көп жагынан жакын, үндөш окуя катары сүрөттөлөт.

Семетей элине келгенден кийин ынтымагы ыдырап, урууларга бөлүнгөн элдин башын кошуп, тынч турмушту калыбына келтирет да, атасы Манастын ала албай кеткен өчүн, кегин кууп алуу жөнүндө кыялданат. Бакай менен кеңешип, Коңурбайга каршы аттанат. Жоо жерине бараткандагы жүрүш, жол, чалгын, кароолчу жандыктар жана уруш көрүнүштөрү эпостун биринчи бөлүгүнө бир топ окшоштугуна карабастан, өзүнчө стиль, ык менен кызык сүрөттөлөт. Бул урушта Семетей жарадар болот, денесине токтоп калган окту Айчүрөк аял затынан артыкча сапаты, касиеттүүлүгү аркылуу түшүрүп, айыктырат. Коңурбай келгендерден ок жаңылган Семетейди бирде өлдү деген кеп укса, бирде жок өлө элек деген ушак-айың кеп угуп, аны чаап алмакчы болуп тымызын келип Таласты камайт. Согушта колго түшкөн Коңурбай кутулбасын билип, Семетейди алдап достошуп бир жолу ажалдан аман калат. Ага алдатканына Семетей өзү да, Бакай, Күлчоро да абдан кейийт. Бирок кийинки жолку бүт эл катышкан урушта эзелки каардуу жоо Коңурбай Күлчоро тарабынан башы кыя чабылып, ажал табат. Кыргыз элине тынчтык бербеген Коңурбай баш болгон сырткы баскынчы жоолор жеңилип, эл бир азга тынчыйт. Ал эми мурунку окуяларда, күндөлүк турмушта өзүнүн арамзалыгын, кыйдылыгын, мансапкорлугун, дүнүйөкорлугун билгизбей тымызын жүргөн эки жүздүү Канчоро эми сырын сыртына чыгара баштайт. Ал эр Толтойдун баласы Кыяс менен байланышып, Семетейди өлтүрүүнүн тымызын планын түзөт.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 13

Бул план боюнча Манастын доорундагы Чоң казатта окко учкан атасы Көкчөнүн кунун кууп келип Семетейден каза тапкан Үмөтөйдүн (Каныкейдин сиңдиси Акеркечтин баласы, Семетейдин бөлөсү), кунуна Тайбуурул тулпарды тартууга бердирет. Тулпардан айрылган Семетей атасы Манастын күмбөзүнө сыйынууга барганда, ошол жерде Кыястын жашырынып жаткан көп колу чабуул коюп, Канчоронун катышуусу менен Семетей катуу жарадар болуп өлөт. Семетейге чын дили менен адал кызмат кылган Күлчоро өлгөн Семетейдин денесин кайыпчынын кара үңкүргө алып барып катат. Урушта колго түшкөн Күлчоронун далысынын кечирин кестирип Кыяс жылкычыларына кул кылат. «Семетей» эпосунун идеялык мазмуну тууган жерди, элди сырткы баскынчы жоолордон гана эмес, эл ичинен чыккан ички чыккынчы, мансапкор, дүйнөкор арамзалардан сактоого арналган жана эркиндик, сүйүү темасына да чоң маани берилген.

Эпостун үчүнчү бөлүгү «Сейтек» поэмасындагы окуялар экинчи бөлүктүн уландысы, андан ары өнүктүрүлүшү катарында баяндалат. Бөлүмдүн окуяларын мүнөзү жактан эки топко бөлүүгө болот: элдик кайгыны, оор азапты баяндаган бөлүм. Буга Семетейдин өлүмүнөн тартып, Сейтек эр жеткенге чейинки окуяларды бүт киргизүүгө болот. Кыянатчыл оюн ишке ашырган Кыяс боюнда үч айлык бала менен жесир калган Айчүрөктү, оң далысы кесилген Күлчорону туткунга алып кетет. Чыккынчы Канчоро Чачыкейге үйлөнүп, бийликти колуна алып, оюна келген өкүмүн чыгарып, элди кыйнап эзген бийлик ээси болуп калат. Кыяс олжолоп алып кеткен Айчүрөктү болбогонуна карабастан, өзүнө нике кыйдырат, Күлчорону отунчу кулга айландырат. Сейтек төрөлгөндө Кыяс аны өлтүрмөкчү болот, бирок Айчүрөктүн эрдигинен жана кереметтүүлүгүнөн коркуп оюн ишке ашыра албайт. Өгөй атанын колунда тарбияланган Сейтек өзүнүн чыныгы ата-теги, тууган эли, атасынын достору жана душмандары жөнүндө чындыкты Күлчородон угат. Бул бөлүмдө далысынын кечири кесилип, отунчу кулга айланган Күлчоронун муңу, Каныкейдин зары, Айчүрөктүн арманы сыяктуу таасирдүү эпизоддор сүрөттөлөт. Баатыр өскөн жаш бала биринчи кезекте атасынын кеңешчиси Күлчорону кулдуктан куткарат. Чоң атасы Манастын досу Кызылсарт табыптан айыккан Күлчоро кадимкидей баатырдык күчкө толуп, Сейтекке кошулуп Кыясты өлтүрүп, Таласка келет. Торпок кайтарган аянычтуу абалдагы чоң энеси Каныкейге жолугат.

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу 14

Каардуу Канчоро кандын эзүүсүндө жаткан эл көптөн эңсеп күткөн баатырлары келгенде, аларга бүт көтөрүлүп жардам берип, Канчоронун кандуу бийлигинен кутулуп, Сейтекти башчы кылып, тынчтык турмушка жетишет. М-нын айтуусунда да сырткы жоолордон кем түшпөгөн ички душмандар менен күрөшүүдө бүт элдин, эл сүйгөн баатырлардын көргөн кордугу, тагдырынын трагедиясы ишенимдүү реалдуу түрдө сүрөттөлгөн. Ошондой эле Коңурбайдын уулу Музкөөкөр жана Бозкертикти жеңип, сырткы баскынчы эң акыркы жоолорду талкалап, элдин эзүүсү жок эркиндик заманга жетүүсү менен эпостун «Сейтек» бөлүгү аяктайт.

Манасчы М-нын айтуусундагы үчилтиктин ар бир бөлүмү Саякбай Каралаевдин варианты на көп жагынан жакын. Бирок айрым сюжеттик жүйөлүштөрү өзүнчө өзгөчөлөнүп айтылгандык да учурайт. Ал Алмамбет баатырдын кырк чоро күтүп, кытайдан качып чыкканда артынан кууп келген Коңурбайдын колу менен урушта чоролордун кыргын болушу өңдүү айырмачылыктан көрүнөт. Ошондой эле Алмамбеттин Манаска келиши Көкөтөйдүн ашында айтылат. Мындай өзгөчөлүктөрдү үчилтиктеги каармандардын орун алышынан, көркөмдүк жагынан да учуратууга болот.

С. Алиев

МАЛКАРА

— Байжигиттин күлүгү. Манас Алмамбеттин келишине арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта марага үчүнчү болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 340).

МАЛТОРУ

— Бакайдын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта тогузунчу болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 58). МАМАЙ, Сарай-Мамай — Алтын-Ордонун аскер кол башчысы. 1360—70-жылдары өлкөнүн башкаруучусу. 1380-ж. Токтомуш анын ордосун басып алган. М. «Мажму ат-таварихте» Манастын союздаштарына каршы согушка катышып, туткунга түшөт.

МАМАТБЕК

— эпизоддук кейипкер. Тажик аксакалы. Каныкейдин нөкөр кызы Маарамкандын атасы. Каныкейге күйөөлөп барганда М. Манас менен Ажыбайды тосуп алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 397).

МАМБЕТ

— кейипкер. Кыргыздын уруу башчыларынын бири. Эпосто уруулар арасында болгон жыйындарга, кеңештерге катышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 58, 71, 76).

МАМЫРДЫН КАРА САЗЫ

— топоним. Жакыптын Алтайда жайлап турган жери (Сагымбай Орозбаков, 1. 232).

МАМЫ-ТАШ

— Соңкөлдүн тескейинде «Жылдыз-Көл» аталган майда көлдөрдүн чыгыш тарабындагы таш тулгалар жана Аккуланын мамысы менен чогуу жаткан таш. М.-Т. таш тулгалардын биринен 4 — 5 мдей обочо жерде.

Ал жерден 90 смдей чыгып турат, канчасы жер астында экени белгисиз. Аккуланын мамысынан саал ичке, төрт кырдуу. Уламыш боюнча таш тулгадан бышырган оокаттарды ат менен ташып жеткирип турган чабармандын аты байлануучу мамы делет.

МАМЫРОВ Муңдук

(1928, Тоң району, Туура-Суу айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты (1964). Пржевальскидеги педагогика окуу жайын (1945) бүткөн. 1945—47-ж. Тоң районундагы Туура-Суу жети жылдык, «Коммунизм» орто мектептеринде мугалим. 1947—51-ж. Фрунзедеги педагогика институтунун филология факультетин бүтүп, ошол эле жылдан институттун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын аспиранты (1951 — 54). 1954—57-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окутуучу. 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» секторунда кенже илимий кызматкер, 1967-жылдан улук илимий кызматкер, 1986жылдан Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүнүн улук илимий кызматкери. М-дун «Манас» эпосуна арналган негизги эмгектери: «Саякбай Каралаевдин «Манас» эпосунун идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү» (1962), ««Семетей» — «Манас» трилогиясынын экинчи бөлүгү» (1963), «Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө» (1967), «Адабият башаты» (1986). Манасчылардын чыгармачылыгы, алардын өзгөчөлүгү, эпостун алгачкы айтуучулары жана анын чыгышы жөнүндө маселелерди козгогон макалалардын автору.

А. Абилов

МАМЫТ Алдаяр уулу

(качан туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө маалымат жок) — «Манас» аткаруучу Манасчы Сагымбай Орозбак уулу жана Тоголок Молдонун «Манас» вариантынан жаттап үйрөнгөн үзүндүлөрдү эки дептерге жазып алган. Биринчи дептерде: Кандардын Манаска каршы кеңеши, экинчи дептерде: Манастын дүйнөдөн кайтышы, анын ашына даярдык көрүү эпизоддору жазылган. М. жазып тапшырган «Манас» эпосунан үзүндү Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 178-инв., 365, 95-б.). 1278 сап ыр араб тамгасы менен жазылган. Сагымбайдын варианты жазылып жатканда ар кимдер көчүрүп ала беришкен. М. да кай бир үзүндүлөрүн көчүрүп алып, чала жаттап алган. Кол жазмада окуянын араларындагы көп ыр саптар түшүп калса, кай бир ыр саптары кошулуп жазылган.

Кандардын Манаска каршы кеңеши жана Чоң казаттын башталышында жылкы тийген элдик баатырлардын эпикалык душман менен болгон алгачкы айкашы Сагымбайдын вариантынан алынган үзүндү болсо, Манастын дүйнөдөн кайтышы, анын ашка даярдык көрүү деген темада берилген окуя Тоголок Молдонун вариантынан алынган.

МАМЫТБЕКОВ Зайыр Чакиевич

(1923, Жети-Өгүз району, Желе-Дөбө айылы — 1986, Фрунзе) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү, котормочу. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн (1952). Филология илимдеринин кандидаты (1963). М-дун илимий ишмердигинин негизги тармагы «Манас» эпосун изилдөө болуп эсептелет. «"Манас" эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери» аттуу эмгегинде 16-кылымдын башында жазылган «Мажму ат-таварихти» иликтеп, аны кыргыздардын турмуш-тиричилигин изилдөөдө маанилүү тарыхый-этнографиялык булак катары караган. Ч. Валиханов, В. В. Радлов, сүрөтчү Б. В. Смирнов, этнограф Г. Алмаши жазып алган тексттердин өзгөчөлүктөрүн азыркы варианттар менен салыштырып изилдеген. М. «Манас» эпосунда кыргыздардын турмушу менен күрөшүнүн чагылдырылышы» (Бишкек, 1993) деген (өлгөндөн кийин жарык көргөн) монографиянын да автору.