КАРАТАЗ - КИЧИ ЖҮЗ
- КАРАТАЗ
- КАРА-ТАШ
- КАРА-ТАШ
- КАРАТЕГИН
- КАРА ТЕЙИТ
- КАРАТОКО
- КАРА-ТОО
- КАРА УСТА
- КАРАЧ
- КАРАЧАЧ
- КАРА ЧОЮН
- КАРА-ШААР
- КАРА-ЭМИЛ
- КАРГЫШ 1
- КАРГЫШ 2
- КАРГЫШ 3
- КАРГЫШ 4
- КАРГЫШ 5
- КАРКЫРА
- КАРКЫРАЛУУ КЫЗ
- КАРКЫРАНЫН САЗЫ
- КАРКЫТ
- КАРЛЫГАЧ
- КАРЛЫГАЧ
- КАРНАС
- КАРООЛ ДӨБӨ
- КАРООЛ-ТООСУ
- КАРООЛЧУ ЖАНДЫКТАР
- КАРСЫМАН
- КАРТКҮРӨҢ
- КАРТЫК
- КАРЫКАН
- КАРЫМШАК
- КАРЫНБАЙ
- КАРЫПЧЫ
- КАСПАҢ
- КАСЫМБАЙ Бирназар
- КАСЫМОВ Эркин Өмүркулович
- КАТКАЛАҢ
- КАТЫРАҢ
- КАЧАЛЫК
- КАЧЫРТКЫ
- КАШАГА
- КАШАР-ДӨБӨ
- КАШАР-СУУ
- КАШКА
- КАШКАР
- КАШКАРДЫН КАРА ДАРЫСЫ
- КАШКА-СУУ
- КАШКА-ТАШ
- КАШКЕЛ
- КАШКУЛАК ӨТҮ
- КАШЫК
- КАШЫМ
- КЕБЕЗ-ТОО
- КЕГЕН
- КЕГЕТИ
- КЕДЕР
- КЕЗЕК
- КЕЗЕҢ-КЫР
- КЕЙГУР
- КЕЙИП
- КЕЙИПБАЙ
- КЕЙКУБАТ
- КЕЙМЕН
- КЕЙМЕН
- КЕЙҮҮ
- КЕЛДИБЕК Карбоз уулу
- КЕЛДИКЕ
- КЕЛЕМЕ ШАРЫП
- КЕЛЕҢКЕР ЧАЧПАК
- КЕН БАЙЛЫКТАР
- КЕНЕН 1
- КЕНЕН 2
- КЕНЕН 3
- КЕНЖЕКАРА Калча уулу
- КЕНДЕГЕР
- КЕНЖУТ
- КЕМЕЛ
- КЕМЕН
- КЕНИЗЕК
- КЕНТ
- КЕН-ТОО
- КЕНТУН
- КЕҢ-АРАЛ
- КЕҢГЕС
- КЕҢДИ-БАДАҢ
- КЕҢ-КАЛКАН
- КЕҢ-КОЛ
- КЕҢ-КӨЛЧҮК
- КЕҢ-МОЙНОК
- КЕҢ-ӨЗӨН
- КЕҢ-ШОР
- КЕПЕРЕТ
- КЕПТЕШ
- КЕРБЕН
- КЕРБЕН
- КЕРГҮЛТҮК
- КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮШ ЖАНА АНЫ ЖОРУУ
- КЕРКӨКҮЛ
- КЕР-КӨЛ-АТА
- КЕРМЕКАШ
- КЕРМЕНИН КАРА-БЕЛИ
- КЕРМЕ-ӨТӨК
- КЕРМЕ-САЗ
- КЕРМЕ-ТОО
- КЕРНЕЙ
- КЕРЭЭЗ 1
- КЕРЭЭЗ 2
- КЕРЭЭЗ 3
- КЕРТЕЛКИ
- КЕСЕНДИ
- КЕТЕЛИК
- КЕТМЕН
- КЕТМЕН-ТӨБӨ
- КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ Нинель Викторовна
- КЕЧИЛ
- КИЕНКЕС
- КИЙИЗБАЕВА Сайра
- КИЙИМ-КЕЧЕ
- КИЛДЕРБЕК
- КИНДИК ЭНЕ
- КИНО ЖАНА «МАНАС»
- «КИРГИЗСКИЙ ГЕРОИЧЕСКИЙ ЭПОС «МАНАС»»
- КИРИЧ
- «КИРИШ СӨЗ»
- «КИРИШ СӨЗ»
- «КИРИШ СӨЗ»
- КИСЕ
- КИТЕ
- КИТЕН АЛП
- КИЧИ ЖҮЗ
КАРАТАЗ
— эпизоддук кейипкер, көөрүкчү. Манастын ач албарсы жасалганда кырк алты устаны жадатып, көөрүк басып бергени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 339).
КАРА-ТАШ
— топоним. Эпосто Манас Бээжинге кол топтоп аттанганда басып өткөн жерлердин бири:
Как Чөмүчтүн башына,
Кашага, Кара-Ташына
Кымкаптаган чатырга,
Чай кайнатып нан салып,
Сары аякка бал салып,
Чатыраш ойноп даң салып
(Сагымбай Орозбаков, 4. 112 — 113).
Географиялык реалияда Чүйдүн Чөмүч өрөөнүндөгү микротопоним.
КАРА-ТАШ
— топоним. Манастын кытай-калмактар менен болгон экинчи жолку урушунда душмандардын Каражой мергени (Кожожаштын атасы) «Алачыктай кара таш Кара-Таштан Манасты» (Саякбай Каралаев, 1. 156) тосуп, анын Торучаар тулпарын атып өлтүрөт.
КАРАТЕГИН
— топоним. Алтайдан көчүп келип Алай өрөөнүнө отурукташкан кыргыздын нойгут, окчу урууларын чапкан Шоорук канга караштуу жер, аны тоолук калчалар жердеген. Бокмурун Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн элди чогултуп кеңешкенде ылайыктуу жерлердин катарында аты аталган Алай жайлоосунун географиялык жайгашкан орду «Каратегиндин башында» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76) экенин туюндуруу үчүн колдонулган. Географиялык реалияда Тажикстандын түндүк-чыгышында, Сурхоб дарыясынын чөлкөмүндө, Алайга чектеш жаткан тоолуу аймак.
КАРА ТЕЙИТ
— этноним. Эпосто кыргыздын белгилүү урууларынын бири: «Катарлаш болуп Кошойго, Кара тейит Найманга Кабардаш болуп ошого» (Сагымбай Орозбаков, 2. 230). К. т. бир катар каармандардын уруусу катары да сүрөттөлөт: «Казактан бар Жоорунчу, Кара тейит журтунан Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу» (Курама варианты, 2. 178). Кыргыздардын санжырасы боюнча К. т-тер тейит уруусунун курамына кирет.
КАРАТОКО
— эпизоддук кейипкер, Мажиктин атасы. Кошойго кандагай батпай калганда Ажыбай менен Чалыбайга кошулуп «Өнөр менен өткөрө Кылып койгон бир иш деп», кандагайдын жөн шым эмес экенин баамдайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 211). Башка учурларда Мажиктин атасы делип же уруунун аталышы (этноним) катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 50, 175).
КАРА-ТОО
— топоним. Эпостогу сүрөттөө боюнча мифтик кейипкерлердин тургун мекени. К.-Тго жортуул жасаган Жолойдун эрдигин «Кара-Тоону басып жер кылдың, Беш дөөнү байлап эл кылдың» (Саякбай Каралаев, 1. 80),— деп Эсенкан жогору баалаган.
КАРА УСТА
— эпизоддук кейипкер. Аккелтени жасаган уста. Бакай Манаска Аккелтени тартуу кылганда «Дөөтү досу Кара уста» (Саякбай Каралаев, 1. 189) жасаганын айтат.
КАРАЧ
— кейипкер, Чамбыл-Белди жердеген эки эрдин бири, к. Жанаалы, Карач. КАРАЧА — кейипкер. Кыз Сайкалдын атасы. Бул каармандын образы эпостун варианттарында ар башкача чечилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак доотайы, эл билерманы. Бул вариантта Каткалаң деген ылакап ат менен да айтылат. Текес кан жеңилгенде сексенге таяп калган К-ны эл кандыкка каалайт, көңүлдөнүп калганында кызы Сайкал каршы болуп К. кайра кандыктан айнып калат. Ошондо эл бизге катаалдык кылдың деп, Каткалаң атка конуп кетет. К. Текестин иниси Тейишти кандыкка көрсөтөт. Тейиш кандын тоюндагы эрөөлдө Манастан найза жеген Сайкал сайышка кайра чыкпай койгондо, Манаска К-нын айтуусу боюнча Сайкалдын атын тартуу тартышат.
Манас Сарыбуурулду К-га берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 46—48, 64—67). Саякбай Каралаевдин вариантында кырк уруу кыргыздын бири нойгут элинин каны делет. Атасы Жакыпка таарынып, өзүнө ылайык жолдош издеп чыккан Манас Баба дыйкан менен ортоктошуп айдаган буудайын эли ачарчылыкка учурап, эгин издеп жүргөн К-га берип, акысына «Кулатайды» алып, ал кийин баатырдын айтылуу тулпары Аккула болуп чыгат. Акылы жетик, эл камын ойлогон К.:
Ал абалың кандай деп,
Картайганда Карача
Ал-абалын сурай жүр!
Эрендирсиң, эрдирсиң
Күтүп алчу сендирсиң!
Элди байкап чала жүр,
Менин жерим Лоп дайра
Ошондон кабар ала жүр!
— деп Манаска анын жалпы кыргыз элине арка-бел экенин айтат (Саякбай Каралаев, 1. 172 —182). Манас өлгөндө кызы Сайкалга алтымыш катын кошокчу менен тул салдырып берет (Саякбай Каралаев, 2. 253).
А. Күрөгөнов, С. Төлөгөнова
КАРАЧАЧ
— эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47). Кийин Кыяс Айчүрөктү олжолоп алып кеткенде К. Айчүрөк менен кошо жүрөт. Айчүрөк толготуп жатканда эркек төрөсө баласын билгизбей өлтүрүп келгиле деп, Кыястын жети кемпирди жөнөтүп жатканын К. угуп, Айчүрөккө айтып келет. Айчүрөк К-тын жардамы менен жети кемпирди өлтүрүп, Сейтекти аман алып калат.
КАРА ЧОЮН
— эпизоддук кейипкер, калмак балбаны, Эсенкан Манасты кармап келүүгө Жолой менен Дөңгө аттуу баатыр-балбандарын баш кылып жиберген согушта Жолойдун он эки жайсаңынын бири экени айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 94).
КАРА-ШААР
(Чоң шаар маанисинде) — топоним. Эпостун негизги варианттарында учурайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: «Жери Шыйкуу, Суушаңда, Калаасы Кара-Шаар болуп, Жердеген экен ошондо» (Сагымбай Орозбаков, 1. 155),— деп Жакыптын жердеген мекени катары айтылса, кээде кытайдын жери (шаары) катарында да учурайт:
Беш калааны айланып,
Бээжин минер мал экен.
Кара-Шаарды айланып
Калдайлар минер мал экен
(Сагымбай Орозбаков, 3. 191).
Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан жолдо К.-Ш. аркылуу өткөну айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 92).
КАРА-ЭМИЛ
— топоним. Нескара менен болгон урушта бошотулган маңгулдарга Манас баатыр кыргыз эли менен канатташ жашоону сунуш кылып «Кара-Эмилди, Кажырты Как ошону жердеңер» (Сагымбай Орозбаков, 1. 211),— деп аларды Эсенкандын баскынчыларына каршы күрөшүү үчүн дайым даяр турууга чакырат.
КАРГЫШ 1
— бирөөгө карата каргап айтылган сөз. «Манас» эпосунун көркөм түзүлүшүнө кирген салттык-турмуштук ырларынын катарында К-тар кеңири жолугат. Алар алкыш сыяктуу эле тилөө жана арбоо максатында колдонулат. Бирок алкышка карата каршы максатта — бирөөгө наалат, кыянаттык келтирүү үчүн сөздүн магиялык кудурети жумшалат. Эпостун көркөм курамындагы К-тарды бир нече темага бөлүп кароого болот: теңирдин жана жердин кудуретине байланышкан К., ата-бабалардын арбактары менен байланышкан К-тар.
Эпостун көркөм поэтикасындагы К-тар бул темалар менен гана чектелбейт, бири-бири менен байланышкан майда темадагы К-тар да жолугат. Байыркы түрктөр, анын ичинде кыргыздар Теңирди (асман, көк), жылдыздарды ыйык тутушуп, ар кандай элдик ишенимдер пайда болгон. Ошого байланыштуу алардын бүгүнкү лексикада да «Теңир урсун!». «Төбөсү ачык көк урсун!», — деген өңдүү арбоо К-тар кеңири жолугат. Эпостун текстинде теңирдин аты менен багытталган К-тар ар кандай кырдаалдарда колдонулат. Мисалы, ыйык тутулуп, Теңирдин аты менен К. багытталат:
Төбөсү ачык көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун,
Көк милтенин чогу урсун,
Убадаңар чын болсо
Ушуга кандар кол көтөр...
Ат башындай ак куран
Алып келип баары да
Көкүрөгүн урушту
(Сагымбай Орозбаков, 4. 16)
КАРГЫШ 2
Контексттеги алты кандын К-ы ислам дининин элементтери менен айкалышкан. Мында алты кан Теңирге жана Жерге жалынып, Манасты багындырып бериш үчүн өздөрүнүн арбоолорун тилеп, убадаларын байланыштырышкан К-ында элдик ишенимдеги диндик элементтер колдонулуп К-ты бекемдөө үчүн «Ыйык куранды көкүрөгүнө коюшат». Бул учурда ислам ишеними К-ты баштапкы көөнөлүк түрүн жаап, чүмбөттөп калган. Эпосто көрүнгөндөй элдик көз караштын байыркы жана кийинки катмарлары бири-бири менен сиңишип, Теңир менен Жердин культтук мааниси эпостун бардык варианттарындагы салттык К-тар да кеңири колдонулуп, культтук Теңир, Жерге багытталып айтылган К. эпостогу эң бир каардуу, ырайымсыз, коркунучтуу К. катарында эсептелген.
Эпостогу К-тардын башка түрлөрүнө ата-бабалардын арбактарынын аты менен багытталган К. жатат. Элдик ишенимде жаны өлбөйт, ал качан адам өлгөндө анын денесинен чыгып, күнөөсүнө жараша Теңирден же Жерден орун алат. Кыргыздар көпчүлүк учурда өздөрүнүн душмандарына, жамандык тилеген, кырсыктарды көп жасаган адамдарды «арбак урсун!» деген ата-бабалардын арбактары менен байланышкан К-ты колдонуп келишкен. Мындай мазмундагы К-тардын «Манастын арбагы урсун!» деген өңдүү түрлөрү кыргыз эпосунда кеңири жолугат. Ушул эле К-тын саал өзгөргөн түрү «Манастын тузу урсун!» делип да жолугат. Атасы Манас өлгөндөн кийин кырк чоросу кас болуп чыккан аракеттерин башынан өткөргөн Семетей аларды «Манастын тузу уруп кетсин!», «иттерди арбакка койдум!» — деп каргайт. К-тын мындай түрү Манас баатыр өлгөндөн кийин ар кандай шылтоо менен кыргыздардын саясий бирдигин бөлүп-жарган ички душмандарга карата колдонулган. Ата-бабалардын арбактары, алардын аты менен К. айтуу адам баласынын дүйнө таануу турмушунда өтө жаман К-тар катары саналат.
КАРГЫШ 3
Ошондуктан кытай каны Эсенкан коркунуч туудурган Алмамбетти «Арбак урган качкын!» деп каргашынан К-тын жогорку түрү көрүнүп турат. К-тын мындай касиетке ээ болушун Алты кандын Манас баатырга каршы чыкканда Манастын «Арбак урган кандар ай!» деп каргашынан көрүнөт. Эпостун көркөм курамындагы К-тардын арасында Жер менен байланышкан мүрзө-көр деген К-тар да бар. Бул К-тар кыргыздардын турмуш-тиричилигине мусулман салттарынын ургаалдуу кирген дооруна таандык. Мусулман элдеринде карасанатай адамды «Сазайыңды көр берсин!» деп көргө байланыштырып каргашкан. Эпосто Көкчө Алмамбетти Акеркеч менен көңүлү жакын деп күнөөлөгөндө, ак жеринен көө жабылган Алмамбет Көкчөнүн өзүн каргайт: «Адам болбой жит Көкчө Кара жер сорсун нээтиңди, Сенин карарткан кудай бетиңди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 260). Семетейге каршы чыккан Канчорого Кыяс Манастын эли менен ынтымакка келүүнү сунуш кылганда, арам ою оңунан чыкпаган Канчоро Кыясты жана Жедигер элин каргап жиберет: «Бек болбой кара жерге кир, Жети кара көргө кир!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 308). Көрүнүп тургандай адамдардын ишениминде кара жер, көр тозок менен кыйноо болуп эсептелинген. К-тын ушул түрүнө «Кара жер сорсун нээтиңди» деген типтеги К-тар кирип, мында адамдын жаман ою бар экендиги белгиленет.
Эпосто адамдар жашап турган бул дүйнө исламдын таасири менен «азаптуу дүйнө, өлчөөсүз дүйнө, куруп калсын дүйнө, алакчы дүйнө» болуп кайталанат. Негизинен дүйнө менен байланышкан К-тар, каармандын башына кыйынчылык түшкөндө айтылат. «Чоң казатта» Аккуласы окко учкан Манас баатыр:
Азаптуу дүйнө оңбо,
— деп Арманга ичи жык болуп,
Арстаның бармакты жара чайнады.
Алача моюн ак шамшар
Ала коюп кайран шер,
Аккуланы чалганы
Өлчөөсүз дүйнө оңбой кал...
(Саякбай Каралаев, 2. 206),
— деп арман кылат.
КАРГЫШ 4
Эпостун контекстиндеги К-тын арасынан «Кара оозуңа кан толсун!» деп айтылган түрү да жолугат. К-тын бул түрү жоокерчилик турмушта, алгылашуу-чабышуулардын таасири астында пайда болушу мүмкүн. Байыркы кыргыздарда жаа, найза, кылыч, канжар жана башкалар кеңири тараган курал-жарактардан болгон. Мындай куралдардан жарадар болгон жоокер кансырап жатып өлгөн. Мына ушундай өлүмдүн коркунучтуу түрүн өзүнүн душманына каалашып багытташкан. Бул К. эпосто ар кандай шарттарда, согуштук окуяларда жана бейкуттукта сюжеттин өнүгүшүнө жараша ыза болгон каарман өзүнүн эмоциясын билдирген учурда колдонулат. Мисалы, Жолойго дит багып күрөшүүгө эч ким чыкпаганда, Кошой мындай К-ты колдонот:
Кара оозуңа кан толгур,
Кайрылгысыз күн болгур!
Куру оозуңа кум толгур
Кубангысыз күн болгур
(Сагымбай Орозбаков, 3. 197).
Эпостун контекстиндеги бир топ К-тар элдин салт-санаасы, турмуш-тиричилиги менен байланыштуу. Манас баатыр өлгөндөн кийин анын тууганы Көбөш левират салтынын укугу боюнча Каныкейди Абыкеге алып берүүнү сунуш кылат. Бирок Абыке Манастын арбагын сыйлап Каныкейге үйлөнүүдөн баш тартат, анда иниси Көбөш мындайча К. айтып, тилденет: «Салпаяк акмак деп айтат, Садага кеткин катындан». «Садага кеткин» деген К. өзүнүн чыгыш теги боюнча шамандык ритуалдык атрибуциясынан.
КАРГЫШ 5
Күндөлүк тиричиликке К-тын «апаңды ал, энеңди ал!» деген тибинин да таасири өто күчтүү болгон. Кыргыз бул К-ты ар намысына тийген учурда колдонуп, адамды жаман сөз менен тилдеген учурда колдонгон. «Семетейде» Айчүрөктү зордук менен алмак болуп келген Чынкожо Күлчородон жеңилип ичи күйгөндө Толтойго мындай деп К. айтат: «Айчүрөк албай апаңды ал, Эрке кыз албай энеңди ал!». Эл арасында уруулук түзүлүштөгү анимисттик көз караштагы К-тар да өтө коркунучтуу эсептелген. «Жети атаңдын боорун же!» деген өңдүү К. да К-тардын коркунучтуу, өтө жаман тибине кирген. Ата-бабалардын рухтары кыргыз элинин аң-сезиминде өзгөчө тутулуп, жети атанын К-ы кырсык алып келе турган К. делинген.
«Манас» эпосунун сюжетинде К. Айдарга билдирген мамилесинде Манастын оозунан чыгып, Аккуланы чоң байгеге чапкан мезгилинде, намысына келген баатыр бул К-ты колдонот:
Байге жебей майың же
Медериңдин канын же
Жеткен байге доорун же
Жети атаңдын боорун же!
(Курама варианты, «Манас», 2. 124).
Эпосто аялдын же аксакалдын К-нын таасирдүүлүгү белгиленет. Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, тамагында сөөлү бар деп белгиленип, ал кимдир бирөөнү каргаса, К-ы дароо ишке ашат, ошондуктан анын К-нын кырк жигити эле эмес, Манас баатыр өзү да сактанган. «Семетейде» Айчүрөктүн Семетейдин орой сөзүнө, жасаган мамилесине нааразы болуп айткан К-ы бар. Анын К-ынан корккон Каныкей Айчүрөктү каргышың ката кетпеген «Эби келсе айчүрөк Каргышыңды кайтып ал!», — деп суранат.
Каныкей Айчүрөктүн оозунан чыгып кеткен К. орундаларынан коркот, Каныкей өзүнүн жашы, даражасы улуулугуна карабастан Айчүрөктүн айткан К-ын кайтарып алуусун өтүнөт. Карылардын акылман сөзү, турмуштук тажрыйбалары кыргыздарда алардын сөзүнө сак мамиле кылуусун туудурган. Карынын сөзүнө кулак салбаса, ал сыйлабаган катары эсептелинген. Ошондуктан эпосто кары адамдын К-ы жамандык жаратууга кудуреттүү катары саналат.
Б. Садыков
КАРКЫРА
— топоним. «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгындагы элге кеңири белгилүү салттык туруктуу окуялардын бири Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер. Уруу аксакалдары кеңешип отуруп Кошой карыянын сунушу боюнча ашты өткөрүүгө ылайыктуу жер деп К-ны жактырышат. К. «Манастын» негизги варианттарынын бардыгында Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер — өрөөн катарында сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашы эпостун башка варианттарыдай азыркы Ысык-Көл өрөөнүн өн ары чыгыш тараптагы К. жайлоосунда өтпөстөн Эртыштын боюнда өткөрүлөт. Радлов жазып алган вариант боюнча «Бокмурун» деген темада баяндалган Көкөтөйдүн ашы Кулжанын тегерегинде өткөрүлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошойдун сунушу боюнча К. жайлоосу тандалат:
Баарыңарга эп болсо,
Бабаңар айткан кеп болсо
Күн батыш жагы Ысык-Көл,
Ар тарабы бирдей тең,
Иледен ылдый айдаса
Ат чабуучу жери кең,
Ашка ылайык ушу бар,
Ар тараптан салаалап
Аккан булак суусу бар.
Кең Каркыра атагы,
Сиркедей шакел чыкпаган
Кайнатып алма, тузу бар.
Карагай, кайың, тереги,
Канчалык жагып жатсаң да
Отунга тиер кереги.
Ат чабылар жери мол
Ашка ылайык жер ошол
(Сагымбай Орозбаков, 3. 77).
Саякбай Каралаевдин вариантында:
Аты угулат Каркыра,
Артыкча башка ошо жер.
Мүдүрүлөр аңгек жок,
Суу жеген кемер жок,
Жилик чагар ташы жок,
Сай-сайынан шаркырап,
Миңден булак куюлган,
Үкүрчүнүн оюна,
Үч-Капкактын боюна
Кемегени казчуу жер.
Керилген өзөн Кеген-Суу,
Кең бойлоп атты чапчуу жер,
Кең тамаша салчуу жер.
Үч-Каркыра өзөнү
Аш берүүчү жер ошол
(Саякбай Каралаев, 2. 10—11).
К-ны Кошой карыя сунуш кылат. Географиялык реалияда азыркы Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы Кыргызстанга чектеш аймак.
Ө. Караев
КАРКЫРАЛУУ КЫЗ
— тебетейинин, бөркүнүн төбөсүнө каркыранын канат-куйругунан тагынган бойго жеткен кыз. Кыздардын турмушка чыга электигинин белгиси. Мисалы, калмак каны Кайыпкандын кызы Карабөрктү Манас алганы жөнүндө: «Ырас, каркыралуу кыз алдым» (ЩЗ, 1. 253),— деп эскерилет.
КАРКЫРАНЫН САЗЫ
— топоним. Калмактардын жылкысы жайлаган жайлоо. Эпосто кыргыздардын К. С-ндагы калмактардын «каймап жаткан жылкысынан» тийип алышы жоокерчилик доордун шарт, талабына ылайык келген согушуу ыгынын бир түрү болуп эсептелет жана кыргыздын жерин басып алган калмактарга каршы жүргүзүлгөн адилеттүү күрөштүн көрүнүшү катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 72).
КАРКЫТ
Аркыт (моңг. саба) — көөкөр сыяктанып төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же дат баспаган металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш. Көчмөн эл кымыз, айрандан тартылган арак жана башкалар суюктук куюш үчүн пайдаланышкан. Эпостун көпчүлүк варианттарында эскерилет. Кырк чОро жоого аттанарда же үлпөт курушканда:
Кымыз ичип кызышып Сөөк терин сызышып Каркыттан арак куюшуп Арак, шарап мисалдаш Албан түрлүү сонун аш Адам татса болгон мас, Ак боз бээни сойдуруп Нарын тартып койдуруп — деп айтылат.
КАРЛЫГАЧ
— эпизоддук кейипкер. Бокмурундун карындашы. Валиханов жазып алган эпизоддо Бокмурун жайма Көкүл жаш Айдарды эл чакырууга жиберип жатып кааласаң карындашым К-тын Кайынбоз атын минип бар дейт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 76-б.). К. — адатта түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпосторунда башкы баатырдын карындашы катары кезигүүчү салттык кейипкер. «Манас» эпосунун башка варианттарында К. Манастын карындашы, к. Карлыгач.
КАРЛЫГАЧ
Кардыгач — кейипкер, Манастын карындашы. Эпостун белгилүү вариант тарынын көбүндө айтылат. -К. — түрк-моңгол элдеринин эпосторунда кездешүүчү салттык кейипкер. Баатыр башкы каармандын К. аттуу карындашынын болушу да туруктуу салттык мотив. Мисалы, Табылдынын («Эр Табылды»), Алпамыштын («Алпамыш») карындаштарынын ысымдары да ушундай аталат.
Саякбай Каралаевдин вариантында К. «найза сунуп топ бузган» баатыр катары сүрөттөлөт («Эпсиз энең Чыйырды Уулдан бирди шер тууган, Кыздан бирди шер тууган» — Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 262). Бакай Семетейге айткан К. жөнүндөгү баянда кытайлар менен болгон согушта Коңурбай баштаган кытай баатырлары К-ка алдары жетпей койгону айтылат:
Каарына бу кыздын
Калайык чыдап турбаган.
Кан Коңурбай баш болуп,
Чымачындын, Бээжиндин
Чын кандары ыйлаган
(Саякбай Каралаев, «Семетей, 1. 262).
Ошол согушта минген атын Каражой атып салгандан кийин гана жөө калган К. кытайларга колго түшүп калат. Манас келип, карындашын кытайлардан тартып алып, жердин түбү Желпиништи жердеген Жарманаска күйөөгө берет. Таласка адеп келишинде Семетей К-ка жолугат. Манастын өлгөнүн, Абыке, Көбөштүр Каныкейге көрсөткөн кордугун Ба кайдан угуп, барып баарын өлтүрөм дегенине Семетей көнбөйт. Семетей Букарга кайра кет кенче «алты арам» мерт кылып коёбу деп сыртынан багып жүрөт.
КАРНАС
Карнас Кара — «Мажму ат-та варихтеги» каарман. Якуб - бектин (Жакыптын) бир тууганы. Жолой көп кол менен келип Кара-Кыштакты талкалап, Якуб - бекти туткундап кеткенде К. качып чыгып Манаска кабарлайт. Жортуулдарда, согуштарда дайыма Манас менен бирге жүрөт. К-тын ысымына караханийлер учурунда «улуу», «кудуреттүү» деген маанини туюнткан «кара» сөзүнүн кошо берилиши мүмкүн бул каармандын баатырдыгынын белгиси. К. кезегинде жекеге чыгып, душман менен бетме-бет кармашса, көп учурларда маанилүү кабарды убагында жеткире алган чабарман дагы.
КАРООЛ ДӨБӨ
— топоним. Кытай тарапта Ак-Сайдын оң куймасы Терек суусунун баш жагында Кереге-Саздын жээгинде Кароол Дөбө деген дөбө бар. Учурунда Манас баатыр ага кароол койчу дешет. Дөбөнүн жанында «Жалгыз үй» деп аталган анча бийик эмес дөбөчө бар. Манас: «Чалк-Өйдөнү чала кел Жалгыз үйгө бара кел», — деп кароолго киши жиберчү экен. Чалк-Өйдө — Кытай тараптан узак жол жүрүп, чарчап келе жаткан кол эс алып, аттарын тойгузуп, жатканга ылайыктуу өзөн-суулуу жер. Арпанын күн чыгыш жагынын Ак-Талаа району тарабынан орун алган. Бул жерде илгери коргошун кени көрүнө эле жердин үстүндө жатчу дешет. Колунан көөрү төгүлгөн чебер усталар коргошундан ок куюп жасаган курал-жарактары менен душмандан коргонуп турганы жөнүндө элде уламыш айтылып жүрөт.
КАРООЛ-ТООСУ
Кароолдун тоосу — топоним. Эпос боюнча Алтайдан Ала-Тоого жаңы көчүп келген Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан тоо:
Кароолдунун тоосунан
Карыя Бакай абасы
Көмүрдөй кара кулжадан
Көбүн атып салыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 2. 170),
— деп баяндалып, ал тоо ошондон кийин Кара-Кулжа аталган имиш. Географиялык реалияда Алайкудагы жер.
КАРООЛЧУ ЖАНДЫКТАР
— эпос боюнча кытай-калмак чек арасын кайтарган мифтик жандыктар. Алар «Манас» эпосунда: «Түлкүсү жатат белинде, Өрдөгү жатат көлүндө, Кулжасы жатат каңкайып, Коймого койгон жеринде» (Саякбай Каралаев, 2. 126),— деп сүрөттөлгөндөй жоонун колу келе жатканын Коңурбайга кабар салышат.
Мисалы, Чоң казат мезгилинде чалгындап барган Алмамбет, Сыргак баатыр тарабынан Куу Кулжа менен Куу Түлкү ажал табат да, амалдуу Куу Өрдөк кутулуп Коңурбайга кыргыз колу келгенин кабарлайт. Сыйкырдын жардамы менен иштелип, душман сакчыларынын милдетин аткарышкан Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарына негизинен ашкере куулукту туюндурган амалкөйлүк, митайымдык сапаттар топтоштурулган. Буларды Манастан чочулаган Коңурбай сыйкырдын күчү менен кыргыздардын жолуна атайы кароолго койдурган. Мындай образдардын түпкү тегинде жаратылыштын ээси жөнүндөгү («Кожожаш» эпосундагы Суречки тибиндеги) ишеним жатат. Небак унутулган маанисин билбеген айтуучу элести поэтизациялоонун негизги жолу деп ага чектен тыш, өзгөчө сапат, касиетти таандыкташтырууну түшүнөт. Натыйжада кароолчулук милдет аткарган жандыктар каармандарга жардамын тийгизүүчү касиеттүү күч катарындагы абалынан өзгөртүлүп, адамдар өз акыл күчүнүн жардамы менен жасап алган куралга айландырылып берилип калган.
Ошондуктан, кытай баатыры Коңурбайдын кароолго Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн образдарынын негизинде байыркы адамдардын адам баласына жат, оңго карама-каршы турган сырдуу күчтөр жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн өз формасын өзгөрткөн үлгүлөрү жатат да, «Манас» эпосунун алгачкы жомоктук-мифологиялык абалына тиешелүү болот. «Семетей» эпосунун да байыркы катмарын К. ж-тар жөнүндөгү түшүнүктөр түзүп, адамдардын магиялык, анимизмдик ишенимдер менен байланышта сүрөттөлөт. Бээжинге бет алган төрт баатыр (Семетей, Күлчоро, Канчоро, Бакай) Кытай чек арасына жеткенде ар кандай тоскоолдуктарга учурайт. Мындай тоскоолдуктар камырабастыктан, Бакайдын айткандарын так аткарбагандыктан келип чыгат. Бакай Семетейге Коңурбайдын сакчы айбанаттары жөнүндө түшүндүрүп, («Манас» эпосунун «Чоң казат» эпизодунда өлтүрүлгөн) Куу Кулжа, Куу Өрдөк, Куу Түлкүнүн балдары калгандыгын эскертет.
Манастын кунун кууп, өчүн алуу үчүн Коңурбайга каршы аттанган Семетей баатыр алды менен Бакай эскерткен сакчы айбанаттарды жайлайт. «Манас» бөлүгүндө сакчылык милдет аткарган К. ж-дан айырмаланып «Семетей» бөлүмүндөгү сакчы жандыктар негизинен кийинки экинчи муундун өкүлдөрү. Демек, эпикалык душман баатырларынын чек арага койгон ушул кабарчылары эпостун эки бөлүмүндө тең бирдей сакчылык милдет аткарган мифтик образдардан болуп саналат. Түрк, моңгол элдеринин эпосторунун өнүгүшүнүн алгачкы этабында магиялык мүнөздөгү айбанаттардын ролу айрыкча маанилүү орунду ээлейт. Мисалы, мифтик образ Эрликтин айбанаттардан (кузгун, төө жана башкалар) жардамчылары болгондугу Алтай эпосторунда баяндалат.
С. Алиев
КАРСЫМАН
— топоним. Жакыптын жылкысын тийген калмактардын бала баатыр Манастан аман калгандары качып, К. суусунун боюндагы сайга корголошот (Сагымбай Орозбаков, 1. 124).
КАРТКҮРӨҢ
— Ажыбайдын аты. Эпосто К. аркасы бийик, маңдайы калың, туягы чулу, кайыптын тукуму, чаалыкпас тулпар катары сүрөттөлөт. Анын «Бир изин жаза баспаган, Азар-түмөн жылкы алып, Кошуп ийсе жылкыга Бир жаңылбай баштаган» (Сагымбай Орозбаков, 4. 177) айбандан башка акылдуу мал экенин байкап, Алмамбет Чоң казатта чалгынга жөнөгөндө К-дүн күчүн сурайт. Коңурбайдын жылкычысы Карагул Алмамбет менен Сыргактын өздөрүнөн гана эмес сыны башка тулпар К-дөн да «Тулпардык шаңы көрүнгөн, Биздин элдин малы эмес Коштоп жүргөн атыңыз» (Сагымбай Орозбаков, 4. 283),— деп шек санаганда Алмамбет аны «Макел баатырдын буруттардан олжого түшүргөн малы», — деп жүгөнүн шыпырып жылкыга кошуп жиберет.
Ошентип, К-гө баштатып жылкы тийип алышат. Ажыбайдын ар кандай баатырдык аракеттери К. менен жүргөндүгү Саякбай Каралаевдин вариантында кеңири сүрөттөлөт (Саякбай Каралаев, 2. 170, 176).
КАРТЫК
— ооруган жерден кан алууга, канды, ириңди, денеге туруп калган желди сордуруп таштоого колдонуучу табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы, түтүкчө. К. кыргыздар арасында илгертен эле кеңири таралып, суук тийген, жел турган жерге оңко (медициалык айнек банка) сыяктуу коюлган. «Манас» үчилтигинин «Сейтек» бөлүмүндө далысынын кечири кесилип жараланган Күлчорону табып, аяш атасы Момунжан ириңдеген жарага К. коюп таза эмес кандарды сордуруп дарылаганы эскерилген. К. негизги варианттарда көпчүлүк окуяларда баяндалат. К. жөнүндө кенже эпостордо да кеңири маалымат берилет.
КАРЫКАН
— кейипкер. Кырк кан кытай элинин түпкү, башкы каны (императору). Саякбай Каралаевдин вариантында окуяларга учкай катышса да элестүү сүрөттөлгөн, өзүнчө мүнөзгө ээ кейипкер. К., Эсенкан, Азизкан, Алооке төртөө бир тууган. К. чексиз бийликке эгедер, согуштук эпизоддорго түздөн-түз катышпаганы, баатырдык иштери сүрөттөлбөгөнү менен Эсенкан экөө көп согуштук окуялардын түздөн-түз уюштуруучусу болуп саналат. Ал ар кадамын өлчөп куулук менен бийлик жүргүзгөн кан катары акыл, айла, амал менен сырткы саясатын жүргүзөт. «Эрдигин билип Манастын, Нечен кыстап бурутту, Алалбаган мен ушу» — деп эң башкы душманы Манаска алы жетпегенин, анын баатырдыгын мойнуна алат. Кытайлардын көп маанилүү иштери К-дын буйругу менен бүтөт) Азизканга Алтынайды алып берет; Азизкан ат койдурганы баласын К-га алпарат; Манасты өз туугандары аркылуу тымызын жок кылуу үчүн Таласка Көзкамандарды жөнөтөт; Манас Чет-Бээжинге кан болгондо качып барган Коңурбайга Манастын айбалтадан өлөрүн айтып, айбалта жасатат жана башкалар). Коңурбай баш болгон кытай кандары алдына жүгүнүп турган Эсенкан да керек учурда К-дан акыл сурайт, анын буйругун аткарат, жардамын алат (кандыкты талап кылып келген Алмамбеттен качып, Эсенкан К-га даттанып барат жана башкалар). Айлакер К. Алмамбетке өзүнүн тагын мингизип, таажысын кийгизип, амал менен көзүн тазаламакчы болгонун билгенден кийин Алмамбет Бээжинге дүмөк салып, К. жок болгондуктан аны өлтүрө албай калат (Саякбай Каралаев, 2. 112). Чоң казаттан кийин К-дын тагдыры жөнүндө айтылбайт.
А. Күрөгөнов, С. Алиев
КАРЫМШАК
— Жоошбай уулу (1900, Ноокат району, Шорон айылы —1979, ошол эле жер) — манасчы, жомокчу. «Манас», «Эр Төштүк» эпосторунун бир катар окуяларын айткан. 1969-ж. ТАИнин кызматкерлери тарабынан «Манас» эпосунун үзүндүлөрү («Көкөтөйдүн ашы») жазылып алынып, Кыргыз Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда (Кол жазмалар фондусу, 5192-инв.) сакталып турат.
КАРЫНБАЙ
Карымбай — эпизоддук кейипкер, малга кароо, сараң адам. «Кишичилик чаркы жок» К. кезинде «ат баштаган алтыны» (алты мал) алып, Манас менен Каныкейге өкүл ата болгонун Манас өлгөндөн кийин унутуп коёт (к. Өкүл ата). Манастан калган мал-мүлктү «алты арам» талап кеткенде Каныкейден кер торпогун аяп, а түгүл камчы көтөрүп ыза кылат, өзүнүн адамгерчилиги жоктугун көрсөтөт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 28—29). Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана «Манас» эпосуна К-дын образы курандагы Карун жөнүндөгү уламышка байланыштуу кирген. Уламышта К-дын аябагандай сараңдыгына ачууланган Алла тааланын буйругу менен К-дын мал-мүлкү, үй-жайы ташка айланып, өзүн жер соруп кеткен делет. Азыр «Карынбайды жуткан жер» деген топоним да Ош жергесинде бар.
КАРЫПЧЫ
— эпосто аскердик кийимдин бир бөлүгү. «Жоого кийүү жарагын, Баарын кийди карагын, Карыпчы менен кыягы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 58). Согушта жоокердин колун билегинен ийнине чейин сырткы соккудан сактап калуучу атайын жасалга. Ал кийиз менен кайыштан шырылып тигилип, сырт жагына жазы темирден калканч кадалып, кайып бүчүлөр менен колдун сыртына байланат.
КАСПАҢ
— топоним. Коңурбай жылкысын кайтарткан тоо. Манастын алты кан менен кеңешинде К. тоо эскерилет:
Каспаңдын Кара Тоосунда
Капкалуу Бээжин оозунда
Чок-Табылга жайлаган
Чоң кара атын байлаган
Калдайдын уулу капырга —
Кан Коңурбай баатырга
Казат кылсак канетет
(Сагымбай Орозбаков, 4. 58).
КАСЫМБАЙ Бирназар
(Кара мерген) уулу (1873, Нарын өрөөнү — 1943, ошол эле жер)— манасчы. Тынымсейит уруусунан. Тыныбек манасчы менен тааныш болгон. «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат. Жаш кезинде суу сугарып жүрүп уктап калса түшүндө Манас кырк чоросун ээрчитип бара жатып, «Балам, биздин баатырдык иштер жөнүндө айткың келеби?», — дейт. «Макул баатыр, айтып жүрөйүн», — деп ойгонсо жанында эч жан жок. Ошондон кийин «Манас» айтып калат. Атасы кой союп, эл чакырып бата алат. Андан эпостун «Манас» бөлүгүнөн: «Манастын бала чагы», «Жети кандын окуясы», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат», «Каныкейдин Букарга качышы»; «Семетей» бөлүгүнөн: «Семетейдин Сарытазга жолугушу», «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү», «Семетей баатырдын Манастын кунун куушу», «Семетейдин кайып болушу», «Канчоронун кастыгы» эпизоддору баласы Дөөталынын айтуусунда жазылып алынган.
С. Карагулов
КАСЫМОВ Эркин Өмүркулович
(1941, Аламүдүн району, Орок айылы) — опера ырчысы, драмалык баритон.
Кыргыз ССРинин эл артисти (1987). Кыргызстан Ленин комсомолу (1979), Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыгынын лауреаты (1989). 1969-ж. Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Андан бери А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында эмгектенип келе жатат. 1980-жана башкалар Бейшеналиева атындагы искусство институтунун вокалдык бөлүмүн профессор С. Кийизбаеванын классында бүтүргөн. «Манас» операсынан Манастын, «Айчүрөк» операсынан Семетейдин партиясын аткарган. КАТАЛ — топоним. Кытайга чалгынга бара жаткан Алмамбет: «Каталдын кара бели бар, Каңгайдын калың эли бар» (Сагымбай Орозбаков, 4. 217),— деп душман жерин Манаска тааныштырганда эскерилет.
КАТКАЛАҢ
— Сайкалдын атасы Карачанын ылакап аты, к. Карача.
КАТЫРАҢ
— эпизоддук кейипкер, аяр кыз. Арсы жаң-жуңдун өлгөнүн уккан амбал Кубан К. аярга келаткан жоонун жолун тостурат. Отун терген карыган кемпир болуп кубулган К. аяр Кызарттын белинде Үрбүнүн колунун алдынан чыгат. К. түрдүүчө кубулуп колду далай алакетке салат. Акыры Мунаркандын Арсалаң аярынан жеңилет. Душман башчысы Кубан жеңилип, Мунарканга кошулат. Элдин каргышына калган К. өлөт. Анын жаны башка жакта жашаган жети суусар болот. Ошол жети суусар өлгөндө күн күркүрөгөндөй добуш чыгып, караңгылык түшөт.
КАЧАЛЫК
— эпизоддук кейипкер. Калмак кол башчысы. Араникте болгон согушта жекеде көзүнө найзанын сыныгы кирип, кошунун көздөй бараткан Ашаң дөөнүн аркасынан барып айбалталап жыгып жарадар кылат. Андан соң майданга чыккан Көкчө экөө көпкө салышып, бири-бирин жеңе албай койгондон кийин мылтык атышмак болот. Көкчө туруп берип, К. атканда дарыны көп салып коюп, огу алыс кетип калат. Кезегин бербей качып жөнөгөн К-тын оң колун Көкчө билегинен үзө атат. Камчыланам деп тизгин-чылбырын түшүрүп жиберип аты чалынып калган К-ты Көкчө кууп жетип өлтүрөт (Курама варианты, 1. 116, 120— 123).
КАЧЫРТКЫ
— топоним. Эпосто «Качырткынын кытайын Кара-Шаар, Таңшаңга, Сүргөн журтум барсыңбы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 64),— деп эскерилет.
КАШАГА
— топоним. Алмамбет чалгынга кеткенде, «Как Чөмүчтүн башына, Кашага, Кара-Ташына» (Сагымбай Орозбаков, 4. 112) кол өргүп калат. Географиялык реалияда Чүйдүн Чөмүч өрөөнүндөгү жердин аты.
КАШАР-ДӨБӨ
— топоним. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда колуктуга арналган ак өргөлөрдү К. -Д-нүн оюна тигип, Атемирдин эли тойго даярданышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 417).
КАШАР-СУУ
— топоним. Манас баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Тазчечендин уулу Үрбү кайын атасы Кеймен шаанын айылы К. -С-га көчкөнү эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 154).
КАШКА
— уруу башкаруучу же уруудан, жоокерлердин арасынан чыккан мыкты жетекчи, билгич адам:
Салтанаттуу сай кашка
Сайышы журттан бир башка!
Кызыл байрак кырк кашка,
Кыраакы Манас бадыша,
Кылыгы журттан бир башка!
(Сагымбай Орозбаков, 3. 174).
К-нын төмөнкүдөй маанилери бар:
1) Жылкынын маңдайындагы ак белги.
2) Өтө чыгаан, эң көрүнүктүү башкаруучу, жетекчи бийликте турган адам.
3) Тайманбас, бетке айткан, улуу адамга көп ишенбеген аял киши.
4) Уруунун аты (мисалы, жети кашка). Жалпысынан алганда эпосто төрт мааниси тең кездешет. «Мажму ат-таварихте» маңдайларына ак кашкалары бар 7 атка минген, 7 бир туугандын жети кашка деп аталгандыгы жөнүндө баяндалат. Мындан тышкары солто уруусунда жана ферганалык кыпчактардын ичинде «жети кашка» аттуу уруунун болгону белгилүү. Ал эми 1582-ж. жазылган түрк автору Сейфинин чыгармасында «кыргыздардын каны жок, бектери гана бар, аларды «кашка» деп айтышат. ««Кашка» калмактарда да жыш кездешүүчү титул» — деген маалымат бар. Бул жагдай «Манастын» В. Радлов жазып алган вариантынан айкын көрүнүп турат: «Калакай кашка дегеним, Каның барбы дегеним» (Радлов жазып алган вариант,
5). Ошону менен катар К. 17-кылымда Эне-Сайлык кыргыздарда (хакастарда — титул катары) кездешет. Орус жазма булактарында алардын бектерин кашка деп айтышкандары белгилүү. К. кыргыздарда, хакастарда, өзгөчө «Манас» эпосунда титул, жетекчи маанисинде колдонулушу кыргыз жана хакас элдеринин түпкү тамырлары бир экенин даректейт.
И. Молдобаев
КАШКАР
— топоним. Кыргыздарга коңшу отурукташкан эл жашаган белгилүү чоң шаар жана айланасындагы аймак катары эпосто кеңири кездешет. Айрыкча, Кошойго байланышкан эпизоддор, Манас өз элине таандык жерлерди душмандардан бошоткондогу бир катар окуялар ушул К. айланасында өтөт. Географиялык реалияда К. Чыгыш Түркстанда, Синьңзян-Уйгур автономиялык районунун түштүк-батышында, Кызыл-Суунун жайылмасында жайгашкан шаар.
КАШКАРДЫН КАРА ДАРЫСЫ
— эпосто колдонулган касиеттүү дарылардын бири. К. к. д. деп аталып калышынын себеби бул дары Кашкар тараптан алынгандыгы менен байланыштуу, к. Кайнатма кара дары.
КАШКА-СУУ
— топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда Орго кан Кемен канга кабар жиберген элчилери басып өткөн жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 73).
КАШКА-ТАШ
— топоним. Канчоронун өлүмү окуясында Күлчоро «Жылгындуу Кең-Кол, Кашка-Таш, Кайрылып өрдөп конууга, Кайрадан тууган болууга» (Курама варианты, «Сейтек», 170) Канчоронун ордосуна барат. Мында К. -Т. Таластагы Кең-Кол өрөөнүнө жамаатташ жер катары айтылат.
КАШКЕЛ
— эпизоддук кейипкер, кытай каны, дуу-дуу. Орго кандын белгилүү баатырларынын бири. Манастын келатканын уккан Орго кан К-ге кабар жиберип, көп кол менен келген К. Манастын колу менен болгон согушта өлгөнү айтылат (СОЛ 2. 74, 89, 129).
КАШКУЛАК ӨТҮ
— кыргыз элинин элдик медицинасында колдонулган дарылардын бири. «Манас» эпосунда үйлөнүүгө барган Манасты Каныкей ак тинте менен колго сайганда, ал ачууланып айтып турган жери:
Кашкулак өтү барбы экен?
Кан темир дары бар бекен?
Ичине эсип бериңер!
Тышына эсип сүртүңөр!
Аракыга бал кошуп
Аны ичемин бериңер!
(Радлов жазып алган вариант, 101).
КАШЫК
— топоним. Бээжинге казаттап бараткан кыргыз колу «Кара-Суунун боюна, Кашыктын кирген оюна» (Сагымбай Орозбаков, 4. 111) өргүгөн жер. Географиялык реалияда Чүй өзөнүнүн оң жээгиндеги жер.
КАШЫМ
Кашымбек — эпизоддук кейипкер. Баймырзанын атасы. Көкөтөйгө аш берүү кеңешине катышкан карыялардын бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 83, 85). Башка варианттарда көпчүлүк учурда Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Байдын уулу Баймырза делип берилет, буга караганда Бай анын титул аты, К. өз аты.
КЕБЕЗ-ТОО
— топоним. Кыргыздар, анын ичинде Төштүктүн эли мекендеген жер.
Кебез-Тоону жердеген,
Келберсиген эр деген.
Чалкуйругун байлаган,
Чабышка колун майлаган,
Эр сырттаны Эр Төштүк
(Саякбай Каралаев, 2. 81),
— деп сүрөттөлөт. Кытайдын башкы каны Эсенкан бала Манастын дайынын, жердеген айылын билүү максатында атайын аттандырган тыңчы-соодагерлеринин чалгын чалуу багытында эпикалык К. Т-нун аты эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 157). Жарен дарыясынын чөлкөмүндө, Таш-Коргондон нары түштүктө жайгашкан тоо. Топоним азыркы карталарда кезикбейт.
КЕГЕН
— топоним. Эпосто кан Кошой Тоо Теңшер менен кармашкан жер. Башка эпизод дордо да эзелтен кыргыз-казак мекендеп келе жаткан жер катары көп эскерилет. Географиялык реалияда Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы жер, өзөн.
КЕГЕТИ
— эпизоддук кейипкер. Калмак баатыры, Акунбешим паашанын кол башчысы. Манастын Абдылда чоросу (Ажыбай) экөө жекеге чыгып таң аткандан күн батканча салгылашып, бири-бирин жеңе алышпай коюшат (Сагымбай Орозбаков, 2. 130—133).
КЕДЕР
— эпизоддук кейипкер. Жолойдун атасы катары аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 196; 4. 312).
КЕЗЕК
— эпизоддук кейипкер. Шоорук кандын атасы катары гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 201).
КЕЗЕҢ-КЫР
— топоним. Каныкей төлгө кылып чапкан Тайтору басып өткөн кыйын жолдун бири.
КЕЙГУР
— эпизоддук кейипкер. Акунбешимдин бектеринин бири катары аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 129).
КЕЙИП
Кейип-Бадаң — топоним. Каныкейдин атасы Атемир кандын шаары (Сагымбай Орозбаков, 2. 351, 366, 369, 384, 391, 395). Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө эскерилет. Мисалы, келин алып келгени жөнөгөн кудалардын сүрөттөлүшүндө төмөнкүчө берилет:
Көпчүлүктүн баарысы Көчкөн көчтөй калкылдап Асты-артына көз жетпей Бара жатыр закымдап, Кейип шаар кайда деп Жеттикпи деп жакындап (Сагымбай Орозбаков, 2. 391).
Башка варианттарда Каныкейдин атасынын шаары Букар деп берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Букарга жакын турган шаар катары сүрөттөлөт.
КЕЙИПБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири Серсабайдын атасы катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 419).
КЕЙКУБАТ
— эпизоддук каарман. Алмамбеттин келишине арналган тойдо (Сагымбай Орозбаков, 2. 341) жана Көкөтөйдүн ашында (Сагымбай Орозбаков, 3. 107) кыргыз уруу башчыларынын бири катары жолугат.
КЕЙМЕН
— эпизоддук кейипкер. Эпосто бирде шаа (Сагымбай Орозбаков, 2. 78, 79, 88, 96), бирде дуу-дуу (Сагымбай Орозбаков, 2. 100, 101) деп сүрөттөлөт. Манастын Орго кан менен урушунда душман тараптын башчысы катары катышат.
КЕЙМЕН
— эпизоддук кейипкер. Манаска каршы аттанган Шоорук кандын колунун ичинде К. аярдын да бар экендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).
КЕЙҮҮ
— топоним. Жети кандын Манаска каршы кутум-кеңеши «Кейүүнүн бою, Сары-Колдун оюнда өтөт» (Сагымбай Орозбаков, 4. 9). Географиялык реалияда Сары-Колдогу суунун аты.
КЕЛДИБЕК Карбоз уулу
—18-кылымда жашаган манасчы. К-тин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кабар, так маалымат бизге жетпеген менен анын таланттуу жомокчу болгондугун айгинелеген аңыз-уламалар бар. Манасчы болушун Манас жана анын чоролору түшүнө кирип «Манасты айт» деп аян бериши менен түшүндүргөн. К. «Манас» айтканда Манастын керемети аркылуу жайыттагы мал эч кимге айдатпай эле өзүлөрү келишкен. Манасчы кызыган кезде боз үй солкулдап, чак түштө күүгүм түшүп, Манас жана анын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турчу экен.
КЕЛДИКЕ
— эпизоддук кейипкер. Каңгай уруусунун мыктыларынан. Аскер башчысы. Манас менен барып Тейиш кандын тоюна катышат. Манас Орго канды жеңгенден кийин Акунбешимге каршы жоого аттануу кеңешине да чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 94).
КЕЛЕМЕ ШАРЫП
(арабча келаму-шариф, калем — сөз, сүйлөм; шариф-ыйык) — эпостун негизги варианттарында эскерилген ислам дининин уютку китеби Курандын элестүү аталыштарынын бири (мисалы, келамул-керим — кайрымдуунун сөзү жана башкалар). К. ш. Манаста «куран» терминине синоним катары кеңири пайдаланылат. Убадалашуунун өтө олуттуу түрү — ант берүү маалында Манас жана анын ишенимдүү жөкөрлөрү, чоролору, талапкерлери, насаатчылары тарабынан К. ш. кармалган. Адатта К. ш. кармоо жөрөлгөсү кыргыздын мусулман динин кабылдаганга чейинки «ак буудай унун (нанын) чайноо», «колун канга малуу», жоокердик курал менен касам ичүү (кылыч мизин кармап же жалап, аккелтени оозанып жана башкалар) сыяктуу жөрөлгөлөрү менен тыгыз байланышта ишке ашкан.
КЕЛЕҢКЕР ЧАЧПАК
— жаш келиндер, орто жаштагы аялдар аркасына өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу асемдик буюм. Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч, төрт бурчтук формадагы күмүш тыйын жибек чачыктардан турат. Эпосто К. ч. төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Келеңкер чачпак кең соору, Келбети нурдун кызылдай, Узун бойлуу жал-жал көз», (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131), «Келеңкер чачпак бир кучак, Май сооруда жаркылдайт, Балтыркандай солкулдайт» (Радлов жазып алган вариант). Келенкор кездемесинен жасалган чачпак.
КЕН БАЙЛЫКТАР
Манас эпосу кыргыз элинин эзелтен берки тарыхы, маданияты, жашоо тиричилиги жана жеринин географиялык шарты, абалы, чек арасы тууралуу көп маалыматтарды камтыйт. Эпостун элге кеңири белгилүү негизги варианттарында жерден казып алынуучу кендерден алтын, күмүш, жез, темир, коло, калай, коргошун жана асыл таштар жана кеңири сүрөттөөлөр кезигет. Бул кендерди усталар, зергерлер жоокердик турмушка керектүү кийим, курал-жарактарды жасоо жана тиричиликке керектүү буюмдарды (алтын таажы, бакан, кемер жана башкалар) кооздоо үчүн пайдалангандыктары эпосто даана чагылдырылган. Эпосто күмүштөн дилде же жамбы жасалары, ат жабдыктары (ээр, токум, жүгөн, чылбыр, куюшкан ж. 6.) кооздоолору, темирден жоокер кийими (тон, туулга, чопкут жана башкалар), тор аркан жасалары айтылат. Кооз таштардан жасалган асем буюмдар «көөхар», «зумурут» (изумруд), «жубар бермет» деген аттар менен кезигет. Алтай аймагында, Ысык-Көлдө, Таласта алтын кендери болгондугун эпостогу: «Алтын казып, дан айдап, Алтайга келип турабыз» (Курама варианты, 1. 38).
Жердеген адам бай болор,
Түгөнбөс ырыс — кен экен.
Боз мончокчон дөбөгө
Түшүп Манас жер чукуйт,
Эки эли жерин оодарса,
Кебелбес алтын бар экен.
Жаныбарым Ысык-Көл,
Жер соорусу турбайбы, —
Жердеген киши тунбайбы!...
(Курама варианты, 1. 74),
«Баатырың жер өлчөгөн чак экен, Бир жерди карыга чейин чукуса, Түбүндө алтын бар экен» (Курама варианты, 1. 110) деген ыр саптардан байкоого болот. Алтын кендеринен башка темир, калай, жез, сурьма жана асыл таштар алынуучу кендер жөнүндө учкай айтылып кетет. Алтын менен асыл таштардан жоокерчиликте колдонулуучу куралдар кооздолгон. Мисалы, Манастын дүрбүсү кандай заттардан жасалганы:
Алтындан кылган сабы бар,
Бой тумар чалыш кабы бар,
Ичин алтын ашаган,
Айнегин көөхар жасаган,
Жакут таштан жардырган,
Артык уста Бөлөкбай.
Айнегине салдырган
Тиктегенде адамды,
Көрсө мээрин кандырган,
Жоону көздөй салдырган,
Жоодон кабар алдырган,
Жолборсуңдун чоң дүрбү
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 94),
— деп сүрөттөлөт. Турмуш-тиричиликте жез, колонун кеңири пайдаланылгандыгын жез казандан тартып башка динди туткан элдердин колодон кылган Бурканына чейин айгинелеп турат. Тамакка татытыш үчүн Каркырадагы кенден чыккан тузду пайдаланышат. Эпосто айтылган кен байлыктардын аттары, кен чыккан жерлерди манасчылар өзүлөрүнүн акындык кудуретине, жашаган дооруна жараша көркөмдөп сүрөттөөгө аракеттенишкен.
К. Осмонбетов
КЕНЕН 1
— кейипкер, Манастын чебереси. Сейтектин уулу. Сейтек кан болуп, эли бейкут жашап жаткан учурда чоң атасы Манас түшүнө кирип, ага Зулпукор кылычын тапшырат. Кереметтүү бул түштү Акжолтой мыкты уулдуу болот экенсиң деп жоруйт. «Перизада Берметжан, Белгилүү Сейтек зайыбы, Жолборско талгак болуптур» (Кол жазмалар фондусу, 960-инв., 145-б.). Муну билген Акжолтой жолборс уулап, салбырынга чыгып, жети күн кыдырып таппай, Кара-Кыя капка ташка келип, Кулунсур тулпарын жайдактап, уктап калат. Таң сүрө чочуп ойгонсо, чагарак куйрук чаар жолборс Акжолтойду чала турган болуп калыптыр. Акжолтой маша тартып жиберсе, жолборс адам болуп кубулат.
Ал Акжолтойду сынаганы, даарыганы келген Кызыр экен. Анын жетелеген бышты тулпары бар. Медиян чөлүндө өлгөн ажыдаардын уусу чачылган жерден өсүп чыккан жаңгактын мөмөсүн жесе Берметтин талгагы канып, кийин Кенен аттуу уул төрөрүн айтып, жаңгак берет. Ал эми жетелеген бышты тулпары — Кенендин келечекте мине турган Кертулпары экен. «Кенен төрөлгөндө Бээжиндеги зор Айган, Чоң Билгичтер коркуп жанынан түңүлүшөт» деп көздөн кайып болот. Акжолтой кызырдын белегин Акберметке бергенден кийин тогуз ай, тогуз күндөн кийин катуу толготот. Жерге түшкөн баланын үнүнөн, бакырган сүрүнөн он эки кемпирдин жүрөгү түшүп өлөт. Аркасында карыштай кара жалы бар балага «Кенен» деген ат коюлат, ал тез эле өсүп жетилип, Кертулпар атты минип, келберсиген кан болуп, журт башкарганга жарап калат.
КЕНЕН 2
Эзелтен Манастын тукумуна душмандыгы бар Жанаалы, Карачтын Эбегей, Көгөй аттуу уулдары Семетей өлүп, Сейтек калганын угуп, эки атабыздын өчүн алабыз деп жөнөшөт. Душман келатканын Кулансур сезет. Акжолтой жер чалып чыгып, келаткан көп колду көрөт.
Коёналынын уулу Кайсардын кызы Айканышка бир кемпир келип (ал Манастын карындашы Кардыгач болот) Кенендин жайын айтат. Айканыш Ордодогу ок өтпөс, Он эки силкип кийип, Ок жетпеген Талкызыл күндө аркандап минип, жанына жолдош алып, эгер Кенен укканымдай мыкты баатыр болсо ага тием, болбосо жоолашам деп, аскери менен чыгып, Эбегей, Көгөйдүн колуна туш келет. Согушууга жеткизбей эле, Айканыштын жөнүн уккан Сейтек менен Акжолтой Кулансурду баш кылып алты сан малга кебез байлатып куда түшөт. Айканыштын тилеги орундалып, Кененге нике кыйылат. Келин алып, жол жүрүп келатып мазардын жанына түшүп тамактанышат да, «кабыргадан кагынып, как төбөдөн сезгенип, тарса-турса жөтөлүп» Сейтек менен Акжолтой ооруп, жума күнү көз жумушат. Тулпарлары Кулансур менен Кулунсурду жабдыктап Ак эшенди мингизип Чук мазардын жанына койдуруп, таштан обо көтөрүп, күмбөз салдырат. Атасынын ордуна Кенен баатыр атанып, эл күтөт. Эбегей, Көгөй бир күнү ууга чыгып, эс алып уктап калышса Шай ата келип, Алоокенин тукуму Чыңтемир деген келет, ага туруштук берүүчү — Кенен, ага барып, жоро-жолдош болгула деген кеңешин берет. Кенендин кабарын уккан Эбегей, Көгөй ага да болгон жоону бирге жоолашалы деп издеп келгендиги айтылат. Эбегей, Көгөй баатырлар кошулганы жатканын Кененге Желжетпес аттуу бала сүйүнчүлөйт.
Кенен Таластын боюна, Жылгындуу оюна чоң той өткөрүп, эки баатырдын урматына казынасын элине чачтырат. Ошентип, Кенен, Кенен болуп турганда байбичеси Гүлайым Кулансарык, Алымсарык деген эгиз уулдуу болот. «Санкара тойго союлуп, Уруудан калбай эл келип» чоң той өтөт. Коңурбайдын небереси Чыңтемир (Китенин баласы) ал кезде кырк уруу кытайды башкарып, Суурулган экөө кан болуп, элин чогултуп, буруттардан алты атабыздын өчүн алалы деп камынат. Кытайлардын Желжетпес аттуу карыясы мен Кененди билем, кыргыздарга тийишпегиле деп айтып, кагуу жеп, Сурадайдын арачасы менен өлүмдөн калат. Эпосто каардуу кан катары сүрөттөлгөн Чыңтемир Желжетпести Кененге барып: «Кермекаштай сулуу кызын, Кертулпар атын тартуу берсин», — деп айт дейт.
КЕНЕН 3
Кытайлардын камынып жатканын Эбегей, Көгөй түшүндө көрөт: «Ала-Тоону кан басып, Астыңкы түзүн чаң басып, Журт чуркурап, эл дүрбөп, Капкара канга батыптыр, Калың мал-баш, дүнүйө Айла таппай жатыптыр, Кертулпар менен Кермекаш олжого кетиптир». Эбегей, Көгөй чочулашып, Алымсарык менен Кулансарык чакыртып түштөрүн айтышса, буюрганын көрөрбүз деп, эки эрен кенебейт. Эртеси Алымсарык, Кулансарык жол чалып чыкса, Желжетпес баштаган он эки эр элчиге келаткан болот. Алар Эбегей, Көгөйгө жолугуп, Чыңтемирден качып чыгып биротоло кыргыздарга келгендигин билдиришип, Чыңтемир кыргыздарга кол салганы турганын айтышат. Кененге абар жиберишет. Эбегей, Көгөйлөр кытай менен урушпай эле бер дегенин берүүнү сунуш кылат. Желжетпес каршы чыгат. Чыңтемир кыргыздарга кол салат. Жекеме-жеке беттешүүлөр болот. Кара калмак тукумунан Оду кан дөөгө каршы Көгөй, Эбегей чыгат. Оду канды Кенен сайып өлтүрөт. Ага болушуп жекеге чыккан Чоюн алп Желжетпестин колунан өлөт.
Эбегейди Чоңкөр деген мерген атып жиберет. Катуу согуш болот. Чоңкөр Кенендин Кертулпарын атып өлтүрүп, өзүн байлап аларда Кенен кылыч менен анын башын алат. Чоңкөрдүн өлүмүн көргөн Чыңтемир каарданат. Кененге каршы колун айдайт. Кенен жалгыз ортодо калат. Чыңтемирдин атын кылыч менен чаап жыгат. Бирок колго түшүп, Чыңтемир Кененди алык-салык, түмөн кун бер десе болбой койгондо башын алат. «Беренин союп жок кылдык, Бет алаары кайсы» — деп, кытай кыргыздарга ого бетер күчтөп кол салат. Коңурбайдын тукуму Чыңтемир кыргыздарды алтай, каңгай, тереңге айдайт. Кытайдан келген Желжетпес «атагы өчпөй асылдын артынан тукум калса» — деп, Кулансарык, Алымсарыкты ээрчитип, эчен жеринен жарадар болуп кутулуп чыгат. Эгиз балдардын жаштыгына карап, эптеп аман сактап калуу максатында, Желжетпес (Чаңдаяк) балдардын «Канзааданын балдары, Качкын болор жөн барбы» деп каршы болушканына карабай алып качып бир өзөнгө келишет. Ал жер өтө ажайып кооз сүрөттөлөт. Масин деген дарыянын боюнда үч күн туруп калышат. Таш казанды астырып, Жалпак өркөч кызыл нарды ата-бабанын арбагына багыштап бата кылганда, кутпа жактан аласкардай ат минген, жоокер кийимчен бир адам пайда болот. Көрсө, эгиз балдарды колдогону (Желпиништен) келген олуя ата Машайык экен. Желжетпес ага болгон ишти баяндап берет. Олуя ата дуба менен сал жасап, аларды Масин дарыясынан өткөрүп Эки-Аралга жеткирет. «Короо күтүп мал айдап, Оокат кылып дан чайнап» убактылуу ошо жерде туруп калышат (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 960-ИНВ.).
А. Жайнакова
КЕНЖЕКАРА Калча уулу
(1859, Бишкек — 1929, Фрунзе) — ырчы, семетейчи жана кыякчы. К. башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Анын кыл кыяктын коштоосу менен аткарган «Семетей» эпосунан «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» жана «Ак-Бала баатыр жөнүндө ыр» деген чыгарманы сүрөтчү Б. В. Смирнов үнжазгычка (фонографка) жазып алып, орус тилине кара сөз менен которуп жарыялаган. К-нын айтканын Атайбек деген тилмеч которуп берген. Котормо 1914-ж. Москвадан «Түркстандын талааларында» (В степях Туркестана. М., 1914) деген наам менен китеп болуп чыккан. Сүрөтчү К-дан уккан сюжет боюнча Семетей менен Айчүрөктүн жана семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кыяктын коштоосу менен аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган.
Ошентип, Октябрь революциясына чейин эле «Семетей» эпосунан үзүндү биринчи жолу сүрөтү менен жарык көрөт. Смирнов К. менен кезиккен жана семетейчинин ырдоо манерасын мындайча сүрөттөйт: «Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей жалпак кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, топучан калды. Ал орто жашап калган киши эле. Жерге малдаш токунуп отуруп, куржундан аспабын (кыл кыякты — ред.) алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага окшогон кылы бар... музыкалык аспап эле. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп бир-эки жолу чалды... Ал көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу кыйын... Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип жарашып турду. Бул ырчы талаа элине жагат. Балким ал үн чыгарып жатып кыргыздын элдик оозеки чыгармасынын тигил же бул темасын айкалыштырып ырдын мазмунун түзүп жатса керек. Чынында бул (Кенжекара) анык ырчы-баян болсо керек. Ал ырдап жаткан учурда угуучуларга такыр караган жок, өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой болду». Сүрөтчүнүн К-нын ырдоо ыкмасын баяндаганы академик В. Радловдун ырчылар жөнүндө айтканын толуктайт. К-нын айтуусу боюнча «Семетейди» кырк күн, кырк түн айтууга боло тургандыгы да белгиленген, к. «Кысса Семетей бу-турур».
К. Айдаркулов, С. Алиев
КЕНДЕГЕР
— топоним. Көкөтөйдүн ашында ат байгени талап алып кеткен кытай-калмактардын Будаңчаң менен Ушаң баатырын К-дин коосунан Манас баштаган кол кууп жетип уруш болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 279). Иле өзөнүнүн жогорку агымынын аймагына тиешелүү шарттуу топоним.
КЕНЖУТ
— топоним. Эпосто Алтайлык кыргыздар көчүп барган жердин аты катары: «Алтайлык кыргыз барыптыр Ополдун тоосун оролуп, Кенжутка жетти көчмөнү» (Сагымбай Орозбаков, 2. 200),— деп айтылат. Алмамбет Манаска келгенден кийин К-тун каны Айганга жортуул жасап аны жеңет да, Алтынай деген кызына Алмамбет үйлөнөт. Алар мужоосу (маджус — отко табынуу) динде болгондуктан, мусулман динине киргизишет. Бул окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана айтылат. Кээде Шооруктун эли жашаган жер катары да эскертилет:
Жетигендин тарабы,
Жерди Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай.
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай
(Сагымбай Орозбаков, 2. 203).
Географиялык реалияда түндүк Индиядагы жер — Канжут. Айрым изилдөөчүлөр (М. Ауэзов, Ө. Караев) К-ту байыркы Эне-Сай кыргыздарынын Улук-Кемдеги (Тува АССРи) шаары (Кем-Кемжут) менен окшоштурушат. Жердин аттары гана окшош болбосо, Кем-Кемжут 10-кылымда эле жок болуп кеткен, ал эми Канжут (Кенжут) кийинки кезге чейин эле аталып Сары-Кол тараптагы элдерге (кыргыз, тажик) кеңири белгилүү болгон экөө эки башка региондогу топоним. Ч. Валиханов: «Канджут — Хунза менен Нагар княжествосунун эски жалпы аты», — деп жазат.
Э. Абдылдаев. Б. Мурзабекова
КЕМЕЛ
— эпизоддук кейипкер. Сейиттин уулу. Мысыр журтунун каны, баатыр. Бокмурун Көкөтөйдүн ашына эл чакыртканда эскерет.
КЕМЕН
— эпизоддук кейипкер. Даңгүлү (Дөңгө) калаасын башкарган калмак каны. Манаска каршы согушмак болгон Текес кан менен Орго кандын тарабында болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 22, 73, 153).
КЕНИЗЕК
— үй кызматын аткаруучу аял, күң. Эпосто Манас Каныкейге күйөөлөп барган учурда К. Санирабиганын сакчы, кызматчы кыздары катары сүрөттөлөт. Манас уурданып Санирабиганын үйүнө кирерде жети К. «канжарлары колунда, канкордун өтөр жолунда» каршы-терши жатышкан болушат. Манас менен кошо келген Ажыбай жети жамбы көтөрүп алып жети К-тин бири Нааркүлдү ойготуп калган К-терге шаңшуур жамбы берип Манаска жол ачат (Сагымбай Орозбаков, 2. 398—399).
КЕНТ
— топоним. К. эпостогу «Манас жолдоштору менен салбырынга барганы» деген окуяда: «Нуукер деген башчысы, Кент калаанын жакшысы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 244),— деп айтылат. Контекст боюнча К. шаардын, калаанын аты. Бирок, К. перси тилдеринде шаарды, калааны билгизген. Демек, жогоруда көрсөтүлгөн эпостун саптарындагы К. белгилүү бир шаардын энчилүү аты эмес калаа, шаар деген жалпы аталыштын синонимдери. Айырмасы калаа деген сөз арабдардан, К. перси тилинен алынып эки сөз катары менен «Манас» эпосунан орун алган. Орто Азиядагы көп шаарлардын атынын составдуу бөлүгү (Ташкент, Жаркент, Чымкент жана башкалар).
КЕН-ТОО
— топоним. Нескара менен Манастын урушунда:
Жер түбүнө кетсе да,
Бээжин түгүл ар жагы
Кен-Тоого кирип кетсе да Артынан
Манас жетем деп
(Сагымбай Орозбаков, 1. 210)
— айтылат.
Географиялык реалияда Чыгыш Түркстандагы тоолордун бири.
КЕНТУН
— топоним. Эпос боюнча кытайлардын чоң шаарларынын бири катары
сүрөттөлөт:
Чырпыгы чыгып чынардай,
Чынарлары кадимки
Шаар салган мунардай,
Торгою тоонун улардай,
Тооктору кунандай
Кунандарын көрөсүң
Куруп салган мунардай,
Күдөрү Кентун как ушул
(Сагымбай Орозбаков, 4. 215).
КЕҢ-АРАЛ
— топоним. Эпостун «Семетей» бөлүгүндө кыргыздар мекендеген жер катары көп эскерилет. Талас шаарынан 8—9 чакырым батышырак, Талас дарыясынын сол жээгинде жайгашкан жер. Аймак саздак келип, токой өспөй арал сыяктуу болгондугуна байланыштуу К.-А. деп аталган.
КЕҢГЕС
— эпизоддук кейипкер. Текес кан Манаска каршы согушка камынып, өзүнө ымалалаш кандарына кабарга жиберген аяры (Сагымбай Орозбаков, 2. 22).
КЕҢДИ-БАДАҢ
— топоним. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта чабылган күлүктөр бириндеп көрүнгөн жер. Эпосто: «Кокондун жогор жагынан Коюу чаңы бөлүндү, КеңдиБадаң келгенде Бириндеп аттар көрүндү» (Сагымбай Орозбаков, 3. 57),— деп кабарлаганына караганда азыркы Тажикстандын Канибадам шаарына дал келет.
КЕҢ-КАЛКАН
— топоним. Кыргыздар мекендеген жерлердин бири катары эскерилет. Бокмурун атасына аш берерде «Кең-Калкандан өтөмүн, Кеме менен кечемин» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),— деп Баймырза менен кеңешкенде айтылат. Географиялык реалияда Иле дарыясынын боюндагы тоо (Кичи-Калкан, Чоң-Калкан).
КЕҢ-КОЛ
— топоним. Манастын ордосу турган жер катары эпосто кеңири кездешет. Эпосто:
Алмамбет, Чубак, Сыргагым,
Жаткандан жамбаш талбайбы?
Чырм этсе уйку канбайбы,
Кең-Колго тиккен бак барбы
Керилип уктап жатуучу
Кең-Колдогу чак барбы? (Саякбай Каралаев, 2. 100),
— деп эскерилет.
Географиялык реалияда Талас дарыясынын сол куймасы. Түндүк жактан кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан агып түшкөн суунун аты. К.-К. өрөөнү Кара-Жылга менен Кыргыз Ала-Тоолорунун ортосунан орун алган. Анын батыш жагы Кан-Жайлоо менен, чыгыш жагы Чөңөр ашуусунун батыш жагы менен чектешет. Өрөөндүүн узундугу 35 чакырым. К.-К. Таласты көздөй имерилишинде Манастын күмбөзү, Кароол-Чоку турат.
КЕҢ-КӨЛЧҮК
— топоним. Каныкейдин кыз кезинде көңүл ачып, сейил курган жери. Таластан Букарга качып бара жатканда көлчүктүн соолуп калганын көргөн Каныкей Чыйырдыга: «Бу Каныкейдин Кең-Көлчүк, Бадыша гана турган дечү эле. Энеке, балачак оюн салган жер, Балаңыз гана келип күйөөлөп, Береги байкуш жанды Алган жерде тойго тогуз жүз бээ союп, Тогуз кан элин чакырып Токсон күн балбан күрөшүп, Жеңкетайга тогуз төөнүн алтынын бөлгөн жер» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 61 — 62) экендигин айтат.
КЕҢ-МОЙНОК
— топоним. Сейтек чоң энесине кезиккенде Каныкей «Аркайган Талас, Кең-Мойнок Кебелбей ашчуу бел эмес» (Курама варианты, «Сейтек», 163) экендигин Сейтекке айтат. Географиялык реалия катары Талас чөлкөмүндөгү ашуулардын бири болуу керек.
КЕҢ-ӨЗӨН
— топоним. Эпосто көп окуяларда кездешет. Семетейдин Кардыгачка жолукканында:
Көз көрсө курсак көп кайнайт Кең-Өзөн, Кең-Кол жериңиз, Кеп кылдым аман бар бекен,
Кеңири аргын элиңиз (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 268),— деп Кардыгач К.-Ө-дү жердеген Бакайдан эл-журтунун амандыгын сурайт. Географиялык реалия катары Таластын оң куймасы Кеңкол өзөнү.
КЕҢ-ШОР
— топоним. Семетей Букардан Таласка адеп келип жолугушканда, Бакай Манастын Кең-Шордон дүйнөдөн кайткандыгын эскерет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 234).
КЕПЕРЕТ
(арабча акталуу, төлөп кутулуу) — ислам дининин шарты боюнча орозо кармабай калгандыгы үчүн, ошондой эле жана башкалар күнөөлөрдөн арылуу өтөлгөсүн берүү. Эпосто :
Ааламдын баарын жыйдырып,
Шарыятка сыйдырып.
Кетте кичик ыйгарып
Кеперетин чыгарып
(Сагымбай Орозбаков, 3. 54),
— деп айтылат.
К. азабын тартуу, кыйноосун көрүү деген маанини да билдирет.
КЕПТЕШ
— топоним. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келатып, Иле суунун боюнда көч токтотуп, жети күн жатып эл жыйнап, үч күнү жыйын куруп, кепти ортого салып кеңеш кылып, алышар душман көп, кароолду катуу коюп, жоону бирге жоолойлу: «Ордолу шайык көк жөкөр, Орчун Кокон, Маргалаң. Аягы Кептеш, Самаркан, Күн чыгыш жагы Алты-Шаар, Өзүңдү күтүп келет деп» (Курама варианты, 1. 107), — Кошойдун айткан сөзүндө айтылат.
КЕРБЕН
— кырк чоронун бири. Шыңгынын уулу. Манаска алты кандан барган элчилерди тосуп чыккандагы аскердин башчысы болгон он чоронун бири К. экендиги айтылат. Башка учурларда чоролордун катарында саналып өтүлөт. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо Октору аты отузунчу келип, К. тагдырына буюрган Серсабакка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 328, 426; 3. 50, 176; 4. 25, 44).
КЕРБЕН
(иранча каруан — соода күзөтүү, кайтаруу) — алыска товар ташып соода кылуу максатында жүк жүктөгөн унаалардын (төө, ат, эшек) тизмеги. Чиркештирилген унаалардын тизмегинин эң алдыңкысынын мойнуна коңгуроо тагылган. Эзелтен бери Жакынкы Чыгыш, Орто Азия жана Африка элдеринде К. менен соода кылынган, саякат жасалган. «Манас» эпосунун көп эпизоддорунда К. жөнүндө эскерилет, айрым учурда К-чилер соода-сатык гана кылбастан чалгынчылык, тыңчылык сыяктуу атайы тапшырмаларды да аткарышат. Бала Манастын атагы чыга баштаганынан тынчсызданган Эсенкан анын сырын астыртан тартуу үчүн атайын тыңчы К. жиберет. Эсенкандын К-и менен кагылышкан Манас алардын башчыларын жеңип, 40 төөгө жүктөлгөн мүлкүн элине таратып берет. Мына ушундан тартып Чоң-Бээжиндин каны Эсенкан менен Манастын күрөшү күч алууга өтөт. Душман К-ди тыңчы, чалгынчы катары пайдаланганы тарыхта боло келген көрүнүш. Мисалы, Чыңгызкан Орто Азияны багындырууда ушул ыкты колдонгон. Отрарда анын 450 соодагерден, 500 төөдөн турган К-и элчи-тыңчы катары кармалып, жок кылынган. Аны шылтоолоп Чыңгыз кан чабуулга өткөн.
КЕРГҮЛТҮК
— калмак баатыры Бозкертиктин күлүгү. Чоң казат маалында жылкы тийген Сыргак Алмамбеттин артынан кытай-калмактар кууп келгенде Бозкертик К-тү минип Алмамбетке найза салат (Сагымбай Орозбаков, 4. 305).
КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮШ ЖАНА АНЫ ЖОРУУ
— дүйнөлүк эпостордо салттык мүнөзгө ээ болгон жомоктук-фантастикалык мотив. Башка элдердин баатырдык эпосторунда К. т. ж. а. ж. мотивдери кыска, схема түрүндө баяндалса, «Манаста» ага кеңири орун берилет. Чоң кубанычты же трагедиялык окуянын болорун билдириши мүмкүн. Мисалы, Манас баатыр төрөлөрдө көргөн кереметтүү түш өзүнчө баян болуп берилет. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын атасы Жакып Алтайга барып эгин айдап, мал багып, кен казып ашкан бай болот. Бир чоң кайгысы баласы жоктугу. Күндөрдүн биринде ал түш көрүп, аны жорутууга элин жыйнайт, баяндайт. Түш жөн гана күнүмдүк окуя эмес, ага көп эл чогулуп кадимкидей той өткөрүлөт. «Ала-Тоо башын жайладым, Мен бир бала барчын бүркүт кармадым» (Саякбай Каралаев, 1. 45),— деп Жакып көргөн түшүн кеңири баяндайт:
Ушул түшүң чын болсо,
Ачылган көт жабылат.
Кара калмак — манжудан
Ажыратып алууга
Бизге бир арстан бала табылат!
(Саякбай Каралаев, 1. 45—46).
Сагымбай Орозбаковдун вариантында кереметтүү түш жомоктук-фантастикалык мотивдер менен кеңири, көркөм сүрөттөлөт. Баласы жок Жакып зарланып, мазар кыдырып жүрөт. Жакып, анын байбичелери Чыйырды, Бакдөөлөт түш көрүшөт. Чыйырдынын түшүнө «алтымыш кулач ажыдаар», Жакыптын түшүнө бөтөнчө куш кирет:
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албай,
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албай
(Сагымбай Орозбаков, 1. 47).
Бакдөөлөттүн түшүнө туйгун кирет. Бай Жакып көп мал союп, чоң той берип, элге түшүн баян этет. Түштү эл жоруй албай кыйналат. Акырында Байжигит жоруп, Чыйырды «Ажыдаардай айбаттуу, арыстандай кайраттуу» уул төрөрүн билдирет. Жакып жана анын байбичесинин түшү келечекте элин жоодон коргой турган ашкан баатыр баланын жарык дүйнөгө келерин символдойт. Эпосто Манас өзү да кереметтүү түш көрөт. Түшүнө кылыч, жолборс, куш кирет. Бул кереметтүү түштү өткүр чечен Ажыбай: «Билинди айткан түшүңүз, оңолгон экен ишиңиз, оолуккан экен сизди издеп ойдогу азиз кишиңиз. Кытайдын кыйыны Соорондүктүн уулу Алмамбет кылымдан ашкан эр чыгып, өз элинен кетип, Көкчөгө келип турду деп уктум эле. Жолборс жолдош болгону ошол Алмамбет келип сага кошулат экен» — деп жоруйт. Бул эпизоддон баатырдыгы жана акылы жагынан өзүнө теңдеш эр жүрөктүү, акылман дос издеп, өзүнө барабар жолдош күтүүнү мурдатан эле самап жүргөн Манастын кубанычын көрөбүз.
Ошентип, К. т. ж. а. ж. эпосто көркөм поэтикалык ыкма катары милдет аткарат. Эл тыштан басып кирген душмандардан элди-жерди коргой турган ашкан баатырдын төрөлүшүн күтөт. Манас баатыр төрөлө электе эле анын идеялдуу образын эл өзүнүн фантазиясында жараткан.
С. Бегалиев
КЕРКӨКҮЛ
— эпизоддук кейипкер, кыргыз уруу башчыларынын бири. Көкөтөйдүн сөөгүн койгондогу ат чабышта Керкашка деген күлүгүн байгеге чабат.
КЕР-КӨЛ-АТА
— топоним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Ысык-Көлдүн мурдагы аталышы. Кер — «чоң» дегенди билдирет, башкача айтканда Кер-Көл «Чоң-Көл» деген түшүнүккө ээ.
КЕРМЕКАШ
— эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрү. Семетейдин жолун тосуп Үргөнчтүн боюнда оюн куруп жаткан Айчүрөктүн кеңешчилеринин бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).
КЕРМЕНИН КАРА-БЕЛИ
— топоним. Дома бил баш болуп келип, Алтайдагы Жакыптын жылкысына тийген калмактарды талкалаган жер катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 147).
КЕРМЕ-ӨТӨК
— топоним. Манастын бала чагында алтайлык калмактар менен болгон согушунда эскерилет:
Керме-Өтөктү кан кылып, Өлтүргөнүн сан кылып. Керменин Кара-Белине Кирип кетип баратыр, Сазайларын калмактын Берип кетип баратыр (Сагымбай Орозбаков, 1. 165).
КЕРМЕ-САЗ
— топоним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Нескара менен Манастын урушу» окуяда:
Ая-Көздүн Керме-Саз,
Капталың Кара-Кум болсун,
Кабардашып жоо келсе
Жердээр жериң бу болсун
(Сагымбай Орозбаков, 1. 229),
— деп башка жер-суу аттары менен кошо эскерилет.
КЕРМЕ-ТОО
— топоним. Эпосто Төштүктүн турган жери катары эскерилет:
Керме-Тоонун оюна,
Кең-Котондун боюна,
Эр Төштүктүн тоюна
Элчи келди деген сөз
Элге текши билинди
(Сагымбай Орозбаков, 4. 33).
Географиялык реалияда Тибеттин түндүгүндөгү Куэнлун тоо кыркасына туура келет.
КЕРНЕЙ
— музыкалык үйлөмө аспап. Орто Азия жана Иранда аскердин кабар берүүчү музыкалык аспабы катары колдонулган. Эпосто К. көбүнчө сурнай менен бирдикте аткарылып, жоокерлерди, элди чогултуу үчүн тартылган: «Керней, сурнай тарттырып жарчыга кабар айттырып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 60). Ошондой эле К. ар түрдүү окуяларда, башкы каармандардын жеңиштеринде, салтанаттарында жана башкалар учурларда тартылган. Мисалы, Манас баатыр Акунбешимди жеңгенде:
Ордого керней коюлуп,
Дүйнө жүзү союлуп.
Желек туудан бөлүнбөй
Жердин жүзү көрүнбөй
(Сагымбай Орозбаков, 2. 180),
— деп баяндалат.
К. башка музыкалык аспапсыз жеке да тартылган. Аскерлерди чогултуучу-кабардоочу аспап катарында пайдаланылган.
Манас баатырдын туш-тушка кеткен аскерин жыюуда: «Баңдулунун түбүндө Жети жүз керней бапылдап Аскерин жыйып азырлап» (Сагымбай Орозбаков, 2. 127) — делип сүрөттөлөт. Манас Алооке канды багындырганда:
Бакка пааша киргенде,
Баркыраган кернейден
Алты жүзү тартылып,
Кернейдин үнү бапылдап
Сурнайдын үнү такылдап
(Сагымбай Орозбаков, 2. 184), жеңишти даңазалайт.
КЕРЭЭЗ 1
— каада-салт ырларынын байыркы түрлөрүнүн бири. Эл оозеки чыгармачылыгында эки түрдө — кара сөз жана ыр түрүндө кезигет. Алгач кара сөз түрүндө айтылып, кийин акындар тарабынан поэтикалык формага түшүрүлүп, күчөтүлгөн учурлары көп. Мисалы, Боромбайдын, Балбайдын керээзи. К. калкка кеңири таанымал чечен же акын тарабынан айтылса авторлугун сактап, чыгарманын мазмуну көп өзгөрүүгө учурабайт. Айтуучулар да өзүнөн кошпой сактап калгандарын так берүүгө аракеттенишет. Буга Көкөтөй Чечендин, Арстанбек, Жеңижок, Куйручуктун К-и далил.
К. «Манаста» да кездешип, эпостун мазмундук өзөгүндө, идеялык, поэтикалык системасында алган орду жана көтөргөн жүгү бар. Мисалы, Көкөтөйдүн, Манастын К-и эпостогу окуянын өнүгүшүндө белгилүү роль ойноп, көп окуялардын түйүнү, андан ары чиеленишинин себеби болот.
Көкөтөйдүн К-и бардык варианттарда бирдей деңгээлде болбосо да орун алып, бир канча муундун таланттуу айтуучуларынын чыгармачылык өнөрканасынан өтүп, мазмуну, көркөмдүгү жактан такталып, калыптанган түрдө бизге жеткен эпостун алгачкы окуяларынын бири. Көкөтөйдүн К-и негизинен өзүн кандай көмүү жана аш берүү жөнүндө болгону менен мазмуну, багыты кеңири. Айрыкча, Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда К. ырынын жанрдык мүмкүнчүлүгү артып, таанытуучу-эстетикалык мааниси бир топ кеңейген: турмуштиричилик гана эмес, коомдук-социалдык, тарыхый-этнографиялык жана дипломатиялык маселелерди камтып, лирика-эпикалык деңгээлге чейин көтөрүлгөн.
КЕРЭЭЗ 2
Көп жашап, көптү көргөн журт атасы Көкөтөй өзү өлгөндөн кийинки элинин тагдырын ойлоп, санаасы санга бөлүнөт. Жалгыз уулу Бокмурундун «акылга пас», өзү «жаш», «дөөлөт мас» бейкапардыгына жана «атпай кыргыз калкынын башчысыз калгандыгына» катуу тынчсызданат.
Өлгөнүмдү элге билдирбей,
Өз малымды бүлдүрбөй,
Келген келин тоюндай,
Мени көмсүн
Жаш балдар кылган оюндай
Кемпирдин ашы кылсын,
Өлгөнүм, тирилигим билинбесин,
Өз журтум бөлүнбөсүн
(Сагымбай Орозбаков, 3. 8),
— деп баласына табышмактуу К. калтырат. Акылман карынын Бокмурунга «жети кылым эл жыйып «кампа толгон казынасын ачып», бар байлыгын калайык калкка жарыя кылууга тыюу салышы да калктын камын, бейкутчулугун ойлоодон чыгат. Көкөтөй ашка чакырылуучу элдердин ар бирин мүнөздөй келип:
Калмактан тыргоот, шибээн бар,
Жегени бака, жылан — мар
Кыргызга калба салбасын,
Кыжылдап жаткан кытайды
Чакырып ашка албасын
(Сагымбай Орозбаков, 3. 15)
«жетимиш түрдүү тил билген» Нескарага, «Оюктун боюн жердеген, Ойроттон киши жеңбеген» Ороңгу катынга, «алп Жолойго кабар жетпесин», — дейт.
КЕРЭЭЗ 3
Кайнында жүрүп, атасы көз жумарда кашында болбой калып, К-ин Баймырзадан уккан Бокмурун:
Кыямат кеткен өзү экен,
Кыял деп айткан сөзү экен,
Акырет кеткен өзү экен,
Артындагы калганга
Аш бер деген сөз экен
(Сагымбай Орозбаков, 3. 35), калк башчылары, Манас менен кеңешип, туш-тушка кабар айттырып, сансыз мал союп, өлүктүн каада-салтын жасап, шааниси менен узатат. Андан кийин Бокмурундун калмак, манжу, кытайларга чейин кабар айттырып, чоң аш берүүгө камданышы менен окуянын андан нары өнүгүшө шарт түзүлөт. Манастын К-и айрыкча Саякбай Карала уулунун вариантында кеңири жана көркөм айтылып, эпостун мазмундук өзөгү менен бекем тутумдаш. К. өтө оор жана кайгылуу жагдайда айтылат. Кичи казатта Алмамбет, Чубак, Сыргак баштаган кыргыз баатырлары согуш майданында окко учуп, Манас өзү катуу кайгы, оор жарааты менен элине кайтат.
Журт башчысы Манасты жарык дүйнө менен коштошуу эмес, баатыр чоролорунун шейит өлүм болушу, жесир аяштарынын ый-зары, өзү өлгөндөн кийин ички, сырткы душмандардын курчоосунда башчысыз калып жаткан кыргыз элинин, жалгыз баласы Семетейдин тагдыры катуу тынчсыздандырып кабыргасын кайыштырат. Манастын К. жарык дүйнө менен коштошор мезгили жакындаганын сезген учурда акыл токтото, ой жүгүртүп, асыл жары Каныкейге өзүн кандай узатуунун, дос, душманын эскертип, өзү өлгөндөн кийин ага кимдер жөлөк болорун баяндап келип, «душманым кэп эле сөөгүмдөн өчүн албасын, бейлебес жерге жашыргын» дейт. Манастын Каныкейге:
Кан өлгөндө катынга
Төркүнү жакын болучу.
Сен Темиркан көздөй качып кет
Атаң Темирканга барганда
Колуңдагы Семетей
Кыркып бергин чыбыгын,
Кылып бергин ырымын,
Ит аягын кечирип,
Кылычтын мизин аттатып,
Арка чачын кесе көр
Тууганың Ысмайылга бере көр...
Жашы он экиге келгенде
Ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин,
Ошондо эне-ата жайын билгизгин
(Саякбай Каралаев, 2. 225)
— деген К. калтырышы калкынын келечегин ойлоодон, эл өз башчысына ээ болуп, душмандан өч ала тургандыгына ишенүүдөн келип чыгат. К. ырларынын эпостун мазмундук өзөгүндө, идеясында, поэтикасында алган орду, аркалаган жүгү бар.
Б. Кебекова
КЕРТЕЛКИ
— Кыргылчалдын минген аты. «Суркызыл менен Кертелки, Баскан сайын жорголоп» (Курама варианты, «Семетей», 11),— деп мүнөздөлөт.
КЕСЕНДИ
— жылан, чаян сыяктуу жандыктар. Манасты оңой эле жеңип алам деген Шоорук кандын кебинде айтылат:
Жолугарга жолукпай
Жолу каткан кыргызды.
Шоролу менен Тагарма
Жооп берип ким тургузду?
Кесендиси уруусу,
Кесири тиер мунусу
(Курама варианты, 1. 149).
КЕТЕЛИК
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдү койгондо катышат.
КЕТМЕН
— топоним. Көкөтөйдүн ашында эр эңиш өткөрүлгөн Каркырадагы жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 256). Географиялык реалияда Иле аймагындагы тоо.
КЕТМЕН-ТӨБӨ
— топоним. Бокмурун элге кабар жиберип, Көкөтөйдү койгондо «Чабыр малы батыптыр Кетмен-Төбө боюна» (Сагымбай Орозбаков, 2. 47),— деп айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстанда Нарын өрөөнүндөгү аймак.
КИДАИШ-ПОКРОВСКАЯ Нинель Викторовна
(1926, Орёл шаары) — түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөчү. Ломоносов атындагы МГУнун филология факультетинин чыгыш бөлүмүн бүткөн (1950). 1954 — 58-ж. Крупская атындагы Бүткүл Союздук эл чыгармачылыгынын үйүндө Орто Азия жана Казакстан түрк тилдүү элдеринин фольклору, адабият тармагында эмгектенген. СССР Илимдер акдемиясынын Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүп, филология илимдеринин кандидаты (1961) илимий даражасын алган. 1963-жылдан СССР Илимдер акдемиясынын ИМЛИде фольклор бөлүмүндө жетектөөчү илимий кызматкер. К.-П. фольклордун историзми, поэтика, текстология, эпостун илимий котормосу проблемаларына арналган 30га жакын илимий эмгектердин автору.
Негизги эмгектери — ИМЛИнин фольклор бөлүмүнүн коллективдүү иштеринде жана 1971-жылдан СССР Илимдер акдемиясынын «Наука» басмасынан «СССР элдеринин эпостору» академиялык сериясы менен чыгып жаткан бир катар томдорунда жарык көргөн. К.-П-нын түздөн-түз катышуусу менен (илимий которуу, тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык, фольклористикалык мүнөздөгү кеңири пландагы комментарийлерди жазуу менен) кыргыз элинин баатырдык «Манас» эпосунун төрт томдук басылышынын төрт томун басып чыгарууга катышкан. Бул К.-П-нын Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын ТАИнин «Манас» сектору менен Сагымбай Орозбак уулунун оозунан жазылып алынган тексттерди басууга даярдоодогу көп жылдык бирдиктүү иш-аракеттеринин жемиши болуп саналат.
А. Абилов
КЕЧИЛ
— ламаизм дининдеги элдердин атайын касам ичкен дин кызматкери. К. жөнүндө эпосто:
Сары-Суунун боюнда
Оркойгон күрөө көрүнөт.
Ал күрөөгө барганда
Кызыл сакал топусу,
Ал кытайдын сопусу
Ошол күрөөдө болот кечили
(Саякбай Каралаев, 2. 19),
— деп сүрөттөлөт.
К. болгон адам дүйнөдөн безүү, үй-жай, мүлкүн кечүү, дүйнөдөн так өтүү, туугандык жана социалдык байланыштарды үзүү, катаал тартипке баш ийүү сыяктуу эрежелерди аткарган: «Катын алып жүрбөгөн Кытайлардын кечил деген молдосу» (Саякбай Каралаев, 2. 101). К. көбүнчө кытай маанисинде да колдонулат: «Кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай» (Саякбай Каралаев, 2. 129). К-дер өздөрүнчө социалдык диний топту түзгөн, ал кечилдик деп аталган. К-дин алгач Индияда биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта пайда болуп, кийинчерээк Кытай, Япония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азия, Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөрдө өнүккөн, к. Күрөө.
Ы. Кадыров
КИЕНКЕС
— мифтик каарман. Жажуж-мажуж дөөсү. Көкөтөйдүн ашына чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99).
КИЙИЗБАЕВА Сайра
(1917, Төкөлдөш — 1988, Фрунзе) — кыргыз совет ырчысы, СССР эл артисти (1958). Чыгармачылык ишмердигин 1936-ж. Кыргыз музыкалык драма театрында баштаган. 1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасында «Айчүрөк» операсынан Айчүрөктүн партиясын зор ийгилик менен аткарган. «Манас» операсынан Каныкейдин партиясын жогорку чеберчиликте аткарууга жетишкен.
К. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
КИЙИМ-КЕЧЕ
жоо кийими — жоокерлердин тула боюн же айрым мүчөлөрүн ар кандай согуш куралдарынан коргоочу буюмдардын жалпы аты. Эпостун башкы каармандарынын образын түзүүдө, алар урунган курал-жарагы, минген аты менен катар согуштук кийимдери да маанилүү роль ойнойт. Борбордук каарман баш болгон эпикалык баатырлардын уруш майданында кийген жоо кийимдеринин бардыгынын энчилүү аты бар. Окуянын мүнөзүнө жараша апыртылып сүрөттөлгөн жоо куралдарынан коргонуучу ал кийимдер укмуштуу: ок өтпөйт, найза тешпейт, отко күйбөйт, сууга чөкпөйт, кылыч кеспейт. Ошондой эле «Манас» эпосунун каармандары Аколпок, Бадана, Соот, Күрөөкө, Туулга, Чарайна, Чопкут сыяктуу жоо кийимдери менен жабдылган. Бул кийимдерди кийген баатырлар магиялык касиетке ээ. Эпостогу Манас баатырдын сыйкырдуулук касиети анын жоо кийимдерине байланыштуу идеализацияланган. Ал Аколпок, Бозкисе, Туулганы кийип, Аккелте, Сырнайза, Зулпукор өңдүү курал-жарактарын асынып, Аккуланы минген учурда адам тик карай албайт.
Душманына Манастын сүрү кара чаар кабылан жандай салып камынып, чолок куйрук арстан бир жагынан чамынып, алтымыш кулач ажыдаар астында, алпкаракуш үстүндө алуучудай түрдөнүп көрүнөт. Ал шайланып майданга киргенде каршысындагы жоо кармашып алы жетпеген, жеңе албаган. Элдик баатырлардын бул сыяктуу сыйкырдуу касиеттери дүйнөлүк эпостордо кеңири таралган эпикалык салт. Көпчүлүк элдердин эпосторундагы башкы баатырлардын магиялык касиеттери жоо кийимдерине байланыштырылбастан, алардын денесинин өзүндө душмандын куралын өткөрбөй, ажалдан сактаган кереметтүү касиети болот. Мисалы, гректердин «Илиадасындагы» Ахилл, болгарлардын юнак ырларындагы Момче Секула, осетиндердин нарт эпосундагы Сосруко жана Орто Азия элдериндеги Алпамыштын образындагы магиялык мүнөздөгү жалпылыктар, ал элдин өзүнүн идеал каарманын өлбөс-өчпөс каармандар катары идеализациялоодо бирдей салттык мотивдерди пайдалангандыгын көрсөтөт.
Эпикалык башкы каармандардын денесинин жоо куралын өткөрбөөчүлүк касиети эпостун тарыхый өнүгүшүнүн кийинки этаптарында алардын жоо кийимдерине өтүп, алмашылган. Бул көрүнүш жеке эле «Манас» эпосуна мүнөздүү болбостон, Орто Азия жана Казак элинин баатырдык эпосторунда да сакталып, бирдей жалпылыкты түзүп туруктуу стилистикалык формула менен сүрөттөлөт. Аталган элдердин салттарына салыштырганда «Манас» эпосунда жоо кийимдеринин эпикалык сүрөттөлүшү да кеңири планда айтылат. Баатырдын денесине душмандын куралын өткөрбөй ажалдан сактаган бул типтеги кийим дүйнө эпосторунда кеңири белгилүү мотивдердин бири — каармандын денесинин магиялык касиетке ээ болушунун жумшартылган түрү экенин биринчи жолу академик В. М. Жирмунский Манастын ок өтпөс Аколпогуна байланыштуу белгиленген эле. Жоо куралдарын өткөрбөөчү кийим казак элинин «Кобланды» эпосунун терс каарманы, калмак каны Кобыктыда да болгондугу айтылат. «Чоң казаттагы» согуш учурунда Каныкейдин жасаган соот-чопкут, жоо-жарактардын, дарылардын жана камдаган күл азыктын мааниси, негизги сапаттары, аларды пайдаланган кырк чоронун каармандык иш-аракети аркылуу ачылат. Эпостун «Семетей» бөлүгүндө Манас баатырдын жоо кийимдери (тытылган Аколпок оңдолуп мурунку калыбына келтирилет) атадан балага мурас катары өткөн кийим катары баяндалат. «Манас» эпосундагыдай эле «Семетейде» Семетейдин образынын магиялык касиети атасынан калган жоо кийимдеринин сыйкырдуулугуна байланыштырылып түшүндүрүлөт. Эпосто жоо кийимдин сыйкыры, курал-жарактардын керемети, Тайбуурулдун тулпардык касиетинин күчтүүлүгү менен бирдикте берилген.
Семетей Аколпок, Туулга, Бозкисе өңдүү согуштук кийимдерди кийип, курал-жарактарды асынып, Тайбуурулду минип жүргөндө атасы Манастай найза тешпес, ок өтпөс, кылыч кеспес баатырдын образын элестетет. Качан ал Тайбуурулду, Аколпокту тартууга берип, алардан ажыраганда анын баатырдык кайраты, сыйкырдуу керемети качкандай көрүнөт. Үчилтиктин жыйынтыктоочу бөлүгү «Сейтекте» борбордук каармандардын жоо кийимдери рационализацияланган түрдө сүрөттөлөт.
С. Алиев
КИЛДЕРБЕК
— эпизоддук кейипкер. Эштектин атасы экендиги гана айтылат:
Булгарда жаткан түрк уулу,
Сары ногой сарасы.
Алардын башын кармаган
Килдербектин баласы
Эштек деген эр экен
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1787-инв., 119-б.).
КИНДИК ЭНЕ
— төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Курч устара менен баланын киндигин такай түбүнөн кесип, ага кийиз күйгүзүп басышкан. Кескен аялды К. э. деп аташып, экинчи эне катары эсептелген. Манас төрөлгөндө анын киндигин Дамбылданын аялы Канымжан кесет. Ал Сагымбай Орозбаковдун вариантында:
Антаңдабай катындар,
Аныктап көрчү капырлар?
Жерден алгын тез деди, Д
амбылданын зайыбы
Киндигин өзүң кес деди (Сагымбай Орозбаков, 1. 77),
— деп айтылат.
Төрөлгөн баланын киндигин кескен аялдын күйөөсү «Киндик ата» деп аталат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндөгү Каныкейдин жомогунда:
Кайып болуп талаага Качып кеткен Бөлөкбай К индик атаң болучу
Бөлөкбайды көрө кел (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 161) деген баяндоодон киндик ата жөнүндө маалымат алабыз.
КИНО ЖАНА «МАНАС»
Искусствонун башка түрлөрү менен катар «Манас» эпосу кино өнөрүнүн өнүгүшүнө да өз таасирин тийгизип келүүдө. Бул залкар эпос улуттук жаш кино өнөрүнүн тарыхында бир топ даректүү тасмаларды жаратууга себепкер болгон. Кыргыз киносунун тарыхындагы эң алгачкы көркөм фильм жаратуу аракети да «Манас» эпосуна байланыштуу. 1941-ж. Алматынын киностудиясында (сценарийи Ж. Бөкөнбаев менен К. Исаев) «Манастын уулу Семетей» деген көркөм тасманы тартууга аракет жасалган. Болочок фильмдин режиссёрлору Г. Раппопорт менен А. Куттубаев болгон. Тилекке каршы бул ой оор шартка байланыштуу иш жүзүнө ашпай каган. 1962-ж. «Манас» эпосуна арналган эки бөлүктөн турган «Улуу эпос» деген тасма (сценарийи М. Байжиевдики, режиссёр — коюучусу Л. Турусбекова, оператору М. Туратбеков) тартылган. «Манас» эпосуна кызыгуулар жыл сайын артып, ар кыл пландагы даректүү тасмалар жарала баштаган.
Таланттуу манасчы Саякбай Карала уулуна арналган «Манасчы» аттуу даректүү фильмди (режиссёр Б. Шамшиев) тарткан (операторлору Б. Борбиев, Р. Петров). Ушул эле теманы режиссёр М. Убукеев үч бөлүктөн турган «Саякбай Каралаев» (1962) аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн «Улуу манасчы» (кенже режиссёру С. Токтоналиев, режиссёрдун жардамчысы У. Жукеев, кинооператорлору М. Туратбеков, Б. Алыбаев, сүрөтчүлөрү Ж. Касымалиев, А. Төрөбеков, композитору Б. Макеев) аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан. Кыргыз кино ишмерлери көркөм фильмдерди жаратууда да «Манас» эпосуна кайрылып, аны чыгармачылык менен пайдаланып келе жатышат. Кинорежиссёр Т. Океев «Кызыл алма» (1975, сценарийи Ч. Айтматов, Э. Лындина, Т. Океевдики, оператору К. Орозалиев, сүрөтчүсү Д. Жумабаев, композитору Ш. Калош), «Ак илбирстин тукуму» (1984, сценарийи М. Байжиев менен Т. Океевдики, оператору Н. Борбиев, композитору М. Бегалиев, сүрөтчүсү А. Макаров) көркөм тасмаларында «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү фильмге киргизип, кошумча драматургиялык материал катары пайдаланат. Өзгөчө эки бөлүктөн турган «Ак илбирстин тукуму» аттуу эпикалык фильминде Сайкал апанын (артист А. Жангорозова) «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарышы зор тааснр калтырат. Б. Шамшиевдин «Бөрү зынданы» (сценарийи Б. Шамшиев, Е. Абишевдики, кинооператору М. Мусаев, сүрөтчүлөрү Д. Касымалиев, Э. Салиев) аттуу эки бөлүктөн турган тасмасында «Манас» эпосунан пайдаланылган чакан эпизодду да эскере кетсек болот. Кинорежиссёр В. Карагулов өзүнүн алгачкы көркөм тасмасы «Айдагы жез кемпир» (1985, сценарийи А. Жакыпбековдуку, оператору М. Мусаев, сүрөтчүсү А. Макаров, композитору В. Киселев) аттуу фильминде да «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү орундуу пайдаланган. Натыйжада фильмдин идеялык мазмуну байыган. 1980-ж. тартылган «Жаш манасчылар» (оператору С. Макекадыров, сценарийи Б. Сарыгуловдуку) даректүү фильминде режиссёр Р. Байтемиров эпосту пропагандалоо, улам кийинки урпактардан манасчылык өнөрдү улантуу маселелерине кайрылган.
К. Ашымов
«КИРГИЗСКИЙ ГЕРОИЧЕСКИЙ ЭПОС «МАНАС»»
— китеп, орус тилинде жазылган илимий эмгектердин жана макалалардын жыйнагы (Москва, 1961). Китептин редколлегиясы М. И. Богданова, В. М. Жирмунский, А. А. Петросян. Китептин аягына П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн «Манас» жөнүндөгү адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү жыл ирети боюнча берилген. Библиографияда адам аттарынын, ошондой эле географиялык жана этнографиялык аталыштардын, искусство чыгармалары менен элдик чыгармачылыктын аттарынын көрсөткүчтөрү кошо берилген. Китепте А. А. Петросяндын кириш сөз катары ««Манас» эпосунун элдиктүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата», М. Ауэзовдун ««Манас» кыргыз элинин баатырдык поэмасы», В. М. Жирмунскийдин ««Манас» эпосун изилдөөгө киришүү», М. Богданованын «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өзгөчөлүгү жөнүндө», П. Н. Берковдун ««Манас» жана Алтай эпосу», А. Токомбаевдин ««Манас» үчилтик эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата», Т. Сыдыкбековдун ««Манас» үчилтик эпосунун үчүнчү бөлүгү — «Сейтек» поэмасынын элдүүлүгү жөнүндө», Б. Юнусалиевдин ««Манас» эпосунун бириктирилген вариантын түзүүдөгү тажрыйба тууралуу» — деген эмгектери кирген.
Ж. Сагынов
КИРИЧ
— жаанын эки башы бириктирилип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Эпосто:
Жааны колго алышып,
Жаалданып калышып,
Күчүгөн жүндүү сыр жебе
Киричине чалышып
(Сагымбай Орозбаков, 2. 132).
Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок алып,
Киричине чалганча
Коюп Манас кеткени
(Сагымбай Орозбаков, 1. 205),
— деп сүрөттөлөт.
Кээде жаа маанисинде да колдонулат, к. Жаа.
«КИРИШ СӨЗ»
— Б. Юнусалиевдин «Манас» эпосунун курама вариантына (Курама варианты) жазган баш макаласы («Манас», 1-бөлүк, 1-китеп, Фр., 1958). Макалада Курама варианты түрүндө басмадан чыгаруунун зарылдыгы, максаты, мааниси жана эпосту окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арнап чыгаруунун, бастырууга кире турган эпизоддорду тандап алуунун, жалпы эле текстти басмага даярдоонун принциптери жөнүндөгү илимий ойлор кеңири айтылган. Айрыкча «Манас» эпосуна арналган Бүткүл союздук илимий конференциядан (1952, 6—10-июнь) кийин эпос боюнча топтолгон материалдарды системага салып, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багытындагы иштер жүзөгө ашкан. Натыйжада «Манас» үчилтигинин Курама вариантынын төрт китеби («Манас» 1—2, «Семетей», «Сейтек») жарыкка чыкты.
«Манас» өңдүү улуу эпостун көптөгөн илимий проблемаларынын ичинен анын зор көлөмү илимпоздордун көңүлүн бөтөнчө буруп келгендиги биринчиден, элдин көркөм сөз өнөрүнүн бөтөнчө өнүккөндүгү, экинчиден, элдин тилинин чексиз байлыгын айгинелейт. Анткени, «жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын, түстүү экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарган». Эпос менен тарыхтын байланышы жөнүндө фольклористика илиминде бири-бирине карама-каршы пикирлердин жашагандыгы белгилүү. Айрым окумуштуулар эпосто көркөм чагылдырылган тарыхый окуяларды бир беткей карашып, эпосту тарыхтын жыйнагы катары баалашып, анын көркөм чыгарма экендигин унутуп коюшат. Бул маанилүү маселе боюнча Б. Юнусалиевдин пикири негиздүү экендигин окумуштуунун төмөнкү сөздөрү ачык далилдеп турат. «Эпос тарых эмес, бирок «Манас» эпосунун кыргыз элинин тарыхына байланыштуу экенин танууга болбойт». «Манас» эпосунда элдин байыркы мезгилдеги коомго, жаратылышка болгон мамилелери, түшүнүктөрү кеңири көркөм баяндалгандыгын белгилеп, кыргыздардын диний түшүнүктөрү, мифтик, фантастикалык ой жүгүртүүлөрү арбын кезигерин айтат. Кыргыздын көркөм мурасы «Манасты» жараткан, сактаган, өнүктүргөн манасчылардын варианттарынан кыскартып түзүлгөн Курама вариантынын негизин Саякбай Каралаевдин варианты түзөрүн белгилеп, андагы окуяларды мүнөздөгөн. Ошондой эле окуяларынын молдугу, күлүк ой жүгүртүүлөр, апыртуулардын кеңирилиги чыгармага зор масштабдуулук мүнөз бергенин каармандары да дээрлик эпикалык өмүр баяны бар образдардан экенин көрсөтүп образдар системасына кеңири талдоо жүргүзгөн.
«Манас» эпосунун жаралуу доору боюнча да Б. Юнусалиевдин негиздүү илимий божомолу бар. Бул олуттуу проблеманы туура чечүү эпостун идеялык мазмумун, образдар системасын, көркөм поэтикасын туура түшүнүп, туура баа берүүгө өбөлгө болорун белгилейт да, эпостогу тарыхый, этнографиялык, лингвистикалык, географиялык маалыматтарга таянып, «Манас» эпосу Алтай доорунда (9—11-к.) пайда болгон деген пикирди айтат. Эбегейсиз зор эпостун саясий, тарыхый жана көркөмдүк жагынан маанисинин чоң экенин баса белгилеп, келечекте эпостон орун алган тарыхый окуяларды, мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилин, образ системасын, сюжеттик сызыгын, варианттарындагы айырмаларын, эпостогу окуялар менен граждандык тарыхтын байланыштарын терең изилдөө керектигин сергек баамдап, туура илимий жыйынтык чыгарган.
Б. Юнусалиев «К. с-дө» кыргыз эли үчүн зор сыймык, кубанычтуу окуя болгон Курама вариантына талдоо жүргүзүп, тексттеринин тарыхта биринчи мертебе жарыяланышына чоң баа берген.
Ж. Сагынов
«КИРИШ СӨЗ»
— Б. Керимжанованын «Манас» эпосунун курама вариантынын экинчи бөлүгү «Семетей» (Фр., 1959) эпосуна жазган баш макаласы. Макала эпостун вариантында чагылдырылган доордун мүнөзүн жана генеологиялык циклдешүү принцибинин өзгөчөлүгүн иликтөөгө арналган. Ушул максатта эпостогу байыркы элементтер каралып, жомоктук-мифтик катмарлардын орун алышы тийиштүү деңгээлде көрсөтүлөт. Чыгарманын сюжеттик канвасы жана чагылдырылган доору талданат. Генеологиялык циклдештирүүнүн классикалык үлгүсү болгон «Семетей» эпосунун айрым сюжеттик мотивдери, образдары, поэтикасы сөзгө алынат. Эпос биринчиден, эл-жер үчүн ички жана тышкы душмандар менен күрөшүү — баатырдык темасы, экинчиден, романтикалык сүйүү темасына бөлүнөт. Ал темалар бири-бири менен айкалышып, поэманын сюжетин түзөт жана ал сюжеттик окуялар Семетейдин кыймыл-аракети, ой-дүйнөсү, турмуштук көз караштары менен ажырагыс байланышта өнүгөт. Аны ички жана сырткы душмандарга каршы жүргүзгөн күрөшүнөн баамдайбыз. Эч себепсиз эле бөтөн элди чаап алуу поэманын духуна жат.
Ал эми Семетейдин Коңурбайга каршы аттануусу эки себепке негизделген. Биринчиден, алыстагы Коңурбай капылеттен кол салбасын деген тактикалык максат, экинчиден, ата-бабаларынын өткөн өчүн, кеткен кегин алуу экендиги белгиленет. «Семетей» поэмасынын экинчи сюжеттик өзөгүн лирикалык тема түзүп, махабат мамилелери орчундуу орун ээлейт. Семетей менен Айчүрөк табиятынан эле бири-бирине ылайык жаралгандай, ата салты боюнча да, тунук махабаттын салтанаты боюнча да үйлөнүү поэмада оригиналдуу чечилген. Жыйынтыктап айтканда эпостун вариантынын бардык тутумдук бөлүктөрү өз жайын тапкан. Сүрөттөлгөн окуялар, көрүнүштөр ырааттуу берилген — органикалык ички биримдик бекем сакталган, өзүнчө бүткөн. «Семетей» поэмасы кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн тарыхый, социалдык турмушун, прогрессивдүү ой-тилегин, патриоттук күрөшүн жогорку пафосто, чебер сүрөттөп берген көркөм чыгарма катары бааланат.
Ж. Сагынов
«КИРИШ СӨЗ»
— К. Асаналиевдин «Манас» эпосунун курама вариантынын үчүнчү бөлүгү «Сейтек» (Фр., 1959) китебине жазган баш макаласы.
«Сейтек» эпосу — «Манас» үчилтигин бардык жагынан жыйынтыктаган бөлүм. Автор «Сейтек» эпосунун үчилтиктеги орду, мааниси, тема, идея, образдардын талкууланышы, салттуулук менен жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышын талдоого алат. «Сейтек» сюжеттик жана композициялык түзүлүшү, каармандардын көркөм элестеринин ачылышы, идеялык мазмунунун толуктугу боюнча оригиналдуу, өз алдынча чыгарма. Поэманын «Манас» менен «Семетейдей» эле эл арасына кеңири таралган бир нече варианттары бар. Алардын арасынан көркөм сюжеттери жетер жерине чейин иштетилиши, окуялардын нагыз эпикалык арымда сүрөттөлүшү, образдардын даана ачылыш жагынан Саякбай Карала уулунун вариантына башка варианттардын эч бири тете келбейт. Ошондуктан ар кыл идеялык-көркөмдүктө айтылган варианттардан кыскартылып, куралып түзүлгөн «Манас» менен «Семетейден» айырмасы, «Сейтек» бир гана Саякбай Карала уулунун вариантынын негизинде берилген. Кириш сөздө «Манас», «Семетей» варианттарындагы идеялык-көркөмдүк системасын кайталабастыгын айтуу менен «Сейтек» бөлүмү да мурдагы сюжеттик теманы кайталабастан, жаңы идеялык-тематикалык негиздери улантылат, акыр аягына чыгарып, бүт эпосту тыянактайт.
«Сейтек» да «Семетей» сыяктуу эле кыргыз элинин бүлүнүшүн, каармандарынын жеңилишин, азап чегишин сүрөттөө менен башталат. Бөлүмдүн эң күчтүү жактарынын бири — салттык сюжеттик мотивдердин жаңыча чечилгендигинде. Андагы фантастиканы, гиперболалаштырууну, мифтик учурларды каармандардын турмуштук абалдарынан ажыратууга болбойт. «Эмне үчүн Бакай өлбөйт», «Эмне үчүн Айчүрөк сулуулугунан өчпөйт», анткени элдик таланттар бул касиетти аларга «түбөлүк» берген. Чыгарманын бүткүл идеялык-көркөмдүк негизинин арымы да, кеңдиги да анда ар түрдүү каармандардын турмушу, тагдыры бардык тараптан сүрөттөлгөнүнө байланыштуу. Каармандын мүнөзүн сенейтип койбостон ага жаңы түс берип, түрдүү кыймылдарга, кубулуштарга туш келтирет. Мисалы, Күлчоро «Семетейде» шайыр, ачык жигит, кийинки башка турмуштук кырдаалда анын мүнөзү да, кыялы да өзгөргөн. Күлчоро менен Канчоро бири-бирине карама-каршы образдар. Күлчоро адилеттүүлүктүн, адамгерчиликтин, ал эми Канчоро арамзалыктын, кара ниеттүүлүктүн элесин берет. Бул «Сейтек» бөлүмүндө ачылат. Поэманын сюжеттик негизин анын баш каарманы Сейтек түзөт. «Семетейде» баатырдык мотив күчтүү болсо, «Сейтекте» элдин турмушу,. тагдыры көбүрөөк баяндалат. Дээрлик бардык варианттарда Сейтек күчтүү душман менен согушуп, аны жеңет.
«Сейтектин» толук вариантын түзүүдө Саякбай Карала уулунун чыгармачылыгы чоң орунду ээлейт. «Манас» үчилтиги атайы «Сөз башы» менен башталат. Анда элдик жомоктун нечен замандан бери укумдан-тукумга өтүп келе жаткандыгы айтылат. Үчүнчү бөлүм «Сейтек» поэмасында «Сөз аягы» берилет. «Сөз аягында» душман биротоло жеңилгенден кийин Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, Бакай, Каныкейлердин алыс сапар кеткени айтылат. Чыгарманын мындай бүтүшү элдин акылмандыгынын күбөсү. Анткени, эл өзүнүн сүйүктүү каармандарына өлүмдү каалаган эмес. Ошондуктан эл арасында алардын сапар чегип жүргөндүгү жөнүндө уламыш кеңири таралган.
Ж. Сагынов
КИСЕ
— калың кайыштан күмүш чабылып кооздолуп жасалган курга боосунан бекитилип же илинип коюлуучу баштыкча, тегерек кутуча. Көбүнчө кемер курга байланат. Ага оттук, куу, милте жана башкалар майда буюмдар салынган. Мисалы, «Шалдыркан кисе, бото кур» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76). Бычактын кыны, оттук, куу салынган баштыкча жана башка керектүү майда буюмдар илинген кур жалпысынан К. кур деп аталган. Кээде кайыш кур деле К. деп айтылат: «Мойнуна кисе салынып» (Саякбай Каралаев, 1. 51), к. Боз кисе.
КИТЕ
— «Кенендеги» кейипкер. Коңурбайдын небереси, к. Чоң Ките.
КИТЕН АЛП
— мифтик каарман. Эпосто дөө, перилердин өкүлү катары жоо тарабында сүрөттөлөт. К. а. — эпостун байыркы катмарларына кирген ысым. Бул эпоним орто кылымда жашап кыргыздар менен түрдүү мамилелерде болушкан кара кытайларга байланыштуу. Алар тарыхта «кидандар» деген ат менен белгилүү болуп, 10 — 12-кылымдардын аралыгында күчтүү мамлекети болгондугу маалым. Ушундан улам К. а. эпонимин «кидан» этноними менен өзөктөш деп айтууга болот. Б. а. «Манас» эпосунун өнүгүү шартына, басып өткөн жолуна ылайык «кидан» этноними эпоско киргенден кийин К. а. эпонимине айланып калган. Мындай көрүнүш анчалык таң калыштуу эмес жана дайыма боло берүүчү нерсе. Тарыхтан белгилүү: кара кытайлар (кидандар) өздөрүнүн мамлекетин «ляо» (темир) деп аташкан. Демек, эпосто «Киндиги темир Китен алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80) деп ушул себептен улам айтылышы мүмкүн. К. а. эпоними Алтай, Сибирь жактагы түрк элдеринин фольклорунда жана эвенкилердин уламыштарында да көп учурайт.
КИЧИ ЖҮЗ
— казак элинин негизги үч бөлүгүнүн бири. Эпостогу эпизоддук кейипкер Үмөт К. ж-дүн өкүлү катары айтылат: «Кичи жүздүн Үмөтү» (Сагымбай Орозбаков, 2. 243), к. Казактар.

