КИШИДАШ

— мифтик кейипкер. «Таш киши» деген мааниге ээ. Перилердин балбаны.
Кишидаш жайын сурасаң Сайса найза теше албайт. Чапкан кылыч кесе албайт. Жаракка адам ишенсе Адам уулу бет албайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 99),— деп Бокмурун Көкөтөйдүн ашына чакырат.

КИШИМЖАН

— эпизоддук кейипкер, Ысмайылдын кызы. Ысмайыл багып алган балтыр бешик Семетейди көтөрүп чоңойтот. Семетей он экиге келип, Сарытаздан ата-тегин угуп, аны жашырган Каныкейге тарынып жатканда келип, жалынып-жалбарып тургуза албай коёт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 135).

КИШТЕ

— кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Эпосто башка элдик оюндардын катарында айтылат:

Бакылдашып ордо атып,
Чатыраш оюн салыптыр,
Кишисинен кырк-элүү
Киштеге кирип калыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 2. 308).

К. оюну индилердин чатуран, моңголдордун шатар жана шахмат оюндарына окшоштуктары бар. К-нин таштары «кан», «баатыр», «урук» же «урук аксакалы», «төө», «ат-аккула», «мерген» же «мергенчи» «жоокер», же «пияда» деп аталат. Таштардын аталышы жана көчүш эрежелери кыргыз элинин коомдук-экономикалык, маданий турмушу, согуштук стратегия, тактикасына байланыштуу түзүлгөн. К-нин тактасы шахматтын тактасына окшош жасалат. Оюн таштары аттарына ылайыкталып, улуттук оюм-чийим менен кооздолуп, түп жагы шахмат таштарынын түбүндөй учу шоңшогойлонуп жасалат. К. оюнунда канды шахматтагыдай рокировка кылбайт. Матты болсо аттан башка бардык оюн таштары менен коюуга болот. Мергенди болсо эки оюнчу тең оюнду башташкан убакта гана алдындагы көчүшүнөн кийинки экинчи жолго шахмат оюнунда пешканы жүргөндөй эле көчүшөт. Калган учурда көчүш сайын аттан бөлөк бардык оюн таштарын бир жолдон гана көчүү менен мергенди да бир жолго көчүшөт. К-де ат шахмат оюнундагы ат сыяктуу эле көчөт. Канга коркунуч туулса «киш» жарыяланат, башкача айтканда шахматтагыдай шах дебестен киш делет. Оюндун эрежесинде канча коркунуч туулганда эки тарапка тең бир жолу аттын жүрүшүндө качууга жол берилет. К. оюнунда «жүр» деп айтылбастан, «көч» деп айтылат.

С. Токторбаев

КОЕНААЛЫ

— каарман, Көкбөрүнүн баласы. Бала баатыр катары Манас дүйнөдөн кайткан мезгилде бир катар көрүнүктүү иштерди аткарат. Манастын өлгөндөгү зыйнатына Төштүк, Кошойду чакырат жана ал зыйнатка баргысы келбеген анжыяндык кырк эшенди зордук менен айдап келет. К-нын баатырдыгы, балбандыгы Сайкалды Манастын зыйнатына алып келгенинен көрүнөт. Мурда Манас менен беттешип жеңилгенде Сайкал, эгерде Манас өзүнөн мурун дүйнөдөн кайтса кырк күн зыйнатына турууга жана тигил дүйнөлүк жары болууга ант берген. Манас өлөрүндө Каныкей Ажыбайды ага кабарга жиберет, бирок Сайкал убадасында турбай, Ажыбайды сабап кайра кубалап, Манастын зыйнатына туруудан баш тартканда К. өзү кабарга жөнөйт.

Сыр найза колго алганмын
Ошондо көмө сайгамын,
Кырк чоросун кыйратып,
Алмамбеттен башкасын
Ошондо байлап алгамын
(Саякбай Каралаев, 2. 24),

— деп Сайкал өзү мактангандай, эч кимден эч качан жеңилбеген Манасты да кезегинде жеңген Сайкалдын капыстан качырып келип сайган найзасын бучкагына теңебей, анын өзүн тебетейдей бөктөрүп опоңой гана жеңип алып, Манастын зыйнатына келүүгө мажбурлайт. Дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда өзгөчө түрк-моңгол эпосторунда эң соңку муундун өкүлү бала баатырдын өтө кыйын чыгышы, мурунку муундун эң кыйын баатыры аткара албаган ишти иштеп, алар жеңе албаган жоону оңой эле багындырып коюшу — типтүү көрүнүш.

Бала баатырдын атасын жеңген же өлтүргөн душманды (анын ичинде Сайкалдын тибиндеги аял баатырлары да) жеңип келүүсү якут, алтай, хакас элдеринин эпосторунда кездешүүчү мотивдерден. Мындай мотив Орто Азиядагы түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпосторунда да учурайт. Мисалы, казактардын «Кобланды баатыр» эпосунда башкы каарман Кобландыны Көбүктүн кызы Карлыгач кулата саят. Кобландынын баласы алты жащар Бөкөнбай аны оңой эле жеңип, колго түшүрүп келет. Көпчүлүк эпикалык чыгармаларда мындай алп бала баатырлар өздөрүнүн кызуу кандуулугу, өз боюна ашкере ишенген баатырдыгы менен байкоостон, жаштайында каза болушат. К. да ушундай кырдаалдын курманы болот. Каныкейдин кармаганына болбой, дүйнөдөн өтүп бараткан аяш атам менен коштошом деп, колун катуу кармайт. Ошондо жаш бала К-га Манастын көзү тийип, ал көп өтпөй курман болот. Көз тийүү мотивине манасчы экинчи бир төмөнкүдөй мотивди кошот. Балага көзү өткөн Манас анын атасы Көкбөрүгө кайрылат:

Менин айткан сөзүмө
Көнөсүңбү Көкбөрү,
Кыямыттык дос элек,
Коёнаалы чыракты
Бересиңби Көкбөрү?
Берип ыраа сен көрсөң
Достум ай, канжыгама чалайын,
Ичиңди жыйбай жакшы бер
Чырагымды жолдош кылып алайын!
Колума кармап жалгызды,
Кыяматтык тар жолдо
Достумдан алган белек деп,
Ушуну кармап барайын
(Саякбай Каралаев, 2. 248).

«Семетей» бөлүмүндө Манастын тигил дүйнөлүк жары Сайкал, жаш бала К. анын көрүндө бирге жатканы айтылат. Байыркы элдерге таандык Евразиядагы айрым археологиялык эстеликтерден уруу башчылар, өкүмдарлар менен бирге ага тигил дүйнөдө кызмат кылууга аялы, жакын нөкөрлөрү көргө кошо коюлганы белгилүү. Ошол салт боюнча Манастын көрүндө Сайкал менен К-нын кошо жатышында кандайдыр бир байланыш бар.

Р. Сарыпбеков

КОЖО 1

— эпизоддук кейипкер. Алчын уруусунан. Манас жолдоштору менен салбырынга барганда атын союп кан болуудан качкан балдардын бири. КОЖОЖАШ, Шыпшайдар — кытайдын көзгө атар мергени. К-тын образы эпосто көбүнчө Алмамбетке байланыштуу эскерилет. Ал Алмамбет менен чогуу жүрүп, алтымыш баштуу ажыдаардан бирге окуп, көзгө атар мергендик, жайчылык өңдүү укмуштуу өнөрлөргө ээ болот.

Учаарын билип ал калды,
Жүрүштү билип мен калдым
Келип калса бул жерге
Баарыбызды оң кылбайт,
Жалпыбызды соо койбойт
(Саякбай Каралаев, 2. 184),

— деп Алмамбет да, өзүнөн алты ай ашыкча окугандыктан К-тын өнөрү артыкчылык кыларын айтат. Ооруп айыккан К. Кичи казатка келгенден кийин Алмамбет, Чубак, Сыргак, Көкчө, Музбурчак баш болгон Манастын бел байлаган баатырлары, кыйын чоролору окко учат. Аккула да К-тын огунан мерт болот. Өзү кийинчерээк Манастын колунан, Аккелтенин акыркы огунан өлөт. Шапак Рысменде уулунун, Молдобасан Мусулманкул уулунун варианттарында К. темир канаттуу ат менен асмандан уруш салат. Кыргыздардын жана ага канатташ жашаган Орто Азиядагы элдердин оозеки чыгармаларында канаттуу тулпарлар белгилүү болсо да, «Манастан» башка эпос, дастандарда К. окшоп канаттуу тулпар минип асмандап уруш ачкан кейипкерлер белгисиз. Шаманизм дини али күчтүү сакталган Борб.

Азиядагы түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында дайыма учуп жүргөн тулпар минген ар түрдүү кейипкерлер, түрдүү көрүнүштөрдү, кубулуштарды пайда кылуучу пирлер мол кезигет. Бурят мифологиясында Хухредей-мерген — жаан-чачындын, күн күркүрөөнүн пири. Ал дайыма тогуз канаттуу көк боз ат минип жамгырдын үч пири, чагылгандын үч пири менен бирге туман түшүрүп, жаан-чачын жаадырып дүйнө кезип жүрөт. Эпостун Шапак Рысменде уулунун вариантында Шыпшайдар (К.) ушул жаан-чачын, чагылгандын Хухредей-мерген башында турган пирлерине жакын сүрөттөлөт:

Шыпшайдар деген аяр бир,
Алтымыш аяр кашында,
Сыймык кушу башында,
Түп Бээжиндин түбүнөн,
Эсенкандын алдынан,
Убада күнү толгондо
Булут минип буркурап,
Аяр келди чуркурап,
Бу кудайдын буйругу,
Аярларды караса,
Жылан өңдүү куйругу,
Куштай учкан канаты
(Шапак Рысмендеевдин варианты, Кол жазмалар фондусу, 1085-инв., 192-б.).

КОЖО 2

Шыпшайдардын ярлардын башында туруп, булут минип, туман түшүрүп, жамгыр жаадырышы, анын үстүнө жылан куйрук болушу (жылан байыркы мифологияда жаан-чачындын ээси) Хухредей өңдүү жаа менен куралданып, аныкына окшош ат минип жүрүшү экөөнүн качандыр бир кезде генетикалык-типологиялык жакындыгы болгондугун көрсөтөт. Шыпшайдар аяр аталганы менен байыркы кыргыздардын синкреттик мифологиялык түшүнүгүндөгү жаан-чачындын ээси — зооморфтук жаныбар ажыдаардан шаманисттик түшүнүккө ылайык антроморфтук түргө келүү менен бирге, зооморфтук белгилерин да сактап калган (мисалы, жылан куйрук болушу).

«Шыпшайдар» деген ысымдын келип чыгуу төркүнү да бул кейипкердин шаманизм дининдеги кудай болгонун көрсөтүп турат. Бир катар түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда «Айдар» шамалдын, аба ырайынын пири болгон. Шыпшайдардын байыркы атынын кээ бир варианттарда «Кожожаш» деген ысмы менен алмашылып калышын ушундай аталыштагы элге кеңири белгилүү кенже эпостун таасири катары кароо керек. К. (Шыпшайдар) бардык жагынан Хухредей-мергендей күчкө-касиетке ээ болуп туруп, аяр аталышы шамандык ишенимдердин сүрүлө башташы менен шартталган. Баштагы пирлердин, культтардын мифологиялык касиеттеринен ажырай башташы, алардын элдик оозеки чыгармалардагы образын акылга сыярлык кадыресе адамдардай талкуулоого алып келген.

«Манас» эпосунда эч кимден жеңилбеген, алтымыш баштуу ажыдаардан окуп, кереметтүү түркүн өнөргө ээ Алмамбеттин К-тын огунан набыт болушу кокус көрүнүш эмес. Эпостордун алгачкы үлгүлөрүндө, мифтерде Прометейдин тибиндеги маданий кармандар (Алмамбеттин көөнө образы ушул типке жатаары атайы изилдөөдө көрсөтүлгөн) табият стихиясын элестеткен укмуштуу күчтөргө каршы күрөшүп алардын үстүнөн жеңиштерге жетишет. Күчтөрүнө ишенген алардын батылдыгы бара-бара кудайлар менен теңтайлашууга алып барат. Мындай каармандардын бардыгы тең акырында кудайлар тарабынан жазага кириптер болушат, көпчүлүк учурда өмүрлөрү кайгылуу аяктайт. Анткени А. Ф. Лосев белгилегендей: «мифология өкүм сүрүп турганда, башкача айтканда кудайлар кудай, каармандар каарман болуп турганда башкача болушу мүмкүн эмес эле» (Античная мифология, М„ 1.957, 152-б.).

Р. Сарыпбеков

КОБУЛДУ

— топоним. Чоң казатка аттанып, күндөп-түндөп жол жүрүп, чарчап, шайы кеткен кол Алмамбет жолбашчынын буйругу боюнча К. өрөөнүнө конуп, тыныгат (Сагымбай Орозбаков, 4. 147).

КОЕН

— эпизоддук кейипкер. Орго кандын билермандарынын бири. Сагымбай Орозбаков боюнча Манастын келатканын уккан Орго кан туш-тушка кабар салганда К-го да кабарчы жиберет.

КОЕНБОЗ

— Кошой кытайлардан тартып алып, Билерикке мингизген тулпар (Саякбай Каралаев, 1. 147).

КОЖЕНТ

Кожонт — топоним. Кыргыз жамаатына караштуу шаарлардын катарында эпосто көп эскерилет. Мисалы, шоорук кан кол салганда Манас кошун курап, карамагындагы элдерге кабар жибергенде: «Кожент менен Жызакты, Бачым-ылдам келсин деп, Баруучусун узатты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 207),— деп башка көптөгөн шаарлар менен катар К-ке да кабарчы жөнөтөт. Географиялык реалияда Тажикстандагы ири шаар.

КОЖО

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Билериктин атасы, (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 76-б.). К. Айкожонун эле контекстте ыргакка ылайык кыскартылып айтылышы болуу керек. Себеби башка варианттарда Билериктин атасы Айкожо делет.

КОЖОСАН

— баатырларды колдоочу пир. «Анын колдогону — Кожосан, чын жолдошу — кырк чилтен». Кожо Асан — 15-кылымдагы шайык. Атактуу аалым Улугбектин кадырлаган адамдарынан болгон, ушундан улам Орто Азия аймагына ылайык адам катары атагы жайылган.

КОЖОШ

— кейипкер. Кыргыз бектеринин бири. Бокмурун атасы Көкөтөйгө аш бермек болуп курган кеңешке чакырылып, Бокмурун ашты Суусамырга берсек кандай болот? — деген сунушуна К.: «Тоосу бийик, жери тар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 71, 77),— деп каршы болот. Көкөтөйдүн ашы өткөндөн, жыл маалы болгондо кыргыз бектери чогулуп алып, аштагы нааразылыктарын эстешет, Манас менен басташмакчы болуп, Кошойго акыл салышат. Кошойдун «койгула» деген тилин алып, үйүнө кайтып кеткен жети бектин бири К. экендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 8—9).

КОЗУ-БАШЫ

— топоним. Кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдердин жери катары кеңири эскерилет. Айрыкча «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат», «Манастын балалык чагы» деген эпизоддордо көп кезигет. Географиялык реалияда Казакстандын түштүгү, азыркы Алматы облусунун аймагындагы кыштоо.

КОЗУБЕК

— эпизоддук кейипкер. Саякбай Каралаевдин вариантында Кокондун каны. Кыргыздарга канатташ жашаган кандардын катарында такай эскерилет.

КОЙНОТ

— топоним. Эпос боюнча Котон шаары жайгашкан жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).

КОЙТОРУ

— Көкөтөйдүн ашындагы эр эңиште Чыноончук балбан минип чыккан ат (Сагымбай Орозбаков, 3. 255).

КОЙЧАГЫР

(моңголчо цагиур — милте) — эпосто колдонулган эски мылтыктын аты. Төө мылтык, жазайыл, бараң сыяктуу мылтыктардын катарында айтылат: «Жазайыл үнү жаңырып, Койчагыр үнү жаңырып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 139, 140). К. Мылтык.

КОЙЧУМАН

— эпизоддук кейипкер. Алмамбеттин келишинин урматына ага тогуз ат тартуу кылганда К. тартууга Карасур тулпарын кошот.

КОКОН

— топоним. Кыргыздар жана алар менен жамаатташ жашаган элдердин шаары катары эпосто кеңири жолугат. Географиялык реалияда Фергана өрөөнүндөгү шаар (9-кылымдан белгилүү). 1740 — 1876-жылдары Кокон кандыгынын борбору болгон.

КОЛ

— эпосто аскердик чакан отряддан баштап, аскердик зор бөлүктөргө чейинки түшүнүктү билдирет. К. көбүнчө жоокердик атчан ири бөлүктөрдү түшүндүрөт: Отуз түмөн орчун кол Он кишиче көрүнбөс, Жараткан өзүң жардам бол, Сапарга чыккан он миң кол (Сагымбай Орозбаков, 4. 101).

КОЛ ЖАЗМА

— кандайдыр бир тексттин кол менен жазылган же машинка менен көчүрүлгөн, басмаканада терилсе да К. ж. укугунда гана жашаган түрү. «Кол жазма» деген түшүнүк адабият таанууда автор тарабынан жазылып, эгер машинкага басылган болсо, автордун текшерүүсүнөн өткөн текстке карата айтылат. Фольклористикада К. ж. көбүнчө айтуучулар эмес, изилдөөчү, жыйноочулар тарабынан түзүлөт. Бирок сабаты ачылган манасчылардын өз колу менен жазган варианттары да бар. Мисалы, Тоголок Молдо, Ы. Абдыракманов жана башкалар манасчылардын тексттери өздөрү тарабынан кагаз бетине түшүрүлгөн. Бул көрүнүш адабият-таануудагы автордун К. ж-сы (автография) жакын турат. «Манастын» белгилүү варианттарынын түп нуска, көчүрмө түрүндөгү К. ж-лары Кыргыз республикасынын Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

КОЛКУНАЙ

— эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин жолун тосуп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).

КОЛ ЖАЗМАЛАР ФОНДУСУ

(Кол жазмалар фондусу), Кол жазма жана жарыялоо фондусу — Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын КЖБсынын карамагындагы, эски басма жана кол жазма китептерин, республиканын аймагында жашап жаткан элдердин фольклору, этнографиясы, тарыхы жана тили боюнча жазмаларды топтоо, сактоо, иреттөө, изилдөө жана жарыялоо боюнча бирдиктүү илимий борбор. Анын адеп уюштурулушу 1922-ж. Түркстан Мамл. окумуштуулар кеңешинин астындагы казак-кыргыз билим комиссиясынын иши менен байланыштуу. Ушул кезден баштап Сагымбайдан «Манас» жазылып алына баштайт. Адегенде К. Мифтаков, андан кийин аягына чейин Ы. Абдыракманов жазып алган. Орто Азия республикалары өз алдынчалыгын алгандан кийин 1924-ж. апрелде Кыргыз автономия облусунун Эл агартуу комитетинин астында Билим комиссиясы кайра түзүлгөн. Ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан илим изилдөө иштерин багыттап, тескеп туруу үчүн уюштурулган. Билим комиссиясынын эң алгач баштаган иштеринин бири — калк арасынан элдик оозеки чыгармаларды жазып алуу, топтоо жана изилдөө болгон.

1926-ж. комиссиянын мүчөлөрү К. Мифтаков, А. Шабданов жыйналган материалдардын негизинде кыргыз фольклорун түрлөргө бөлүштүрүү, кол жазмаларды паспорттоштуруу, системага келтирүү боюнча алгачкы иштерди өтөшкөн. 1926-ж. декабрда Кыргызстандын борб. музейи түзүлүп, бардык жыйналган фольклордук тексттер, кол жазмалар анын карамагына өткөрүлгөн. Ал эми 1928-ж. Фрунзе Край таануу институту ачылып, анын негизги милдеттеринин бири элдик оозеки чыгармаларды, баарыдан мурда «Манасты» жыйноо, сактоо, изилдөө деп аныкталган. Ошол мезгилге чейин топтолгон кол жазмалардын бардыгы ушул институтутка толук бойдон өткөрүлүп берилген. Ал 1930-ж. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын астында Маданий курулуш институту болуп кайра курулган. 1936-ж. май айында ал Тил жана жазуу илим изилдөө институтуна айланган. 1940-ж. Кыргыз ССР ЭКСинин алдында Тил, адабият жана тарых илим изилдөө институту түзүлүп, кол жазмалар толугу менен ушулинституттун карамагына өткөн. 1954-ж. кол жазмалар фондусу бул институттан бөлүнүп чыгып, СССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунун карамагына өткөн.

Ошондон тартып 1968-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтуна Кол жазмалар жана жарыялоо сектору болуп өткөнгө чейин Академиянын Президиуму алдындагы Коомдук илимдер бөлүмүнүн бир бөлүкчөсү болуп келген. 1968—87 жылдары Тил жана адабият институтунун 1987жылдын сентябрь айынан баштап, Академиянын Коомдук илимдер бөлүмүнүн астында Кол жазмалар менен жарыялоо бөлүмү де ген ат менен өз алдынча бөлүм катары иш жүргүзүп келет.

Кол жазмалар фондусу— «Манастын» тексттери, көчүрмөлөрү. манасчылардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу материалдар, сүрөттөрү сакталган илимий борбор. Фондунун «Манас» бөлүмү адегенде Билим комиссиясынын мүчөлөрү топтогон материалдардан түзүлүп, кийин илимий мекемелердин фольклордук экспедициясы тарабынан толукталган. Азыр негизинен «Манастын» белгилүү варианттарынын көчүрмөлөрү, ар кыл эпизоддору элден топтолуп алынып жатат. К. «Манастын» варианттары, Көчүрмө, «Манасты» жыйноо.

С. Кайыпов

КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

«Манас» эпосу адатта бир гана айтуучу тарабынан аткарылган. Бирок, эл оозунда айтылып жүргөн уламышка караганда, кайсы бир чоң ашта кырк манасчы (сыягы Манастын кырк чоросун билгизгени го) катар олтуруп «Манас» айтышкан имиш. Алардын кандай ыкмада аткарганы: роль боюнчабы, же бир-бирин улаппы, анысы белгисиз. Ушул маалыматка караганда манасчылык өнөрдө бир кездерде К. ч. болсо керек.

КОЛУН БООРУНА АЛУУ

— жоокерчилик доордун шартында жеңген тарапка жеңилген тараптын башчысы айыбы үчүн эки колун бооруна алып кечирим суроо өтүнүчү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келген Манасты «калмактардан коркуп качып келген бул качкын жеримди тарытып жиберди» деп өзү катылып жеңилген Шоорук кан:

Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында
Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашында,
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда
Жаш төгүлүп койнуна
(Сагымбай Орозбаков, 2. 218)

Манас баатырдын алдында жалынат. Эпостук мындай салт кыздары тартуу, малы олжо болуп турган жоокерчилик доордун мүнөзүнө туура келген жана айыпка жыгылган адамдын күнөөсүн кечиргендиктин белгиси катарында бааланган.

КОМЕДИЯЛУУЛУК 1

— кандайдыр бир социалдык көрүнүштүн, иш-аракеттин, жүрүштуруштун, кылык-жоруктун, үрп-адаттын ошол мезгилдеги элдин түшүнүгүнө, прогрессивдүү коомдук күчтөрдүн эстетикалык идеалына шайкеш келбей калышын шылдың иретинде көрсөтүүчү эстетикалык категория. «Манаста» К-тун карама-каршысы трагедиялуулук көбүрөөк орун алган (к. Трагедиялуулук).

К-тун башкы белгиси — күлкү. «Манас» эпосунда элдин турмуштук, коомдук түшүнүктөрү, аң-сезими чагылдырылгандыктан эпостогу К. элдик болуп саналат. Эпосто К. окуя кырдаалды баяндоодо, каармандардын жорук-жосунун, мүнөзүн ачып берүүдө, кейипкерлердин речинде жана адамдардын, жан-жаныбарлардын тышкы кебете-кешпирин сүрөттөөдө көрүнөт. Манасчылар К-тун мыскыл, азил, тамаша, какшык сыяктуу каражаттарын көбүрөөк пайдаланышат. «Манаста» К. аркылуу каармандардын образы ачылат, аларга сын айтылат, атүгүл баш каарман Манасты да К-туң каражаты менен азилге, тамашага тартып, элге жакындатат, кадыресе эле киши экендигин көрсөтөт, угуучуларды да күлкүгө аралаштырат. Тойлордогу ар кандай таң-тамашалар, балбан күрөштөр, жоого аттанар алдындагы оюн-күлкүлөр накта К. жагдайда сүрөттөлөт.

К-тун башкы каражаттарынын бири, күлкүлүү жагдайларга эстетикалык насил берүүнүн эң таасын формасы — юмор. Эл арасында кеңири таралган, эпосто гана эмес эл оозунда ар кандай жагдайларда айтылып жүргөн юмор — кол эсебин алганда Тазбайматтын ондугунан бир кишинин жетпей калышы жана анын Манас экендиги. Көпчүлүк варианттардан орун алган бул эпизоддо он башы Байматтын бир кишиси кем чыгып, эсеби табылбай, өлүү-тирүүсү билинбей, желдеттин колунан Тазбаймат мерт болордо кысталышта жол тапкыч Серек тизмеге Манас кирип калбасын, кагазыңды окучу, молдо дейт. Жок киши Манас болуп чыгат (Сагымбай Орозбаков боюнча). Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында «Бакай кагазыңды кара, Манас болуп жүрбөсүн» дейт. Жок киши Манас экенин билгенде «кыргыздын көбү каткырып, кыйындар күлүп калат». Мында ошол учур, айрыкча Тазбайматтын абалы комедиялуу штрихтер менен тартылып өтөт, Манас Тазбайматты тамашалайт:

Уруп кеткен Тазбаймат,
Улук кишим сен болсоң,
Унуткан кишиң мен болсом,
Ушу жорук саа чала.
Он башы ойрон сен болсоң,
Оюңда жогуң мен болсом,
Серекти айтпай койдурбай,
Сени ушул жерге сойдурбай,
Эстебей койсоң мени сен,
Эр Алмамбет баатырга
Өлтүртүүм экен сени мен
(Сагымбай Орозбаков, 4. 1, 70—171).

КОМЕДИЯЛУУЛУК 2

Бул эпостогу жөн гана бир айтылып, унутулуп калчу эпизод эмес, мында элдин Манаска болгон сүймөнчүлүгү, К. жөнүндөгү түшүнүгү жатат. Ушул окуя кыргыздар арасында ылакап катары муундардан муундарга өтүп айтылып келе жатат.

К-тун дагы бир көрүнүшү — Чоң казаттагы бир согуштан кийин майдан талаасынан келбей калган манжунун кырк төрөсүн байлап келгендеги Манастын ал-абалынын сүрөттөлүшү. Мында К. адам мүнөзүн ачуунун каражаты катары пайдаланылат жана ошондой эле керек учурда элдик баатырдык ишти намаздан да жогору койгондугу көрүнөт. Нескараны баш кылып кытайдын кырк баатырын туткундап келаткан Чубакты көргөн Манас:

Намазды бузуп барбактап,
Тура калды эр Манас,
Сүйүнгөндөн дардактап.
Аппак кожо, Ай кожо
Кереленип каласың,
Кечке окуу саласың,
Бейишиңди өзүң ал,
Береним Чубак келатат
(Саякбай Каралаев, 2. 155).

Мунун өзүндө комедиялуу кыймыл-аракет менен комедиялык мүнөз айкалыша берилген.

К-тун дагы бир көрүнүшү каармандарды сүрөттөөдө колдонулган поэтикалык каражаттар. Маселен, Манаска карата «Манас, Манас, деп койсо, барбая түшөт экенсиң, сууга салган чаначтай дардая түшөт экенсиң» дегенде азил, какшык аралаш салыштыруулар колдонулат. Терс образдарды элдин идеалына ылайык келбеген каармандарды сүрөттөөдө да К-ка чоң роль таандык. Мында каармандын сырткы келбетине күлүү менен анын ички дүйнөсү, тилек-ниети да ачылат, ошол каарман сынга алынат, мында күтүлбөгөндөй салыштыруулар, эпитеттер, гротеск, ирония кеңири колдонулат. Мисалы, Жолойдун сыпаты:

Тырмагына караса,
Ак жолборстун салаадай,
Муруттарын караса,
Тегирмендин көпчүгү
Текши Каккан барадай.
Өлчөөсү жок өзгөчө,
Чечекейи чарадай.

«Манаста» К. ар кандай шарт-жагдайларда, ар кандай каармандарга карата, ар түрдүү максатта колдонулат. Эпостогу К. элдин К. жөнүндөгү түшүнүгү, көз карашы менен айкалышып турат.

А. Муратов, Б. Кыдырбаева

КОМПОЗИЦИЯ

— көркөм чыгарманын түзүлүшү, анын бардык бөлүктөрүнүн, образдарынын өз ара байланышы, бир бүтүндүккө биригиши, чыгармадагы образдарды уюштуруунун белгилүү системасын ачып берүүнүн, турмуш процессин мүнөздөөнүн, алардын байланышын жана мамилесин көрсөтүүнүн каражаты. К-нын ордуна кээде «архитектоника», «структура», «көркөм түзүлүш», «конструкция» деген атоолор да колдонулат. К. бардык жанрдагы жана формадагы чыгармаларга мүнөздүү. «Манас» эпосунун К-сы — анын көркөм формасынын ар түрдүү компоненттеринин бир бүтүнгө биригип, бирине бири кыналып, бирин бири толуктап турушу.

«Манас» эпосунда К-нын тутумун түзгөн баяндоо, диалог, монолог, лирикалык чегинүү, портрет, пейзаж, уйкаштык, интонация өңдүү негизги компоненттери манасчылардын чеберчилигине жараша бириктирилип, сюжеттин өсүп-өнүгүшүн шарттап, эпостун текстин көркөмдүк жактан жаратып, бүтүндүктү түзүп, чыгарманын идеясын ачып турат. «Манас» эпосунун К-лык курулушунун өз мыйзам ченемдери бар, ал эл турмушун эстетикалык таанып-билүүдөн келип чыгат. «Манастагы» К-нын негизги аспекти — текстте баяндалган окуялардын ырааттуу өнүгүп отурушу (к. «Манастын» сюжетин, «Семетейдин» сюжетин, «Сейтектин» сюжетин). К. эпостун үч бөлүмүндө негизинен окшош өнүгөт: баатыр туулганга чейинки эл-журттун абалы, баатырдын төрөлүшү, балалыгы, алгачкы эрдиктери, бой жетиши, үйлөнүшү, казаттары, өлүмү. Мындагы салттык окуяларсыз эпосту элестетүү мүмкүн эмес. Бул окуялардын бирөөнү эле алып салса, анда бүт К. бузулат. Эпосто К-лык жактан калыптанып, эпостун ар бир бөлүгү, деталы тыкан иштелип чыккан. Эпостогу ар бир окуя өзүнчө К-га ээ бүткөн чыгарма катары берилгени менен (мисалы, Чоң казат, Көкөтөйдүн ашы жана башкалар) чыгарманын бардык окуялары биригип келип, эпостун жалпы К-сын түзүп турат.

«Манастын» К-сы көбүнчө эркин уюштурулат, манасчылар чыгарманы К-лык жактан курууда кысылбайт. Кээде фольклордук жанрлардын салттарына ылайык К-лык канондор (эпикалык клишелер, каармандардын кайып болушу, айрым окуялардын бир нече жолку кайталанышы, ар кыл окуяларды сүрөттөөдө пайдаланылуучу туруктуу саптар) колдонулат. Эпостун К-сы сюжеттик жактан гана эмес, бир каарман менен экинчисин (Манас менен Коңурбай, Алмамбет менен Чубак, Айчүрөк менен Чачыкей жана башкалар) салыштыруу ыкмасы да чыгарманын түзүлүшү үчүн кызмат кылат. Манасчылардын чыгарманы аткаруу кезиндеги интонациясы, синтаксиси, обону, индивидуалдуу тили, аткаруу манерасы да К-га жатат.

А. Муратов. Б. Кыдырбаева

КОМУЗ

чертмек — кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы. К. жыгачтан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапайы тал) алмурут өңдүү формада чабылып, моюну ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу 75 см чамалуу. К. баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан түзүлөт. «Манас» эпосунда К. тууралуу маалыматтын орун алышы, анын кыргыз элинин байыртадан келе жаткан музыкалык аспабы экенин айгинелейт.
Эпосто Бай Жакып Манас аттуу уулдуу болгондо берген тойдо айтылуу шайырлар К. чертишкендиги айтылат:

Дутар менен комузун,
Колуна алып чертишип...
Сурнайды суулап тартышып,
Ырчылар ырын айтышып
(Сагымбай Орозбаков, 1. 96).

Ошондой эле эпосто К. эмнеден чабылып, жасала тургандыгы ачык, так, элестүү көркөм баяндалат:

Өрүктөн комуз чаптырган,
Үкөктөн капкак жаптырган,
Чарасын терең ойдурган,
Тепкесин кайкы койдурган,
Ичеги кылып тактырган,
Аркы-терки кактырган,
Күүсүн уккан жактырган
Комузчудан жүздү алып
(Сагымбай Орозбаков, 2.)

КОНДУЧАЛОВА Сагипа

(1926, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы) — тилчи, педагог. Филология илимдеринин кандидаты (1964), профессор (1982). Фрунзе педагогика институтунун тил жана адабият факультетин бүткөн (1949). 1949 — 52-ж. Фрунзедеги Кыргыз кыздар окуу жайында, 1952—55-ж. Кыргыз кыз-келиндер интунда иштеген. 1955—59-ж.

Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда кенже илимий кызматкер. 1959—70-ж. Ош педагогика институтунун кафедра башчысы, 1970—73-ж. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогика институтунда доцент, 1973 — 88-ж. кафедра башчысы. К. кандидаттык диссертациясын «Радловдун кыргыз тили боюнча жыйнаган материалдары» (1959) деген темада коргогон. Ал «В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлуктөрү» (1961), «В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөру» (1964) деген эмгектеринде орус окумуштуусу жазып кеткен кыргыз оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүнө, асыресе, «Манас» эпосунун тексттерине фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык талдоо жүргүзүп — фактыларды азыркы түндүк кыргыз говорлору менен адабий тилдин материалдарына салыштырып текшерген.

А. Абилов

КОНОЙ

— эпизоддук кейипкер. Бала Манас жолдоштору менен салбырынга барганда жолдоштору кан көтөрөлү, атыңды сой дегенге болбой койгондордун бири тыргоот Ангирдин уулу К. болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 239).

КОНОК

— топоним. Көкөтөйдүн ашында Манас Жолойдун жаагын айра чапканда ал: Чакы менен Жайнактын Кулжа менен Коноктун Келе ортого барармын Калың бир колдор болормун Ошондо Манас сага кылармын (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 92-б.),— деп кекенип, ачуусу келгенде айтылат. Географиялык реалияда Иле аймагындагы жердин аты.

КОНТАМИНАЦИЯ

(латынча contaminatio — жалгашуу, жанашуу, аралашуу) — элдик оозеки чыгармачылыкта ар башка мотивдердин, сюжеттердин, образдардын өз ара жалгашуусу, биригүүсү аркылуу чыгарманын жаңы түс, жаңы мазмунга ээ болуусу. Мисалы, «Манастагы» Алмамбетке байланыштуу окуяларда байыркы энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги карама-каршылыктардан улам пайда болгон ата менен баланын касташуусу жөнүндөгү мотивге кийинки кездин идеологиясына ылайык өнүгүп чыккан чыныгы ак дин үчүн кайрыдин ата менен күрөшүүчү уул жөнүндөгү мотив жалгашып, байыркы мотив жаңыча талкууланып, андагы образдар жаңы түскө ээ болгон.

КОНТЕКСТ

(латынча contextus — тутум, байланыш) — чыгарманын белгилүү бир бөлүгүнүн — ар бир сөз, көркөм каражат, фраза, сүйлөм жана башкалардын мааниси, так, толук ачыла турган үзүндү. Чыгармадагы сөздүн тандалышы, көркөм сөз каражаттарынын колдонулушу, стиль К-ке жараша болот. Тилдин, стилдик каражаттардын К-ке туура келбей калышы тексттин биримдигин бузат. К. дайыма чыгарманын жанрдык өзгөчөлүгү менен шартталат. Оозеки өмүр сүргөн эпикалык мурастарда, анын ичинде «Манаста» К-тин бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Эпикалык текстке ретардация мүнөздүү болуп, кайталоолор (стилистикалык, эпизоддук жана башкалар) кеңири учурагандыктан айрым сөздөрдүн, троптордун, көбүнчө эпикалык формулалардын мааниси колдонулган бөлүктө так ачыла бербейт. Бирок, чыгарманын жалпы К-инде алардын мааниси айдан ачык.

Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында «Ана ошондо караса, Мал аманын кааласа» деген формулага айланган эки сап көп колдонулат. Мындан биринчи сап эпикалык баяндоонун объектисин алмаштырууда колдонулуучу композициялык каражат катары кызмат өтөп, ар бир сөзүнүн мааниси так, ачык туюлат. Ал эми экинчи сап, биринчи сапка катар айтылып, анын ар бир сөзүнүн конкреттүү мааниси эмес, сап толук бойдон бир бүтүндүк катары кабыл алынат. Бул сапат эпикалык тексттин мүнөздүү белгилеринен болуп саналат. Мындай текстологиялык көрүнүштөрдү белгилөө үчүн микроконтекст, макроконтекст деген түшүнүктөр колдонулат. Микроконтекстте мааниси ачык байкалбаган сөздөр, сөз айкаштары эпикалык чыгарманын макроконтекстинде сөзсүз ачылат.

«Оңдошуп атын минишип, Жарашып жарак кийишип, Урушмак болду калмакка» (Сагымбай Орозбаков, 1. 164) — деген сүйлөмдүн мааниси макроконтекстке шайкеш келет — согуштук баатырдык тематика ачылып жатат. Ал эми алынган үзүндүнүн өзүндө болсо, К-ти «Урушмак болду калмакка» деген сап түзөт. Эгерде тексттин эпостун макротексти менен шартталган бул сап айтылбаса, алгачкы эки саптын мааниси, чыгармадагы функциясы, сюжеттик ролу толук ачылбайт. К. — эпикалык текстти бир бүтүндүктө кармап турган, чыгарманын поэтикалык системасынын (сюжет, композиция, стиль) табыятын аныктаган маанилүү категория, к. Текст. Текстология.

C. Кайыпов

КОНФЕРЕНЦИЯ 1

(1952), «Манас» эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл союздук илимий конференция, Научная конференция посвященная изучению эпоса «Манас» — негизги маселеси катары «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасын талкуулаган жалпы союздук илимий форум, «Манасты» изилдеп үйрөнүү багытындагы орчундуу баскыч, манастаануу илиминдеги бурулуш учур. 1952-ж. 6—10-июнда Фрунзе шаарында өткөн.

К-ны өткөрүүнүн демилгечиси СССР Илимдер акдемиясынын Президиуму болгон. Ал 1950-ж. 20-октябрда Москвада өткөрүлгөн кеңешмесинде Академиянын Кыргыз филиалындагы Тил, адабият жана тарых институтунун ишинин абалы жана кадр маселеси талкууланып, кабыл алынган токтомдо институттун ишин оңдоодогу зарыл чаралардын бири катары 1951-ж. эпостун элдүүлүгү, негизги варианттары жана курама вариант даярдоо маселелерине арналган «Манас» эпосу боюнча илимий сессиясын өткөрүү Илимдер академиясы Кыргыз филиалынын Президиумуна сунуш кылынган.

Мындай маселенин коюлушуна КПСС БКнын идеологиялык маселелер боюнча согуштан кийин кабыл алынган бир катар токтомдору, аларга байланыштуу өлкөдө түзүлгөн саясий жагдай, айрым элдердин баатырдык эпосторунун («Жангар», «Эдигей» жана башкалар) элдик эмес деп жарыяланышы жана 1946-ж. «"Манас» киргизский эпос» («Великий поход») деген ат менен (Чоң казаттын окуялары) орус тилинде Москвада басылып чыккан китептеги эпизоддорду сынга алган макалалар себеп болгон. Бирок СССР Илимдер акдемиясынын Президиумунун негизги максаты ошол коогалуу шартта «Манас» эпосун сактап калуу эле. Буга курама вариантты даярдоо жөнүндөгү сунуш да күбө. Кыргыз филиалынын Президиуму маселени өз убагында жана талап кылынган багытта даярдап үлгүрө албагандыктан К. белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөй калат. 1951-ж.

29-сентябрда Москва, Ленинграддын окумуштуулары, СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун өкүлдөрү, республиканын окумуштуулары катышкан Кыргыз филиалынын Президиумунун кеңири жыйынында илимий К-ны өткөрүү үчүн Тил, адабият жана тарых институтунун даярдыгы (эпостун көпчүлүккө арналган жана академиялык басылыштарын даярдоо) туура эмес жана жетишсиз деп табылат. Профессор Л. И. Климович, профессор А. К. Боровков баш болгон москвалык, ленинграддык окумуштуулар илимий сессияда «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешип, колдогу варианттар орчундуу кемчиликтерге ээ дешкен. Жыйын К-ны өткөрүү мөөнөтүн узартуу зарыл деген жыйынтыкка келген. СССР Илимдер акдемиясынын Президиуму 1952-ж. 21-январдагы көрсөтмөсү менен Кыргыз филиалынын Президиумун кыргыздардын эпосу «Манасты» изилдөө боюнча СССР Илимдер акдемиясынын институттарынын жана жазуучулар союздарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен илимий К. өткөрүүгө милдеттендирген жана К-нын филиалдардын кеңеши сунуш кылган программасын бекиткен. Негизги төрт доклад болору белгиленип, докладчылар дайындалган: «Манас» эпосунун калыптанышынын тарыхый шарттары (Об исторических условиях формирования эпоса «Манас»), докладчы профессор А. Ю. Якубовский; «Манас» эпосун изилдөөнүн жыйынтыктары жана милдеттери (Итоги и задача изучения эпоса «Манас»), докладчы профессор Л. И. Климович; «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасы (Проблема народности эпоса «Манас»), докладчы профессор А. К. Боровков; «Манас» эпосунун варианттарын талдоо (Обзор вариантов эпоса «Манас»), докладчы жазуучу Ө. Жакишев. Бир катар жардамчы докладдарды даярдоо да белгиленген. Тил, адабият жана тарых институтун 1952-ж. 1-апрелден кечиктирбей Кыргызстандын райондорундагы элдерден «Манастын» варианттарын жазып алуу ишин уюштурууну милдеттендирген.

КОНФЕРЕНЦИЯ 2

Докладдарды убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу үчүн беш кишиден турган комиссия түзүлгөн: филология илимдеринин доктору Б. П. Сухотин (төрага), Л. И. Климович, филология илимдеринин кандидаты А. А. Валитова, филолгия илимдеринин кандидаты Г. С. Тихомиров, В. В. Фарсобин (мүчөлөрү). К-ны даярдоо жана өткөрүү филиалдардын кеңешине жана Кыргыз филиалынын Президиумуна жүктөлгөн. Көптөгөн дагы башка иш-чаралар көрүлүп, даярдык жанданып, зарыл аракеттер жүзөгө ашырылган: «Манастын» бүткүл кыргыз элине таандык чыгарма экендигин далилдөө максатында республиканын райондоруна илимий экспедициялар уюштурулуп, мурда эпостун тексттери жазылып алынбаган чөлкөмдөргө, айрыкча Түштүк Кыргызстан аймагына өзгөчө көңүл бурулуп, эпостун жаны варианттары кагаз бетине түшүрүлөт; айрым белгилүү манасчылардан эпостун тексттерин кайталап жазып алуу жүзөгө ашырылат (Саякбай уулунан; «Манас» эпосун жазуу, жыйноо иштерине активдүү катышып, өзү да эпосту айтып жүргөн Ы. Абдыракманов өз вариантын жазып өткөрөт).

Төрт ай бою республикалык мезгилдүү басма сөз беттеринде «Манас» эпосуна арналган талкуу жүрүп, «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия» газеталарына жана башкалар газета-журналдарда негизинен эпостун элдүүлүк проблемасына арналган орус жана кыргыз тилдеринде түрдүү мазмундагы жыйырма бештен ашуун макала жарыяланган. 1952-ж. 2-февралда «Советская Киргизия» (кыргызчасы ошол эле күнү «Кызыл Кыргызстан» газетасына) газетасына жарыяланган тарыхчы Г. Нуровдун «"Чоң казат" китеби жөнүндө» (О книге «Великий поход») аттуу макаласы менен башталган бул талкууга республиканын акын-жазуучулары А. Токомбаев («Манас» — эпос киргизского народа — «Советская Киргизия», 1952, 28-март; «Кызыл Кыргызстан», 1952, 28-март), К. Баялинов («Манас» эпосу жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 25-май; киргизской эпос «Манас» — «Советская киргизия», 1952, 27-май), Т. Сыдыкбеков («Манас» эпосунун элдиги жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия», 1952, 29-май), Ө. Жакишев («Манас» эпосунун варианттары жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 28-май; «Советская Киргизия», 1952, 20-май), түрколог окумуштуулар Б. Юнусалиев (К вопросу об эпохе и возникновении эпоса «Манас» — «Советская Киргизия», 1952, 23-май; «Кызыл Кыргызстан», 1952, 28-май), И. Батманов («Манас» эпосу жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 21-май), кыргыз окумуштуулары Ж. Таштемиров (Сырткы басып алуучуларга каршы кыргыз элинин жүргүзгөн күрөшү менен «Манас» эпосунун байланыштуулугу тууралуу — «Кызыл Кыргызстан»; 1952, 17-май; Очистить эпос «Манас» от антинародных наслоений — «Советская Киргизия», 1952, 5-июнь), Б. Керимжанова («Манас» эпосунун элдүүлүгү туура чечилүүгө тийиш — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 5-июнь), республикалык педин-ттун окутучуулары И. Шерстюк (О народности эпоса «Манас» — «Советская Киргизия», 1952, 18 март; «Кызыл Кыргызстан», 1952, 19-март), С. Мусаев (Элдик эпостун туура бааланышы зарыл — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 13-апрель), П. Балтин (Против фальсификации устных произведений — «Советская Киргизия», 1952, 15-май), москвалык окумуштуулар: С. Даронян (К вопросу о народности эпоса «Манас» — «Советская Киргизия», 1952, 13апрель), М. Богданова (Очистить эпос «Манас» от антинародных наслоений — «Советская Киргизия», 1952, 18-апрель; «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 11-май; Об эпосе «Манас» — «Литературная газета», 1952, 27-май), В. Зимогляд («Великий поход» — реакционная антинародная книга — «Советская Киргизия», 1952, 15-май) жана башкалар катышкан.

КОНФЕРЕНЦИЯ 3

К-нын ишине СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалы менен СССР Илимдер академиясы Тил жана адабият бөлүмү жетекчилик кылган. К-нын ишине төрт жүздөн ашуун адам, Кыргызстандын, Москва менен Ленинграддын жана Союздук республикалардын илимий кызматкерлери, жазуучулар, партиялык-советтик кызматкерлер жана башкалар катышкан. К-нын негизги маселеси «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасы болуп ага, арналган докладдар эки топко бөлүнгөн: 1-топ: негизги доклад — «Манас» эпосунун элдиги жөнүндөгү проблема (Проблема народности эпоса «Манас»), докладчы Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын корреспондент мүчөсү, профессор А. К. Боровков; кошумча докладдар — «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына карата (К вопросу о проблеме народности эпоса «Манас»), докладчы Тил, адабият жана тарых институтунун директору, философия илимдеринин кандидаты А. Д. Цавлеткелдиев; «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндө (О народности эпоса «Манас»), докладчы М. И. Богданова; 2-топ: негизги доклад — «Манас» эпосунун варианттарына мүнөздөмө берүү, докладчы Ө. Жакишев; кошумча докладдар — Каралаевдин кариантына мүнөздөмө (Обзор каралаевского варианта), докладчы К. Маликов; «Манас» эпосунун алгачкы жазылыштары жөнүндө (О ранних записях эпоса «Манас»), докладчы СССР Илимдер академиясы Чыгыш таануу институтунун (Ленинград) илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты А. А. Валитова, «Манас» эпосунун Ы. Абдыракманов түзгөн варианты (Вариант Ы. Абдыракманова), докладчы филология илимдеринин кандидаты Б. Керимжанова; «Семетейдин» элдүүлүгү проблемасына карата (К проблеме о народности «Семетей»), докладчы А. Токомбаев; «Сейтек» — «Манас» үчилтигинин бөлүгү катары («Сейтек» — как составная часть трилогии «Манас»), докладчы Т. Сыдыкбеков. Бул эки топтогу докладдардан тышкары негизги докладдын бири катары СССР Жазуучулар союзунун улуттук адабияттар бюросунун төрагасы, профессор Л. И. Климовичтин доклады («Манас» эпосун изилдөөнүн абалы жана милдеттери — Состояние и задачи изучения эпоса «Манас») угулган.

Негизги жана кошумча докладчылардан башка да К-га катышкан көптөгөн адамдар сүйлөгөн. Талкууланып жаткан маселе боюнча өз ойлорун айткандардын арасында М. Ауэзов, А. Бернштам, Б. Юнусалиев сыяктуу белгилүү окумуштуулар да болгон.

КОНФЕРЕНЦИЯ 4

Беш күнгө созулган К. орус тилинде өтүп, кыргызча сүйлөгөн сөздөр орус тилине которулуп берилген. Докладдар, кошумча докладдар, ошондой эле чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү толук стенограммаланган. Стенограммалардын машинкага бастырылган үлгүлөрү Кол жазмалар фондусунда (851, 852, 853-инв.) сакталып турат (704 б.). К-нын жүрүшү, докладдардын, сүйлөгөн сөздөрдүн кыскача обзорлору «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия» газеталарынын 7—8—10-июндагы сандарына жарыяланган. Илимий К-нын материалдары толук жарык көрө элек.

К-ны ачкандагы кириш сөзүндө жыйындын төрагасы, СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары, философия илимдеринин кандидаты А. Алтымышбаев кыргыздар байыркы элдердин бири экендигин, алардын системалуу түрдө жазылып калган тарыхы болбогондуктан басып өткөн жолу жөнүндөгү маалыматтар материалдык жана рухий эстеликтеринде чагылдырылгандыгын эскерте келип, элдин тарыхы тигил же бул деңгээлде чагылдырылган чыгарма «Манас» эпосу экендигине токтолуп, эпосту эл арасынан жыйноо, басмага даярдоо, изилдөө багытында көп күч, убакыт, каражат сарпталып, бир катар иштер иштелгенин белгилеп, бирок чыгарманын элдүүлүгү жөнүндөгү маселе алиге тактала электигине, буга орус тилинде басылып чыккан («Великий поход», М., 1946) материал күбө болорн айтат. Китепте басма сөздө талаш-тартышты пайда кылган бир катар учурлар орун алгандыгын эскерте кетип, ага катышкандардын ойлоруда ар түркүн экендигине көңүлбурат. Жыйындын катышуучуларынан шкеактивдүү аралашып, талкуулануучу маселе боюнча объективдүү чечим кабыл алууга Академиянын Кыргыз филиалын Президиумуна көмөк көрсөтөт деп үмүттөнгөнүн билдирет. Негизги докладчы профессор А. К. Боровков оозеки чыгармачылыкка марксчыл-ленинчил эстетиканын позициясында гана мамиле жасалууга тийиш, коммунисттик көз карашка тарбиялоонун талаптарына ылайыкташканда гана маданий мурас проблемасын туура чечүүнүн бирден бир туура жолу ачылат, башка мамиле сөзсүз өткөндү идеалдаштырууга (эпикалык чыгармачылыкта да) гана алып келет деген оюн билдирүү менен кыргыз эпосунун элдүүлүк маселесинде бир катар күдүксүз кыйынчылыктар бар деп эсептейт:

1) «Манас» эпосунун идеялык мазмунуна баа берүүдөгү биринчи кыйынчылык чыгарманын мүнөзү менен байланышкан. Анын акыркы убактарга чейин оозеки сакталып жана муундан муунга өтүп келиши эпостун дайым жаңыланып турушуна, анын курамынын, эпикалык образдарынын мүнөздөрүнүн, идеялык мазмунунун өзгөрүшүнө алып келген.

2) Эпостун курамынын жана түрдүү версияларынын жеткиликтүү изилденбегени, чыгарманын пайда болуш, калыптаныш учуру жөнүндө так түшүнүктүн жоктугу.

КОНФЕРЕНЦИЯ 5

3) А. Н. Веселовскийдин «бир агым» («единый поток») теориясынын жана академик Н. Я. Маррдын «тил илиминдеги жаңы окуусунун» таасири «Манас» эпосун изилдөө ишинде укмуштуудай чаташууларга алып келгенин көрсөтөт. Докладчынын ою боюнча ушундай абалдын натыйжасында «Манастын» эң реакциячыл версиясы болгон Сагымбай Орозбаков айткан тексттер элдик жана демократиялык катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле эпостун элге каршы мазмуну, исламды үгүттөө, башка элдерге душмандыкты жана талоончул согуштарды идеалдаштыруу эпикалык Манастын тээ алыскы, 9-кылымда эле кыргыз мамлекетин түзүү аракети деген жалган идея менен жаап коюлганы да жашырын эмес (7-б.).

Докладчы эпостун көптөгөн изилдөөчүлөрү «Манаска» түрдүү тарыхый шарттарда киргизилген кошумчалар, анын мазмунундагы катмарлар жөнүндө айтышарын эскерте келип, мындай «теориялар» эпостун өнүгүшүндөгү эки сызыктын — элдик жана феодалдык-клерикалдык багыттын айырмасын өчүрөт, феодалдык-клерикалдык идеологияны идеалдаштырууга алып келет — деп эсептейт. «Манастагы» реакциячыл феодалдык, бай-манаптык жана буржуазиялык улутчулдук идеялардын таасири менен киргизилген кошумчалар, докладчынын ою боюнча, өзгөчө мүнөзгө ээ, алар чыгармадагы катмар гана болбостон, редакциялык белгиге айланган. Буга С. Орозбаковдун, М. Мусулманкуловдун жана Тоголок Молдонун версиялары — далил. Докладчынын түшүнүгүндө реакциячыл көрүнүшкө айланып, мазмунга терең сиңип кеткен кошумчаларды алып салууга, эпосту ушул жол менен тазалоого мүмкүн эмес. Андан нары докладчы «Манастын» мазмунун талдоого өтүп, Сагымбай Орозбаковду жана башкалар манасчылардын тексттерин сынга алат. Орчундуу кемчиликтер катары тексттерде Баабедин, Кызыр Иляс, Кырк чилтен жана башкалар сыяктуу түшүнүктөрдүн, ислам, түрк сыяктуу айрым сөз, терминдердин кезигишин түшүнөт. Эпостогу так эместиктер, кошумчалар «Манасты» терс чыгарма кылып көрсөтөт деп эсептеп, көптөгөн фактыларды келтиргенине карабай сөзүнүн корутундусунда профессор биздин милдетибиз колдо болгон материалдардын негизине таянып, эпос боюнча чыныгы, терең изилдөө жүргүзүү, үчилтиктин элдик негизин калыбына келтирүү — деп эсептейт (стенограмманын 5-39-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 6

Кошумча доклад жасаган А. Давлеткелдиев сөзүн өткөндүн маданий мурасына сын көз менен кароо зарылдыгын эскертүү менен баштап, «Манас» элибиздин тарыхынан, күрөштөрүнөн, саясий коомдук өнүгүүсүнөн кабар берген энциклопедиялык монументалдуу чыгарма экендигин белгилейт жана карама-каршы таптар коомунда бийлик ээлери өз кызыкчылыгын коргоо максатында эл чыгармачылыгынын материалдарын пайдаланганын, ал үчүн алардын мазмунуна кошумчалар киргизип, реакциячыл идеялар менен катмарлап, элдик негизин бурмалагандыгын, мындай абалга «Манас» эпосу да туш болуп, натыйжада негизи күмөнсүз элдик болгон бул чыгарма көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушарланган деп эсептейт.

Эпостун сюжеттик линиясындагы окуялар системасын кыскача эске сала келип, докладчы аларда панисламдык, пантүрктүк, улутчулдук жана баскынчылдык идеялар орун алган деп өкүнүү менен айтат, кайсыл үзүндүнү, кайсыл эпизодду албайлы ушул элге каршы реакциячыл идеяларга урунабыз дейт. Сөзүнүн далили катары эпостун мазмунундагы Жакыптын түшү (түштү балаң бүт дүйнөнү караткан баатыр болот экен деп жорууну бүт дүйнө жүзүн басып алууга умтулуу деп түшүнөт), Алмамбеттин мусулмандык белгилер менен туулушу сыяктуу көрүнүштөрдү келтирет жана талдоого алат. Ошондой болсо да, докладчы Каралаевдин жана башкалар варианттарда, ал гана эмес реакциячыл варианттарда да айрым прогрессивдүү учурлар бар, бирок алар терс катмарлардын алдында өтө эле терең жаткандыктан абдан көңүл буруп окуу аркылуу гана табууга болот дейт. Мисалы, Сагымбайдын вариантын барып турган реакциячыл деп эсептеп, андагы Манастын Алтайдан кыргыз жери Ала-Тоого келиши калмактардын кыргыздарды басып алуусу менен байланыштырылганы менен кыргыз жерин баскынчылардан бошотуу учурунда Манас эл жашаган жайларды, шаарларды талкалап, талап жүрүп отурушу сүрөттөлүү менен эркиндик идеясы, кыйраган, чабылып-чачылган элдин башын кошууга багытталган окуялар манасчынын айтуусунда баскынчылыкка айланып калган деп түшүнөт.

КОНФЕРЕНЦИЯ 7

Докладчынын ою боюнча реакциячыл, элге каршы кошумчаларына, катмарларына карабастан «Манас» эпосун ошол кошумчалардан тазалап, негизги сюжеттик линиясын бардык прогрессчил демократиялык белгилери менен калыбына келтирүүгө мүмкүн — деген жыйынтыкка келет. Сөзүнүн акырында таза, кошумчаларсыз, чыныгы элдик вариантты табуу керек деген пикир айтылып жатканын эскерте келип, мындай варианттын болушу мүмкүн эместигин, эпостогу негизги элдик, демократтык багытты табуу, аныктоо үчүн колдогу варианттарды көңүл коюп тыкан изилдөө жана жаңыларын да жазып алуу керектигин белгилейт (стенограмманын 40—55-б.).

Кошумча доклад жасаган М. Богданова өз баяндамасын буржуазиялык улутчулдардын манасчыларга тийгизген таасиринин натыйжасында болгон эпостун жазууларындагы реакциячыл жана бир жактуу мүнөз, ошондой эле бастыруу учурундагы аларды сын көз менен карап тандап алуу ишинин такыр эле жүргүзүлбөгөнү «Манастын» негизги маңызын туура түшүнүүдөгү орчундуу тоскоолдук деп белгилөөдөн баштап, «Манаска» баа берүү ишинде узак убакыттар бою аны идеалдаштыруу жана элге каршы, реакциячыл катмарларын айтпоо тенденциясы өкүм сүргөнүнө көңүл бурат. Айрым учурларда мунун тескерисинче «Манастан» реакциячыл мотивди издеп таап жана ошонун негизинде бул чыгарманы элдик эмес деп жарыялоого шашылуу өкүм сүрүүдө. «Манасты» жеке бир киши жараткан чыгарма эмес, ошондой эле аны кээ бир феодалдык чөйрөдөгү жалданма ырчыга таандык дешке да болбойт, ал — көп муундардын коллективдүү эмгегинин жемиши. Эпосто жеке эле согуш окуяларын эмес, элдин көп жактуу жай турмушунун көрүнүштөрү да сүрөттөлөт. Бүтүн бир чоң чыгармага бириккенге чейин эпостун композициялык структурасы айрым уламыш, легенда, жөө жомок түрүндө жашап, бир бүтүнгө бириктирилишинин өзү балким кийинки учурлардын иши болушу да мүмкүн.

КОНФЕРЕНЦИЯ 8

Докладчы «Манас» эпосу эң алды менен поэтикалык көркөм чыгарма экендигин, элдин тарыхый турмушу анын мазмунунда кеңири көркөм жалпылоолор аркылуу чагылдырылгандыгын баса белгилеп, «Манас» кээ бир изилдөөчүлөр таңуулаган конкреттүү тарыхый окуялардан алда канча кеңири деп эсептейт. Докладчы эпостогу тарыхый окуялар менен адамдар ойдон чыгарылган жана поэтикалык мүнөздөгү маалыматтар менен аралашып кеткендигине көңүл буруу менен, эпостун өзү таанышып чыккан орус жана кыргыз тилдеринде басмадан чыгып жарык көргөн тексттерине, Багыш Сазан уулунун вариантына таянып, чыгарманын өзгөчөлүктөрүнүн бири окуяларды сүрөттөөлөрдө, каармандардын образында карама-каршылыктардын болушу деп эсептейт. Ал карама-каршылыктарды эпостун түзүлүш жана өнүгүш жолундагы өтө узак мезгилде түрдүү эпостордон, уламыштардан, ырлардан куралгандыгынын натыйжасы менен түшүндүрөт.

Бизге белгилүү версияларда Манас уруунун коргоочусу эле эмес, мал, согуштук олжо, кул жана башкалар үчүн да аракеттенгендигин байкоого болот — деп сөзүн улантат да, М. Богданова мындай көрүнүштүн себебин ошол тарыхый шарттын өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүү зарыл деп эсептейт, элдүүлүк деген түшүнүктүн өзү тарыхый категория экендигин эске сала келип, эпостун жаралуу, жашоо шартында элдүүлүктүн өзү бүгүн биз түшүнгөн мүнөздө болгон эмес да — дейт.

М. Богданова А. К. Боровковдун докладында айткан эки эпос (элдик жана феодалдык) болгон деген оюна каршы чыгып, түрдүү чөйрөдө аткарылганы менен «Манас» эпосу бир гана организм болгон — деп эсептейт. Докладчынын ою боюнча кыргыздарда жазуу жок болгондуктан «Манасты» эл да, феодалдык чөйрөдө да пайдаланган. Жазма адабияты бар жерде абал башка — жазма адабият бийлик төбөлдөрдү тейлеп, оозеки чыгармалар, анын ичинде эпос да, элдик негизин толугураак сактап калат.

КОНФЕРЕНЦИЯ 9

Өзү кеңири таанышкан БСВны мүнөздөөгө өтүп, докладчы бул версия өзүнүн реакциялуулугу жактан Орозбаковдун версиясы менен тең тайлашат деген жыйынтыкка келет. Докладынын аягында М. Богданова эпостун барып турган реакциячыл варианттарында да элдин үнү айрым эпизоддор, мотивдер түрүндө даана байкалып турганын айтып, эпостун негизи элдик экендигине андагы элдин көп кылымдык турмушунун чагылышы, чыгармадан көптөгөн көркөм жанрлардын орун алгандыгы, уруулардын биримдешип, четтен басып келгендерге каршы туруу идеясынын чагылышы, Манастын образында да карама-каршылыктуу белгилердин болушу, чыгарманын эл арасында кеңири таралышы, карама-каршы таптык күчтөрдүн эпостун айланасында өз ара жүргүзгөн күрөштөрү жана башкалар далил болот — деп эсептейт.

Докладчынын ою боюнча «Манас» биз билген жазылып алынган үлгүлөрүндө эл арасында жашоосу мүмкүн эмес. Аны түрдүү терс кошумчалардан, катмарлардан арылтуу, тандап алуу иштерин жүргүзүп, нукура элдик, мыкты үлгүлөрүн элге кайтарып берүү абзел. Академик И. А. Орбелинин жетекчилиги менен 70 версиянын негизинде түзүлгөн армяндардын «Сасундук Давид» эпосунун үлгүсү сыяктуу курама вариант түзүү зарыл (стенограмманын 56— 79-б.).

Негизги докладчылардын бири Ө. Жакишев сүйлөгөн сөзүндө В. И. Лениндин ар бир улуттук маданияттагы эки жактуулук жөнүндөгү окуусуна таянуу менен Октябрь революциясына чейин кыргыздарда да эки маданият болгонун, реакциячыл багыттын өкүлдөрүнө Калыгул, Арстанбек, Кылыч кирет, демократиялык топтун башында Токтогул турат деп белгилей келип, 20—30-жылдарда «Манас» эпосун жазып алууда, айрыкча. Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазууда орчундуу каталыктар кетирилген дейт. Бул ишти жетектеген буржуазиялык улутчулдар айтуучунун чыгармачылык иш процессине кийлигишип, панисламдык, пантүрктүк мүнөздөгү кеңештер беришип, Манастын образын баскынчы, ислам үчүн күрөшүүчү катары түшүндүрүүгө далалаттанган деп эсептейт. Докладчынын ою боюнча бүт эпосту баштан аяк реакциячыл деш туура эмес, эгер эпос жалаң эле агрессивдүү жана феодалдык идеялары менен гана чектелип, элдик кызыкчылыктар чагылдырылбаган болсо, эпос эл арасында биздин күндөргө чейин жашап, ушундай кадыр-баркка жетише алмак эмес, алда качан жашоосун токтотмок. Ушундай зор көлөмдүү жана жогорку көркөмдүктөгү эпостун элдин катушуусуз пайда болушу мүмкүн эмес.

КОНФЕРЕНЦИЯ 10

Докладчы Саякбай Карала уулунун вариантына мүнөздөмө берүүгө өтүп, анын сюжетиндеги Алоокени жеңгенге чейинки окуяларды Манас баатыр элдин таламын талашкан адам катары сүрөттөлгөн эпизоддор катары эсептеп, чыгарманын кийинки окуяларынын көбүндө Манас исламды үгүттөөчү, түрктөрдүн башын коштуруучу, агрессор жана баскынчы катары берилген деп көрсөтөт. Ч. Валиханов, В. В. Радлов жазган тексттерге мүнөздөмө берип, ал окумуштуулардын кыргыздар ислам жөнүндө үстүрт гана түшүнүккө ээ деген маалыматтарына таянуу менен, «Манас» эпосуна ислам Кокон кандыгынын жана жадидизмдин таасири аркылуу 19-кылымда — 20-кылымдын башында кирген болуш керек деген божомолун айтат.

Сагымбайдын вариантына токтолуп, докладчы манасчы да, тексттерди кагазга түшүргөн адам да сабаттуу болгонун көрсөтүп, жазуу ишине жетекчилик кылган улутчулдар исламдык, түрктүк түшүнүктөрдү таңуулап киргизген дейт да жана Сагымбайдын өзү да кыргыз коомундагы бай-манаптык төбөлдөр жана улутчул интеллигенттер менен тыгыз байланышта болгон деп эсептейт. Докладчынын пикири боюнча Сагымбай Орозбаковдогу Манастын туулганы, балалык чагы, Каныкейди алганы жана «Көкөтөйдүн ашы» окуяларында гана айрым жай турмуш көрүнүштөрү сүрөттөлөт, калган окуяларда жалаң согуштук жүрүштөр менен башка элдерди каратуу баяндалат.

Докладчынын түшүнүгүндө Саякбай Карала уулунун кембагал бүлөдөн чыгышы ал айткан вариантка таасирин тийгизгени менен анын варианты да буржуазиялык улутчулдардын таасиринен таза эмес. Сагымбай сыяктуу эле Саякбайдан үчилтиктин биринчи бөлүмүн жазууга да улутчулдар жетекчилик кылышкан.

КОНФЕРЕНЦИЯ 11

Докладчы Сагымбай менен Саякбайдын варианттарындагы окуяларды салыштырууга кеңири токтолот. Шапак Рысменде уулу, Багыш Сазан уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу айткан тексттер сюжеттик композициясы, идеялык багыты боюнча Сагымбай Орозбаковду негизинен кайталагандыктан, элге жат экендиги кадиксиз деп эсептейт. Баяндамасынын аягында Ө. Жакишев колдогу варианттардын ичинен Саякбай Каралаевдин вариантында элдик мотивдер басымдуулук кылат, бул ал тексттердин өзгөчө баалуулугун айгинелеп турат деп белгилейт, бирок ал да бириктирилген вариантка негиз боло албайт. Институттун фондусундагы варианттардын баарын дыкат карап чыгып, аларды элге жат идеялардан тазалоо зарыл деген корутундуга келет (стенограмманын 81 —107-б.).

Кошумча докладчы К. Маликов өз баяндамасында негизинен Саякбай Каралаевдин варианты га токтолорун эскертип, чыгарманын кыскача сюжетин баяндап, сырттан басып кирген душманга каршы туруу, мекенди бошотуу, чачыранды урууларды бириктирүү сыяктуу маселелерге басым жасап, Молтокан менен Алоокеге каршы күрөш, Алоокенин элди эзиши, жеринен айдалган кыргыздардын турмуш-тиричилиги, Манастын Аккуланы эгинге сатып алышы өңдүү окуялардан мисалдар келтирип, аларды эпостун элдик белгилери катары көрсөтөт. Саякбай Каралаевдин вариантындагы элге жат идеялар баяндалган, буржуазиялык улутчулдардын таасири менен бурмаланган эпизоддор катары «Чоң казат», «Шоорук менен согуш», «Чубактын Букарды камаганы» сыяктуу окуяларды жана ушундай эле терс мүнөздөгү кошумчалар менен бурмаланган тексттер деп Кошой, Бакай, Ажыбай жана башкалар каармандардын өмүр баяндык маалыматтары айтылган үзүндүлөрдү эсептейт. «Чоң казат» толук бойдон идеялык талаптарыбызга туура келбейт, баштан аяк элдин кызыкчылыгына каршы турат дейт да, кытай эли менен совет элдеринин достугунун кызыкчылыгы үчүн бул бөлүмдү эпостун тутумунан такыр алып салууну сунуш кылат. Сөзүнүн акырында «Манас» эпосунун идеялык, көркөмдүк жактан талапка жооп бере турган текстин даярдоо үчүн колдогу варианттардан иргеп бир вариант түзүү зарыл. Бул үчүн Тоголок Молдодон башка манасчылар бүт сабатсыз экендигин эске алып, алардан жазылган тексттерди кайра иштеп чыгууга жол берүү керек — деп сөзүн аяктайт (стенограмманын 108—155-б.). «Манастын» алгачкы жазылып алынган тексттери жөнүндө кошумча докладчы А.A. Валитова Ч. Валихановдун кыргыз жергесине качан келгенин, эмнелерди жазып алганын, алардын качан жарыяланганын эскертет, тексттерге кыскача мүнөздөмө берип, чыгарма көчмөн элге таандык экендигин айгинелеп турган билгилерге көңүл бурат. Үзүндү түрүндөгү жазуулардын негизинде эпикалык баяндын мүнөзүнө баа берүүнүн кыйындыгын эскерте келип, казак окумуштуусунун жазуулары өзгөчө баалуулугу Манастын алгачкы элдик образынын кандай болгондугун байкоого мүмкүнчүлүк бере тургандыгында дейт. Докладчынын ою боюнча Ч. Валиханов жазган тексттерде да элге жат, таңууланган издер бар, бирок элдик баатырдын образын феодалдарча чечмелөө кийинки айрым версиялардагыдай терең эмес.

КОНФЕРЕНЦИЯ 12

B.В. Радлов жазып жарыялаган тексттерге мүнөздөмө берүүдө докладчы ал материалдар улутчулдардын таасирине туш болбогондугуна жана табигый шартта жазылгандыгы менен баалуу экендигине көңүл бурат, андагы эпизоддорду санап чыгып, тексттер үч адамга таандык экендигин эскертет. Докладчынын ою боюнча бул тексттерде да феодалдык түшүнүктөрдүн таасири бир топ күчтүү, элдик мотивдер жат идеологиянын таасири менен күңүрттөлүп баяндалат. Мунун себебин А. Валитова В. В. Радлов экспедиция учурунда бай-манаптардыкында токтогондуктан айтуучулар бай-манаптык идеологгияны баяндашкан болсо керек деген жоромол менен түшүндүрөт.

Докладчы Манастын душмандары катары калмактар аталганына көңүл буруп, эпостун окуяларын жунгар баскынчылыгы менен байланыштырат жана чыгармадагы негизги идея баскынчылыкка каршы туруу экенин белгилейт. Сөзүнүн акырында докладчы Ч. Ч. Валиханов, В. В. Радлов жазган тексттерде элге жат мотивдер бир кыйла экенине карабастан алардагы каармандардын алгачкы образдарынын жана элдик мотивдердин жетишерлик так байкалып турушу колдогу бардык варианттардын негизинде дыкат изилдөө иштерин жүргүзүп, нукура элдик образдарды калыбына келтирүүгө болот деген жыйынтык чыгарат (стенограмманын 156 —182-б.).

Кошумча докладчы Б. Керимжанова өз сөзүн «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия» газеталарынын беттеринде уюштурулган талкууда «Манас» эпосу боюнча эки түрдүү пикирлер айтылганын белгилөөдөн баштап, айрымдар эпостогу реакциячыл мотивдер менен катар элдик мотивдер да бар экенин белгилешсе, кээлери, мисалы, Г. Нуров «Чоң казатты» туура сындаганы менен жалгыз эпизодго гана таянуу менен бүт эпосту реакциячыл деп баалоого аракеттенгенин, ал эми П. И. Балтин Сагымбай Орозбаковдун негизинде гана бүт эпосту реакциячыл деп карагандыгын айтты. П. И. Балтиндин эпосту эл эмес көз каранды ырчылар түзүшү мүмкүн деген оюна каршы чыгып, «Манас» сыяктуу зор масштабдуу чыгарманы коллектив, эл гана жарата алат деген ишенимин билдирип, белгилүү 80дей манасчынын Тыныбек менен Сагымбайдан башкасынын тектери бүт эмгекчи эл арасынан чыкканына көңүл бурган. Кыргыздарда «Манас» башка оозеки көркөм чыгармачылыктын үлгүлөрү менен катар маданий булактын милдетин аткаргандыктан феодал төбөлдөр «Манаска» таасирин тийгизгени шексиз.

КОНФЕРЕНЦИЯ 13

Ошондуктан эпостун бүгүнкү варианттарынын көпчүлүгүндө реакциячыл мотивдердин болушу кокустук эмес. Докладчынын ою боюнча терең талдоо жүргүзгөндө эпосто реакциячыл идеялар менен катар эле демократиялык, элдик мотивдер бар экенин «Манастын» дээрлик бардык тексттеринен байкоого болот. «Манастагы» терс катмарларды жоюу, элдик негиздеги тексттерди табуу максатында 1951 — 52-ж. аралыгында институтта көрүлгөн иш чараларга токтолуп, жаңы жазылып алынган, илимге мурда белгисиз варианттар жөнүндө айтып, ошолордун бири катары Ы. Абдыракманов түзгөн вариантты көрсөтөт. Анын тексти менен кенен таанышып чыкканын эскертип, вариантка мүнөздөмө берүүгө өтөт, андагы окуяларды санап, алардын диндик жана башкалар терс түшүнүктөрдөн тазаланганын белгилейт. Бирок бул жаңыдан кайра жазылып чыккан текст эпикалык баян эмес экендигин, мындай ык менен идеялуу чыгарма түзүү жолу жараксыздыгын айтып, «Манасты» сактап калуу үчүн курама вариант түзүүнү сунуш кылат (стенограмманын 183—195-б.). Кошумча докладчы А. Токомбаев сөзүн менин оюм боюнча эпостун негизи элдик — деп белгилөө менен баштап, эл тарыхын бүгүнкү көз караш менен кароого жана аны бүгүнкүгө ылайыкташтырууга болбой турганын, фольклорду өнүгүүнүн жолунда белгилүү гана учурдун шартында сөөк болуп катып калган нерсе катары эмес, диалектикалык кыймылда кароо керектигин, эпос доорлордун көптөгөн тактарынан куруларын баса көрсөтөт. Докладчынын ою боюнча эпостун идеялык, мазмуну аны ким аткаргандыгына (кан сарайынын айтуучусубу же эл өкүлүбү) жараша болот. Ошондой эле эпостун чыгыш доору эске алынуусу зарыл. Демек, байыркы эпостон бүгүнкү күндүн идеяларынын так өзүн талап кылууга болбойт, «Манас» эпосун изилдеген айрым жолдоштордун эпостон так ушуну туура эмес талап кылып жатышканы өкүнүчтүү. Эпос элдик маданияттын балалык курагынын көрүнүшү — дейт.

Докладчы андан нары эпостогу каармандарды эл экиге бөлүп карай турганына токтолуп, эл үчүн, анын биримдиги, баш кошуусу үчүн аракеттенгендер Манас, Чубак, Алмамбет, Кошой, Бакай, Үрбү, Сыргак, Төштүк, Семетей, Күлчоро, Сарытаз, Каныкей, Айчүрөк жана башкалар көптөгөн каармандар экенин айтат. Экинчи топтогу элди бөлүп-жарган, өз жеке кызыкчылыгынын камын ойлогон каармандар: Манастын атасы Жакып, Абыке, Көбөш, Көзкаман, Толтой, Кыяз, Чынкожо жана башкалар Алардан башка Канчоро, Чачыкей, Кыргылчал жана башкалар сыяктуу чыккынчылар да бар. Демек эпосто эл идеясын жактаган жана элге каршы идеяларды көздөгөн карама-каршы күчтөрдүн өкүлдөрү бар деп көрсөтөт. Өзгөчө Сагымбайдын вариантында реакциячыл катмарлар көп, диндик мотивдер, тарых менен эч байланышы болбогон согуштук жүрүштөр бар деп эсептейт.

КОНФЕРЕНЦИЯ 15

Эпоско кошумчалар кантип кирген? — деген суроого жооп катары ар бир айтуучу эпоско өз учурунун жана коомдук түзүлүшүнүн талаптарына ылайык мамиле кыларын, чыгарманын сюжетине талантына, түшүнүгүнө, диндик ишенимине карата өзгөртүүлөр киргизерин айтат. Мисал катары Сагымбай Орозбак уулу эпоско идеялык жактан зыяндуу толуктоолор киргизип, исламды туу кылып көтөрүп, Манасты дүнүйөнүн туш тарабына бөтөн жерлерди басып алууга жибергенин көрсөтөт. Сагымбайдын вариантында каармандардын образдары, аттардын сыпаты, жаратылышты сүрөттөө күчтүү берилгенин белгилеп, мунун себеби ал ушул жерлерди мурдагы манасчылардан кандай укса, ошондой эч өзгөртүүсүз, кошумчасыз айткан дейт. Айтуучунун эпоско өзү кошкон, анын жеке башына таандык саптар зыяндуу эле эмес, көркөмдүк жактан да начар деп эсептейт. Докладчы эпостон карама-каршы эки идеяны көрөт.

Биринчиси — кылымдар бою эл башынан кечирип келген күрөшү менен эмгегин, каада-салттарын, кайгы-кубанычын баяндаган бөлүмдөрүндө берилген эмгекчилердин келечекке умтулуусун, үмүтүн, ой-тилегин баяндаган элдик идея.

Экинчиси — кыргыз элинин тарыхында жок кандуу жортуулдарды жараткан элге каршы идея. Баяндамасын докладчы «Манас» эпосун марксисттик-лениндик окуунун негизинде көңүл коюу менен кылдат редакциялап, элге жат жана идеялык жактан зыяндуу катмарлардан тазалап чыгып, совет элине таза түрүндө тартуулашыбыз керек — деп жыйынтыктайт (стенограмманын 219 — 241-б.). Негизги үч докладчынын бири анын ичинде Климович өз баяндамасын «Манасты» изилдөө 19-кылымдын экинчи жарымынан башталгандыгын белгилөөдөн баштап, Ч. Балиханов менен Б. В. Радловдун эпоско берген бааларын келтирип, эпос кыргыздарга таандык ар түркүн поэтикалык чыгармаларды мазмунуна сиңирип алган деген корутундусун айтат.

Ч. Валиханов менен В. В. Радловдун «Ма-нас» эпосу жөнүндөгү негизги корутундулары Октябрь революциясына чейинки көрүнүктүү чыгыш таануучулар тарабынан дээрлик кабыл алынгандыгына көңүл буруп, академик В. Р. Розен, академик В. В. Бартольд, профессор П. М. Мелиоранский жана башка окумуштуулар алардын айткандарын кубаттаган, кайталаган, таянган фактыларды келтирип, революцияга чейин эле чыгыштаануу илиминде «Манас» эпосун терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган материал топтолгону менен, эпосту атайылап изилдеген эмгек болбогонун көрсөтөт.

КОНФЕРЕНЦИЯ 16

Эпосту системалуу жазып алуу 1922-ж. башталып, бир катар иштер иштелгенин белгилегени менен ал иштер туура эмес жүргүзүлүп, тексттер буржуазиялык улутчулдардын көзөмөлү жана кысымы менен жазылган деп атайын белгилеп айткан. Докладчынын ою боюнча эпостун текстин жазып алуу үчүн манасчыны тандоонун өзүн да кокустук дешке болбойт. Себеби, Сагымбай Ормон кандын сурнайчысы Орозбактын уулу, эпосту белгилүү манаптардын (Мамбетаалы, Дүр, Тезекбай, Чолпонкул) алдында айткан. Арстанбек, Молдо Кылычтардын эң реакциячыл чыгармаларынын духундагы поэма жазган, анда патриархалдык эскини идеалдаштырып, диидин начарлап кеткенине, алдамчылык менен эки жүздүүлүктүн кеңири тараганына кайгырган. «Манасты» Орозбаковдон жазуу иши буржуазиялык улутчул Э. Арабаевдин жана эл душмандарынын сунушу боюнча Нарын аймагында манап жана басмачы Абдылданын үйүндө жүргүзүлгөн. Орозбаковду пантүрктүк, панисламдык адабияттар менен жабдып, өзүлөрүнүн контрреволюциячыл умтулууларына ылайык тексттерди алуу үчүн жазылып жаткан тексттер айтуучуга кысым көрсөтүп турган улутчулдар тарабынан түздөн-түз текшерүүдөн өтүп турган. Докладчы андан ары өзүнүн ушундай пландагы оюн дагы тереңдеткен. Анын ою боюнча бул варианттагы мындай терс көрүнүштөр мурдатан эле айтылып келген, 1930-ж. «Кызыл Кыргызстан» газетасында Орозбаковдун вариантын бастырып чыгаруу аракети айыпталган.

Ошол эле учурда Орозбаковдун вариантына негизделип түзүлгөн улутчулардын «Академиялык кечелери» катуу каршылыкка учураган. Ошону менен бирге эле докладчы басма беттериндеги «Манастын» маанисин такыр танып, аны эл душмандарына өткөрүп берген пикирлердин жарык көрүшүн улуттук нигилизмдин көрүнүшү дейт. Мисалы, 1934-ж. И. Тойчинов кыргыз эмгекчилеринде адабий байлыктын бардыгын тануу менен кыргыз жергесиндеги феодалдык түзүлүштү, феодалдардын башкаруусун көкөлөтүп мактаган, алардын баатырдык жеңиштерин көрсөткөн «Манас», «Семетей» сыяктуу өзгөчө бай эпостору, поэмалары бар — деп жазган.

КОНФЕРЕНЦИЯ 17

Ушул туура эмес көз караш ошол эле автор тарабынан кийин «Адабият энциклопедиясынын» («Литературная энциклопедия») беттеринде да баяндалган деп белгилейт.

Ушуга карабастан эпосту сын көз менен кароо иши колго алынбай келген деп эсептейт баяндамачы. Мунун себебин марксизм-ленинизм классиктеринин фольклор жөнүндөгү окуусунун жеткиликтүү пайдаланылбагандыгынан көрөт. Докладчы эпосту тарыхка каршы ык менен изилдөөнүн көрүнүшү катары А. Н. Бернштамдын эмгектерин келтирип, аларга талдоо жүргүзөт, айрыкча окумуштуунун баатырдык эпос «Манас» элдин саясий жана экономикалык жактан өзгөчө өнүгүшүнүн шарттарында гана пайда болушу мүмкүн деген оюна катуу каршы чыгат. Ушуга байланыштуу Сагымбайдын вариантында кыргыз урууларынын башын коштуруу, бириктирүү идеясы берилген деген ойду айткандар менен макул эмес экендигин билдирет, жогоркудай пикирлери аркылуу А. Бернштам Орозбаковдун вариантындагы панисламдык, пантүрктүк идеяларды актоого далалат кылган деп эсептейт. Климович А. Н. Бернштамдын эпос чыгыш доору жактан байыркы дегенине, айрыкча эпосту 8—9-кылымдагы окуяларга байланыштырган оюна каршы туруп, окумуштуунун «жөө жомоктук-мифтик катмар» жөнүндөгү пикир-жоромолдору космополиттик түшүнүктөр деп билет.

Андан нары баяндамачы «Чоң казат» («Великий поход», 1946, М.) китебине мүнөздөмө берүүгө өтүп, бул китеп жарык көрө электе эле көтөрө чалып макталганына, ал турмак «Чоң Совет энциклопедиясында» («Большая Советская энциклопедия») алдын ала кабар берилгенине көңүл бурат, эми М. Богданова «Чоң казатты» басып чыгаруу аркылуу эпос орус окурмандарынын алдында жаманатты болду деп жазганын (1952, апрель) атайылап белгилейт. «Чоң казат» элдик эмес, эпизоддун феодалдык-клерикалдык редакциясы экендиги көрсөтүлгөн Нуров, Зимогляд жолдоштордун «Советская книга» журналынын 12-санына жарыяланган макаласы алты жарым жыл мурда эле жарык көргөндүгүнө карабастан, китепти коргоого аракеттенгендер болгонун, алардын бири Бернштам экенин, К. Рахматуллиндин «Чоң казатты» агрессивдүү эмес, душмандын алдын алуучу аракеттенүү дегенин, ал эми Абрамзон эпостогу диндик түшүнүктөрдү актоого далалаттанып, Алмамбеттин образын Огуз-каганга алып барып такаган ойлорду айткандыгын белгилеп, Жирмунский менен Зарифовду, котормочулар Л. Пеньковский менен М. Е. Массонду чыккан китептериндеги, макалаларындагы «Манас» жөнүндөгү ойлору үчүн сынга алат.

КОНФЕРЕНЦИЯ 19

«Манастын» бүгүнкү жазуучулар менен акындарга тийгизген таасиринин натыйжасында айрым чыгармаларда өткөндү мактоо өңдүү кемчиликтер орун алганын жана башкалар бир катар маселелерге да кеңири токтолуп, докладчы төмөнкүдөй жалпы корутундуларга келет: советтик илим азыр «Манас» боюнча орчундуу материалдарга ээ. Аларды талдоо бул эпосто кыргыз элинин бир кыйла байыркы учурларына таандык тарыхы чагылдырылганын көрсөтөт, бирок, «Манас» негизинен 16—18-кылымдардагы жунгар-калмак агрессиясынын дооруна туура келет. Эпосто элдин турмушун, үрпадатын көркөм сүрөттөгөн көрүнүштөр көп. Бул эпос ак сөөктүк топ тарабынан же байманаптык чөйрөдө жаралбастан, анын негизи элге таандык экенин, демек «Манас» сакталып калууга тийиштигин көрсөтөт.

«Манасты» өтө мусулмандаштыруу жана ага байланышкан кытайга каршы болуу, түрктүк, исламдык маанайдагы кошумчалар негизинен 19—20-кылымдарга таандык; эпостун түрдүү версияларындагы демократиялык белгилерди табуу зарыл, алар мындан кийинки иштерде кандайдыр багыт катары милдетти аткарышы мүмкүн; «Манаска», ошондой эле «Семетей» менен «Сейтекке» жасалма түрдө кошулган айрым элементтер алынып, эпос манасчылар тарабынан берилген элге каршы түшүндүрмөлөрдөн тазаланышы керек (стенограмманын 238—307-б.). Жыйындын төрагасы В. П. Сухотиндин сунушу боюнча докладдардын жана сүйлөнгөн сөздөрдүн негизинде практикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүлөт. Комиссияга А. К. Боровкор, Л. И. Климович, Ө. Жакишев, А. Д. Давлеткелдиев, Г. С. Тихомиров сунуш кылынат. К-га катышкандардын сунушу боюнча комиссияга А. Алтымышбаев, К. Баялинов да кошулат. Л. И. Климович менен А. К. Боровковдун докладчылар катары жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолорго берген жоопторунан (стенограмманын 311—325-б.) кийин талкуу башталат.

Э. X. Будянский (Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунун улуу окутуучусу) — өз сөзүндө «Манас» сюжети жана курулушу боюнча татаал чыгарма экендигин, анда түрдүү доорлордун калдыктары чырмалышып берилип, бери болгондо эле, уруулук мамилелердин белгилери үстөмдүк кылган учурдун, аталык уруу түзүлүшүнүн кыйрашынын жана феодалдык мамилелердин калыптанышынын шарттарындагы көрүнүштөрдүн элестерин табууга боло турганын белгилейт. Эпостун элдүүлүк негизин В. И. Лениндин эки маданият жөнүндөгү окуусунун негизинде чечүүгө болот деп эсептейт. Адегенде элдик массанын өзүндө пайда болгон эпикалык ыр өзүнүн андан кийинки кеңейишинде жана сюжеттик-идеологиялык татаалданышында башкаруучу төбөлдөрдүн да таасирине дуушарланганын, ошол эле учурда, үзүндүлөр түрүндө болсо да кеңири угуучуларга да тарагандыгын, бирок бул учурда башкаруучулардын таптык-идеологиялык куралы катары алардын түшүнүктөрүн эл арасына жайылтуу максаты үчүн кызмат өтөгөндүгүн айтат.

КОНФЕРЕНЦИЯ 20

Корутундусу: уюткусу уруулардын башын кошуу, эркиндик, көз каранды болбостук үчүн күрөш идеясын баяндаган чыгарма катары «Манастын» негизи элдик, азыркы милдет — аны кошумчалардан тазалоо (стенограмманын 326-343-б.).

А. Хасанов (доцент, тарых илимдеринин кандидаты) — «Манастын» В. В. Радлов жазып алган тексттерине таянып, эпостогу айрым көрүнүштөрдүн реакциячыл мүнөзүнө (ислам дининин элементтери) жана демократиялык багытка (жунгардык баскынчыларга каршы күрөш), кыргыздардын Россиянын курамына кошулушуна, анын маанисине токтолот (стенограмманын 350—365-б.). Ж. Самаганов (сынчы) — сөзүндө отуз жылдан берки «Манас» эпосуна байланыштуу терс көрүнүштөрдүн бетин ачкан Л. И. Климовичтин докладына ыраазы болгондугун айтып, өзү К. алдындагы талкууга катыша албай калгандыгына өкүнгөнүн билдирет, айрым адамдар азыр да эски адаты боюнча өзүлөрүнүн улутчулдук каталарын жашыруу үчүн «Манасты» сындагандарды кысымга алып, аракчеевдик режим түзүштү, — деп, далил катары А. Давлеткелдиевдин 1951-ж. «Манасты» изилдөөчүлөрдүн кеңири кеңешмесиндеги сөзүн, М. Богданованын талкуудагы макалаларын көрсөтөт. Б. Жамгырчинов коркуп, талкууга катышпай жүрөт, Э. Будянский калтырап коркуп олтурат, Жунусов Москвага качып кетти. Ушундай шартта «Манасты» изилдөө мурда кандай болсо дагы эле ошондой туңгуюкта кала берүүдө — дейт. Андан нары өзү таанышып чыккан Ы. Абдыракмановдун вариантына токтолуп, азыркы атом доорунда мындай жаңы эпос жаратып, фольклорду фальсификациялоо туура эмес деп белгилейт.

К. ишин аяктай элек, бирок анын эпостун элдик же элдик эместигин чындап чече албасы айкын болуп калды. Доклад жасагандардын сөздөрүндө карама-каршылыктар өтө көп. Боровков Шапактын вариантын элдик десе, Жакишев жок, Каралаевдики элдик дейт. Маликов Жакишевди жактайт. Бирок, Боровков Каралаевдикин эң эле оңой четке кагарына ишенем. Анткени, анда кытайга каршы жүргүзүлгөн «Чоң казат» бар, анын үстүнө ал казат ислам дини үчүн жүргүзүлөт. Каралаевдин вариантындагы Алмамбеттин тарыхынын өзү эле — андагы исламдын ролуна күбө.

КОНФЕРЕНЦИЯ 21

Сөзүн улантып, Ж. Самаганов курама вариант түзүү идеясына каршы чыгат, бирөөнүн мурдун, экинчисинин ээрдин, үчүнчүдөн дагы бир жерин алып, бир бүтүн нерсе жасоо мүмкүн эмес — дейт.
Кыргызстан КП БК биринчи катчысы И. Раззаковдун: «Сиздин өз пикириңиз кандай? «Манас» эпосунун идеялык негизи эмнеде?», — деген суроосуна Ж. Самаганов: «Жылдап даярданган бардык докладчылар менен кошумча докладчылар буга жооп бере алышкан жок, мен кантип жооп бермек элем», — дейт (стенограмманын 366 — 385-б.).

И. А. Батманов (түрколог, тилчи) — сөзүн эпоско илимий талдоо жүргүзүү иши болжол менен он беш жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткандыгына карабастан «Манастын» элдүүлүгүн тактоо али колго алына электигин эскертүүдөн баштап, иштелген бирин-экин иштерде айрым кемчиликтер бар экендигин айтат да, анын себебин В. В. Радлов менен Ч. Валиханов жазып алган тексттерди кийин жазылгандарга салыштырып карабагандыктан көрөт. И. Батмановдун ою боюнча аталган эки вариант менен башка тексттерди салыштыруу «Чоң казат» эпостун органикалык бөлүгү эместигин айгинелейт. Ошондой эле «Манастагы» күрөш кытай менен эмес, ойрот-жунгарларга каршы жүргүзүлгөнүн жана бул 17-кылымдагы тарыхый окуяларга байланышканын, тарыхый маалыматтар боюнча ал кезде кыргыздар мусулман болбогонун, демек исламга байланыштуу түшүнүктөр чыгармага алда канча кийин киргизилгенин көрүүгө болот.

«Манастагы» уруулардын башын кошуу идеясы кыргыздардын эл катары түзүлүү мезгили менен байланышкан. Буга эпостогу көз карандысыздык үчүн күрөш темасы айкалышканда чыгарманын эл арасына өзгөчө кеңири тарашынын сыры түшүнүктүү болот. Бул эки көрүнүш И. Батмановдун түшүнүгүндө эпостун негизин түзгөн уютку, бүгүнкү максат — чыгарманы терс кошумчалардан тазалап, ошол таза данды — уюткусун элге берүү. Бул үчүн жоюлуп калган «Манас» секторун калыбына келтирүү жана аны адис кадрлар менен толуктоо зарыл (стенограмманын 388—395-б.).

Ы. Абдыракманов (эпосту жыйноочу, илимий кызматкер) кыргызча сүйлөгөндүктөн сөзүнүн стенограммасы жазылбаган, анын сөзүнүн кыскача маңызын орусча которуп берген Б. Юнусалиевдин баяндамасы гана жазылган. Сөзүндө эпостун элдүүлүгүнүн далили катары «Манас» кыргыз элинин арасында өзгөчө кеңири тараганын, ал эми манасчылар өзгөчө кадыр-баркка ээ болгонун айтып, өзү билген көптөгөн фактыларды келтирет. Эл түшүнүгүндө Манас кан эмес, баатыр экендигин белгилеп, баатыр эзелтен келе жаткан салт боюнча элдин коргоочусу экенин айтат да, «Чоң казат» баскынчыл согуш деген баага каршы чыгып, Коңурбай мурда өзү катылган, демек ага каршы күрөштү баскынчыл согуш дешке болбойт — деген корутунду оюн айтат (стенограмманын 396—400-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 22

Б. Орузбаева (илимий кызматкер) — сөзүндө Ж. Самагановдун Тил, адабият жана тарых институтунун кызматкерлери К-га начар даярдык менен келишкен — деген дооматы негизсиз экенин белгилеп, В. В. Радлов жазып алган тексттерге талдоо жүргүзөт да, бул материал жаңы курама вариантты түзүүдө контролдук варианттын милдетин аткарып бере алат — деп эсептейт (стенограмманын 402— 410-б.).

С. Өмүрзаков (Фрунзедеги эки жылдык мугалимдер институтунун директору) — сөзүндө акыркы убактарга чейин эпосту изилдөө бир жактуу болуп, жалаң гана анын оң жактарын көрсөтүүгө аракеттенүү өкүм сүргөнүн, элге жат, реакциячыл көрүнүштөр жаап-жашырылып келгенин өтүп жаткан жыйын айгинелегенине көңүл буруп, «Манастын» айланасында күрөш узактан бери жүрүп келе жатканын, феодал төбөлдөр революцияга чейин эле аны фальсификациялап, өз куралына айландырууга умтулуп, реакциячыл, баскынчыл, панисламдык, пантүрктүк идеология менен сугарууга аракеттенип келгенин айтат. Бул күрөш 20—30-жылдарда ого бетер күчөп, буржуазиялык улутчулдар өз максаттары үчүн С. Орозбаковдун вариантын жазууну уюштурушкан, «Манас» эпосу идеологиялык диверсияда көрүнүктүү орунду ээлеген деп көрсөтөт. Буржуазиялык улутчулдардын ушул жалпы багытын саясий сокурлар гана байкабай калышы мүмкүн дейт.

Андан нары С. Өмүрзаков Ы. Абдыракманов менен С. Каралаевдин өзү таанышып чыккан жаңы варианттарына токтолуп, алар мурдагы бардык варианттарга караганда сөзсүз жакшы — деп эсептейт. Бирок, анын ою боюнча, бул эки вариант тең али жеткире иштелбеген, кемчиликтер да бар. ошон үчүн экөө тең бизди канааттандыра албайт. Жаңы вариантты жазуучулар «Манас» айтуучулар менен бирдикте түзүшү керек. Ал вариантта кыргыздардын өз көз карандысыздык үчүн күрөшүн Орто Азиянын чегинен эч чыгарбай, окуяларды манжур-калмак жүрүшүнө тууралап, согуштардын санын азайтып берүү керек — деген корутунду чыгарат (стенограмманын 411 — 423-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 23

С. Табышалиев (комсомолдук кызматкер) — С. Каралаевдин вариантына токтолуп, анын сюжеттик линиясын кыскача айтып келип, эпостун алгачкы окуяларында элдик идея ачык берилсе, аяккы жагы согуш, олжо экенин белгилейт. Эпосто эки карама-каршы идея орун алган. Бул тарыхый шартка ылайык узак убактар чыгармага бийлөөчү төбөлдөр өз идеясын таңуулап келгендиги менен түшүндүрүлөт. Ошого карабастан чыгарманын негизи элдик экендигине эпостун элге кеңири белгилүү болушу далил.

С. Табышалиев андан наркы сөзүндө Боровковдун докладынын темасы «эпостун элдүүлүгү» деп аталганы менен баяндаманын мазмуну темага жооп бербей калганына, айрыкча корутунду бөлүгү, эпоско терс баа бергенине көңүл бурат. Ошондой эле Климовичтин докладынын биринчи бөлүгүндө да эпос терс делсе, экинчи бөлүгүндө оң делгенин айтып, анын 1946-ж. жазган макаласында «Манасты» мактаган ойлору басымдуу экенин эскертет, макаладан бир катар үзүндүлөр келтирип, окумуштуунун кайсыл пикирине ишенүү керек? — деген суроо коёт. Сөзүнүн жыйынтыгында курама вариант түзүү идеясын кубаттайт жана С. Каралаевдин мурда жазылган вариантын негиз катары пайдаланууга болот — деген оюн айтат (стенограмманын 424—440-б.).

А. Н. Бернштам (тарыхчы окумуштуу) — сөзүндө эпосту түп нускада окуй албаса да, котормолорго таянып, тарыхчы катары чыгармага байланыштуу айрым ойлорун айтып келе жатканын эскерте келип, ал ойлорунда эпосту идеалдаштыруу өңдүү айрым кемчиликтер кеткенин мойнуна алат. Бирок башкалардын көз карашын сындагандардын өздөрү чынчыл болсо жакшы болот эле — деп Климовичтин 1946-ж. жазылган макаласынан көптөгөн цитаталар келтирип, өзгөлөрдү сындаганда өзүнүн кемчиликтерин да эскере кетпегени өкүнүчтүү — дейт.

А. Н. Бернштамдын ою боюнча эпостун чыгыш доорун кыргыз элинин түзүлүш учуру менен байланыштыруу туура эмес жана эпосту 16—18-кылымдар менен байланыштырууга да кошулбайт. Г. Нуровдун 25-майдагы газетага жарыяланган макаласына токтолуп, автордун адис катары чабалдыгына, кеңири белгилүү көп нерселерди чаташтырып жибергенине көңүл бурат.

КОНФЕРЕНЦИЯ 24

А. Н. Бернштам ошондой эле эпосто «кан» деген сөздүн учураганы үчүн эле чыгарманы канбектердики деш болбогон кеп, андай болсо атында «бай», «бек» деген адамдардын баары (Токомбай, Түгөлбай, Кубанычбек жана башкалар) эле бай, бек болуп калабы — дейт.

Сөзүнүн корутундусунда А. Н. Бернштам жаңы вариант түзүү идеясына каршы чыгып, эпосту өз доорунан ажыратууга болбойт — деп эсептейт да, эпоско таңууланган көрүнүштөрдү гана мурда жазылган тексттерден алып салууну сунуш кылат (стенограмманын 441 — 456-б.).

Б. Маленов (илимий кызматкер) — сөзүн Сагымбайдын вариантын улутчулдар бузган деп баштап, далил катары манасчынын 1937-ж. 31-декабрда «Кызыл Кыргызстан» газетасына жарыяланган арызында «Манасты» жазбасаң сотко берем деп опуза көсөткөндүк жөнүндө айтылганын келтирет. С. Каралаевдин вариантында да элге жат катмарлар бар экенин айтат. Институттун кызматкерлеринин жакында Ош, Жалал-Абад облустарына барган экспедициясы «Манас» боюнча көптөгөн материалдар таап кайтканын айтып, бул факт мурдагы айрым адамдардын эпос түштүк кыргыздардын арасында айтылбайт деген оюн төгүндөөрүнө көңүл бурат (стенограмманын 457—466-б.).

А. Каныметов (илимий кызматкер) — өзү таанышып чыккан Багыш Сазановдун вариантына токтолуп, окуялардын кыскача сюжетин баяндап, вариант реакциячыл, зыяндуу деп эсептейт. Биз «Манастын» таза вариантын таап, элге берүүбүз керек деген жыйынтыкка келет (стенограмманын 467 — 476-б.). Г. Нуров (илимий кызматкер) — бүгүн «Манасты» изилдегендердин баары «Чоң казат» менен Орозбаковдун вариантынын реакциячыл мүнөзүн моюнга алышты деп белгилеп, булар эле эмес М. Мусулманкулов, Б. Сазанов, Тоголок Молдо айткан варианттар да баштан аяк реакциячыл экенин, «Манас» элдик деген ойду айткандар эпостун окуяларынын ар кайсы жерлеринен, ал турмак «Чоң казат» жана Орозбаковдун вариантынан да үзүп-жулуп алган фактыларга таянууга аракет кылып жатышканын, профессор Боровковдун докладынын «Манастын» элдүүлүгү жөнүндө эмес эле, элге жат экендиги жөнүндө болуп калышынын өзү да кокустук эмес деп көрсөтөт да, ар кайсы жерден үзүп алып көрсөтсө кандай гана реакциячыл чыгарма болбосун, ал түгүл «Куранды» да элдик деп «далилдөөгө» болот — дейт.

КОНФЕРЕНЦИЯ 25

Нуровдун ою боюнча «Манастын» чыгыш доорун тактоо — эпостун элдүүлүгүн чечүүдөгү маанилүү маселе. Ч. Валиханов, В. В. Радлов жазып алган тексттерде, башка көптөгөн варианттарда да «ногой» эл, адам аты катары эскерилерин, ал ысым Алтын Ордонун белгилүү аскер башчысынын ысымына байланыштуулугун, кийин өзүнчө эл ошол ысым менен аталып калганын, бул элдин айрым бутактары кыргыздардын курамында да бардыгын эскертип келип, Нуров «Манастын» тарыхый негизи 14—16-кылымдарга таандык деген жоромол айтат. Нуровдун эң алды менен «Манастын» эл арасында айтылып жүргөн үлгүлөрүн табигый шартта жазып алуу ишин жүргүзүү керек дейт. Ошолорду изилдөө гана «Манастын» негизги проблемаларын акырына чейин чечүүгө жана курама вариант түзүү жөнүндөгү маселени карап көрүүгө мүмкүнчүлүк бере алат (стенограмманын 477 — 509-б.).

К. Баялинов (Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы) — буга чейин «Манасты» сын көз менен кароо болбогондугунун натыйжасында эпосту жыйноо үчүн жумшалган каражаттардын реакциячыл тексттерди жазууга жумшалып, текке кеткенин, жазуучулар сын көз менен карабагандыктан улуттук биринчи опера «Айчүрөк» эпостун сюжетинин негизинде түзүлгөнүн, бирок эпосто Сагымбайдын варианты сыяктуу реакциячыл тексттер менен катар негизинен элдик болгон варианттар да бардыгын эскертет, С. Каралаевдин вариантына токтолуп, мазмунун талдайт. Бул варианттын терс жактары катары кытайга каршы согушууну, Алмамбеттин окуясын жана башкалар эпизоддорду келтирет да, төмөнкүдөй корутунду чыгарат: эпос бизге жат идеялар менен өтө булганган, сюжеттик сызыгында, каармандардын образында карама-каршылыктар көп.

Адабиятчы окумуштуулардын жана тарыхчылардын милдети — эпостун бардык варианттарын изилдеп, аларда кайсылар чыныгы элдик экенин, феодалдык төбөлдөр менен буржуазиячыл улутчулдардын таасири менен кирген кошумчаларды аныктап, эпосту алардан тазалоо (стенограмманын 510—525-б.). Токтогонов (Кыргыз ССРинин эл агартуу министри) — «Манасты» изилдөөдө В. И. Лениндин эки маданият жөнүндөгү окуусун унутта калтыруунун натыйжасында орчундуу каталыктар кетирилгенин, ошонун кесепетинен мектептер үчүн түзүлгөн кыргыз адабиятынын программасы менен окуу китептеринде жаңылыштыктар орун алып келгенин айтып, Аюпова, Мусаев, Балтин тарабынан түзүлгөн программанын 8-класска арналган бөлүмүндө «Манас» бүгүнкү күнгө чейин борбордук орунду ээлеп келе жатканын, анда программанын түзүүчүлөрү С. Орозбаковдун вариантына таянышып, эпосту кыргыз оозеки чыгармачылыгынын улуу эстелиги деп атагандыгын, ал түгүл, реакциячыл айтуучу Сагымбайдын өмүр баянын окутууну таңуулаганын, Манас, Алмамбет жана башкалар каармандардын образдарын талдоо сунуш кылынганын, С. Мусаев, Ж. Таштемиров түзгөн кыргыз адабиятынын 8-класс үчүн хрестоматиясында (1952) кыргыздарды кытайлар эзген деген жалаа орун алып жүргөнүн белгилейт.

Андан наркы сөзүндө М. Мусулманкуловдун вариантына токтолуп, анда исламдын таасири күчтүү деп белгилеп, көптөгөн мисалдар келтирип, өзгөчө реакциячыл Орозбаковдун вариантынан айырмасы жок деген корутунду чыгарат. «Манасты» тазалоо, кемчиликтерден арылтуу, эл арасынан жаңы вариантын издеп табуу зарыл милдет — деп, эсептегенин билдирет. Агартуу министирлигинде кыргыз адабияты боюнча 8—10-класстар үчүн түзүлгөн программаны кайра кароо үчүн комиссия иштеп жатканын, айрыкча 8-класска арналган материалдар өзгөртүлө тургандыгын билдирет (стенограмманын 526 — 538-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 26

П. И. Балтин (педагогикалык институттун улуу окутуучусу) — бул жерде «Манас» жалпысынан элдик чыгарма экендигинин далилин укпагандыгын, түрдүү айла-амалдардын жардамы менен колдо болгон варианттардын тексттерин тазалоо аркылуу элдик катары көрсөтүүгө болорун гана укканын айтып, көркөм чыгарма катары эпостун бардык элементтери, компоненттери жалпы идеялык максатка баш ийдирилгени эске алынбай жатат дейт. Бул же тигил варианттын элдик негизинин далили катары айрым үзүндүлөр келтирилип, ал жулуп алынган үзүндүлөрдүн эпостун жалпы көркөм тутумунда аткарган идеялык-көркөмдүк милдети эсепке алынбай жатканын белгилеп, эгер мыңдай ык менен элдүүлүктү далилдөө мүмкүн болсо, ата-энени сыйлоо, ууру кылбоо, жалган күбө өтпөө жана башкалар жаман идеяларбы? — деп Библиядан үзүндүлөр окуп, ушул жол менен андагы катмарларды алып салууга жана анын элдик негизин далилдөөгө мүмкүн экендигине көңүл бурат. Сөзүнүн аягында П. Балтин 8-класстын программасы үчүн С. Мусаев жеке жооп берерин, «Манастын» элдүүлүгү жөнүндө маселе өзү үчүн бүгүн да белгисиз бойдон калып жатканын, эпостун эл арасында айтылып жүргөн версияларын жазып алууну кеңири уюштуруу зарыл деп эсептээрин айтат (стенограмманын 539 — 555-б.).

Б. Юнусалиев (түрколог, тилчи) — негизги докладчылар А. К. Боровков менен Л. И. Климович өз баяндамаларында эпостун мүчүлүш, кемчилик жактарына кеңири токтолгондору менен эпостун оң жактары жөнүндө эч нерсе айтышпагандыктарын эскертип, А. К. Боровковдун ойлору, келтирген фактылары дээрлик «Манас» эпосу элге жат чыгарма деген корутундуну талап кылып турат, бирок ал сөзүнүн аягында эпоско оң баа берүү менен логикага коошпогон жыйынтыкка келди. Ал эми Климович сөзүнө караганда жалаң гана «Чоң казаттын» басылып чыккан үлгүсүнө таянат да, ошол жалгыз эпизоддун негизинде бүт эпоско баа берүүчү бүтүмгө келет. Мындай ык логикалык жактан туура эмес деп белгилейт. Докладчылардын экинчи тобу — негизинен эпостун терс жактарына жеткиликтүү көңүл бурбай, оң көрүнүштөргө көп токтолууга аракет жасаган Ө. Жакишев, К. Маликов, А. Токомбаев жана башкалардын баяндамалары.

КОНФЕРЕНЦИЯ 27

Кыргыз урууларын баш коштуруу жана элди четтен келген баскынчылардан коргоо идеялары бардык варианттарда кызыл сызык катары өтөт. Б. Юнусалиев эпостогу башкы идея дал ушул идея деп эсептейт. Андан нары Ы. Абдыракмановдун, С. Каралаевдин варианттарынан үзүндүлөр келтирип, кыргыздарды кытайлар басып алып, катуу эзип турганы баяндалган эпизоддорго көңүл бурат да, мындай шартта баскынчыларга бүт элдин каршы турушу байыркы бардык элдерге мүнөздүү экенин эскертет. Кыргыздарга каршы кыйраткыч жортуулдар тарыхта бир эле жолу эмес, көп болгонун, буга 7 — 8-кылымда түрктөрдүн, 9—10-кылымда кидандардын (кара кытайлардын), 11 — 12-кылымда Чыңгызкандын, 15 —18 кылымдарда калмак-жунгарлардын жана башкалардын баскынчыл жортуулдарын көрсөтүүгө болорун айтат.

Профессор А. К. Боровков, анын артынан Климович, Богданова, Валитовалар эпостогу негизги мотив катары калмактардан коргонууну эсептешерин, бирок ошол эле учурда биримдешүүнү четке кагып, ал турмак идеяны пантүрктүк үгүт менен байланыштыруу (А. К. Боровков) аракеттери жасалганына көңүл буруп, коргонуу аракети менен биримдешүү далалатын логикалык жактан ажыратып кароо мүмкүнбү? — деп суроо коёт, биримдик болгондо гана коргонууга мүмкүн экенин адамдар миң жылдар мурда эле билгенин эскертет. Эпостогу бул башкы идеяны тануу — чыгарманы элге жат деген корутундуга келүүгө баш коюу. Балтиндин «Манас» элге жат деген корутундуга келиши кокустук эмес, так ушул «аргументке» таянып аракеттенүүнүн ачык көрүнүшү. Ишке мындай мамиле нагыз нигилизмге жата турганын белгилейт.

Б. Юнусалиев андан наркы сөзүндө Л. Климовичтин эпос 10—11-кылымда пайда болгон деген пикирге каршы чыгышын, Нуровдун Эне-Сай кыргыздары Тянь-Шанга калмак баскынчылары менен кошо келген деген жоромолун, «Манастын» чыгышын ногой (татар) менен байланыштырууга кылган аракетин сынга алат. Сөзүнүн жыйынтыгында Б. Юнусалиев «Манастын» чыгыш доору жөнүндөгү маселеге токтолот. Кыргыз тили менен алтай тилинин жакындыктарына көңүл буруп, маанисин белгилейт да, кыргыздар эл катары ошол тарапта калыптанган, эпос да 12-кылымдарга чейин түзүлгөн деген божомолду айтат (стенограмманын 556— 583-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 28

К. Сооронбаев — «Манас» эпосу жашоо процессинде өзгөрүүлөргө, толуктоолорго учураганын, эзүүчү таптын өкүлдөрү элге кеңири белгилүү жана көңүлчөөк айтуучуларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылганын, муну С. Орозбаковдун вариантынын фактысынан көрүүгө мүмкүн экендигин эскертет, андагы өзү терс көрүнүш катары эсептеген бир катар мисалдарды келтирет. Бул варианттагы терс көрүнүштөрдүн себептери айтуучунун сабаттуу адам болгону, өзү феодалдык төбөлдөрдүн арасынан чыкканы, андан эпосту жазуу ишине буржуазиялык улутчулдар жетекчилик кылып, көзөмөл жүргүзгөнү деп көрсөтөт. Докладчы өзү таанышкан башка варианттар, алардын ичинде С. Каралаевдин, Ш. Рысмендеевдин, Б. Сазановдун варианттары ушул деңгээлде болбосо да кемчиликтерден таза эмес дейт. Эпос негизинде элдик деп эсептеймин. Бирок, жазылгандардын арасында идеал вариант жок, демек азыр колдо бар жана эл арасындагы варианттардын негизинде эпостун түрдүү зыяндуу кошумчалардан тазаланган курама вариантын түзүү керек — деген корутундуга келет (стенограмманын 584-595-б.).

М. Ауэзов (академик) — өзү «Манасты» изилдеп үйрөнүү ишине 30-жылдардын башынан киришкенин, кийин ал ишин бир нече жолу толуктаганын айтып, ал мезгилде колдогу жалгыз вариант С. Орозбаковдон жазылган тексттер болгондуктан ошого таянганын жана ошол шартта фольклористикада өкүм сүрүп турган туура эмес түшүнүктөргө, ошонун ичинде эпосту феодалдык, княздык-кошундук чөйрөгө таандык чыгарма катары эсептөө салтына негизделгендиктен жеке эле Сагымбайдын вариантын гана эмес, бүт «Манасты» феодалдык деген туура эмес корутундуга келгенин, кийин ал көз карашын кайра карап чыкканын жана ошол Сагымбайдын эле вариантында айтуучу өзү киргизген терс кошумчалардын бардыгын эскертүү менен бирге коллективдүү чыгарма болгон эпостун алгачкы негизи элдик деген жыйынтык чыгарганын айтат. М. Ауэзов «Манас» кыргыз элине керекпи же жокпу? Курама вариант түзүү мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо кантип түзүү керек? — деген үч суроо коюп, түз, так коюлган биринчи суроого негизги докладчы болгон Боровков жооп бербегенин, чынында, анын докладынын 99% терс, бир гана проценти оң көрүнүштөргө арналганын белгилеп, кошумча докладдардын жана басмага жарыяланган материалдардын басымдуу бөлүгүндө суроого так айтылган оң жооп бардыгын айтып, «Манас» кыргыздарга керек, буга анын 34 жылдан бери советтик кыргыз элинин арасында колдонулуп келишинин өзү да далил. Кыргыз тилинин, поэтикасынын, жалпы элдик рухий маданиятынын казынасы экендиги да «Манастын» өз элине керектигинин далили — дейт.

КОНФЕРЕНЦИЯ 29

Экинчи суроосуна М. Ауэзов курама вариант түзүүгө мүмкүн — деп жооп берет, муну өз учурунда үч манасчы айткан тексттерди бириктирип В. В. Радлов да далилдегенин эскертет.

«Манастын» түрдүү варианттарында жалпылык мүнөздөгү белгилер эң эле көп экенин белгилей келип, ошол жалпы белгилерге таянып бир текст түзүүгө болот деген оюн айтат. Үчүнчү суроонун жообун ашыкча кайталоолорду, кошумчаларды жана башкалар кыскартуу аркылуу эпостун эски түшүнүктөрүн, мүнөздүү белгилерин сактоо жолу менен аракеттенүүдөн көрөт.

Эпостун жаралыш доору жөнүндөгү маселеге кайрылып, Климовичтин бул багыттагы ойлоруна каршы чыгат жана жалпы эле «Манас» эпосун бир гана учурга таандык деш ката болор эле деген ой айтат. Орхон жазууларын эске салып, айрыкча Күлтегиндин урматына коюлган эстеликтеги жазуулардан кеңири үзүндүлөр келтирип, анда кыргыздар эскерилерине көңүл бурат жана ошол кездеги окуялардын, согуштардын эпоско негиз болушу да мүмкүн деген жоромолду айтат. Анын ою боюнча эпоско калмак-жунгар учурунун да таасири болушу мүмкүн, бирок чыгарманын негизи алда канча мурдагы учурларга тиешелүү деген жыйынтыкка келет. Сөзүн элдикин элдин өзүнө берүү кеңеши менен аяктайт (стенограмманын 596—616-б.).

К. Укаев (студент) — тенденциялуу, эпоско нигилисттик мамиле катары П. Балтиндин макаласындагы, сүйлөгөн сөзүндөгү ойлорду, өз оюн так айтпайт, принципиалдуу эмес деп, Ж. Самагановду, Алмамбеттин образын туура талдабагандыгы үчүн Зимоглядды сынга алып, айрым адамдардын эпостон «Чоң казатты» алып салуу керек деген ойлор айткандыгына каршы чыгат (стенограмманын 617 — 626-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 30

С. Ильясов (тарых илимдеринин кандидаты) — эпостун чыгыш доорун тактоо анын элдүүлүгүн белгилөөгө көп жактан жардам берерин эскерте келип, оозеки чыгарма болгон «Манас» эпосун бир гана доорго, учурга таандыкташтыруу туура болбойт дейт. «Манаста» байыркы катмар бар экенин көпчүлүк изилдөөчүлөр танбастыгын, эпосто эскерилген мифтик жандыктар жана башкалар буга далил болорун, эл жашаган жерлерде такталган чек аранын жоктугу, атайын армиянын болбогондугу, алык-салыктын жоктугу, согуштун олжо үчүн жүргүзүлүшү жана башкалар көрүнүштөр эпос чагылдырган доорлордон кабар берерин көрсөтөт. «Манаста» эскерилген көп адам аттарынын 13—14кылымдардагы тарыхый адамдар менен окшоштугуна көңүл буруп, эпос ошол мезгил менен да байланышса керек — деген жоромол айтат.

С. Ильясовдун ою боюнча эгер «Чоң казат», Чубактын согуштары өңдүү айрым эпизоддор алынып салынса, С. Каралаевдин вариантындагы калган бөлүмдөрдө реакциялуулукка караганда элдик мотивдер басымдуулук кылат (стенограмманын 627 — 636-б.).

И. Сарманова (педагогикалык институттун мугалими) — коллективдүү чыгарма болгон оозеки көркөм материалдарга жазма документ катары мамиле кылууга болбой турганын, ал муундан муунга өткөндө өзгөрүүлөргө учураарын эскертип, «Манас» негизи элдик чыгарма, аны жат кошумчалардан тазалап, элге берүү зарыл деген ой айтат (стенограмманын 638—640-б.).

А. Алтымышбаев (СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасынын орун басары) — «Манас» эпосун талдоодо жана баа берүүдө чыгарма калыптанган жана анын мүнөзүнүн, мазмунунун, формасынын калыптанышы үчүн таасирин тийгизген тарыхый шарттарды эске алуунун зарылдыгын белгилей келип, бул багытта аракеттенип, Манасты Яглакар менен салыштырууга аракеттенген, экөөн бири бирине прототип деп түшүнгөн профессор Бернштамдын аракетинен туура натыйжа чыкпаганына көңүл бурат, өзү Б. Юнусалиевдин 1952-ж. 23-майында «Советская Киргизия» газетасына жарыяланган макаласындагы эпостун балким анча чоң эмес варианты 9-кылымдын экинчи же 10-кылымдын башталышында пайда болсо керек деген оюна жакын пикирде турарын көрсөтөт; В. В. Бартольддун 10-кылымдын башында пайда болуп, кыргыз урууларынын мамлекетин кыйраткан жана 1234жылга, башкача айтканда моңголдордун Орто Азияга келишине чейин жашаган кара кытайлар мамлекети жөнүндөгү маалыматтарына таянып, кыргыздар менен кара кытайлардын күрөшү узакка созулганын жана ал күрөштө толук көз карандысыздыкка да жетише албаганын айтат да, эпостун мазмуну элдин жеңишин эмес, жеңилишин көбүрөөк баяндаганын, үч бөлүмдүн тең аягы башкы каармандардын өлүмү менен бүтөрүн белгилейт.

КОНФЕРЕНЦИЯ 31

Буга караганда эпос кыргыз уруулары жеңилишке учурап, баатырлары набыт болгондо көз карандысыздык үчүн күрөштө курман болгондорду жоктоо катары түзүлгөн. Демек, чыгармадагы айрым айтуучулар тарабынан киргизилген агрессиячыл мүнөзгө ээ материалдар «Манас» эпосунун өзөктүк мазмуну менен эч кандай байланышы жок, алар кийин кирген катмарлар.

А. Алтымышбаев сөзүн улантып, айрым адамдардын мисалы, М. И. Богданованын «Советская Киргизия» газетасына жарыяланган макаласында белгилүү варианттарда негизинен уруу феодалдарынын кызыкчылыгы көздөлгөн, чыныгы элдик варианттар али жазылып алына элек дегенине, ал эми Балтиндин ошол эле газетага жарыяланган макаласында чыныгы элдик вариант жок — деп эсептегенине көңүл буруп, экөөнүн тең аша чаап кеткендиктерин белгилейт. Жаратылышта идеалдуу таза, түбөлүктүү өзгөрбөй бир калыпта сакталган эч нерсе жок экендигин эске албай жатышканын айтып, мындан он, он бир кылым мурда жаралган эпос өзгөрбөй бир калыпта турушу эч мүмкүн эмес. Бирөөлөр табууга аракеттенип, экинчилери андайдын болушун такыр эле танып жаткан варианттар — азыр биз билген, изилдеп жаткан тексттердин эле өзү. Алар алгачкы варианттын бизге белгисиз жана белгилүү айтуучулар тарабынан кылымдар бою иштелип чыккан үлгүлөрү — дейт.

А. Алтымышбаевдин ою боюнча дээрлик бардык варианттарда бул же тигил деңгээлде элдик жана элге жат элементтер орун алган. Баштан аяк элдик же элге жат вариантты табууга мүмкүн эмес. Алдыдагы милдет — ар бир вариантты элге жат элементтерден ажыратуу, чындыкты калыбына келтирүү (стенограмманын 641—657-б.).

М. И. Богданова корутунду сөзүндө И. Климович, Ж. Самаганов, Г. Нуров, П. Балтиндин өз адресине айткан сын пикирлерине каршы аргументтер келтирет (стенограмманын 658 — 663-б.).

Л. И. Климович корутунду сөзүндө К. жалпысынан жемиштүү болгонун белгилеп, ал ушуга чейин орун алып келген «Манаска» сын көз менен кароо абалын жоёт жана «Манасты» басмага даярдоодогу практикалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт — деген ойлорун айтат. Өз адресине Керимжанова, Юнусалиев, Богданова, Бернштам, Табышалиев, Нуров, Ауэзов жана башкалар тарабынан айтылган сын пикирлерге токтолуп, жооп берет, алардын айткандарына макул эместигин билдирет. Балтиндин «Манасты» Библияга салыштырууга кылган аракетине каршы болот, Токтогоновдун «Манасты» мектепте окутуу, баркын көтөрүү аракеттерине каршы айткандарын кубаттап, бул өзгөчө маанилүү иш экендигин белгилейт. «Семетей», «Сейтек» боюнча өз ою бар экенин, анын башка учурда айтарын эскертет (стенограмманын 664—685-б.).

КОНФЕРЕНЦИЯ 32

Ө. Жакишев, Б. Юнусалиевдин сүйлөгөн сөзүндөгү айрым докладчылардын эпостогу оң жактарды гана айтышты деген ою менен макул эместигин белгилеп, терс жактары да айтылганын, өзү Орозбаковдун вариантын баштан аяк элге, тарыхка каршы деп эсептээрин айтты. Ауэзовдун ойлорун кубаттай турганын эскертип, фактыларды этибарга албагандыгы, оң көрүнүштөргө көңүл бурбагандыгы үчүн Климович менен Боровковду сынга алып, өзү окуп чыкпай туруп, колдогу он вариантты бүт элге каршы деп жарыялай салган Боровковго таң калганын билгизет. Эпоско нигилисттик мамилеси, ар кимге асылганы үчүн Балтинди сынга алат (стенограмманын 686— 689-б.).

a. К. Боровков корутунду сөзүндө кошумча докладчылардын варианттар боюнча баяндамалары эчтеке бере албагандыгын, эпостогу оң жана терс көрүнүштөрдү белгилөө менен гана чектелишкендигин белгилей келип, «Манасты» терс кошумчалардан тазалоо керек дешип, бирок эмнеден, кантип, кандай жол менен тазалоону айтышпагандыгын көрсөтөт. Андан нары өз докладындагы айтылган катмар жана редакциялоо жөнүндөгү ойлорго дагы көңүл буруп, бул түшүнүктөрдү ажырата билүүнүн зарылдыгына кеңири токтолот.

в. П. Сухотин (СССР Илимдер акдемиясынын Президиумунун «Манас» боюнча илимий К-ны уюштуруу комиссиясынын төрагасы, филология илимдеринин доктору) — маданий мураска мамиле маселелеринде түрдүү элдерде орчундуу кемчиликтер орун алганын эскерте келип, ошондой эле абал «Манаска» баа берүүдө да бардыгын, ал К-да таасын көрүнгөнүн белгилеген. Ошондой болсо да кыргыз элинин кылымдар бою жашап келген «Манас» эпосунун негизи элдик экендигине анын ою боюнча дээрлик бардыгы макул болгонун айтып, бул чыгармада кыргыз элинин четтен келген баскынчылар менен күрөшү чагылдырылгандыгында шек жок экендигин баса көрсөткөн. Ошону менен бирге эле негизи элдик бул эпосто улутчулдук, пантүрктүк, панисламдык катмарлардын да бар экендигин өтүп жаткан К. таасын айкындады деп белгилейт. Адабиятчылардын милдети эпоско жасалма жол менен киргизилген элементтерди таап, тазалап, бастырып чыгарууга негиз боло турган вариантты түзүү — деп көрсөтөт.

Жыйындын төрагасы К-нын катышуучуларына иштин ийгилигин камсыз кылууга активдүү жардамдашкандыктары үчүн ыраазылыгын билдирип, К-нын чечимин даярдоо комиссиясынын мүчөсү Давлеткелдиевге чечимдин долбоору менен тааныштырууга сөз берет.

КОНФЕРЕНЦИЯ 33

К. он пункттан турган чечим кабыл алган. Биринчи пунктунда кылымдар бою кыргыз элинин арасында жашап келген «Манас» эпосунун негизи элдик деп эсептейт, бирок ошону менен бирге эле анын белгилүү варианттарында орчундуу карама-каршылыктар орун алгандыгы көрсөтүлгөн. Экинчи пунктта «Чоң казат» («Великий поход», М., 1946) китебинин басылып чыгышы жаңылыштык деп белгиленген. Үчүнчү пунктта колдогу болгон варианттардын бири да бастырып чыгарууга жараксыз деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле К-нын чечиминин пункттарында Тил, адабият жана тарых институтунун «Манасты» жыйноо боюнча орчундуу иштер иштегендиги, бирок эпосту үйрөнүү багытында татыктуу илимий-изилдөө иштеринин жоктугу, жолго коюлбагандыгы; республикалык басма сөз беттеринде жүргүзүлгөн кеңири илимий талкуунун «Манас» эпосун изилдөө багытындагы эмгектерди сындоону жайылтууда маанилүү роль ойногондугу белгиленип, эпосту изилдөөнүн жакынкы милдеттери көрсөтүлгөн. Чечимдин жетинчи пунктунда К. «Манас» эпосунун комментарийлер жана киришүү макала менен коштолгон курама вариантын бастырууга даярдоо зарыл деп эсептейт — деп жазылган. Чечимдин башка пункттарында көрсөтүлгөн милдеттерди (Тил, адабият жана тарых институтунун, Жазуучулар союзунун, университеттин тиешелүү кафедраларынын кызматкерлеринин күчү менен, борбордук институттардын кызматкерлерин, айрым «Манас» айтуучуларды да тартуу аркылуу жүзөгө ашырууга тийиш экендиги, Тил, адабият жана тарых институтунун тутумунда оозеки көркөм чыгармачылыкты изилдөөчү сектор уюштуруунун зарылдыгы белгиленип, К-нын материалдарын өзүнчө жыйнак түрүндө орус жана кыргыз тилдеринде бастырып чыгаруу сунуш кылынган.

1952-ж. 1-августта СССР Илимдер акдемиясынын Президиумунун жыйынында «Манас» эпосуна арналган илимий К-нын жыйынтыктары, Тил, адабият жана тарых институтуна жардам көрсөтүү маселеси талкууланып, алты пункттан турган № 465-токтом кабыл алынган.

Ал токтомдун 1-пунктунда «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн илимий К-нын чечими кубатталган, калган пункттарда «Манас» эпосунун курама вариантын 1953—55-ж. ичинде түзүү белгиленип, ишке көмөк көрсөтүү үчүн А. К. Боровков, М. И. Богданова, К. К. Юдахин консультнт болуп бекитилген, К-нын материалдарын жыйнак түрүндө бастыруу Илимдер акдемиясынын басмаканасынын 1953-жылдагы планына киргизилген, 1953-жылдан СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун тутумунда оозеки көркөм чыгармачылыкты изилдөө секторун 7 кызматкер менен ачуу СССР Министрлер советинен суралган.

С. Мусаев

КОНФЛИКТ

(латынча conflictus — кагылышуу) — көркөм чыгармадагы карама-каршылык, каармандардын ортосундагы кагылыш, күрөш аркылуу сюжеттин өнүгүшү. Теориялык адабияттарда К. негизинен драмалык чыгармаларга мүнөздүү экендигин белгилешет. Анткени, К. драмалык жана эпикалык чыгармаларда аракеттердин өөрчүшүн жана мүнөздөрдүн ачылышын ишке ашыруучу негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат. К. сюжеттин өнүгүшүнүн башкы этаптарын аныктайт: окуянын башталышы, чиелениши — К-тин пайда болушу, К-тин курчушу (Кульминация), чечилиши. Ар кандай эпикалык чыгармада окуялардын, мүнөздөрдүн кагылыштары сөзсүз учурайт. Мындай ситуациялык көрүнүштөр сюжеттин өөрчүшүнө алып келет. «Манас» үчилтигинде мындай ситуациялык көрүнүштөр салттык чоң окуялардан тартып, майда окуяларга чейин учурайт. Үчилтиктеги негизги К. ар дайым жоолаша жүргөн кыргыз менен кытай, калмактардын башкы баатырлары Манас менен Коңурбай, Жолойдун ортосунда жана Семетей, Сейтектин ички, тышкы душмандар менен болгон карама-каршылыгы, кагылышуусу аркылуу чыгат. Бирок ар бир чоң-кичине окуяда да өзүнчө К. бар.

«Манастын» сюжеттик өзөгүнүн негизин түзгөн жана баш каармандын баатырдык жүрүштөрүндө түйүндүү окуяларга катышып, өздөрүнүн каармандык эрдиктерин көрсөткөн негизги каармандарга байланыштуу окуялар да сюжеттин өнүгүшүнө, татаалданышына зор салымдарын кошот. Каармандардын өз ара мамилелеринен келип чыккан ар кандай кырдаалдар улам бир жаңы окуяны пайда кылат да, сюжеттин мазмуну жаңырып отурат. Алсак, Алмамбет менен Көкчөнүн ортосундагы араздашуу, Көкөтөйдүн ашындагы Манас менен кандардын кагылышы, кытай, калмак кандарынын байгени зордуктап алып кетиши, жети кандын Манаска каршы аттанышы, Алмамбет менен Чубактын жол талашышы, ошондой эле Семетейдин Жакып, Абыке, Көбөш, Чынкожо, Толтойду жайлашы жана атасы Манастын кунун кууп Коңурбайдан өч алышы, Сейтектин Канчоро, Кыяс, Желмогуз уулу Сарыбай дөөнү, айрым варианттарда Коңурбайдын уулу Ките же Куялы менен согушу сыяктуу окуялар ар бири өз алдынча К-түү ситуацияны түзүп, эпостун мазмунуна жаңы мотив берип, окуяны улам тереңдетип, өөрчүтүп жүрүп олтурат. Мына ушундай көрүнүштөр аркылуу башкы каармандар — Манас, Семетей, Сейтектин баатырдык күрөшүнөн жыйынтык чыгарылат.

К. Кырбашев

КОҢГУ

— топоним. Манас он төрт жашында ит агытып, куш салып кеткенине он бир күн болгондо санаасы тынчыбай аны издеп чыккан Жакыпка жолуккан он бир кишинин жери катары:

Бирибизди сурасаң,
Тарлан аттуу жерибиз,
Талкоо кытай элибиз,
Ындыстандын бер жагы
Коңгу деген жерибиз
(Сагымбай Орозбаков, 1. 219),
— деп айтылат.

КОҢГУРООЛУ

— эпизоддук кейипкер. Алоокенин агасы, Кошабыштын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 196, 420).

КОҢКО

— топоним. Манас бала кезинде жолдоштору менен салбырынга барган тоо (Сагымбай Орозбаков, 1. 232).

КОҢТАЖЫ

(кээде тайчы) — кытайдын «Хуантайцзы (императордун, кандын уулу) деген термини боюнча калмактар коңтайчи, хонтайчи түрүндө кабыл алышкан. Бул титулдук наамды жунгарлардын башкаруучу чөйрөлөрү да мансаптык даража катары колдонушкан. «Манас» эпосунун кээ бир варианттарында сейрек болсо да учурайт.

КОҢ ТӨРӨ

— Коңурбайдын атак, наам аты.

КОҢУРБАЙ 1

— эпостун негизги терс каарманы, эпикалык душмандарынын башкы баатыры, аскеринин кол башчысы. Манас үчилтигинин биринчи жана экинчи бөлүгүндө салттык түрдө айтылган, согуш майданында жоокердик жөндөмү жана башкалар сапаттык артыкчылыктары менен айырмаланган көркөм образ. К. бардык варианттарда бирде калмактын, бирде кытайдын өкүлү болуп, алмашылып айтыла берет. Ал эпикалык душмандарды башкаруу, согуштук иш-аракети жагынан Манас баатыр менен бирдей деңгээлде, ал эми айла-амалы, куулук жактан кээде артыкчылык кылып, эпопеяда чагылдырылган терс каармандардын ичинен акылга дыйкан, согушка маш, найзага ыктуу, жол айласын мыкты билген баатыр. К-дын баатырдыгы жана эрдик көрсөтүүсү негизинен эпостун «Чоң казат» эпизодунда кеңири баяндалат. Ал кыргыз баатырларына каршы согушууда өзгөчө бөлүнүп көрүнөт. «Манас» эпосун изилдөөчүлөр К-дын образын калмактардын баатырдык эпосу «Жангардагы» эпикалык Улан-Хонгор менен байланыштырышат. Окумуштуулардын «Жангар» эпосун дагы Улан-Хонгорду да, «Манастагы» К-ды да Иртыштын башындагы географиялык рндордо кеңири таралган Конгор-Батор деген легендарлуу баатырдын ысымына ббайланыштырышы негиздүү.

Мына ушул пикирге таянып «Манас» изилдөөчү Э. Абдылдаев да К-дын образы Ойрот мамлекетинин биригүүсүнүн (14—16-кылымдар) жана андан кийинки Жунгар кандыгынын (17 — 18-кылымдар) баскынчыл чабуулдарынын мезгилиндеги калмактардын феодалдык баскынчыларынын жалпылаштырылган образын туюндурат деп көрсөтөт. «Манас» эпосунда сүрөттөлгөн «Кызыл чоктуу чоң Коңур, Кытайдан чыккан оңбогур», «Көркүн көрсөң ушундай, Кечилдин каны Коңурбай» кытай элинин баатыры, Манастын негизги жана коркунучтуу душманы катары бардык варианттарда баяндалат. К. эпопеянын негизги салттык окуяларында (Манас баатырдын Алтай жериндеги алгачкы жана Ала-Тоого көчүп келе жаткан жолдогу кандыктарга каршы казаттарын эске албаганда) катышып, баскынчы душман баатырларынын эң көрүнүктүү өкүлү катары роль ойнойт.

КОҢУРБАЙ 2

Манасчылар К-дын образын түзүүдө баатырдыгын гана эмес, анын бардык иш-аракеттерин сүрөттөп, көп кырдуу мүнөз түзүшөт. «Манас» эпосунда катышкан окуяларында К. — баатыр, К. — кол башчы, К. — эпикалык кан, К. — баскынчы, К. — аксым, К. — айлакер. К-дын образындагы жетектөөчү ушул сапаттар негизинен үчилтиктин «Манас» бөлүгүндө кеңири ачылат. Манас баатырдын каршысында турган:

Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай.
Өзү жоонун айласын билген эрениң
— Найзакерден ыктуу кул,
Жоонун айласын билген мыкты кул.
Бел байлаган бели ошол,
Бекитилүү жери ошол.
Каканчылуу кырк канды
Өзү кайтарып турган эр ошол,

— деп сүрөттөлөт. К. дайыма баскынчылык аракеттерин ишке ашырууда кыргыздардын малын, жерин тартып алууга умтулат. Көпчүлүк манасчылардын варианттарында Көкөтөйдүн ашында Мааникер тулпарды бер деп кыр көрсөтүп кыргыз баатырларынын айрымдарын опузалайт. К. эпосто кайдыгер сүрөттөлбөйт, ал дайыма таңдануу жана жек көрүү, шылдың сезим менен көрсөтүлөт. Буга ал Манасты алдап жарадар кылганы ачык мисал боло алат. Атайын аңдып жүрүп, камсыз, жараксыз турган Манасты капыстан (Сагымбай Орозбаковдо найза менен сайса, Саякбай Каралаевдин вариантында айбалта менен эки жолу чабат) жарадар кылган К-дын иши баатырдын баатырдык жеңиши катары сүрөттөлбөстөн, арсыз, намызсыз адамдын иши катары бааланат.

КОҢУРБАЙ 3

К-дын адамдык сапат касиетинин төмөн турушу анын баатырдык сапаттарын төмөндөтүп, чексиз күчүн жокко чыгарат. Ал кара күч, баатырдык сапат жактан өзүнөн төмөн турган оң каармандын кимисине болбосун чечүүчү мезгилге чейин туруштук бере албай качып берет. Душмандан качуу жеке эле К. эмес, жалпы эле терс каармандар үчүн намыс эмес. К. душмандарына алар аңдабай турганда, же аламан согуш учурунда жашырынып келип аң-достон кол салуучу адаты бар. Эгерде эпостогу оң каармандар жеринин, тууган элинин эркиндиги, көз каранды эместиги үчүн өлүмгө даяр турса, К. жана ал сыяктуу баскынчы душман баатырлары мындай эрдикке жарамсыз. Бирок, Манас акыры К. колдуу өлүмгө учурайт. Манастын уулу Семетейдин да негизги күчтүү жоосу — К. Эпикалык салгылашууда же жарадар болуп акыры каза тапкан башкы баатырдын кунун кууп, анын ишин улантуучу эр жүрөк уулу жөнүндөгү салттык тема «Семетейде» сакталган. К-га Семетейдин каршы салгылашуусу элдик эпостордогу кангакан деп өч алууну билдирген салттык мотивге негизделген. Саякбай Каралаевдин вариантында кытай баатыры К-дын «Манас» эпосундагыдай эле баскынчылык жана айлакерлик саясаты «Семетейде» да өз күчүндө сакталган.

Эпосто К-дын баскынчылык, зордукчулук иш-аракетин Таласты камап «Чатакташпай чырдашпай, Таласың тартуу бер, бурут» деп буйрук кылып, сууну башка тарапка бурдуруп, элди суусуз калтырганы жана анын айлакер, арамзалыгы калк карысы Бакайдын Семетей баатырга: «Сен эмес атаң Манасты алты жолу алдаган Коңурбай» дегенинен көрүнөт. Бирок, эпосто К. «айкырыгы таш жарып» канчалык каарданса да, амал-айланы колдонсо да, Ата Мекен үчүн күрөшкөн Семетей баатырдан жеңилет. К-дын образындагы терс сапат анын эпикалык душман өкүлү экендиги менен гана түшүндүрүлбөйт. Ал — өз элинин, өз элиндеги адилет адамдардын да душманы. Демек, анын сапаттарындагы (терс) көрүнүштөр жалпы эле андагы адамдык касиетинин негизи менен шартталган. Ал чет эл менен касташып, жоолашпай турган тынчтык учурунда деле өз эл, өз жер, өз ич ара айрым кандар менен кагылышып, зордук-зомбулук көрсөтүп, адилеттикке, оң ишке каршы турат. Буга К-дан зордук-зомбулук көргөн Азизкандын баласы Алмамбетке толгонуп ызалуу айткан төмөндөгүдөй сөзү далил боло алат:

Баласыздын артынан,
Көп көргөмүн кордукту
Коңурбай ит калчадан.
Алган жерим бөлүп бер.
Алың итке келбесе
Тирүү жүрбөй өлүп кел
(Саякбай Каралаев, 2. 106).

Азизкандын мамилесинин маңызын ачкан жогорудагы сөзү аркылуу өз элинде, өз жеринде да К-дын зордукчул адам экендиги ачык сезилет. Аталаш тууганы Азизкандын «Кан-Жайлак» деген жайлоосун тартып алышы — анын зордукчулдугуна күбө. Мына ушул фактылар эпостун башкы оң каармандары Манас жана анын уулу Семетей баатырдын негизги душманы болгон К-дын кандай адам экендигинен толук кабар берип турат. Үчилтиктин биринчи бөлүгүндө аягына чыкпай калган сюжеттик сызыкты экинчи бөлүк аягына чыгарат, башкача айтканда кыргыз баатырларынын качантан берки эң негизги, эң коркунучтуу душманы К. жок кылынат.

С. Алиев

КОҢУРАТ

— эпизоддук кейипкер, Жакыптын койчусу. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда калыңга берилүүчү отуз миң койду Кейип калаага айдатып барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 393).

КОҢУРБИЙ

— эпизоддук кейипкер. Манас туулганда берилген тойдогу ат чабышта Акбакай аттуу күлүктү кыйкырып сүрөгөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 82).

КОҢУР-САЗ

— топоним. Манастын колу келе жаткандыгы жөнүндөгү кабарды Култаңдан уккан Орго кан алты доргосун өзүнө караштуу элге кабар жиберип кошун чогултканда К.-С. төмөнкүчө эскерилет:

Коңур-Саз бар,
Тоңу бар Коён,
Шибен чоңу бар
Алтооң жүрүп айтыңар
Алты күндөн калбастан
Аскерин алып кайтыңар
(Сагымбай Орозбаков, 2.
73),— деп буйруп жөнөтөт.

Географиялык реалияда К.-С. — азыркы Тоң районунундагы Коңур-Өлөң аттуу жер.

КОҢУРЧАЧ

— эпизоддук кейипкер. Куялы менен Айчүрөк К. кыздын тоюнда кезигишип, достошкону айтылат (Курама варианты, «Сейтек», 227).

КООК КИЙГИЗҮҮ

— адамды кыйноо максатында башка кийгизиле турган териден жасалган каптама, кептеп коймо, жаргак. Коок негизинен чылгый териден жасалып, адамдын башына кийгизилет, ал кургаган сайын башты кысып, жанды кыйнайт. Ага эпостогу:

Башына коок кийгизип,
Эки көзүн тең чукуп,
Эр Эсендин алдына
Тирүү байлап баргыла!
(Саякбай Каралаев, 1. 156),

— деген саптар мисал боло алат. Айрым окуяларда коок темирден, жыгачтан жасалары да айтылат. Мисалы, Саамаркандык Чоң Эшендин уулу Жарманасты кытайлар Манас деп кармап кеткенде «Жарманастын башына Темирден коок кийгизди» (Саякбай Каралаев, 1. 43),— деп айтылат.

КОПО

— топоним. Көкөтөйдүн чоң ашына даярдык көрө баштаган Бокмурундун көчү ашка союлчу койлорду 20 күнү К. жайлоосунда семиртет. Сагымбай Орозбаковдо: «Козу-Башы, Копого Кой көктөтүп ошого» (Сагымбай Орозбаков, 3. 31, 80) десе; Саякбай Каралаевдин варианты нда: «Козу-Башы, Копого Кой семиртип ошого» (Саякбай Каралаев, 2. 12),— деп айтылат. Эпостун Алтай тарапта өткөн башка окуяларында да туруктуу эскерилет. Географиялык реалияда Иле боюндагы өзөн.

КОРБАШЫ

— бир топтун жетекчиси, башчысы; Букара кандыгынын учурунда курал-жабдык турган үйдү башкарган адам. Эпосто экинчи маанисинде жолугат. Мисалы, Жакып Манаска аял алып бергени кыз издеп Букарга келгенде: «Жакшы кыз көрсөтөбүз деп Ак таяк менен корбашы Жуда келип калганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 352),— деп сүрөттөлөт. Алар Жакыптан эки жамбы алгандан кийин бакчада жүргөн Санирабиганы (Каныкейди) шыкаалап көрсөтөт.

КОРДОЙ

— топоним. Кыргыздар жана ага жамаатташ элдер жашаган жер катары эпосто көп эскерилет. Географиялык реалияда Чүй жана Иле дарыяларынын аралыгындагы бөксө тоолор.

КОРОГЛЫ Халык Гусейнович

(1919, Ашхабад) — филология илимдеринин доктору (1971), профессор (1986), адабиятчы, фольклорчу. 1946-ж. Москва медициналык институтун, 1952-ж. М. В. Ломоносов атындагы МГУнун филология факультетинин Чыгыш бөлүмүн бүтүргөн.

Медицина институтунун алгачкы курстарын Фрунзе шаарында окуган. Түрк жана иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин баатырдык эпосторун салыштырма изилдөөдө зор эмгек сиңирген. Ал 1947 жылдан тартып иран тили жана адабияты боюнча жогорку окуу жайларда сабак бере баштаган. 1954жылдан МГУнун филология факультетинде Орто Азия, Казакстан элдеринин адабияттары боюнча лекция окуган. 1958—71-ж. «Большая Советская Энңиклопедия» басмасынын Тил жана адабият редакциясынын илимий редактору. «Краткая литературная энциклопедия» редакциясынын Чыгыш элдеринин адабияттары редакциясынын башчысы, 1971—85-ж. СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун улуу илимий кызматкери болуп иштеген. Анын изилдөөлөрүндө кыргыз фольклорунун, анын ичинде «Манастын» тексти кеңири колдонулат. Айрыкча «Огузский героический эпос» (М., 1976), «Взаимосвязи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербайджана» (М., 1983) аттуу монографиялары жалпы түркологиялык мааниге ээ. Ал Р. 3. Кыдырбаеванын «Генезис эпоса «Манас»» (1980) аттуу монографиясынын жалпы редакторлугун жүргүзгөн. К. кыргыз фольклору, «Манас» эпосу боюнча адистерди даярдаган.

С. Кайыпов

КОРОГОТУ

— топоним. Көкөтөйдүн ашында чабылган аттар басып өткөн жерлердин бири.

КОРОСОН

— 1) курч, өткүр. Мисалы, К. кылыч; 2) күчтүү, күчү жетилген, ачуу. Мисалы, К. арак; 3) оттук. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашына элдин келип түшкөнү» деген окуядагы: «Коросондон куу коюп, Коркурата бир соруп, Коңурбай түштү жүз миң кол» (Сагымбай Орозбаков, 3. 104) — деген ыр саптар К-дун оттук экендигин далилдейт. 4) койдун чечек оорусу да К. делген. Чечек оорусунун пири-колдоочусу Коросоната деп айтылган. Элде мурда Коросонатага сыйынуу, курмандыкка кой чалуу ырымы орун алган. Ошондуктан, эпосто «Коросонго кой айтып» (Саякбай Каралаев, 2. 128) деп К. касиеттүү күч катары да айтылат. К. кээде мыкты, чоң, баалуу деген мааниде да колдонулат.

КОРТУК

— эпизоддук кейипкер, Шакумдун атасы. Алтайда кыргыздар менен канатташ жашаган манжулук калмактар жер коруп жүрүп, баласын ээрчитип жылкыга келген Жакыпка кез болуп калышат. Жакыпты калмактардын бири камчы менен башка чаап жибергенде, жини келген Манас жылкычы Ыймандын укуругун ала коюп, калмактын башчысы К-тун башын жара чаап өлтүрүп салат (Сагымбай Орозбаков, 1. 130— 131).

КОРШ Фёдор Евгеньевич

(1843, Москва — 1915, Москва) — орус илимпозу. К. славян, иран, араб, армян, санскрит, түрк тилдери боюнча белгилүү адис, фонетика, ыр түзүлүшү, текстология маселелерин изилдеген илимпоз, котормочу, акын жана прозачы болгон. Байыркы түрк ыр түзүлүшү боюнча изилдөөсүнүн илимий мааниси зор. Анын илимий кызыкчылыгынан кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы да сыртта калган эмес. Ал В. Радлов жарыялаган Манас эпосунун тексти менен терең тааныш болгон. 1909-ж. жарыялаган «Древнетюркский стих» аттуу макаласында В. Радлов жарыялаган тексттен мисал келтирип, байыркы түрк ыр түзүлүшүнүн бир көрүнүшү катары караган.

КОТОН

— топоним. Эпос боюнча кыргыздар жана ага жамаатташ элдер жашаган шаар. Көкөтөйдүн керээзинде:

Койнотто шаар Котондон,
Козголоң салып ошо элден
Кыдырып жүрүп айтпасын,
Кытай орус калыкка
(Сагымбай Орозбаков, 3. 14),

— деп эскерилет.

Географиялык реалияда Кытайдын батышындагы дарыя, оазис, шаар.

КОЧКОР

— кейипкер. Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндө бир туугандары менен кошо Каныкейге кордук көрсөтүшкөн. Абыке, Көбөш өлгөндөн кийин К. «Манастын өлгөнү кырк күн боло электе Каныкейдин эмчегин жара чапкансыңар. Эми баласын сүрөп өлтуруп баарыбызды өлтүрөт» — деп Манастын чоролорун көкүтөт да, Адыбай, Көлбай, Чыйбыт, К. төртөө кырк чорого кошулуп Коңурбайды көздөй качышат. Экинчи жолу качышканда кууп жеткен Семетей төртөөнү кырк чорого кошуп өлтүрүп, баарына күмбөз салдырат. Ошол жер ошондон Кочкор аталган деп айтылат эпосто (Саякбай Каралаев, 2. 249; «Семетей», 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).

КОЧКОР

— топоним. Эпосто кыргыз урууларынын жери катары көп эскерилет. Кыргыздар Ала-Тоону калмак кандыктарынан бошоткондо, Кайыпкан, Үрбү баштаган кол Арсы калдайды К-до талкалайт. Манас Көкөтөйдүн ашына баратканда К. жолун басып өтөт; Семетей кырк чорону К. өрөөнүндө кырып, аларга күмбөз тургузат. Географиялык реалияда азыркы Нарын облусунун, түндүгүндөгү ири өрөөн.

КОЧКУ

— кейипкер. Эпос боюнча Жакыптын айлына канатташ жашаган алтайлык калмактардын айыл башчысы, эң алгач жоо менен беттешип Манас жекеде өлтүргөн баатыр. Саякбай Каралаевдин вариантында баатыр Манас он эки жашка чыкканда К. Эсенкандан келген кат боюнча жети жүз киши менен жер коруп келип, Эсенкан издетип жүргөн Манас сенин балаң экен, бергин деп Жакыпты камап, жылкысын тийип алып айдап жөнөйт. Намыстанган жаш Манас келген колду кырып, алардын аттарын элге бөлүп берет. К-нун образы аркылуу Манас эрезеге жетип, ат жалын тартып минип колуна курал алып, эл коргогонго алы жеткенче чабылып-чачылып душмандардын арасында калган кыргыздарды ар ким басмырлаганы берилген.

КОШАБЫШ

— кырк чоронун бири Абыштын ылакап аты. Кошту, колду эсептөөгө маш болгондуктан «Кошчу Абыш» — «Кошабыш» аталган К-тын « Кошу болсо, кол болсо Э дегиче аскердин Эсебин алчу неме... » экендигинен улам Манас Алоокеден согушкуң келбесе Бооке менен К-ты бергин деп талап коюп, экөөнү тартууга алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 196—197). Ошондон баштап Бооке менен К. Манаска чоро болуп калышат, к. Абыш.

КОШ-АРАЛ

— топоним. Көкөтөйдүн ашында байгеге чапкан күлүктөр К.-А-дын бою аркылуу келе жаткандыгы айтылат. Географиялык реалияда Казакстандын түштүк-чыгышындагы жер.

КОШ-АРТЫШ

— топоним. Көкөтөйдүн ашында кекенип калган кандар Манаска каршы кутум уюштуруп, убадалашканда айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 13). Географиялык реалияда Кашкар аймагындагы кыргыз жери.

КОШ-АШУУ

— топоним. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө: «Кош Кара-Көл, Кош-Ашуу Кошуң менен эсен бол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 24),— деп Каныкей Таластан Букарга качып кетеринде өзү жашап жүргөн жер катары эскерет.

КОШ-ДӨБӨ

— топоним. Коңурбай Бокмурундан Мааникерди өкүм менен сураганда Манас ачуусу келип чабуул койгондо, Коңурбай коркконунан тартуу тартып кутулган жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 143). Географиялык реалияда Каркыра өрөөнүндөгү жер.

КОШ-КӨЛ

— топоним. Көкөтөйдүн ашында чапкан аттар басып өткөн жерлердин бири. Географиялык реалияда Казакстандын түштүк-чыгышындагы жерлердин бири.

КОШОЙ 1

— эпостогу негизги оң каармандардын бири, элдин башын кошуп туура жолго баштаган терең акылман карыя жана өз элинде да, душмандын ичинде да теңдеши жок балбан, баатыр адам. Ал жигердүү кол башчылыгы менен да, жекече баатырдыгы менен да башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Кытай кандары кыргыздарды чаап, «бирин айдап Эренге, бирин айдап көз көрбөгөн тереңге» туш-тушка таратканда жалгыз гана К. душманга бой бербей, Чеч-Дөбөнү жердеп калып, «Жети өзөндөй кайран жер, Эби менен жер кылып, Жети өзөндө кыргызды, Эптеп жүрүп эл кылып, Кулаалы жыйып куш кылган, Курама жыйып журт кылган» (Саякбай Каралаев, 1. 111) баатыр кол башчы.

Алтайга сүрүлгөн кыргыздардын Манастын башчылыгы астында ата конушу Ала-Тоого кайрылып көчүп келишинде мурдатан ошол аймакта жашап, орун-очок алган, белге таңуу бек айбат баатыр катары негизги таяныч болот. Ошондой эле Манаска чейин эле ата журтту баскынчы душмандан бошотууга өз алдынча кыйла ийгиликтүү аракет кылган баатыр. Ал Кашкарга жасаган жортуулунда Манаска кошулганга чейин эле жоонун көптөгөн баатырларын, аярларын, кандарын айла-амал, баатырдык менен жеңип, кыйла жерди душмандан бошотот. Эпосто К. «калк атасы», «эл атасы», «элдин уюткуу», «олуя», «даанышман», «акылман» деген туруктуу эпитеттер менен сыпатталат.

КОШОЙ 2

Кыргыз журтчулугунун ичиндеги ары эң улуусу, ары акылман, калыс, алп турпатына төп келген кайрат-күчү мол адам К-ду Манас баштаган бардык кыргыз баатырлары кадырлап, зор урмат менен «Абам Кошой карыя» деп кайрылышат. Эл ичинде зор кадыр-баркка ээ болгон К. бардык кыргыз уруулары баш кошкон чоң жыйындарды башкарат (мисалы, Көкөтөйдүн ашын башкаруу ага ыйгарылат), орчундуу маселени чечүүдө эл ага кайрылат, анын кеңешин угуп, жардамын алышат (мисалы, кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келээрдин алдында Манас атайы Чеч-Төбөгө келип, К-го жолугуп, анын кеңешин угат, Чоң казаттын астында Манаска каршы кутум уюштурмакчы болгон он эки кан ага кеңеш салышат, бирок К. алардын туура эмес иш баштап жатканын айтып, колдобойт). К-дун эл ичиндеги кадыр-баркы анын Манаска карата мамилесинен да ачык көрүнөт. Эч ким даап келип тике сөз айта албаган Манаска К. гана жүйөлүү сөзүн тартынбай айтат; керектүү кеңеши, акыл-насааты менен бирге, кемчилигин да ачык көрсөтүп, керек болсо жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн калк астында да жемелей алат. К-дун намыстуулугу, кайраттуулугу Көкөтөйдүн ашында таасын көрүнөт.

Токсонго таяп карып калганына карабастан «Карысам да карпаңдап, Карт буурадай тартаңдап мен түшпөсөм капырга, Канкор да болсоң эр элең, Кайраты ашык неме элең, Сен түшпөсөң капырга, Кандай адам катылат» (Сагымбай Орозбаков, 3, 196),— дейт Манаска кайрылып, эч ким даап күрөшүүгө чыкпай койгон Жолой менен күрөшөт, жеңишке ээ болот. Эпосто ал экөөнүн күрөшү адаттан тышкаркы, кандайдыр өзгөчө адамдардын күрөшү катары сүрөттөлөт. Бирин-бири асманга топтой ыргытышат, көктөн келип буту тийген жерлери оюлуп, андан учкан чаңдан адамдар бири-бирин көрө албаган туман түшөт, күрөш бир нече күнгө созулат. К. ортодо уктоого үлгүрөт. Ушундай оор күрөштө жеңишке ээ болгон К-дун өзүнө теңдеши жок балбандыгы, башкалардан өзгөчө алптыгы баса белгиленет.

КОШОЙ 3

Бул түрдөгү узакка созулган укмуштуу күрөш — кыргыз эпосторунда сейрек учуроочу көрүнүш. Ал эми Борбор Азиядагы түрк-моңгол элдеринин көөнө эпосторунда салттык мотив катары кеңири учурайт. Мисалы, шор элинин «Картыга Перген» деген эпосунда эки баатырдын кармашы төмөндөгүдөй сүрөттөлөт:

Аттан түшүштү,
Жакага жабышышты,
Алкымдан алышышты,
Ак деңиз чайпалды,
Ак тоо козголду,
Көз көрбөс кара туман түштү.
Булар ал жерде
Тогуз жыл кармашты
(Шорский фольклор. М. — Л., 1940, 10-б.).

Келтирилген мисал менен салыштырганда Кошой менен Жолойдун күрөшү баатырдык жомоктордогу каармандардын күрөшү менен типтеш келип, бул каармандардын образынын байыркылыгын, мифтик-фантастикалык көз караштын негизинде жаралганын кабарлап турат. Алардын образдарынын байыркылыгын сырткы келбеттеринин сүрөттөлүшү, мүнөздөрүнүн көп белгилери айныксыз айгинелеп турат. «Чоңдугу тоонун теңиндей, «эки бетин караса, эки даңгыт тойгондой». «Көзү казган ородой», «колу кырк жылдык чынардай», «кашы комдонуп жаткан кара иттей», «кулак калканы кол чатырдай», «төш жайыгы тоонун керисиндей», «аркасы ат жарышчу талаадай», «бир күндө жеген ашы 9 бука, 9 кочкор, 9 айгыр эти», «90 саба кымыз ичкен» Жолой укмуштай зор сырткы түрү менен эч кимден жеңилгис көрүнөт. Ошондуктан «Жолойго киши жолойбу» деп К-дон башка эч ким аны менен күрөшүүгө даабайт. Эгерде эпосто Жолойдун сырткы келбети гротесктик гиперболалаштыруу менен ары күлкүлүү, ары коркунучтуу сүрөттөлсө, Кошойдун алы-күчү мол алп адам экени айрым деталдар, штрихтер аркылуу таасын берилет (эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында каармандардагы уруулук коомдун мифологиялык түшүнүктөрүнүн негизинде пайда болгон дөөлөргө таандык өтө зор сырткы келбет терс көрүнүш катары кабыл алынып калгандыктан, башка оң каармандарга да мүнөздүү мындай көрүнүштөр акырындап сүрүлө баштайт).

КОШОЙ 4

Жолой менен күрөшкөндө белин он алты жигитке тебелетип жаткан К. аларды эргежээлдердей эле көрөт:

Окторулуп эр Кошой
Ордунан тура калганы.
Жонундагы жүргөндөр
Томолонуп калганы.
Чоң кишээ чыккан балдардай
Кыйрап жерде калганы
(Сагымбай Орозбаков, 3. 217).

Күрөшкө кийип түшөргө ага чак шым табылбайт, жадесе Каныкей Манаска тиккен кандагай тарлык кылат (бул жерде эпос боюнча кыргыздардын башкы баатыры болгондон кийин Манас бардык жагынан кол жеткис бийик үлгү катары караларын эске алганыбыз жөн). Качан гана Каныкей капшырып койгон жерин жазып жиберишкенден кийин гана, баштагыдан кыйла кеңейген шым К. абаңа чак келет. Кээ бир манасчылар анын теңдешсиз зор адам экенин: «Токсон койдун териси, томугунан тон болгон» — деп сүрөттөшөт. К-дун образын жалаң сырткы турпатынын көрүнүшү жагынан гана эмес таптык коомго чейинки фольклордун, синкреттик мифологиянын каарманы — түпкү баба — маданий каарманга мүнөздүү кээ бир функцияларга ээ экендиги менен байыркылык кылат.

Бул жерде Сагымбайдын жана ага жакын турган варианттарда К-дун Кашкарда жана анын айланасындагы жерлерди аярлык өнөргө салып каратканын баяндаган өзүнчө сюжетке ээ көлөмдүү эпизодду эсепке албаганда да, ага туруктуу колдонулган салттык мүнөздөмөлөрдөгү: «Бекип жаткан бейиштин, Эшигин ачкан эр Кошой» — деген ыр саптардын өзү эле анын кандайдыр жөн гана кадыресе адам эмес, адаттан тышкары касиеттерге ээ адам экенин кабарлап турат. Ушуга байланыштуу В. М. Жирмунский: «Мүмкүн бул жерде мусулмандашкан формада «каармандын өлүктөр дүйнөсүнө барып келгендиги жөнүндөгүгө» окшош баян сакталган» — деген ой айтат. Окумуштуу көрсөткөндөй бул мотив Төштүк, Жүгөрүлөрдүн жер астына түшүп чыгышына катарлаш каралууга тийиш. «Төштүк» эпосунун сюжетинин негизин башкы каармандардын жер астына түшүп, нечен укмуштуу тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңип, жер астынын каны Көкдөөнүн кызына үйлөнүп, жер үстүнө алы чыгышы түзөт.

КОШОЙ 5

Мындай сюжет түпкүлүгүндө адамдардын жашоосуна зарыл дөөлөттөрдүн булагын анын ээси же сактоочусу Улуу Энеден (табияттан) жеңип алууга такалары фольклористикада аныкталган көз караш болуп саналат (кыргыз эпосторунун ичинен «Кожожаштагы» Молдожаш кайберендердин энеси Сурэчкини жеңип, анын кызы Ашайранга үйлөнүшүндө бул мотив ачыгыраак сакталган). Демек «бекип жаткан бейиштин эшигин ачкан» (башкача айтканда тигил дүйнөдөгү жыргалдын эшигин ачкан) эр К-дун поэтикалык образы жана анын айланасындагы баян түпкүлүгүндө таптык коомго чейин пайда болгон маданий каарман жөнүндөгү мифтик-фантастикалык эпикага барып такалат. Ушул көз карашта Кдун Жаангер Кожонун (Айкожонун) кытайлар зордук менен кармап кеткен уулу Билерикти (Сагымбай Орозбаков), башка варианттарда Кожонун кызы Билерикти куткарып чыгышы кыйла кызыктуу факт болуп саналат. А. А. Валитова «Манастагы» Жангаркожо жана анын баласы Билерик жөнүндөгү эпизодду 1822—28-жылдардагы Жангаркожонун кытайларга каршы көтөрүлүшүнө байланыштуу Чыгыш Түркстандагы тарыхый окуя менен байланыштуу караган. В. М. Жирмунский бул пикирди негизинен колдоп келип, төмөндөгүдөй туура жыйынтык чыгарган: «Бирок 19-кылымдын орто ченинде белгилүү болгон Кошойдун Кашкарга жортуулу жөнүндөгү эпикалык салттын байыркылыгы жана С. Орозбаковдун вариантында бул каармандын эрдигинин жомоктук мүнөзү көрсөтүп тургандай жаңы аттар жана аларга байланыштуу сүйүү мотивдери бир кыйла байыркы, мурда эле түзүлгөн баянга кирген деп айтууга негиз берет» (Жирмунский В. И. Тюркский героический эпос. Л., 1974. 65-б.).

К. жөнүндөгү мифтик баяндын түрк элдеринде өтө байыркы мезгилде пайда болгондугун түздөнтүз ырастоочу бир Оригиналдуу, өтө кызык факт бар. Орус элинин оозеки чыгармачылыгында Өлбөс Кощей (Кощуй) деген, бери болгондо 10-кылымдан белгилүү жомоктук кейипкер бар. Ушул кейипкердин К. менен генетикалык типологиялык жакындыгы бар экендигин төмөндөгүдөй айрым фактылар ачык далилдейт (орустар Өлбөс Кощейдин образын жана ага байланышкан баянды маданий таасир катары 5-кылымдан тартып байыркы кыргызддар менен тектеш түрк уруулары гунндардан, болгарлардан, хазарлардан, печенегдерден, кыпчактардан кабыл алышкан).

КОШОЙ 6

1) Кошой менен Кощейдин (Кощуйдун) ысымдарынын аталыштары окшош жана бул сөздөрдүн келип чыгыш төркүнү тектеш, -маанилеш келип, байыркы түрк тилдериндеги «кошуу», «ыр жаратуу» деген сөздөрдөн тараган. Б. А. Рыбаков бул сөздүн байыркы орус тилинде колдонулушун изилдеп келип, мифологиялык баянды аткаруучу, сыйкырчы деген мааниге ээ экендигин көрсөтөт. К-дун аты ушуга жакын мааниге ээ. Ал кыргыз тилиндеги «кош» («ырга кошуу», «ыр жаратуу») деген жана байыркы кыргыздарда адам аттарын уюштуруучу «-ой» аффиксинен турат. Байыркы кыргыз тилинде магиялык түшүнүк менен байланышы бар антропонимдерди ушул түрдө жасоо салт болгонун ошол кезде көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлердин аттарына («Бекбекей», «Саксакайга») салыштыруу ырастайт. Бул аттар да «кош» сыяктуу «бек», «бек», «сак», «сак» деген буйрук этиш сөздөрдөн жана «-ой» аффиксинин фонетикалык варианттарынан («-ей», «-ай») турат. Кыргыздар али магиялык ишенимден чыга элек байыркы уруулук коомдун тушунда пайда болгон, элдик чыгармачылыктын эң алгачкы үлгүлөрүнүн бири «Бекбекейдеги» пирлердин аттары менен «Кошой» аттуу ысымдын жаралуу жолунун типтештиги — анын байыркылыгынын дагы бир белгиси. Жыйынтыгында «Кошой» ырга кошуунун, ыр чыгаруунун пири же байыркы орустардын Кощейиндей мифтик баяндап айтуучу, сыйкырчы деген ойго келүүгө болот.

2) Кошой менен Кощейдин образдарынын да окшоштугу Кощейдин «өлбөс» деген эпитети көрсөтүп тургандай чексиз узак жашаган кары, К. да өз элиндеги өтө узак жашаган адам, ошондой эле экөөнүн тең сыйкырчылык, кубулуучулук өнөрү алардын ысымдарына шайкеш келет. Байыркы уруулук коомдо адамдын сыйкырчылык, кубулуучулук өнөрүн сөздүн, ырдын магиялык касиетине байланыштырып карашкан. Ошондуктан уруу аксакалдарынын туруктуу атрибуту көзү ачыктык ырчылык болгон. Буга байыркы түрк элдеринин «Огузнамесиндеги» 550 жыл жашаган, өз элинин акылман таалимчиси, кандарынын башкы кеңешчиси, келечекти алдынала көрө билген олуя Коркут ата; карельфиндердин «Калеваласындагы» өз уруусунун аксакалы, жол башчысы жана насаатчысы, даанышман аяр Вейнемейнендердин сыйкырдуу ырчылары болушканы ачык мисал боло алат.

КОШОЙ 7

3) Кошой менен Кощейдин айланасында жүргөн окуялардын сюжеттеринин да бири-бирине окшоштугу. Экөөндө тең оң каарман зордук менен колго түшүп, камакта жаткан кызды сыйкырдуу амал-айла менен куткарып, кайра өз элине алып келет. Келтирилген аргументтердин негизинде Кошой менен Кощейдин образдары жана алардын айланасындагы окуялардын сюжетинин генетикалаш экенин белгилеп, К-дун образы 5-кылымдан алда канча мурун пайда болгонун болжоого болот. Анткени, бул образды, сюжетти түпкү мекени Борбордук Азиядан өздөрү менен ала келип орус элинин чыгармачылыгына маданий таасир катары өткөргөн түрк урууларынын кыргыздардан ажырашып батышка оой башташы ошол доорлорго туура келет. Укмуштардын өлкөсү кытайдан өнөр билимге ээ болуп келген Алмамбетти эсепке албаганда К. — кыргыз кол башчыларынын ичинен аярлык укмуш өнөргө ээ бирден бир каарман. Аярлык менен бирге, колдоочулук, жаратуучулук, көзү ачыктык касиеттери да бар. «Батасы журтту байыткан», олуязаада К-дун батасынан Семетей бойго бүтүп, аты да ал тарабынан коюлуп, келечеги алдын ала айтылат. Тоголок Молдонун вариантында Манастын өзү да анын батасынан бойго бүткөн делет. Мамбет Чокмор уулунун вариантында К. Манастын тагдырынын урунттуу учурларында катышат; Саякбай Каралаевдин варианты ндагыдай көп жардамынан кийин Манасты кан шайлоо менен бирге, Каныкейге куда түшүп, калың төлөп үйлөндүрөт.

Башка варианттарда бул ролду Манастын өз атасы Жакып (Сагымбай) же Бакай (Саякбай) аткарат. Бир катар варианттарда К. Манастын колдоочусу, пири катары сүрөттөлөт. Саякбай Каралаевдин вариантында Нескара, Жолой менен болгон экинчи урушунда Манас алгач күткөн кырк чоросунан, минген аты Торучаардан ажырап, калмак-кытайлардын курчоосунда калганда көп кол менен атайы аттанып чыгып Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп келаткан К. Манаска келип, жардам берип куткарып алат.

КОШОЙ 7

Жолукканда эле аны пирим бол деп жүргөн Манас эми аны нагыз пирим деп тааныйт:

Билбегенди билгизип,
Минтип жолго киргизип,
Туйбаганды туйгузуп,
Туура жолго киргизип,
Тосуп барып кан Кошой
Тоодой болгон төрөңдү
Алтайдан тосуп алыптыр.
Белгилүү Кошой абакең
Өчкөн отун тамызып,
Берен Манас султандын
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улаптыр,
Чачылганын жыйнаптыр.
Катагандын кан Кошой
Пир туткан жери ал болду.
Ошондо Кошой карыя,
Оён Манас көк жалга
Олуя заада жан болду
(Саякбай Каралаев, 1. 161).

К-дун образынын саналып өткөн бир катар белгилерине карап анын негизи тарыхка чейинки уруулук коомдун идеологиялык синкретизминин туундусу түпкү баба — маданий каарманга барып такаларын көрүү кыйын эмес. В. М. Жирмунский ушул типтеги каарман жөнүндө белгилегендей: «Ал акылман патриарх, көзү ачык жана олуя. Бул функциялардын минтип бир адамда төп келишип турушу поэзиянын байыркы синкретизми жана магиялык каада-салт үчүн мүнөздүү болгон». К-дун образы бул жагынан алганда жогоруда белгилегенибиздей Коркут ата, Вейнемейнендер менен типтеш. В. М. Жирмунскийдин Коркут жөнүндөгү: «Коркут барыдан мурда уруу жетекчилеринин жана элдин башында турган даанышман патриарх, ал хандарды шайлайт жана түшүрөт, хандарга жана элге кеңеш берет, анысы олуялык көрөгөчтүк жана осуят катары ишке ашырылат, ал эл ичиндеги эң башкы адам катары кадыр-сыйга курчалган, анын керт башы ыйык, анын алдында анын сөзү менен шайланган огуз хандары жүгүнүп турушат», — деп айтканы (В. М. Жирмунский. Тюркский героический эпос. Л., 194, 541-б.) толук бойдон К-го да туура келет. К. түрк элдериндеги байыркы эпикалык каарман болгондуктан жеке кыргыздардын «Манасында» гана эмес, башка тектеш элдердин оозеки чыгармачылыгында да жолугат.

КОШОЙ 8

Мисалы, казак, кара калпак элдеринин фольклордук чыгармаларында Эр Кошой деген кеңири белгилүү кейипкер бар. Казак элинде «Эр Косай» аттуу эпостун бир нече варианты бар. Анын мазмуну Чоң Алайдагы кыргыздардан жазылып алынган жөө жомок менен окшош келип, экөөнүн генетикасы бир. Казактардын «Көкчөнүн уулу Эр Косай» деген экинчи бир көп варианттуу эпосу сюжети боюнча «Манас» менен жакындыгы жок болгону менен эки эпостун тең башкы каармандары Аккула минген Манас, Көкчө, Кошой экендиги көңүл бурарлык көрүнүш. Казак элинин эпикалык чыгармаларында К. кыргыздардыкына жакын сүрөттөлүп, ал чексиз балбан, кээ бирлеринде токсон жаштагы акылдуу, нускалуу карыя.

«Манас» эпосунун жалпы эле өнүгүү мыйзам ченемине ылайык К-дун образы жана анын айланасындагы окуялардын сюжети коомдук мамилелердин, идеологиянын алмашылышын чагылдырат жана көптөгөн катмарланууга, кайрадан курулууга, өзгөрүүлөргө туш болгон. Ал тарыхка чейинки уруулук коомдун синкреттик мифологиясынын каарманы түпкү баба — маданий каармандан тартып, уруунун патриархы, жомоктук укмуштуу балбан, тарыхый окуялардын катышуучусу—реалдуу адам, элдин көсөм карыя жетекчисине чейинки бир катар өзгөрүлмөлүү тарыхый жолду ырааттуу басып өткөн. Анын образынын реалдуу адам менен жуурулушуп, тарыхый окуяларга катышуучу катары көрүнүшү болжол менен 9—10-кылымдарга туура келет. Эне-Сайлык кыргыздардын ошол доордогу улуу мамлекетин ыдыраткан кара кытайлардын хандарынын династиясы Елуй прототиби болгон Жолой менен өмүр бою салгылашып жүрүшү ушул ойго түртөт (К-дун өзүнүн эскерүүсүндө Көкөтөйдүн ашындагы күрөштөн тышкары мурда да ал Жолойду бир нече жолу жеңет). К-дун айланасында тарыхый окуялардын катмарланышы 16-кылымдан тартып айрыкча күч алганын белгилөөгө болот.

КОШОЙ 9

Кыязы 16—19-кылымдын аралыгында Орто Азия, Чыгыш Түркстан жана Түндүк Ооганстандын тарыхында катаган уруусу ири саясий күчкө айланып, активдүү роль ойношу жана элдик аңыздарга караганда К. аттуу даңазалуу адамдын чыгышы байыркы эпикалык каарман К. менен контаминацияланып, жаңы катмардын пайда болушуна шарт түзгөн. 16-кылымда Султангазы султандын башчылыгы менен Кашкарияга көчүп кетишкен катагандардын өкүлдөрү өлкөнүн саясий окуяларына активдүү катышып, мамлекеттик чоң мансаптарды ээлеп келишкен. Алардын тукумдары — өздөрүн кыргыздын катаган уруусунан деп эсептеген эл азыр да Хотон, Жаркент аймактарында жашашат. Алар бир кезде өздөрүнүн К. деген баатыры болгонун эскеришет. Мына ушул окуялар 19-кылымда Жангир кожо кыргыздардын, кундуздук (Түн. Ооганстан) отряддын жана Чыгыш Түркстандагы жергиликтүү элдердин жардамы менен Цин династиясына каршы күрөштө Кашкар, Жаркент, Хотон шаарларын бошоткон окуялары менен толукталып, «Манас» эпосуна эпикалык каарман К-дун Жангир кожонун өтүнүчү менен Кашкар, Котон, Жаркент, Дагалак шаарларын бошотушу катары кирген. Аталган окуялар К-дун байыркы жомоктук жортуулу (колго түшүп кеткен кызды аярлык менен куткаруу) менен контаминацияланып, фантастикалык маанайда сүрөттөлгөнүн белгилей кетүү жөндүү. Сагымбай Орозбаковдо:

Кундуз, Талкан жайлаган,
Кундуздай кара ат байлаган.
Кабил ара жердеген
Кесенип жоону жеңбеген,
Аталык уулу эр Кошой —

делип, К-дун жердеген жери Түндүк Ооганстан, атасы Аталык болуп сүрөттөлөт. Муну «Манаста» К. катаган уруусунан болуп баяндалышына байланыштуу эпоско кийин кирген катмар катары кароо керек.

1628-жылдары катагандын кан Турсунун Эшимкан талкалап, Ташкенден сүргөндө, катагандын бир тармагы улам жер которуп отуруп, 17-кылымдын акыры ченде Бекмурат кан, анын уулу Махмуд-бий аталыктын жетекчилиги менен Ооганстанга көчүп барышып, биротоло туруп калышат. Демек, ушул тарыхый окуялардын айрым фактылары К-го байланыштырылып, «Манаста» чагылдырылган. Каратегиндеги кыштактын, Ат-Башыдагы чептин ордунун эпикалык К-дун атына байланыштырылышынын өзү көңүл бурарлык көрүнүш (к. Кошой-Коргон). «Манас» эпосунда К-дун образына байланыштырып кеңири сүрөттөлгөн эпизоддордон тышкары анын «күрсү тийип жонуна, кылыч тийип кыйлача» Акдөө, Көкдөө жана башкалар ар түрдүү жоолор менен «намыс бербей жашынан» кармашканы эскерилет. Буга бир катар түрк элдериндеги анын аты менен байланышкан эпизоддорду, кыргыз элиндеги жөө жомок, уламыштарды кошуп алганда ал качандыр бир кездерде көп катмарлуу, көп окуялуу, өтө көлөмдүү өз алдынча эпостун борбордук баш каарманы болгон деп болжоого негиз бар.

Р. Сарыпбеков

КОШОЙДУН-КАРА-ТООСУ

— Ала-Тоо түркүмүндөгү тоо, Нарын жана Ат-Башы өрөөнүнүн ортосунда, Нарын тоо тизмегине кирет. Узундугу 27 км. Орточо бийиктиги 3530 м, эң бийик жери 4066 м (Кошойдун чокусу). «Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Катагандын кан Кошой кароол караган бул тоо эл арасында К.-К.-Т. аталат. Тоодон 50—60 км түштүк-чыгыш тарапта Ат-башы, Кара-Коюн өрөөнүнүн таманында Кошойдун коргону жайгашкан. Уламышта Кошой баатырдын Кара тоонун чокусундагы Манастын ордосунда туруп «балдар атка чөп салып койгула, малды сугаргыла, чыгаргыла» дегени коргондогуларга кадимкидей угулуп турчу экен деп айтылат.

КОШОЙ-КОРГОН

— топоним. Ат-Башы кыштагынан 12 км батышта Кара-Коюн суусунун сол жээгиндеги эки бөлүктүү негизги чептен жана узун дубал менен курчалган кыйла чоң аянттан турат. Дубалдын бийиктиги 7 м, бурчтарына жана дубалды бойлой мунаралар курулган. Дубалдын үстү менен ат араба кенен жүргөн экен. Изилдөөлөргө караганда 10—12-кылымдарга таандык, мурдагы курулуш калдыктары учурайт.
Кошой-Коргон (Ат-Башы өрөөнү).

Элдик уламышта «Манастагы» негизги каармандардын бири Кошойдун аты менен байланыштырылат.

КОШОЙ-ТОО

— Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш тармагы Каракол жана Үч-Кошой (Таластын башы) сууларынын аралыгында чыгыштан батышка карай 36 кмге дого сымал созулуп жатат.

Элдик уламышта «Манастагы» негизги каармандардын бири Кошойдун аты менен байланыштырылган тоо.

КОШОК

— дүйнөдөн өткөн адамга карата өкүнүү, күйүнүү, жакындык сезимин билдирүү менен муңдуу аткарылган кайгылуу ыр. К-тун элдик оозеки чыгармачылыктагы эң байыркы жанрлардын бири экендигин К., керээз түрүндө айтылган сөздөрдөн турган байыркы энесай-орхон жазуулары да далилдеп турат. Кыргыз элинде К. илгертен кеңири таралган, азыр да учурайт. Ал эми «Манас» жомогунда баатырлар өлгөндө жесирине тул салдырып берип, алтымыш кошокчу аял кошуп берип, аза күткөнү айтылат; Мисалы, Манас өлгөндө «Алтымыш катын кошокчу Тул түбүндө Акылай Баягы кайран жеңең Каныкей, Боздоп турду буркурап. Кошуп эле турат чыркырап (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 13); Көкөтөй өлгөндө «Тулун туура тарттырып, Көкөтөйдүн жоктоосун Күлайымга айттырып» (Саякбай Каралаев, 2. 7). Адатта К. көзү өткөн адамга арналгандыктан ошол адамдын сапаттары, турпаты, аткарган жумушу, адамдарга мамилеси айтылган. Мисалы, «Манаста» Алмамбеттин аялы Арууке «тоодоюм», «падышам», «кабылан» деп атап кошот:

Тоодогу жылкы тогуз сан,
Тобурчак буудан аралаш,
Тосуп алар жаман ат,
Томсоруп жанды кууратпай,
Тоодоюм төрөм ала жат!
Падышам бармактайда баш кошкон,
Ошо же биттей кезде бириккен,
Канжыгаңа чала кет,
Караандаша кеткенге
Кабылан, мен чиркинди ала кет!
Ар уруудан көйнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай бейбакты,
Кабылан, тарта кетчи койнуңа!
Отуз дайра бириксе,
Шар жериндей падышам,
Отуз тоо бириксе,
Ошондо тар жериндей падышам!
(Саякбай Каралаев, 2. 224).

Адатта К-ту өлгөн адамдын ашы берилгенче айтышат. Ашты таратып бүткөндөн кийин гана жесирдин карасын алып, башка кийим кийгизишкен. Эпосто да Көкөтөйдүн ашы берилгенче аялы кара кийим кийип отурганы айтылат. Аш бергени Ташкенден көчүп чыкканда:

Алган жары Күлайым
Калдайтып кара кийгизип,
Кан Көкөтөй зыйнатын
Калайыкка билгизип,
Атанга жүгүн арттырып,
Алтымыштай катынга,
Тегиз кошок айттырып
(Саякбай Каралаев, 2. 11), — жүрүп олтурушат.

Эпостогу К-тор мааниси гана эмес, формасы, түзүлүшү боюнча элдик К-го окшош жана К-тордо элдик поэзияга мүнөздүү эпикалык параллелдүүлүк, аллитерация, аксак уйкаш сыяктуу көркөм сөз каражаттыр кеңири жолугат.

3. Бектенов

КОШУН 1

— эпосто куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмесинен турган согуштук күчтү туюндурат. К-га синоним мааниде аскер, кол, черүү деген терминдер кеңири колдонулат. «Манас» эпосунун уюкту өзөк окуяларына караганда эл сүрөттөгөн тарыхый шарт тапсыз уруу түзүлүшүнүн эң жогорку баскычы — аскердик демократия учурун чагылдырат. Анткени, эпосто баяндалган кыргыздар уруу-уруу болуп жашашат. Ал уруулар согуштук уруу союзу аркылуу бир эл мүнөзүнө бириктирилген. Уруу мүчөлөрү тен укукташ, тең ата, алар тууган катары бири-бирине жардамдаш болууга милдеттүү. Мамлекет жана атайын башкаруу аппараты жок, туруктуу армия да жок. Элди, жерди ыйык деп түшүнүү, эл менен бирге болуу, өз жерин сырткы душмандардан коргоо эпостогу жеке каармандарга гана таандык эмес, жалпы мүнөздүү көрүнүш. Элдик ошол салтка ылайык Манас баатыр жалпы кыргыз урууларынын башчысы эсептелип, атайын кан шайланат. Анын карамагына түздөн-түз кырк чоро гана таандык. Ал эми колуна курал алууга жарактуу жоокерлер Манаска аскердик демократиянын негизинде гана мамилелеш болот. Алар адегенде өз уруу-башчы-кандарына баш ийип, ошолор аркылуу Манасты колдойт. Анткени, жоокерчилик доордун аскер тартиби зордукка же опузага таянбайт, ал ар бир аскер өзүнүн Ата мекенин коргоону, жоокердик ыйык милдетим деп эсептегенине таянат. Жоокерлик зарылдык болуп калган учурда Манас, анын кырк чоросу, тең ата уруу кандары жана тилектеш, талапташ казак, өзбек жана башкалар элдин өкүлдөрү өз К-дарын дароо чогултуп даяр болушат.

«Манастын» мазмунун адилеттүү күрөш жана жеңиш идеясы түзгөндүктөн, анда кичине жана чоң масштабдагы согуш эпизоддору негизги орунду ээлейт. Айрыкча эпостун биринчи бөлүгүндө эң көп К. катышкан согуш аракеттери арбын. Мына ушул согуштарда эки тараптын тең жоокерлери өзүлөрүнүн чеберчилигине жараша онго, жүзгө, миңге бөлүнгөн согуштук стратегия менен тактиканын поэтикалык чагылышын көрөбүз.

КОШУН 2

Чоң казатка аттанган кыргыз К-нун «Найзасы албарс учтуусу, Кылычы кыйла курчтуусу, Калканы болот дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү» (Сагымбай Орозбаков, 4. 294) болуп өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөндөй эле сырткы душмандар да согуш өнөрүн мыкты билген жоо куралдарын атууга, саюуга, чабууга өтө чебер келишет. Эпосто душман К-унун жалпы көрүнүшү:

Кылычы кыйла учтуусу,
Найзага артык курчтуусу,
Чалма уруучу балбаны,
Эчен түрлүү жаалары,
Кумурскадай калктары,
Түрдүү-түрдүү алптары.
Темир аркан торчону
Каптап уруш салды эми
(Саякбай Каралаев, 1. 89), — деп баяндалат.

Поэтикалык бул саптардан көрүнүп тургандай кылыччандардын, найзакерлердин, чалма чалуучулардын, темир торчондор өз-өзүнчө өнөрүнө, аткаруучу милдетине карай оңго, жүзгө, миңге бөлүштүрүп, бир кишини он кишиге, башка бирөөнү миң кишиге башчы кылып дайындалышы тарыхый фактылар менен бирдей дал келет. Адатта согушту баштоочулар катарында манасчылар адегенде элдик баатырлардын каршысында турган жоо колун сүрөттөөдөн баштайт. Биринчи иретте душмандардын жер жайнаган К-ун баян кылат. Бул учурда көбүнчө сан жагынан душмандардын артыкчылыгы эскерилет. Бирок туура иш үчүн күрөшкөн кыргыздардын ар бир жоокер азаматы — баатыр, бири көпкө татыйт. Жалпы мүнөздөгү уруштун бир көрүнүшү сүрөттөлгөн учурда да:

Асаба желек жалпылдап,
Карап турсаң ушуну,
Кара кыргыз кошууну
Каптап кирип калганы
Жашы менен карганы
Жалпысы бура тартпастан
Жалпы кирип калганы
(Сагымбай Орозбаков, 4. 338)

көз алдыга тартылат. «Тууну тууга урдуруп, айгай кулак тундуруп», салгылашуу жүрөт. Мындай көрүнүш Сагымбай Орозбаковдо басымдуу ошондой эле баяндалып жаткан ар бир кичине же чоң согуш окуялары жалпы салтка ылайык чыныгы эпикалык масштабда чечилет. Эпосто сырткы душмандарга каршы күрөшүүдө жеке гана кыргыз урууларынын биримдиги эмес, адилеттик, эркиндик үчүн баш кошкон тектеш түрк элдеринин жардам берүүчү күчүнүн таасири зор. Ошентип, «Манаста» чагылдырылган кыргыздардын өз эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар бир этабында аларга казактар баш болгон түрк тилинде сүйлөгөн элдер (каракалпак, өзбек жана башкалар) жардамга келип, союздаштар катары бирге аракеттенишет. Мындай согуштарда К-дардын урааны, жалпы максаты бир болуп күрөшүүнүн натыйжасында гана душмандын үстүнөн жеңишти камсыз кылып турушкан.

С. Алиев

КОШУМБЕК

— эпизоддук кейипкер, Кайыптын иниси. Түлкү болуп кубулган бадаң аяр К-тен өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 510-б.).

КОШ-САЛАА

— топоним. Кытай манжулардын жери. Алмамбет менен Сыргак Бээжинди бет алып чалгынга бара жатканда:

Тетиги дүмпүйүп түздө көрүнгөн,
Кош-Салаа деген жер ошол.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Бекитип жаткан бел ошол,
Манас (Саякбай Каралаев, 2. 101),

— деп Алмамбет бүткүл кытайдын жоо өткүс, ишенимдүү бели экенин Манаска айтат.

КОШЧАБДАР

— Алмамбет Манаска келип кошулганда ага кан тартуу катары тартылган тогуз аттын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).