КУЯЛЫ — КЫЯШ
- КУЯЛЫ
- КУЯС
- КҮБӨ
- КҮБӨ
- КҮБӨЙ
- КҮБӨК
- КҮДӨҢ
- КҮДӨРҮ
- КҮДҮҢБАЙ
- КҮЙӨНҮШ
- КҮЙҮК
- КҮЙҮКОВА Даркүл
- КҮЛАЙЫМ
- КҮЛ АЗЫК 1
- КҮЛ АЗЫК 2
- КҮЛАЙЫМ
- КҮЛДҮР
- КҮЛДҮР МАМАЙ
- КҮЛЖАР
- КУЛНААРЫ
- КҮЛӨ
- КҮЛТҮКАН
- КҮЛҮШАА
- КҮЛЧОРО 1
- КҮЛЧОРО 2
- КҮЛЧОРО 3
- КҮЛЧОРО 4
- КҮЛЧОРО 5
- КҮМҮШАЙ
- КҮМҮШАЛИЕВА Сабира
- КҮМҮШ-ТАК
- КҮНЖАҢЖУҢ
- КҮНЖҮ
- КҮНЖҮТ
- КҮНКАН
- КҮНКАН
- КҮНӨГӨР
- КҮНӨС
- КҮНӨС
- КҮНҮКЕЙ
- КҮНҮ КАТЫН
- КҮН ТУМУШ ЭЛИ
- КҮПҮ
- КҮРКӨӨ
- КҮРМӨНТҮ
- КҮРӨӨ
- КҮРӨӨКӨ
- КҮРПҮЛДӨК
- КҮРСҮ
- КҮЧАЛА
- КҮЧӨР
- КҮШӨНДҮ
- КҮШӨҢ
- КЫДЫРААЛЫ Кайназар уулу
- КЫДЫКЕЕВА Бакен
- КЫДЫРАЛИЕВ Кадыржан
- КЫДЫРБАЕВА Раиса Заитовна
- КЫДЫРБАЙ
- КЫДЫРШАА
- КЫЗАРТ
- КЫЗ ОЮН
- КЫЗ САЙКАЛДЫН ОРУ
- «КЫЗ САЙКАЛ»
- КЫЗЫЛБАШ
- КЫЗЫЛ-БЕЛ
- КЫЗЫЛ ДӨӨ
- КЫЗЫЛ-ЖАР
- КЫЗЫЛ ЖИЙДЕ
- КЫЗЫЛ-КУМ
- КЫЗЫЛ-КЫЯ
- КЫЗЫЛ-ОМПОЛ
- КЫЗЫЛСАРТ
- КЫЗЫЛ-СУУ
- КЫЗЫЛ-ЧОК
- КЫЗЫР
- КЫЗЫР ИЛИЯС
- КЫЙБА
- КЫЙДЫ КАРА
- КЫИТУУЧА
- КЫЙША-ТОО
- КЫЙЫР СӨЗ
- КЫЛЖЕЙРЕН
- КЫЛЖЕЙРЕН
- КЫЛКҮРӨҢ
- «КЫЛЫМДАР ЖАҢЫРЫГЫ»
- КЫЛЫЧ
- КЫЛЫЧ
- КЫЛЫЧ КУЙРУК БАЯС
- КЫМКАР
- КЫМЫЗ
- КЫНЫМЖАН
- КЫҢГЫР
- КЫПЧАК
- КЫРАҢ-КЫР
- КЫРБАШЕВ Кеңеш
- «КЫРГЫЗ АКЫН-ЫРЧЫСЫ САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ (1867—1930) ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ»
- КЫРГЫЗДАР 1
- КЫРГЫЗДАР 2
- КЫРГЫЗДАР 3
- КЫРГЫЗДАР 4
- КЫРГЫЗДАР 5
- КЫРГЫЗДАР 6
- КЫРГЫЗДАР 7
- КЫРГЫЗДАР 8
- КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ
- КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ
- «КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА»
- КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ЖАНА МАНАС 1
- КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ЖАНА МАНАС 2
- «КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНУН ТАРЫХЫНАН»
- КЫРГЫЛЧАЛ
- КЫРК 1
- КЫРК 2
- КЫРК 3
- КЫРК 4
- «КЫРГЫЗ ССР ТАРЫХЫ»
- КЫРК-ЖИГИТ-АРЫК
- КЫРК ЧИЛТЕН
- КЫРК ЧОРО
- КЫР-КАЙЫҢ
- КЫРК-КЫЗ-АРЫК
- КЫРК ЧИЛТЕН
- КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ
- КЫРК ЧОРОНУН ОРДОСУ
- КЫРМА КЫЗЫЛ ДАРЫ
- КЫРМУС ШАА
- КЫРЧЫН
- КЫРЫМ
- «КЫССА-И САЙКАЛ»
- КЫТАЕВ Насыр
- КЫТАЙ
- КЫЯК
- КЫЯС 1
- КЫЯС 2
- КЫЯҢГЕР
- КЫЯҢКУУ
- КЫЯПАТ
- КЫЯС
- КЫЯСКАСЫ
- КЫЯШ
КУЯЛЫ
— кейипкер. Багыш Сазановдун варианты, Шапак Рысмендеевдин варианты Коңурбайдын уулу. Атасынын кунун кууп Сейтек менен урушат.
КУЯС
— эпизоддук кейипкер. Маңгул аяры. Култаңдан Манастын кабарын уккан Текес кан күндүк жердеги К. аярды атайын киши жиберип, тез келсин деп чакыртат. Текестин коркконун көргөн К. аны жооткотуп: «Ортодо төрт буруттур, Ошондон коркуп жүргөнүң Сени да кудай уруптур!» — дейт да Манастын колу келчү жолдогу бак-шак, чөп-чарды арып-дуба окуп эсеп жеткис жаракчан аскерге айлантып коёт. К-тын аярлык өнөрүнө тең берген Текес Манастын колунун өтө албасына ишенип, даярдыксыз, беймарал жатып алат. Найза сайса найзаларын сунуп, мылтык мээлесе мылтыктарын колуна алып, кыйкырса кыйкырып, бет маңдай келген адам эмне иш кылса ошону жасап, жолду тосуп турган аскердин сырын Бакай билип, Манаска, колго айтат.
Душмандын амал аскерин дары төгүп өрттөп жиберишип, Текестин ордосуна кирип барышат. Каарданган Текес адегенде К-ты, анан өзүн-өзү өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 35 — 45).
КҮБӨ
— топоним. Көкөтөйдүн ашына чакырылган дугул элинин жери. «Күн чыгыш Күбө жери бар, Күлдү дугул эли бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99).
КҮБӨ
— жоого кийилүүчү ок өтпөс сырт кийим. К. баалуу сырт кийим катары да айтылат. К-нүн эпосто ак күбө, көк күбө, кыл күбө, күбө тон деген түрлөрү жолугат: «Ак күбө тонду кийгени, Аккула атка мингени». Көкөтөйдүн ашында Манас менен эр сайышка чыкканда Коңурбай «Темир тондун тышынан Көк күбө чопкут жамынып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 236) чыкканы айтылат.
КҮБӨЙ
— мифтик этноним. Көкөтөйдүн агатуугандарына айткан керээзинде «Күн алдына барбасын, Күбөйгө кабар салбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12),— деп ал эл жөнүндө эскерет.
КҮБӨК
— атайын таш капкан. Ал суусар, кундуз, суур жана башкалар жаныбарларга коюлган. К-түн оозу кууш, түп жагы кеңири болуп, терең чуңкур формада, башкача айтканда жаныбар ичине кирип кайра чыга албай калгандай жасалган. Эпосто: «Жал куйругу түпөктөй, Тумшугуна карасаң Суурга койгон күбөктөй» (Сагымбай Орозбаков, 3. 127),— деп Бокмурундун Мааникери, «Суусарга койгон күбөктөй» (Сагымбай Орозбаков, 2. 319),— деп Алмамбеттин Сараласы сүрөттөлөт. Кооздук үчүн аялдар тагынуучу алтын, күмүштөн кооздолуп жасалган майда-майда желбирөөчтөрдөн турган жасалга да К. делет.
КҮДӨҢ
— эпизоддук кейипкер. Кытай балбаны. Нескара менен болгон урушта Даң-Даңды Айдаркан өлтүргөндөн кийин К. чыгып, Айдаркан К-дүн айбатына даабай качып берет. Ошондо К-гө каршы он үч жашар Манас чыгып, жеңишке ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 222).
КҮДӨРҮ
— топоним. «Күдөрү, Кентун как ушул, Алмамбетке күйүүчү Күдөрү журту дагы ушул» (Сагымбай Орозбаков, 4. 215). К. айрым изилдөөчүлөрдүн талаш пикири боюнча төмөнкү Сырдын боюндагы гунндардын борбору болгон Курдер калаасы.
КҮДҮҢБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Акунбешим пааша жеңилгенде Олуя-Атага качып барышкан Мерки жайсаң менен Шамың шаа ал жердеги Меркеш, Дабагы болуп кеңеш куруп, ошол чөлкөмдө жашаган кыргыздарды кырмак болушат. Кетелик аттуу калмак кыргыз К-га калмактардын кеңешин айтат, К. элге кабарлайт, эл качат (Сагымбай Орозбаков, 2. 145).
КҮЙӨНҮШ
— эпизоддук кейипкер, аяр. Манаска каршы аттанган Шоорук кандын колунун ичинде К. аярдын да бар экендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).
КҮЙҮК
—топоним. «Кыястын Тооторудан ажырашы» окуясында Сейтек «Күйүк, Чакмак эки ашуу Белин качан басабыз» (Курама вариант, «Сейтек», 113),— деп К-тү ашып кыргыз элине качан барары айтылат. Географиялык реалияда Таластагы белгилүү ашуу.
КҮЙҮКОВА Даркүл
(1919, Пишпек, Төкөлдөш айылы) — кыргыз совет артисти. СССР эл артисти (1967), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамл. сыйлыгынын лауреаты (1987). 1944-жылдан КПССтин мүчөсү. К. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Чыйырдынын ролун аткарган.
Д. Күйүкова — Чыйырды. «Манастын уулу Семетей» драмасы, 1981.
«Айкөл Манаста» (1989) бул образды андан ары тереңдетип, жогорку чеберчиликте аткарууга жетишкен.
К. Кыргыз ССР Жог. Советине (8-шайл.) депутат. Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
КҮЛАЙЫМ
Гүлайым — эпизоддук кейипкер, перинин кызы Акберметтин курдашы. Сейтек Акберметке үйлөнгөндө, К. Акжолтойго турмушка чыгат. Акбермет төрөгөндө жардамдашып, Кенендин киндигин К. кесет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 315).
КҮЛ АЗЫК 1
— көпкө бузулбай турган алыскы жолго арналып жасалган кыргыз элинин байыркы тамак-ашынын бир түрү. К. а-тын негизи эттен (жылкынын, уйдун, койдун, кийиктин жана башкалар) турган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылган соң нарын сыяктуу майда тууралган же кургатылып, сокуга жанчылган же жаргылчакка тартылган. Андан кийин майдаланган эт эки жолу (биринде өзүнүн майына, экинчисинде ун же талкан аралаштырылып, туз салынып) куурулган. «Манас» эпосунда чагылдырылган К. а. узак сапарга, ууга, казатка аттанган жоокерлердин тамагы катары сүрөттөлөт. Эпосто К. а. адамдар үчүн гана эмес аттар үчүн да мээр чөптөн чакан көлөмдө жасалары айтылат. Эпостун төмөнкү саптары буга мүнөздүү:
Кагылайын уулдар
Ала жүрсөң күл азык,
Атка берер мээр чөп,
Каран күн башка түшкөндө
Кереги мунун тиет деп
Кудус менен Мысырдан
Муну койбой чалдырган
Бармактайын чайнаса
Адамдын мээрин кандырган,
Беш талын катып чайнатса
Тулпардын суусун кандырган,
Шири капка бекитип
Бүктөп берген эмеспи (Саякбай Каралаев, 2. 175).
Айрым этнографиялык маалыматтарда К. а. бөлөк азыктар кошулуп да даярдагандыгы айтылат. Муну В. В. Радлов «Манас» эпосу менен кошо жарыялаган «Жолой кан» аттуу өзүнчө фольклордук чыгармадан ачык-айкын көрүүгө болот. Мында Жолой баласы Болот менен жолго чыгаардын алдында аларга К. а. камдалып берилет.
КҮЛ АЗЫК 2
Ошол дастандагы К. а-тын даярдалышы төмөндөгүдөй баяндалат:
Миң бээнин эттерин
Каптыгадай тилдим дейт,
Алты күнү туска бөлөдүм,
Дүүм жемиштен талкалап туруп,
Эт үстүнө септим мен,
Күнгө как кургаттым,
Тегирмен салдым мен,
Чери чары болот деп,
Торко элекке эледим,
Келе соку кылдырдым,
Келин кыс чогултуп
Сокулатып алдым мен,
Капчык ичине салдым (Радлов жазып алган вариант 549—550).
Мындай К. а-тын бир эле кашыгын ысык сууга салып эритип ичкенде адамга кадимкидей кайрат берип, ток туткан. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта Жолойдун келини жолго чыгып жаткандарга К. а. менен кошо куржунга кол казанды кошо салып берип, кайнатасына мындай дейт:
Тамак керек болгондо,
Жер очокту кассын де!
Аста отту жаксын де!
Ченеп уч колдун башы менен
Чымчып мындан алсын де,
Казанга акырын сээп койсун де,
Кашык менен айлантып,
Сактап олтурсун де! (Радлов жазып алган вариант 500).
Контекст илгерки убактарда кыргыздардын К. а-ты кеңири колдонгонун айгинелеп турат. Мындай фольклордук материалдар К. а-тын технологиясын «калыбына» келтирүүгө чоң жардам бере алат. Эпосто чагылдырылган К. а. жөнүндөгү маалымат анын кыргыз элинин турмушунда орун алып келгендигин көркөм формада көрсөткөн. К. а-ка окшош тамак-аштын түрү алтай элинин эпосу «Алып-Манашта», тувалыктардын «Бокту-Кириш» жана «Бара-Шээлей» аттуу дастанында да айтылгандыгы белгилүү.
И. Молдобаев
КҮЛАЙЫМ
Канышай, Айганыш, Күлжар, Күлканыш, Айымкүл — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн аялы. Көкөтөй өлгөндө, Көкөтөйгө аш бергени Каркырага көчкөндө К-га кошуп алтымыштай катынга кара кийгизип, кошок айттырып жүрүп отурганы баяндалат (Саякбай Каралаев, 2. 7, 11).
КҮЛДҮР
— эпизоддук кейипкер. Маңгул баатыры, Күнөс балбандын агасы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп өткөргөн түлөөгө чакырылат. Манас маңгулдарды Нескарадан куткарып калганда он төрттөгү уулу Чаганбайды Манаска жолдош кылып берет. Алтайдан Анжиянга көчүү тууралуу кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 60, 231 — 232, 250). Башка учурларда Чалыбайдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 39, 93, 144, 149, 180, 419; 3. 48, 165; 4. 43, 52).
КҮЛДҮР МАМАЙ
(уйгурча гүлдүр мама добуул, чагылган) — мылтыктын аты. Кыргыз, казак элдеринде алыска атылуучу жана үнү добулдай күркүрөп угулган мылтыктын (кээде замбирек) энчилүү аты катары айтылган. Сагымбай Орозбаков вариантында мындайча эскерилет. «Жазайылды жаткырып, Күлдүр мамай мылтыкты, Күркүрөтө аттырып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 217).
КҮЛЖАР
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн керээзинде анын аялы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 27).
КУЛНААРЫ
Күлнаар — кейипкер, Көкбөрүнүн аялы, Карачанын кызы, Коёнаалынын энеси. Эпосто бир, эки эпизоддо гана айтылса да К. сулуулугуна акылмандыгы, жөн билгилиги төп келген аял катары сүрөттөлөт. Жанаалы, Карач менен болгон уруштан кийин уктап калган Коёнаалыны Жанаалы атып өлтүргөндө өзү баласынын күйүтүн тартып турса да күйөөсү Көкбөрүгө кайрат айтат (Саякбай Каралаев, 2. 235, 254).
КҮЛӨ
— думана, дервиштердин шоңшогой чокулуу атайы баш кийими. Адатта ак кездемеден жасалгандыктан ак Күлө деп айтылса керек. Эпосто Ак күлөлүү аксакалдын кайыбынан пайда болушу жөнүндө «Ак күлөлүү думана, Асасы бар шапап Кайдан келди билинбейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 86),— деп айтылат, к. Думана.
КҮЛТҮКАН
— эпизоддук кейипкер. Шоорук кандын балбаны «Жетимиш кулач пил минген» К. он эки миң балбан менен чогуу Манаска каршы келип, Аккелтенин огунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 203, 213—214).
КҮЛҮШАА
— топоним. Кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Шоорук кан менен болгон урушта эскерилет. Географиялык реалияда Алай кырка тоолорунун чыгышындагы бийик тоолуу Гүлчө өрөөнү.
КҮЛЧОРО 1
— «Семетей», «Сейтектеги» негизги каармандардын бири, Алмамбеттин уулу, Семетейдин эмчектеш иниси, чоросу. К. эпостогу өзгөчө сүймөнчүк менен реалдуу сүрөттөлгөн образ. Семетейдин эл-жердин биримдиги, эркиндиги үчүн күрөшүндө анын негизги жардамчысы, таянычы болсо, «Сейтекте» ички, тышкы душман менен болгон күрөштөрдүн негизги уюштуруучусу катары көрүнөт. Сагымбай Орозбаков вариантында Семетей сыяктуу эле Көкөтөйдүн ашындагы Кошойдун касиеттүү батасынан кийин туулат:
Арууке келин баласы
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро,
Аты болсун Күлчоро,
(Сагымбай Орозбаков, 3. 214— 215),
— деп Кошой ошондо эле К-нун ашкан баатыр болорун алдын ала белгилейт. Энеси Аруукенин шердин жүрөгүнө талгак болушу менен келечекте атасы Алмамбеттен ашкан баатыр туула тургандыгы белгилүү болот (Саякбай Каралаев, 2. 183 — 184).
Атасы Алмамбет Чоң казатта окко учуп, К. да Семетей сыяктуу эле жетим калып жетилет. Семетей Таласка кайрылып келгенде жанында жүрүп, анын бардык иштерине катышат. Семетей кайып болуп кеткенден кийин анын өтө жакын адамы катары Канчоро менен Кыястан оор запкы көрүп, Сейтектин аман эсен чоңоюп эр жетишин чыдамсыздык менен күтөт.
К-нун «Сейтек» эпосунун башында баяндалган оор тагдыры ички душманчылыктын күчүн айгинелеп турат. «Күлчоро тирүү турганда Кытайдын иши оңолбойт» — деп Коңурбай чочулаган К. кийин өз жакындарынан далысынын кечири кесилип, өтө аянычтуу абалда Кыястын колунда калат. Ал Айчүрөк, Сейтектин жардамы менен өлүмдөн калып, Карадөө издеп жүрүп таап алып келген Кызылсарт (Момунжан) дарылап айыктырат.
КҮЛЧОРО 2
К-нун баштагы баатырдыгынын калыбына келиши эпостун окуясынын өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ: Сейтекти алдыга үндөп, кеп-кеңешин берген насаатчы катары да, аны менен чогуу найза сайышып, жоо жоолашкан баатыр катары да зарыл. Ал «Семетейде» чоң орун ээлесе, «Сейтекте» да иш-аракети көңүлгө толорлук сүрөттөлөт. Кыяс менен Канчорону жок кылууда бол сун, Желмогуз уулу Сарыбай менен согушта болсун алдыңкы планда жүрөт. Семетейди таап, элге кошууда да К-нун эмгеги чоң. Кыскасы К. — эпостун экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө бардык жагынан шайма-шай сүрөттөлгөн каарман.
«Семетейде» К. — экинин бири болуп, Семетейдин образын көп жагынан толуктап турган жигердүү баатыр. Каармандын образы анын ченемсиз баатырдыгына шамдагайлыгы, жайдары, шайыр мүнөзү төп келген, көптөгөн кармаштарда далай душманды узунунан салган К-го тең келе албасын ар дайым ага атаандаша жүргөн Канчоро да мойнуна алат:
Күйдүргү Күлүс шок эле, Сөзүндө сөлтүк жок эле. Чукугандай сөз тапкан, Чуулдап учкан ок эле. Эрдиги менен элдиги Бирдей келген эме эле Бул жагынан Канчоро Күлүскө качан тең эле?! Тили чечен өзү шок, Тирүүдө мындай неме жок! (Курама вариант, «Семетей», 179).
Семетейден ажырагандан кийин аянычтуу абалда калып, Сейтекке кошулгандан тартып мурунку калыбына келет. Саякбай Каралаевдин вариантында К. — баштан аяк кыраакы каарман, акылман баатыр. Ал эч убакта жоокерлик шартты бузбайт. К. менен Кыяс кармашып жатканда Сейтек келип, Кыястын башын алып салганда, К.: «Кокуй, жалгыз кишини экөөлөп өлтүрдү дебесин, мага эле койбойсуң», — деп кейийт. Айрым варианттарда (Валиханов жазып алган эпизод, Мамбет Чокморовдун варианты) «Мажиктен калган Күлчоро» — делип айтылат. Бирок айрым айтуучуларда Мажик Алмамбеттин мурунку ысымы катары талкууланып, К. кадимки Алмамбеттин өз баласы, Семетейдин эмчектеш бир тууганы экендиги күдүксүз айтылса, айрымдарында Алмамбет окко учкандан кийин Аруукени Мажик алгандыктан «Мажиктин уулу Күлчоро» делип айтылат. К. өмүрүнүн акырына чейин Манастын укум-тукумунан кол үзбөйт. Шапак Рысмендеевдин варианты К-нун Айчүрөккө үйлөнүшү да мына ушунун бир далили сыяктанат.
КҮЛЧОРО 3
Саякбай Каралаевдин вариантында К-го элдин эң сүйүктүү каармандарынын бири катары эпикалык мүнөз берилип, баатырдык күрөштөрдүн курчоосундагы жандуу аракетин көрсөтүүдө анын өзүн гана эмес курал-жарагына чейин толук сыпаттайт. К-нун найзасы, Нескара менен Коңурбайдын башын кескен айбалтасы, атасы Алмамбеттен калган Акбараң мылтыгы анын эпикалык келбетин ого бетер баатырдык шаңга бөлөйт.
Адатта эпикалык баатырлардын курал-жарагы менен кийген кийимин идеалдаштыруу салты көбүрөөк орун алган түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында күчтүү берилген бир өзгөчөлүк бар. Бул өзгөчөлүк — баатырдын образынын ардакталып, ага ылайык бүткөрүлүп, сүрөттөлгөндүгү, ошондой эле К. да колунан бардык иш келген жомоктук баатыр болгону менен анын күрөшүнүн мааниси, максаты реалдуу. Анын образы жалпы эле эпос аркалаган идеяларды тереңдетүүгө, өркүндөтүүгө көмөктөшөт. Айрыкча, чыгармадагы негизги темалардын бири болгон достук темасынын ачылышында да К-нун образы атасы Алмамбеттин образы сыяктуу эле мааниге ээ. К. Семетейдин бар кезинде гана эмес, анын көзү жокто да ага ошондой эле берилген бойдон калат. Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгынан достукту, туугандыкты жогору коёт. Чыныгы баатырга таандык айкөлдүк менен Канчородон көргөн кордугун унутуп, аны дагы эле бир тууган кылууга даяр. Ошондуктан, Кыястан өч алып элге келгенде Канчорого кайрылып: «Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, Үйүрлүү-Марал, Күмүш-Так, Журт күздөөгө сен консоң, Кара-Буура, Кан-Жайлак, Чаткал тосо мен консом, Бармактуу адам батабы? Тырмактуу душман тийеби? (Курама вариант, «Сейтек», 173),— дейт ак көңүл К. өзүнө таандык кең пейилдик менен. Алмамбеттин Кытайдан келгендиги өзү тарабынан же башка бирөөлөр аркылуу дайым айтылып, эскерилип отурса, К-нун түпкү теги кытай экендиги эске да алынбайт.
Ал Алмамбеттин баласы, Таласта туулуп өскөн, кыргыз элине, жерине эч качан бөлөк-бөтөн эмес, К. өзү да бүт ой-тилегин иш-аракетин кыргыз элинин жалпы кызыкчылыгына арнайт. Ал — атанын ишин улантуучу, ата-бабанын кегин алуу үчүн жаратылган урпактардын бири.
КҮЛЧОРО 4
Ошондуктан, анын тагдырына Айчүрөк, Каныкей, Бакайлар кайдыгер карабайт. Семетейден калган жалгыз туяк Сейтектин эр жетишин кандай чыдамсыздык менен күтүшсө, К-нун кайрадан мурдагы калыбына келишин да ошондой эле самашат. Себеби, Манас, Семетей, Сейтек өңдүү башкы каармандарга эриш-аркак түзүлгөн образ. «Манаста» Алмамбеттин баатырдыгы, акылмандыгы, адамгерчилиги кандай төп көрсөтүлсө, К. — да атасынын наамына көлөкө түшүрбөй турган, эрдиги атасынан кем эмес каарман. Ал бүт өмүрүн эл деп зарыптап, эл үчүн иштейт. Элдин өзүнүн түшүнүгүндө да К. Семетейден кем эмес, ал турсун айрым окуяларга К. Семетейден да орчун катышат.
Элдик оозеки чыгармалардагы башкы касиеттердин бири эл тагдыры ойдогудай абалга келмейинче башкы баатырлар өлүүгө тийиш эмес. Элдик фантастика, өчпөгөн үмүт аларды өлтүрбөй кайра жаратууга кудуреттүү. К-ну кайра элге кошууда жөн гана ага ордуна келген ден соолук бербестен, бирде тайдын, бирде иттин далысынын кечирин кыйыштырып (Курама вариант, «Сейтек»), айтор баатырдын эл керегине жарагыдай абалга биротоло келиши үчүн кайдан болсун да даба издеп табышат. К-нун айыккандан кийинки эрдиги «Сейтектин» башынан аягына чейин белгиленип отурат. Желмогуз уулу Сарыбай менен беттешип, сексен күн тынбай урушуп, сексен жеринен жара жегени сүрөттөлөт. Муну менен кармаштын катаалдыгына жараша К-нун баатырдыгы даңазаланат. Анын тагдыры башка эпикалык каармандардын тагдыры менен биримдикте сүрөттөлгөндүктөн Семетей, Бакай, Каныкей, Айчүрөктөрдөн ажырабастан, акырында алар менен чогуу кайып болуп кетет. Айрым варианттарда К-нун кайып болуп кетиши менен чыгарма бүтпөй, Кулансарык, Алымсарык анын балдары катары айтылат. Бирок, бул анчалык салттуу эмес, кийинчерээк кошулган генеологиялык циклди жандандырууга болгон дагы бир аракеттен улам орун алган көрүнүш. К-нун салттык композиция боюнча курулган образы деле — эпостогу өзү аркалаган милдетин толук аткарып турган образ. Семетейге, кийин Сейтекке өөдө тартса өбөк, ылдый тартса жөлөк, астыда жүрсө ак жол, артта жүрсө сан кол болуп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон каарман. Ал өзүнө чейинки баатырлардын, бабаларынын жөн гана вариациясы же көчүрмөсү эмес.
КҮЛЧОРО 5
Өзүнө таандык ачык максаты, аткарчу так милдети бар, өзү кез келген ар бир кырдаалга, шартка жараша өзгөрүп, жаңыланып турган көркөм образ. Элдин идеалдуу баатыры К-ну тарыхый инсан деп таанууга же анын образын кайсы бир тарыхый адам менен жакындаштырууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Бирок, «Күлчоро» деген аттын байыркы түрктөргө таандык экендиги күмөнсүз. «Күлчоро» антропоними азыркы кыргыз тилинин базасында чечмеленбейт. Ошондуктан анын мааниси бүгүнкү кыргыздар үчүн түшүнүксүз. Мына ушунун өзү айрым манасчылардын бул ысымды туура эмес түшүндүрүүгө түрткөн. Чынында эпоним байыркы түрк тилдеринде активдүү колдонулган «күлиг» жана «чор» («чора») деген эки сөздүн айкашынан түзүлүп, кийинчерээк убакыт өткөн соң Куличор>Күличора>Күлчоро деген формага ээ болгон. Мындай формадагы «Күличор» деген ысым байыркы түрк тилинде «даңктуу», «атактуу» деген маанини туюнткан, ал эми антропонимдин экинчи бөлүгү чоро-чора-чор титулду туюнтуучу сөз катары колдонулуп, хан менен бектин ортосундагы даражаны билгизген. Түбүндө бул сөз байыркы перс тилинен байыркы түрк тилине кабыл алынып, алгач «жоокер», «баатыр» деген маанилерди туюндурган. Ошентип, «Күлчоро» деген сөз атактуу жоокер, даңктуу баатыр деген мааниге ээ жана элдин сүйүктүү баатыры К-нун эпостогу образына толук шайкеш келет.
А. Жайнакова, А. Боронов
КҮМҮШАЙ
— эпизоддук кейипкер. Ысмайылдын аялы. Сарытаздан атасы Манас экенин угуп, тамак ичпей тарынып жатып алган Семетейге келип жалынганы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 132).
КҮМҮШАЛИЕВА Сабира
(1917, Пишпек, Төкөлдөш айылы) — кыргыз совет артисти. Кыргыз ССР эл артисти (1964). Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981). 1940-жылдан КПССтин мүчөсү. Анын көптөгөн драмалык, комедиялык жана кино өнөрүндө түзгөн образдары курч мүнөзү, кыялынын ачык, айкындыгы, психологиялык тактыгы менен айырмаланат. Ошондой эле эпостук чыгарманын негизинде жазылган драмада да эпикалык маанайдагы ролдорду ойноду. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасында небересине тарбия-таалим берген татаал мүнөздүү, кары Чыйырды эненин, «Сейтекте» (1987) Эмчи кемпирдин образын түзгөн.
С. Күмүшалиева — Экинчи кемпир («Сейтек драмасы, 1989).
К. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
КҮМҮШ-ТАК
— топоним. Таластагы белгилүү жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет:
Үйүрлүү Марал, Күмүш-Так,
Журт күздөөгө сен консоң,
Кара-Буура, Канжайлак,
Чаткал тосо мен консом
(Курама вариант, «Сейтек», 173, — деп эл күздөөчү жер катары сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Талас Ала-Тоосунун бир тармагы, ашуу.
КҮНЖАҢЖУҢ
— кейипкер. Кытайдын белгилүү баатырларынын бири. Эсенкандын жакын сырдашы, кеңешчиси катары айтылат. Маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алына турган учурларда Айжаңжуң экөө дайыма Эсенкандын кашында турушат:
Эр Эсенкан чамынып,
Так үстүндө камынып,
Быжылдап кайнап жан толуп,
Айжаң-жуң менен Күнжаң-жуң,
Жанындагы курдашы,
Кеп айтуучу сырдашы,
Жакын турган ал болду (Саякбай Каралаев, 1. 165).
Согуштардагы эрдиги сүрөттөлбөгөндүгү менен Чоң казатта К-дун Алмамбеттин колунан өлгөнү айтылган эпизод бар (Саякбай Каралаев, 2. 204). Бул ысым «Күн» жана «жаң-жуң» (кытайча «цзяньцзюнь» — генерал, генерал губернатор, колбашчы) деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлүп, экинчи бөлүгү эчактан бери кытайларда, кийинчерээк, айрым түрк-моңгол элдеринде титул катары колдонулуп келген. К. антропониминин пайда болушуна, ошондой эле 19к-дагы Цинь империясы менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер да кайсы бир даражада роль ойногон, к. Айжаңжуң.
А. Боронов
КҮНЖҮ
— эпизоддук кейипкер. Кыястын аялы Каракөздүн атасы экени гана айтылат (Курама вариант, «Сейтек», 81).
КҮНЖҮТ
— топоним. Негизги варианттарда кезигет. «Сейтектеги» туткундардын кайра кошулушу окуясында: «Күн жетпестин Күнжүткө, Күндөп-түндөп жол жүрүп, Жеткен экен Карадөө» (Курама вариант, «Сейтек», 66),— деп Момунжанды издеп Карадөө К-кө чейин баргандыгы айтылат.
КҮНКАН
— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдында жүргөнүндө К-дын кызы Күнүкейди тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85). Сагымбай Орозбаков вариантында мындай ысымдагы кейипкер кытай каны катары айтылат, к. Күнкан.
КҮНКАН
— эпизоддук кейипкер, калмак каны. Радлов жазып алган вариант менен Сагымбай Орозбаков вариантында Манас баатыр К. менен согушуп жеңет. Бул антропонимдин чыгыш теги байыркы түрктөргө таандык. Эпосто сакталып калган эң эски ысымдардын бири. «Күн» жана «кан» деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн. Түрк элдеринин фольклорунда, айрыкча уламыш, мифтеринде өтө көп учураган ысым. Бүгүнкү күндө адам аты катары кыргыз антропонимдер системасында колдонулбайт, Күн, хан, Күн жаан жана башкалар формаларында ошондой кылымдын эстеликтери болгон Кашкарлык Махмуддун «Диван лугат ит-түрк» эмгегинде, Рашид ад-Диндин «Тарыхтар жыйнагында» учурайт. Айрым алтай эпосторунда да жолугат, к. Айкан.
КҮНӨГӨР
— эпизоддук кейипкер. Казак балбаны. Нескаранын келатканын угуп, кол жыйнап жаткан Манаска келип кошулган казак колунун ичинде К. балбандын да аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 218).
КҮНӨС
— топоним. Көзкамандар Манасты ууландырганын билген Каныкей Манастын кийимин кийинип, «Манастап» ураан чакырып Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу аркылуу Күнөс, Жылдыз, Кош-Талаадан өтөт (Курама вариант, 1. 285). Географиялык реалияда Иле дарыясынын баш куймаларынын бири.
КҮНӨС
— эпизоддук кейипкер, казак балбаны. Нескара менен болгон уруштагы калмак балбаны Даң-даңдын колунан курман болуп, жер анын атынан Күнөс аталган делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 219— 220).
КҮНҮКЕЙ
— эпизоддук кейипкер. Күнкандын кызы. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдында жүргөндө К-ди да тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.).
КҮНҮ КАТЫН
— эки же көп аялдуу кишинин аялдарынын бири-бирине карата болгон мамиле абалдары. Мисалы, эпосто Жакыптын аялдары Чыйырды менен Бакдөөлөт бири-бирине карата К. к. болуп эсептелет.
КҮН ТУМУШ ЭЛИ
— этноним. «Манас» эпосунун Радлов жазып алган вариантта кыргыздардан алыс жашаган эл катарында Бокмурун ашка чакырган көп сандаган элдердин арасында эскерилет: «Андан ары сен барсаң, Күн тумуш эли болучу, Ага жетип кабар бер» (Радлов жазып алган вариант 144).
КҮПҮ
— эпизоддук кейипкер. Күнжаң-жуңдун уулу. Чоң Билгич менен кошо жортуулга келип, согушта өлгөнү айтылат (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 300).
КҮРКӨӨ
— топоним. Көкөтөйдүн ашында калмак-кытайлар байгени күч менен тартып алып, К., Күйүк деген жерге жеткенде кыргыз колу кууп келген жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 280). Географиялык реалияда Кулжа өрөөнүндөгү жердин аты.
КҮРМӨНТҮ
— топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда: «Күлүк тандап мингизди, Күрмөнтүгө узатып. Култаңды жолго киргизди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 78),— деп айтылат. Географиялык реалия катары Ысык-Көлдүн Күңгөй Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү жер.
КҮРӨӨ
(моңг. «хурээ» — монастырь) — эпос боюнча кечилдер турган жай. Бул тибеттен таралган ламаизм дини менен байланыштуу. 16-кылымдын экинчи жарымынан тартып, Моңголиянын бардык жерлеринде ламаизмдин «сарыбөрк» тарамы кеңири жайылган. Ар кайсы жерлерге К. курулуп, эркектердин үчтөн бир бөлүгү кечил болуп, ошол К-лөрдө жашашкан. Бул диний тарам Саякбайда кытай, калмактарга гана мүнөздүү сүрөттөлбөстөн, байыркы кыргыздардын айрымдары К-лөрдө жашагандыгы эскерилет. Эпосто кара кытайлар кыргыздарды чаап, туш-тушка сүргөнүн баяндаган окуяда жоо баатыры Молтокандын диалогунда мындайча айтылат: «Бу журтта каракчы бар, күрөө бар, Калың журт таза эмеспи, Муну кылып жүргөн бирөө бар» (Саякбай Каралаев, 1. 35). Мында ислам динин кабыл алганга чейин кыргыздар көп диндүү болуп, алардын айрым тобу кечилдик кылып К-лөрдө жашагандыгын көрсөтүп турат. Азыр да кыргыз калкы мекендеген Текес дарыясынын жээгинде К. (Калмак-Күрөө) деген жер, айыл бар, к. Кечил.
КҮРӨӨКӨ
— кооздолуп жасалган, ок, найза өтпөс сырт кийим. «Манаста» жибекке алтын кошулуп иштелип, кандар кие турган тон маанисинде да жолугат. Аны баатырлар адатта эр сайышка кийип чыгышкан. «Көкөтөйдүн ашында» Манас Коңурбай менен сайышка түшкөндө «жакалыгы сары алтын, Түймөсүнүн баары алтын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 247) К. тонду кийип чыккан. Каныкейдин кырк жигиттин ар бирине күрөөкө, соот тиктирип бергени да айтылат.
КҮРПҮЛДӨК
— топоним. Алмамбет туулуп өскөн жердеги дарыя. Чалгынга бара жаткан Алмамбет менен Сыргак бул дарыяны кечип өтүшөт. (Курама вариант, 2. 168).
КҮРСҮ
(иранча гурс) — бетме-бет салгылашууда колдонулуучу чокмор түрүндөгү курал. К-нүн чабыла турган бөркүнө тикен тиш металл чөгөрүлөт. К-нү найза сайышкан соң гана пайдаланышып, анын соккусуна коргонуу үчүн калкан тосот (Сагымбай Орозбаков, 1. 202). К-нүн дагы бир түрү «чоюнбаш». Манас баатыр Зулпукор кылычын сол жагына, «он эки батман чоюнбашын» оң жагына байланганы (Саякбай Каралаев, 2. 184, 185) сүрөттөлөт. Ал эми Макел-дөөнүн «чатында кыстарган» куралы «үйдөй күрсү чоюнбаш» (Сагымбай Орозбаков, 4. 323) болот.
КҮЧАЛА
— седеп топчу сыяктуу ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Орто Азия элдеринде дары жана уу катары байыртадан бери кеңири колдонулуп келген. Кыргыз дарыгерлери К-ны сууга кайнатып, кымызга, бозого ачытып, кзак оорудан күч-кубаты начарлагандарга, эски ооруларды дарылоого жана жалпы эле көңүл көтөрүү үчүн пайдаланышкан. Эпосто К. күчтүү ачыткы, күчүн жогорулатуу максатында колдонулганы баяндалат. «Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырган, Алдырып келип арагын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 428). «Күчтүү болсун арак деп, Күчаладан салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 252). Аңчылыкта карышкыр, түлкү ж. б-ды ууктуруу үчүн да колдонулган.
КҮЧӨР
— топоним. Кыргыздар жана аларга жакын турган элдер жашаган шаар. Каракандын сегиз уулунун кенжеси Жакып Алтайга айдалып барып, эгин эгип «Аксы менен Күчөрдөн, Ичерине чай алып» (Саякбай Каралаев, 1. 49) турганы айтылат. Географиялык реалияда Тянь-Шандын түштүк этегиндеги Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна караштуу түзөң жер, шаар. Илимий адабияттарда Куча деп берилип, жергиликтүү тилдерде Кучар-Күчөр деп айтылат мындагы «р» тыбышынын кошулуп айтылышы айрым илимий көз караштарда араб тилин тууроодон чыккан.
КҮШӨНДҮ
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн керээзинде жетиген жактагы жетимурук аттуу жомоктук элдин улугу экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).
КҮШӨҢ
— эпизоддук кейипкер, кытай карыясы. Көкөтөйдүн ашында эр эңишке түшкөн эки балбан бирин-бири ат үстүнөн ала албай турганда К. чал арага түшүп, эки балбанды ажыратмакчы болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 256).
КЫДЫРААЛЫ Кайназар уулу
(1850, Ала-Бука району —1920, ошол эле жерде) — манасчы, төкмө ырчы. К. жаштайынан эле ыр, өлөң, түрдүү эпосторду айтууга шыктуу өнөрү менен эл ичинде таанымал болгон. К. манасчы Талас, Кетмен-Төбө, Жалал-Абад, Алай, Ош, Анжыян, Ташкен, Бадакшан, Кожент тараптарда болуп, ырчы, өлөңчү, кошокчуларга жолугуп, алар менен айтышып, «Манас» айтып элге таанылган. Акындын замандашы Жеңижок төкмө К. жөнүндө мындай деп ырдаган:
Карайган тоонун талаасы
Калың журтту ээрчиткен
Алмамбет, Сыргак Манасы.
Кайназар мерген баласы
Кыдыраалы жомокчу (Эл ырлары, Фр., 1981).
Жеңижок төкмө бул ырында Аксылык башка белгилүү ырчылар менен бирге К. манасчыга, анын калың журтту ээрчиткен алп талантына тең бере, өнөрүн баалап, өзүнүн мурасын ак таңдай Токомо айтып жүр деп багыштап, нары төкмө ырчы, нары манасчыга өнөрпоздук сынын билдирет.
Ташкен тарапта өткөн Үсөн деген ырчы менен айтышканда Үсөн ырчынын минтип ырдаганы бар:
Эмесе туурдукту сыйрыгыла
Эссиз эле барчалап жыртылбасын.
Кыдыкем «Көкөтөйдүн ашын» айтат.
Уй мүйүз тартып элим кылкылдасын
(Кол жазмалар фондусу, 770-инв.).
Элге тааныштырып, анын азыр «Көкөтөйдүн ашын» айтарын жарыялаганына караганда жергиликтүү, башкача айтканда Ташкен тараптык Үсөн ырчы менен эски тааныш, анын манасчылык өнөрүн жогору баалап, ага чоң урмат көрсөткөн ырчы.
Аксы чөлкөмүндөгү элге өз мезгилинде кеңири белгилүү болгон К-нын замандашы, бирок ата-теги, чыгармачылыгы азырынча бизге толук белгисиз Гөркары деген ырчы К. жөнүндө ырдаганы эл оозунан жазылып алынган:
Жомогун угуп тыңдаган,
Жанынан карыш жылбаган,
Жети ай айтып Манасты,
Жарымын ада кылбаган.
Чаар атын баяндап,
Чарчабай үч күн ырдаган.
Алпамыш акын Кыдыкем
Айтышканын бурдаган
(Кол жазмалар фондусу, 770-инв., 11-б.).
К. «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана бир нече кенже эпосторду, көптөгөн элдик ырларды айтканын анын өнөрүн кичинекейинен үйрөнүп, устат катары тутуп жүргөн Дейди кызы Сейденин эскергенин, ошондой эле Сейде эмне айтып, эмне ырдаса да бу Кыдыраалыныкы деп баштаганын, К. жөнүндөгү материалдарды жыйнап фондуга тапшырган Сейде манасчынын небереси Калмурат Рыскул уулу жазат (Кол жазмалар фондусу, 770, 772-инв.). Төкмө акын Токтогул К-нын ырчылык, манасчылык өнөрүн бегилеп, дегеле анын талантына баа берип, өзүнүн шакирттерине: «Кыдыраалынын алдын тороп айтышпагыла, курч акын, жолборстой алып ыргытат. Өзү ырдагандан кийин айтышсаңар абийирге ээ болушуңар мүмкүн. Кыдыраалыдан жарчылыкты талашууга болбойт, ал улуу манасчы», — деп ал жөнүндө минтип ырдаган жери бар:
Ар бир сөзү тапкандай,
Ак келтени аткандай,
Кыдыраалы манасчы
Кыргыздан чыккан ак таңдай.
Торгой сайрап жаткандай,
Топ акындан ак таңдай.
Кыдыраалы ырчыны айт
Кыйырды билген сынчыны айт
(Кол жазмалар фондусу, 770-инв., 7-б.).
К-нын «Манастын Борканага калаа курдурганы», «Манастын зилдей (чоң, оор) ташты көтөргөнү», «Манастын Мардигилең алп менен алышканы», «Манастын Борканадан Айгандын канын айдап чыкканы», «Айгандын канынын кызы Алтынай сулуунун Манаска ашык болушу» деген Манастын өзүнчө үлгүлөрүн айтканы гана белгилүү.
Ү. Беркбаев
КЫДЫКЕЕВА Бакен
(1923, Пишпек, Төкөлдөш айылы) — кыргыз совет артисти. СССР эл артисти (1970), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970).
Чыгармачылык жолун 1936-ж. Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. 1941-ж. Пржевальск облусунда драма театрында, 1942—44-ж. Тянь-Шань музыкалык драма театрында, 1944-жылдын аягынан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасында Каныкейдин образын түзгөн. Акылмандыгы, адамкерчилиги, кыраакылыгы, сулуулугу жана баатырдыгы жагынан эл ичинде кылымдан кылымга тарбия-таалим үлгүсү болуп келген Каныкейдин образы К-нын аткаруусунда эпикалык масштабда чечилген. К. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
КЫДЫРАЛИЕВ Кадыржан
(1936, Калинин району, Тельман айылы) — кыргыз совет кинооператору, кинорежиссёр. Кыргыз ССР искусствого эмгек сиңирген ишмер (1969). Ленин комсомолу (1968) жана Кыргыз ССР Токтогул атындагы сыйлыгынын (1972) лауреаты. 1956—61-ж. ВГИКтин оператордук факультетинде окуган. 1961-жылдан «Кыргызфильм» студиясында кинооператор болуп иштейт. К. ишмердигин даректүү жана илимий-коомдук тармакта иштөөдөн баштаган. К-дин оператордук иши профессионалдык чеберчилиги; поэтикалуулугу, драматургиянын ички маңызын сезе билгендиги менен баалуу. Ал «Манас» эпосуна байланыштуу «Улуу эпос» (1962) даректүү фильмин (режиссёру Л. Турусбекова, композитору Т. Эрматов, сценарийи — М. Байжиевдики) тарткан. К. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
КЫДЫРБАЕВА Раиса Заитовна
(1930, Фрунзе) — «Манас» изилдөөчү, филология илиминин доктору (1984), Кыргыз Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (1989). 1952-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (орусча бөлүмүн) бүтүргөн. К. 1956-ж. А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүү менен «А. Осмоновдун лирикасы» аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 1956—60-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде кенже илимий кызматкер, 1960—86-ж. улук илимий кызматкер болуп иштеген.
К. 1986-жылдан «Манас» бөлүмүндө (мурда сектор) башкы илимий кызматкер. 1981-ж. Түркияда өткөн Түрк элдеринин 2-бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышып, «Манас» боюнча доклад жасаган. Республикалык, жалпы союздук мезгилдүү басма сөз беттеринде кыргыз жана орус тилдеринде фольклор изилдөө, адабият таануу маселелери боюнча 100гө жакын макалалары жарыяланган, алардан башка 19 изилдөө иштери (анын ичинде 9 монография) бар. К. жалпы республикада, андан тышкаркы жерлерде таанымал фольклор изилдөөчү, адабият таануучу катарында кеңири белгилүү. «Манас» жана башкалар кенже эпостордун ар түрдүү проблема, маселелерин талдаган, жалпылаган «Саринжи-Бөкөй» эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү», ««Жаңыл Мырза» эпосунун поэтикалык традициялары», ««Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата», «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», ««Манас» эпосунун генезиси», ««Манас» эпосунун варианттары» деген жана башкалар монография, изилдөөлөрдүн автору.
Ж. Төлөев
КЫДЫРБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Таз чечендин атасы. Нескара менен Манастын урушунда эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 250).
КЫДЫРШАА
— этноним. Эпосто кыргыздын белгилүү урууларынын бири. Мисалы, Алмамбет менен Чубактын жол талашкан чатагында К. Чубактын сөзү боюнча «А да кыргыз уругу, Атын уксаң Кыдыршаа Анжыяндын улугу» (Курама вариант, 2. 141),— деп эскерилет.
КЫЗАРТ
— топоним. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча кыргыздар Алтайдан көчүп келаткан жолдо калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Абалкы аты Ара-Бел Кыяматтын журтуна Кызарт аттуу бел болду» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 561-б.),— деп калмактын Катыраң аяр кызы кыргыз колун апсун окуп сыйкырлап, алакетке салат, аягында жеңилип, өзү өлөт. Ошол кыздан улам К. аталган имиш. Географиялык реалияда Ала-Тоодогу Жумгал менен Кочкор райондорунун ортосундагы ашуу, тоо, суу. КЫЗКАРА — Алмамбеттин келишине арнап Манас ага тартуулаган күлүктөрдөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
КЫЗ ОЮН
жар көрүшүү — кыргыз элдик оюндардын бири. «Манас» эпосунда Семетей баатыр Акун кандын шаарына күйөөлөп барганда, Айчүрөктүн тоюнда К. ошондой жөнүндө айтылат:
Сексен келин, сексен кыз
Сексен жигит, сексен уул
Серпилип оюн салышып,
Оромолдон жоолугун
Токмок кылып бурушуп,
Ургаачы, эркек аралаш,
Бири-бирин урушуп,
Мына минтип турушуп,
Кезек токмок алышып,
Сүйгөнүнө салышып,
Эркектери ырдашып,
Ургаачылар тыңдашып,
Эрикпей ойноп алышып
Сүйгөнүнө барышып,
Кымыз ичип кызышып,
Сөөк тери ысышып,
Жыргалдын четин караса,
Кайран жеңең Айчүрөк
Ушундай салды тамаша
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 69).
КЫЗ САЙКАЛДЫН ОРУ
— Ак Сайдагы Как шаал тоосунун тескейиндеги Текелик капчыгайынын оозундагы тегиз жерде казылган ор (ороо). Ордун тереңдиги 8—9 м, эни 20—30 м. Элдик уламыш боюнча Кыз Сайкал бул орго жашынып алып, келүүчү жоону күзөтүп, күтчү имиш.
«КЫЗ САЙКАЛ»
— баатырдык эпос. Айткан Орузбай Урмамбет уулу. Айтуучу 1978-ж. өз колу менен жазып келип, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (Кол жазмалар фондусу, 686/5324-инв., 1-311-б.). Чыгарманын мазмунун негизинен «Манас» эпосундагы Сайкал менен Манастын сайышы жөнүндөгү эпизод, башкача айтканда баатырдык үйлөнүү мотиви түзөт (к. Баатырдык үйлөнүү).
«К. С.» эпосунун окуялары нойгут уруусунан чыккан Карача кан өз элине сырттан душман кол салуусунан коргоп турган бейпил турмушун сүрөттөөдөн башталат. Эпикалык салт мыйзам боюнча кандын жападан жалгыз кемчилиги — баласыздыгы. Баласыздык мотивин көркөм өздөштүрүү үчүн сырткы душмандардын тынч жаткан элге бүлүк салышы, жашы улгайган кандын кудайдан бала тилеши, түш көрүшү сыяктуу кырдаалдык мотивдер колдонулат. Зарыгып көргөн перзенти тентек чыгып, өзү курактуулардан кара күч, акыл, баатырдык жагынан айырмаланып турушу да — түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторуна мүнөздүү көрүнүш. Сайкалдын куш салып салбырынга чыгышы, он беш жаш курагында жолборсту мерт кылышы, менсинген эки жигитти байлап келиши, атасы Карачанын кытайга салык төлөп тургандыгын Шерик аттуу балбандан угуп, жер чалышы, кытайдын Кежир балбанын сайышы, салык жыйнаганы келген кытайды жолотпой, өзү кытайларга барып алардын төрөсүн булдурсун менен жыга чабышы сыяктуу эпизоддордо Сайкал кадимки эпикалык баатыр катары сүрөттөлөт. Элин, жерин душмандан бошотуп, атасы Карачанын ордуна кандык кылып калат. Ушул окуялардан кийин гана эпостун «Манас» эпосуна түздөн-түз тиешеси бар негизги бөлүгү башталат. Көкөтөйдүн ашына Сайкал келген эмес экен. Кошой Жолой менен күрөшөр балбан таппай калганда Сайкалдын келбегенине өкүнүшөт. Ошондон улам Сайкалдын баатырдыгын билген Манас аш бүтөр менен Алмамбет, Чубак, Сыргак Бакайды жанына алып, Сайкалды издеп жөнөйт. Карачанын ордосуна барып, Сайкалдын эрдигин сыноо үчүн жылкы тиет. Сайкал эртең барып көрөрмүн деп камырабай жатып алат. Түшүндө жылкы тийген Манас экенин билип, анан аттанат. Сайкалдын Манас менен жүз көрүшүп, күч сынашып, жеңилген соң, акыреттик жар болууга ант бериши менен окуя аяктайт. Кийин Манастын өлгөнүн угуп, Таласка барып, зыйнатына туруп кайтат жана көп узабай кайып болуп кетет. Бул эпизоддор түгөлү менен «Манаста» бар.
Манас менен Сайкалдын акыреттик жар болушу «Манас» эпосундагы салттуу, көөнө мотивдердин бири (к. Сайкал, Акыреттик жар).
С. Кайыпов
КЫЗЫЛБАШ
— этноним. Эпосто Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин бири катары эскерилет:
Күн батыштын жагында
Кызылбаш бар, тарса бар,
Ашка келсе анча көп
Алакандай Анжыян
Ага буруш кандай кеп
(Сагымбай Орозбаков, 3. 75).
Тарыхта (16-к.) Ирандагы ислам дининин бир багытын түзгөн шийиттер сунниттер менен согушкан учурда айырмаланып туруш үчүн кызыл баш кийим кийип жүргөндүктөн «Кызылбаш» деп аталган. 16-кылымда Орто Азия элдерине (өзбек, түркмөн, тажик, каракалпак) да диний согуштарды жүргүзүп келген. Ошондуктан, бул элдерде «Кызылбаш» деп жалпы эле түндүк чыгыш ирандыктарды атап, душман катары эсептешкен. Оозеки чыгармаларда да ошондой эле мааниде чагылдырылган.
КЫЗЫЛ-БЕЛ
— топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда: «Кызыл-Белден ашыңар, Кыйыныраак шашыңар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 74),— деп айтылат.
КЫЗЫЛ ДӨӨ
— мифтик кейипкер. «Буттары бар мунардай, Колдору бар чынардай» жомоктук элдин башчысы (Сагымбай Орозбаков, 3. 13). Көкөтөйдүн ашына кабар берилип, чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99—100).
КЫЗЫЛ-ЖАР
— топоним. Эпосто Семетей баатыр чоролорунан: «Шемей калаа, Кызыл-Жар, Аны көргөн барсыңбы?» (Радлов жазып алган вариант 312),— деп сураганда эскерилет. Казакстандагы Семей (Шемей) калаасы менен катар айтылганына караганда ага жакыныраак жайгашкан мурдагы К.-Ж. (азыркы Петропавловск) шаары жөнүндө баяндалып жатканын айтууга болот.
КЫЗЫЛ ЖИЙДЕ
— топоним. Кырк чоро биринчи жолу качканда Семетей артынан кууп жетип элдешип, Таласка кайра алып келген жер. Географиялык реалия катары Иленин боюндагы жерлердин бири.
КЫЗЫЛ-КУМ
— топоним. Алооке кандын жери. Ал Манаска колго түшүп калганда:
Агала чап, Кызыл-Кум,
Аңчы барса жыргаган.
Ойнобой бенде турбаган,
Кымбат баа жерим бар
(Саякбай Каралаев, 1. 211), жанымды аман калтыр, ушул жеримдин баарын берейин деп жалынып турганда айтылат. Географиялык реалияда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгындагы чөл.
КЫЗЫЛ-КЫЯ
— топоним. Эпос боюнча Манас адеп Кошойго жолугаардын алдында К.-К. аттуу жолдон өткөндүгү айтылат:
Жер байкаган сыягы,
Үч-Каркыра басты дейт.
Кызыл-Кыя кымбат жол,
Кылт этип ашып түштү дейт
(Курама вариант, 1. 74).
Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн түндүк чыгышындагы тоо, ашуу.
КЫЗЫЛ-ОМПОЛ
— топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда: Кызыл-Омпол дөбөсү, Кароолго чыгып келгени Кызыталак капырдын Шамың шаа деген төрөсү (Сагымбай Орозбаков, 2. 102),— деп кароол караган дөбө катары берилет. Экинчи бир жерде «Омполдун кызыл тоосу» (Сагымбай Орозбаков, 2. 101) деп айтылат. Географиялык реалияда К.-О. Кыргыз Ала-Тоонун чыгыш уландысы, Ысык-Көл өрөөнүнүн батышындагы тоо.
КЫЗЫЛСАРТ
Момунжан — кейипкер, дарыгер. Карадөө издеп жүрүп таап келген К. Күлчорону дарылап айыктырат (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 50—55).
КЫЗЫЛ-СУУ
— топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда: Кызыл-Суунун башына Кызматыңа бардык деп, Кыжылдаган кол көрүп Кыргын таап калдык деп (Сагымбай Орозбаков, 2. 125 — 126) айтылат. К.-С. шаар катары да сүрөттөлөт:
Ырамандын баласы
Кызыл-Сууда калаасы
Атын уксаң Каратай
Акындыгы бир далай
(Сагымбай Орозбаков, 2. 92).
Географиялык реалияда К.-С. Ысык-Көлдүн тескейиндеги жер, суу.
КЫЗЫЛ-ЧОК
— кытай жана калмак башкаруучуларынын баш кийиминдеги мансабын көрсөтө турган атайын белги. Мисалы, эпосто « Кызыл чок кытай журтунан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 80), «Кызыл чоктуу көп ойрот, Мени кытай кайдан соо коёт?!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 115) — деген сыяктуу саптар көп жолугат. Радлов жазып алган вариант боюнча ата-энеси жана эли мусулман болууну каалабаган соң Алмамбет кыргыздарды көздөй «кызыл чоктуу ойроттун канын өлтүрүп» (Радлов жазып алган вариант 19) качат. «Кызыл чоктуу ойротту өрт күйгөн эмедей сапырып», күн чыгышка сүрөт да, «Каапырдын каны болгончо мусулман кулу болоюн,» — деп кыргыздарга келет.
КЫЗЫР
Кыдыр (арабча хызыр — жашыл деген мааниде) — адамдарга жакшылык кылуучу олуя. Түрк, иран элдеринин жомокторунун байыркы кейипкерлеринин бири, көбүнчө жашыл тончон, ак ат минген аксакал карыя түрүндө сүрөттөлөт. Бул табышмактуу пайгамбар өлбөстүн дарысын издеп, акыры мүрөктүн суусунун булагын тапкан экен. Орто Азия элдеринин түшүнүк, ишениминде К. түбөлүк жер кезүүчү, адашкан жолоочуларга, кедей-кембагалдарга жана кыйын кезеңге туш келген бардык пенделерге жардам көрсөтөт. К. жолоочу дубана, майып киши, кээде тааныш кишинин кебетесинде кездешет. К-ды оң колун кармап, анын баш бармагынын сөөгү жок экенинен таанууга болот деп эсептешкен. Түрк элдеринин эпосторунда К. акылман карыя, баатырлардын колдоочусу катары айтылат. «Манас» эпосунда бул кейипкер баш каарман Манаска, башка элдик баатырларга колдоо көрсөтүүчү катары учурайт.
КЫЗЫР ИЛИЯС
— кудуреттүү күчкө ээ, касиеттүү колдоочу. «Манас» эпосунда кырк чилтен менен бирге Манастын колдоочуларынын бири катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 114). Илияс — куранда пайгамбар. Сууга аккандарга, чөккөндөргө жардам кылат. Семетейди Үргөнчтөн кечүүгө жардам бергени, колдогону сүрөттөлөт: «Суунун пири Илияс Азыр акең жар болуп, Ошол жерде бар болуп, Семетейди жылоосунан алды дейт» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 114-б.).
КЫЙБА
— топоним. Эпосто өлкө, шаар, эл аты, көбүнчө тажиктердин мекени катары көп эскерилет. Мисалы, Жакып Манаска колукту издеп К. журтуна барып жана анын каны Атемирдин кызы Санирабигага (Каныкейге) куда түшүп, уулун үйлөндүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 350—488). Тарыхый жана географиялык реалияда Хива кандыгы Орто Азиядагы 16жана 20-кылымдын башындагы мамлекет. Борбору — Вазир, Үргөнч, Хива болгон. Хива мамлекети кыргыздар менен байланышта болгону «Семетейдеги» Акункандын шаары Үргөнч болгону да, «Кедейкан» эпосунда Кедейкан К. шаарында өкүмдар болгонунан да көрүнөт.
КЫЙДЫ КАРА
— Үрбүнүн тулпары. Валиханов жазып алган эпизоддо, Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган күлүк катары эскерилет.
КЫИТУУЧА
— эпизоддук кейипкер, калмак баатыры. Манас Ташкенди бийлеп турган Панус канды жеңгенден кийин К. Манасты байкап көрүп, ыгы келсе чаап алмак болот да жылкысын тиет. Манас жылкыны кайрып алып, К-нын колун кыйратат (Кол жазмалар фондусу, 577-инв.).
КЫЙША-ТОО
— топоним. Көкөтөйдүн ашынан кийин ашты Манас өзү билип, өзү башкарды деп нааразы болгон алты кандын Манаска жиберген элчилери басып өткөн жер:
Алты азамат аттанып,
Жолго түшүп шаттанып
Кылычын кыя байланып
Кыйша-Тоо сеңирин
Кыдырып өтүп айланып
(Сагымбай Орозбаков, 4. 18).
Географиялык реалияда Кашкар аймагындагы тоо.
КЫЙЫР СӨЗ
— эпосто көп учурда каармандардын айткан сөзү ал кандай айтса, дал ошондой кайталанбастан манасчы тарабынан өзгөртүлүп, бирок жалпы мааниси бурмаланбай берилет. Мисалы, Чоң казаттагы бир эпизоддо Коңурбайга Ушаңдын айткан сөзүн Сагымбай Орозбак уулу тике сөз түрүндө эмес, К. с. катары айттырат:
Өтпөгүн дедим мен деди,
Өлөт белең сен деди,
Кой дегенмин мен деди,
Коркот белең сен деди.
Өзгө адам ага бара албайт,
Алмамбетти кетирбей,
Өзүң кармай бер деди
(Сагымбай Орозбаков, 4. 303) же Алмамбеттин төл сөзү мындайча К. с-гө айландырылат:
Ал жерде Алмаң кеп айтып,
Аңдагын, баатыр деп айтып,
Калдык жакын калаага,
Кагышып калып капырга
Калбайлык кара балаага
(Сагымбай Орозбаков, 4. 254).
А. Муратов, Б. Кыдырбаева
КЫЛЖЕЙРЕН
— Мурадылдын күлүгү. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта байгеге чабылган (Сагымбай Орозбаков, 3. 155).
КЫЛЖЕЙРЕН
— Алмамбеттин Кытайдан кеткенден Манаска барганга чейин минип жүргөн аты (Сагымбай Орозбаков, 2. 307).
КЫЛКҮРӨҢ
— калмак баатыры Дөңгөнүн аты. К-дү Дөңгө жоодо минип, Манас менен болгон сайышта өлөт. К-дү Манас олжолоп алат (Саякбай Каралаев, 1. 89, 90, 91).
«КЫЛЫМДАР ЖАҢЫРЫГЫ»
(Фр„ 1989)— К. Айдаркуловдун китеби. Эмгек Совет бийлигине чейинки араб тамгалары менен жазылган «Семетей» эпосунун сейрек кол жазмаларын талдоого арналат. Китеп үч баптан турат. Биринчи бапта «Семетей» эпосунун Октябрь Революциясына чейинки жазылып алынган кол жазмалар тууралуу баяндама жасайт жана 1903-ж. биринчи жолу Б. В. Смирнов тарабынан фонографка Кенже-Кара семетейчинин айтуусунда жазылган «Семетей» эпосунун үзүндүсү менен тааныштырат. Экинчи бапта «Кысса Семетей бу-турур» кол жазмасынын, эпостун Алматыдан жана Кочкордон табылган айрым үзүндүлөрүнө текстологиялык талдоо жүргүзүлөт. Үчүнчү бапта кыргыз элинин «Ордо», «Тогуз коргоол» сыяктуу оюндарынын келип чыгышына, алардын ойнолуу тартибинде чагылдырылган жоокердик турмуштун айрым көрүнүштөрүнө токтолот.
КЫЛЫЧ
— жоокердик курал. Эң мыкты сапаттагы «ак болоттун» жана «кара курчтун» өзгөчө кошулмасынан чапканда кесип же тешип кетүүгө ыңгайлаштырылган өткүр миздүү. учтуу курал. Бир аз кайкалаган көрүнүштөгү жука «баанектен» жана алып жүрүүгө ылайыкталган «толтолуу» саптан турат. Жоокердик заманда сырткы душмандар менен салгылашууда жана өзүн-өзү коргоодо колдонулган. Жоокердик заманда К-ты негизги курал катары үйрөнүүнү кыргыздар бала кезинен үйрөнө баштагандыгын элдик «мангел уруу», «ашкабак чапмай» жана башкалар оюндарда К. чабуунун ыкмаларын үйрөнүү эрежелеринин сакталып калгандыгынан көрүүгө болот. Демек, К. кыргыздарда негизги курал болгонуна караганда анын сапаттуу жасалышына да абдан көңүл бурулган болуу керек. Ал эми эпосто К-тын асем кооздолуп жасалышы төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Кубулган миздүү ак албарс,
Атаңдан калган кылычтын,
Алтын торго албарстын,
Байнеги кооз болсун деп,
Бооруна алтын чөгөрткөн,
Билеги кооз болсун деп —
Билдин сөөгүн саптаган,
Кабы кооз болсун деп
Өтөгөндүн терисин
Өз кырына каптаган
(Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 846- инв., 831-б.).
Бул маалыматтарга караганда Манастын кылычын Бөлөкбай Төкөр уста деген атактуу усталардын жыл маалына чейин узанышып, араң жасап бүткөндүгү эпосто айтылган. К-тын курчтугун күчөтүүдө:
Көмүрүнө чыдабай
Көп токойлор кыйылган
Көөрүгүнө чыдабай
Көп букалар союлган
Сугатына чыдабай
Көп булактар соолгон — деген эпостогу апыртма сүрөттөөлөр К-ты жасоого абдан көңүл бөлгөндүгүн айгинелеп турат.
Ушинтип жасалган «кереметтүү» К-тар атадан балага мурас калтырылган. Ал өткөндүн эстелиги катары сапаттуулугу боюнча «ыйык», «касиеттүү» сезилип бардык эле адамдар колун тийгизип кармоого же колдонууга даай алышкан эмес. Аны айрым гана өзгөчө инсандар колдонгон жана анын көзөмөлүндө болгон. Жогоркудай жасалгалуу кылычтарды атактуу баатырлардан бөлөк, эл башкарган жетекчилер да бийликтин символу катары алып жүрүшкөн. Мындай учурда К. шаан-шөкөттүн, дөөлөттүн белгиси катары көрүнөт. Көптөгөн элдерде (сактар, усундар, гунндар жана башкалар) К. байыркы доордон тартып эле негизги курал катары пайдалангандыгын археологиялык табылгалар ырастайт.
К. Айдаркулов
КЫЛЫЧ
— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Агыштын атасы экендиги гана эскерилет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо, 1979, № 7, 89-б.). Сагымбай Орозбаков вариантында Агыш Жеткир бийдин уулу делет.
КЫЛЫЧ КУЙРУК БАЯС
— мифтик жаныбар. Алооке кандын ажайыпканасындагы реалдуу жана эпикалык жаныбарлардын арасында сүрөттөлөт:
Кылыч куйрук баяс бар
Кызыл аюу, саяс бар,
Маймыл дарек деген бар,
Жабыр баян бир жандар,
Пил, керикти жеген бар
(Сагымбай Орозбаков, 2. 183).
Эпостун башка эпизодунда Манас бала чагында жолдоштору менен салбырынга барып, К. к. б. жолугуп Аккелте менен атып өлтүрөт. Ал жаныбарлардын сырткы келбети сүрөттөлөт.
Чоңдугу бар өгүздөй,
Аяк басса адамдай,
Капталында канат бар,
Куйругунда кылычы,
Куп тамаша бул ушу
(Сагымбай Орозбаков, 1. 225).
КЫМКАР
— эпизоддук кейипкер. Калмак кол башчысы Нуукердин кошунундагы баатыр. Салбырындап жолдоштору менен Уркун дайрасынын боюнда жаткан Манаска Нуукердин колу кез болгондогу урушта калмактар тарабынан биринчи болуп жекеге чыккан К. Көкчөнүн колунан ажал табат (Сагымбай Орозбаков, 1. 270—273).
КЫМЫЗ
— көбүнчө бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган кычкыл суусун. Уй, топоз, төөнүн сүтүнөн да жасалган. К-ды малчылык менен күн көргөн байыркы көчмөн элдер ойлоп тапкан. Байыркы грек тарыхчысы Геродот (б. з. ч. 5-к.) скифтер К. ачытканын жазган. Алтай, башкырт, бурят, казак, калмак, каракалпак, кыргыз элдеринде К. эзелтеден эле белгилүү болгон. К-дын дарылык касиети бар экенин байыртадан эле байкашкан. Эпосто көңүл ачуу суусундук катары баяндалат. Мисалы, «күндүзү кымыз, түнү кыз», «Кымыз ичип кызышып, Сөөктөрү ысышып, Чекеден терин сызышып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 313), «Кымыз ичип кылгырып» (Саякбай Каралаев, 2. 83),
Алты жүз мешке куйдурган
Алып келип кымызды
Аксакал бою балкытып,
Аны ичкен соң карпаңдап,
Аңгемени кылышты
(Сагымбай Орозбаков, 2. 19)
жана башкалар.
КЫНЫМЖАН
— эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейди тосуп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөр кыздарынын башчысы (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).
КЫҢГЫР
— топоним. «Манас» баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнү» эпизодунда: «Кыңгырдын жолун кыдырып, Жети-Суу боюн сыдырып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 160),— деп кыргыздар Ала-Тоого көчүп келе жатканда К-дын жолу аркылуу өткөндүгү баяндалат. Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.
КЫПЧАК
— этноним. «Манас» эпосунда К-тар кыргыз эли менен тектеш (Кыргыз, кыпчак уругум, кыз үчүн балам кетем деп; Сагымбай Орозбаков, 2. 153) уруу катары айтылат. К. биринчи жолу 8-кылымда уйгур башкаруучусу Моюн-Чурга арналган эстеликте кездешет. Ал доордо К. Саян-Алтай тоолорунда жашашкан. 11—13-кылымда болсо Алтайдан Кырым жана Дунайга чейинки аралыкта көчүп жүрүшкөн.
Махмуд Кашгаринин «Сөздүгү» боюнча К-тын бөлүгү Талас өрөөнүндө жана Кашкар шаарынын жанында да жашашкан. Ферганалык автор Сейф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварихи» (16-к.) боюнча Таластагы Каркара өрөөнүн К-тар ээлешкен. Манастын атасы жана чоң атасы да ушул аймакты башкарган. Манас баатыр Каркарада төрөлгөн, анын чоролору да каркаралык болушкан. Кыргыздар менен К-тар чектеш, аралаш жашагандыгын далилдейт. Ошол себептен Манас баатырдын теги айрым убактарда кыргыздардын К. уруусунан чыккан болуп көрсөтүлүп калышы ыктымал. К. бир топ түрк элдеринин анын ичинде кыргыздардын курамына кошулган. Эпостун бүгүнкү күндөгү варианттарында бир катар белгилүү каармандар (Мисалы, Төштүк, Үрбү жана башкалар) К. уруусунан деп берилет.
Ө. Караев
КЫРАҢ-КЫР
— топоним. Коңурбай капыстан Таласка чабуул жасаганда чек кайтарып жүргөн Кардыгач калың жоо менен катуу кармашып жатып колго түшөт. Жоонун артынан кууп жеткен Манастын колу ушул жерден Кардыгачты туткундан бошотуп алышат. Эпос боюнча К.-К. Иленин боюндагы жерлердин бири.
КЫРБАШЕВ Кеңеш
(1931, Ысык-Көл району, Темир айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү, жыйноочу. Филология илиминин кандидаты (1968). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1956). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде лаборант (1958), кенже илимий кызматкер (1959—69), улук илимий кызматкер (1969), жетектөөчү илимий кызматкер (1990). К. «Манас» эпосуна арналган бир нече эмгектердин автору. Ал ««Манас» эпосунун стили» (Фр., 1983) деген монографиясын, «Эл акындарынын чыгармачылыгынын тарыхынын очерки» (1988) деген коллективдүү эмгекте манасчы Сагымбай Орозбак уулунун, Шапак Рысменде уулунун, Мамбет Чокмор уулунун, Жакшылык Сарык уулунун, Жаңыбай Кожек уулунун, Акмат Рысменде уулунун чыгармачылыгы боюнча портреттик баптарды жазган. Мамбет Чокмор уулунун «Семетей» эпосуна арналган «М. Чокморовдун айтуусундагы «Семетей» эпосунун өзүнчөлүгү» аттуу эмгеги ««Манас» эпосунун варианттары» (1988) деген коллективдүү эмгекке жарыяланган. Сагымбай Орозбаков варианты, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосунун тексттерин орус жана кыргыз тилинде даярдоо, чыгаруу жумушуна да активдүү катышкандардын бири.
Ж. Төлөев
«КЫРГЫЗ АКЫН-ЫРЧЫСЫ САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ (1867—1930) ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ»
— америкалык түрколог окумуштуу Ильзе Лауде-Циртаутастын макаласы (орусчасы — «Советская тюркология», 1987, № 3; кыргызчасы — «Ала-Тоо», 1989, № 5, 52— 56-б.). Макалада Сагымбай Орозбак уулунун кыскача өмүр таржымалы берилип, манасчылык өнөр менен акындык өнөрдүн ширелишкен катышы тууралуу сөз болот. Акындык даремет, талант күтүү болгондо гана эпостун өзгөчө нускасы (варианты) жараларына басым коюлат. Манасчылардын түш көрүү аркылуу Манастын, анын чоролорунун бирөөнүн же Семетей, Сейтектердин аян беришинен кийин гана айта баштагандык салтын изилдөөчү эпостун зоболосун андан ары арттыруудагы айтуучулардын аракети катары баалаган. Сагымбайдын «Манастан» башка да санат-насыят ырларын, майда дастандарды аткаргандыгы, дарым ырларын билгендиги, санжырачы да экендигин айтып келип, кыргыз акын-ырчылары менен «Манас» эпосунун ортосуна биз али аңдап биле элек байланыштын болгондугу анык деген тыянак чыгарылган.
И. Абдувалиев
КЫРГЫЗДАР 1
— этноним. «Манас» эпосун жараткан эл. Бул эпопеяда кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлгөн. Ушуга байланыштуу К-дын байыркы жана ошондой кылымдардагы тарыхына кыскача токтолууга болот. «Кыргыз» аты биринчи жолу орхон-эне-сайлык түрк эстеликтеринде кездешет. Ал эми кытай тилиндеги китептерде бул этноним андан мурун ар түрдүү иероглифтер (тамга) менен жазылып келген. Алардын транскрипциялары (чечмеленген) цяьгунь, хягас, хагас, сяцзясы, хэгасы, хэхэ, хякя, цилицисы, хэлецзы, циэргайсы жана киэрцзис. К. байыркы доордо Моңголиянын түндүк батышындагы Кыргыз-нур көлүнүн айланасында көчүп жүрүшкөн. Андан кийин алар биздин заманга чейинки доордун аяк чендеринде гунн урууларынын кысымынын натыйжасында Саян тоолорун ашып Миң-Суу (минусин) ойдуңуна көчүп барышып, жергиликтүү динлин уруулары менен аралаш жашашкан. Орхон-эне-сай рун жазуулары жана кытай китептеринде 6—9-кылымда Миң-Суу өрөөнүндө жашаган. К. жөнүндө маалыматтар көп кездешет. Бул мезгилдерде алар түрк кагандыгына (6—7-к.) баш ийишкен, бирок кандайдыр бир деңгээлде саясий өз алдынчалыгын сактап калышкан.
Түрк кагандыгы узакка созулган согуштардын жана ич ара келишпес жаңжалдын кесепетинен начарлай баштаган. Бул абалдан пайдаланып, 745-ж. уйгур башкаруучусу Моюн-чур Саян-Алтайда жашаган уруулардын колдоосу менен түрк кагандыгын жеңип, Борбордук Азиядагы саясий бийликти колуна алган. Моюн-чурдун төңкөрүшүнө эне-сайлык К. да активдүү катышкан. Бирок, бир аз убакыттан кийин алар, Түштүк Сибирдеги башка уруулар сыяктуу эле уйгур кагандыгына күч менен бириктирилген. Бул абал деле көпкө созулган эмес. К. түндүк тараптан уйгур кагандыгына тез-тез кол салып турган. Мына ошондуктан Моюн-чурдан кийинки кан Мочжо Голе 758-ж. К-га каршы жортуул уюштуруп, алардын 50 миң жоокерин талкалаган. Буга карабастан уйгур каны К-га саясий өз алдынчалыгын берүүгө аргасыз болгон. Алардын ортосундагы күрөш 820-жылдардан баштап өтө күч алган.
КЫРГЫЗДАР 2
Жыйырма жылдык кармашуудан кийин уйгур канын жеңип алуусуна көзү жеткен кыргыз ажосу ага төмөнкүчө кабар берген: «Сенин өмүрүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алып, анын алдында атымды байлайм, туумду саямын. Эгерде мени менен күч сынаша алсаң тез кел, анте албасаң тезирээк кет». Мына ушул мезгилдерде уйгур кагандыгынын ички жана тышкы абалы начарлай баштаган. 839-ж. эпидемия тараган, кышында кар калың түшүп, малдар ири чыгашага учураган, ачарчылык күчөгөн. Кандын ордосунда ич ара келишпөөчүлүк күч алган, сарай төңкөрүштөрү көбөйгөн. Чыгыш Түркстанда тибеттер менен болгон узакка созулган согуш өлкөнүн экономикалык абалын кыйындаткан. 840-ж. уйгур аскер башчысы Күлү Бага козголоң чыгарып, кыргыз канын жардамга чакырган. Ал болсо ушул жагдайдан пайдаланып, 100 миң аскер менен Эне-Сай өрөөнүнөн Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон дарыясынын боюндагы уйгур кагандыгынын борбору Орду-Балыкты курчаган.
Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз каны өзү уйгур башкаруучусунун ордосун талап, өрттөөгө катышкан. Акыркы уйгур каны Хэси Дэлэ өлтүрүлгөн. Уйгур каншасы (кытай принцессасы) Тай-хо колго түшүрүлгөн. Орду-Балыктын калдыгын археологиялык изилдегенде, анын К. тарабынан талкалангандыгы далилденди. Аны казганда «кыргыз вазалары» табылган. Ал буюм жумуртка формасында, ичке моюндуу, түбү жалпак, кооздолуп жасалган. Мындай вазалар К. жашаган Миң-Суу өрөөнүндөгү көрүстөндөрдөн табылган. Алардын Эне-Сай ойдуңунун башка райондорунан табылышы, К-дын 840-жылдары ал жерлерди каратып алгандыгын далилдейт. Мурун кыргыз канынын ордосу Миң-Суу өрөөнүндө болгон, 840-ж. кийин ал Танну-Ола тоосунун түштүгүнө, уйгур кагандыгынын борборунан 15 күндүк аралыктагы жерге көчүрүлгөн. Аны Батыш Моңголиядагы Улуу көлдөр айланасындагы кыргыз көрүстөндөрү ырастайт. Эне-Сайлык К. 9-кылымда саясий жактан күчөп турган мезгилде Түш. Сибирди жана Борбор Азияда көп райондорду каратып алышкан. Аны ошол жерлерден табылган археологиялык буюмдар аныктайт.
КЫРГЫЗДАР 3
К-дын өзүлөрүнө тиешелүү маданий, үрп-адат калдыктары эң алгач Хакассиянын Тюхтят өрөөнүнөн казылып алынган. Алардын өзгөчөлөнгөн белгилери төмөнкүдөй: өлгөн адамдардын сөөгүн өрттөп, анын калдыктарын бир жылдан кийин көрүстөнгө алып келип көмүшкөн. Көрүстөндөрдүн үстү боз үй формасында курулган. Кыргыздардын бул адаты кытай китептеринде да жазылып калган. Алардын көмүү адаттарынын мындай калдыктары Миң-Суу өрөөнүнөн алыс аймактардан да табылды. Бул археологиялык фактылардын жана китептердеги маалыматтардын негизинде 9—10-кылымда К-дын кайсы территорияга чейин барышкандыгын аныктоого болот. Эне-Сай К-ы түндүк тарапта Кызыл-Жарга чейин барышкан. Аларга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы Якутия-Байкал тарапты көздөй качып кетишкен.
Алардын артынан К-дын баргандыгын Төмөнкү Иволга жана Хойцегордогу археологиялык табылгалар айгинелейт. Тегин Хэуче башчылык кылган уйгурлардын экинчи бир бөлүгү Моңголиянын чыгышында жашаган кидандарга качып кетишкен. Алардын артынан К-дын кууп барышын археологиялык табылгалар далилдейт. Чыгыш Моңголиянын Суджи аттуу жеринен кыргыз акимине (мүмкүн аскер башчысына) арналган эстелик биздин заманга чейин келип жетти. Анда мындай жазуу бар: «Уйгур жерине Йаглакар кан ата келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсүмүн. Атак-даңкым (кабарым) күн чыгышка, батышка тийди (жетти). Бай (бар) элем. Асылым (короом) он, жылкым сансыз эле. Иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Уулумду үйлөндүрдүм. Кызымды калыңсыз бердим. Фкутуучума жүз эр, турак (жай) бердим. Жээнимди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. Уулум эр жеткенде окутуучуңдай бол. Канга кызмат кыл, кайраттан».
КЫРГЫЗДАР 4
Орду-Балыкты К. алгандан кийин уйгурлардын ири бөлүгү түштүккө, Кытай чек арасына карай качып кетишкен. Алардын башында кан болуп шайланган принц Уцзе тегин турган. Ушул мезгилде кытай императору Уцзе кандын тобун К-дын күчү менен жок кылууга көп аракет кылган. Тарыхый маалыматтарга караганда 843-ж. кыргыз кошундары Эдзин-Гол өрөөнүндө жайгашкан уйгурларга ийгиликтүү чабуул жасашкан. Уцзе, андан кийин Энянь башчылык кылган уйгурлардын тобу Чоң Хинганга жана анын түштүк-батыш тарабындагы аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Кыргыз каны аларга каршы 848-ж. жортуул уюштурган. Биринчи министр Або башчылык кылган 70 миң кыргыз жоокерлери Гоби чөлү аркылуу өтүп, шивейлерди жеңип, уйгурларды туткундап кайтып келишкен. Моңголиянын Чыгыш-Гови аймагындагы Барун бигичт жергесинде аскага чегерилген атчан жоокердин сүрөтү табылган. Анын чегерүү ыкмасы, аттын жабдыктары Эне-Сай К-нын эстеликтерине өтө окшош экен. Б. В. Вольков Гобидеги бул сүрөттү К-дын уйгурлар менен күрөшүнө байланыштырат. Балким Барун бичигтеги аскага чегерилген атчан жоокер Або башчылык кылган кыргыз кошуну Гоби чөлүнөн өтүп бара жатканда тартылгандыр.
9—10к-да Эне-Сай К-ры түндүк-батышта Новосибирск, Томскиге чейин барышкан. Аны Кемеров жана Новосибирск областтарындагы К-дын тюхтях сыяктуу көрүстөндөрү айгинелейт. Томскинин жанында жана Жогорку Обдо өлгөндөрдү жөн эле көмүлгөн жана алардын өрттөө адаттарынын калдыктары табылган. Ал эми Новосибирскинин айрым райондорунан «кыргыз вазалары» казылып алынган. Эне-Сай К-ры 9—10к-да саясий жактан күчөп турган мезгилде Тоолуу Алтай аймагына да кирип барышкан. Ага Усть-Кан районунундагы Мөндүр-Соккон кыштагындагы Тарпак аттуу даңктуу кыргызга арналган руникалык жазуу далил боло алат. Ушул эле мезгилде Эне-Сай К-ы батышта Иртыш дарыясына чейин барышкан. Археолог Ф. X. Арсланова бул суунун боюндагы Бобров кыштагынан өрттөлүп же жөн эле көмүлгөн көрүстөндөрдү жолуктурган. Мындан тышкары ал Чыгыш Казакстандын Шемонайхинск районунан 14 сөөгү өрттөлүп көмүлгөн көрүстөндөрдү изилдеген. Айрым мүрзөлөрдө өрттөлбөй ат менен кошо көмүлгөн калдыктар да табылган. Ал эми кээ бир көрүстөндөрдүн ичинен өрттөлгөн жана аны менен бирге жөн эле көмүлгөн адамдардын калдыктары да кездешкен. Окумуштуулардын пикири боюнча мындай адаттар көчүп келген К. менен жергиликтүү кимактардын же башка уруулардын арала шып кетишинен пайда болгон.
КЫРГЫЗДАР 5
Чыгыш авторлорунун маалыматтары боюнча Эне-Сай К-ы 840-жылдары канзада Пан-Тегин башчылык кылган уйгурлардын артынан Тянь-Шань жана Жети-Сууга чейин келишкен. 843-ж. алардын Кытай императоруна барган элчиси Табу Хэцзу мындай кабарды айткан: «Кыргыздар Аньси (азыркы Куча), Бэйтин (Бешбалык, урандысы Үрүмчү шаарынын жанында), дада (татар) жана беш аймакты (урууну) баш ийдирип алышты». Бул кабар кытай тилиндеги дагы бир эмгекте кайталанат. 843-ж. кыргыз ажосунун (башкаруучусунун) ордосуна барып келген кытай элчиси Чжао Фан да К-дын Куча менен Бешбалыкка чабуул коюп жаткандыгын кабарлаган. Перс тилинде белгисиз автор (10-к.) жазган «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу китепте төмөнкүдөй мазмундагы маалымат жазылган: «Пенчул (азыркы Үч-Турфан) карлук өлкөсүндө жайгашкан, аны мурун тогуздар ээлеп турушкан, азыр кыргыздар басып алышты». Ушул эле эмгекте К-дын Жети-Суу, Чыгыш Тянь-Шандын аймагында жашап тургандыгы баяндалган. Анда карлук, ягма, тухси, чигил жана уйгурларды жогоруда аталган региондорго жана Орто Азиянын территориясында жайгаштырылган. Ал эми К. болсо алардын коңшусу катарында көп жерде эскерилет. Маселен, К. карлук менен чигилдердин түндүгүндө, тухсилердин чыгышында жайгаштырылган. Карлуктар Чу-Талас өрөөнүндө, тухси, чигилдер Ысык-Көлдүн айланасында жашашкандыгын билебиз. Демек, «Дүйнөнүн чек арасынын» автору К-ды Жети-Суу жана Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна жайгаштырат.
Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Тянь-Шань, Жети-Суу аймагына келгендигин археологиялык табылгалар да далилдейт. 1961-ж. Иле өрөөнүндөгү Текели шаарынын жанынан 76 темир жана коло буюмдары табылган. Алар 8—10к-да жасалыптыр. Бул буюмдар Чыгыш Казакстандагы кыргыз көрүстөндөрүнөн казылып алынган табылгалар менен өтө окшош экен. А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюндагы көрүстөнү менен Эне-Сай өрөөнүндөгү 8—9-кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдүн көмүү адаттары окшош экендигин аныктады. Талас өрөөнүнөн табылган 9—10-кылымдарга тиешелүү таштардагы «отуз огдан» рун жазуусунун Эне-Сай К-нын Тянь-Шань тоолоруна көчүп келиши менен түздөн-түз байланышы бар. 9-кылымда Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Орто Азия, Чыгыш Тянь-Шанга көчүп келишип жашап калышкандыгын араб, перс, кытай тилинде жазылган китептердеги маалыматтар да далилдейт.
КЫРГЫЗДАР 6
981—983-ж. кытай элчиси Ван Яньдэ уйгурлардын Турфан княздыгына барган. Ал ишине байланыштуу батышта Бешбалык шаарына чейин саякат жасап, көргөн, уккандары жөнүндө жазып калтырган. Анда К. ягма, чигил жана башка уруулар менен бирге Турфан мамлекетчесинин аймагында жашагандыгы баяндалган. Мүмкүн К. Ван Яньдэнин убагында Бешбалык калаасынын айланасында көчүп жүрүшкөн чыгар. Алардын 843-ж. ушул шаарды каратып алгандыгын эстен чыгарбоо керек. К-дын Бешбалыктын батыш тарабындагы көчүп жүргөндүгүн ошондой кылымдардагы башка авторлор да маалымдайт. Ал жөнүндө төмөндө сөз болот. 11 — 12-кылымдын аралыгында жашаган араб автору ал-Марвази да К-ды чыгыш Тянь-Шандын аймагына жайгаштырат. Анын маалыматы боюнча К. кимактардын түштүгүндө, ягма менен карлуктардын чыгышында, Куча жана Карашардын түндүк-чыгышында орун алышкан. Эгер бул кабарларды иликтесек К. 11-кылымда Чыгыш Тянь-Шандын Манас өрөөнүнүн ары-бери жагын мекендеп турганына шек кылууга болбойт. Маселен, ал-Марвазинин өзүнүн маалыматы боюнча карлуктар Алтай тоолорунан көчүп келип Или, Чүй жана Талас өрөөндөрүнө отурукташып калышкан. Мындан алардын чыгыш кошунасы К. экендиги айгинелеп турат.
Окумуштуулардын пикири боюнча кимак уруулары 10-кылымда Иртыш дарыясынын Жуңгар тоолоруна чейин көчүп жүрүшкөн. Демек, ал-Марвази жазгандай К. алардын түштүк кошунасы болушкан. Жогоруда Эне-Сай К-ы өлгөндөрдү өрттөп көмгөндүгү жөнүндө археологиялык фактыларды келтирдик. Ал-Марвази бул алардын мурунку салты болгон, ал эми К. мусулмандардын кошунасы болгондон баштап өлгөндөрдү көмүү салтына өттү деп жазган. Чындыгында эле ислам караханийлер кагандыгынын мамлекеттик дини болуп, 11-кылымда чыгыш тарапта Черчен, Куча, Ала-Көлгө чейин тараган. Демек, ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шанда жашаган К. мусулмандардын кошунасы болгондуктан алардын таасири астында өлгөндөрүн көмүү салтына өтүшкөн. Перс автору Джувейнинин маалыматы боюнча кара кытайлардын гурханы Елюй Даши 1120-ж. чыгыштан Орто Азия тарапты карай келе жатып К-га жолуккан, алар катуу каршылык көрсөткөндүктөн Эмиль өрөөнүнө келип токтогон.
КЫРГЫЗДАР 7
Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин гурхан Баласагунду, Кашкарды жана Хотанды каратып К-га каршы жоокерлерин жиберип, аларды жана Бешбалыкты жеңип алган. Бул маалымат К-дын 12-кылымда Бешбалык шаарынын жанында көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт. Моңгол каны Үгедейдин небереси Хаиду 13-кылымдын 2-жарымында Азия, Жети-Суу жана Чыгыш Түркстандын аймагында өз алдынча мамлекет түзгөн. Ал өлгөндөн кийин анын мурасчыларынын жана чагатаид канзаадаларынын ортосунда бийлик үчүн күрөш жүргөн. Мунун натыйжасында өлкөнүн экономикалык абалы начарлаган.
16-кылымдагы автор Махмуд ибн Вали бул жөнүндө мындай деп жазган: 1307—08-ж. Хайдунун мурасчысы Чапардын элчилери чагатаид Кенжеке келип, ич ара жаңжалдан пайдаланып кыргыз жана кытайлар талоончулук жолуна түшкөндүгүн айтышкан. Бул кабар 13—14-кылымда Хайду мамлекетинин аймагында К. жашап тургандыгын айгинелейт. Ошондой азиялык автор Абдар-Раззак Самаркандинин эмгегинде Тимурдун небереси Искендердин 14—15-кылымдын аралыгында Могулистанга жасаган жортуулу жөнүндө баяндалган. Андагы маалыматтар боюнча Искендер Или өрөөнүндөгү Алмалыктан жана Хотандан ондогон сулуу айымдарды, К-дан жана Бешбалыктан сүйкүмдүү кыздарды чоң атасына тартууга жиберген. Бул тарыхый факт К-дын 14—15-кылымда Бешбалык шаарына чектеш көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт. 1450-жылдардын аяк чендеринде Ак ордонун каны Барактын балдары Жаныбек жана Гирей башчылык кылган казактар Абу-алХайрдан качып Моголстанга көчүп келишкен. Ошол убактагы Моголстандын каны Эсен-Бука аларды Талас, Чүй жана Или өрөөндөрүнө орноштурган Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча бир аз убакыттан кийин эле Жаныбек, Гирейдин адамдары кыргыз, калмак урууларын талап-тоноого киришкен. Талоонго учурагандардын бири калмактар Иртыш-Или аралыгында жана Жуңгарияда көчүп жүргөндүгү белгилүү. Ал эми К. болсо Алмалык менен Бешбалык шаарынын ортосундагы райондордо жашап турушу ыктымал.
КЫРГЫЗДАР 8
Махмуд ибн Валинин эмгегинде 1468-ж. Абу-ал-Хайрдын калмак, К-га каршы жасаган жортуулу жөнүндө маалымат бар. Ал армиясы менен Талас, Чүй өрөөнү аркылуу өтүп, азыркы Алматы шаарынан алыс эмес жерде ооруп каза болгон. Абу-ал-Хайрдын жүргөн бул жүрүшү калмак, К-дын биз жогоруда атаган аймактарда көчүп жүрүшкөндүгүн дагы бир жолу айгинелейт. 1541—47-жылдарда жазылган Мухаммед Хайдердин эмгегинде К-дын азыркы отурукташкан жерлерде жашап тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар бар. Демек чыгыш авторлорунун маалыматтары жана археологиялык табылгалар Эне-Сай К-ы 9-кылымда саясий жактан күчөп турган доордо чыгышта Чоң-Хинганга, түштүктө Эдзин-Гол өрөөнүнө чейин барышкандыгын далилдейт. Алар батышта Иртыш дарыясына чейинки жерлерди каратып алышкан. Кытай китептериндеги фактылар Эне-Сай К-нын эң алгачкы бөлүгү Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна 840-ж. келгендигин айгинелейт. Алардын 9—10-кылымда ушул региондо жана Жети-Сууда ири этникалык топ болуп жашап калышкандыгын айрым археологиялык материалдар, Ван-Яньдэнин жана «Дүйнөнүн чек арасы» китебиндеги маалыматтар далил боло алат. Ал эми ал-Марвази, Джувейни, Абдхар-Раззак Самарканди жана Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча К.
11 — 15-кылымда ошол аталган аймактарда көчүп жүрүшкөн. Алардын негизги массасы Бешбалык менен Алмалыктын ортосунда жайгашкан. Мухаммед Хайдердин маалыматы боюнча чыгыш Тянь-Шандык К. 15—16-кылымда бара-бара Борбор Тянь-Шанды жана Батыш Кашгарияны ээлеп алышкан. 9—10-кылымдан кийин Эне-Сай К-ынын Тянь-Шань тоолоруна келиши жөнүндө эч кабар жок. Бирок алардын айрым бөлүктөрү кара кытай, моңгол жана калмактардын батышка карай жортуулдары менен бирге Тянь-Шандык К-га келип кошулушу ыктымал. Акырында айтарыбыз мурунку мезгилдерде ар кандай себептер менен Алтайга, Моңголияга, Тянь-Шань тоолоруна, Волга боюна, Кытайдын Фуюй уездине көчүп барышкан К-дын түпкү теги Эне-Сай өрөөнүн мекендеген.
Ө. Караев
КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ
— жумуряттын элге билим берүү министрлигинин алдындагы илимий мекеме. 1951-ж. негизделген. Педагогика жана психология, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, орус жана чет тилдерин окутуу, башталгыч класстар жана мектепке чейинки тарбия берүү, тил эмес предметтерди окутуу усулу бөлүмдөрү, китепканасы, аспирантурасы бар. Кырктан ашык оригиналдуу окуу китептери жана окуу куралдары даярдалган, жыл сайын 60 басма табак көлөмдүн айланасында усулдук китептер институттун грифи менен басылып чыгып, мектептерге жиберилет. Предметтер, факультативдик окуулар, предметти тереңдетип үйрөтүү боюнча 100дөн ашык программа түзүлгөн. Институтта улуттук мектептерде бардык предметтерди окутуунун жеке усулдары менен кыргыз салтына, үрп-адатына байланыштуу этнопедагогикалык теориялар изилденет.
«Русский язык и литература в киргизской школе» (1958) илимий-методикалык журналы эки айда бир жолу чыгат. Аталган журналда «Манас» эпосуна байланыштуу бир нече макалалар жарыяланган. Кыргыз тили жана адабияты секторунда ар кайсы мезгилде эмгектенишкен окумуштуулар (Б. Алымов, Т. Саманчин, В. Шнейдман, Н. Кангелдиев, С. Байгазиев, С. Рысбаев) «Манас» эпосун окутуу боюнча илимий-методикалык изилдөөлөр жүргүзүшкөн. Т. Ормонов жана Д. Саалиева эпостогу тарбиялык идеялар жана бул чыгарманы окутуу боюнча диссертация жазган. Институт уюштурган илимий конференцияларда, педагогикалык окууларда жалпы билим берүүчү мектептерде эпостун проблемасына арналган ондогон докладдар окулган.
А. Муратов, Б. Кыдырбаева
КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ
— алты томдон турган улуттук универсал энциклопедия (Фр., 1976—80). Мындан тышкары «Кыргыз ССРи» жана «Киргизская ССР» деген атайын томдор, «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын көрсөткүчү» сыяктуу 6 томдуктун уландысы да кошо жарык көргөн. Ар бири үч колонка менен басылып, 608—670 беттен турат. Энциклопедиянын томдору 619—684 сүрөт, 12—23 карта, 33—38 баттама же 396—557 түстүү сүрөт, 20—25 түстүү карталар менен кооздолгон. Тиражы 25 000. КСЭни жазууга эл чарба адистери, илимпоздор, жазуучулар, искусство кызматкерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер жана башкалар (450—650 автор) катышкан. Бул улуттук -универсал энциклопедияда илимдин бардык тармактарынан кыскача так кабар берилип эле тим болбостон, кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, маданиятынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк берген макалалар да бар, анын ичинде элибиздин сыймыгы, маданий байлыгы болгон «Манас» эпосуна, анын бөлүмдөрү «Семетей» менен «Сейтекке» да кеңири орун берилип, ар бир бөлүм жөнүндө өзүнчө макала жазылган. «Манас» эпосу менен «Манас» операсына атайын кара-ак баттама берилген.
Ошондой эле манастаануу боюнча маалыматтар да бар. Белгилүү манасчылар: Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу, Мамбет Чокмор уулу, Дуңкана Кочуке уулу, эпосту жыйнаган жана изилдеген окумуштуулар: С. М. Абрамзон, М. Ауэзов, Ы. Абдыракманов, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Ч. Валиханов, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, X. Карасаев, А. X. Маргулан, К. Мифтаков, Е. Поливанов, В. В. Радлов, К. Рахматуллин, Т. Сыдыкбеков, Б. Юнусалиев жана башкалар жөнүндө таржымал макалалар берилген. КСЭде, ошондой эле «Манас» эпосуна байланыштуу театр чыгармалары жөнүндө маалыматтар да келтирилген. «Айчүрөк» жана «Манас» операсы, алардагы негизги ролдорду аткарган СССРдин, Кыргыз ССРинин эл артисттерине, эпостун жарык көргөн китептерин көркөмдөгөн же эпостун темасы боюнча иштеген сүрөткерлерге, чыгарма боюнча тартылган сүрөттөргө (Б. Жумабаев, Т. Т. Герцендин сүрөттөрүнө) да орчундуу орун берген. «Манас» эпосуна байланыштуу тартылган даректүү фильмдер («Манасчы» жана башкалар) жөнүндө, ал фильмдердин режиссёр, операторлору жөнүндө маалыматтарды да КСЭнин томдорунан табууга болот.
Ж. Сагынов
«КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА»
— библиографиялык көрсөткүч китеп, автору библиограф Ж. Айсаракунова. «Кыргызстан» басмасынан 1983-ж. чыгарылган (184 б.). Ага «Манас» эпосунун жарык көргөн китептери, ал жөнүндөгү адабияттар киргизилип, көрсөткүчтүн 10—13-беттеринен орун алган. «КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ЛЕКСИКАЛАРЫ» [жооптуу редактор Ошпур Мамбет (Артыш), Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 1986, 340 б. араб арибинде] — кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагынын биринчи бөлүгү болуп саналат. Мындагы тарыхый окуялар кыргыздар жана алардын эзелки ата-бабалары жашаган Орто Азия, Борбор Азия жана Түштүк Сибирдеги алгачкы жамааттык коомдон тартып, Чыгыш Түркстандын жаңы доорунун орчундуу мезгили — 1911-жылга (цин-манжур сулалеси кулаган кез) чейинки доорду өзүнө камтыйт. Лекциялар жыйнагы он баптан (тароодон) турат. Эмгектин экинчи тароосунда кыргыздар тууралуу тарыхый санжыраларды жана уламыштарды өзгөчө бөлүп карайт.
А. Байтур «Манас» менен «Семетейдин» бириктирилип 1958-ж. Фрунзеде жарыяланган китептерине шилтеме берет (33, 41—43-б.). Тарыхчылардын ичинен алгачкылардан болуп Жусуп Мамайдын нускасын булак катары пайдаланат (186— 188-б.). Кыргыздар менен кытайлардын жана кара кытайлардын тарыхый байланыштарын чагылдырууда эпосту пайдаланып (алтынчы тароодо), А. Байтур Алмамбет баатырдын Манаска жолукканга чейинки ысымы Сушуйа экенин (Жусуп Мамайдын айтуусунда) белгилеп, бул каармандын прототиби катары (1124жылдан тартып Түндүк Кытайдан батышка кач кан кидандардын (кара кытайлардын) канзаадасы Элли Тайши (орусча — Елюй Даши) каралуусу мүмкүндүгү тууралуу божомол кылат. Алмамбет дал ушу Элли Тайшинин өзү болбосо да анын доорун чагылдырган эпостук каармандын образы экенин (188-б.) белгилейт. «Манас» эпосунун маалыматтары этнографиялык жагдайда өз орду менен пайдаланылган. Мисалы, кыргыздардын ошондой кылымдардагы кол өнөрчүлүгүнүн үлгүсү катары Манастын жоокердик курал-жарактары эскерилет.
Т. Чороев
КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ЖАНА МАНАС 1
Совет дооруна чейин кыргыз элинин маданий турмушунда улуттук профессионал театр болгон эмес. Бирок эл өзүнүн көп кылымдык тарыхында театр элементтерине бай кайталангыс искусствосун жаратып келген. Театр элементтери элдик үрп-адаттарда сакталган. Чоң жыйындарда, аш-тойлордо миңдеген адамдар чогулушкан. Аткаруучу белгилүү бир темада даярдыгы болбосо да алып баруучулук милдетин жана негизги аткаруучулук ролду да аткарган. Төкмө акындар, куудул-чечендер, элдик ырларды аткаруучулар, эпос айтуучулар чыгармаларды элестүү жаңдоо, ымдоонун коштоосунда аткарышкан. Мисалы, манасчылардын аткаруучулугу жалгыз актёрдун театрын элестетет. Айтуучу эпостун мазмунун берүүдө ар бир каармандын образына жараша түрүн өзгөртүп турган. «Манас» үчилтиги боюнча 30-жылдардан баштап драма, опера либреттолорун жазып театр сахнасына алып чыгууга аракеттенишкен. Алардын алгачкысы — «Айчүрөк» (1938) операсы.
Операнын негизин Айчүрөктүн Семетейге болгон сүйүүсү, кыргыз элинин чет элдик баскынчыларга каршы патриоттук күрөш темасы түзөт. Либреттосун К. Маликов, Ж. Бөкөмбаев, Ж. Турусбеков жазышкан. Музыкасы Б. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики. Эпикалык лирикалык опера адегенде (1939) кыргыз музыкалык драма театрында коюлган. Ушул эле жылы Москвада өткөрүлгөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында да коюлат. Башкы ролдорду биринчи аткаргандар: Айчүрөк —С. Кийизбаева, Семетей — Ж. Садыков, Чынкожо — А. Боталиев, Күлчоро — А. Малдыбаев, Чачыкей — А. Махмутова, Калыйман — А. Куттубаева. Кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «Айчүрөк» операсы 1986-ж. кайра редакцияланып Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлат.
Дирижёр коюучусу К. Молдобасанов, режиссёру К. Арзиев, У. Сарбагышов. Башкы партияларда: Семетей — Э. Касымов, Б. Миңжылкыев, А. Мырзабаев; Айчүрөк — Э. Молдокулова, К. Сартбаева; Акун кан — А. Муртазин, А. Мүсүралиева; Бакай — А. Абдукаимов, В. Муковников; Чынкожо — X. Мухтаров. Опера жаралган күнүнөн бери үзгүлтүксүз коюлуп, 1989-ж. операнын 50 жылдык юбилейинде 650-жолу коюлгандыгы белгиленген. «Манас» эпосуна арналган экинчи баатырдык-патриоттук опера «Манас» операсы Кыргыз мамл. опера жана балет театрында (1946) коюлган. Либреттосу К. Маликов менен Токомбаевдики, режиссёрлору А. Куттубаев, В. Васильев, сүрөтчүсү Я. Штоффер, музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, А. Ференики. Операнын негизин «Манас» эпосунун Көкөтөйдүн ашына байланышкан окуялар түзгөн.
КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ЖАНА МАНАС 2
Операнын 2-редакциясы (1966) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Режиссёрлору Р. Захаров, А. Куттубаев. Дирижёр К. Молдобасанов, сүрөтчү А. Арефьев, балетмейстер К. Мадемилова, хормейстерлер С. Юсупов, К. Алиев. Башкы партияларда Манас — К. Чодронов, Каныкей — С. Кийизбаева, Канайым — К. Сартбаева, Коңурбай — X. Мухтаров. Операнын бул вариантында Манастын образы демократташтырылып, элдик баатырларга айланат да, патриоттук кыймылда көпчүлүктүн ролу көтөрүлөт.
1945-ж. Өзгөн театры К. Маликовдун «Сейтегин», 1946-ж. Т. Сыдыкбеков менен Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбетин» коёт. Режиссёру К. Төлөбаев. 1982-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейди» даярдайт. Режиссёрлору Ж. Абдыкадыров, Б. Ибраев; музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Сыдыкбаев. Башкы ролдордо: Каныкей — Ж. Сейдакматова, М. Далбаева, Семетей—М. Токтобаев, Бакай — А. Жаманов, Жакып кан — С. Далбаев, Сарытаз — К. Досумбаев, Чыйырды — Д. Күйүкова. Бул спектаклди мыкты аткарып элге жеткиргендиги үчүн (1987) Ж. Садыков, Ж. Абдыкадыров, Д. Күйүкова, С. Жаманов, С. Далбаев, Ж. Сейдакматова, К. Досумбаев Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан. «Манас» эпосуна кайрадан кайрылып Ж. Садыков «Сейтек» драмасын жазат. Анын режиссёру Б. Ибраев, музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Исхаков. Башкы ролдордо: Сейтек — Э. Бекболиев, Ч. Думанаев, Айчүрөк — Т. Абдуразаева, Каныкей — Ж. Сейдакматова, Бакай — С. Жаманов, Чачыкей — М. Далбаева, Күлчоро — И. Эшимбеков, Кыяс — К. Досумбаев.
«Манас» үчилтигин драма үчилтигине жеткирүү үчүн Ж. Садыков «Айкөл Манас» драмасын жазат. Аны режиссёр Б. Ибраев даярдап Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына 1990-ж. алып чыгат. Сүрөтчүсү М. Исхаков, М. Сыдыкбаев, композитору К. Молдобасанов. Негизги ролдорун: К. Досумбаев — Манас, А. Осмонов — Кошой, С. Жумадылов — Бакай, К. Дулатова — Чыйырды, М. Далбаева — Каныкей, И. Эшимбеков — Алмамбет, Ч. Думанаев — Чубак, Э. Бекболиев Сыргак, Т. Бердалиев — Коңурбай, М. Асанбаев — Нескара, А. Жолдошев — Жолой. Кыргыз эли үчүн «Манас» үчилтиги түгөнгүс жомок, ошондой эле кыргыз театры үчүн да бул эпос түгөнгүс булак. Кыргыз искусствосунун чеберлери бул түгөнгүс булакка дагы да далай кайрылышат.
Ж. Молдобаев
«КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНУН ТАРЫХЫНАН»
— Э. Абдылдаевдин «Манас» эпосунун маселелерине арналган макалалар жыйнагы (Фр„ 1983). Жыйнакта: «Элибиздин поэтикалык чыгармачылыгын тарыхый принципте изилдейли», — деген макалада элдик оозеки чыгармачылыкты тарыхый принциптин негизинде изилдөөнүн методологиялык куралы катарында колдонуу, фольклор жөнүндөгү советтик илимдин улам жетишкен тажрыйбаларын, эффективдүү илимий методдорун чыгармачылык менен пайдалануу жана ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн тарыхын терең үйрөнүү сыяктуу принциптүү маселелер каралат. «Залкар эпик ырчы» аттуу макалада Саякбай Каралаевдин варианты нын өзгөчөлүгү, анын дастандары (Эр Төштүк, Делдеш баатыр, Талгар мерген жана башкалар), чыгармалары [Унутулгус күндөр (1967), Эстен кетпейт (1957)] тууралуу кеңири сөз болот. А. Маргуландын «Шокан жана Манас» деген монографиясына (Алматы, 1973) илимий мүнөздө баа берген макаласы да автордун бул китебинен орун алган. «Манастын образынын тарыхы тууралуу» макаласында «Мажму ат-таварих» кол жазмасындагы Манас баатыр жөнүндөгү маалыматтарга жана эпостун колдо болгон материалдарындагы фактыларга таянып, «Манас» деген ысымдын чыгышы тууралуу ой жүгүртөт. «Алмамбеттин образынын тарыхы тууралуу изилдөө» макаласында Р. Сарыпбековдун «Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» (Фр., 1977) аттуу монографиясы жөнүндө сөз болот. «Көкөтөйдүн ашынын тарыхы» аттуу макалада автор эпостун сюжеттик системасындагы «Көкөтөйдүн ашы» аттуу эпикалык окуянын пайда болушу жөнүндө иликтөө жүргүзөт. ««Манас» эпосундагы, Бээжин деген топоним жөнүндө» деген макаласында бул топонимдин эпоско кирүүсүнүн тарыхый негиздерине токтолот да өз оюн бир катар ишенимдүү фактыларга таянып бекемдейт.
М. Мукасов
КЫРГЫЛЧАЛ
Кыргыл, Айнакул — кырк чоронун башчысы, эпостун бардык варианттарында айтылган туруктуу каарман. Сагымбай Орозбаков вариантында өз аты Айнакул, К. ылакап аты делет. Эпосто К. баатырлыгы, эрдиги менен катар куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт:
Кырктын башы Кыргылчал,
Кыркында көпкөн жинди чал.
Келген чоро улугу,
Кеби тентек, чорт кыял
Кырк чоронун бузугу
Бузукчулук ойлогон
Буттайын бузуп ийсе да
Буудан Манас кабылан
Бузду экен деп койбогон (Саякбай Каралаев, 1. 195).
Эпосто К-дын бузукулук иштери бир топ эпизоддордо айтылып, кээде каармандар арасында карама-каршылыктарды, пикир келишпестиктерди туудурат. Варианттардын баарында кезигүүчү Чубактын Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарышына К-дын бир кытайга тең болбой оорукта калдың деген бузуку кеби себепчи болот. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин вариантындагы Чубактын тарынып кетиши, Коңурбайдын Таласка жасаган чабуулу да К-дын Чубак менен Каныкейдин көңүлү жакын деп Манаска жамандагандыгынын натыйжасы. Радлов жазып алган вариантта К-дын бузукулугу атасына кызмат кылып согушуп жүрүп чарчадык, эми баласы алдына салып айдап жүрүп өлтүрөт деп куйтуланып азгырганы кырк чоронун качышына, Семетейдин колунан өлүшүнө алып келет. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас өлгөндө кырк чоронун Абыке, Көбөш тарапка өтүп кетишинде да К. негизги ролду ойнойт. К-дын терс сапаттары жөнүндө Букардан Таласка келгендеги сөзүндө Каныкей мындай дейт:
Кырк чоронун кыйшыгы
Кыргыл чал какшаал өлдүбү?
Кыргыл чал чочко өлбөсө,
Кыямат жүзүн көрбөсө
Кең Талас бизге жер болбойт,
Алты агаң бизге эл болбойт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 309—310).
К-ды кырк чоро менен кошо Семетей өлтүрөт.
С. Төлөгөнова
КЫРК 1
— эпосто көбүнчө сыйкырдуу мааниде кездешүүчү эпикалык сан. Мунун пайда болушу байыркы мезгилдерде адамдардын табият жана коом кубулуштарына, кереметтүү, укмуштуу көрүнүштөргө түшүнүү аракеттеринде сырын чече албаган нерселерди таасирдүү дух, касиеттүү күч катары кабылдоолордун үрп-адатка айланышы менен байланышкан. «Манаста» сөз сыйкыры (магиясы) сыяктуу эле сан сыйкыры кеңири тараган (мисалы, үч, жети, тогуз жана башкалар). Бирок, мында «кырк» деген сандын өзгөчө учурлары бар.
Барыдан да анын кыргыздардын этногенезисинин («кыргыз») чечмелениши менен чиеленип турушу өтө кызыктуу. Ал эми жалпы алганда ар түрдүү жагдайларда колдонулган «кырк» саны эпосто кыргыз элинин байыркы мезгилдердеги тарыхынан бери карай турмуш-салтынан, дүйнө түшүнүмдөрүнөн ачык кабар берет.
Эпостун окуясы кырк үйлүү кыргыздын Алтайга айдалып барышы менен башталат. Алардын турмуштары оңолот. Байлыгы ташыган Жакып баласынын жоктугуна арман кылат. Бир күнү түш көрүп, аны байбичесине айтат. Байбичесинин түштү жорутуп, кырк бээ союп, бата алалы дегенине Жакыптын ачуусу келет. Манас төрөлгөндө талаада жүргөн Жакыпка «сүйүнчүгө кырк киши кетти чапкылап» Акбалтанын аялы Сулайка күйөөсүн үгүттөп мындай дейт:
Кызыр чалган бай Жакып,
Кырк кара боз байлаган,
Кырк жылкыдан бирди албай,
Сенин кандай шоруң кайнаган
(Сагымбай Орозбаков, 1. 62).
КЫРК 2
Албетте, жогоруда айтылган «кырк» деген эпикалык сандын колдонулушу эч качан кокус жеринен болгон эмес. Казак окумуштуусу А. Маргулан: «Кырк — элге салт болгон касиеттүү сан — күчтүүлүктүн, биримдиктин белгиси. «Кырк уруу эл», кийинчерээк феодалдык коомдогу «кырк нөкөр», «кырк дос», «кырк чоро», «кырк вазир» деген туюнтмалар адегенде уруу башчыларынын чыгаан бир адамдын тегерегине топтолуп, биригишин билдирет», — дейт (К. Мухаметканов. Феникс — «Манас» жана Мухтар Ауэзов. «Ала-Тоо», 1988, № 8, 103-б.). Манастын бүткүл «таржымалы» бул айтылганды толук ырастайт. Манас бала кезинен ашкан тентек чыгып, Чоң Жинди аталып, аны катыксын, тартипке келсин деп Ошпур койчуга кошуп бергенде, ал анын тилин албай, өз билгенин жасайт.
Бир күнү Манас кабылан
Оолугуп токтобой
Кырк үйлүүдөн кырк бала
Кыйбатын жыйып алыптыр
Чоң Алтайдын талаага
Чогулуп оюн салыптыр
(Саякбай Каралаев, 1. 59).
Алар ошентип ойноп жатышса, кара калмак манжуудан 15 —16 жаштардагы 80 бала келип, улуу сымагы «кызыталак бурут, тентип келген бурут» деп кордоп, уруп-токмоктоп киришет. Мына ушунда Манас «кыргыздап» ураан чакырып, туур качырып кирип, кезиккенин жанчып, койгулаша кеткенин кокосун жулуп, жалпы эле калмакка бүлүк саларда атасы бай Жакып алдынан чыгып, арачалап калат. Күндөрдүн биринде Манас кырк баласы менен сайран куруп, койлорду каалагандай союп, этине эркин тоюп, Кең Алтайдын баткалда катуу уктап жатканда жылкычы алпы Канжаркол келип аларга бүлүк салат. Кырк баланын кыйсыпырын чыгарат. Мында да Манас калтаарып калбастан, өзүнүн эпчилдиги, мыктылыгы, эрдиги менен өзү келип тийген «балбанды союп жай кылат». Анан өзүнүн жолдошторуна карап мындай дейт:
Атаңдын көрү кырк бала,
Айтканым менен болуп бер,
Тегерете конуп бер,
Мага чоро болуп бер!
(Саякбай Каралаев, 1. 66).
КЫРК 3
Жогоруда келтирилген мисалдардан дегеле Манастын келечеги үчүн ушул кырк үйлүү кыргыз, кырк бала чоң демөөр, уютку, кубат болгондугу ачык байкалат. Мында барыдан да кырк баланын кырк чорого чоктолуп жатышы алдыдагы албан иштерден үмүткөр кылат. Чынында да, кийин Манаска өбөк, жөлөк болуп, асыресе анын аскердик ийгиликтерин, рухун, согуштук жеңиштерин камсыз кылууда алар (к. Кырк чоро) зор роль ойногондугу белгилүү.
Манас Чегебай деген бала менен козуларды кайтарып жүрсө, бир карышкыр келип, бир козуну баса калып, куйругун жулуп алат. Манастын кыжыры кайнап, «кулагынан алайын, өлбөгөн жерде калайын» деп карышкырга чуркап барса, ал козуну көтөрө качып, кырды ашып кетет. Козунун каны менен Манас артынан кууп:
Жетип барып караса,
Аттары бар канаттуу
Адамдан башка сапаттуу
Аргымак бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен,
Бир үңкүрдө кырк киши,
Бир өтөктө жык киши
(Сагымбай Орозбаков, 1. 113).
Баягы жартысын карышкыр аймап таштаган козу бүтүн, жанында байланып, маарап турат. Буга Манас абдан айран таң калат: Мунун жөн-жайын, сырын сурап келгенде:
Адамдар анда кеп айтат
Аңдап көр, балам, деп айтат.
— Бөрү болгон биз деди,
Бөлөкчө жансыз сиз деди,
Кызыр Ильяс деген бар,
Сизди кырк күндөн бери издеди,
Кырк чилтен деген биз деди,
Козуңа салган тиш деди
(Сагымбай Орозбаков, 1. 114).
КЫРК 4
Бул жерде К. санынын сыйкырдуулугу ачык байкалып турат. Мында кеп, албетте көчмөн элдин салтына, көзгө көрүнбөй кубулуп жүргөн, адамдардын асыресе баатырлардын жандоочусу, жолдоочусу болуп, болочок тагдырына чоң мааниге ээ болгон, кыйын кезеңге туш болгондо, кысталышта жардамга келип, колдоп, сүрөөнгө алып келген ыйык заттар Кыдыр, Кызыр, Кызыр Илияс (к. Кызыр Илияс) кырк чилтендин (к. Кырк чилтен) бөтөнчө жан катары, «Манасты самап, кастарлап, келечегине бир эске алынуучу нерсе: Мына ушулардын кылган иш-аракеттеринде кырк деген сандын аралашып, ажырагыс болуп жүргөндүгүндө. Бул асыресе Кыдыр Илиястын Манасты кырк күндөн бери издегенин, ага минтип кырк чилтендин өздөрү келип таап олтургандыктан ачык көрүнөт. Кыргыз элинде илгертен бери: «кырктын бири кыдыр, миңдин бири олуя» деген сөз жашап келген. Бул канчалык сан көп болсо, ынтымактуулукка ылайык, анын ичинен мыкты, жакшы нерсе артык болот деген практиканын натыйжасы экендиги белгилүү. Дегеле кырк дегендин күчтүүлүктү, дараметтүүлүктү, кубаттуулукту туюнтушу да ушуну менен байланышкан. Мисалы, Жакып баш болуп, кыргыздар Каныкейге кудалап барышканда, Каныкейдин атасы Атемир конокторду тосуп, сый-урмат көрсөтөт:
Кырка тиккен кырк үйү, Кызмат кылды кырк бийи, Кошо келген кырк нөкөр,
Кошулушун карап көр (Сагымбай Орозбаков, 2. 417). Мындан Атемирдин ашып ташкан дүнүйөсүн адептүү каада-салт гана эмес, анын дөөлөтүн да элестетүүгө болот.
Эпосто кырк чоро барыдан мурда Манас баатырдын сөөлөтүн, кадырын, бийлигин, баркын элестетет. К. деген сандын эпосто жөнөкөй эле мааниде колдонулган учурлары да өтө көп. Алсак, «Анжыяндын кырк эшен, кырк эшенге барды эми», «Кызыл ала кылсамбы, кырдан кырк теке аткан мергендей», «Кызматка кыркты тургузду», «Кырк чанач кымыз киргизди», «Кырк миң дилде алышар», «Кырк күн оюн, кырк түн тоюн өткөрүп» жана башкалар Бирок, булардын баары, кантсе да, кокустук көрүнүш эмес. К. деген сандын түпкү сыйкырдуу катары кабыл алынып, аң-сезимге кеңири орношу анын мына ушундай кеңири пайдалана беришине да шарт түзгөн.
О. Исмаилов
«КЫРГЫЗ ССР ТАРЫХЫ»
(Фр., 1-т. 1984)— эмгекте «Манас» эпосуна чакан бөлүм арналган (11-бап, § 3). Анда эпостун варианттарындагы биринчи манасчы деп эсептелинген Ырчыуул («Ырамандын баласы, Атпай журтка көрүндү,... Эртели-кечти бир жүрүп, Эрмек болсун бизге деп, Эр Манас айтып салганы», Сагымбай Орозбаков, 2. 93) жана Жайсаң ырчыдан тартып («Баатыр Жайсаң даңгыл бар», Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93) Саякбай Карала уулуна чейинки манасчыларга мүнөздөмө берилген. Андан кийин «Манас» эпосунун жаралышы жөнүндө окумуштуулардын пикирлери тизмеленген. Айрыкча эпостун мазмуну кыргыз элинин байыркы доордон тартып 18-кылымдарга чейинки башынан өткөргөн тарыхый окуяларды камтый тургандыгы, алардын төрт катмары тууралуу маалыматтар камтылган. Акырында «Манас» эпосунун жана ал жөнүндө 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварихтин» мазмунуна кыскача мүнөздөмө берилген.
КЫРК-ЖИГИТ-АРЫК
— Бакай-Ата районунун аймагындагы 10-кылымда курулган байыркы каналдын нугу. Каракоюн суусунан башталып, тоо боору менен Талас өрөөнүнө чыгат. Арыктын узундугу 10 км, туурасы 1,2 м, тереңдиги 1 м, жылмакай таштар менен кынапталып алебастар менен бекитилип оңдолгон. К.-Ж.-А. менен Кырк-Кыз-Арыктын тарыхы жөнүндө эл оозунда төмөнкүчө уламыштар айтылат: «Семетейдин жигиттери Үрмарал суусунун жээгине оюн-зоок курушат. Кезек күч сынашуу оюнга келет. Кыздар Бакай карыяга кайрылып калыс болуп берүүсүн суранышат. Акылман карыя Үрмарал суусунун сол тарабынан кыздар, оң тарабынан жигиттер арык казып, сууну өрөөнгө кайсыл тарап мурун чыгарса жеңиш ошолордуку болорун айтат.
Эки тарап күндөп-түндөп иштешет. Кыз-келиндер амалдуулук кылып, теңи иштеп, теңи кылактап жигиттерди азгырып, алаксытышат. Кыздар арык казууну бир жума мурун бүткөрүп жеңишке ээ болушат».
О. Береналиев
КЫРК ЧИЛТЕН
(иран - кыргыз сөзү) — мифологиялык түшүнүктө адамдын көзүнө көрүнбөгөн, укмуштуудай касиетке ээ болгон жакшылык кылуучу дух. «Кырк» деген эпикалык сан жеке кыргыз элинин фольклорунда эмес, Орто Азия менен Алдыңкы Азиянын элдеринин фольклорунда да салттык түрдө туруктуу айтылат. Бул сандын түпкү теги байыркы иран мифологиясындагы «чилтан» («чил» — кырк, «тан» — киши, — «кырк колдоочу», «кырк сыйкырдуу олуя») деген түшүнүк боюнча пайда болгон деп эсептөөгө болот. Иран мифологиясы боюнча чилтен сыйкырдуу күчкө ээ болуп жана көрүнбөй адамдардын арасында жүрүп сүйгөн кишисин колдойт имиш.
«Манастын» бардык варианттарында К. ч. жөнүндө айтылат. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөн кезинде бир козуну (карышкыр) көтөрө качып асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Манас да бөрүнүн артынан кошо кирип:
Жетип барып караса
Аттары бар канаттуу,
Адамдан башка санаттуу,
Аргымак, бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен
Бир үңкүрдө кырк киши
(Сагымбай Орозбаков, 1. 113) турганын көрөт.
Алар өздөрүн К. ч-биз деп тааныштырат. «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган К. ч. Манас баатырга дайыма колдоо көрсөтүп коргоп жүргөнү мындайча сүрөттөлөт:
Кайып эрен — кырк чилтен
Канкор эрдин жолдошу.
Кырк чилтендин бирөөбү
Ажыдаар болуп сойлошуп
Кабылан бири, бири шер
Кашында бар сексен төрт
Бири миңге тийген эр (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).
Бул жерде чилтендердин түпкү теги тотемдик түшүнүктөр менен байланыштуу экенин айта кетүү керек. Уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон тотемдик түшүнүктөр, башкача айтканда уруулардын тотеми көбүнчө жырткыч айбандардан болгон. Кыргыз элинде бул тотемдер (бөрү, жолборс, илбирс) небак унутулуп, эпикалык салттарда гана элдик баатырлардын колдоочусу катарында сакталып, алар да өзүнүн милдетин мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына (чилтен, кызыр, шайык, шаймерден жана башкалар) алмашыла баштаганын «Манас» эпосунун мотивдери далилдеп турат. Эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө К. ч., шаймердендердин колдоосу менен аман калат.
И. Молдобаев. С. Алиев
КЫРК ЧОРО
— Манастын баатырдык кошуну, нөкөрлөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу. Ар башка варианттарда ар башка санда, айрым учурларда алардын аталыштары да ажырымдуу болгону менен негизинен элге кенен тараган саны кырк. Көпчүлүк учурда алардын баары тегиз саналбай негизгилери гана аталат да окуянын жүрүшүнө ылайык алар көпчүлүк учурда эпикалык каармандардын негизин түзөт.
Кырк чоро айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Манас чоролору менен Каныкейге күйөөлөп барганда эки-үч жолу кайталанып толук саналат. Кырк чорого төмөнкү каармандар кирет: Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Кутунай, Каратоко, Мажик, Камбар уулу Чалик, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Каракожо, Бообек, Шаабек, Шүкүр, Алтай (албандардан), Төртай, Төлгөчү кара Төлөк, Токөтай, Калкаман, Элеман, Серек, Сыргак, Кошабыш, Эр Ыбыш, Алакен, Арстан Мажик, Чубак, Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Кербен, Дөрбөн, Бөгөл, Каратүлөө Кабыке, Жабыке, Бооке (Алоокенин уулу), Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту... Булардын ичинен жарымынан көбү туруктуу, дайыма аталган активдүү каармандар, ал эми акыркы он чактысы жалпы санга кирип аттары сейрек аталат да, айрымдары кээде башкача да атала берет.
К. Ботояров
КЫР-КАЙЫҢ
— топоним. Алмамбет атасынын Кан-Жайлак жайлоосун талашып, Коңурбайга кол салган жер.
Кыр-Кайыңдын оюнда Коңурбайга кол салдым, Белим кетип мекчейип, Кайран көзүм чекчейип, Найза менен калчаны Жетип муштап өткөнүм (Саякбай Каралаев, 2. 108). Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.
КЫРК-КЫЗ-АРЫК
— Талас өрөөнүнүн түштүк батыш тарабындагы тоо этектей курулган байыркы канал (10-к.). Каракоюн менен Үрмарал суулары кошулган жерден башталат. Ал жерден каналды бөгөгөн сыпайдын калдыгы табылган. Үрмарал суусунун сол жээгин бойлоп, Ленинполь кыштагына чейин созулат. Каналдын боюнан 10—12-кылымдагы Үрмарал 1 жана 2 деген эки шаардын чалдыбары табылган.
Эл оозунда К.-К.-А. менен Кырк-Жигит-Арык туурасында уламыштар айтылат.
КЫРК ЧИЛТЕН
Кырк чилтан — Баткен районундагы туш тарабын дайра, тоо курчап ат чабымдай аралды элестеткен Коргон айлына кире бериште орун алган коор жай (бейит) мазар. Ал жерде жалгыз түп гүлсовгар (дарак) гүлдөп турат. Эл ошол жерди Манастын кайыбынан берген кырк жигитинин бейит мазары деп касиеттүү көрүп, ыйык эсептешет.
Ал эми түпкү теги тотем (бөрү, жолборс, илбирс) менен байланышкан чилтендин жана башкалар образдары мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына айланганын «Манас» эпосунун айрым мотивдери аныктап турат. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон учурда көбүнчө чилтендердин колдоосу менен аман калат.
КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ
— Манастан калган кырк чоро Семетейди жашсынтып, ага баш бербей, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык, тынч жашайлык деген шылтоо менен кытай жакка качып жөнөшөт.
Семетейдин аларды токтотууга жасаган аракети текке кетет. Кайра ага каршы согуш ачышат. Ошондо Семетей аларды кырып аларга күмбөз салдырат. Элдик уламыш боюнча ал күмбөздөрдү Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булак, Төрткүл жана Семиз-Белдеги кыркаланган көп күмбөздөр менен байланыштырышат. Күмбөздөрдүн курулушу 16—19-кылымдын аралыгында бийик босоголуу болуп курулган. Бышырылбаган кыш менен кынаштырылып курулгандыктан урап бүтүп, алардын чала ураган орду гана калган. Мындай архитектуралык курулуш салты Орто Азия элдеринде кийинки убакка чейин колдонулган.
КЫРК ЧОРОНУН ОРДОСУ
— Кочкордун түндүк-батыш тарабындагы Кара-Тоонун үстүндөгү түздүк. Узун-туурасы бир гектардай болгон ачык жай, ордо ойногондой тегерек, ортосунда кан жайгашкандай кичинекей белгиси бар. Элдик уламыш боюнча кырк чоросу менен ордо ойноп жаткан Манас Шамшы айылы тараптан үрккөн жылкылардын алдын тороп Кара-Тоодон таш ыргыткан дешет. Ошол таштар ээн талаада, ар кайсы жерде (10дой) ар кандай көлөмдө (эң чоңунун туурасы —2, 5, узуну 3,5, бийиктиги 3 м) жатат. Мындан тышкары ошол ордо ойногон жайыктан ылдый «Манастын үңкүрү», анын жанында «Аккуланын жер чапчыган изи» жатат. Үңкүр топурак ташка толуп, орду эле калган.
КЫРМА КЫЗЫЛ ДАРЫ
(кызыл дары) — жаратка сүйкөгөн дарынын аты, к. Элдик медицина.
КЫРМУС ШАА
Кырмус — кейипкер. Дагалак шаарынын каны. Сагымбай Орозбаков вариантында Кошойдун окуясына байланыштуу айтылып, Нескара колго түшүрүп келген Билерикти зынданга салып, атасын коё берет. Жаангер кожо Кошойду издеп таап жардам сурайт. Кошой кол курап барып, К. ш-ны өлтүрүп, Билерикти бошотот.
Бул антропонимдин эпоско кириши иран мифологиясында башкы кудай Ахурамазда// Хормуста менен байланыштуу. «Кырмус» деген ысым Хормузда//Хормуста дегендин кыргыз тилинин закондоруна ылайык өзгөртүлгөн түрү. Терминдин экинчи бөлүгү болгон «шаа» сөзү перс тилиндеги «шах» (кан) сөзүнүн өзгөртүлүп айтылышы. Ирандыктарда башкы кудай болгон Ахурамазда//Хормуста эпоско кирип, анын өнүгүшүндө жөнөкөй эле эпостук кейипкер, кытай каны, баатырга айланып калган. Бул антропоним башка түрк-моңгол элдеринин фольклордук чыгармаларында, уламыш, мифтеринде Курбусту кан, Курбустан-Тенгере, Кан Курбусту Теңкерекей, Күрмөс жана башкалар ат менен кездешет. Байыркы түрк жазмаларында да El Kirmis sanun, Kirmis формасындагы адам аттары жолугат. Буга караганда Кырмус шаа<Хормузда (Хормуста) иран мифологиясынан түрк элдеринин мифологиясына байыркы мезгилдерде эле келген. Айрым окумуштуулар «Манастагы» К. ш. антропонимин дал ушул Хормузда (Хормуста) менен байланыштырып, эпоско иран мифологиясынан моңголдор аркылуу кирген деп жоромолдошот.
А. Воронов
КЫРЧЫН
— топоним. Алмамбеттин келгенин сүйүнчүлөп төрт жигит барганда «Самаркандын сыртында, Бээ байлап Бел-Саз, Кырчында» (Сагымбай Орозбаков, 2. 334) бай Жакып жаткан жер.
КЫРЫМ
— топоним. Эпосто ар кыл мааниде: бирде кыргызга кыйырлаш жаткан өлкө, мамлекет катары, бирде адам жеткис алыскы жер катары сүрөттөлөт. Хакас элинин эпосторунда да К. адам өтө алгыс ашуу, тоо катары кезигет. Географиялык реалияда Кара деңиз жана Азов деңизинин ортосунда жайгашкан жарым арал. Бул аймакта, Алтын ордо талкалангандан кийин өз алдынча феодалдык К. кандыгы түзүлгөн (1443—1783-ж.). Кыргыздар кезегинде бул мамлекет жөнүндө кабардар болушкан.
«КЫССА-И САЙКАЛ»
— «Манас» эпосунун бир бөлүгү. 1896-ж. Казан университетинин басмаканасында араб ариби менен терилип, кыргыз тилинде чыккан.
КЫТАЕВ Насыр
(1917, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1967). Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн (1941). К. «Манас» операсынан Кошойдун партиясын чеберчилик менен аткарган. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Манастын кырк чоросунун бири Тазбайматтын ролун ойногон. Драмада К. Тазбаймат бийликтин куралына айланган «камчы чабаардын», төрөлөрү каякка шилтесе ошол жакка кете бере турган акыл-сезими тайкы корсоңдогон мал жандуу адам. К. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
КЫТАЙ
— этноним. Эпостун бардык варианттарында кыргыздардын жана коңшу элдердин эң башкы душманы катарында баяндалат. 10—12-кылымда Борбор Азияда түзүлгөн кара кытайлар мамлекетинен кийин, орто азиялыктар бул территорияда жашаган бардык элди жалпысынан «кытайлар» деп атап келишкен. 18-кылымдын ортосунда Кытайдагы Манжурия (Цин) сулалеси Чыгыш Түркстанды басып алып, өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзө баштаганы белгилүү. Ушул мезгилден баштап жергиликтүү элдер (уйгур, казак, кыргыз, тажик жана башкалар) менен бирге коңшу элдер (өзбек, кыргыз, казак, ооган, тажик жана башка) да биргелешип манжу - кытай баскынчыларына каршы боштондук үчүн күрөш жүргүзүп келген.
Чыгыш Түркстандагы кылымдар бою жүргүзүлүп келген бул боштондук көтөрүлүштөр «Манас» эпосунун, тарыхый өнүгүшүнө түздөн-түз өбөлгө болуп, акыркы тарыхый катмар катарында эпикалык мыйзамга ылайык чагылды. Ошентип, 18-кылымдын экинчи жарымынан кийин эпоско мурунку эпикалык душмандар (кара кытай, солон, шибе, калмак жана башкалар) менен катар К. «манжу-кытай», «кытай» деген этнонимдер да параллель колдонула баштаган. «Манас» эпосунда К. деген этнографиялык термин үч мааниде колдонулат.
1) Кытай мамлекети,
2) Кытай өлкөсү,
3) Кытай эли.
Ошондой эле К. деген термин ар башка тилдерден өздөштүрүлгөн: бакбурчун, чынмачын, каканчын деген терминдер менен да синонимдик мааниде колдонулат. Эпикалык тексттерде көп учурда «Кытай өлкөсү», «Кытай эли» деген түшүнүктөрдө айтылат. Кытайдын борбор шаары Бейцзин (эпосто Бээжин) деген географиялык термин да «Кытай өлкөсү» деген жалпы мааниде синонимдик милдетти аткарат.
Э. Абдылдаев
КЫЯК
(моңголчо «хуяг») — жоокерлер согушта кийүүчү соот кийим, чарайна. Эпостун көпчүлүк варианттарында кеңири кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаков вариантында Манас менен кыз Сайкал беттешкен эпизоддо Сайкалдын кийимдери төмөндөгүдөй берилген:
Жоого кийчү жарагын,
Баарын кийди карагын.
Карыпчы менен кыягы,
Кыз да болсо капырай
Каармандай сыягы! (Сагымбай Орозбаков, 2. 53).
К. К. Юдахиндин түшүндүрмөсү боюнча К. көкүрөккө (төшкө) кийе турган соот. Ал эми курама варианттагы түшүндүрмөдө К. — «темир тондун бел тарткычы». К. моңгол тилинде — хуяг.
1) калкан, чопкут, соот;
2) соот;
3) соот (чарайна) кийген жоокер деген түшүнүктө берилет.
Кыргыз тилинде К. (хуяг) көөнө сөзгө (архаизмге) өткөндүктөн, манасчы анын маанисин сооттон башка жоо кийими катары кабыл алган, башкача айтканда бир эле нерсени эки башка жоо кийим катары түшүндүргөн. Айрым учурда бул эки термин (соот, кыяк) синонимдик мааниде болгондуктан, кош сөз формасында тутумдашып да айтылат. Мисалы, «Чарайна, соот кыягы, чамынган арстан сыягы», «Соот менен кыягын Кабат жарып калканын» (Кол жазмалар фондусу, 1790инв., 1750, 281). Ошондой эле К. деген ат менен бул соот кийимди Түштүк Сибирь чөлкөмүндө турган элдердин оозеки чыгармаларында да кездешет. Мисалы, «куйах» деген якуттардын «Эр соготох» аттуу эпосундагы соот кийимди белгилесе болот. Сөздүн «куяк» деген варианты алтай жана хакас («хуяк») баатырдык эпосунда чагылдырылган. Орус былиналарында да куяк деп темирден жасалган сооттун аталгандыгын белгилей кетүүгө болот. Демек, К-тын Сибирь элдеринин фольклорунда да учураганы кыргыздардын бул элдер менен болгон карым-катнаштарын айгинелеп турат. Бир четинен илгерки кыргыздарда согуш иши жогорку деңгээлде өөрчүгөнүн ырастайт.
И. Молдобаев
КЫЯС 1
Кыяз — эпостогу негизги каармандардан. «Сейтек» эпосун «Семетейдин» уландысы, «Манастын» корутунду бөлүгү катары таанытып турган салттык терс образдардын бири. К. негизинен «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндө катышса да анын ата жолун жолдоочу катары көтөргөн идеясынын тамыры тереңде. К-тын атасы Толтой Чынкожо менен бирдикте Семетейдин тушунда ногой уруусуна баскынчылык көрсөткөн. Көпчүлүк вариантта Багыштын уулу Толтой (Сагымбай Орозбаков варианты, Саякбай Каралаевдин варианты , Мамбет Чокморовдун варианты жана башкалар) деп берилген бул каармандын теги Манастан бери карай айтылат. К. мына ошол Толтойдун баласы катары өзү тийишип, Семетейден өлүм тапкан атасынын кунун алыш үчүн келет. Атасы Толтой сыяктуу эле К. да көбүнчө бирөөнүн шыкагында жүргөн, кайраты жок каарман катары көрүнөт. Канчоронун жардамы аркылуу кыргыздарга бүлгүн салып, Семетей кайып болот (же өлөт), Айчүрөктү олжолойт. Семетейден биротоло өч алыш үчүн курсакта калган Сейтекти жок кылууга көп аракеттенет. «Семетей» эпосунда Манастын тукумуна зыян келтирүүдөн тарткынчыктап, дээрлик Канчоронун опузасы менен иштесе, «Сейтекте» жеке башынын мансабы үчүн мурдагыдан чечкиндүүрөөк мүнөзгө өтөт. Анын портрети Сагымбай Орозбаков вариантында:
Жалаяк ооз, жар кабак,
Көбүнчө заар, көзү тик,
Көп адамдан сөзү тик,
Кирпиги туман көзү чок,
Кишиден мындай сүрдүү жок
— деп тартылып, каардуулугу, айла-амалдуулугу да ушуга шайкештелет.
Патриархалдык-феодалдык мамилелердин ички ыдыроосунан келип чыккан күрөштөрдөй эле К. бүткүл өмүрүн баскынчылык менен өткөрөт. Анын образы да коом менен бирге жаралып, ошого жараша өсүп-өнүгүп отургандыктан кадыресе жердик адам сыңары эле айла-амалдуулук, эки жүздүүлүк өңдүү терс сапаттар менен коштолот. «Кара арстандай чамынып, Ок жыландай күч алып, Араандай оозу ачылып, Өрт аралаш шилекей, Омуроого чачылып, Жаалы катуу көрүнгөн» К. башына күч келгенде өтө басмырт, момун адам боло калат. Айчүрөктүн ачууланганын көргөндө «Билегинен сап кетип, Жүрөгүнөн кан кетип, Кабырга сөөгү сөгүлүп, Катын минбес мал эле, Карасаат чочконун кайыптыгы бар эле» деп тайсалдайт, аялуу Тооторусун берет.
КЫЯС 2
Саякбай Каралаевдин варианты боюнча К-тын образын дагы тереңдетүү максатында тескери образдарга колдонулуучу даяр ыр түрмөктөрүн жумшап, аны мифтик-жомоктук белгилер менен кеңири жабдыйт. Адатта, алгачкы баатырлык эпостордун эпикалык каармандарынын өзү эле эмес, алардын минген тулпарлары, колдонгон куралдары, кийим-кечеси да магиялык касиетке ээ. Бул бара-бара айрым өзгөрүүгө дуушарланса да байыркы архаикалык белгилер катарында кийинки бөлүмдөрдө салттык мүнөздө сакталып кала берет. К-тын тулпары Тооторуда алтайлыктардын эпосторундагы аттарга кээ бир белгилери боюнча типтешип, өзүнүн ээсинин образын көп жагынан толуктап турат. Айрым учурда ал К-ка караганда акылдуу, күйүп-бышып акыл-насаат айткан жакын досу. Тооторунун өлүмү К-тын биротоло жок болушу. К-тын Сейтек, Күлчоролор тарабынан жазаланышы — элдин эзелтен көксөгөн оптимисттик көз карашынын эпосто көрүнүшү жана жүзөгө ашышы. Сейтек баштаган кыргыз баатырларынын жеңишке жетиши ал турсун К-тын эли тарабынан да кубанычтуу кабыл алынат. Чыккынчы Канчоронун сүрөөнү менен тескери иштерди иштегендиги үчүн аны өз уруусу да колдобойт. Ушунун өзү эле К-тын көпчүлүктүн көңүлүнө тийген терс жагын ого бетер бекемдейт. Ал колго түшүп, өлүм алдында турса да, өлгөндөн кийин да кандайдыр бир жаманчылык жасап калуудан кайра тартпайт. К-ты Күлчоро өлтүрө турган болгондо андан көп кыйнабай өлтүрүүсүн суранып, «Ичимди жарып, өтүм дү ал, жүрөгүмдү алып жүрөгүңө бас, ичегимди алып белиңе курчан, мындан да эр жүрөк болуп каласың», — деп сунуш кылат. Бирок Күлчоро анын айтканынан тескерисинче ичегисин терекке орой салса, терек кыйылат (Жакшылык Сарыковдун вариантында), К-тын арам ою да бир жолу ашкереленет. Ошентип, К-ка байланыштуу окуялардагы жомоктук мотивдердин басымдуулугу элдик фантастикадан бүткөн ушундай терс каармандар менен аларды жеңген элдик баатырлардын ортосундагы айырмачылыкты ачык көрсөтөт.
А. Жайнакова
КЫЯҢГЕР
— топоним. Жаш Манастын Каман алп менен болгон урушунда:
Кытайдын аркы четинде,
Кыяңгер, Кайсаң тоосунда,
Суук-Капчыгай оозунда,
Суук-Төр деген төрүндө,
Жалгыз көз деген элинде
Жалгыз көз элин Каман алп
Жалгыз өзү кырыптыр
(Курама вариант, 1. 53),— деп айтылат.
КЫЯҢКУУ
— эпизоддук кейипкер. Манастын жаа менен чекеге атып өлтүргөн кара калмак Токтуктун атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 353).
КЫЯПАТ
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты бешинчи болуп келген Кутунай тагдырына буюрган К-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 422 — 423).
КЫЯС
— топоним. Манас Кошойду издеп чыгып К. аркылуу өткөн.
Көк жалың Манас жол жүрүп,
Ат аянбай мол жүрүп, Сонун эл,
сонун жер көрүп Кыяс менен Текести
Кыркындай басып келди эми (Саякбай Каралаев, 1. 109), — деп эпосто К. менен Текес жер соорусу катары баяндалат.
КЫЯСКАСЫ
— Кызайдын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо К. кыркынчы болуп келип, Кызай тагдырына буюрган Турсунайга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).
КЫЯШ
Айганыш — эпизоддук кейипкер. Жолойдун аялы. Эпосто ал акылман, жөн билги аял катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 280, 293).

