КАЙНАР - КАРА-СУУ
- КАЙНАР
- КАЙНАРДЫН-КАРА-СУУСУ
- КАЙНАР-КАШАТ
- КАЙНАТМА КАРА ДАРЫ
- КАЙРАК ТАШ
- КАЙСАР
- КАЙЫҢДЫ
- КАЙЫҢДЫ
- КАЙЫҢДЫНЫН АЛТЫ-СУУ
- КАЙЫП ДАҢ
- КАЙЫП КАН
- КАЙЫП-МАЗАР
- КАЙЫПЧАЛ
- КАЙЫПЧЫНЫН КАРА-ТООСУ
- КАЙЫРДИН
- КАКАН
- КАККУЛА
- КАККУЛАНЫН ИЗИ
- КАКТЕЛКИ
- КАКШААЛ
- КАЛБЕК Жумагул уулу 1
- КАЛБЕК Жумагул уулу 2
- КАЛБЕК Жумагул уулу 3
- КАЛБҮБҮ Сүйүнбай кызы
- КАЛБҮБҮ
- КАЛДАЙ
- КАЛДАЙ
- КАЛДАР
- КАЛДАРБЕК
- КАЛЕМКАШ
- КАЛКАМАН
- КАЛКАН
- КАЛМАК 1
- КАЛМАК 2
- КАЛМАТ
- КАЛТАҢ
- КАЛЧА
- КАЛЧА
- КАЛКАН
- КАЛЫК
- КАМАН АЛП
- КАМАНБАЙ
- КАМАНБЕК
- КАМАР-АД-ДИН
- КАМБАР
- КАМБАР
- КАМБАР
- КАМБАР АТА
- КАМБАРКАН
- КАМБЫЛ
- КАМПАС
- «КАМУС НААМА»
- КАМЧЫ 1
- КАМЧЫ 2
- КАН
- КАНАТТУУ АТ 1
- КАНАТТУУ АТ 2
- КАНАТТУУ АТ 3
- КАНАТТУУ АТ 4
- КАНАТТУУ КАБАРЧЫ
- КАНДАГАЙ
- КАНЖА
- КАН-ЖАЙЛАК
- КАН-ЖАЙЛАК
- КАНЖАР
- КАНЖАР КОЛ
- КАНКУУ
- КАНКОР
- КАН ТАЛООН
- КАН ТАРТУУ
- КАН-ТОО
- КАН ТҮШҮШ
- КАНЧОРО
- КАНЫКЕЙ 1
- КАНЫКЕЙ 2
- КАНЫКЕЙ 3
- «КАНЫКЕЙДИН АРМАНЫ»
- «КАНЫКЕЙДИН ЖОМОГУ»
- «КАНЫКЕЙДИН ТАЙТОРУНУ ЧАПКАНЫ»
- КАНЫКЕЙДИН ҮҢКҮРҮ
- КАНЫМЖАН
- КАНЫМЖАН
- КАНЫШАЙ
- КАНЫШАЙ
- КАНЫШБЕК
- КАҢГАР-ТОО
- КАҢГУРДУН КАРА КООСУ
- КАҢГУШ
- КАҢГЫ
- КАҢШААК-ТАШ
- КАҢШЫБЕК
- КАҢЫРЫ
- КАП
- КАПАЛ
- КАПИЯ
- КАПКАК-ТАШ
- КАПКА-ТАШ
- КАРА
- КАРА-АЛМА
- КАРА АТ
- КАРА АТ
- КАРА АТ
- КАРА АШ
- КАРА БАЛБАН
- КАРА-БАЛТА
- КАРАБЕК
- КАРАБЕК
- КАРАБОЗ
- КАРАБОЗ
- КАРАБӨРК
- КАРА-БУЛАК
- КАРА-БУУРА
- КАРАГЕР
- КАРАГЕР
- КАРА-ДЕҢИЗ
- КАРАГУЛ
- КАРА ДИН
- КАРА-ДӨБӨ
- КАРАДӨҢ
- КАРАДӨӨ
- КАРАЖОЙ
- КАРАКАЛПАК
- КАРАЖОЙ
- КАРАЖОЙ
- КАРАКАН
- КАРАКАН
- КАРАКАН
- КАРАКАРА
- КАРАКАШ
- КАРА-КАШАТ
- КАРА КАШКА АРГЫМАК
- КАРАКЕСЕК
- КАРА КИЙҮҮ
- КАРАКОЖО
- КАРАКОЖО
- КАРАКОЛ
- КАРАКӨЗ
- КАРА-КҮНГӨЙ
- КАРА-КУЛЖА
- КАРА-КУМ
- КАРА-КУРУМ
- КАРА КЫТАЙ 1
- КАРА КЫТАЙ 3
- КАРА-КЫР
- КАРА-КЫРЧЫН
- КАРАКЫШ
- КАРА-КЫШТАК
- КАРА-КЫЯ
- КАРАЛА
- КАРАЛА
- КАРА МАНАС
- КАРАМАР
- КАРАМАР
- КАРА МЕРГЕН
- КАРА НОГОЙ
- КАРА-ӨТКӨЛ
- КАРА-ӨТӨК
- КАРАСАЕВ Хусаин Карасаевич
- КАРАСМАН
- КАРАСУР
- КАРАСУР
- КАРАСУР
- КАРАСУР
- КАРА-СУУ
КАЙНАР
— топоним. Манас баатыр Терс-Суудагы Текес канды өлтүрүп, анын иниси Тейишти кан көтөрүп той бергенден кийин «Баштаганы эр Манас, Баскан жолу болуптур Төтө, Кайнар, Былчакай, Төңкөрүлгөн көп аскер» (Сагымбай Орозбаков, 2. 68) калмак каны Орго мекендеген Кер-Көлдү көздөй баратып өткөн жер. Географиялык реалияда түштүк-чыгыш Казакстандагы (Алматы облусу) жер.
КАЙНАРДЫН-КАРА-СУУСУ
— топоним. Эпосто Манас баатырдын сөөгү коюлган жердин аталышы. Жусуп Мамайдын вариантында «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү «Семетейдин» биринчи китебинде Каныкей Манастын сөөгүн негизги варианттардагыдай Баяндынын талаасына (Сагымбай Орозбаковдун варианты), Эчкиликтин тоосуна (Саякбай Каралаевдин варианты) эмес:
Таба албай душман тынсын деп,
Билиндирбей тир жанга
Бузулбай дени турсун деп,
Туйгузбастан бир жанга
Кайнардын-Кара-Суусуна
Көр каздырды ушуга.
Сууну тетир бурдурду,
Алдында сайды ойдурду,
Кара-Суунун Кайнарга
Манастын сөөгүн койдурду
(Жусуп Мамайдын варианты, «Семетей», 1. 4—5),
— деп К.-К.-С-нун нугуна (таманына) койдургандыгы айтылат.
КАЙНАР-КАШАТ
— топоним. Көкөтөйдүн ашындагы эр эңишке балбандарын салган элди К.-К., Үч-Башатта конок күткөн (Сагымбай Орозбаков, 3. 256).
КАЙНАТМА КАРА ДАРЫ
— эпосто чагылдырылган дарынын энчилүү аты. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө К. к. д — апийим деп божомолдонот. «Манаста» көбүнчө башка дары-дармектердин катарында айтылат: «Кайнатма кара дарыдан Баягы кайран катын Каныкей Жарасына салды эми» (Саякбай Каралаев, 2. 226). Эпосто К. к. д. жарат менен сыныкка колдонулган дары катары айтылган: «Кайнатма кара дары бар, Канатын азыр бүтүрчү Канча дары баары бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 298). К. к. д. аты айтып тургандай кайнатылып (же эритилип) туруп жаратка же сыныкка сүйкөлгөн. Мындай сапатына караганда К. к. д. мумияга жакындап кетет.
КАЙРАК ТАШ
Манастын кайрак ташы — узуну 1 м 15 см, туурасы 53 см келген таш. Илгертен бери Манастын кайрак ташы деп аталган. К. т. Сузак, Базар-Коргон районуна караштуу Чал-Жайлоо, Күрөбөс жайлоолоруна бара турган жолдо суунун боюнда орун алган.
КАЙСАР
— эпизоддук кейипкер. Айжаң-жуңдун уулу. Кытай баатыры. Чоң Билгич менен бирге Таласка жортуулга келип, согушта өлгөнү айтылат (СК. «Сейтек». 300).
КАЙЫҢДЫ
— топоним. Алтайда Жакыптын малы жайлаган өзөн. Манасты байлап кетмек болуп келип ажал тапкан адамдардын өчүн алуу үчүн Жакыптын жылкысын тийген калмактардын жети жүздөй колун кыргыздар мына ушул К-нун боюнда талкалайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 137).
КАЙЫҢДЫ
— топоним. Алтайдан көчүп келе жаткан кыргыздар калмак кандыктарынан бошоткон Ала-Тоодогу жерлердин бири. «Кайыңды сууну басыптыр, Кара-Кырды ашыптыр» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 715-б.) делип калмактын Дөдөмөл жайсаңы бу жерден келип кыргыз колунан жеңилет.
КАЙЫҢДЫНЫН АЛТЫ-СУУ
— топоним. Манасты өлтүрмөккө келаткан Нескаранын кошуну өргүгөн жер. «Өткөнүн Жакып көрүптүр, Кайыңдынын Алты-Суу, Бу кошун шондой өрүптүр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 181).
КАЙЫП ДАҢ
— кейипкер. Калмак кандарынын бири (даң — калмактарда акимдик титул). Манастын аялы Карабөрктүн атасы К. д. Манас менен урушуп колго түшүп, элдешип, кызын Манаска берет да андан наркы окуяларда кыргыздар тарабында болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 10, 11, 13, 31, 94, 95, 346). Саякбай Каралаевдин вариантында Карабөрктүн атасы Кайып кан делет (Саякбай Каралаев, 2. 43).
КАЙЫП КАН
— эпизоддук кейипкер. Саякбай Каралаевдин вариантында Карабөрктүн атасы (Саякбай Каралаев, 2. 42), к. айып даң.
КАЙЫП-МАЗАР
— топоним. Манас жолдоштору менен салбырынга барганда ашып өткөн кыр. Эпосто «Кайып-Мазар, Кара-Кыр, Кайыпчынын мазарын, Жаңыдан Манас ашты эле» (Саякбай Каралаев, 1. 233), — деп айтылат.
КАЙЫПЧАЛ
— эпизоддук кейипкер. Куялынын атасы экендиги, Манас менен достугу жана өзү баатыр адам болгондугу айтылат (Курама варианты, «Сейтек», 227 — 230, 236—257). КАЙЫПЧЫ, к. Кайыпчынын Кара-Тоосу.
КАЙЫПЧЫНЫН КАРА-ТООСУ
Кайыпчынын Кара-Үңкүр — топоним. Эпосто Кайып колдогон сыйкырдуу жай, ашына кыйындык түшкө каармандар жашынып жан багат. Көзкамандардан ууланган Манасты Каныкей ала качып барып багат. Каныке Абыке, Көбөштөн Букарга качып баратканда корголойт, жоодон жараланган башка каармандар да ага барып жашынганы айтылат. Мисалы, эпосто Кыястан жараланган Семетейди:
Перизада Көкмончок,
Берен катын Чүрөктүн
Бейбактын жакын снңдисн,
Кайыпчынын тоосуна
Ала качып кетиптир
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 320) делет.
Хакас, Алтай элдеринин эпосторунда да каармандар аскадагы үңкүргө кирип жоодон кутулганы, калканч тапканы салттык мотив. Кыргыздын кенже баатырдык эпосу «Жаныш, Байышта» Байышты да асканын үңкүрүнө жашырып койгондугу айтылат.
Р. Сарыпбеков, Б. Төрөкулова
КАЙЫРДИН
кайрыдин (арабча гайру-д-дин; «гайр» — башка чоочун, жат же тангыч — «сыз» мүчөсү катары) — 1) исламга жат, башка дин. Мусулмандар бир гана динди туура, акыйкаттуу эсептегендиктен, мунун өзү «динсиз», «кудайсыз» деп да түшүндүрүлөт. «Манаста» чылгый динсиз «Чынмачын» деп айтылат («Манас», 1. М., 1984, 150-б.). Ал эми «Кашына келди калдайдын Кайрыдиндин баарысы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 233) — деген саптарында К. каапыр маанисинде кытайларга карата колдонулган. 2) ыймансыз, адамкерчиликсиз, каапыр (киши). Фольклордо кыргыздар К. сөзүн диний мааниде эле эмес адебинен ксаган адам маанисинде да көп пайдаланган.
КАКАН
Каканчын, Каканчы — кытай императору (түрк тилдеринде кахан — кандардын каны, иранча чин — кытай өлкөсү). Эпосто өтмө маанде кытай өлкөсү, кытай калкы катары да айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Алмамбет баатыр чалгынга жөнөр алдында Кытайдын көптүгүн Манаска айтканда: «Какан кала, Чынмачын, Казалдаган Чоң-Бээжин» (Сагымбай Орозбаков, 4. 216),— деп эскерилет. Кандардын Манаска барып жолугушканында:
Байкаймын кытай баш журтун,
Чынмачын менен Каканды
Жыйылып мынча келген соң
Чыгарыңар капамды
(Сагымбай Орозбаков, 4. 58),
— деп айтылат.
Негизги варианттардагы көптөгөн окуяларда катышып, кыргыздын эпикалык душманы катары берилет. «Какандын журту кара курт, Кайнаган кытай калың журт» (Сагымбай Орозбаков, 4. 323(7 Ошондой эле байыркы түрк элдеринин фольклорунда К. жана Чын адатта Кытайды билдирет. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө да К. титул жана кытай мамлекетинин синоними катары түшүндүрүлөт.
КАККУЛА
— Манастын аты. Түштүктөн Матисак Акбай уулу жана башкалар манасчылардан жазылып алынган варианттардын көпчүлүгүндө Аккула ушундай аталып, эпостук баатырга тете тулпарлыгы да сүрөттөлөт. Ал гана эмес, «Жүгөн салганда кунан болду, Ээр-токум салганда бышты болду, Токуп болгондо асый болуп, ырас өзүнө келип, Каккула ат болду» (Кол жазмалар фондусу, 387-инв., 176, 23-б.), — деп жомоктук-мифтик касиети да айтылат.
КАККУЛАНЫН ИЗИ
Аккуланын изи — казак элинде (Чыгыш Казакстан облусу) Манас жөнүндө төмөнкүдөй уламыш бар. Токрау өзөнүнүн аймагында көчүп жүргөн кыргыздар (казактар — ред.) Эр-Көкчө деген адамдын Эр-Манас аттуу уулу болгон. Кобландынын минген аты Тайбуурул, Манастын минген аты Каккула ат (Аккула ат) деп аталат. Жергиликтүү эл Токрау өрөөнүндө Каккула аттын турган жеринде анын туяктарынын издери сакталган сыяктуу көрсөтүшөт. Каккула ат Бегазы тоосунун этегинде туруп алып, анын чокусундагы чөптү отточу экен дешет. Бегазы тоосу ыйык (касиеттүү) деп эсептелинет.
КАКТЕЛКИ
— Абыкенин байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага он төртүнчү болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 341). «Семетейде» Абыкенин окуяларына байланыштуу айтылат.
КАКШААЛ
— топоним. Кыргыздар жашаган жерлердин бири. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Аксы, Шаа сууларын кечип өтүшөт да, маллга карап К-ды таянып сегиз айча туруп калышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 161, 162). Анжыяндан качкан Алооке К. аркылуу өтөт (Саякбай Каралаев, 1. 201, 216). Географиялык реалияда Кыргыз республикасы менен КЭРдин аймагында түштүк-чыгыштан түштүк-батышка карай созулуп жаткан кырка тоо системасы жалпысынан К. деп аталат.
КАЛБЕК Жумагул уулу 1
(1889, Ноокат району, Жар-Коргон айылы — өлгөн жылы белгисиз) — семетейчи. Улукатын уруусунан (мунгуш). К. «Семетейди» Борболдой Жетикул уулунан отуз жашында үйрөнгөн. К. Мифтаков К-тин «Семетейинин» көп жери 1925-ж. араб тамгасы менен басылган Тыныбек жомокчунун «Семетейине» окшоштугун белгилеген. Чынында К-тин айтуусундагы үзүндү айрым окуяларынын чиелениши жана образдарынын чечилиши жагынан Тыныбек жомокчунун «Семетейине» үндөшүп турат. Анын айтуусундагы «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» үзүндүсү лира-эпостук мүнөзгө ээ, бүлө куруу укугуна жетишүү идеясын даңазалайт.
«Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» эпизоду салт боюнча ата-энеси Семетейге бел куда болуп койгон айдай сулуу Айчүрөктү күч менен олжолоп тартып алмакчы болгон Манастын кыйыр тууганы Чынкожо жана жедигерлердин баатыры Толтой биргелешип кол курап келип, кыздын атасы Акундун элин камайт. Семетей менен Айчүрөктүн сүйүү мамилелери мына ошол Чынкожо менен Толтойдун Акункандын элин курчап кирген мезгилинен тартып көрсөтүлөт. Акылы менен келбети төп келишкен Айчүрөк эрдемсиген бирөөнүн олжолоп алган жары болгусу келбейт. Элине бүлүк салып, каптап келген Чынкожо, Толтойду акыл-айла менен кырк күн мөөнөт сурап, тойго камынууга токтотот. Айчүрөк Семетейди издеп, ак куу кебин кийип учуп жөнөйт. Анын учар учуру жайчылык өнөрү менен байланыштырылат: «Жаканын баары жамгырлап, Бөксөнүн башы мөндүрлөп, шүүдүрүм, шамал жүргүзүп, Алты сай мөндүр куйдуруп, Күн жаап ачылат» (Кол жазмалар фондусу, 176инв., 80-б.).
КАЛБЕК Жумагул уулу 2
Ал кулак угуп, көз көрбөгөн жерлерден учуп, алптардын баарын сынап отуруп, Опол-Тоону айланып учуп өтүп, ак сакал болуп калган Коңурбайды көрөт. «Буга тийип мен алсам, Качып барып кара бет Карыга тийди дээр бекен» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 82-б.), — деп аны сынап өтөт да, жер соорусу Таласка келет. Айчүрөк үчүн ата салтын сактоо шылтоо гана, негизгиси сүйгөн теңин издеп табуу. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн Айчүрөк түрдүү кордоолорду көтөрүүгө аргасыз болот. Чыгармада Семетейдин аялы Чачыкей жүрүш-турушу, адамдык сапаты, аялзаттык мамилеси боюнча Айчүрөккө карама-каршы коюлган. Ага карата «эрке катын» деген эпитет колдонулат.
Эр Толтойдун айынан,
Чынкожонун дартынан
Журтума бузук салгандан
Качып чыктым мен өзүм,
Эр Семеңдей баатырың
Эсен-аман барбы дейт.
Толтойго бузук салабы,
Же антташкан жарын алдырып,
Же намысы жок балабы
Же кылган иши чалабы
(Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 84-б.),
— деп Айчүрөк эрке катын Чачыкейди жолунан тосуп жолугат, жалынат. Күнүлөшү катары кордолгон Айчүрөк Семетейге өзүн тааныштыруу максатын көздөп салттык үч шартын коёт. Ошондо Чачыкей сулуулук келбети, акылмандыгы жагынан өзүнөн жогору турган Айчүрөктү кандай гана болбосун Семетейге алдырбоонун аракетин жасайт, ар түрдүү айла-амал колдонот. Бирок, жайчы жана сыйкырчы катары сүрөттөлгөн Айчүрөк кубулуп кетүүгө да жөндөмдүү. «Айчүрөктү карачы, Коргошун болуп көйкөлүп, Сымап болуп суюлуп. Чачыкейдин колунан, Чыгып кетти кубулуп» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 85-86-б.), ал ак куу болуп кубулуп, куш салып сейилде жүргөн Семетейдин Акшумкарын алып кетет. Белгисиз жерден учуп келип «сыр» көрсөткөн кереметтүү кыздын кабарын уккандан тартып Семетейдин тынчы кетет. «Калк атасы Бакай кан, Эл атасы Бакай кан» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 97-б.) менен кеңешет.
КАЛБЕК Жумагул уулу 3
Атасы Манастын Акункан менен бел куда болгону, Бээжинде Коңурбайдын жылкысын тийип алганы, чоң Ормондун чоң үйүн айбалкалап бузганы жөнүндө маалымат алат. Бакай атаң үч өлүп, үч тирилген дейт (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 99-б.). Жашым токсондо, карыдым, арыдым, алыска баралбайм. Акункандын шаарына 80 күндө жетесиң деп жол эсебин айтат. Кыздын төгүн эмесин, шумкарынын жоголушунун себебин билген Семетей Айчүрөктү издеп ат арытып Үргөнч суусуна келет. Суунун ары жагында оромпой тээп ойноп жүргөн отуз келин, отуз кыздын жөнжайын билип кел десе, «Ат үстүндө зор элем, Келин, кызга жок элем, Күлчоро барсын», — деп айтат (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 105-б.) Канчоро. Күлчоро Тайбуурулду минип, Үргөнч суусун кечип, чалгындап келет. Киргилденип ташкындаган Үргөнчтү Семетей өзү кечип жатып шаштысы кеткенде:
Кайда кудай дечү эле,
Кудай дебес Семетей.
Эми тооба деди го.
Суунун пири Илияс
Азыр акең жар болуп,
Ошол жерде бар болуп,
Семетейди жылоосунан алды дейт
(Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 114-б.).
Суунун пири Илиястын колдоосу менен Үргөнчтөн өткөн Семетей Айчүрөккө келет. Бирин-бири көрөр замат жактырышат. Экөөнүн сүйүүсү — сырткы келбет-сымбаты менен ички акыл-эс адамдык сапаты жагынан бир-бирине төп келишкен баатыр жигит, акылман кыздын сүйүүсү. Ал экөөнүн турмуш курушу да бөтөнчө. Салт боюнча күйөө күйөөлөп келгенде колукту болучу кыз күйөөнүн алдынан тосуп чыкпайт. Ал эми Айчүрөк болсо бири-биринин күчүн сынашкан теңдеш баатыр катары Семетейди күтүп алдынан тосуп чыгат. Эли Толтой менен Чынкожодон чабылганы жаткан Акун кандын шаарына келип, Семетей душманга каршы аттанат. Ээликкен душман жеңилет. Семетей менен Айчүрөк баш кошуп, Акун чоң той өткөрүп, жерине узатат.
С. Алиев
КАЛБҮБҮ Сүйүнбай кызы
(1923, Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы) — «Манас» айтуучу. Жаш кезинен «Манас» айтканга дилгир болгон. «Манас» айткан айрым кишилерди көрүп, алардын айткандарын уккан. Манастын жарык көргөн китептерин окуп үйрөнгөн. Андан эпостун «Манас» бөлүмүнөн «Манастын өлүмү», «Семетей» бөлүмүнөн «Каныкейдин Таластан Букарга качышы», «Семетейдин бала чагы», «Тайторуну чабуу», «Семетейдин кайра Таласка келиши» эпизоддору жазылып алынган.
КАЛБҮБҮ
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Карабектин кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он тогузунчу келген Алтай тагдырына буюрган К-гө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 424).
КАЛДАЙ
(кыт. колдай) — согуштук кенже наам. Манжуриядагы Цин империясынын (18—19-кылымдын башы) административдик башкаруучуларынын мансаптык наамын билдирет. «Манас» эпосунун бардык варианттарында К. негизинен кытай-калмактардын титулдук наамы жана адамдын энчилүү аты катары колдонулат. Ошондой эле мансаптык бул наам энчилүү ысым маанисинде да айтылып, эпикалык душман катарында согуштук окуяларга катышкан каарман болуп сүрөттөлөт. Мисалы, «Карыпчысын байланып, Калдай минер ат экен» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 63-б.), «Кандырагын салынган, Калдайым келчи жаныма» (Радлов жазып алган вариант, 196). Саякбай Каралаевдин вариантында:
Кара чоктуу калмактын
Калдайынын уулу элем
Кызыл чоктуу кытайдын,
Кыйынынын уулу элем
— деген контекстте «кара чок Калдай» — кара түстөгү мансаптык белгисин тагынып жүргөн К. аттуу терс каарман маанисинде айтылып жатат.
Э. Абдылдаев
КАЛДАЙ
— эпизоддук кейипкер. Тыргоот Деркенбайдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 257).
КАЛДАР
— эпизоддук кейипкер, казак балбаны. Манас туулгандагы тойдо балбан күрөштө калмактын Карасман деген балбанын жыгып, байгеге ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 97).
КАЛДАРБЕК
— эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштырган казак бектеринин бири. Буудайбектин өргөөсүнө жыйналган казак бектери «Канжардын курчун алгын деп, Как жүрөккө малгын деп» Алмамбетти өлтүрүүнү К-ке тапшырат. Бирок, Алмамбеттин каарынан корккон чагымчылдардын эч кимиси даап анын жанына да бара албай коёт (Сагымбай Орозбаков, 2. 255).
КАЛЕМКАШ
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты отуз бешинчи келген Түлөөке тагдырына буюрган К-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).
КАЛКАМАН
— кырк чоронун бири. Чоролордун катарында дайыма калк башкарган билерман катары саналат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоодо аты онунчу келген К. тагдырына буюрган Ташбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 150, 341, 419; 3.49, 176; 4. 175). Саякбай Каралаевдин вариантында К. белгилүү күлүк «капталында кайкалай бүткөн канаты» бар Кара аттын ээси катары гана айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 60, 63).
КАЛКАН
— сайышып, кылыч менен чабышканда коргонууга ылайыкталып металлдан, кээде калың териден жасалган жоокер куралы. К. байыркы убакта эле пайда болуп, сүйрү, тегерек, төрт бурчтуу түрдө болгон. «Манас» үчилтигинин согуш окуяларында баатырлардын коргонуу жабдыктарынын бири катарында айтылат. Мисалы, Манастын Чүйдөгү Акунбешим менен болгон согушунда Тугалык баатырдын урушка кирер алдындагы жоо-жарыгы шайма-шай көрүнөт:
Туулга бар башында,
Тулуму бар чачында,
Карыпчы бар колунда,
Калканы бар жонунда
(Сагымбай Орозбаков, 1. 134),
— деп сүрөттөлөт.
КАЛМАК 1
(моңголчо хальмг, халимаг — аралашма, курама) — моңгол тилинде сүйлөгөн эл.
Эпостун бардык вариантында салттуу түрдө айтылган кыргыздардын душманы болуп баяндалат. К. деген этникалык термин 13-кылымдын орто ченинде Алтай, Каңгай тоолорунун аймактарына ооп келишкен уруулардын тобуна карата пайда болгон. Ушул мезгилден тартып алар кыргыз урууларынын айрым топтору менен чектеш жашап, карым-катышта болгондуктан өз ара мамилелери да (тынчтык, согуштук) өнүгө баштаган. 16-кылымдын башында жазылган «Мажму ат-таварих» кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү окуяда Манас баатыр Жолой башчылык кылган калмак баскынчыларына каршы согушкан эпизод баяндалат. 10—12-кылымда Кара кытай мамлекетинин курамына кирген солон, шибе уруулары да К. деп аталганына караганда «Манас» эпосуна 14— 15-кылымда эле салттык душман катары катмарланган деп эсептөөгө болот. Себеби, эпостун текстиндеги айрым маалыматтар 14-кылымдын аягында түзүлгөн ойрот (калмак) мамлекеттик бирикмеси жөнүндө так даректерди чагылдыргандыгы айкын аныктайт. Мисалы, Алмамбет жөнүндө «Төрт арыштуу ойроттун Төрөсүнүн баласы» (Радлов жазып алган вариант, 23) экендиги айтылган. К-тардын (ойрот) 14-кылымдын аягында түзүлгөн бул мамлекеттик бирикменин тарыхта жана жазылып калган элдик санжыраларда «Дөрбөн ойрот» («Төрт ойрот») деген ат менен белгилүү. Арийне, «Төрт арыштуу ойрот» деген салттуу туюнтма «Төрт уруудан турган мамлекеттик бирикме» же «төрт уруудан куралган ойрот эли» деген түшүнүктү берип жаткандыгы айкын байкалат.
14-кылымдын аягында куралган ойрот — калмактардын төмөнкү төрт чоң уруусу (чорос, хошоут, тыргоот, хойт) экендиги жөнүндө жана ушул мезгилден баштап Моголстанга (О. Азиянын чыгыш бөлүгү) чабуул жасай баштаганын В. В. Бартольд тарыхый даректердин негизинде белгилеген (Бартольд, Соч. т. 2, ч. 1,86). «Манас» эпосунун варианттарынын жалпысында айтылган негизги салттык окуялардын барында кыргыздардын калмактар менен болгон карамакаршылыктары чагылдырылган. Ошондой эле калмактардын ата журту жөнүндөгү түшүнүктөр да өтө реалдуу мүнөздө чагылып сакталып келген. Мисалы, Валиханов жазып алган эпизоддо: «Алтай толгон көп калмак, Аралаша кономун, Каңгай толгон көп калмак, Биргелешип кономун» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.) деген саптар айтылат. Башка негизги варианттарда Жакып Алтай жерине (калмактардын ата журту) сүрүлүп, Манас ошол аймакта туулгандыгы — окуянын салттык мотивдеринин бирине жатат:
Адамдын жетпес далбаасы,
Алтайдын салкын суунда,
Анда туулган неме дейт,
Кыргыздын кыраан Манасы,
Эртыштын суун жердеген,
Эрегишкен адамдар
Эгерде аны жеңбеген
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 360-б.).
КАЛМАК 2
«Чоң чабуул» эпизодундагы баяндалган согуштук окуялар адегенде калмактар менен болгондугу (Жунгарияда) андагы реалдуу географиялык аттардын эң туура аталып, тексттерде ошол реалдуу топонимдер салттуу сакталып келгендигинен да айкын туюуга болот.
«Дөрбөн ойрот» мамлекеттик бирикмесинин башчысына Эсентайчы (15-кылымдын ортосу) келгенден кийин Орто Азия жана Казакстандын элдерине (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак) үзгүлтүксүз чабуулдарды жүргүзүп өтө оор бүлгүнгө учуратып турган. Мына ушул доордо (15 — 16-кылымдар) К. деген реалдуу элдин аты Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларында (асыресе, эпикалык чыгармалар) да салттык душмандын функциясын аткара баштады.
17-кылымдын жарымында Батыр-Коңтажы бийликке келгенден баштап (1634— 1653) калмактар Орто Азия элдерине өтө күчтүү согуштук чабуулдарды жүргүзүп кыргыз менен казактарды өз ата журтунан сүрүп чыгарып, оор кезеңдерге дуушар кылган. Бул тарыхый кырдаал эпостун окуяларынын өнүгүшүнө жана жаңы эпикалык эпизоддордун жаралып, циклизацияланышына өбөлгө түздү. Кыргыздар менен коңшу элдердин К-тарга каршы өз эркиндигин коргогон бир нече кылымдык (14 — 19-кылымдар) күрөшү «Манас» эпосунун салттык окуяларына тарыхый фон берип тарыхый-баатырдык эпос катары калыптанышына шарт түзгөн. Калмактар эпосто салттык душман болуп баяндалып келгендигине алардын үрп-адаты, турмуш-тиричилиги жана диний түшүнүгү жөнүндө туюндурган терминдердин эпикалык тексттерде көп сакталып калгандыгынан айкын байкоого болот. Мисалы, кечил, күрөө, аркыт, далай лама, тайчы, жайсаң, сумун, сетер, кочку, чагаан (ай), ок, мөңдү, жабу жана башкалар.
К. деген реалдуу эпикалык термин «Манас» эпосунда гана эмес, кыргыз элинин кенже эпосторунда, ошондой эле башка фольклордук жанрларда (уламыш-аңыз, жөө жомок, тарыхый ырлар жана башкалар) да салттык душман катары кеңири колдонулат.
Э. Абдылдаев
КАЛМАТ
— эпизоддук кейипкер, кашкарлык акын. Манаска ат койгон дубана албай кеткен эки кымкап чапандын бири К. акынга берилет. (Сагымбай Орозбаков, 1. 106).
КАЛТАҢ
— эпизоддук кейипкер. Калмак баатыры, бирде доотай, бирде жаң-жуң делет. Кол курап жаткан Орго кан кабарчы жөнөтүп чакыртып, К. отуз миң аскери менен Оргого келип кошулат. Согуш башталарда К. колундагы Атан аттуу балбанын жекеге жөнөткөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 73, 80). Бул ысым моңголдорго тибет тилинен кирип, «кубанычтуу, сүйүнүчтүү» деген маанини билдирет. Эпоско киришине жунгар доорундагы кыргыздар менен калмактардын ортосундагы окуялар себепчи болгон сыяктанат.
Тарыхта ошол мезгилдерде Жунгар мамлекетин башкарган жана баскынчылык согуштары менен белгилүү болгон Галдан Бошокту жана Галдан Церен деген эки кан маалым. Эпосто Жунгар мамлекети менен кыргыздардын ортосундагы окуялар чагылдырылгандыгын эске алсак, ушул эки кандын ысымы ошол учурларда эпоско кирип калышы ыктымал. Эпосто бул антропоним Калдан (казак бийи), Калдаң (кыпчак балбаны) болуп өзгөргөн түрдө башка кейипкерлердин ысымы катары да жолугат.
А. Боронов
КАЛЧА
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн кырк ашындагы ат чабышта К-нын аты алтынчы келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 64).
КАЛЧА
1) тажиктин «галча» — тоолук деген сөзүнөн пайда болуп, «Тоодо жашаган эл» (тоолуктар) деген мааниде айтылат. «Манас» эпосунда «тоолук тажиктер» деген түшүнүктө колдонулат:
Маймундуктун Шоорук кан Калча деген калкы бар, Калча жайын сурасаң Кыргызга жакын каркыбар (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 197-б.) же «Калча — тажик Шоорук-кан, Алты миң аскер барганы» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 582инв., 93-б.).
2) өтмө мааниде «түрү суук» деген түшүнүктө баатырлардын (Манас, Коңурбай, Семетей) портреттерин сыпаттоодо да колдонулат: «Кочкор тумшук кош кирпик, көркү калча, көзү тик» деген саптар бар.
КАЛКАН
— топоним. Эпостун сүрөттөөсү боюнча, мисалы, Манас төрөлгөндөгү жентек тойдо байгеге чабылган күлүктөр К-дан коё берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 81). Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан учурда К-ды басып өтүшөт (Сагымбай Орозбаков, 4. 63). Географиялык реалияда Иле өзүнүнүн оң жээгиндеги (Талды-Коргон облусунун, аймагы) чакан, жапыс тоо.
КАЛЫК
— эпизоддук кейипкер, Сары кандын (Сарытаз) уулу. Семетейдин айрым жортуулдарына катышат.
КАМАН АЛП
— мифтик каарман. Эпосто дайыма Китен алп, Кутан алп, Манжуу алп сыяктуулар менен бирге жолугат. «Кайчы кулак Каман алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80) да «куман» («коман») этноними менен байланыштуу деп айтууга негиз бар.
К. а. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жезтумшук чыңыроо калкынын алпы делет. Көкөтөйдүн ашына чакыртылып, ашка башка алптар менен бирге келгени айтылат: «Дөөкүрсүгөн Чоюн алп, Жору куйрук Жоон алп, Кайчы кулак Каман алп, Киндиги темир Китен алп Жезтумшуктун уругу, Жергеси бөлөк бу бир калк» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107). Саякбай Каралаевдин вариантында дөөлөр менен согушуп Жолой «Кулагы темир Кутан алп, Маңдайы темир Манжуу алп, Киндиги темир Китен алп, Карагер минген Казан алп, Кайчы кулак Каман алп» бешөөнү байлап алып, эл кылат (Саякбай Каралаев, 1. 80). Ошол эле учурда К. а. шибээ журтунун алпы делет. Манасты байлап келүүгө Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып Чоң Дөөдүрдү, Жоон алп менен К. аты кошуп жибергендеги согушта Манастын колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 102 — 103).
КАМАНБАЙ
— эпизоддук кейипкер, оогандын белгилүү баатырларынын бири. Курама вариантында Түмөнбай, Ажыбай менен кошо Кашканын уулу К-дын Айчүрөктү алабыз деп Ооганды камап турган Чынкожо, Толтойдун алдына элчиликке барганы айтылат (Курама варианты, «Семетей», 195—199).
КАМАНБЕК
— эпизоддук кейипкер, калмак Жүзгөндүн уулу. Балбан күрөшкө түшөрүндө белин тебелетип жаткан Кошойду көрүп: «Чалын тебелеп өзүлөрү өлтүргөнү жатыр, биздин Жолой баатыр муну коймок беле» (Сагымбай Орозбаков, 3. 217),— деп мактаныч кылат. КАМАНКӨЗ, к. Көзкаман.
КАМАР-АД-ДИН
— «Мажму ат-таварихтеги» маалымат боюнча Жолойдун уулу. Ал атасынын ишин улап Манастын союздаштарына каршы согушту улантат. Чындыгында К. а.-Д. Чыгыш Түркстанды мекендеген дуглат эмирлеринин бири болгон. Ал 1363-ж. Моголстан каны Илияс-Кожону өлтүрүп, бийликке келген. Өмүрүнүн аягына чейин эмир Тимурдун жортуулдарына каршы согуш жүргүзгөн.
КАМБАР
— кырк чоронун бири. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас Таласка көчүп келгенден кийин издеп келип Манаска кошулуп чоро болгон. Кийин Чубактын аялын Камбар алгандыктан айрым учурларда Канчоро К-дын уулу делет (Саякбай Каралаев, 1. 195; «Семетей», 1. 164).
КАМБАР
Камбарбек — эпизоддук кейипкер. Чаликтин. атасы экендиги гана айтылып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 141, 149, 180, 393, 419; 3. 49, 175; 4. 43).
КАМБАР
Камбаркан — эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн чоң атасы. Көп учурларда Айдаркандын атасы экени, кан болгондугу гана айтылат: «Камбардын туун аштады, Жүз элүү миң кол алып, Айдаркан жолду баштады» (Сагымбай Орозбаков, 2. 95). Манасты кан көтөргөндөгү эпизоддо гана атын союп бербей койгон небереси Көкчөнү жемелеп, бир тайды аяп кандыкты Манаска алдырып жибердиң, — дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 98, 163, 210, 218, 256, 287; 2. 14, 16, 39, 95).
КАМБАР АТА
— жылкынын пири, колдоочусу. Жалпы эле түрк элдеринде, ошону менен катар кыргыздарда да төрт түлүк малдын ар биринин колдоочусу, ээси болот деген ишеним болгон. Эпосто К. а. Саякбай Каралаевдин вариантында төмөнкүчө айтылат:
Камбар ата — кара айгыр,
Камбар алып бай Жакып,
Мойнуна кисе салынып,
Жаратканга жалынып,
Камбар ата айгырды
Ай туякка чалды эми
(Саякбай Каралаев, 1. 51).
Мусулман уламыштарында Азирет Аалынын дулдулун баккан адам К. а. болгон. Кийин анын аты жылкынын пири катары колдонула баштаган. Ырас, кыргыздар ислам динине чейин эле жылкынын ээсине (колдоочусуна) ишенип келишкен, алардын ошол байыркы ишенимине К. а-нын ысмы жаңы катмар болуп бириккен.
КАМБАРКАН
— эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн чоң атасы, к. Камбар.
КАМБЫЛ
— топоним. Эпосто өзүнчө кандыкка ээ шаар, кээде өлкө, жер катары да айтылат. Алтайдагы Жакыптын жылкысына тийген калмактарды Манас К-дан талкалап, башчысы Домабилди өлтүрөт. Согушта тирүү калган калмактар К-га кире качып кутулат (Сагымбай Орозбаков, 1. 148), Манасты байлап алып кетүү үчүн келип ажал тапкан он бир дуу-дуунун бири К-дан болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 219). Манас казат жарыялап Чоң казатка аттанар алдында сарамжалдуу Каныкей кырк чорого арнап жасап кийгизген чопкуттардын (ок өтпөй турган жоо кийим) «кымбат баа кырмызы» материалы К-дан атайын алынган (Сагымбай Орозбаков, 4.92).
КАМПАС
— топоним. Нескара менен Манастын урушунда кытай балбаны Даң-даң башкарган калаа катарында эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 219).
«КАМУС НААМА»
«Манас» сөздүгү — X. Карасаевдин «Манас» эпосу боюнча түзгөн сөздүгү (Фр., 1990). Китеп эки бөлүктөн түзүлүп, 1-бөлүгүндө эпоско башка тилдерден кирген сөздөрдүн тизмеси алфавит тартиби боюнча берилген. Анын катарына сыйпырлар (катар номери) коюлган. Ошол сыйпырлар аркылуу окурмандар негизги бөлүктөн кеңири мисалдарды, анын маанилерин табат. «К. н.» ичиндеги араб сөздөрүнүн түшүндүрүлүшү «Манаста» колдонулган мааниси боюнча берилген. Кээ бир учурда түпкү мааниси да айтылган. Сөздүктө берилген фарсы сөздөрү да жогорку тартипте берилген. Ал эми араб-иран сөздөрүнүн биригип кеткендери экиге ажыратылып, мааниси түшүндүрүлөт. Кээ бир учурда кыргыз сөзү менен бириккендери да бар. Аларга жогоркудай эле түшүндүрмө берилген.
КАМЧЫ 1
— унааны башкаруу, малды айдоо үчүн колдонулуучу курал. Көчмөн жана жоокердик турмуштун күнүмдүк зарылчылыгынан келип чыккан. Ал бүлдүргө жыгач сап жана кадалып бекемделинген кат-катталып шырылып кооздолгон «алакандан» жана уландысы болуп кеткен тасма өрүмдөн турат. К-нын бүлдүргүсү бугунун же кара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан жасалып, эки учу бирдей кабатталып К. саптын көзөнөгүнөн өткөрүлүп чийе байланып түйүштүрүлөт. Ал иймек болуп жасалгандыктан К-ны колго кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыкташтырылган. К. сап атайын тандалып алынган өзгөчө катуу жыгачты (ыргай, табылгы) керектүү узундукта кесип алып көлөкөдө кургатылат. К. сап сөөктөн да (эликтин же улактын шыйрагы териси жана туягы менен кошо катырылып) жана мүйүздөн да (эликтин, кийиктин) жасалат. К. саптын өзгөчөлүгүнө жараша эл ичинде эпосто: «Кара аламан элиңде, Бир камчы саптык жок беле?» — деген ылакап айтылат. Б. а. эл керегине жараган баатырың же эл тагдырын чечкен акылманың жок беле деген каймана маани берилет. Ошондой эле «күмүш сап камчы», «алтын сап камчы», делинген эпикалык жана элдик даректердин да турмуштук негизи бар.
Байыртадан эле атак-даңктуу баатырлар, эл башкаруучулары өтө кымбат кийим жана ат жабдыктарга кошуп өзгөчө сөөлөт жана көркөм кооздук үчүн бетине оймо-чийме салынх-ая, асыл таш чөгөрүлүп, күмүш же алтын алкак кадалган саптарды колдонушкандыгы белгилүү. Алардын колунан түшпөгөн «өмүр шериги» катары бааланган «камчысын үйрүп топ жарып» же «камчысын сүйрөп жөө калып», «камчысын таянып мүңкүрөдү» деген саптар далилдейт. Дайыма эл көзүндө, дайыма керектөөдө болгондуктан К-нын өрүмүнө өзгөчө көңүл бурулган. Ал эчкинин, кийиктин, бугунун терилеринен атайын даярдалынган тасмадан ичке тилинип алынып, өрүмчү каалаган сана (5, 7, 9, 12) өрүм жүргүзөт. Мындай К-лардын бүлдүргөсүнөн тартып, өрүмүнө чейин кайыштардын атайын тандалмасынан жасалат. К-нын өрүмү эчкинин жана кийиктин терисинен жасалган тасмадан ичке тегиз тилинип алынып, өзөктүн сыртынан жумуру же кырдуу өрүм болуп өрүлөт. Кээде кош өрүм, жалгыз өрүм болуп да бөлүнөт. Өрүм: ит тиш өрүм, жылан боор өрүм болуп өзгөчөлөнөт. Өрүм менен өзөктүн башталышында атайын калтырылган кайыштын жазы бөлүгү сапка кадоо менен бириктирилип «алакандык» милдетти аткарат. Алакандын андан аркы калдыгы саптын ченине чейин «гүл мык» менен кадалып, тасма менен сапка кош-кош болуп көркөм чырмалып бекемделинет. К-нын кулагы же көкүлү өрүмдүн үстүнөн, алакандан чыгарылат.
КАМЧЫ 2
Эпостогу «Камчы тиштеп теминип, Жулкулдашып калыптыр», — деген саптарда жоокерлердин душман менен урушуусунда жана бири-бири менен эңишүүдө, көк бөрү тартышууда эркин кыймылдаш үчүн «камчыны «алакандан» тиштеп алышып аракеттенишкен. Баатырлар бири-бирине сөз берип убадалашканда «камчы тиштеп» убадаларын бекемдешкен. Ошондой эле эл ичинде жана эпосто «камчы сал» деген сөздүн эки адамдын чабышуусунда колдонулгандыгы байкалат. Б. а. биринчиси экинчисине багынып баш ийгенде мойнуна камчысын салып, башын ийип, тизе бүккөн, ошондой эле К. күлүк, жорго аттарга жана айттырбай билген акылман адамдарга карата да айтылып «камчы салдырбаган күлүк эле» делинип даңазаланган. Далай кылымдарды кучагына камтыган теңсиздик заман учурунда айрым бийлиги катуу «өкүмдарларга» карата «баланчанын камчысы катуу» деген наалат айтып мүңкүрөшкөн.
Ошол бийликтин белгиси катары, тигил «билермандар» өз атынан бирөөдөн камчысын бердирип, доосун доолап, салыгын салдырып, салам дубайын айттырып, өз пайдасындагы иштерин жүргүзүшкөн. Эпикалык даректерге караганда К. кандайдыр бир «ченем» бирдиги катары да пайдаланылат. Мисалы, эпосто Манас өлүп, анын дүнүйөсү талоонго түшкөндө «камчыга ченеп бөлүштү» — деген сөз айтылат. К. эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чокусунда чогу бар,
Өзөгүнүн ичинде
Көк коргошун огу бар.
Толгомолуу камчыны
Сол имерип алганы
Качырып келип каапырды
Жоңгулдата салганы
(Сагымбай Орозбаков, 3. 226).
Бул сүрөттөөдөн К-нын кадыресе К-дан өзгөчөлөнүп жасалгандыгы, ошондой эле кандай шартта пайдаланылгандыгы байкалып турат. Эпостун сюжетине караганда Манастын кимдир бирөөгө ачуусу келгенде, адилетсиз, жагымсыз иши үчүн колдонгондугун көрөбүз. Алсак сөз талашкан Үрбүнү «толгомо түшкүн чоң камчы» менен оройго тартып калат же Кошой менен Жолойдун балбан күрөшүндө Кошой Жолойду жерге көтөрө чаап башынан аттап кетип баратканда артынан кандагайдын багелегинен кармап алып Жолой Кошойду кайра чабарында Манас жетип келип Жолойду К. менен жоңгулдата берип калат. Эпосто, ошондой эле Манас Коңурбайды да К. менен чапканы кездешет.
Бул эпизоддор К-нын курал катары да эпосто өз орду, аткарган милдети бар экендигин көрсөтүп турат. К-га келтирилген жогорудагы сүрөттөө бул эпизоддордун баарында тең колдонулган. Моңгол-түрк тилиндеги элдердин эпосторунда да К-га өзгөчө орун берилген. Анын жасалгаланышы апыртуулар менен көркөм сүрөттөлүп, этнографиялык маанилери да кызыктуу ачылат. Демек, К. жалпы эле көчмөн элдер эпосторуна мүнөздүү.
К. Айдаркулов
КАН
(кыт. хуан — император, башкаруучу; маньч. «хаан», моңг. «хаан», алт. «каан» — башкаруучу, жол башчы) — элдин сүйлөө тилинде да, башка фольклордук чыгармалар менен бирге «Манас» эпосунда да кеңири колдонулган титул. К. кытай тилинен алтай тобундагы элдердин (түрк-моңгол, тунгус, манжур) тилдерине эң байыркы мезгилде кытайдын «хуан» (башчы, башкаруучу) деген сөзүнөн өздөштүрүлгөндүктөн ал элдердин мифологиялык персонаждары да К. деген титул менен аталат. Мисалы, Теңиркан, Күнкан, Бууракан жана башкалар Кытайдын «хуан» (мамлекетти башкарган адамдын титулу) деген титулдук терминин уруулук-жамааттык түзүлүштө жашаган уруулар өздөштүргөндө социалдык абалынын деңгээлине жана коомдук мамилелерине болгон түшүнүгүнө карата семантикалык мааниси өзгөрүлүп кабыл алынган. Себеби, али таптык коом калыптана элек болгондуктан уруулук коллективдин ички мамилелерине ылайык уруу башчысы (уруу аксакал) ушул титул менен аталган деп айтууга болот.
Ал эми уруулук-жамааттык түзүлүштөн алгачкы феодалдык мамилелерге өтүүдөгү өткөөл мезгилге (согуштук демократия) да К. деген термин уруулар союздагы күчтүү уруунун башчысына, ошондой эле жеке уруулардын башчыларына да титулдук мааниде колдонулат. Патриархалдык-феодалдык мамилелер пайда болуп, территориялык жактан ар башка уруулардын биригип, уруулар союзунун негизинде өзүнчө эл болуп түзүлгөн кырдаалда «кан» деген титул жалпы элдин башчысын түшүндүрөт. Ал эми феодалдык типтеги мамлекеттик биригүүлөр пайда болгон процессте К-дын семантикалык мааниси дагы кеңейип, мамлекеттин башкаруучуларына берилген. Демек, тапсыз коомдо эле пайда болгон бул титулдук термин узак эволюциянын негизинде мааниси өзгөрүп таптык коомдо үстөмдүк кылган таптын бийлөөчүсүнө да мансаптык даража катарында колдонулган.
«Манас» эпосунда К. «уруу башчысы», «элдин башчысы», ошондой эле «мамлекеттик биригүүнүн башчысы» сыяктуу ар башка мааниде айтылат.
Албетте, эпикалык тексттердеги К. деген терминди контексттеги маанилерине карата элдик (оң жана терс) түшүнүктө жана аны көркөм-эстетикалык сапатына жараша түшүнүү. «Манас» эпосундагы кыргыз элинин душмандарынын башчылары да «кан», «падыша», «төрө» деген титулдар менен аталат, ошондой эле элди-жерди басып алууга аракеттенген баскынчыларга каршы күрөшкөн патриот элдик башчыларга да ушул эле титул катарында колдонулат: «Каспаңдагы кан Коңур Каары катуу оңбогур» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 292-б.). «Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 27). Ушул сыяктуу эле башка негизги каармандарга да бул титулдук терминдер колдонула берет. Эпосто кыргыз урууларынын ар биринин башчылары да, уруулардын бириккен топторунун (арыш) башчылары да, жалпы кыргыз урууларынын башчысы, коңшу жашаган уруулардын башчылары да, душман элдеринин башчылары да К. деген титулдук наам менен атала берет. Мисалы, Катагандын кан Кошой, Казактардын кан Көкчө же Букардын каны, Оогандын каны, эпикалык душмандар жөнүндө Бээжиндин каны Коңурбай жана башкалар.
Эпостогу К. термининин эволюциясы жөнүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында талдоого ала турган бир факт бар. Бээжинге жортуулга аттанар алдында шарт боюнча бир кишини (башчы) көтөрүү керек болот. Ошондо Манас өзүнүн сунушун айтат: «Аксакал Бакай абамды, Калк агасы бабаңды Кан көтөрсөк кантет» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 121-б.). Мындай салт моңгол элдеринде да болгондугу белгилүү. Демек, бул (кан көтөрүү) аталык уруулук жана уруулар союзунун (арыш) шарттарындагы салттуу эреже экендигин айгинелейт.
А. Абилов
КАНАТТУУ АТ 1
— кыргыз элинин мифологиялык түшүнүктөрүнүн эң байыркы катмарларынан келе жаткан, жан-жаныбарлар тууралуу мифтердин эң өнүккөн тибине жаткан көөнө аң-сезим жараткан мифологиялык образ. Мындай байыркы түшүнүктөр менен рухий дөөлөттөрдүн учурдагы адабий-маданий өнүгүштөгү ролу жөнүндө Ч. Т. Айтматов даана белгилеген: «Ажайып искусство образдарында, башкача айтканда байыркы мифтерде, аңыз аңгемелерде (легендаларда), классикада сакталып калган рухий таржымалы менен тарыхын унутуп калган адам акыл-эс жагынан эч качан жарыбайт, андай адам азыркы ашкан татаал турмушту аңдаганга алсыздык кылат» (Ч. Айтматов. «В соавторстве с землею и водою...» Фр., 1978, 381-б.).
Көөнө коллективдүү элес-түшүнүктөрдүн, элдик этика менен эстетикадагы нускалуу салттардын рухий-аксиологиялык бай арсеналында мал киндиктүү жергени мекендеген ат жандуу эл — кыргыздар үчүн так ошо жашоо-тиричилиги менен аң-сезимдеги мифологиялык көөнөнүн көптөгөн түрлөрүнүн ичинен (космогониялык, лунардык, солярдык, астралдык, антропоморфтук, кудай, пайгамбар, пир, периште, жин-шайтан, гиги дүйнө, тозок, бейиш, этиологиялык мифтер, тотем, жан-жаныбарлар жөнүндөгү мифтер жана башкалар) ит төрөсү Кумайык, куш төрөсү Буудайык, төөнүн пири Ойсул-Ата, койдун пири Чолпон-Ата, уйдун пири Заңги баба, жылкынын пири Камбар ата жана башкалар болуп, ар бири өз-өзүнчө жиктелет. Ат кудайы мифологиялык түшүнүк катары байыртан бери белгилүү, маселен кытайдын элдик мифологиясында Маван-ат төрөсү аталып жылкы тукумунун кудайы катары эң байыртан келаткан культ. Болгондо да ал моңголдор менен чектеш Түн. Кытайда кенен таралган (Мифы народов мира, М., 1982, 2, 86—87-с.).
КАНАТТУУ АТ 2
Байыркы көчмөн уруулардын чарбалык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу өтө зор болгон. Ошо себептүү атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын баалашкан, күлүктөргө тен беришкен. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан. Байыркы түрк-моңгол урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө асман — карапайым көр пенделер жашаган кара жерден айырмалуу духтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир чөйрө. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен теңирге теңештирилген. Теңирди болсо түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, көкө теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Бул жагынан алганда дүйнөдөгү эң байыркы диндердин бири Зороастризм культуна оропара келген, күнгө, отко (очок) табынып, ыйык тутуу жагынан окшош мотивдер чыгат. Ошентип, ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк атуу күндүн» символдору болушкан тулпарлардын образдары алардын искусствосунда эң кеңири колдонулган. Ыйык асман атынын жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбор Азияда биздин заманга чейин миңинчи жылдарда эле пайда боло баштап, биздин заманга чейин 8—5-кылымдарда алар Саян-Алтай тоолуу жерлери менен Моңголиянын мейкин талааларынан тартып Скиф-Сак дүйнөсүнүн күн батыштагы чегине чейинки көз жетпеген аймакта кеңири таралган.
Жоокерчилик доорлордо жашаган байыркы көчмөн элдер атты акылдуу жаныбар, ишенимдүү жардамчы катары барктап, кадырлаган. Жоокерлердин күрөшү менен жеңишинин ажырагыс атрибуту болгон жакшы аттар, анын ичинде кереметтүү касиетке ээ канаттуу тулпарлардын образы эл чыгармаларынан туруктуу орун алган өзүнчө бир идеалдар. Эл аралык салттык орток мотивге негизделген мифтик тулпарлардын эпикалык образы жаратылыштан тышкары (сверх «естественный») «канаттуулугу» менен мисалы, грек мифтеринде Пегас жана Көруулунун Гыраты, Алпамыштын Байчубары өзгөчөлөнөт. Канаттуу тулпарлар баатырдык жомок тибиндеги эпостун алгачкы үлгүлөрүндө ээсинен жогору коюлуп, каарман аткара албаган кыйын милдеттерди аткарат. Айткан акыл-кеңешин аткарбай душман тарабынан өлтүрүлгөн ээсин ар кандай кереметтүү жол менен тирилтет. «Барса келбестеги» кайнак көл, от көлдөрдөн өтүп, укмуштуудай тоскоолдуктарды жеңип, аял алып берет ж. 6. сапаттык артыкчылыгын көрсөтөт.
КАНАТТУУ АТ 3
Мунун өзү канаттуу тулпарлардын образынын байыртадан бери элдик эпостордон кеңири орун алып келгенин белгилейт. Түрк-моңгол элдеринин эпостору сыяктуу эле «Манас» үчилтигинде сыпатталган аттын мифтик элементтерди сактап калышынын бир белгиси катары баатыр минген тулпардын капталында канаты болот. Канаттуу аттын мифтик образы үчилтиктин башкы идеал баатырларынын каршысында турган эпикалык душмандардын айрым өкүлдөрүнө кызмат кылган терс күч катары сүрөттөлөт. Үчилтиктин көркөм образдар системасындагы терс каармандардын ичинен.
Кожожаш менен Чынкожо К. а. минип согуш майданында жүргөнү айтылат. Алар минген тулпарлардын өзүнө гана таандык сын-сыпаты, өзгөчөлүгү, энчилүү аты (кличка) бар. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Кичи казатта» кытайлардын көзгө атар мергени Кожожаштын (Шапак Рысменде уулунда Шыпшайдар деп аталат) кыргыздын кыйын баатырларын окко учурууда минген аты асман менен учуп жүргөн Куубайталдын ролу зор. «Семетей» бөлүмүндө ички душмандардын көрүнүктүүлөрүнүн бири Чынкожо да К. а. минип, асмандап учуп, Семетейге уруш салат. Чынкожонун канаттуу Кара аты эпосто төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Эр Семетей киргенде,
Семетейдин айбатын
Кан Чынкожо билгенде,
Кара ат менен чаргытып,
Аңгемесин арбытып,
Чыдай албай шашканда,
Чынкожо чыкты асманга.
Көк жорудай айланып,
Учуп жүрөт асманда.
Чынкожонун Кара аты:
Капталында бар эле
Калдайган эки канаты
(Курама варианты, «Семетей», 222)
болгон канаттуу Кара ат минип учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда Кара ат жерге түшүп, Чынкожо жеңилет. «Сейтек» бөлүмүндөгү эпикалык башкы душман Кыястын Тооторусу асман менен учат, адамча сүйлөй алат. Тоотору тулпарды анын өзүндөй эле керемет күчкө ээ Айчүрөк «тилин байлап», «койго жеткис, уйга жеткис» кылып багындырат.
КАНАТТУУ АТ 4
«Манас» изилдөөчү окумуштуулар (Р. Сарыпбеков) мифтик-фантастикалык тулпарлардын баштагы оң образы (башкача айтканда кереметтүү колдоочулугу) өзүнүн эволюциялык өнүгүшүндө эки тенденцияга туш болорун белгилейт: «Аттын образынын оң багытта өнүгүүсү акырындап мифтик касиеттеринен ажырап, кадимки жердик атка айлануу менен башкы идеал каармандын ишенимдүү жардамчысы боюнча калат. Ал эми экинчи учурда мифтик-фантастикалык касиеттерин (канаттуулугун) дагы эле сактап калуу менен, коомдун алга өскөн көз карашында айыпталган жат көрүнүш катары терс мүнөзгө ээ болуп, жаманчылыктын (зло) өкүлү катары душман тарабына кызмат кылат, жакшылыкты (добро) көздөгөн оң каарман өз максатына жетишине тоскоол болот, терс каармандарга кереметтүү жардамдарды көрсөткөн ишенимдүү жолдошуна айланат» — деп белгилейт.
Эпикалык душман элдин тулпар аттарындай адаттан тышкары укмуштуу сапатка, мифтик катмар негизин түзгөн баатырдык эпостун баш каарманы Төштүктүн Чал-куйругун айтпаганда, «Манас» эпосунун бүгүнкү колдо бар негизги варианттарындагы оң каармандардын эч кимисинин аты ээ эмес. Ырас, мындан бир кылым мурда эле. Ч. Валиханов жазып алган вариантта Аккуланын «бир жагында 21, бир жагында 20 канаты бар, аркасында ажыдаар түгү бар» укмуштуу тулпар катары сыпатталат. Айтуучулардын түштүк группасынын айрым өкүлдөрүнөн жазылган варианттарда жоодон жараланган Манасты канаты бар Аккула ала качып куткарып айыктырганы айтылат. Мунун өзү анын алгачкы образы мифтик-фантастикалык аттардан башталып, коомдун алга жылышы, аң-сезим, көз караштардын өзгөрүшү менен кошо акырындап жердик атка айланганын көрсөтөт. Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты) Манастын Аккуласы эти кызыган кезде өпкөсүнөн канат өсүп чыгары эскерилет. Эпикалык душмандардын башкы баатыры «Коңурбайдын Кара аты Кара атынын бар эле, Капталында канаты» деп ээсин дайыма кысталыш учурда «куштай учкан күлүктүгү» менен ажалдан куткарат. Бирок, Кожожаштын Куубайтал, Чынкожонун Кара аты сыяктуу Аккула да, Алгара да асмандап уча албайт. Манасчылар аларды сыпаттоодо канчалык гиперболизациялабасын жердик аттын табигый чегинин рамкасынан чыгарбайт. Жалпы эле үчилтикте чагылдырылган оң, терс каармандардын минген аттарынын образдарында өз-өзүнө мүнөздүү айырмачылыктары болуу менен бирге, негизинен алардын күлүктүгү, чаалыкпастыгы баса көрсөтүлөт.
С. Алиев
КАНАТТУУ КАБАРЧЫ
— фольклордук чыгармалардын баш каармандарынын окуясы, дарек-дайны, ал-абалы жана башкалар жазылган каткабарларды жеткирүүчү куштар. Табияттын жапайы күчүн элестеткен ар кандай канаттуу байланышчынын кат ташып кабарчылык кылышы жөнүндөгү жөө жомоктук мотивдер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири учурайт. Бизге жомок жана миф түрүндө жеткен мындай мотивдердин келип чыгышы жаратылыштын табигый мыйзамдарын билишпеген байыркы адамдардын анимисттик түшүнүктөрүнө байланыштуу экени белгилүү. Байыркы коомдо жашаган түшүнүгү чектелүү адамдар айбанаттарды да адам сыяктуу ой жүгүртүүгө, сүйлөшүүгө жана эс-акылдуу аракет жасоого жөндөмдүү деп ишенишкен. Айрыкча канаттуу куштар менен эпикалык каармандардын ортосундагы байланыш элдик баатырлардын туткундалып ордо (зынданда) жаткан же жарадар болгон учурдагы оор абалын билдирген катын алыста калган элине жапайы каз, торгой, көгүчкөн жеткиргендиги бир катар эпостордо салттык түрдө баяндалат. Академик В. М. Жирмунский К. к. жөнүндөгү мотивди түрк элдеринин баатырдык жомокторунда (эпосторунда) кеңири кездеше турган эң эски мотивдердин бири катары карайт.
Ал эми Алтай эпосторун изилдөөчү А. Коптелов К. к-дын алтай эпосторунда болушун «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн поэтикалык чагылышы деп эсептейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын «Алтай-Буучай» эпосунда эки өрдөк, хакас элинин «Судэй-Мерген» жомогунда чабалекей, «АйМерген жана Алтын кыз» жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун «Гэсэринде» карга, тоту куш, казактардын «Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда» бакма кара кучкач, өзбектердин «Алпамышында» жапайы каз, «Равшанда» кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы, «Жаныш, Байышта» көгүчкөн, «Эр Табылдыда» күкүк, «Олжобай менен Кишимжанда» торгой, «Манаста» көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот. «Манас» эпосунда ушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш.
С. Алиев
КАНДАГАЙ
(моңголчо «кандага» — багыш) — тоо текенин, багыштын жана башкалар терисинен жасалып, баатырлар, балбандар жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка кийиш үчүн тигилген чалбар шым. Калың териден, булгаарыдан жасалып, кылыч, жебе өтпөй турган согуштук ат жабуу да К. деп аталат. К. кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып, шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамыш менен тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. «Манас» эпосунда да жоого кийчү кийим катары К-га кеңири көңүл бурулат.
Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшкөн К-дын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Аны тигиш үчүн Каныкей Анжыяндын ары жагы, Айым-Мүнсөк бери жагы Даңдуң - Баштын тоо текесинин териси калың болот деп угуп, Абыке баш болгон алтымыш мергенди атайы жөнөтүп, териге залал кылдырбай жалаң көзгө аттырып алат. Аны күндүн көзүн көрсөтпөй кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салып ашаттырат. Кайыптын кызы Арууке баш болгон токсон узга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Мусулман кандарынын кийген шымдарынын ичинен жалгыз ушул К. балбанга түшчү Кошойго бап келип, ыраазы болгон ал аны жасаган Каныкейге батасын берет. Ошол батадан Семетей бойго бүтөт. Эпосто К-га мындай олутуу көңүл бурулушу, анын түпкүлүгүндө тотемдик жаныбар менен байланыштуулугунда. Адепки учурда ал магиялык күчкө ээ шым катары эсептелген.
Муну анын К. аталышы ырастайт. Алтай тилдеринин чоң тобунда багыш — кандага (эвенкиче), кандахан (манжурча), хандагай (моңголчо) деп айтылат. Якуттардын мифтик ишениминде Алып хандагай токойдун ээси, аңчылыкты колдоочу. Байыркы Сибирь элдернде Хандагай (багыш) кудай жаныбар — тотем болгон. Ошондуктан кыргыздардын көп учурлары ушул тотем жаныбардын атын алып жүргөн (сары багыш, кара багыш, чоң багыш, багыш). Тотемдик жаныбардын терисин кийген адам анын колдоосу менен жеңилбес күчкө ээ болот деген ишеним болгон. Ошондуктан арстан кебин кийген Рүстөм, Геракл сыяктуу эле Кошой да багыш терисинен шым кийгенде кебелгис күчкө ээ болуп, эч кимден жыгылбаган Жолойду жеңет.
Ы. Кадыров, М. Толубаев
КАНЖА
(кыт. ганцзы) — тамеки салып тарта турган түтүк. Эпосто көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт.
Капчыгынан бу доңуз
Канжасын сууруп алганы,
Канжасына салганы
Алтымыш чейрек тамеки,
Аз бөксө болуп калганы
(Сагымбай Орозбаков, 4. 233).
Эпостогу сүрөттөөлөр боюнча К. колодон, алтындан жасалат: «Алтын найлуу чоң канжа, Жаткан экен дат басып, Найын жарып ат басып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 276—277). Мындай К-нын баасы кымбат экени төмөнкү эпостун саптарынан көрүнүп турат: «Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков, 4.277). К-ны кыргыздар да колдонгондугу белгилүү. К. кыргыз тилине кытай тилинен кирген. Бул болсо кытай эли менен кыргыз элдеринде революцияга чейин маданий карым-катнаштардын болгондугун айгинелеп турат.
КАН-ЖАЙЛАК
— топоним. Манас баатыр Ала-Тоого жүрүш жасап, ата-бабанын туулуп өскөн жерин сырткы душмандардан бошотуп, Алтайдагы кырк үйлүү (уруу) кыргыз элин өз жерине көчүрүп келишин баяндаган окуяда айтылат. Эпосто «жер соорусу» аталган Талас өрөөнүндөгү мал чарбасына ыңгайлуу, климаты жагымдуу, табияты кооз, идеалдуу жер катарында сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Талас өрөөнүндөгү жайлоо.
КАН-ЖАЙЛАК
— топоним. Алмамбеттин атасы Азизкандын жайлоосу. Баласыз Азизкандын жакын туугандары Алооке уулу Коңурбай, Эсенкан уулу Бөрүкөз аны басмырлап К.-Ж-ты тартып алышат. Буга арданган Азизкан карыганда кайра үйлөнүп, ал аялынан Алмамбет төрөлүп, эрезе тартканда аны Коңурбайга өч алууга жиберет (Саякбай Каралаев, 2. 101 —137). Чоң казат мезгилинде кытай чек арасындагы К.-Ж. аттуу белди Коңурбайдын укмуштуу жаныбарларынын бири Куу түлкү кайтарып, кабарчылык милдет аткарат. Эпосто чай алуучу тоонун тумшугу катары сүрөттөлөт:
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ушул
Кароолго койчу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол
(Саякбай Каралаев, 2. 126).
КАНЖАР
— кооз кыны бар, кош миздүү, болоттон жасалган өтө курч бычак, эпосто көбүнчө согушта колдонулган курал катары сүрөттөлөт: «Канжарлуу канжар алышты, Капташып кетип эки кол, Кайрыла албай калышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 139). Ошону менен катар эпосто К-ды уруш маалында гана эмес, күндөлүк турмушта ар бир адам (аял киши деле) тагынып (байланып, асынып) жүрө турган коргонуч курал катары айтылат. Мисалы, Манас Каныкейге күйөөлөп барып, анын койнуна жашырнып кирмек болгондо Каныкей канжарлуу жүргөнү сүрөттөлөт: «Айтып аны кан кызы, Атемирдин жалгызы Алды канжар колуна» (Сагымбай Орозбаков, 2. 402). Археологиялык казуулардын негизинде К. кыргыздарда да болгону аныкталган. Араб тилинен алынган К. деген сөз «Манас» эпосуна кыргыздар Орто Азия аймагына келгенден кийин кирген болуу керек.
КАНЖАР КОЛ
— жоокерлердин куралсыз мушташа билген тобу. Эпостогу кытай аскерлеринин бул түрү жаш кезинен атайын машыктырылат, машыгуусун адегенде эң жөнөкөй дене тарбия (гимнастика) жасоодон баштап, бара-бара дем алуунун ар кандай ыкмаларынын жардамы менен бүт ой-дилин, энергиясын, күчүн жана бардык салмагын денесинин белгилүү бир бөлүгүнө (бут, кол, чыканак, тизе, чеке, жамбаш, ич, манжалардын учу жана башкалар) топтой алууга үйрөнүшөт; ылайды, дубалга кадалган кийизди, тактайды ургулап-тепкилөө жана туура дем алуу, ой-дил мүмкүнчүлүгүнүн ачылбай жаткан ички жигерин пайдаланууга багыттап машыгуунун натыйжасында жоокердин буту-кол, чыканак, тизе, чеке, ич, манжалардын учтары жана дененин башка бөлүктөрү уруш маалында таштай катуу же өзгөчө ийкемдүү абалга келет.
Абдан машыгып, дасыккан жоокерди сайган найза, чапкан кылыч сынып калган учурлар болот. Мындай жоокерлер арстан, жолборстун акырегин оңой эле сындыра тээп, буура, бука, айгырдын курсагын колунун учу менен жыра сая алышкан. Эпостун «Манас» бөлүгүндө К. к-дор калмак, кытайлардын баскынчы жортуулдарына катышкан аскерлердин (жоокерлердин) тобу сүрөттөлөт: «Темир аркан торчону Каптап уруш салды эми. Тегиз канжар колчону Тегиз кирип урушту» (Саякбай Каралаев, 1.89).
С. Карагулов
КАНКУУ
— эпизоддук кейипкер. Кашкардын беги, калмак. Мурун Манасты таап келүүгө жиберилген кырк төөдөгү мал-пулу менен ың-жыңсыз жоголгон кишилеринин дайнын иликтөөгө, Манасты издетүүгө тогуз жүз аскер менен Нуукерди жөөнөтүп жатып Эсенкан: «Кашкардын беги Канкууга» да барып сураштыр дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 269). Бул антропонимдин төркүнү моңгол тилинде азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген Ганхүү антропоними менен өзөктөш жана ган(г) (болот) жана хүү (бала, уул, уул бала) деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.
КАНКОР
— Манастын кайратмандыгын, эр жүрөктүүлүгүн, казаттарда жеңилбестигин туюндурган баатырдык эпитет. Бул терминдин мааниси абдан кенен. К. моңгол тилинде «хонгор» деп айтылып, сүйкүмдүү, аздек, ажарлуу, даңктуу деген маанилерди билдирет. Калмак тилиндеги «кангор» кыргызча — баатыр. Б. Юнусалиев манасчылар тарабынан К. бурмаланып, «кан ичкич» маанисинде да айтылып калгандыгын белгилеген (Б. Юнусалиев, Тандалган эмгектер, 1985, 441). Моңгол фольклорун изилдөөчү Г. О.Санжеев «Манас» эпосундагы К-ду моңголдун «хонгор» деген сөзүнөн алынгандыгын белгилейт.
Академик В. В. Бартольд иран тилинде да «Хункор» деген сөз «төрө» же «башчы» деген мааниде колдонулгандыгын көрсөткөн. К. «кан ичер» деген мүнөздөмө түпкүлүгүндө каймана, ошондой эле түз маанисинде болгон деген көз караш бар. Бул көз караш боюнча адам көп кудайга сыйынган доордо К. кудай деген түшүнүк болушу мүмкүн. Байыркы адам кудай кан менен оокат кылат деп ишенген, кудайга арнап курмандыкка адам, кийинчерээк мал чалган. Эпостун азыркы күндөгү айтымдарында да «кан ичмеси кармады» деген сыпаттама көп учурайт. Кара жини кармаганда эч кимге ээ-жаа бербей, кишини тааныбай калат, кан төкмөйүнчө эсине келбейт. Мунун баары бир кездеги «кан ичер» кудайдын образынын белгилеринин калдыктары. Манас манихей дининин кудайларынын пантеонуна кирген деген көз караш да бар.
С. Алиев
КАН ТАЛООН
— артында эрезеге жеткен туягы жок кан өлгөндө анын малы-башын талап кетүү салты. Бул байыркы замандагы салт «Манас» эпосунда да эскерилет: «Кайран көзүм жумулса, Кан талоонун кылдырбай, Кайтарып алчу неме ошол» (Курама варианты, 2. 293). Манас өлгөндө анын мүлкү К. т-го түшкөн. Ошондон улам Каныкей Семетейди төркүнүнө алып качып кеткен да, агасы Ысмайылга бала кылып берип аман чоңойтот.
КАН ТАРТУУ
— достошом деп келгенге ызат көрсөтүү менен алдына ашкан күлүк ат, кымкап тон, мыкты жоо-жарак тартуулоо салты. К. т. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири сүрөттөлүп, Алмамбет Манаска келгенде Аккула баш болгон тогуз күлүк, Аккүбө тон, Аккелте мылтык, Сырнайза, Ачалбарс кылыч тартуу кылып тосуп алышат. Ошондо акылга дыйкан Алмамбет айкөл адамга кез келгенине ыраазы болуп:
Аккула Манас аты экен,
Кара жанын өлчөгөн,
Кас тулпарын мингизген,
Ашкере чыккан март экен
Аккүбө Манас тону экен.
Азыркысын сүйүнүп,
Мага кылган жолу экен.
Аккелте Манас мүлкү экен,
Байкаап турсам, Сарала ат
Мага ылайык жылкы экен
(Сагымбай Орозбаков, 2. 321),
— деп Манас баатырдын буюмдарын кайрып берип, өзүнө ылайыктууларын гана алат.
КАН-ТОО
— топоним. Алтайдагы Жакыптын тургун жери. Эпосто Манастын ордо ойногон жана Эсенкандын соодагер-тыңчылары бала Манасты издеп келип, өзүлөрү катылып, ажал тапкан жер катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 73, 165).
КАН ТҮШҮШ
— кандын канга моюн сунуп достошуп келгендеги аттан түшүш салты. К. т. дос болгондуктан да белгиси болуп, тосуп алган тараптан аттан түшкөн канга кан тартуу, ат чабыш өңдүү ызаттар көрсөтүлгөн. «Манаста» Алмамбеттин келишиндеги К. т. тиешелүү шаан-шөкөттөрү менен аткарылганы сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 320—332).
КАНЧОРО
— эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү негизги каармандардын бири. Чубактын баласы. К-нун акыры Семетейге кас болушу көпчүлүк семетейчилерге таандык салттык көрүнүш. Айтуучулар К-ну ар дайым Күлчоро менен бирдикте Семетейдин акын тууганы катары көрсөтөт. Душманга каршы согуштарда К. да Күлчоро сыяктуу активдүү ролдордун бирин аткарат. Семетей экөөнү тең жогору санап:
Канчоро менен Күлчоро —
Өөдө тартса өбөгүм,
Ылдый тартса жөлөгүм.
Астыга салса ак жолум,
Айдап жүрсө сан колум,
Болоттон кылган сом балтамм,
Болжолу жок чоң аркам
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 557 инв., 278-б.),
— деп сыймыктангандыгы бекеринен эмес. Бирок, андагы айрым адамдарга таандык ич тардык сапат бара-бара күчөп отуруп, ачык эле душмандыкка айлангандыгынан улам, эпостун «Семетей» бөлүмүндө терс каарманга биротоло өтөт.
Эпосто К-нун терс кыялы өтө ырааттуу, ишенимдүү далилдер менен мотивделип отурат. Манасчылар Семетей менен эмчектештик салтын айтканда К. эмген эмчектен бекеринен кан чыкты дешпейт. Мындай белгилер К-нун кийин терс каарманга өтүшүнөн шек туугузбайт. Чыккынчы К-нун портрети Саякбайдын «Семетейинде»:
Каарланып сүксүйүп,
Кайраттанып үксүйүп,
Ачылган ороо көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Эки бети салаңдап,
Эки даңгыт тойгудай.
Каарланса кутургур
Кармашканды сойгудай
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 952 инв., 644-б.),
— деп чыныгы эпикалык сырткы душмандардай мүнөздөлөт. Бул образдын көркөмдүк таасири анын адамдык сапаттарынын, мүнөзүндөгү татаал бурулуштардын акырындап, ырааттуу сүрөттөлүшү менен түшүндүрүлөт. К-нун образынын биротоло калыптанышы эпостун өнүгүшүнүн кийинки учурларына таандык. Аталарынын адилет иштерин уланткан Семетей менен Күлчородон кара өзгөйлүгү, терс мүнөзү менен кескин айырмаланып, К. эпостогу экинчи сюжеттик өзөктүн өөрчүшүндө белгилүү ролду аткарып турат. Бардык варианттарда Семетейдин өлүмү же кайып болушу. К-нун чыккынчылыгы менен түздөн-түз байланыштырылат. Тоголок Молдонун вариантында ал Семетейди балта менен башка уруп өлтүрүп (Кол жазмалар фондусу, 1078-инв.), бийликти алып Семетейдин аялы Чачыкейге үйлөнөт.
А. Жайнакова
КАНЫКЕЙ 1
— үчиликтеги негизги башкы каармандардын бири. Манастын аялы, Темиркандын (Каракандын) кызы.
К-дин образы «Манас» эпосундагы аялдардын образдарынын ичинен айрыкча бөлүнүп турат. Ал Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси. Эпостун бардык негизги окуяларына катышып, чыгарманын сюжетинде чечүүчү роль ойнойт. К-дин образы аркылуу баяндалган элдик идеялар эпостун башкы идеясынын ачылышында чоң мааниге ээ. Көп учурда Манаска акыл айтып, аны кыйынчылыктардан, айрым мезгилде ажалдан сактап калат. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык — К-дин негизги касиеттери. К-дин образында баатырдык касиеттер да жок эмес.
Саякбай Каралаевдин вариантында К-дин образы эрдиги, кайраттуулугу жана күчү менен айырмаланган баатырдык образ катары берилет. Анын эр жүрөк баатырдыгы «өрүмдөн чачы өтө элек, өзү бала секелек» кезинде эле башталат. Сүрүнөн «жалпы Букар чайпалып, өлүп кете жаздаган» Чубак баатыр менен жекеме-жеке кармашып, намыс алат. К-дин эрдиги «Букарды төрт жолу курчоодон куткарды» деген сүрөттөөдөн көрүнөт. Аны Айкожо көрүп эч жеринде кеми жок экен, эркек болсо он сегиз миң ааламга тутка болчу неме экен, — деп 1-ын берет. «Кыз да болсо, кылым чайкап журт бузган Каныкей»:
Узун чачтын ыктуусу,
Ургаачынын мыктуусу,
Кең көйнөктүн тазасы
Ургаачынын паашасы
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 539инв., 217-б.),
— деп мүнөздөлөт.
КАНЫКЕЙ 2
Манастын образы эпосто кандай негизги мааниге ээ болсо, К. да ошого барабар. К. катышпаган окуялар өтө аз. Манастын балалык күндөрү жана эң алгачкы баатырдык иштери гана К-сиз өтөтт. Манаска баш кошкондон тартып анын образы тереңдетилип, элдин асыл сапаттары көркөм чагылган. Каныкейдин сапаттары негизинен эпостун биринчи бөлүмүндө ачылат. К. айрым эпизоддордо башкы ролду ойнойт. Мисалы, К-дин тоюнда, Чубактын Букарды камаганында жана Манастын сөөгүн коюуда, ага күмбөз салууда акылмандык кылат. Көзкамандар окуясында, Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта жана башкалар көп окуяларга активдүү катышат. Көзкамандар чыккынчылык менен Манасты ууландырганда кыраакы К. Манасты өңөрө качып, өлүмдөн куткарат.
Эпосто К. өзү түздөн-түз катышпаган окуяларда да кыйыр түрдө катышы бар, анын аты аталат. Сарамжалы, акылы, берген кеңеши эскерилет. Жоо бетинде жүргөн баатырлар эл-жердин кабарын алганда «калк энеси Каныкей, кайгысын тарткан эл-журттун, Жеңебиз аман жатабы» — деп атайын эскерип, ал-абалын сурап билишет.
К-дин көңүлдү өзүнө бурган башкы белгиси — колунан көөрү төгүлгөн уздугу. Баатырлардын бою-башына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап, эл намысы үчүн жоодо кийилүүчү ок өткүс кийим, курал-жарактарды алдын ала даярдайт. Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө Жолойду жыгып, Кошойдун намыс алышы К. тиккен кандагай шымга байланыштуу. К-дин камкор, сарамжалдуулугу булар менен эле чектелбейт Камкордугу жоокерлердин башына кыйынчылык түшүп, арып-ачканда жей турган күл азык камдап, түрдүү дары-дармекти баатырлардын жанына салып бергенден да көрүнөт. Мисалы, Алмамбет Чоң казатта жарадар болгондо К. берген дары менен күч-кубатына кирип, кайрадан майданга кирет, К. жасаган Алгаранын кебин Саралага кийгизип, душмандын чегинен өтөт. К-дин камкордугу баатырлардын тулпарларына кандай кам көргөнүнөн да айкын көрүнөт. Жоокерчилик мезгилде тулпардын кандай мааниге ээ экендигин жакшы түшүнгөн К. Аккулага «күрүчтөн күрмөк жем берип, күндө терин алып», ар качан саяпкерлердей таптайт. К-де алдыда боло турган жакшылык-жамандыкты сезип турган көзү ачыктык да бар.
КАНЫКЕЙ 3
Манастын Чоң казатка аттанышына К. каршы тургандыгы да ошого байланыштуу. Манас Бээжинди алып, такка отурду деген кабар К-ди кубантпайт тескерисинче баатырлардан ажырап калбасын деп сарсанаа болот. Чынында Кичи казат кыргыз баатырларынын жеңилиши менен аяктайт. Манас өлгөндөн кийин бардык оорчулук К-дин мойнуна түшөт. Баатырдын өчүн алып, эли-жерине баш-көз болчу Семетейдин өмүрү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, акыры максатын ишке ашырат. Семетейге турмушту таанытууда, эли-жерин сүйүү, душманын жек көрүү сезимин курчутууда маанилүү милдет аткарат. Айрыкча К-дин «Тайторуну чапканы», «Каныкейдин жомогу» өңдүү эпизоддордо анын ар-намыс, эл-жер үчүн түрдүү ой-толгоолорго баткан психологиялык абалынын кеңири берилиши каармандын образын дагы тереңдетип, анын мүнөзүн ого бетер курчутат жана толуктайт. «Семетейде» К. өткөн муундун өкүлү катары акылман тарбиячы, камкор эне болсо, «Сейтек» бөлүмүндө келечектен үмүт үзбөй, карыса да ар-намыска бел-байлан, кыйынчылыктарга майышпай чыдаган туруктуулугу баса көрсөтүлөт. Эл өткөн коомдук түзүлүштөрдүн шартындагы социалдык чындыктан алда канча жогору турган өзүнүн адеп-ахлактык нормаларын да ушул образ менен тыгыз байланыштырышкан. К-дин образы — кыргыз элинин нечен кылымдардан берки жашоо-тиричилигинен келип чыккан, мыкты деп эсептелген түрдүү касиеттерди топтоштуруу аркылуу жаратылган образ. Анын бүткүл өмүрүндөгү иш-аракети элдин ар-намысын, эркиндигин, жыргалчылыгын коргоого арналган. Кыскасы К. кыргыз аялдарына таандык болгон акылмандык, мээримдүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды сактайт жана өнүктүрөт. Элдик кыял аны биротоло ажалдын алы жетпеген аңыз каарманга айландырган. Жомокчулар Сейтектин эр жетиши менен Семетей, Айчүрөк, Бакайга кошулуп К. да түбөлүк аалам кезип кетти деп баяндашат.
Манасчылар өзү өлсө да иши өлбөгөн, тукумдан тукумга түбөлүк үлгү катары сактала турган көркөм салттуу элести ушундайча жаратышкан.
А. Жайнакова
«КАНЫКЕЙДИН АРМАНЫ»
— классикалык элдик күү. «Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Каныкейдин айланасындагы окуялардын негизинде чыгарылган. Калк кастарлап уккан улуу эпостун кызык окуяларынын негизинде жаралган татаал кайрыктардагы нечен залкар күүлөр бар (к. «Алмамбеттин арманы», «Семетей күү»). Ал эпикалык күүлөр музыкалык ойлорунун тереңдиги, көркөм каражаттарынын молдугу менен мүнөздөлөт. Көбүнчө айтым күүлөр болуп комузчу адегенде күүгө өзөк болгон окуяны жорго сөз менен чечмелей айта отуруп, күүнү анан черткен. Мына ошондой күүлөрдүн бири «К. а.» чертилерде төмөнкү окуяны айтышкан. Айтылуу Манас атабыз өлгөндө, Абыке, Көбөш, Көлбай, Чыйбыт, Кочкор Манастан калган дүйнөнү камчыга ченеп бөлгөндө, Каныкейди Абыке алам деп, Ырамандын Ырчыуулун сен барып Манастын аялына: «Ат өлсө соору керек, ага өлсө жеңе керек» — жообун ала кел дейт. Ал Каныкейге барып, атчан туруп: Каныкей жеңе, кайнилериң жиберди. «Ат өлсө соору, ага өлсө жеңе керек» — экен дейт. «Арага келчү сен белең? Алуучу алты арам беле?» — деп, Каныкей оттун жанында жаткан шамшарды ала коюп уруп калат. Түнүндө кайненеси Чыйырды менен Семетейди Кайыпчынын кара үңкүргө жашырат. Эртең менен үрөң-бараңда Абыке, Көбөш келип Каныкейдин эмчегин жара чаап, «Ишенген балаң ушубу!» — деп жабылуу бешикти кылыч менен бөлө чаап кете берет. Ошондо Каныкей атасы Темиркандыкына кетмек болуп, Чыйырдыны айдалыга мингизип, Семетейди бооруна көтөрүп, Алмамбеттин сыр бараңын таянып:
Жоргонун белин аша албай,
Боздоп ыйлап баса албай,
Күйүктүн белин аша албай,
Күрмөлүп ыйлап баса албай
Балтырдан кара кан кетип,
Каныкейден ал кетип,
Жолго жөө чыкканын билген Бакай минерине унаа, жээрине азык камдап Чакмактын белинен Каныкейге жолугат. Ошондо Каныкей Бакайга кайрылып:
— Ушул жетимди алып барып таятасы
Темирканга бала кылып берейин.
Атасын тарткан эр болсо,
чоңойгондо элин бошотуп,
«алты арамдан» кегин алар.
Жаман болсо кул болуп жүрүп өлөр...
дегенде, Бакай эки тулпарга Чыйырды менен Каныкейди мингизип, азыгын берип, Темирканга качырганын айтып келип, андан соң жалаң кайрыктардан турган «К. а-н» чертишкен. Эпостун обону, күүнүн чертилердеги баяндамасы муңайыңкы жүрүштөгү албан кайрыктарда түрлөнө кайталанып, күүнү уккан адамдын көз алдына Семетейди ала качып кетип бараткан Каныкейдин кайгылуу элеси тартылат.
Б. Алагушов
«КАНЫКЕЙДИН ЖОМОГУ»
— Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1940). Басмага даярдаган Ы. Абдыракманов. Латын тамгасы менен басылган. 288 сап ыр. (к. «Семетейдин» сюжети).
«КАНЫКЕЙДИН ТАЙТОРУНУ ЧАПКАНЫ»
— Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1941). Жооптуу редактору Ө. Жакишев. Латын тамгасы менен басылган, 4466 сап ыр. Китептеги «К. Т. ч.» эпизодунун сюжети Манастын өлүмүнө байланышкан кайгы сууп, көз жаш кургай электе анын арсыз бир туугандары — Абыке менен Көбөш жаш балалуу Каныкейге, кары чоң эне Чыйырдыга, баатырдын акылман кеңешчиси Бакайга кордук көрсөтө баштаган наадандык иштерин баяндаган салттык окуядан башталып, башка эл-жерде тарбияланган Семетей он экиге келгенде таятасы аны кан көтөргөн тойдо Каныкей Семетейдин келечегин билгени Тайторуну төлгө кылып чаап, Тайтору чыгып келгенге чейинки окуялар камтылган.
КАНЫКЕЙДИН ҮҢКҮРҮ
Ичке жана Таш-Рабат ашуулары аркылуу Ат-Башыдан Ак-Сай өрөөнүнө ашып түшө берээрдеги капчыгайдан (Ат-Башы кырка тоосунун күңгөй бетинде) орун алган. Уламышка караганда бул үңкүргө Каныкей түнөп кеткен имиш.
КАНЫМЖАН
— эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрү. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин келерин күтүп жатышканда Акылай көргөн кереметтүү түштү К. жоруп, Семетейдин келе тургандыгын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47—48).
КАНЫМЖАН
— эпизоддук кейипкер, Меңдибайдын энеси. Жакып мал четинде жүрүп, баласы жогуна кайгырып, айлына келгенде минген аты Туучунакты байлабай бош коё берип, үйүнө кирип кетет. Бош калган ат талаага качып жөнөгөндө Меңдибай кармап келмек болуп артынан кууп барып, токойдон Манас баш болгон кырк чоронун руханине жолугуп, алар менен ойноп кечиккенде К. баламды таап бер деп Жакыпка доо коёт. Чыйырдыны төрөтүүгө катышып, Канышбек экөө үйүнө келаткан Жакыпты утурлап чыгып, сүйүнчүлөшөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 51, 56, 77, 88).
КАНЫШАЙ
— эпизоддук кейипкер. Кытай чегин кайтарган балбан аял, тыргооттун каны. Аял болсо да баатырдыгы, балбандыгы, кыраакылыгы менен айырмаланган К-га Эсенкан бекеринен бир элдин кандыгын берип, чекке коюп Манасын жолун тостурбайт (Саякбай Каралаев, 1. 166). К-дын оңой жоо эмес экенин, көзүн тазаласа Бээжинге барчу жол ачыларын билген Алмамбет амал менен анын ордосуна кирет. Ордодогу адамдардын ууланганына түшүнөр замат кыраакы К. Алмамбеттин Эсенкан чекке сакчы койгон Кулжа менен кырк кулач кызыл Түлкүнү, Маамытбек сокурду кырк кечили менен кошо жайлап келгенин туят.
К-дын буйругу менен кармамакчы болуп жабылганда күйүп турган чыракты Алмамбет ыргыта тээп Канжаркол, Музкиндик баштаган ууланган, мас балбандарын караңгыда бүт кырып салат. Каарданган К. ордону бир колу менен уратып тышка чыгып, байлануу күлүгүн минип Бээжинди карай чабат. Артынан кууп жетип К-ды өлтүрүшкөндөн кийин Алмамбет жанындагы Сыргакка: «Көңүлдө эми арман жок, Сыргак, Топон суу тийбес Бээжиндин Тосоту эми калган жок Сыргак», — дейт (Саякбай Каралаев, 2. 136).
КАНЫШАЙ
— эпизоддук кейипкер. Ооган каны Түлкүнүн кызы, Бокмурундун жубайы. Оогандар тейит менен катаганды чаап алып, Кошойдун баласы Аликени өлтүрүп кеткенде эл Манастан жардам сурайт. Согушта оогандар жеңилип, Түлкүнүн иниси Акун колго түшүп калат. Акундун өтүнүчү боюнча эки эл жарашып, Акун Ооганга кан болот. Ошондо Бокмурун Канышайды жактырып калып, Манас куда түшөт. Бокмурун К-ды алганы кеткенде атасы Көкөтөй дүйнөдөн өтүп, баласы аялы менен өлүктүн үстүнөн чыгат. К. кайнатасына кайгырып ыйлап, ошондон «келиндин аягынан, койчунун таягынан» деген ылакап айтылып калган делет эпосто (Сагымбай Орозбаков, 2. 439; 3. 9— 10, 19, 20, 27, 28).
КАНЫШБЕК
— эпизоддук кейипкер, Куртканын зайыбы. Манас төрөлгөндө аны жерден биринчи алып, эмчек берип оозантат (Сагымбай Орозбаков, 1. 79). КАҢГАЙ — топоним. 1) Моңголиянын батышындагы тоолуу аймак. Негизги варианттарда калмактардын өлкөсү катары эскерилет; 2) этноним. Эпостун бардык варианттарындагы негизги окуяларда катышып, кыргыздын эпикалык душманы катары берилет; 3) кээде кытай мамлекети катары да айтылып, анын башында Ороңгу аттуу аял кан тургандыгы сүрөттөлөт.
КАҢГАР-ТОО
— топоним. Эпос боюнча Чын калаага (Чоң-Бээжинге) жакын жайгашкан тоо, Алоокенин мекени. Эпостун башка бөлүмдөрүндө Манастан жеңилип качкан Алоокеге Каңгайга барып жердеп турат. Буга караганда, географиялык реалияда К.-Т. Хангай тоосунун түштүгү Баян-Хонгор аймагы жөнүндө айтылган деп болжоого болот.
КАҢГУРДУН КАРА КООСУ
— топоним, эпосто калмак каны Кайыпдаңдын баатыр мерген кызы Карабөрк менен Манас жекеме-жеке беттешип, жеңген жер катарында эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 11, 346).
КАҢГУШ
— топоним. Эпосто: «Карагайлуу талаа бар, Каңгуш аттуу калаа бар» (Сагымбай Орозбаков, 1. 232),— деп баяндалат. 10-кылымдагы Аль-Истахринин «Китаб масалик ал-малсалик» деген географиялык чыгармасында эскерилген.
КАҢГЫ
— этноним. Кыргыздардын ичкилик бөлүгүнүн негизги урууларынын бири. Бакайдын атасы Бай Жакыпка жолуккандан кийинки окуяларда төмөндөгүдөй айтылат:
Жаңыдан келген тууганы,
Бай Жакыпты мааналап
Бир жыл болгон турганы,
Алты, бештен түтүнү,
Каңгы деген калк эле.
Каңгылардын ичинде
Чегиш деген алп эле
(Сагымбай Орозбаков, 1. 191).
К. (орусча — канглы, казакча — каңлы — И. М.) тарыхта белгилүү этноним. 11— 12-кылымда Хорезм менен Волганын аралыгында огуздар менен 11-кылымда Иртыш аймагынан Орто Азияга келген кыпчактардын аралашмасынан түзүлгөн уруу бирикмеси. Алар көбүнчө көчмөн жана кол өнөрчүлүк турмушта жашашкан. К-лар орто кылымдарда Орто Азия мамлекеттеринде белгилүү роль ойногон. Алардын айрым бөлүктөрү 13-кылымда Ысык-Көлгө да оошуп келгени белгилүү. Бирок, моңголдор аларды таптакыр алсыздандырып ташташкан. Кийинки мезгилдерде К-лар кыргыз, өзбек, казак, каракалпак жана башкырт элдеринин курамына сиңип кеткен. «Манас» эпосу ушул тарыхый чындыкты жалпылаштырып көркөм чагылдырганын айтууга болот.
И. Молдобаев
КАҢШААК-ТАШ
— топоним. Каныкей Семетейди куткарыш үчүн Букарга качып жөнөгөндө басып өткөн жерлердин бири. Качкындарды артынан издеп келген Бакай ушул жерден жетип, аларды Кара-Кырдын чоң үңкүрүнө жашынтып, өзү азык, ат алып келиш үчүн кетет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1, 43).
КАҢШЫБЕК
— эпизоддук кейипкер, Кашкардын каны. Аккуу кеп кийип Семетейди издеп Оогандан учуп чыккан Айчүрөк адегенде Кашкарга жетип, «Төгөрөк бышкан наны бар, Төрт булуң болгон тамы бар», отурукташкан, дыйканчылык менен кесиптенип, соода-сатыкта турмуш кечирген элди башкарган К-ти көрөт:
Кербендерин башкарып,
Жолдо жүргөн эме экен,
Боз качырын кекейтип,
Чомго минген эме экен.
Ысык жайды жайлаган,
Басса турса белине
Кетмендей токоч байлаган,
Жору куйрук чоң кетмен
Жонуна салып байлаган
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 360),
— деп сынайт да мындай турмуш көңүлүнө туура келбеген Айчүрөк андан ары сапарын улайт.
КАҢЫРЫ
— этноним. Эпостогу байыркы кыргыздын бир уруусу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөй кандын керээзинде:
Кара калпак, үйшүн бар,
Каңыры, тейит, багышы,
Канча журтка угулган,
Кара кыргыз дабышы
(Сагымбай Орозбаков, 3. 15),
— деп катардагы саналган көптөгөн уруулардын бири катары эскерилет.
КАП
— топоним. Кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо, алардын Үрбү, Мунар баш болгон Арсы калдайдын аскерлери менен беттешкен жерлердин бири. «Кап экен ушул коосу деп, Жымырайган жыластын түк билинбейт оозу деп» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 540-б.) эпосто ал жер өзүнүн көрүнүшүнө жараша ошондон бери К. аталып калганы айтылат. Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү тоо.
КАПАЛ
— топоним. Эпосто «Аккан Иле суусу бар. Ар жагы Капал тоосу бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 264) делип Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган аттар өткөн тоо. Географиялык реалияда Казакстандын Талды-Коргон облусундагы тоо жана андагы өрөөн.
КАПИЯ
— эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп барган Манас ордодо үстүнө киши кирбей эки күн ачка калып, каарданып отурганда кырк-элүү аял жанына жолдош кошуп берип, К-ны баатыр күйөөнү көрүп келүүгө жиберишет. Манастын ыраңын көрө сала эси ооп, эшиктин алдына жыгылып калган К-ны жөлөп-таяп Санирабигага алпарышса, эр көрбөгөн экенсиңер деп күлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 405, 407). Кайнына келген күйөөнү көрүү салты ошондон калган экен делет эпосто.
КАПКАК-ТАШ
— топоним. Чоң энесине кезиккен Сейтек «Тиги карарыңкы Капкак-Таш, Кандай кандын бели эле?» (Курама варианты, «Сейтек», 155), — деп Каныкейден сурайт. Географиялык реалия катары кыргызстандын топонимдеринде кезигет.
КАПКА-ТАШ
— топоним. Желмогуз уулу Сарыбайдын урушунда Бозбала «Дөбө-Мойнок, Капка-Таш, Көтөрмөнүн жонунан» (Курама варианты, «Сейтек», 219) элге кайрылып, Сарыбайга каршы Карадөөгө жардам берүү жөнүндө айтат. Капка, К-Т. аттуу тоо, суу, көл, капчыгайлар (Кичи-Нарын, Он-Арча бою, Алайкуу, Үч-Терек аймагы жана башкалар) Кыргызстанда арбын. КАП-ТОО, к. Көйкап.
КАРА
— элдик оозеки чыгармаларда, эпостордо эпитет жана символдук маааниде колдонулат. Кара кан, Кара дөө, Кара жер, Кара кабылан, Алп кара куш өңдүү энчилүү аттардын тутумунда келген К. сөзү өң-түскө байланыштуу эмес, күчтүү, өтө зор, опсуз айбаттуу, алп, каардуу, тайманбас, эр жүрөк же анын тескерисинче терс кыял, кырс, орой, ой-санаасы арам, мүнөзү жаман деген мааниде айтылган. Мисалы, «Кара оозуңа кан толгур, Кандай неме айтты экен» (Саякбай Каралаев, 1. 138).
Этноним сөздөр менен бирге келгенде өтө көп, сан жеткис, эсепсиз, опсуз көп, быкылдаган, бүткүл деген мааниде айтылган: «Ойроттон чыккан жол менен, Орчун кара кол менен». К. тирек, жөлөк, таяныч, медер тутуу символу катары келет: «Кабар уккан сөзүмдөн, Жакшы келдиң кандарым Кара учканда көзүмдө» (Сагымбай Орозбаков, 2. 77). К. эпосто тарыхый термин иретинде калайык, эл, будун, кул, күң сыяктуу сөздөр менен тутумдашып келип (кара калайык, кара калың эл, кара будун, кара күн, кара кул) элдин төмөнкү катмарын билдирет. К. элдин же адам башына түшкөн катаал кезең, азап-муң, оор турмуш же коомдогу алааматты билгизген: «Кара түшүп башына, Качкан кыргыз мындан көп». К. эпосто бодо мал деген мааниде да айтылат: «Канды булоон болушуп, Кара малдан союшуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 216).
С. Сыдыков
КАРА-АЛМА
— топоним. Шоорук кан Алайда жаткан окчу кыргыз уруусун чаап алганда Манас кол курап, элге кабар жибергенде кыргыздар жашаган жер катары эскерилет: Кара-Кулжа тарынан, Көкүрөк, Көгарт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен, Калба деп кыргыз элинен (Сагымбай Орозбаков, 2. 206). Географиялык реалияда Көгарт алабындагы өзөн, өрөөн.
КАРА АТ
(кош Кара ат, Эгизкара) — Үрбүнүн күлүгү. Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 155).
КАРА АТ
— Калкамандын аты. Алмамбеттин келишине арналган тойдогу ат чабышта «Жакын жерден чабылып, Жазылбай калып канаты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 341) он биринчи болуп келет. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде К. а. онунчу келип, Калкаман тагдырына буюрган Ташбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 423). Көкөтөйдүн ашында Аккуланы байгеге кошуп жиберген Манас Коңурбай менен сайышка К. а-ты минип, Алмамбеттин Сараласын жайдак коштоп чыгат. Сайыш көпкө созулуп, К. а. алсырап калганда Манас Саралага жайдак ыргып минип, Коңурбайды сайып түшүрөт (Саякбай Каралаев, 2. 60—63). Бул окуя К. а-тын эпостук башкы каарманга тете келбеген чамалуу эле тулпар экенинен кабар берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да сайышка түшөрдө К. а-ты Кошой тандаганы айтылат, бирок Манас Алымсарыктын Жармаңдайын жактырып минип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 3. 242 — 252).
КАРА АТ
— Чынкожонун укмуштуу канаттуу аты. Саякбай Каралаевдин вариантында төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чынкожонун Кара аты
Кара атынын бар экен,
Капталында канаты.
Ажайыптан дуба окуп,
Уча жүргөн адаты.
Кыйын зээрчи жадыгөй,
Кылганы ушул Кожонун
— Астында бедөө Кара аты
Кара жанга күч келсе,
Кармашкан жоону көргөндө
Калкылдап учаар адаты
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 134).
Канаттуу К. а. минип, асмандап учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда К. а. жерге түшүп өлүп, Чынкожо жеңилет, к. Канаттуу аттар.
А. Жайнакова
КАРА АШ
— өлгөн адамды жайына коюп келгенден кийин чогулган элге берилүүчү тамак. Адатта К. а-ка бодо мал, жылкы жана майда жандыктар да союлат:
Токсонго чыгып мен өлбөй,
Тоодоюм Манас сен көмбөй,
Алдыңкы жолду чаңдатып
Кылым журтту айдатып
Кара ашыма тойбодуң
(Саякбай Каралаев, 2. 246).
Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Көкөтөйдүн К. а-ы берилгендиги баяндалат, к. Аш.
КАРА БАЛБАН
— эпизоддук кейипкер, Чоң казатта өлгөн кытай балбаны экени гана эскерилет (Саякбай Каралаев, 2. 201).
КАРА-БАЛТА
— топоним. Эпосто кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүчү жер тандаган учурда эскерилет: «Кара-Балта ашамын, Кайыңдыны басамын» (Радлов жазып алган вариант, 146). Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосундагы ашуу, анын түндүк капталындагы өзөн, өрөөн.
КАРАБЕК
— эпизоддук кейипкер. Манас Кортукту өлтүрүп, калмактар кун кубалап Жакыптын жылкысын тийип, элин чаап алмак болгондо Жакып казак бийи К-ке да кабар жөнөтүп, К-тин Айдаркан, Күнөс балбандар менен чогуу келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 146, 218).
КАРАБЕК
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү Калбүбүнүн атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 418).
КАРАБОЗ
— Атайдын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы жар тандоо ат чабышында он үчүнчү болуп келет Сагымбай Орозбаков, 2. 424).
КАРАБОЗ
— эпизоддук кейипкер, шибээ элинин баатыры. Бакайдын Кардыгач тууралуу айткан баянында Кардыгачтын кытайлар менен болгон согушка катышкандыгы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 262).
КАРАБӨРК
— каарман, Манастын биринчи аялы, Кайып даңдын кызы. Аскери жеңилип, атасы колго түшүп калганда жаа аткыч мерген кыз К. жанындагы кырк кызды баштап согушуп, Бакайды жарадар кылып, кыргыз колун бир топ зыянга учуратат. К-түн мүнөзүндө эл-жерине болгон сүйүү, ошондой эле, кан кызына таандык текебердик, баатырга таандык көктүк, кыз балага ылайык адептүүлүк бар. Атасын өлдү деп ойлогон К. Манас өзүн жактырарын билсе да ага жар болгусу келбейт. Атасынын тирүү экенин билгенден кийин гана Манаска тийүүгө макул болот. Кайып даң чоң той жасап, кызын Манаска берет.
К. Бакайды жарадар кылганы үчүн уялып, ага көрүнбөй качат, кезигип калганда жүгүнүп таазим кылат. Айтуучу жүгүнүү салты ушундан калган деп баяндайт. Манаска чыккандан баштап К. бир жактуу аракетсиз каарманга айланат. Кийинки эпизоддордо Манастын аялы экендиги гана айтылат жана Манастын кийинки аялдарына болгон күнүлүгү көрсөтүлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 10—11, 342). Саякбай Каралаевдин вариантында Кайып кан кызы делет (Саякбай Каралаев, 2. 42).
А. Жайнакова
КАРА-БУЛАК
— топоним. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо К.-Б-тын белинен бейшекел, коңур эли менен беттешип жеңип чыгышат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 225-б.). Аталган топоним Кичи-Кемин аймагында окшойт. Буга мындагы Бейшеке, Коңур, К-Б. өңдүү жер-суу аттарынын кезигиши далил боло алат.
КАРА-БУУРА
— топоним. Манастын эли такай мекендеген жерлердин бири. Эпосто: «Кара-Буура, Чаткалда, Кайкалап кыргыз жатканда» (Саякбай Каралаев, 1. 172), — деп сүрөттөлөт. Бул К.-Б. Таластын сол алабындагы суу жана аймак. Азыркы кезде Бакай-Ата жана К.-Б. райондорун ажыратып турган өзөн. Анын боюнда К.-Б., Бейшеке, Тамчы-Булак жана башкалар кыштактар жайгашкан. Талас менен Чаткалды байланыштыруучу жол ушул К.-Б. аркылуу өтөт.
КАРАГЕР
— Түлөөнүн байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда өткөрүлгөн ат чабышта К. отуз бешинчи келип, Түлөө тагдырына буюрган Калемкашка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426).
КАРАГЕР
— Кайгылдын байгеге чапкан күлүгү. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта К. жыйырма жетинчи келип, Кайгыл тагдырына буюрган Үркөрбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425).
КАРА-ДЕҢИЗ
— топоним. Каныкей Тайторуну чапканда ат айдоочу Эшенчалга күлүктөрдү К. -Д -ден коё берүүнү тапшырат. Эпосто К.-Д. «Чып этип ууртар суусу жок, чымчып жээр чөбү жок, Боз мунарык, күйгөн кум» — нечен чөлдөрдүн, ашып өткүс адыр, белдердин эң наркы жагындгы жер катары сүрөттөлүп, тулпарларды алыскы жолго чабуу аркылуу, Тайторунун чыныгы талыбас күлүктүгү көрсөтүлөт. Географиялык реалияда К. -Д. Европа менен Азиянын ортосундагы деңиз.
КАРАГУЛ
— каарман. Коңурбайдын жылкычы башчысы. Ашынган айлакер, жеткен куу, кыйын сынчы К-дун жылкычыга башчы болгондон тышкары негизги милдети душмандан шек-шыба болсо Коңурбайга дароо кабар жеткирүү (жоокерчилик доордо жоолашуу адатта жылкы тийүүдөн башталган). Жиберген баатыр-балбандары Манасты кармап келмек түгүл колунун баарын кырдырып келгенде кароол коюп Эсенкан Манастын келер жолун тосоттогондо да К-дун аткара турган иши белгиленет: «Катаалдын уулу Карагул, Кара саат мына бул, Кайгуулга чыгаар ал болуп» (Саякбай Каралаев, 1. 165). «Карагул деген аяр бар, Кандай да болсо келет деп, Калкына кабар салгандыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 260), — дейт чалгында жүргөн Алмамбет жанындагы Сыргакка. Кытайча кийинип турса да чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты көргөндө эле кексе К. алардын жоо экенин сезет, Алмамбетке жакындабай алыстан сүйлөшөт, кабар жеткирмекчи болуп, Торайгырын зыргытып жөнөп берет.
Алмамбеттен найза жеп жарадар болгон К. Каспаңдын суусунан кечип баратып, атынан шыпырылып калат. Ээси жок келген Торайгырды көргөн Коңурбай жоо келгенин билет (Сагымбай Орозбаков, 4. 278 — 292). Атасынын кунун кууп Семетейдин акыры бир келерин билген Коңурбай жылкысын көргөнү келгенинде К-га «Жылкыны жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Кокустан, мага жоо келсе Тезирээк кабар салыңар?!» (Курама варианты, «Семетей», 253),— деп бекеринен эскертпейт.
Жол чалып кайтмакчы болгон Семетей К-дун жаман түш көрөсүң деп от жаккан баланы кыйнап өлтүргөнүн көрүп, каарданган боюнча жанындагылардын баарын жайлап, К-дун сакалын такыр жулуп салат. Чуут К. адатынча ак көңүл Семетейди арыдан-бери алдап, атаңдын бир тууганы Жоодар баатырмын деп ишендирет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 63). Алгара деп Семетейди баспаган атка мингизип, өзү Алгараны минип алат да, Коңурбайдын жылкысын тийип алып кетип бараткан Семетейди суудан кечеринде укурук менен башка чабат. Семетейди акмалап жүргөн Тайбуурул куйругун тосо берип ээсин суудан чыгарат. Тайбуурулду минген Семетей К-ду кууп жетип, Алгараны куйруктан алып токтотмок болгондо, куйругу түбүнөн жулунуп калат. К. «Сакалы жок мултуюп, Алгара куйругу жок чултуюп», Коңурбайга барат (Курама варианты, «Семетей», 253—257). Коңурбайдын Таласка жасаган жортуулунда К. Канчоро колдуу өлүм болот.
А. Жайнакова
КАРА ДИН
— исламдан башка дин. «Манас» эпосунда Кытайдан качып келип мусулман болгон Алмамбетке карата айтылат: «Кара динден ак болуп, Капырдан качып жат болуп». Бул араб тилинин «гайридин» деген сөзүнөн өздөштүрүлгөн: «гайри» — «башка, бөлөк» деген мааниде, к. Кайырдин.
КАРА-ДӨБӨ
— топоним. Күлчоро, Каныкейлер Таласка келгенде, «Бере, Кара-Дөбө кайкаңча Берендер ордо аткан жер» (Курама варианты, «Сейтек», 165) экендиги эскерилет. Жердин рельефине байланыштуу географиялык реалияда Кыргызстандагы көптөгөн топонимдер ушундай аталат.
КАРАДӨҢ
— эпизоддук кейипкер. Жарманастын атасы делип гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1.146).
КАРАДӨӨ
— «Сейтектеги» көрүнүктүү каармандардын бири, Кутубийдин баласы. Атасы Кутубий Манаска кандай ак кызмат өтөсө, баласы К. да Манастын урпактарына ошондой эле адал кызмат кылат. Айчүрөктү олжолоп алганда Кыяс чоң той берип, ошол тойдо «Атасы шайдоот кыраакы, Артык балбан мураапы» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 958-инв., 1099-б.) К. «эгер жеңсем Айчүрөк жеңем эркек төрөп, душмандан өч алабыз, жеңилсем кыз төрөгөнү, анда тирүү жүрбөй өлгөнүм оң», — деп төлгө кылып эр сайышка түшөт. Ошондон баштап К. Сейтектин чоңоюшун тилеп, эл керегине жарай турган күнгө күтүнүп жүрөт. Барбаган жери калбай жер кезип жүрүп дарыгер Момунжанды таап келип, Күлчоронун айыгышына да К. себепчи болот. Кайып болуп кеткен Семетейдин элге кайрылып келишинде да К. көп күч жумшайт. Кыяс өлгөндөн кийин жедигерге кан болуп калган К. коркунучтуу жоонун алдынан тосо чыгып, Желмогуз уулу Сарыбай менен кармашта курман болот.
КАРАЖОЙ
— кытайдын кыйын мергени, Кожожаштын атасы. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын Нескара, Жолой менен болгон Алтайдагы экинчи урушунда:
Ал Каражой баатырың
Бет алганы кетпеген,
Огу сая өтпөгөн
Оңой эмес чоң мерген
(Саякбай Каралаев, 1. 156).
К. Манастын жоого минип жүргөн алгачкы аты Торучаарды атып өлтүрөт. Чоң казатта Сыргактан найза жеп, жөө калган К-ду Жесе деген балбаны атка мингизип кеткенче Алмамбет жетип башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 190).
КАРАКАЛПАК
— этноним. «Манас» эпосунда эскерилген элдин аты ар кандай эпизоддордо кездешет. Мисалы, Чубактын Бакайга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айтылат:
Ногойдон Манас, нойгут мен,
Ойлонгун Бакай, муну сен!
Кара калпак, думара,
Карап турсаң буларга,
Атабыз бир экен деп,
Ар качандан бир качан
Катарыңдан калбастан
Бу да жүрөт убара
(Курама варианты, 2. 240).
Бул саптарга караганда К-тар кыргыздарга тууган эл. Ал эми тарыхый даректерде, кыргыздардын арасында айтылган санжыра боюнча К-тар Адигинеден тарайт. Кээ бир санжырада тескерисинче, К-тардан саяктын ичиндеги каба уруусу чыгат. С. М. Абрамзондун А. Чоробаевден жазып алган маалыматтары боюнча бир кездерде кыргыз жергесинде К-тардын жетекчиси (же уруу башчыларынын бири) Эшмат өлтүрүлгөн. Ушул окуядан кийин К. душмандашып кеткен. Ошондон улам кыргыздардын айрым бир бөлүктөрүндө мындай ылакап сөз калган: «Кара калпак Эшматтын кунундай болду».
Кыргыздар менен К-тардын туугандыгына далил болгон Түш. Кыргызстандан жазып алган санжыралар бар. Мисалы, ал санжыралардын биринде Адигине, Тагайдын түпкү аталарынын бири катары — Ак-Чолпон деген адамдын аты эскерилет. Ал эми К-тардын санжырасында да Есим кандын кызы Ак-Шолпан Муйтен уруусунун негиз салуучусу катары белгилүү.
«Манаста» К-тардын кыргыздарга жакындыгы бозек аттуу уруунун эскертилиши менен бышыкталып турат. Себеби, бозан, бозек формасында К-тардын санжырасында кездешет. Дегинкиси «Манас» эпосунда жана кыргыз санжырасында кезиккен учурлар менен К-тардын санжырасына тиешелүү болгон кыпчак, коңурат, каңгы, катаган, курама, уйгур, түркмөн, мангыт, эштек (өстөк) аттуу уруулардын жалпылыгын белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары эки элге жалпы болгон асан, байбиче, (каракалпакча — байбише), бакы, бешкемпир (бес кемпир), жаман, казак, калмак, кара курсак, кара моюн, кара тай, кызыл аяк, сарт, сары, сегизбек (сегизек), суу мурун, тогузак, тубай жана башкалар майда уруулардын аттары белгилүү.
Ошентип, «Манас» эпосу К-тар жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый чындыктын негизинде чагылдырган. Бир кездерде К-тар менен бирге ак калпак кыргыз болуп жашаган. Бул мезгил «Алтын ордонун» убактысына туш келет. Эпостун Орто Азияда калыптанган мезгили болуп эсептелет.
И. Молдобаев
КАРАЖОЙ
— топоним. Нескара менен Манастын урушун баяндаган окуяга катышкан калмактардын Даң-даң аттуу балбанынын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 201).
КАРАЖОЙ
— эпизоддук кейипкер, калмактын түндүкчүсү. Манас туулганда берилген тойдогу ат чабышка кошуп ийген кунаны сай тулпарды артка таштап, байгелүү орунга ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 100).
КАРАКАН
— «Манас» эпосунун бардык варианттарында кезигүүчү салттык туруктуу каарман. Айрым манасчылар (Сагымбай Орозбак уулу, Жакшылык Сарык уулу) Манастын түпкү аталарынын бири десе, айрымдары (Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Актан Тыныбек уулу) Манастын чоң атасы дейт. Саякбай Каралаевдин вариантында катылганды жайлап, душманга намыс бербеген баатыр, эл коргогон эр болгондугу жана К. олгөндөн кийин Алооке менен Молто кан кыргызга көп кордук көрсөткөндүгү айтылат (Саякбай Каралаев, 1.27—28, 35, 114). Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында «күчтүү кан», «улуу кан» деген маанидеги титул ат катары кеңири кезигет. Айрым изилдөөчүлөр Манастын чоң атасы (түп атасы) К-дын прототиби катары азыркы Кыргызстандын аймагында 10—12-кылымда өкүмдарлык кылышкан Караханийлер сулалесин карашат.
КАРАКАН
— каарман. Каныкейдин атасынын ылакап аты. Өңү кара киши болгондуктан К. аталып кеткен. Өзүнүн ысмы Сагымбай Орозбаковдун вариантында Атемир, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Темиркан. Манасчы Жакшылык Сарык уулу Каныкейдин атасы К-ды дүнүйөкор, колу тар адам катары сүрөттөйт. Кызы Каныкей К-дын кара олпогун кадырын салып эки жолу сураса (биринде Манаска, экинчисинде Семетейге деп), урушуп бербей коёт, к. Темиркан.
КАРАКАН
— эпизоддук кейипкер. Радлов жазып алган вариант боюнча Алмамбеттин атасы.
КАРАКАРА
Каракара-кан — эпизоддук кейипкер. «Мажму ат-таварих» боюнча Манастын чоң атасы (Жакыптын атасы) жана уруусу катары баяндалат.
КАРАКАШ
— эпизоддук кейипкер, Үргөнчтүн боюнда Семетейдин жолун тосуп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).
КАРА-КАШАТ
— топоним. Кыястын өлүмү окуясында: «Кара-Кашат тоосуна, Кароол-Таштын боюна, Чыгып Кыяс караса» (Курама варианты, «Сейтек», 122) Тооторуну минип Күлчорого келген Чүрөктүн көрүнгөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандын аймагында К.-К. аттуу бир нече топоним кездешет.
КАРА КАШКА АРГЫМАК
— Каныкейдин кыз кезинде минген аты. Эпосто «Кара кашка аргымак, Кармап оозун бурду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 229),— деп эскерилет.
КАРАКЕСЕК
— эпизоддук кейипкер, окчу уруусунан. Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке катышат жана Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн аскердин ичиндеги баатырлардын катарында аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 14, 68).
КАРА КИЙҮҮ
— аза күтүү салты. Күйөөсү же башка тууганы каза болгон аял кара түстөгү кийим кийип, чачын жайып, башына кара жоолук салынып жүрүшү аза күтүү белгисин билдирет. К. к. көбүн эсе күйөөсү өлгөндөргө карата айтылат. Элдик оозеки чыгармаларга, этнографиялык эски материалдарга караганда илгери кара кийген, өлгөн эринин кебетесин элестеткен сөлөкөт (тул) жасап, ага анын чапанын жаап, баш кийимин үстүнө коюп, көшөгө тартып, аза күтүп ыйлаган. «Манас» эпосунда да кара кийген, каралуу же кара жамынган, тул калган, кара элечек болгон деген сөздөр К. к. менен бирдей маанини билдирет: «Айкөлгө тулду тарттырып, Кыз Сайкал келип түштү дейт, Асемин журттан арттырып, Кара кийип, кан жутуп, Кабыланга аза күттү дейт» (Курама варианты, 1. 303). «Ошондо кайран катын Каныкей, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу Калдайган кара башында» (Курама варианты, 1. 307), к. Тул.
КАРАКОЖО
— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аргын уруусунун билерманы, эл аксакалы. Манастын бала чагын жана анын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишин баяндаган окуяларда К. казактын чоң урууларынын бири аргындардын башчысы катары уруу аксакалдарынын кеңештерине, ар түрдүү иштерине активдүү катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 104, 164, 232, 250; 2. 14, 23, 25, 39, 68, 94). Манас жолдоштору менен салбырынга баргандагы эпизоддо Калдардын атасы делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 255).
Кийин Манастын кырк чоросунун катарында «Аргын Каракожосу, Акылга бирге кошосу» деген туруктуу стилдик форма менен сыпатталган, акылман, чечкиндүү кейипкер катары көрүнөт. Чоң казат мезгилинде, он башы болгон Тазбаймат өз тобундагы Манасты унутуп койгондо, К. душмандын босогосунда турганда он кишини жакшылап көзөмөлдөй албаган мындай башчы шек жок жаза тартыш керек деп чечкиндүүлүк кылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 169 —170). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Желтаман он бешинчи келген К. тагдырына буюрган Кусабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).
А. Жайнакова
КАРАКОЖО
— этноним. Эпос боюнча казак урууларынын бири: «Алчын, Үйшүн, Найман бар, Аргын, Кара кожо бар» (Курама варианты, 1. 69). К. казактардын аргын уруусунун ичине кирген же болбосо аларга жакын уруунун аты. Эпосто К. кээде уруунун, кээде кейипкердин аты катары колдонула берет. Реалдуу турмушта казак, кыргыз жана башкалар элдердин курамындагы уруулардын бири катары адам аттарынан пайда болгонун көрөбүз. Казак окумуштуу лары К. аргындардын урааны катары колдонулганын белгилеп жүрүшөт. Буга караганда К. уруусунун аты адам атынан алынып коюлган жана ал «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган.
КАРАКОЛ
— топоним. Манас башта кытай-калмак басып алган ата-журтун бошото баштаганда анын Үрбү, Мунаркан башкарган колу Кочкор өрөөнүн бийлеген калмак Арсы жаң-жуңдун кол башчылары Таргыл жайсаң, Дангабылды жеңген жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 536— 539-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түндүк -батышындагы аймак.
КАРАКӨЗ
— эпизоддук кейипкер. Кыястын аялы, Күнжүнүн кызы. Кыяс аялдары Жайнаке менен К-дүн төрөбөй жүргөнүн эскерет (Курама варианты, «Сейтек», 81). КАРА-КӨЛ — топоним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана Радлов жазып алган вариантта кездешкен көл. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн кырк ашында байгеге чабылган аттар айдалып барып, кайра коё берген жердин чеги катары айтылат.
Барганы деңиз Кара-Көл
Мага ишенбей барып көр...
Камышы көп жер экен,
Камышы үйдөн жоон экен,
Кайтарар жери шол экен
(Сагымбай Орозбаков, 3. 62—63).
КАРА-КҮНГӨЙ
— топоним. Кытай-калмактар басып алган ата журтун бошотуу үчүн Алтайдан Манас баш болуп аттанып чыккан кыргыздардын Мунаркан баштаган колу Кочкор өрөөнүн башкарган калмак жаң-жуңу Арсы менен беттешип, анын аскерин талкалаган жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 514— 520-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы аймак, тоо жана өзөн.
КАРА-КУЛЖА
— топоним. Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: «Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына» (Сагымбай Орозбаков, 2. 163); «Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көк-Арт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) деген саптардан көрүнгөндөй К.-К. Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында К. -К-нын элдик этимологиясы мындайча чечмеленет:
Кароолдуктун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара Кулжадан,
Көбүн атып салыптыр.
Акыр заман журтуна
Кара-Кулжа атагы
Так ошого калыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 2. 170)...
Капкара болгон Кулжадан
Элүү төртүн атышып...
Баатырлар жолго салыптыр,
Кара-Кулжа атакка
Жер атагы калыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 2. 288).
Географиялык реалияда К.-К. азыркы Ош обл-нын түндүк-чыгышында жайгашкан аты уйкаш дарыя жана анын чөлкөмү.
С. Алиев
КАРА-КУМ
— топоним. Манастын төрөлүшүндөгү жентек тойго келген калмактардын мекени катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 76). Жакып элди чогултуп Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө кеңеш курганда, ар бир элдин көчүп баруучу жеринин орду аныкталганда:
Жетиген жагын карасак, Жерин өлчөп санасак Илепси бар Кара-Кум Күн чыгышы Сары-Арка
Күлдү баары казакта (Сагымбай Орозбаков, 2.15) делип К. -К-дун аты аталат. Эпостогу эпикалык К. -К. Казакстандын Балкаш тараптагы чөлү менен байланыштуу.
КАРА-КУРУМ
— топоним. Эпостун сүрөттөөсү боюнча Каар аярдын баласы Култаң баатыр качып, Терс-Маёодогу Текес канга барып К.-К. талаасына Манас көп кол менен келгенин айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 34).
КАРА КЫТАЙ 1
— этноним. «Манас» эпосунда кыргыздардын кытай деген этноним менен аталган эпикалык башкы душманы. «Кыргыз элинин бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып сүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя 10-кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн Кара-Кытайлардын (алардын дагы бир аты — кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет... Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес.
Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын «кара кытай», «кытай» деп аталышы, тилде да «кара кытайдай каптап» деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес» — деп Б. М. Юнусалиев көрсөтсө, Б. Жамгырчинов да «Манас» эпосунун алгачкы тарыхый негизи К. к-лардын чабуулдарына каршы күрөшү мезгилинде пайда болгондугун белгилейт. Орхон-Эне-Сай жазууларында К. к. түрктөрдүн чыгышында жайгашкан күчтүү душманы катары бир нече ирет эскерилген. Ал кытай жазмаларында 8-кылымдан тартып белгилүү. К. к-лар алгач Манжуриянын түштүгүн мекендеген эл. Мусулман жазууларында К. к. жалпы эле кытай деген түшүнүктө колдонулган. 10-кылымдын башында 916-ж. ченде (тунгус, кээ бир булактарда моңгол тилинде сүйлөгөн эл К. к-лар Тынч океандан тартып, түндүгү Байкөл (Байкал), түштүк - батышы Тянь-Шанга чейинки аралыкты ээлеген күчтүү империяны түзгөн. В. В. Бартольд менен А. Г. Малявкиндин маалыматгары боюнча К. к. сулалесинин борбору Түндүк Кытайда болуп, ал Ляо (Кытай жазмаларында) деп аталган. Сулалени негиздеген Абаоцзи (Ила-Абула) 840-ж. эне-сайлык кыргыздардын карамагында болгон Түн. Моңголияны басып алып, Ордо Балыкты талкалап, бийлигин чыгыш Түркстанга чейин кеңейтет. Орхондогу Билге канга арнап тургузулган эстеликти бузуп, өзүн даңазалаган жазууну чегүүгө буйрук кылат. Кытайда кыйла мезгилге чейин бийлик жүргүзгөндүктөн, кытай маданиятын дээрлик кабыл алат. Түш. Кытайдагы Сун сулалесинен алман алып да турган. 1125-ж. тунгус тилинде сүйлөгөн чжурчжендер Сун сулалеси менен биригип К. к-лардын сулалесин жок кылат. Елюй Да-ши башчылык кылган К. к-лардын тобу Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекетин түзөт. К. к. империясынын башында Гуркан аттуу башкаруучусу болгон. Мусулман жазууларында Гуркан « Кандардын каны» деген маанини билгизген. К. к-лар маникей дининде болушкан. К. к-лардын батышка карай келиши эки жол менен өтөт.
КАРА КЫТАЙ 2
К. к-лардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аркылуу өтөт. Бирок ал Табгач кан Хасандын уулу Кашкарлык Арслан кан Ахмедден сокку жеп, кол башчысы анда өлгөн. Бул согуш 1128-ж. болгон деп болжолдонот. Араб жазуу булактарында мусулман элдеринин ичинен К. к-ларга биринчи болуп Баласагун кан баш ийген деген кабар айтылат. Ибн Ал-Асирунын маалыматында 16 миңден турган К. к-лардын бөлүгү Жети-Сууга Арслан кандын (Сулеймандын) мезгилинде эле келип орношуп, кийин жергиликтүү көчмөн калктар менен сиңишип кеткен. К. к-лар эпосто кыргыз элинин айыгышкан жоосу иретинде сүрөттөлөт: «Биздин кыргыз аз болот, Кара кытай, манжу журт Биздин журтка кас болот» (Саякбай Каралаев, 2. 8).
Тегерегин карабай Алоокенин
Коңурбай Чымын жанын аябай
Каңгайдын дөөсү өлгөндө
Мен эмне болом — деп,
Кара кытай көп журтум
Кай бетим менен көрөм — деп
(Курама варианты, 2. 217).
К. к-лар 10-кылымда Чыгыш Түркстандагы көчмөн калктар сыяктуу эле Чынгыз кандын мамлекетине туруштук бере албай, өзүлөрүнүн мамлекеттик абалынан ажырап, кийин казак, кыргыз элдеринин калыптанууу процессинде аралашып кеткен. Балким, кыргыз элинин уруулук курамында кытай, манжу деген эски аттардын сакталып калышы, ушул тарыхый факты менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн.
КАРА КЫТАЙ 3
К. к-лардын «Манас» эпосунда эпикалык душман катарында чагылгандыгына колубузда болгон анын көптөгөн варианттарына караганда 16-кылымдын башында жазылып калган «Мажму ат-таварих» кол жазмасы көбүрөөк ишенимдүү маалыматтарды берет. Кол жазмадагы Манас баатыр жөнүндөгү окуялар менен кыргыз уруулары тууралуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар эпостун тарыхый жана анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча маанилүү фактыларды берет. «Мажму ат-таварих» боюнча Манас баатырдын негизги душманы Жолойдун тарабында солон, шибе элдери катышкандыгы айтылат. «Манас» эпосунун кийинки варианттарында да кыргыздын башкы душмандары болгон калмак-кытайлар жаатында солон, шибе деген элдин өкүлдөрү катышат. Демек, солон, шибе деген конкреттүү элдердин ысымдары салттык түрдө сакталып келатышы да бекеринен эмес. Бул элдердин өткөндөгү тарыхы да К. к-лар менен байланышат.
Мына ошол «Мажму ат-таварихте» сүрөттөлгөн Жолой менен К. к-лардын башчысы Елюй Да-шини бир адам деп эсептөөгө болот. К. к-лардын негизги бөлүгү (жаңы келишкенде) азыркы Түн. Кыргызстандын аймагына жайгашып калышкан. Алардын калдыгы «кара-кытай», «кытай» деген ат менен кыргыз элине кошулган. Чаткал кыргыздарынын арасында «кара-кытай» уруусунун басымдуу болушу бекеринен эмес, уламыштарга караганда алардын Чаткал өрөөнүндө Күлбөскан деген башкаруучусу болгон экен. Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп турган кезде (9—10-к.) баскынчылык кылган К. к-лардан жапаа тартышы, быты рандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы «Манас» жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Ө. Караев, С. Сыдыков
КАРА-КЫР
— топоним. Алоокени жеңип Манасты кан көтөргөндө:
Алтын казган казына
Кенимди кошо берейин
Чай алуучу Кара-Кыр
Жеримди кошо берейин
(Саякбай Каралаев, 1. 211), — деп айтылат.
КАРА-КЫРЧЫН
— топоним. Кытайлар менен болгон экинчи урушта атынан жана кырк жолдошунан ажырап жоонун курчоосунда жөө калган Манасты көп колу менен келген Кошой куткарат. Ошондо өз жерине кайткан жоокерлердин жолунун сүрөттөлүшүндө: «Кайра тартып Алтайдан, Кара-Кырчын, Тал-Мазар Бойлоп көп кол конду эле» (Саякбай Каралаев, 1. 161),— деп айтылат.
КАРАКЫШ
— топоним. Эпос боюнча кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү кеңешине К-тан да келишет:
Анын арка жагынан
Каракыш шаардын Бурчагы
Каркап кырк миң кол менен
Каптап келди бу дагы
(Сагымбай Орозбаков, 2. 30).
Географиялык реалияда Синьцзяндагы Каракаш шаарчасына туура келет.
КАРА-КЫШТАК
Кара-Кишлак — топоним. «Мажму ат-таварих» боюнча К -К. Манас баатыр мекендеген жер катары айтылат. Калмактар менен кыргыздардын урушунда Манас он үч жеринен катуу жарадар болуп, калмак каны Жолой К.-К-ты талап, Якуб-бекти (Жакып) туткундап кетет. Жолойдун кол алдындагы Тубай деген киши К. -К-ка келип Манасты ууландырат. Тубай дагы Көзкаман сыяктуу калмактан аял алып, алардын динине кирип, кыргыздарга келип чыккынчылык кылат. Тубайдын Манасты ууландырышы, башкы баатырдын өлүп, тирилиши жөнүндөгү окуя К.-К-та өтөт. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да К.-К. кыргыздардын байыркы мекендеген жерлеринин бири катары айтылат. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, азыркы Мерке районунун аймагында жайгашкан өрөөн. Баш жагы кенен, түндүк-батышта Терек суусу кошулгандан кийин, Кара-Дөбөнүн тушунда кууш капчыгайга айланат. К.-К. мал-жанга ыңгайлуу; жайкысын — жайлоо, кышкысын кары аз болгондуктан кыштоо катары пайдаланылат.
К. Сейдакматов
КАРА-КЫЯ
— топоним. Туткундардын кайра кошулушу окуясында Күлчоро «Кара-Кыя капчалга Жол салганда бир өлбөй» (Курама варианты, «Сейтек», 66), — деп арман кылат. Географиялык реалияда Кыргызстанда К.-К. сыяктуу тоо беттерин кыялап кесип өткөн чыйыр жолдор өтө көп.
КАРАЛА
— Агыштын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган аттардын бири катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).
КАРАЛА
— Ажыбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин Манаска келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта алтынчы болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 340).
КАРА МАНАС
Өзбек ССРинин Бостон районунундагы айыл. Элдик уламыш боюнча бир замандарда бул жерди Манас баатырдын бир жээни бийлеп турган экен. Ал жээни той берип, Манасты чакырбай коёт. Тойго келген кытай-калмактар тике карап каяша айтар баатырлардын жоктугун көрүп, тойдун чаң-тополоңун чыгарышыптыр. Ошондо карыялар, айыл аксакалдары жашыруун кеңешип, Манаска кабар беришет. Баатыр Манас колу менен келатканын кытай-калмактар алыстан көргөндө эле «Кокуй, кара Манас келип калды качкыла!», — деп чуру-чуу түшүп качкан экен. Ошондон улам бул жер К. М. аталып калыптыр.
КАРАМАР
— эпизоддук кейипкер. Калмак баатыры. Көкөтөйдүн ашында Коңурбай ат чабыштын байгесине зордук кылмак болуп курган кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).
КАРАМАР
(иранча мар — жылан) — өтө чоң, зор жылан, ажыдаар. Эпосто К. Алооке кандын ажайыпканасын сүрөттөөдө учурайт: «Байкап көргөн кишинин Акылы жобоп, дал кылган, Төө кийиктен төртөө бар, Жыйырма жылан — карамар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 184).
КАРА МЕРГЕН
— эпизоддук кейипкер, мергенчи. Манас боюнда барында жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Чыйырдыга Беделбай аттуу жылкычы Каңгайдын К. м-и аткан жолборстун жүрөгүн алып келип берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 69).
КАРА НОГОЙ
— этноним. Эпосто кыргызга канатташ жашаган уруулардын бири. Көпчүлүк эпизоддордо К. н. белгилүү каармандардын уруусу катары сүрөттөлөт: «Кара Ногой Жамгырчы, Сары Ногой Эр Манас (Радлов жазып алган вариант, 7). «Манаста» К. н. жана Сары ногой тууралуу маалыматтар, тарыхый болмуш көркөм формада чагылдырылган. К. н. тарыхта Жуучу кандын чебереси болгон Ногойго (13-кылымда жашаган) караштуу эл. Кийинчерээк ногойлор деген эл жалпы аталып өзүнчө болуп калыптанган. Бул түрк-моңгол элдеринен куралган калк. Алтын-Ордонун жана ал кулаганда Ногой ордосунун курамына кай бир кыргыз уруулары киргенин эсепке алганда «Манас» эпосундагы К. н. тууралуу билдирүүлөр тарыхый чындыкты чагылдырган дешке болот.
И. Молдобаев
КАРА-ӨТКӨЛ
— топоним. Манас баатыр баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөр алдында казактардын уруу башчысы Көкчө жер чалып кайра кайткан учурда «Кара-Өткөл деңиз көл менен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 154) өткөнү айтылат.
КАРА-ӨТӨК
— топоним. Алооке кандын Анжыяндан качып кетишин баяндаган окуя боюнча бош калган Анжыянга Манас колу менен келип, К. -Ө. жерине кыштайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).
КАРАСАЕВ Хусаин Карасаевич
(1902, Түп району, Кең-Суу айылы) — кыргыз совет адабиятчысы. Профессор (1966). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1992), Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын ардактуу академиги (1992). «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн бири.
1914—16-ж. Пржевальск орус-тузем мектебинде окуган. 1922 — 23-ж. Кең-Суу кыштагындагы ревкомдун төрагасынын орун басары. 1923 — 27-ж. Ташкендеги казак, кыргыз эл агартуу институтунда билим алган. 1924-ж. кыргыздын туңгуч «Эркин-Тоо» газетасын чыгаруучулардын бири. 1928—31-ж. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш таануу институтун бүтүргөн. 1961 — 74-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенген. Эмгектери: «Жаңылык» туңгуч кыргыз алиппеси (1928, И. Арабаев менен бирге), «Сабат ачкыч» алиппеси (1927), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1928, И. Батманов менен бирге), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1938, И. Батманов менен бирге), « Орусча-кыргызча сөздүк» (1944), «Орфографиялык сөздүк» (1966), «Накыл сөздөр» (1984), «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1987) жана башкалар Кыргыз элинин биринчи агартуучусу Осмонаалы Сыдыковдун «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу китебин (1990) азыркы тамгага өткөрүп, ага баш сөз жазган.
1931-ж. улуу манасчы Саякбай Карала уулу менен биринчи жолу таанышкан. Анын оозунан «Манас» эпосун жаздырып алууга көп эмгек сиңирген. «Манасчы» деген терминди биринчи болуп манастаанууга киргизген. К. «Накыл сөздөр» китебинде кыргыз тилиндеги, ошондой эле «Манас» эпосунда жолуккан көптөгөн накыл сөздөргө түшүндүрмө берип чечмелеген. «Өздөштүрүлгөн сөздөрдө» кыргыз тилине жана «Манаска» башка тилдерден (орус, араб, иран, моңгол, кытай жана башкалар) оошуп кирген сөздөрдүн маанисин ачып берген. 1990-ж. жарык көргөн «Камус наама» («Манас» сөздүгү) эмгеги эпостогу көөнөрүп бараткан сөздөргө түшүндүрмө берүүгө арналган.
3. Бектенов
КАРАСМАН
— эпизоддук кейипкер, калмак балбаны. Манас төрөлгөндө берилген тойдогу балбан күрөштө казак балбаны Калдардан жыгылып калат (Сагымбай Орозбаков, 1. 97).
КАРАСУР
— Ошпурбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта байгелүү орундардын бирин ээлейт (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).
КАРАСУР
— Койчумандын аты. Алмамбет келгенде Манас ага тартуулаган күлүктөрдүн бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
КАРАСУР
— каңгайлардын байгеге чапкан күлүгү. Манас туулгандагы тойдогу ат чабышта байге алган тулпарлардын бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 82).
КАРАСУР
— Айдаркандын байгеге чапкан күлүгү. Тейишкандын тоюндагы ат чабышта Аккуладан кийин келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 66).
КАРА-СУУ
— топоним. Эпосто Алтайда, ошондой эле Ала-Тоодо да кезигет. Манастын жентек тою К. -С-нун боюнда өткөрүлгөн.
Жакып бай жайнай конуптур
Үч-Аралдын түзүнө,
Каңды тоонун оюна,
Кара-Суунун боюна.
Карап тургун калайык
Кан Жакып кылган тоюна
(Сагымбай Орозбаков, 1. 77).
Географиялык реалияда Алтай тараптагы жерлердин бири.

