КӨБӨН - КУУ ТҮЛКҮ
- КӨБӨН
- КӨБӨТАЙ
- КӨБӨШ 1
- КӨБӨШ 2
- КӨБӨШ 3
- КӨБӨШ 4
- КӨБӨШ 5
- КӨБҮ-ШАМУ
- КӨГАЛА
- КӨГАЛА
- КӨГӨЙ
- КӨГӨН
- КӨГҮЧКӨН
- КӨДӨҢ
- КӨЗКАМАНДАР 1
- КӨЗКАМАНДАР 2
- КӨЙКАП
- КӨЗКАМАН
- КӨЙҮШ
- КӨК-АРАЛ
- КӨК-АРГЫН
- КӨК-АРТ
- КӨК БАЙТАЛ
- КӨК БӨРҮ
- КӨКБӨРҮ
- КӨК-ДӨБӨ
- КӨКДӨӨ
- КӨК-БУКА
- КӨКЖОРГО
- КӨК ЖЕКЕ
- КӨКЖОРУ
- КӨККАЗЫК
- КӨККАЧЫР
- КӨК КИЙИМЧЕН АСКЕРЛЕР
- КӨККОЕН
- КӨККЫЯЗ
- КӨКМӨК
- КӨКӨ-НООР
- КӨКМОНЧОК
- КӨКӨТӨЙ 1
- КӨКӨТӨЙ 2
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 1
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 2
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 3
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 4
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 5
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 6
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 7
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 7
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 8
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 9
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 10
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 11
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 12
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 13
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 14
- «КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 15
- «КӨКӨТӨЙДҮН ЭРТЕГИСИ»
- КӨК-ӨТӨК
- КӨКТЕЛКИ
- КӨК ТЕҢИР
- КӨК ТУЛПАР
- КӨКЧӨ
- КӨКҮРӨК
- КӨКЧОЛОК
- КӨКЧӨКӨЗ
- КӨК-ЧЫНАР
- КӨК ЫРАПС ТОН
- КӨЛБАЙ
- КӨЛ-КАМЫШ
- КӨЛ-КЕЧҮҮ
- КӨЛӨП
- КӨЛ-СУУ
- КӨМӨК
- КӨМӨСАРА ЧОҢ-БЕЛИ
- КӨНӨК
- КӨНӨР
- КӨҢГӨЙ
- КӨӨДӨҢ
- КӨӨНӨКАН
- КӨӨНӨ КАТМАР
- КӨӨНӨ МОТИВ
- КӨӨНӨ ОБРАЗ
- КӨӨНӨ СӨЗДӨР
- КӨӨНӨ СЮЖЕТ
- КӨӨНӨ-ТУРПАН
- КӨӨНӨ ЭПОС
- КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 1
- КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 2
- КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 3
- КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 4
- КӨРПАЯН
- КӨРУУЛУ СУЛТАН
- КӨТМАЛДЫ
- КӨТӨЛҮКТҮН САРЫ-БЕЛ
- КӨТӨРМӨ
- КӨТӨРҮШ
- КӨЧӨК
- КӨЧҮРМӨ
- К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНДИВИДУАЛЬНОГО В ЭПОСЕ «МАНАС»
- КӨЧӨР
- КӨЧПӨСБАЙ
- КУБАЙЫС
- КУБАЙЫС
- КУБАН
- КУБАТ
- КУДАЙНАЗАР
- КУЙРУЧУК
- КУЛ
- КУЛА
- КУЛАБЭЭ
- КУЛАККАЙЧЫ
- КУЛАН
- КУЛАН
- КУЛАНАК
- КУЛАН-ЖАЙЛАК
- КУЛАНСАРЫК
- КУЛАНСУР
- КУЛА ТАЙ
- КУЛУН
- КУЛЖАН
- КУЛТАҢ
- КУЛУНСУР
- КУЛУТКА
- КУЛЬМИНАЦИЯ
- КУМАЙЫК 1
- КУМАЙЫК 2
- КУМАР
- КУМ-АРЫК
- КУМ-БУЛАК
- КУМДУУ-СУУ
- КУМ-КЫЯ
- КУМ-ТАЛАА
- КУМУЛ
- КУМУЛ
- КУНДАК
- КУНДУЗ
- КУРАЛ-ЖАРАК 1
- КУРАЛ-ЖАРАК 2
- КУР
- КУР
- КУРМАН Кыдырбай кызы
- КУРМАНОВ Таалай
- КУР САЛУУ
- КУРТКА
- КУСАБҮБУ
- КУСАРЫШ
- КУТАН АЛП
- КУТМАН
- КУТТУБАЕВ Аманкул
- КУТТУБАЕВА Анвар Акматовна
- КУТУБИЙ 1
- КУТУБИЙ 2
- КУТУБАЙ
- КУТУ
- КУУ БАЙТАЛ
- КУУ-ЖЕКЕН
- КУУЖИГИТ
- КУУКАЗЫК
- КУУ-ТЕЗ
- КУУ КУЛЖА
- КУУЧАБДАР
- КУУ ӨРДӨК
- КУШ-МУРУН
- КУУ ТҮЛКҮ
КӨБӨН
— эпизоддук кейипкер. Алтайдан Ала-Тоого көчүү кеңешине наймандардын өкүлү катары катышканы гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 23).
КӨБӨТАЙ
— эпизоддук кейипкер. Ороздунун ыркы жок он уулунун төртүнчүсү (Сагымбай Орозбаков, 1. 189).
КӨБӨШ 1
— каарман. Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттөн туулган алты баласынын («алты арамдын») башчысы, Манас өлгөндө ордун зордук менен ээлеп, Таластагы аргын, ногой уруусуна кандык кылган аталаш иниси. «Семетейдин» бардык варианттарда «көөлдөгөн көр Көбөш» делинип, ал акылы тайкы, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн бардыгына даяр, уят-сыйытсыз адам катары сүрөттөлөт. Ал илгертен бекем сакталып келе жаткан элдик ыйык салтты бузуп, агасы Манастын өлгөнүнө «кырк күн мезгил толо элек, каадалап ашы бериле элек» жатса, сөөк өчтү чет душмандан да жаман иш кылып, «тамынын баарын уратып, талынын баарын сулатып», ордосун талкалап, «сан дүйнөсүн камчыга ченеп бөлүп», каралуу аялы Каныкейге зордуктап үйлөнмөк болот. Каныкей анын бул жосунсуз жоругуна каршы турганда анын оң далысынын кечирин айбалта менен кыя чаап (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 20) же эмчегин жара чаап, эси ооп калганда башын кесмек болот. Шууту же башка арачылар арага түшүп өлүмдөн аман алып калышат.
К. Манастын жалгыз баласы, анын жолун улантып, келечекте элдин үмүт-тилегин жүзөгө ашыруучу Семетейди да жок кылуудан баш тартпайт. Алты айлык Семетейди өлүмдөн Каныкей алдын ала көрөгөч акылмандыгы, айлакерлиги менен аман алып калат. Абыке, Көбөш Манастын ордосуна чабуул жасап келе жатканда Семетейди Чыйырдыга берип качырып, анын ордуна күңдүн баласын бөлөп коёт. К. бешиктеги баланы наркескен менен алты бөлө чабат (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча), башка варианттарда көкбөрү тарттырып өлтүрөт... «Алты арамдан» энеси Букарга ала качкан Семетей эрезеге жетип, мекени Таласка келип, ата мурас ордун ээлемек болгондо кайрадан К-түн кастыгына дуушар болот. Анын атасынан калган мал-мүлкүн, жоо жарагын бергиси келбей: «Манас чоң да болуучу, мен кичине болчумун, менин малым баарысын, ээлеп алып ал Манас меники деп жүрүүчү, эл меники болуучу, жер меники болуучу, Тороло албай жатканда малымды ээлеп алуучу, жанымды ээлеп алуучу» (БС, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 456 б.), — деп кара өзгөйлөнөт.
КӨБӨШ 2
Саякбай Каралаевдин вариантында:
Кызыталак жетим кул
Сенин атаң Манас кандан не калган,
Кула чолок бээ калган,
Курттаган жалгыз төө калган,
Жырык кара уй калган,
Жыртык кара үй калган.
Сенин атаң Манастын
Киргени кара алачык,
Атаңдын күнү өтүүчү,
Ар кайсы менен сабашып.
Томаяк кылып сен атаң,
Торпокко жүктү арттырган,
Тозокту минтип тарттырган.
Сенин атаң Манас келесоо
Аккуланы минүүчү,
Беттешкен менен урушуп,
Догурунуп жүрүүчү.
Атаң минип жүргөн Аккула,
Биздин жылкы болуучу,
Догурунуп ал Манас
Күчүн минип жүрүүчү
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 281 — 282),
— деп кордоп, Манаска кайыбынан табылган Акшумкар, Кумайык, Бозкисе, алты курчту өзүм тапкан, Аколпок, Тайбуурулду өзүм эрдигим менен жеңип алган мүлк деп калп айтып мактанып, кара өзгөйлүккө салып, Семетейге бергиси келбей кылыч ала чуркайт. Жаш болсо да Семетей анын бардык күнөөсүн кең пейилдик менен кечирип, нечен жолу курун мойнуна салып, атын тартуу кылып, бир туугандык ынтымакта бололу, элдин биримдигин сактап, сырткы жоого бел алдырбайлы дегенине көнбөй, ага каршы кол курап, чабуул коёт.
Семетей аны өлтүрүүгө аргасыз болот. Кыргыз уруулары бир эл экенин алгач аңдап, өз ара баш кошууга умтулуусун чагылдырган «Манас» бөлүмүнө салыштырганда «Семетей» коомдук өнүгүштүн алда канча кийинки этабында, феодалдык бытырандылык доордун тушунда пайда болгонун К-түн образы жана анын иш-аракетин баяндаган окуялар айрыкча даана көсөтүп турат. Биринчи бөлүмдө кимдиги ачык көрүнбөй, арамдыгын ичине каткан К. эми жаңы шартта өзүмчүлдүк, мансапкордук оюн ишке ашырыш үчүн жаңы күч менен чыгат. Байлык, бийлик үчүн өзүнүн эң жакын туугандары менен каршылашып, максаты орундалганда «ысыктагы жылкыдай ылаалап», «аюу талпактын үстүндө, бар жаздык коюп башына», «Канышайга бутун ушалатып», «элге айда салык салып, айгырдан тандап ат алып, төөдөн тандап нар алып, алтын-күмүш зар алып», «көк кенедей толгон» нагыз катаал феодалга айланат.
КӨБӨШ 3
Ал чабылып-чачылып ар кайда жүргөн элди бириктирип, ата-журттун көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Манастын толук карама-каршысы катары сүрөттөлөт. Манастын элдик иштеринин эч биринде катышпайт, жортуулга кетсе башын катып үйдө калат (жамы журт бүтүн аттанган Чоң казатта да), Манастын оң ишин колдомок турсун, анын душман колдуу болуп өлүп, кайтпай калышын тилейт. Оорукта калган элдин ыркын бузуп, бийликке ээ болууга умтулат. Манас өлгөндөн кийин бул кара ниет оюн ишке ашырат. Өзүнүн аброюн көтөрүп, Манастын ордун өмүр бою ээлеп калышы үчүн анын закондуу мураскору Семетейди жок кылууга умтулат. Түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында К-түн тибиндеги тескери образдар салттык образ катары кеңири жолугат.
Мисалы, «Алпамыштын» ар түрдүү варианттарындагы Ултан-Таз. Ал — Алпамыштын өгөй энеси туткун күңдөн туулган аталаш иниси. Муну К-түн Жакыптын жоо эл калмактан алган кичи аялынан туулган баласы экендиги менен салыштырса болот. Ултан-Таз да өлдү деп эсептелген Алпамыштын аялын зордуктап алууга, жакындарын кордоп, өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылат. К-түн образына алтайлыктардын «Алып Манаш» эпосундагы Ак-Көбөндүн образынын генетикалык-типологиялык жакындыгы бир кыйла ачык байкалат. Көбөш менен Ак-Көбөндүн ысымдарынан байка да, каармандар Манас менен Алып-Манаштын, алардын бир тууган карындаштарынын (эки эпосто тең Карлыгач) аттарынын окшош болушунан тышкары, сюжет жагында да жакындык бар. Асыранды иниси Ак-Көбөн Алып-Манаш баатырдын жогунан пайдаланып (жортуулда жүргөн Алып-Манаш баатырдык алп уйку менен уктап колго түшүп, орго салынат, мындай мотив көөнө эпостордо каармандын убактылуу өлүмүн билдирет), анын аялына үйлөнмөк болушу Көбөштүн Каныкейге үйлөнүүгө аракетин эске түшүрөт. Жакып сыяктуу эле Алып-Манаштын атасы Байбарак келининин Ак-Көбөнгө чыгышын талап кылат.
КӨБӨШ 4
В. В. Радлов 19-кылымда Түштүк Сибирдеги татарлардан жазып алып жарыялаган бир нече варианттуу «Ак-Көбөк» аттуу баатырдык баяндын да «Манас» менен, анын ичинде К-түн образы менен айрым генетикалык байланышы бар. Ак-Көбөк энесинен туула элек жатып «Мен туулармын, туулармын, бу дүйнө жүзүн көрөрмүн, күмүш шекилдүү жеңемдин, оозу-мурдун өбөрмүн» (Радлов жазып алган вариант, 143),— дейт. Алып-Манаштагы Ак-Көбөндүн «Манастагы» К-түн жеңелерине көз артышып, аларга үйлөнүүгө жасаган аракеттерине мүнөздөш мотивдин айтуучунун эсинде сакталып калган рудименти болуу керек. Окуянын андан аркы улантылышында Ак-Көбөк эр жетип укмуштуу ат, кылыч, куш, тайгандуу болгондон кийин Көдөн кандын баласы Мангыш алп менен беттешкени жөнөйт («Мангыш алп» деген ат Алпамыштын Алып-Манаштын фонетикалык өзгөрүшү болуу менен бирге Манастын аты менен да тектеш). Талаадан кездешкенде Мангыш алп Ак-Көбөктүн атын, кушун, кылычын, тайганын бергин деп талап кылат. Бул мотив Семетей Көбөштөн атасынан калган мурас-мүлктөрүн доолаганын кайсы бир деңгээлде эеке салат.
Эки эпосто мал-мүлктордүн өтө окшош сүрөттөлүшү да бул чыгармалар качандыр бир кездерде генетикалык байланышта болгону жөнүндөгү ынанымды тереңдетет. Мисалы, кылычтын жасалышы жөнүндөгү эки эпостогу төмөнкүдөй сүрөттөөлөрдүн окшоштугу бир чыгарманын түрдүү айтымдары сыяктуу элес калтырат. «Манаста»: «Көмүрүнө чыдабай көп токойлор кыйылган, Көөрүгү үчүн кылычтын Көк букалар кырылган, сугатына бир катар суук булак соолгон, Кылганына чыдабай кырк алты уста жадаган өгөөсүнө чыдабай отуз өгөө жоюлган». «Ак-Көбөктө»: «Кагымына чыдабай как балкалар жоюлган, Согушуна чыдабай сом балкалар жоюлган, басуусуна чыдабай балтыры жоон кул өлгөн, басышына чыдабай көп көөрүктөр жарылган». Ырас жогоркудай мал-мүлк доолашуудан кийин Ак-Көбөктүн «агалуулар-инилүүлөр ата малын талашаар», — деп (бул Манас менен Көбөштүн ага-ини болгонун эске түшүрөт), Мангышты амал менен өлтүрүшүнүн «Манас» менен сюжет жагынан окшоштугу жок, бирок бул мотив «Алпамыш», «Алып-Манаштагы» башка оң каарманды амалкөй же сыйкырдуу кемпирге жолун тостуруп ууландырып (мас кылып), колго түшүрүп орго салышына үндөшүп турат. Алтайлыктардын «Алып-Манашын» окумуштуулар Орто Азия элдеринин «Алпамышынын» көөнө версиясы катары карашат да, ошол эле учурда анын «Манас» менен генетикалык байыркы байланышы бар экенин эскеришет. Демек, «Ак-Көбөктү» көөнө формаларда тектештиги бар бул чыгармалардын дагы бир версиясы катары кароого толук негиз бар. Мунун Ак-Көбөктүн «Манастагы» К., «АлыпМанаштагы» Ак-Көбөн менен атынын тектеш болушу да ырастайт. Бу ысымдын төркүнү теги байыркы түрк моңгол тилдериндеги Көбөгүн (Көбөйүн, Көбөгөн) — «кенже уул», «канзада» деген сөз. Бул ысымды эркелетип айтуудан Көбөш, Көбөй, Көбөн, Көбөк формалары пайда болгон. Бул аттарды алып жүргөн каармандар өздөрү катышкан чыгармаларда атанын кенже уулу катары сүрөттөлөт да, ысымдары образдарына шай келет.
КӨБӨШ 5
Сибирдик татарлардын эпикалык баянынын бардык варианттарында Ак-Көбөктү өлтүргөн душманы Киден кан (Көдөн кан) 10—11-кылымда коңшу элдерди, анын ичинде кыргыздарды да багындырып, Борбордук Азияда гегемондугун орноткон Кидан (кара кытай) мамлекетинин наамынын персонификацияланышы деп табылса, анда Көбөктүн, К-түн, Көбөндүн образдарынын келип чыгышы ушул доорго туташ деген жыйынтыкка алып келет. Ак-Көбөк жөнүндөгү баяндар хакастардын, кавказдагы ногойлордун элдик оозеки чыгармаларында да учурайт. Кыргыздарда Кумайык деген кыраан тайганы, Карлыгач деген карындашы бар Көбөктүн кырк уруу түрктүн каны экендиги жөнүндө жөө жомок айтылат. К. Мифтаков ушул жомоктун уландысы катары Талым кыз менен Көбөктүн ыр түрүндөгү табышмак-айтышын жазып алган. Тереңден карай келгенде бул чыгармалар да жогоруда аталган эпостор менен тамырлаш. Түштүк Сибирде байыркы кыргыздар жашаган чөлкөмдө Көбөк-кан деген тоо бар. Келтирилген мисалдардын негизинде К-түн образы «Манас» эпосундагы эң эски образдын бири деген жыйынтыкка келүүгө болот. Сыягы, анын образы кыргыздардын борбордук Азияда үстөмдүк кылып турган мезгилинин соңку кездеринде (10—11-кылымдарда) алардын жана аларга көз каранды түрк урууларынын чөйрөсүндө түзүлө баштап, кийин алар менен кошо Кавказга чейинки жаңы аймактарга тараган.
Р. Сарыпбеков
КӨБҮ-ШАМУ
(моңголчо говь — чөл, суусуз жер, кыт. шаму — чөл) — топоним. Алмамбет өз элинен кетип Көкчөгө келген соң өзүнүн баатырдыгы, эр жүрөктүүлүгү аркасында бат эле казак элине кадыр-барктуу болот. Көкчө жана анын чоролору жеңе албай жүргөн жоолорун жеңип, душмандын малын тийип, Көкчөнүн элин байытат. Эпосто ал мындайча сүрөттөлөт: Көбү-Шаму чөлүнөн Маңгул, калмак аралаш Санам кытай элинен Жыйырма миң жылкы алыптыр. Жыйып кара малынан — Сыйыр, төөсү баарынан Он беш миң кара алыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 238),— деп жоокерчилик доордун шартына ылайык идеалдаштырылат. Тарыхый топоним катарында МЭРдин түштүгүндө жана түштүк-батышындагы жана Кытай чөлкөмүндө жаткан эбегейсиз зор чөлдүү аймак аталат.
КӨГАЛА
— Көкчөнүн минген аты. Радлов жазып алган вариант менен
Б. Жумабаев. Көкала (Көкчөнүкү). Сагымбай Орозбаковдо Алмамбет кетеринде Көкчөдөн К-ны сураса, бербей койгону эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 261).
КӨГАЛА
Көктеке — Чубактын жоого минген жана байгеге чапкан күлүгү. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча К. тулпар болочокто жоого минчү ээси эр жетилгенден кийин гана бардык жасалгалары (ээр-токумдуу, жоо кийимдери, курал-жарактары) менен кайып адам (Олуя) «алданын буйругу боюнча сага арыбай турган көк тулпар алып келдим», — деп тапшырат.
К. Чубакка жомоктук керемет менен тийген, баатырга казат жолунда канат боло турган өзгөчө тулпар катарында сыпатталат. Олуя чалдын мүнөздөөсү боюнча К-нын элеси мындайча тартылат: «Кармашка минсең камсыкпайт, Кырк күнчүлүк чөлгө мин! Кыйшаң этип талдырбайт, Кылайтып сыр алдырбайт» (Саякбай Каралаев, 1. 225). К. эпосто реалдуу шартка ылайык идеалдаштырылып, апыртылып сүрөттөлгөн. Чубак согушуп жаткан учурда бардык баатырдык иштерине жардамчы болгон канаты, досу катары кызмат кылат, аны далай жолу коркунучтан куткарат. Эпостун «Сейтек» бөлүмүндөгү башкы душман Сарыбай дөө да К-ны алуу үчүн кыргыздарга далай кордук көсөткөн.
А. Жайнакова
КӨГӨЙ
— эпизоддук кейипкер, Манастын түпкү аталарынын бири. Түбөйдүн уулу, Ногойдун атасы. Манас же Манастын туугандары тууралуу санжырада айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 33, 302). Бул антропоним «көк» жана «ай» деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлгөндүктөн («көк» «ай» — «көгөй») эпостогу байыртадан бери сакталып келаткан ысымдардан. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдер байыртан жер-сууну, тоо-ташты, ай-күн, жылдыздарды, көктү, отту ыйык тутуп, балдарына да ушуга байланыштуу ысымдарды ыйгарышкан. Көптөгөн антропонимист-түркологдор да мындай типтеги ысымдарды байыркы деп эсептешет.
КӨГӨН
— эпизоддук кейипкер. Кыргыздын найман уруусунун беги катары эпосто учурайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 232).
КӨГҮЧКӨН
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Тилекенин кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты жыйырма бешинчи келген Жайнак тагдырына буюрган К-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 425).
КӨДӨҢ
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашында кыргыздын күлүгү чыкса жыкмак болуп, азарланган калмак-кытай бектеринин бири. Дагыр уруусунун билерманы (Сагымбай Орозбаков, 3. 261).
КӨЗКАМАНДАР 1
— Манастын жакын тууганы Үсөндүн, анын балдарынын эпосто жалпы аталышы. Көзкамандар окуясы эпостун дээрлик бардык варианттарында кезиккен салттык туруктуу окуялардын бири. Бардык варианттарда окуянын сюжеттик өзөгү окшош болгону менен окуянын өнүгүшү, каармандардын ысымдары, саны ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаковдо Орозду, Бай, Жакып, Үсөн төртөө Ногойдун балдары делип, кытай кыргызды туш-тушка таратканда Үсөн калмактардын арасында калат. Калмактан аял алып, балдары калмакча тарбияланат. Манас ата журтун душмандан бошотконун угуп, беш баласы менен көчүп келген Үсөнгө Манас мал-мүлк, жер бөлүп берет. К. Манаска тең тууганбыз дешип, амал менен көзүн тазалап, бийликке ээ болууну самай башташат. Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкаман менен Көкчөкөз бир тууган делип, Желтийбес, Чаңдаяк, Орозон бешөө Эсенкандын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүүгө атайын келишет. Ал эми Радлов жазып алган вариантта кызын Манаска калыңсыз берген Темирканга нааразы болгон вазири кыргыз менен калмактын ортосунда тыңчылык кылган Көзкаман менен Көкчөкөзгө уу берип Манасты өлтүрүүгө буйрук берет. «Мажму ат-таварихте» чыккынчы Тубайды Манасты өлтүрүүгө Жолой жиберет. К-дын Манаска каршы күрөшүндө айрыкча Көкчөкөз активдүү аракеттенет. Сагымбай Орозбаковдо да, Радлов жазып алган вариантта да Көкчөкөз Манасты атып жарадар кылат, Каныкейди зордук менен алам дейт. Чалгынга барып, Айканга Манастын келатканын кабарлап коюп, Манаска келип калмак бейкапар жатат дейт.
Саякбай Каралаевдин вариантындада, Радлов жазып алган вариантта да Манаска ууну Көкчөкөз берет. Сагымбай Орозбаковдо Манастын келатканын уккан К. чатакташып, бычакташып өлүшөт. «Көзкамандарча бычакташкан» деген сөз эл оозунда ушундан калган делет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты Манасты өлтүрүп салдык деп, сүйүнүп кытайга кетип бараткан жолдо К. артынан кууп жеткен Бакай баш болгон кырк чоронун колунан өлөт (к. Манастын сюжети): К-дын тууганы Манаска чыккынчылык кылышынын себептери варианттарда ар башкача мотивдештирилет.
КӨЗКАМАНДАР 2
Калмактардын арасында туулуп, дили калмак болуп калган К. кыргыздын турмушуна көнө албай өгөйлөшөт. Манас берген дүнүйөгө манчыркап, Манастын дүйнө-мүлкүнө көз артып аны жок кылгылары, ордуна кан болгулары келишет. Манасты күч менен ала албай тургандыктарын билген К. аны амал менен мертинтүүгө аракеттенишет (Сагымбай Орозбаков). Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан атайылап келишет (Саякбай Каралаевдин варианты ).
Манас эпосундагы бул эпизоддун сюжети көп жактарынан (туугандарынын чыккынчылыгы, жарадар болгон баатырдын айыгышына жаныбарлардын жардам бериши, аялына үйлөнмөк болушу жана башкалар) түрк-моңгол элдеринин эпосторуна («Алтай-Буучай», «Көгүдей») үндөшүп турат. Манас элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн элдик баатыр болгондуктан ага каршы турган адамдар жеке Манаска гана эмес, элдин эркиндигине, биримдигине каршы күрөшүүчүлөр катары кабылданат. Ошондуктан Көзкаман, Көкчөкөздөрдүн ысымдары эң коркунучтуу душмандардын катарында аты аталат. Жекече кызыкчылыгы, мал-мүлк, бийлик үчүн кандаш туугандарына чыккынчылык кылуу кылмыштын эң жаман, эң жийиркеничтүүсү катары каралып, элде «өздөн чыккан жат жаман» деген макал да айтылат. К-дын өзгөчө коркунучтуулугу — алардын өз болумуш болуп, астыртадан жамандык иш жасагандыгы, чыккынчылыгы.
К. окуясынын «Манас» эпосунан орун алышынын мезгили, себептери, «Көзкаман» деген ысымдын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулар арасында ар кандай пикирлер бар.
Д. Саалиева
КӨЙКАП
Кап-Тоо — топоним. Элдин диний мифологиялык түшүнүгүндө бүткүл дүйнөнү курчап турган тоо (араб алфавитинин «К» тамгасына окшош имиш), ал адамдар жашаган жерден эч бир жан каттагыс мейкиндик менен бөлүнүп турат. Уламыш боюнча жин, пери, дөө жана башкалар адамга кас укмуштуу жандар жашайт. Түрк-иран элдеринин фольклорунда К. жердин акыркы чеги катары сүрөттөлөт. «Манаста» да К. элдик уламыштагыдай сүрөттөлөт. Эпостун айрым каармандары К-ка барганы айтылат. Мисалы, Төштүк өзүнүн К-ка барганы жөнүндө Көкөтөйдүн ашында балбанга түш деген Кошойго мындай дейт:
Ай качабы жылдыздан,
Айрылып кетип кыргыздан.
Көйкапта бар канча жан:
Алптар менен алышып,
Дөөгө кыргын салышып,
Пери менен беттешип,
Капыр пери журтуна
Канча жылы кептешип,
Көрбөгөнүм калган жок
Көптөп душман алган жок
(Сагымбай Орозбаков, 3. 191).
«Манас» эпосунун сүрөттөөсү боюнча кыргыздарды кара кытайлар басып алып, баш көтөргөндөрүн туш-тушка бөлүп айдаганда Жакыптын бир тууганы Үсөн (ал барган жеринде Көзкаман аталып кетет) да К-ка жакын сүрүлүп барганы «Көзкамандын балдары Көйкапка жакын барганы Көрө албай бизди калганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 175). Манастын жентек тоюна эл чакырган Жакыптын сөзүндө: «Көйкапка кеткен Үсөндү Көрөмбү деп күсөдү» (Сагымбай Орозбаков, 1. 173),— деп Үсөндүн К-та экени Жакыптын агасы Байдын баяны аркылуу эскерилет.
Э. Абдылдаев
КӨЗКАМАН
— каарман. Жакыптын бир тууганы. Өз ысымы Үсөн. К. — ылакап аты. Калмактардын арасында көп жыл жашап калмакча атка конуп калган. «Манас» эпосундагы К-дын жана анын балдарынын (айрым варианттарда туугандары, алардын балдары) Манаска душмандык иштерине байланыштуу айтылган чоң эпизод Үсөндүн ылакап аты менен К-дар окуясы деп аталат. Сагымбай Орозбаковдо гана Үсөн кары балдарынын Манасты өлтүрүшүнө каршы болот. Балдары тилин албай койгон соң Манаска кымызга кошуп ууну кесип кетүүчү дары ичирет. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында К. менен Көкчөкөз бир тууган делип, арамдык иштерин чогуу аткарышат, к. Көзкамандар, «Манастын» сюжетиндеги Көзкамандар окуясын.
КӨЙҮШ
— эпизоддук кейипкер. Кыргыз балбаны, аяр. Манас менен болгон согушта Орго кан Атан аттуу балбанын жекеге жөнөтөт. Бүжүрөгөн жаман чал кейпинде кубулуп алган К. аяр Атандын жолунан тосуп, аны майдан талаасына жеткирбей өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 80—84).
КӨК-АРАЛ
— топоним. Алмамбет менен Сыргак душмандын жылкысын тийип келе жатканда артынан Коңурбай баштаган куугунчулар келип, уруш болгондо Сыргактан кабар алган кыргыздардын колу каршы аттанат. Ошондо Таздын уулу эр Үрбүнүн колу «Көпкөк темир тон менен Көк-Арал деген жол менен» (Сагымбай Орозбаков, 4. 327) жөнөйт. Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.
КӨК-АРГЫН
— топоним. Алмамбет Бээжинге бараткан жолдо колду тыныгууга токтотуп, өзү жалгыз чалгынга барып: «Көк жал Алма султанын Бура тартты шол жерде Көк-Аргындын кыядан» (Сагымбай Орозбаков, 4. 155) кайра келет. Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.
КӨК-АРТ
Көгарт — топоним. Кыргыздар мекендеген жер катары көп эскерилет. Манас Ала-Тоону душмандан бошотконго чейин К.-А. дарыясын бойлото Алооке кандын шаары жайгашканы: «Көргөндө сонун ушу бар, Көгарт суунун бою шаар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 165) делип, көп кабаттуу үйлөрү бар кооз шаар катары айтылат. Географиялык реалияда К. -А. суусу жана өрөөнү азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районун аймагында, ашуусу Фергана тоо тизмегинде.
КӨК БАЙТАЛ
Куубайтал — кытай мергени Кожожаштын (Шыпшайдардын) жоого минген канаттуу аты. Көпчүлүк варианттарда ушул канаттуу атты минген Кожожаш (Шыпшайдар) асмандан уруш салып кыргыз баатырларынан артыкчылык кылып, аларды окко учурат.
КӨК БӨРҮ
улак тартуу — кыргыздын улуттук мелдеш оюну. Атчан адамдар эки тарапка бөлүнүп, башы кесилген улакты, кээде торпокту белгилүү эрежеге ылайык тартышат. Эпосто:
Бөлүнүп ордо, чын мөрөй
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, көк бөрү
Тартпай турган жер бекен?
(Курама варианты, «Семетей», 148), — деп сүрөттөлөт.
КӨКБӨРҮ
— каарман. Сагымбай Орозбаковдо кыпчактардын уруу башчысы. Манастын алгачкы казаттарына катышат, башка учурларда Көккоён султандын атасы катары эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кырым элинин каны. Урумкандын уулу жана Коёнаалынын атасы. Нескара баалагандай «Кырк күнчүлүк сайышка жарап берчү» (Саякбай Каралаев, 2. 26) баатыр гана эмес, К. Манастын «Ободон булут козгошкон, бир күндө үч жол достошкон» (Саякбай Каралаев, 2. 230) о дүйнөлүк досу дагы. Манастын өзүнүн айтуусу боюнча анын эң жакын адамдары Кошой, Төштүк, Сайкал менен бирге атайы чакырылып, Манастын сөөгүн жашыруун көмүүгө катышат. «Манас» эпосундагы көөнө типтеги каармандар Кошой, Төштүк, Сайкал менен катар айтылган К. да чыгыш теги жагынан эң байыркы каармандардан деп болжошко негиз бар. Анын ысымынын байыркы түрктөрдүн тотеми «Көк-Бөрү» менен байланыштуу болушу бул ойду ырастайт.
КӨК-ДӨБӨ
— топоним. Манас баштаган кыргыз колу душмандан ата журту Ала-Тоону бошото баштаганда ага каршы чыккан Орго кандын туу тиккен жери (Сагымбай Орозбаков, 2. 80). Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Көк-Дөбө деген жер.
КӨКДӨӨ
— мифтик кейипкер. Эпостун эргежээл, итаалы элдеринин дөөсү. Көкөтөйдүн ашында чакырылганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99 — 100) жана Жолой менен күрөшөрүндө Кошой жаш кезинде Акдөө, К-лөр менен салгылашып жүргөнүн эскерет (Сагымбай Орозбаков, 3. 215).
КӨК-БУКА
— жалгыз көздүү Мадыкандын минген унаасы. Эпостун сүрөттөөсү боюнча:
Башында жалгыз мүйүзү бар,
Чоңдугу тоодой Көк-Бука
Минип алган кези экен.
Астындагы Буканын
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт.
Үстүндөгү Мадыкан
Алышкан менен ал жетпейт (Саякбай Каралаев, 2. 149—150).
Саякбай Каралаевдин вариантындагы Чоң казатта жалгыз көздүү Мадыкан дөө чоңдугу тоодой К.-Б. минип май данга кирет. «Семетей» эпосунда жалгыз көздүү Мааданча жана Дыңша дөөлөр да согушта Бука минип жүрүшөт. Бул түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунда учураган салттык көрүнүш. Жалгыз көздүү дөө тибиндеги мифологиялык кейипкерлердин минген унаасы К.-Б. сыяктуу фантастикалык жандыктар (Керик, Пил) болуу түрдүү элдердин фольклорунда кеңири жолуккан белгилүү сюжеттерден. Алтайлыктардын баатырдык эпосторунда жер алдындагы дүйнөдө (тиги дүйнө) жашап, киши этин жей турган жети баштуу Делбеген (желмогуз) жана Эрлик кан дайыма жортуулдарга Бука минип чыгышат. «Манас» эпосунда сүрөттөлгөн мифологиялык К.-Б. алтай эпосторундагы жомоктук-фантастикалык Букалар менен түпкү теги жагынан бирдей түшүнүктөн жаралган.
С. Алиев
КӨКЖОРГО
— Көккоёндун байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо К. кырк биринчи келип, Көккоён тагдырына буюрган Батмабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).
КӨК ЖЕКЕ
— кайыштан кооздолуп жасалган сый өтүк. К. ж-нин тигилиши, кооздугу, аткарган милдети «Каныкейдин сарамжалында» керемет сүрөттөлөт:
Алтындатып чордотуп,
Айнегин күмүш орнотуп,
Такасынын кыюусун
Тасмал менен куратып,
Таманынын баарына
Сары алтын салып буратып,
Коңгуроолуу көк жеке,
Он кесилген бек жеке
Таканын ичин ойдурган,
Таманды калың койдурган,
Кош жылаажын салдырган
Кийсе кыба кандырган
Кырк чорого кырк өтүк (Сагымбай Орозбаков, 4. 95, 97).
Көбүнчө атчан жүрүүгө ылайыкталып, өкчөсү бийик, кончу узун, тумшугу кууш болуп, бир аз кайкалатып ултарылган. К. ж. өтүктөрдү кыздар да, жигиттер да кийишкен. Кыздардын К. ж-сине көбүрөөк оймо-чиймелер түшүрүлүп, апкыттын сырт жагына майда жылаажындар кошо тигилген.
КӨКЖОРУ
— эпизоддук кейипкер. Кыргыз балбаны. Ыспара жеринин улугу. Тейиш кандын тоюндагы балбан күрөштө казактын Байкап балбанын жыкканы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 51).
КӨККАЗЫК
Көк чебич — Сыргактын жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү. Негизги варианттарда айтылат. Эпикалык К. тулпардын образы Сыргак баатырдын эң ишенимдүү жардамчысы болуу менен бирге анын бардык иш-аракеттеринде ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Сыргактын чыныгы жардамчысы. Манасчылар эпостун жалпы духуна ылайык тулпарды кандай укмуштуу касиеттерге ээ кылат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо К. аты үчүнчү келген Сыргак тагдырына буюрган Сыягүлгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 422). Чоң казатта К. ээси менен кошо кытайдын көзгө атар мергени Кожожаштын огунан өлөт (Саякбай Каралаев, 2. 191).
КӨККАЧЫР
— кытай баатыры Кымкардын жоого минген унаасы. Манас жолдоштору менен салбырында жүргөндө Кымкар К-ды минип Көкчө менен сайышка түшүп өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 254).
КӨК КИЙИМЧЕН АСКЕРЛЕР
— «Манаста» жоокерлердин кийимдери көпчүлүк учурда «көк» деп көрсөтүлөт. «Көк темирден туулга, Төбөсүндө жаркылдап», же «Жалаң темир торгой көз, көк темир зоот кийгизип» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 550-инв., 168, 196-б.). Бул кийимдин өңү-түсүн белгилебестен диний түшүнүктөн келип чыккан болуу керек. Эң байыркы түрк урууларынын арасында кеңири тараган «Көк теңирге» сыйынуу «Манас» эпосунда да учурайт. «Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көк урсун». Бул жердеги «көк» деген өң-түстү туюндуруучу экинчи мааниси асмандын өңү-түсүн айтып жатат. Ыйык көрүшкөн «көк» деген термин элдик оозеки чыгармаларындагы окуяларга, аталыштарга кирип кетиши закондуу көрүнүш.
КӨККОЕН
— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдо кыпчактардын башчысы. Кээде К. султан деген эпитет менен аталып, Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта Манаска караган кан катары көрсөтүлсө, Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө кырк чоронун бири деп айтылат. Ошондогу ат чаап жар тандоодо аты Көкжорго кырк биринчи келген К. тагдырына буюрган Батмабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427). Саякбай Каралаевдин вариантында Коёнаалы деген ысым менен берилип, эпикалык образы башкача планда чечилет, к. Коёнаалы. КӨК-КОЛОТ — топоним. Манастын тапшырмасы боюнча беш чоро (Чалыбай, Ажыбай, Сыргак, Кутунай, Чубак) Көкчөдөн капаланып келе жаткан Алмамбетти сынамакка буйткадан качырып чыккан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 306).
КӨККЫЯЗ
— эпизоддук кейипкер, Буудайбектин кичи иниси, Көкчөнүн чоросу. Акеркеч менен Алмамбетти көңүлдөрү жакын деп жаманатты кылып Көкчөгө ушактап, араздаштыргандардын бири. Радлов жазып алган вариантта гана жолугат.
КӨКМӨК
— эпизоддук кейипкер. Керкөкүлдүн атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 105, 178).
КӨКӨ-НООР
(моңголчо көк-көл) — топоним. Эпостун көпчүлүк эпизоддорунда эскерилет. Мисалы, Алмамбет кытайдан Көкчөгө келгенден кийинки жылы калмак менен маңгулда бөлүнбөгөн энчим бар деп К.-Н. көлүнөн, Көбү-Шаму чөлүнөн 20 миң жылкы, 15 миң кара мал олжолоп алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 238). Географиялык реалияда КЭРдин Цинхай провинциясындагы көл.
КӨКМОНЧОК
— кейипкер. Семетейди Канчоро, Кыяс чыккынчылык менен жарадар кылганда сыйкыр менен кайып кылып алып кеткен пери кыз, Айчүрөктүн сиңдиси. Саякбай Каралаевдин вариантында К. жаралуу Семетейге өзү келип, туман түшүрүп, жаан жадырып, жан адамга көрсөтпөй Кайыпчынын кара тоосуна алып кетет да, сыйкыр менен Тайбуурулду, Акшумкарды, Кумайыкты баатырдын колуна тийгизип, кулагын уккус кер, көзүн көргүс көр кылып, жолун дубалап элге жолотпой алып жүрөт. Багыш Сазановдун вариантында Семетейди Кыяс өлтүргөндө ай, күн тутулуп, катуу жаан жаайт. Айчүрөк Семетейдин сөөгүн кайтарып тургула деп Акшумкар менен Кумайыкты коё берип, өзү «тили темир, жаагы жез» сыйкырдуу комузун кагат, анын үнүн Көйкаптагы дөөнүн кызы К. угуп, көп дөөлөр менен келет да, Семетейдин сөөгүн көккө алып чыгып, «баштагы өткөн пайгамбар» Так-Сулаймандын жанына бекитет.
Согушта курман болгон баатырларды кереметтүү кыздардын алып кетиши дүйнөлүк мифологияда көп учураган типтүү көрүнүш. Скандинавия элдеринин мифологиясында башкы кудай Одинге баш ийген жоокер кыздар — валькириялар согушта эрдик менен өлгөн жоокерлер эйнхийлерди Валохоллага (өлгөн баатырлар тирилип тойлоп жатуучу асмандагы сарай) алып кетип турушат. К., Валькирия тибиндеги каармандар энелик доордогу синкреттик мифологиянын негизинде жаралып, алгачкы учурда Улуу Эне — башкы кудайдын ролун аткарса, аталык бийликтин күчөшү менен анын милдети төмөндөп башкы эркек кудайдын жардамчысына айланышат. Башкы аял кудайдын образынын мындай өзгөрүшү Борбордук Азиядагы шаманизм динин туткан түрк-моңгол элдеринин чыгармаларында көрүнөт. Ал эми «Манас» эпосунда мифологиялык мындай образдар мусулман элдеринин оозеки чыгармаларындагы перилер, кайыптар менен контаминацияланып, бир кыйла башкача өзгөрүүлөргө туш болгон.
Р. Сарыпбеков
КӨКӨТӨЙ 1
— каарман, кыргыздын ичинен чыккан эң бай жана өтө узак жашаган (кээ бир варианттарда 190 жашка чыгып өлөт) кадырлуу карыя адам. Ташкент тараптагы кыргыздардын башчысы, айрым варианттарда «түн түшкөн калың» ногойдун каны деп да айтылат. Сагымбай Орозбаковдо Манас Ташкенди кытайдын баскынчы каны Панустан бошоткондо К. кол курап Манаска жардамга келгенин эсепке албаганда, башка орчундуу окуяларга катышпайт. К. негизинен ага арналып өткөрүлгөн аш аркылуу кеңири белгилүү (к. Көкөтөйдүн ашы). Б. М. Юнусалиев «Көкөтөйдүн ашы» алгач кыргыздарга мүнөздүү аш берүү салтына арналган өзүнчө поэма болушу мүмкүн деп эсептейт. Элдин үрп-адаты кеңири сүрөттөлгөн этнографиялык мазмундагы поэмага кырк чоролуу Манастын кейипкер катары киргизилиши менен ал баатырдык эпопеянын бир чоң эпизодуна айланып кеткен.
Мурунку этнографиялык эпизоддорго Кошой менен Жолойдун күрөшү, Манас менен Коңурбайдын беттешүүсү сыяктуу көрүнүштөр кошулган. Ал жекеме-жекелердин аягы чоң согушка айланып, «Көкөтөйдүн ашы чоң чатактын башы» болуп, поэма баатырдык мүнөзгө ээ болгондугун белгилейт. Лингвистикалык изилдөөлөрдө бир катар түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында жолуккан «Көкөтөй» (фонетикалык варианттарында Көгүдөй) шамандык диндеги байыркы түрк-моңгол элдеринин эң башкы кудайы Көкөтеңирдин атына байланыштырылат. Буга караганда, балким поэманын алгачкы башаты байыркы кыргыздардын Көккө тайынуусуна — ар кыл уруулар баш кошуп өткөргөн чоң майрамына байланыштуу жаралган.
КӨКӨТӨЙ 2
Кыргыздарга жакын тектеш эл кийинки учурларга чейин шаман динин тутуп келген хакастарда Көккө тайынуу 20-кылымдын башы ченге чейин сакталып келген. Бул салт алтайлыктарда да болгон. Мусулман динине өткөн кыргыздарда бара-бара унутулуу менен анын аталышы, — Көкө той реалдуу адамдын аты катары интерпретациялана баштаган. Мындай өзгөрүүнүн издерин эпостун ыр саптарынан жолуктурууга болот. Мисалы, көп учурларда К-гө берилген аш делбестен, ага арналган улуу той катары айтылат. Эпосто К-дү реалдуу адам катары сүрөттөө эл ичинде белгилүү айрым тарыхый инсандарды ага прототип кылып алууга шарт түзүп, каармандын образына жаңы катмарлар киргизилген. Манас изилдөөчү Э. Абдылдаевдин иликтөөсү боюнча мындай инсандын бири 16—17-кылымдын аралыгында жашаган, багыш уруусунан чыккан Көкүм бий Карачорин болгон. Ал кыргыз урууларын баш коштуруп, Түркстандагы ошол кездеги тарыхый окуялардын жүрүшүндө активдүү роль ойногону айрым тарыхый булактардан, элдик санжыралардан белгилүү.
Элдик санжыра боюнча Казак каны «эңчегер» бойлуу эр Эшим Көк-Дөбө деген жерге казак-кыргыз бийлерин чогултуп жыйын куруп, кан Турсундан мурдагы өздөрүнө таандык Ташкенди кайрып алууну сунуш кылат. Ал сунуш кабыл алынат. Согушта кан Турсун каза таап, аскери талкаланат. Эшим кандын буйругу боюнча кыргыз урууларын баштап келген Көкүм бий менен казактын улуу жүзүнүн бийи Байтик экөө бирдикте он эки капкалуу Ташкенди башкарып турушат. Көкүм каза болгондо Эшим кан ага арнап көк күмбөз салдырат (Кол жазмалар фондусу, 1165-инв., 264—267-6; 191-инв., 180—181-б.). Эшим кандын тушунда (1598 —1645) кыргыз, казак баш кошуп турушканын, алар биргелешип Ташкенди каратышканын тарыхый даректер да ырастайт. Бул тарыхый окуя эпостогу Ташкенди башкарып турган Нускан дөөнүн уулу Панускан менен болгон согушта К. колу менен келип, Манаска жардам бергени үчүн Ташкенге кан көтөрүлгөндүгү эпикалык окуянын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Эпикалык каарманга аталган тарыхый инсан прототип болуп катмарланганы: «Башкарганы канча жан Панустун орду Көкөкан», «Акырет кеткен Көкүм-кан Наалып калган канча жан», «Көкүм деп, Көкүм деген ураан бар» деген сүрөттөөлөрдөн да көрүүгө болот. Багыш уруусунан чыккан Көкүмдүн эпостук каарманга прототип болуп катмарланганын көпчүлүк варианттарда «Көкөтөйдүн ашы» Багыштын уулу Толтой өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалышы да кайсы бир деңгээлде ырастайт.
Р. Сарыпбеков
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 1
— «Манас» эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-ж. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр. Ч. Валиханов жаздырып алган бул эпизод «Манас» эпосунун бардык варианттарында учурайт. «К. а-нда» канондук сюжет негизинен толук сакталган. Өзгөчөлүктөрүнөн маселен, айрым варианттарда Көкөтөй кандын ашы Каркыра жайлоосунда өтсө, Валиханов жазып алган эпизоддо Алтайдагы Түпкү кандын жергесинде өтөт.
Бул материалдардын түп нускасы СССР Илимдер акдемиясынын Чыгыш таануу институтунун архивинде (Р. 2. оп. 4, д. 36) сакталып турат. Анын Ч. Валиханов тарабынан орус тилине которулган бөлүгүнүн түп нускасы («Смерть Кукотай хана и его поминки», алгачкы сабы 913) СССРдин Борб. адабий архивинин фондусунда (ЦГАЛИ СССР, 159 номерлүү папкесинде, д. 179, 15—22-б.) сакталып турат. Котормо биринчи жолу академик Н. И. Веселовский тарабынан Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагына (Сочинения Ч. Ч. Валиханова, записки Русского географического общества по отд. этнографии, СПб, 1904) жарыяланган. Кийин Ч. Валихановдун тандалмалар жыйнагына (Ч. Валиханов. Избранные произведения, Алматы, 1958, 346—360-б.) киргизилип, беш томдугунда да басылып чыккан. Казак ССР Илимдер акдемиясынын академиги А. Маргулан бул эпизоддун факсимилесин жарыялаган («Шокан жане «Манас», Алматы, 1971). Кийин казак тилинде которулуп да чыккан (Кокетайдын эртегиси «Манас» жырынын Шокан жазып алган белиги, Алматы, «Жазушы» басмасы, 1973). Кыргызчадан казак тилине которгон А. Маргулан, текстологиялык тейлөөдөн өткөргөн М. Магауин. 1977-ж. Англиядагы Оксфорд университетинин профессору А. Т. Хатто ушул эле эпизодду латын алфавити менен транскрипциялап англис тилине кара сөз менен которуп, бир топ комментарий жана тиркемелер менен жабдып жарыялаган. «К. а-нын» кыргыз тилинин азыркы алфавитине салынып транскрипцияланып жарык көрүшү К. Ботояров, Ш. Ибраевдер тарабынан ишке ашырылган.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 2
Ч. Валиханов жазып алган бул вариантта Көкөтөйдүн баркы, даңкы бийик, батылы жогору турган кан экендиги айтылат. Ногой журттун башы болгон Көкөтөй кан ажал тооруп турганда элин чакыртып алдынан өтмөй болот. Сары ногойдун баласы Жайма көкүл Жаш Айдарды алдыртып, Мааникерге мингизип, Көкөтөй абалы жаман деп, түн түшкөн калың Ногойго, Байдын уулу Баймырзага айт, мен керээзимди айтамын деп тапшырат. Бул кабарды уккан көп Ногой чогулуп Көкөтөйдүн боз ордого дүңгүрөп түшүп калат. Келген элге Көкөтөй керээз сөзүн айтат. Менин көзүм өткөндө кылыч менен кырдыргын, кымыз менен жуудургун, журтум, Чарайна менен чаптатып, булгаары менен каптатып, ак казаным жаздантып, кыбыланы баштантып жаткыргыла, журтум. Кызыл макмал бүктөтүп, кызыл нарга жүктөтүп, кара макмал бүктөтүп, кара нарга жүктөтүп, алтымыш бир ногой кырк кербен менен алып барып койгула. Кербен башы Кара сартка сексен эркеч майына кыш бышыртып, астыңкы жолдун үстүнө, үстүңкү жолдун астына айга баккан Ак сарай, Ак сарайга койгула.
Бейитимдин башына тайдан, төөдөн, кунандан байге сайып, ат чаптырып, кызматыңарды кылгыла дейт да, мындан бөлөк кебим жок деп токтолот. Эл-журтунун эсен-амандыгын тилеп ак батасын берет. Анан Байдын уулу Баймырзага кайрылып: тели куш таптап куш салдым, тентиген жыйып эл кылдым, кулаалы таптап куш салдым, курама жыйып эл кылдым эле, менин көзүм өткөн соң курама элди таратпай жөөсүнө чобур кармап берип, чапан жаап, бир эл кылып ала көр. Таап алган жалгыз балам Бокмурунду арам сийдик жетим дедирбей үч жыл чыдап бакканда бой жетип эр болор, ошондо калы килем үстүнө салып менин ордума кан көтөрүп алгыла.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 3
Кырк ашымды берерде кытайлардын кыр мурундуу Коңурбай өзүнүн аты Үңүрбай ошого кабар берип, кырк ашымдан кутулгун. Улуу ашымды берерде, Жакыптын уулу жаш Манас, жаңы оозго алынган, кабагы бийик, өңү саз, эңгечер бойлуу эр Манаска барып акыл салып, мусулман менен каапырды чогултуп, менин бир карызымдан кутулуп кала көр. Муну айтып Көкөтөй көзү сүзүлүп, кыямат көздөй жол тартат. Эл Көкөтөйдү жоктоп, айткан керээзи боюнча кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруп, Ак сарайлап коёт.
Ала шалбырт жаз менен кунан чабат. Чабышта Айдаркандын Көкчөсүнүн Көгаласы чыгат. Байгесине алты тогуз мал, ботолуу төө нары менен, балалуу ногой күңү менен, манаттап жапкан үй алат. Баймырза эли менен Чыбыратчыны жайлап, Көкөтөй айткандай элди багып, Мааникерди байлап жатып калды. Күндөр өтүп, калың көп ногой Кытайдын кыр мурундуу Коңурбайдын айылына түп көтөрө көчүп барды. Ала баш жорго, чубар ат айдап тартуу кылып, кырк ашынын карызынан кутулду.
Жер ортосу Боз-Дөбөгө калың ногой жыйын кылат. Карды салык бийлери менен чоң курсак байлары өзүнчө кеңеш салат. Бул кеңеште Байдын уулу Баймырза аларга кошулбайт.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 4
Бир күнү Бокмурун Мааникер менен Баймырза баатырга келип, мындай дейт: Сен күндө жыйын кыласың, эмне кеңешиң бар. Мен сенин тилиң албаймын, акемдин ашын сага бийлетпей, өзүм башкарам. Мен Анжыянга көчпөймүн, Самаркандын сарт Манаска өзүң көчүп бар, мен ага барбаймын. Болбосо, көп ногой журтун көчүрүп, өзөн сууну бакалап, ботонун сазын бойлоп, жаткан казандай кара бөркү бар каапырдын каны Эр Жолойго барып, жан туугандай болуп жанаша кономун. Ала баш жорго, чубар ат Жолойго тартуулап, анын көз отогот ташын сайынып, төрө боломун. Ак боз атым такалап, күндөп-түндөп көчөмүн. Алты күнү ат сергитип, токсон атан комдотуп, күрүч арттырып, токсон жорго катарлап Түпкү канга киремин. Ошондо төтөгөлүү боз үй тиктирип, мусулман менен каапырдын баарын чогултуп, Көкөтөй ашын беремин. Ошентип, калың ногой калы килем салып, Бокмурунду олтургузуп кан көтөргөн дейт.
Бокмурун жер кыдырып, эл чакырып алпка барар киши барбы деп, сурамжылап жүрүп, Жайма көкүл Жаш Айдарга келет. Көкөтөйдүн көп малын союп, ашын беремин, эл чакырып, алп чакырып кел деп сага келдим дегенде, Жайма көкүл Жаш Айдар: Сенин алпыңа да, атыңа да чакырыкка барбаймын, алпыңан өлүп калбаймын. Аралаш айыл конуп, чогуу жүргөнгө кулсунуп калган экенсиң. Айдын бурчу алты сан, алты айланып келгиче, алтымышта атакем, алдан тайып калбайбы. Жердин бурчу жети сан, аны айланып келгиче, жетимиште энекем жерден тайып калбайбы, барбаймын дейт. Бокмурун: Жайма көкүл жаш Айдар, сен алпка да, атка да барбасаң, өзүм барамын. Мен келгенче аштын, байгенин камылгасын көрүп тур. Келгенден кийин баш байгеге сени саям, аяк байгесине ата-энеңди коём дегенде Жаш Айдар чоочуп, эркелетип сөз айтсам арданып кеттиң, Бокмурун, төрөм, ат-тон бер, атыңды минип, тонуңду кийип анан жолго салайын дейт. Анда Бокмурун: Алтымыш атым аргымак токсон атым тобурчак суйгөгүңдү тандап мин дейт. Ала тайыңды минип, алптан өлүп калгыча, сенден өлгөнүм жакшы.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 5
Берсең астыңдагы Мааникерди минейин, үстүңдөгү аккүбө тонун кийейин, анан алпка барайын деген Жаш Айдарга Бокмурун Мааникерди берип, ак күбөнү кийгизип, Мааникердин сырын айтат. Андан кийин ашка кимдер чакырыларын айтат. Уй түгүндөй каапырдын арасында турабыз, жакын жер буларды чакырып аларбыз. Улуу-Тоону жайлаган, бекип калган Бээжиндин жүзүн ачкан, туруп калган Турпандын жолун ачкан, байланып калган базардын багын ачкан, Жаангир кожонун уулу Билерикти бошотуп алган эл агасы эр Кошойго барып айт. Өзү келсин кашыма, аты келсин ашыма деп опуза кеп айтат. Андан ары Кичи-Тоону жайлаган Кыйды кара күлүк байлаган, жаактууга жай бербеген, Актар Таздын баласы, аты Мөңкө төрөсү, эр Үрбүгө барып, аны да коркута айт. Андан өтүп барганыңда Камбардын уулу Айдаркан, Айдаркандын баласы эр Көкчөгө барып Көгаласын ашка алып келип чапсын де. Андан ары сен өтүп Агыш менен Кожошко, Алике менен Бообекке, Бекиш менен Чекишке, Алтынкүлүк менен Керкүлүк, Сайкал менен Болотко, Чоюн кулак Чоюн алпка, дүмүр кулак Дүмүр алпка, Оргу кула бээси бар Ороңгу аттуу катынга, ошолордун баарына айт. Баары бирдей келишсин аш кызыгын көрүшсүн, эгер ашка келбесе айчыгы алтын кызыл туу ордосун көрүшсүн. Андан өтүп сен барсаң Эчкинин уулу Эдиге Тарланбоз атын алып келсин менин кашыма, аты келсин ашыма.
Жети-Сууну жердеген Жедигер уулу эр Багыш Суркунандай күлүгүн алып келип чапсын де, чыкса байге алсын де. Андан ары сен барсаң Тоокара күлүк ат минген эр Карач келсин кашыма, күлүгүн чапсын ашыма. Темир өзөк, таш жүрөк Жанаалыга айта көр. Уртору атын алсын де, байгеге кошуп салсын де чыкса байге алсын, чыкпаса таң-тамаша көрсүн де. Мындан өтүп барганда топ олуянын батасынан жаралган, тогуз уулдун кенжеси эр Төштүк Чалкуйрук менен келсин де, күлүккө атын чапсын де, өзү ашымды билип берсин де, мүчөсүн артык жесин де. Андан узап жөнөсөң эки тоонун ортосун жайлаган Осурак чалдын балдары Акбай, Мамбет, Көккоён Аккоёндой күлүгүн алып келип чапсын де. Булардан өтүп сен барсаң Боён кан, Боён кандан Чаян кан, Чаян кандан Кара кан, Кара кандан Жакып кан, Жакып кан уулу Манас кан сен ошого бара көр, барып кабар айта көр. Аккуладай күлүгүн алып келип чапсын де. ашымды башкарып берсин деп айт. Андан ары сен барсаң саймалуу саадак байланган, Самаркан тоосун айланган, аса таяк колунда улуу жолдун боюнда Айкожого барып айт. Айбанбоздой күлүгүн алып келип чапсын де, ак батасын берсин де. Алакандай ак кагазга кат чийдирип ала кел, жерди жети айланып, алптардын баарына айтып, Желпиништен кайтып кел дейт да байгенин жайын айтат. Баш байгеси тогуз торко тон, токсон калча кул, сан саанчы күң, сан сарыча төө, сан сары башыл бээ, аяк байгеси алабаш жорго ат, алтымыш атка мингизип, алтымыш калча кул, ботолуу төө нар, балалуу ногой күң, манаттан жапкан үй экенин билдирет.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 6
Жаш Айдар Улуу Тоону жайлаган эр Кошойго жетип келди. Жаш Айдар менен эр Кошой амандык сурашып болгон соң Кошой жаш Айдардын ат арытып келген себебин сурады. Анда Жаш Айдар Кошойго Көкөтөй кандын ашына чакырып келгенин, ата уулуна арнап бериле турган мүчө, сайып койгон байге бар экенин айтып, Көкөтөйдүн азасына кырк нарга казына жүктөп, кырк байтал айдап, антын актап келбесе, Көкөтөйдүн айчыгы алтын кызыл туусун ордоңон көрсүн деп, Жаш Айдар андан ары кетти. Эр Көкчөгө жетип, Кошойго айткан сөзүн ага да айтып, аны да опузалап, андан ары өтүп Жакып кандын Манаска жетип барса, Манас кырк чорого он эки таман ордо салдырып, оюн куруп чардап жаткан экен. Салам айтып Манастын үстүнө атчан кирип барган Жаш Айдар: Көк дөнөндүн башы бар, Көкөтөй кандын ашы бар, Чаба турган аты бар, Тарта турган эти бар, ата-атанын уулуна бере турган мүчө бар, ашымды бийлеп берсин деп, эр Кошойго айткан сөздү эми Манаска да айтып салды. Манас Кыргыл чал баш болгон кырк чоросуна кайрылып, атын союп, өзүнүн башын алып салгыла деп буйрук бергенде, кырк чоро Жаш Айдарды аттан оодара тартып, башын алмак болгондо Жаш Айдар ыйлап туруп: баатыр төрөм падышам, жалгыз элем уядан, менин жанымды кыя көрбө деп Манастан кечирим суранат. Манас башын көтөрүп, кылагар көзүн кылайтып, кыл мурутун шыйпайтып, кечээ Ороздун он уулу олжого зордук кылганда жалгыздык баштан өттү эле деп өлтүртпөй бошотуп жиберет. Жаш Айдар Манаска жалынат: айланайын атыңдан, эч кетпейин кашыңдан, көчкөндө коюң айдайын, отуң менен кирейин, күлүң менен чыгайын, нөөкөрүң болоюн, ат токуучуң болоюн. Муну уккан Манас бул кулдун айтып турган сөзүн көр деп, аш берүүнү өзүнө кеңешпегенге ачуусу келет. Кырк чорого Калкамандын Кара атын Элемандын эки атын элинен кармап келгиле. Ак чатырды бүктөгүлө, Аксаргылга жүктөгүлө, Көк чатырды бүктөгүлө, Көксаргылга жүктөгүлө. Тулпарга кошту тартыңар, Бокмурун көздөй жортуңар. Мен Бокмурунга бирди кылбасам Манас атым өчсүн дейт. Ошондо Жаш Айдар: баатыр төрөм, бадышам, айдын бурчун алты айланып, жердин бурчун жети айланып келгиче алда нечен жыл өтөр.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 7
Мени коё берсеңчи, байгени айтып берейин. Чабылуучу аттын баш байгеси тогуз торко тон, токсон калча кул, сан саанчы күң, сан сарыча төө, сары баш бээ саят. Ортосун айтпаганда эле аяк байгесине алабаш жорго ат, алтымыш атка мингизип, алтымыш калча кул, ботолуу төө нар, балалуу ногой күң, манаттан жапкан үй саят. Манас Жаш Айдарды бошотту. Мааникерге минип Жаш Айдар Айкожо жакка кетет.
Жаш Айдар кеткенден кийин Манас кырк чоросуна мындай дейт, баарыңар бирдей опокшош кырк кара боз мингиле, кырк кара көк кийгиле, ок-дарыңды камданып, жарак-жабдыкты шайланып, түз атар менен бат аттарды алып, тезинен атка мингиле, Аккулага жибектен чылбыр тактырып, манаттан жабуу жаптырып, жетелеп алып жүргүлө. Ошентип, Манас аттанып жолго чыгышат. Аттанып кеткен Жаш Айдар Айбанбозун асасына байлап коюп, намаз окуп отурган Айкожого жете келет. Салам берип Жаш Айдардын айтып турганы: Көк дөнөндүн башы бар, Көкөтөй кандын ашы бар, ата-атанын уулуна бере турган мүчө бар. Кожом, сага Бокмурундан салам бар. Ашымды бийлеп, баптап ак батасын берсин дейт. Алакандай кат жазып Мааникерге таксын дейт. Ошондо ыкыласын коюп Айкожо оң батасын бериптир. Ала шалбырт жаз менен кабар жеткен дүйүм алптын баарысы келип болуп, уй түгүндөй каапырлар жана мусулман да жыйылып бүтөт.
Бокмурун Манас эмне келбейт деп тынчы кетип, төмөн карап, Ачуусу менен менин баламды ыйлатканы, байталымды туйлатканы келеби. Алдына тартуу алып чыгайын Бокмурун тогуз жоргого, тогуз жамбыны байлатып, сурнай баштуу Суржоргону, кекилик баштуу Кержоргону алып, Манастын астынан чыгат. Кырк кара боз минген, кырк кара көк кийген көк коёнго окшошуп, кырк чорону ээрчитип, ач бүркүттөй шаңкылдап Манас келип калат. Манас ачууланып, Бокмурунга сага бирди кылбасам, каныңды суудай чачпасам, сен билер сөз беле, же Байдын уулу Баймырза билер кеп беле деп күпүлдөйт. Анда Бокмурун алуучу болсоң жан, төгүүчү болсоң кан, кесүүчү болсоң баш мына, төрөм дейт. Манас: сенин арка кулагыңды жулуп, элиңди аралата чаап, түбүңө биротоло жетейин дейт.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 7
Бокмурун: Баатыр Манас бадышам, терең элең өткөрчү, теңиз элең кечирчи деп, алдына тогуз жоргону катарлап тартуулаганда, ботөнчө тогуз жамбыны көрүп, Манас мусулман менен каапырдын ортосуна келгенде тартуу алдым деп, бир компоюп калган экен. Ошондо «жаба», «жаба», «мөндү» деп калмактар кемеге башынан эттин бышканын бышылай, чийкисин чийкилей ала качып, талоон салып жүргөнүн көргөн Манас калмактардын бул кылыгына чындап ачуусу келип, колуна асый аттын терисин өрүм кылган, кунан өгүз терисин өзөк кылган, тел музоонун терисин бүлдүргү кылган, булдурсунун алып, «жаба» деген калмактын жаагын айра чаап, «мөндү» деген калмактын башын тиле чаап, кемеге башынан алыс айдап салат. Мусулман эли эс алып, Манаска алкыш бата беришет.
Капырдын каны Нескара мусулмандын алпы кандай, аты кандай экен билмек болуп, Кошойго келип салам берет да ашка келген кыргыз алптарын сурай баштайт. Эл агасы эр Кошой, тиги ай кулагы калкандай, алайган көзү чолпондой, мурду тоонун сеңирдей, муруту чөлдүн камыштай болгон кишиң ким эле десе, эр Кошой Нескараны кекээрлеп: атаңдын көрү ит бүрүк, сен аны кандай билбедиң. Кече он экисинде ок аткан, он үчүнө жеткенде ордо бузуп, үй чапкан Жакыптын уулу кан Манасты кантип билбей калдың, бүрүк ай дейт. Ошентип, Нескара кыргыздардын баатырлары эр Төштүктү, Эдигени, Үрбүнү, эр Карачты дагы башкаларды бүтүндөй ылгап, сындап чыгат. Анан Нескара аттардын баарын санап сындап өткөрөт да аттардын ичинен Аккулага айла жок экен, биринчи байге Аккуланыкы болот, бирок байгени Жолой тартып алат, дейт: Анан дагы Нескара: Мааникерди жактырып, Эсенканга тартууга бергин дегенде каапырдын каны Нескара, мен Манаска барып кеңешип, анан жообун берейин. Манас бер десе Мааникерди өзүм алып келип берейин. Мен билбеймин бул атты. Манас атты бербесе мен сени экинчи көрбөйүн, бүрүк дейт. Кошой Манаска келип Нескара оңчу жан эмес, Мааникердей күлүктү Эсен кан минер ат деди, Мааникерди эр Жолойго тартсаңчы, ага кеңеш салып ашты өткөрүүгө андан жооп алсаңчы дегенде Манас Кошойго айтат: эмнеге мынча пас болуп, коркок билиш болосуң. Капырың бокту жебесин дейт да Аксаргыл атты токутуп минип, уй түгүндөй каапырды аралап кирип барат. Ат сураткан каапырлар Манасты көргөндө Мааникерден түңүлүп, чөгөлөп, маңдайын жерге тийгизип, кол куушуруп, кайтарып сөз айтпай, бул ашты өзүң билсеңчи, аттарды айдоого салып ийсеңчи, эки тизгин, бир чылбыр, өз колуңа алсаңчы. Таң-тамаша оюнду өзүң баштап берсеңчи деп Манастын алдында бүжүрөп туруп беришти. Каары кармаган Манас: сага кеңешти ким койду да сага сөздү ким берди деп, алдында турган калмакты булдурсун менен бир салганда ал элди айлана качат. Ошентип, Көкөтөйдүн ашына келген бардык журт аштын бийлигин Манаска беришет.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 8
Манас Кошойго кайрылып кеңеш салып аттарды ары барганы алты ай, бери келгени алты ай, чабыла турган аттарды он эки айда көрөлү. Ошон үчүн ат чабуучу балдардын канжыгасына түгөнгүс гүл азык байлайлы. Аттар келгиче таң-тамаша куралык деп, Манас аттарды айдоо камын көрө баштайт. Эки жактан айчылар чыгып ат эсебин алганда эки миң сексен ат болот. Мааникерге минип, ат айдоого кошулуп, жөнөгөн Жаш Айдарга Бокмурун астындагы Мааникер алты айчылык жол басса ал табына келчү эле, жети айчылык жол жүрсө, жол табына келчү эле. Кечээ Самаркан барып чапканда Сары кандын ашында сан жылкыдан чыкты эле. Жетип кайра тартканда Мааникердин оозун коё бербей тартып кел. Оозун коё берсең өзгө аттардан ашып, марага үч күн мурда келип, өз байгесин өзү алды деген домок сөзгө калабыз деп Жаш Айдарды аттарга кошуп жиберди. Эртесинде болгондо Бокмурун Көкөтөйдүн сан жылкысынан токсон торала айгырды үйрү менен айдатып келип, күрөшөөргө эки балбан чыксын, жыкканы бул жылкыны алсын деп, жар салды. Көп жылкыны көргөн каапырдын каны эр Жолой, бул малдын бирин койбой аламын, чыккан балбанын соёмун деп, тоодой тоңкоюп, ортого чыгып келди. Жолойду көрүп Кошойдун эси чыгып, калдаңдап калыптыр. Кимиңер чыгасың бул каапырга деп, ага да барыптыр, буга да барыптыр.
Баатыр Манас сен кандайсың, балбанга, күрөшүп намыс алганга дегенде, Манас мындай дейт: оо, эл агасы эр Кошой Аккуланын үстүндө Акдөө келсе аңтарам, Көкдөө келсе көңтөрөм. Мен жөөгө турбас ит элем, жолой албайм Жолойго, байгени алсаң менден ал дегенде Кошой айласы кетип, Төштүккө, Көкчөгө, Жаанбайга, Багышка барат, Акбай, Мамбеттер качып макул болушпайт. Айласы кетип акыры Көккоёнго келгенде, Көккоён макул болуп, өлсөм өлүп калайын, өлбөсөм намыс алайын аке дегенде, Кошой Көккоёнду алптарга көрсөтпөй жашырып балбанга салмак болот. Аны байкап калган Манас Кошойго ачууланып, бала бөөдө өлүмгө учурайт да ошондо намысыбыз колдон тайбайбы дейт. Эмдиги намыс сеники, Жолой менен кармашып өлсөң өлөрсүң, өлбөсөң, намыс аларсың деп Манас Кошойго катуу айтат.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 9
Ошондо жаш күнүн эстеп, же жыйырма бешим, же отуз бешим, же кырк бешим, же элүү бешим, же алтымыш бешим, же жетимиш бешим, же сексен бешим эле болсочу деп токсон бештеги Кошой арман кылат. Күрөшкө түшмөк болгон Кошойго Айдаркандын Көкчөсү басып келип, сенин шымың окура баскан буралуу марал териси, баатыр. Каапырдын каны эр Жолой алаңа колун салбайбы, багалектен албайбы да шымыңды айрып салбайбы. Аброюң ачылып, ошондо намысың колдон тайбайбы. Алты жылы мал-малга салып, Каныкей тиштеп тиккен тоо текенин терисинен жасалган Манастын шымын сурап кийсеңчи дегенде Манас шымын кармата берет. Куп жарашкан шымды кийип тайлак төөдөй талтаңдап Кошой Жолойго басып барат. Атан төөдөй алчаңдап тура калган Жолой Кошойдун жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн коркута сүйлөйт: оо, ат башындай жүрөгүң, мага айбыкпай кантип келдиң сен. Кой башындай жүрөгүң, коркпой кантип келдиң, сен. Саныңдан алып ыргытып, Самаркан көздөй урбасам, бутуңдан алып ыргытып, Букара көздөй урбасам, сени бир бөөдө өлүм кыла албасам Жолой атым курусун. Анда Кошой муну айтат. Атаңдын көрү ит бүрүк, сен күчүңө саларсың, мен кудайга салайын деп кармаша кетишти. Буурадай болуп булкушуп, булчуң эттен жулкушуп, тай букадай сүрүштү. Күнү-түнү тынбастан кырк беш күн кармашты.
Жанына жетип келип Манас, абаке Кошой, акылыңдан тандыңбы, же эрмек кылып, таң-тамаша сүрүп жүрдүңбү дейт. Анда Кошой Манаска карап колун шилтеп ары бас эле Манас, ары бас. Бул каапырдын кара күчү мол экен. Бу соргоктун ич мыкысын билим алдым. Мунун бир күндө жеген ашы тогуз бука, тогуз кочкор, тогуз буура, тогуз айгыр эти экен. Бир күндөгү ичкени токсон саба кымыз экен. Даам сыздырбай бу соргокту эрмек кылып жүрөмүн. Эртең таламандын тал түштө талпагын ташка жаямын дейт, Кошой.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 10
Эртесинде Жолой Кошойду жата калып ыргытам деп, өзү чалкасынан түшкөндө Кошой көөдөнүнө минет да, башынан аттап кетет. Карыганда кан бабабыз намыс алып берди дешип, дүйүм алптын баарысы атынан түшө калып, калы килемге салып көтөрүп кетишет. Каныбыздын башынан аттап кеткени эмнеси дешип, калмактар жабыла атка минип мусулман калкын каапырлар Самаркандын көк ташын көздөй сүрүп барат. Каптап келген калмакты көрүп ачуусу келген Манас Акбулчуң күлүккө ыргып минип, калмакты кайра жапырат. Муну көргөн Бокмурун туурасынан чыгып, ашты берген киши күнөөкөр, журтка бүлүк салбачы деп Манасты коштоп алып кетет. Жыгылган жеринде турбай жаткан Жолойго Бокмурун тогуз жорго тартуу кылат. Жыгылганына карабай тартуу алдым деп бир компоюм калган Жолойду солондор атка мингизип алып кеткен соң Бокмурун мусулман менен каапырдын ортосуна дагы тогуз жорго алып чыгып, эр сайышты баштамак болот. Тула боюн топчулап, тултуйган кызыл бетин үчүлөп каапырдын каны Жамгырчы карагай найза колго алып, жер ортосу Боз-Дөбөгө чыгып келет. Муну көргөн эр Кошой Манасты сайышка чыксын деп чакырат.
Манас Алмамбеттин Сараласын, андан соң Көкчөнүн Көгаласын минип сындан өткөрүп, Көгаланы жаратып жоо кийими ак олпокту кийинип, карагай найза алып Боз-Дөбөгө жетип келет. Жамгырчы менен Манас беттешип, Манас аны аттан ыргыта саят да, атын кармап алат. Сайыш деген бар эле, ат алат деген эмине деп каапырлар дагы «мөндүлөшүп» каптап, мусулманды Самаркандын көк ташын көздөй айдап кирет. Ачуусу келген Манас калмакты кайра жапырып киргенде, Бокмурун дагы келип, Манастын ачуусун басат. Жыгылган жеринде турбай жаткан Жамгырчыга тогуз жорго кыналап Бокмурун тартуу бергенде тартуу алдым деп Жамгырчы да бир компоюп калат. Эртеси шурудан буйла тактырып, калы килем жаптырып, карача каймал туу ингенди ортого байлап, төө чечмейди баштамак болот. Калмактын каны Ороңгу энеден туума жылаңач чыгып келет. Эки колун төбөсүнө алып, төөнү тиши менен чечип алат. Муну көгөн мусулман менен каапырлар шатыра-шатман күлүшүп, тамашага батышат.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 11
Манас дүнүйөң жок беле деп, Ороңгуну уялтмакчы болуп сөз айтса, анда Ороңгу кайра Манаска ошол жердеги баатырларды бирден санап, Манастын өзүн кошуп баарыңарды тапкан менин абийирим деп мазактайт. Эртеңки күн болгондо токсон тору айгырдын үйүрүн айдап келип, кай жыкканың алгын деп элдин ортосуна токтотот. Муну көрүп бүйрү кызыган, Коңурбай ким чыгар дейсиң, күрөшпөй эле байгени алам деп, аттан ыргып түшүп күрөшкө чыкты дейт. Кошой Манаска келип кимди чыгарабыз десе Манас Кылычтын уулу эр Агышты таап келгиле, кыз жандуу неме эле, кыз жандап кеткендир деп айтат. Кошой Агышты Айкандын кызы Алтынайдын айлынан таап Коңурбай менен күрөшүп, колумду булгабайм дегенине болбой алып келет да күрөшкө салат. Агыш менен Коңурбай отуз беш күн күрөшүп, Коңурбайды эр Агыш төбөсүнөн жер сайдырып жыгып кетет.
Эртеңки күнү болгондо Манас нечен күн-түн өттү, алабаш жорго, чубар ат байгеге камдалды. Эл агасы эр Кошой байгени карап көрүп кем-кемтиги бар болсо толтургун, мен ат жолуна барамын деп үч күнчүлүк жолго жөнөп кетет. Кырк чоросу түптүү чынар теректин түбүнө токтоп, Акбулчуңдай күлүктү аса байлап, Аколпокту айкарасынан жамынып, тогуз күн уктап калат. Чабылган аттардан кабар угулганда кырк чоросун чогултуп, Манас төлгөчүсүнө төлгө тарттырып, Көз ачыгына болжолун каратып, жер тыңшарына жер тыңшатып, так айта көр дейт. Жер тыңшар Актар жер астын тыңшап: Оо, баатыр Манас бадышам, кайсы экени билинбейт, алтай, алтай, каңгай, Кошой, Көкүм, Көкүм деген ураан көп деп Актар айтканча аттын алды көрүнүп калат. Алды Жолойдун Акбууданы, анын артынан Үрбүнүн Кыткарасы, анын артынан Жамгырчынын Аксаргылы, андан кийин Төштүктүн Чалкуйругу, Чалкуйруктун соңунан Жаш Айдарга оозун бербей Мааникер келет. Мааникердин артынан Жанаалынын Уртору, андан кийин Ороңгунун Оркула, эр Багыштын Суркоён, анын арка жагынан Аккуланы жаңыдан чоро болом деп Манаска келген Алмамбет сүрөп алыптыр.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 12
Аккуланы көрүп, Манастын ачуусу келип, Аккула сени жебесем деп Аккуланы жетектеп келе жаткан Алмамбетти көздөй жөнөйт. Анда Алмамбет: төрөм, төрөм десе мынча неге мынча дүркүйөсүң, Манас, Манас дегенде мынча неге сен барчаясың, үйлөп койгон чаначтай, мынча неге дардаясың. Кече атты өзүмө жайлатпай же Чалкуйрук менен кошо тердетпей сенин бул эмне кылганың деп, Алмамбет таарыныч сөзүн айтат. Ошондо Манас баатырың Жакыптап ураан чакырып, Аккулага катыра камчы салганда Аккуланын тайдай эти тарап, тайгандай жүнү түзөлүп, алты айчылык жол басып, ал табына келип, жети айчылык жол басып, жол табына келген Аккула көк булуттун асты менен муундуу чөптүн үстү менен аркырап келип учкан дейт. Өңгө аттардан күнчүлүк чыгып озуп кетет. Аны көрүп Манас Акбулчуң оозун тартып туруп калат. Кырк чоро Манастап ураан чакырып Аккуланын артынан кетет. Артта калган Манас артылманын Ак-Кыяга келип, аты баспай ашууга такалып калат.
Манас атынан түшүп, Акбулчуңду кыр аркага салып Ак-Кыяны ашып түшөт да, кайра атына минип, аш берген жерге жете келет. Келсе Аккула аса байлалуу, кырк чоронун башы көзү жаралуу эмне экенин түшүнбөй байгени кайсы ат алганын билбей, Аккула албаса аны соёлу да этине мыктап тоёлу, сөөгүн итке, кушка жыттатпай бачайы менен оройлу, макмал менен чулгайлы, Масажалдын белине саарлап барып коёлу деп кырк чорону бирден санап чыгып, эмне болгонун сурайт. Ошондо Ажыбай эр Жолой Аккуланын байгесин тартып алып, кырк чорону сабап кеткенин айтат. Муну уккан Манас ордунан ыргып туруп, айбалтасын алып, Аккулага жайдак минип, Жолойду курчап турган каапырларга качырып кирип барат. Айбалта менен Жолойдун жаагын эше чабат. Манастын кылычын Бокмурун жете келип, акемдин ашы өтсүн, аш берген киши күнөөлүү, байгеңди Жолойдон өзүм сурап берейин деп атты чылбырдан алып жетелеп кетет.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 13
Жаагынан аккан канын эптеп токтотуп, чиркей эле бу Манас, чымын эле бу Манас, чагып эле кетти жаагымды деп, Жолой баатыр күпүлдөйт. Муну уккан эр Манас Жолойго алтымыш эрди бир жутуп, кан жыттанган ит, алтымыш жылы жөө басып, тер жыттанган ит. Кечээ үңкүрчөнүн оюнда, Үч-Капкактын боюнда отор төөңдү тартып алган мен Манас, эми сенден коркомбу. Агайкандын жолунда, Көгөйкандын жолунда жылкыңды тартып алганда сени бир өлтүргөм, эми сенден коркомбу, байгемди бергин ит Жолой дейт. Жолой Манастын сөзүнө кулак какпастан, өлсөм өлүп калармын өлбөсөм сага кылармын, жети сан кол жыйып келип, анан өчүмдү аламын деп, калмактарын ээрчитип жүрүп кетет. Манас кол сурап Кошойго, Төштүккө, дагы да башка баатырларга кайрылат. Алар ар кайсы сөздү айтып жубатып, кол беришпейт.
Манас акыры кудай дешкен досу Көкчөгө кайрылып, Көгала аты менен Көккүбөсүн сураса калмак менен аралаш жашайм, Көгала менен Көккүбөнү тааныган калмак келип элимди талоонго алып кетпейби. Кааласаң же Акеркечти, же Умсунайды, же Үмүтайды алгының дейт. Муну уккан соң Манас Боз-Дөбөгө барып жатып алат. Эртеси кырк чорону жыйып, жыйырмасын жортуулга чыгам азык камдап берсин деп Каныкейге, Акболот жасап берсин деп жыйырмасын төкөр уста Дарканга атказып жиберет. Каныкейге түшүндө аян берген экен, чоролор келгенче даярлап, дайын кылып коёт. Даркан уста отуз уулу менен токойго кирип, Манас айткандай алты күндө Акболот себилди жасайт. Даркан уста Акболоттун сырын Манаска өзү айтып бермек болуп кошо келет. Кынга салса кылт этпейт, сууруп алса жылт этпейт, Батагыңдан аларда, капырды көздөй саларда, ай жакка карай шилтесең, алтындан чаңы жазылат, Күн жакка карап шилтесең, күмүштөн чаңы жазылат, төрөм. Акырын шилтеп бек тарткын, кокустан жерге түшпөсүн, колуңдан жаздым болбосун. Жүзүн жерге каратпа, төрөм, деп төкөр уста Даркан батасын берет.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 14
Манас бардык камылгасы бүткөн соң ак чатырды бүктөтүп, кошту жүктөтүп, күнү-түнү тынбай жүрүп, Тал-Чокуга келет да Манас эки жагына көз салып кудайга жалынып, Ажыбайды кароолго жиберет. Эртеңинде көп кол менен Жолой келип калат. Каптап келген калың колдун ичинде кызыл желек туу кармап, кара ала ат минип ке.латкан кытайлардын сыр мурундуу Коңурбайын Манас көрөт. Алмамбетти чакырып Коңурбайды көрсөтүп, кокту менен барып, тушуңа келгенде найза сундуруп кол сал. Чамаң келсе ат-маты менен жыга көр. Чамаң жетпесе, эптеп атын ала көр дейт. Алмамбет капталынан качырып найза сайганда Коңурбай аттан жылмышып түшүп калат. Аны көргөн Жолой Ачбуудан менен Алмамбеттин артынан кууп жөнөйт. Орто жолдо Сарала жүрбөй калып, Жолой Алмамбетке бута атымдай жете келет. Сараладан түшө калып Каралага минсе, жоонун аты эмеспи, ооздугун чайнап туруп алат. Алмамбет кайра Саралага минет.
Жолойдун жетип калганын көргөн Манас туурадан качырып, Жолойду аттан сайып түшүрүп, Ачбууданды кармап алайын десе, карчыга болуп асманга чыгып кетет. Манас Алмамбетке Акболотту сынаймын Жолойдун кийимин чечтирип, чочойтуп отургузгун дейт. Манас Акболот менен Жолойдун башын кыя чабат. Денесин чабуу үчүн катуу шилтеген кылыч денеден өтүп жерге кирип кетип, туткасы колунда калат. Алмамбетке отун алдыртып Жолойдун денесин өрттөтүп жиберет. Ачбуудан асманда жүрүп ээмде атаңдын деле кеги жок эле эмнеге өрттөп салдың, эми сага карматпайм деп, күйүп жаткан отко түшүп кетет. Манас баатырдын кырк чоросу жабыла атка минип, алты сан калмакты алты аралап, жети сан калмакты жети аралап согушат. Манас калың колдун ичинен Алгарасын минип алган Коңурбайды көрөт. Качкан Коңурбайды кубалап Манас Көк-Меженин суусун кечип өтөрдө Алгараны куйруктан алганда куйругу колдо калып, Коңурбай кутулуп кетет. Куйругунан ажыраган Алгарага тил бүтүп, ал Коңурбайга мындай дейт, кытайлардын кыр мурундуу Коңурбай ээм, кулагымдан айрылып, чунак кара ат, куйругумдан айрылып, чолок кара ат болдум.
«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ» 15
Куйрук-жалым курусун, менин Жолой алпым канакей? Жолой алп да курусун, жалымды кашып берүүчү жан шеригим Ачбуудан тулпар канакей? Ачбууданы курусун, менин капкалуу көп журтум канакей? Эми элге не деп барабыз, журтка не деп айтабыз? Манастын аты арып калыптыр, өлсө өлүп калалы, өлбөсөк кекти алалы, дейт. Коңурбай суудан кайра кечип өтүп, Манаска келип үн салат. Токтой тур Манас, токтой тур. Менин да бир кишиче алым бар эле. Аркалыктын Сары Талаага ат жарышмак ойнойлук. Үзөңгүнүн боосунан оодарышмак ойнойлук. Андан айла болбосо найза менен сайышып, кылыч менен чабышып, андан айла болбосо такыядай баш чукуу, тартып алып беришип, андан айла болбосо ай балта менен чабышып оюн кылалык дейт. Манас макул болуп, башын тосуп бергенде Коңурбай айбалта менен оройго чапканда ташка тийгендей чак дей түшөт.
Чапкан андай эмес, мындай деп, Манас Коңурбайды орой чокуга чапканда тоңкоюп барып жатып калат. Манас Аккула менен кайра тартып, кырк чорого келет. Кырк чоронун баарысы он эки сандан олжо алып, эң кенжеси Тазбайматка жети сан олжо тиет. Ошентип, Манастайын баатырың каапырдын журтун канап жеп, мусулман журтун санап билип, аягы бөтөгөлүү Кой-Таштан, башы Кызыл-Кыя, Сан-Таштан элди сурап калат. Манас баатырың боору чаар, сырты көк кара чоктуу калмактын журтун каратты. Кызыл чоктуу кытайдын журтун каратты. Кашкардан алтымыш асый, кырк кундуз алым жеди, Кокондон сексен байтал, жүз кундуз, зекет жеди. Мындан кийин жакшылар Манастайын баатырга батаңарды бергиле...
К. Кырбашев. К. Ботояров
«КӨКӨТӨЙДҮН ЭРТЕГИСИ»
— казак тилиндеги котормо китеп (Алматы, 1973). Китеп Ч. Валиханов кыргыз жергесинен 1856-ж. жазып кеткен «Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунун казак тилине А. Маргулан тарабынан которулган котормосу. Текстологиялык иштерин М. Магаун жүргүзгөн.
КӨК-ӨТӨК
— топоним. Манастын Аккуласы туулган жер.
Кара-Суунун четинде,
Көк-Өтөктүн бетинде
Минген атын суудуруп
Кара жалдуу кула бээ
Бир ак сур кулун туудуруп
(Сагымбай Орозбаков, 1. 65)
отурган Жакыпты сүйүнчүлөп келген Акбалта К.-Ө-төн табат. КӨК-ТАЛ — топоним. Манас баштагы кыргыздар Алтайдан Таласка көчкөндө «Көк-Тал» бойлоп сыдырып, Чоң Илени кыдырып» (Саякбай Каралаев, 1. 167) басып өтүшөт. Географиялык реалияда Иле чөйрөсүндөгү суу.
КӨКТЕЛКИ
— Мунардын күлүгү. Тейиш кандын тоюнда байге алган кырк аттын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 66).
КӨК ТЕҢИР
— асман кудайы. «Манас» эпосунда мифологиялык терминдердин бири: Кул, байынан калбасын, Кубатына карасын, Куруганын биле албай, Көзүн ачып жумганча Көк-Теңир уруп салбасын! К. т. эпосто теңирдин синоними катар да колдонулат. Мисалы, «Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көк урсун», к. Теңир.
КӨК ТУЛПАР
Көкчолок — Бакайдьш тулпары (Сагымбай Орозбаков, 2. 340).
КӨКЧӨ
— эпостогу негизги каармандардын бири. Казактардын каны, белгилүү баатыр. Сагымбай Орозбаков вариантыдо Көкчө эпостун сюжетинде дээрлик башынан аягына чейин катышат. Атасы Айдарканды ээрчип жүрүп, эл-журтун душмандардан коргоого активдүү катышып, жоодон тартынбай нечен жолу жекеге чыгып, баатырдык көрсөтөт. Эпосто К-нүн баатырдыгы башка каармандар менен тең катар бааланат. Сагымбайдын айтуусунда Көкчө Манаска келип кошулуп, өзүнүн биринчи эрдигин кытай баатыры Нескара менен болгон согушта көрсөтөт. Салбырында жүргөн бир курдуу балдар Манасты кан шайлап алышат. Кийин эл чогулуп Манасты кан көтөрүшкөндө К-гө төрөлүктү ыйгарышат. Башка кандар сыяктуу эле К. да Манас менен бирдикте Чүйдү, Анжиянды бошоткон жортуулдарга атасы Айдаркан баштаган колу менен катышат. Ар бир кан өз алдынча жер-жерлердеги калмак кандарына каршы жөнөгөндө К., Айдаркан Кер-Көлдөн өтүп, Алматыга ашып түшүп, Иле боюн ээлеген калмактын каны Илебинге каршы барат.
Каны мурун Манастын колу менен болгон согушта өлгөн эл каршылык көрсөтө албай багынып, Буудайбек сулууну баш кылып тартуу тартат. К. Буудайбекке үйлөнүп, Иле боюнда калат. Манас чакыртканда гана башка кандар өңдүү өз колу менен келип турат. Эпосто Көкчө Алмамбетке байланыштуу окуяларда кеңири айтылат. Алмамбеттин келиши менен К-нүн иши илгерилеп, К-нүн көңүлү да Алмамбетке бурулуп калгандыктан, казак төбөлдөрү көрө албастык кылып аларды араздаштырууга аракеттенишет. К-нүн алабарман, ичи тар ишенбөөчүлүгүнөн пайдаланып, эл арасында Көкчөнүн аялы Акеркеч менен Алмамбет экөөнүн көңүлү жакын экен деген ушак кеп таратышат. Акылдуу Акеркеч Алмамбетти актап, Көкчөнү уяткарат. Анын Көкчөгө кылган кызматын, адамдыгын, жолдошчулугун айтат.
Алмамбетти көрө албагандар акылы азыраак Буудайбекти күбөгө тартып, чагымчылдар Алмамбетти кетирип тынышат. Аягы К. жети канга кошулуп, Манаска каршы кутумга кирет, Бээжинге чоң казатка чогуу аттанат. Саякбай Каралаевдин вариантында да К. казактын каны, өзүнө ылайык Көкала тулпары бар белгилүү баатыр катары сүрөттөлөт. Анын мүнөзүндө алабармандык, мактанчаактык, ала көөдөндүк, өзүмчүлдүк өңдүү терс жактары бар экендигине карабастан ал душманга каршы тартынбай кармашкан эр жүрөк баатыр. Кийин Көкчөнүн уулу Үмөтөй чоң казатта окко учкан атасынын кунун Семетейден доолайм деп, бөөдө өлүм болот.
К. Кырбашев
КӨКҮРӨК
— топоним. Манас баатыр өзү катылган Шоорук канды жеңүүдө К-тү жердеген кыргыздар да катышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 206).
КӨКЧОЛОК
— Акбалта Манастын төрөлгөнүн сүйүнчүлөп Жакыпка барганда минген ат (Сагымбай Орозбаков, 1. 65).
КӨКЧӨКӨЗ
— каарман, көзкамандардын бири. Айрым варианттарда Көзкамандын баласы делсе (Сагымбай Орозбаков варианты, Радлов жазып алган вариант), айрымдарында Көзкаман менен К. бир тууган делет (Саякбай Каралаевдин варианты ). Көзкамандардын окуясында К. активдүү катышат, к. Көзкамандар, «Манастын» сюжетиндеги Көзкамандар окуясын.
КӨК-ЧЫНАР
— топоним. Алтайдан кыргыздар Ала-Тоого көчүп келгенде, Таласта, Кең-колдун оозунда Манас туу көтөрүп такка олтурган жер. Кайнардын кара көзүндө, Көк-Чынардын өзүндө Төрт-Күлдүн төмөн жагында, Туу көтөргөн жаңыдан, Туйгунуң Манас тагында (Курама вариант, 1. 112).
КӨК ЫРАПС ТОН
(орусча — репис, репс) — Чубактын ырапстан (репстен) жасалган баатырдык сырт кийими. Тондун көк асман менен (көк теңир менен) түстөш болушу баатырды ар кандай кырсыктан сактоочу кереметтүү касиетке ээ экенин кабарлайт. Көк түс колдоочулук күчкө ээ болгондуктан Чубактын тону гана эмес, минген тулпары — Көгаланын да өңү көк. Дегеле эпостогу баатырлардын сырткы көрүнүшү көк түстө болушу мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, «Көк сүлөөсүн бөрк кийген, көк ала Калкан ойногон, Көк тулпар сындуу ат минген» — деп сүрөттөлөт. Байыркы түрк элдери көк тонду касиеттүү санашканы тарыхта белгилүү. Мисалы, байыркы көк түрктөрдүн кагандарынын башкы акылчысы жана кол башчысынын эр аты (эр жеткенде негизги белгисине, сапатына же мансабына берилчү ат) Тонукөк болгон. КӨЛ, к. Ысык-Көл.
КӨЛБАЙ
— кейипкер. Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндөн кийин агаларына кошулуп, Манастын үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүп, дүнүйөсүн талап алууга катышкан. Кочкордун көкүтүүсү менен кырк чоро экинчи жолу качканда алар менен кошо Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 2. 249; 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).
КӨЛ-КАМЫШ
— топоним. Чоң казатка аттанган Манастын колу К.-К-ты басып өтүшөт (Сагымбай Орозбаков, 4. 130). Географиялык реалияда Казакстандын Алматы облусуна караштуу аймак.
КӨЛ-КЕЧҮҮ
— топоним. Ит-Ичпес дарыясындагы терең кечүү. Кытайлардын жылкысын тийген элдик баатырлардын артынан Коңурбай куугунга түшөт. К.-К-нү көп жылкы кечип өтмөк болгондо кууп жеткен көп душман туш-туштан жабылып, Манастын минген аты Айбанбоздун начардыгынан пайдаланып айласын кетирет. Алмамбет менен Чубак жардамга келип, Манас аркы өйүзгө чыгат. Бирок, жоо Алмамбет менен Чубакты кармап алмак болгондо Алмамбеттин айтканына көнбөй Манас кайрадан К.-К-гө салып аларга жардамга келет. К.-К-дө жоонун көбүн кырып, экөөнү ажыратып алат. Аңгыча Бакай баштаган кол да жардамга келет (Сагымбай Орозбаков, 4. 331, 333—334).
КӨЛӨП
(тажикче Куляб) — топоним. Сагымбай Орозбаков вариантында жана башка манасчылардын варианттарында кыргыздар мекендеп келген жерлердин бири катары көп эскерилет. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Бокмурун атасын көмгөнү элге кабар жиберип «Аягы Ысар, Көлөптү, Башы Жызак, Жөлөктү, Кабар берип баарысын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) чакыртканда айтылат. К. эпоско 1635 —36-ж. кыргыздардын бир бөлүгү Ысар, К-кө келгенде (к. Ысар) кирип калган. Анткени, бул жылы Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» аттуу кол жазма чыгармасындагы маалыматка караганда 12000 түтүн кыргыз К. менен Ысарга кыш мезгилде келген. Азыркы кезде ошол келген кыргыздар Тажикстанда, көпчүлүгү Ооганстан менен Пакистанда Памир тоолорун жердеп турушат.
КӨЛ-СУУ
— топоним. Манас калмак-кытайлар башта басып алган ата журтун бошото баштаганда анын Кочкор өрөөнүнө жиберген колу душмандын айрым бөлүктөрүн ушул жерде багынткан. «Азыркы атын Түндүк дейт, Андагы аты Көл-Суу дейт» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 541—543-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.
КӨМӨК
— топоним. Бокмурун Көкөтөйдүн ашына эл чакырганда эскерилет:
Балыктын башы Көмөктөн, Бактысы ашык бөлөктөн Кыргыз уулу бу дагы Улугу Багыш жедигер, Жедигердин Багышы Уруудан чыккан бу бир эр (Сагымбай Орозбаков, 3. 53). Географиялык реалияда Ооганстандын чыгышындагы жер.
КӨМӨСАРА ЧОҢ-БЕЛИ
— топоним. Бээжинге казатка аттанган кол «Көмөсара Чоң-Бели, Ары жагында жердеген Нескаранын көп элин» (Сагымбай Орозбаков, 4. 136) басып өткөн.
КӨНӨК
— эпизоддук кейипкер. Перилердин тайып уруусунун башчысы. Көкөтөйдүн ашына чакырылат, бирок келгени айтылбайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 92).
КӨНӨР
— топоним. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келген кыргыздардын бир тобу Шоорук кандын жерине жакын туруп калышат. Шоорук кан аларды чаап, мал-мүлкүн олжолоп, К-дүн оюна келтирбей Анжыян, Кашкардан нары сүрүп салууну ойлойт. Өзү келип катылган Шоорук кан Манастан сокку жеп, кызы Акылайды тартууга берип алдына түшөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 201).
КӨҢГӨЙ
— мифтик кейипкер. К. жандын денеден бөлөк сакталышы мотиви Сагымбай Орозбак уулунун вариантында бир канча кейипкерлердин образдары аркылуу берилген. Жомоктук-фантастикалык кейипкер К. дөөнүн образы да эпостогу ошондой образдардын бири. Аяр дөөнүн сырдуу жаны Кара куш экенин билип, Кошой аны атып өлтүргөндөн кийин гана К. шарттуу түрдө ажал табат, к. Жандын денеден бөлөк сакталышы.
КӨӨДӨҢ
Ыраң Көөдөн — эпизоддук кейипкер. Саякбай Каралаевдин вариантында кытайдын үч жүз элүү жыл жашаган карысы, акылга дыйкан, кадырман адамы. Чоң казаттын алдында көп кол менен Манастын келатканын угуп кеңеш куруп жаткан кытай баатырларынын кашына келген К-гө Эсенкан өзү баш болуп ызат көрсөтүп, орун берет. Өтөр-кетер иштерди таамай көрө билген («кабарчысы азазил») К. Манасты согушуп жеңе албайсыңар, андан көрө тартуу тартып тынч багынып бергиле. Манастын акырет кетер ажалы силерден дейт. Чабала деген баатыры урушпай туруп эле чантуудан корксоңор, уруксат бергиле, мен барып чантууну байкап көрөйүн десе, Коңурбай «алжыган» деп, Ыраң Көөдөңдүн айтканына көнбөй коюшат. К. чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты утурлап барып, Алмамбетке жолугуп, Чабаланын келатканын айтып кетет.
КӨӨНӨКАН
— эпизоддук кейипкер. Тал-Чокуда Манаска өзүнүн кытайдан кетиш таржымалын баяндаган Алмамбет өзү менен кошо келген Мажикке Каныкей Көлөйдүн кызы К-ды алып бергенин айтат (Саякбай Каралаев, 2. 122—123).
КӨӨНӨ КАТМАР
— эпостогу көөнө мотивдердин, сюжеттердин, образдардын жана көркөм туюнтуу каражаттарынын системасынан түзүлөт. «Манас» жанрдык — стадиялык жагынан негизинен тарыхый-баатырдык эпоско жатса да, анын айрым эстеликтери, айрыкча, түштүктөн жазылып алынган варианттар сюжеттик курамы, образдары, көркөм сөз каражаттары жана алардын тарыхый-филологиялык өзгөчөлүгү боюнча толук бойдон көөнө-баатырдык эпостордун катарында турат. К. к. дегенде, эпикалык чыгармачылыктын тарыхый баатырдык жана андан кийинки этаптарына таандык чыгармалардын поэтикалык түзүлүшүнөн орун тапкан, анын мазмунунда тарыхый баатырдык теманы көркөм чагылдыруу үчүн кызмат кылган көөнө, мифологиялык (тотемдик, шамандык жана башкалар) мотивдер, эпизоддор, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттарынын тутумун түшүнөбүз.
Көөнө көрүнүштөр биринчи иретте «Манастын» сюжетинен жана образдар системасынан ачык көрүнөт. Кыз Сайкалды багынтып, акыреттик жар кылышы, Мадыкан, Макел дөө, Ороңгу жана башка каармандар, итаалы эли жөнүндөгү сюжеттер эпостун К. к-ын түзөт. Аты аталып бирок образдары ачылбаган адамноо, жетимурук, жаян жана башкалар мифологиялык жандыктар, баатырдык жомоктордо белгилүү болгон алп каракуш, тулпар, чеп кайтарган түлкү, өрдөк, аркар сыяктуу образдар да «Манастын» көөнө образдарды жана сюжеттерди кеңири камтыгандыгын көрсөтөт. «Манастын» төрөлүшү, үйлөнүшү тууралуу эпизоддор да көөнө белгилерге бай. Манас, Алмамбет, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын келбетин сүрөттөөдө да көөнө элементтер жыш колдонулат.
«Манаста» географиялык түшүнүктөр да тарыхый жана мифологиялык аң-сезимдин жуурулушунан турат. Жердин түбү Желпиниш — нукура мифологиялык түшүнүктүн жемиши болсо, Бээжин, Каңгай, Алтай жана башкалар топонимдер тарыхый белгилерди да алып жүрөт. Ошондой эле «Манаста» элдин космос, ааламдын түзүлүшү тууралуу байыркы түшүнүгү да сакталган (Жер, анын үстүндөгү, астындагы мифологиялык өлкөлөр).
«Манастын» көркөм сөз каражаттары да бир катар көөнө белгилерди камтыйт. Гипербола, салыштыруу, метафора, эпитет өңдүү негизги көркөм сүрөттөө каражаттарынын көпчүлүгү келип чыгышы боюнча элдин мифологиялык түшүнүктөрү менен тамырлаш (мисалы, канкор, айкөл, тоодой жана башкалар). Көөнө белгилер «Манастын» ыр түзүлүш системасында да сакталгандыгын көрөбүз. Ар бир сап 7 — 8 муундан туруп, аллитерация, ассонанс, референдердин жыш колдонушу буга далил. Ошентип, «Манастын» поэтикалык курулушу көөнө элементтерге бай, алар өзүнчө бир катмарды түзүп турат.
С. Кайыпов
КӨӨНӨ МОТИВ
— дүйнөлүк эпостордо кеңири колдонулуучу, тарыхый тамырлары боюнча байыркы мифтик түшүнүктөргө негизделген, баатырдык тематиканын ачылышы үчүн кызмат кылган, көөнө образдардын (к. Көөнө образ) чыгармада сакталып калышын камсыз кылып турган эпикалык мотив (к. Көөнө катмар, Мотив).
КӨӨНӨ ОБРАЗ
— тарыхый-филологиялык негизи боюнча элдин алгачкы мифтик түшүнүктөрү менен байланышкан, эпосто көөнө мотивдердин, сюжеттердин көркөм каражат катары кеңири колдонулушун шарттаган образдар системасы. Эпосто мындай сапаттарга ээ образдар — Алмамбет, Төштүк, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын образдары (к. Көөнө катмар).
КӨӨНӨ СӨЗДӨР
— күндөлүк речте колдонулбаган, көркөм тексттерде стилдик ыкма, көркөм каражат катары кызмат аткарган сөздөр, сөз айкаштары. К. с-дүн элдик оозеки эпосто колдонушу анын мазмуну, жанрдык-стадиялык өзгөчөлүгү, поэтикасы менен тыкыс байланыштуу. Көөнө мотив, көөнө сюжет, көөнө образдарды көркөм чагылдырууда айрыкча жыш колдонулат. «Манаста» К. с-дүн бардык түрлөрү кездешет. Белгилүү бир тарыхый учурда жашап, кийин колдонуудан чыгып калган историзмдер (зубун, тарса, ылама, мубакил, бичик жана башкалар) элдин мифологиялык аң-сезимине жана көөнө тарыхына байланыштуу түшүнүктөрдү билдирген сөздөр (жетимурук, адамноо, албын, кайып, зерчи жана башкалар) көп жолугат.
Эпостогу К. с-дү келип чыгышы боюнча эки төпко бөлүүгө болот: уңгусу түрк сөзүнөн турган жана араб, иран, кытай, моңгол жана башкалар тилдерден кабыл алынган сөздөр. X. Карасаев «Манас» эпосундагы түшүнүүгө кыйынчылык келтире турган сөздөрдүн (Сагымбай Орозбаков варианты боюнча) сөздүгүн түзгөн (к. «Камус наама»). К. с. эпостун стилине көтөрүңкү эпикалык мүнөз берип, көөнө түшүнүктөрдү көркөм чагылдырууга кызмат кылат.
КӨӨНӨ СЮЖЕТ
— баатырдык - көөнө эпосторго мүнөздүү көөнө образдар катышып, көөнө мотивдердин тутумунан турган эпикалык сюжет. «Манаста» мындай сюжеттер арбын, алардын эң мүнөздүүлөрү Эр Төштүк, Алмамбет, Дөө-пери жомогу, Макел дөө, Итаалы жөнүндөгү сюжеттер болуп саналат, к. Көөнө эпос.
КӨӨНӨ-ТУРПАН
Турпан — топоним. Кыргыз уруулары эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Иранча кухене — көөнө-эски жана моңголчо Турпан — ордо, борбор шаар, кан сарайы деген сөздөрдүн айкалышынан жасалган аталыш. Географиялык реалияда Чыгыш Тянь-Шань тоолорунун этегиндеги ойдуң жана андагы шаар.
КӨӨНӨ ЭПОС
(«баатырдык-көөнө эпос, баатырдык архаикалык эпос, архаикалык эпос) — поэтикалык курулушун, мазмунун көөнө мотивдер, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттары аныктаган эпос, баатырдык эпостун жанрдык-стадиялык өнүгүшүнүн алгачкы этабын чагылдырган эпикалык мурас. «Манастын» белгилүү варианттары жанрдык-стадиялык жагынан тарыхый-баатырдык эпостордун катарында турса да, анын бир айтымдары кадимки К. э-ко таандык касиеттерди толук камтыйт. Алсак, эпостун түштүктөн жазылып алынган варианттары буга далил (к. Мурат Калбай уулу, Төрө Мамыт уулу, Матисак Акбай уулу, Чал Сыдык уулу жана башкалар). Мунун өзү кыргыз эли Манас баатыр жөнүндө ар кыл жанрдык-стадиялык мүнөздөгү чыгармаларды жараткандыгын көрсөтөт. К. э-тун поэтикалык курулушунда мифологиялык образдар, сюжеттер менен бирге, алардын аткарылыш ыкмасы да өзгөчө болот. Көлөмү тарыхый-баатырдык эпостордой чоң эмес, баяндоо ыкмасы жөнөкөй келет. Негизги каармандардын образдарында тарыхый белгилерге караганда көөнө белгилер басымдуулук кылат. Эпикалык душмандар болсо дээрлик фантастикалык, мифтик белгилер менен чүмбөттөлгөн болот. Негизги көркөм сөз каражаттары катары гипербола, салыштыруу кызмат кылат.
С. Кайыпов
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 1
Бир катар социалдык-тарыхый өзгөчөлүктөргө, мусулман динин реалдуу дүйнөнү анын ичинде адамды сүрөткө тартууга жол бербегендигине байланыштуу кыргыз элинин арсеналында узак убакыт бою көркөм сүрөт өнөрү ар тараптуу өнүгө албаган. Бирок, «Манас» эпосу кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз карашын, тарыхын, маданиятын чагылдыруу менен сүрөт өнөрүнүн да болгондугу тууралуу маалыматты да сактап калган. Революцияга чейин жазылып алынган «Семетей» эпосунда күмбөздүн интерьерлеринде сүрөттөр болгондугун, андагы тематикалык сүрөттөрдө борбордук фигура катары Манас өзүнүн колдоочу жаныбарлары — жолборс, арстан, кабылан, бүркүттөрдүн курчоосунда курал-жарактары менен согушка даяр, үртүк жабылган атты минип турганы, ошондой эле анын кырк чоросунун душмандар менен согушуп жаткан учуру тартылганы сүрөттөлөт. Ошол эле сүрөттө элдин турмушунан алынган турмуш-тиричиликтик көрүнүштөр дагы бар экендиги кеңири баяндалат.
Манас таануучу С. Мусаев туура белгилегендей «Манас» эпосу искусствонун ар кайсы түрлөрүнүн элементтерин камтыйт. Каармандарды сүрөттөө адатта оозеки түрүндө болгондугуна карабастан, алардын сырткы турпаты, кийимдери жана башкалар өтө элестүү баяндалат. Эпосто кыргыз элинин жасалма-колдонмо өнөрү жөнүндө өтө кеңири маалымат берилген. Жомоктук образдарга эң алгач кайрылуу Орус география коомунун экспедициясы менен бирге келип, Кыргызстанда иштеп кеткен Б. Смирновдун чыгармачылыгы менен байланыштуу. 1903-ж. Кенже-Кара ырчынын айтуусунда эпостон үзүндүнү фонографка жазып алуу менен Семетей менен Айчүрөктүн Кытай жолундагы жолугушуусун иллюстрациялаган. Ошол учурда Б. Смирнов тарткан Кенже-Кара ырчынын портрети манасчылардын портреттик галереясынын эң алгачкысы. 1939-ж. кыргыздын туңгуч операсы «Айчүрөккө» сүрөтчү Я. Штоффер улуттук өзгөчөлүктү жана эпосту терең үйрөнүүнүн негизинде костюмдардын жана жасалгалардын эскиздерин иштеген.
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 2
1930-ж. О. Мануйлова кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн алтын фондусуна кирген «Манасчы Тоголок Молдо» скульптуралык бюстун жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында сүрөтчүлөр жомоктук темаларга жана образдарга кайрылышкан. 1942-ж. И. Безинович «20-кылымдын Гомери» аттуу С. Каралаевдин портретин тарткан. Бул жылдары эпостун биринчи «Чоң казат» деген томун сүрөтчүлөр И. Костылев жана С. Петровдор көркөм жасалгалашкан. 1943жылдан О. Мануйлова эпоско такай кайрылып, гипстен жана металлдан жасалган тоголок барельефтердин «Иллюстрациялар» сериясын түзгөн: «Манас ажыдаарды багындырууда» (1943), «Бала Манас салбырында» (1944), «Сыргак Алмамбет менен жана ажыдаарлар» (1944), «Сыргак менен Чынкожо» (1952), «Ажыдаарлар» (1957), «Ажыдаарды багындырып жаткан бала Манас» (1969) жана башкалар Ал 1945-ж. «Манас» операсынын сахна жасалгасына «Атчан чоролор» деген топторду иштеп чыккан. 1964-ж. «Манас жана манасчылар» темасын улантуу менен О. Мануйлова Ю. Карих менен бирдикте демократ-акын жана манасчы Т. Молдонун Фрунзе шаарындагы эстелигин жараткан.
1946-ж. Я. Штоффер «Манас» операсынын монументтик-жалпыланган жасалгасын түзгөн. Эпостун экинчи томунун даярдалышына байланыштуу Кыргызстанга көрүнүктүү советтик графикачы В. Фаворский келген. Анын эпос боюнча болуп өткөн конференцияда (1946-ж. 28-август) чыгып сүйлөгөн сөзү кийинки муундагы сүрөтчүлөргө эпосту иллюстрациялоонун принциптерин түшүнүүдө теориялык негиз болуп калды. 1946—47-ж. «Чүкө ойноп жаткан Бакай, Кошой жана Бокмурун», «Ажыдаарга каардуу бараткан Манас» жана башкалар станоктук гравюраларынын серияларына карата эскиздери В. Фаворскийдин стилизациядан качып, эпосту иллюстрациялоодогу сүрөттүн туура чечилишин тапкан. Сүрөтчү А. Михалёв эки түстөгү «Манас. Чоң казат» деген литографиянын циклын жараткан, ал кыргыз элинин өткөндөгү тарыхына, маданиятына кызыккандыкты көрсөткөн. Ал 1979-ж. смалта живопись техникасында иштелген «Каныкей» монументтик ишин жасаган. Скульптор А. Мануйлов архитектор А. Альбанский менен бирдикте Сокулук айылында тургузулган Советтер Союзунун Баатыры Д. Шопоковдун эстелигинин (1947, сакталган эмес) супасына «Манас» эпосунун темасындагы барельефти орноткон, анда ар кайсы муундардагы баатырларды жакындаткан улуттук белгилер баса көрсөтүлгөн.
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 3
Советтик көрүнүктүү живописчи С. А. Чуйков 1950-ж. «Манас салбырында» полотносун жараткан. Живописте манасчылардын образдары дажаралган: «Манасчы» (Ф. Стукошин, 1949), «Акындар» картинасы (1956—57, Г. Айтиев, Ж. Кожахметов). Эпостун 1958—59-ж-дагы басылышы Е. Соколов, А. Шубин, В. Рогачёв тарабынан классикалык манерада иллюстрацияланган. 60-жылдардын орто ченинен тартып баатырдык каармандардын жана манасчылардын образдарына көптөгөн сүрөтчүлөр кайрылышкан. Т. Садыков өзүнүн «Саякбай Карала уулу» аттуу скульптурасында (1965) эргүү учурундагы ойчул — аткаруучуну көрсөтүү милдетин койгон. А. Михалёв «Манасчы» деген карандаш портретинде (1967) айтуучунун көркөм бүтүн образын түзгөн. «Баатырлар жана айымдар» китебиндеги (1968, сүрөтчүсү Б. Жумабаев) Саякбай Карала уулунун портрети, С. Чокморовдун «Саякбай Карала уулу» живопистик портрети (1971), Г. Айтиев иштеген манасчынын скульптуралык портрети (1975) жана башкалар манасчылар сүрөттөгөн баатырлардын сүрөттөлүшүнө шайкеш келген эпикалык кенендикте чагылдырылышы менен өзгөчөлөнөт. Театр сүрөтчүсү А. Арефьев эпостун мотивинде ишке ашырган: «Айчүрөк» (1959), «Манас» (1969) операларын көркөм жасалгалаган.
Көркөм сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласына. 1) А. Н. Михалев, Бакай, линогравюра; 2) Т. Герцен, «Манас», гравюра; 3) Т. Курманов, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 4) О. М. Мануйлова, «Ажыдаарды багындырып жаткан Манас», медаль; 5) В. Соловьев, «Манас» эпосу, медаль; 6) Б. Жумабаев, «Сыйлоо», гравюра; 7) Л. А. Ильина, «Сейтек», жыгач гравюра; 8) В. Г. Рогачев, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 9) Скульптор В. Димов шамоттон «Манасчы» (1975), «Обон» (1982) композицияларын жараткан.
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС» 4
Ушул эле техникада С. Бакашев «Айтуучу» скульптурасын түзгөн. Салттуу турмуш-тиричиликтик сюжеттерден ийчи Д. Жолчуевдин интерпретациясындагы образдар жаралган: «Эпос айтуучу» (1978) жана башкалар. Акыркы он жылда активдүү өнүгө баштаган кыргыз медаль жасоо өнөрүндө эпостук темада бир топ чыгармалар пайда болгон:
В. Копотев «Чоро — Манастын жоокери» (1972) жана башкалар А. Соловьев — «Кыргыз эпосу — «Манас»» медалдар сериясы (1973), А. Тыналиев — «Саякбай Каралаев — 20-кылымдын Гомери» (1980) жана башкалар.
Плакат тармагында Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклине (1981) У. Омуровдун тарткан плакаты чыгармачылык фантазиясынын, образдык ойдун айкындыгы менен өзгөчөлөнөт. С. Орозбак уулунун, С. Карала уулунун портреттери «СССР элдеринин эпостору» сериясынан жарык көргөн «Манастын» 1-томунун жасалгасы катары сүрөтчү Л. Эрман тарабынан (1984) аткарылган. Эпикалык образдар чагылдырылган монументтик чыгармалар: «Манас» архитектуралык-скульптуралык ансамбли, Бишкек шаары: сүрөтчүлөр С. Бакашев, 3. Хабибулин, А. Воронин, А. Каменскийлер иштеген Кыргыз академиялык драма театрынын имаратынын дубалындагы рельефтер. «Манас» эпосунун иконографиясында Т. Т. Герцендин кошкон салымы орчундуу. Эпостун С. Карала уулунун варианты боюнча сүрөтчү Т. Курмановдун түсүнүн экспрессиясы жана композициясынын динамикасы менен өзгөчөлөнгөн иллюстрациялары сүрөтчүлөрдүн эпос темасына тынымсыз кайрылып жаткандыгынын күбөсү.
А.П. Ярков
КӨРПАЯН
Көрпөжан — эпизоддук кейипкер, Бакайдын аялы. Эпикалык каармандарга турмушка чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен күйөөгө баруунун салттык мотиви К-дын образында да сакталган. Саякбай Каралаевдин вариантында Карачтын кызы К. өзүнүн каалоосу менен Бакайды тандап турмушка чыгат. Кыздардын өз каалоосу менен күйөө тандап, ага турмушка чыгуу салты алтайлыктардын жана башкалар эпосторунан («Өскүс-уул», «Бойдок-Кекшин», «Тектебей-Мерген» жана башкалар) көрүүгө болот. Ал эми «Семетей» эпосунда Семетей Акшумкарын ак куу болуп кубулган Айчүрөккө алдырып жибергенде Чачыкейден шумкардын дайынын билгени барган үч байбиченин бири К. болот (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 25 — 28).
КӨРУУЛУ СУЛТАН
— Жакынкы Чыгыш, Орто Азия элдерине жана казактарга кеңири тараган баатырдык эпос «Көруулунун» башкы каарманы. Эпосту батыш (азербайжан, армян, грузин, ажар, кумук жана башка элдердеги) жана чыгыш (түркмөн, өзбек, казак жана башкалар элдердеги) деген топко бөлүп карашат. Бул эпостун башкы каарманы К. С. — түркмөндөрдүн текейомут уруусунун башчысы жана ырчы-акын. Батыш топтогу элдердин эпосунда атасын сокур кылган душманына каршы күрөшкөн баатыр. Атасы сокур болгондуктан Көруулу делет да Ченлибел, Шамлыбел аттуу ажайып жерди жердейт. Ал эми чыгыш топко кирген элдерде көрдүн (мүрзөнүн) ичинде төрөлгөндүктөн Көруулу аталып калат жана Чамбул, Чабули мастанды мекендейт. «Манас» эпосунда К. С. эпизоддук кейипкер катары айтылат да Букардан Таласка келтакан Семетей Бакайга жолуккандагы эпизоддо Бакай Чамбыл-Белдеги К. С-дын элин алты жолу чаап алып, Көрпаянды тартып алганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 227).
КӨТМАЛДЫ
— топоним. Манас баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнү окуясында:
Көчүп өтүп Көтмалды,
Кетилтпей айдап көп малды,
Чүйдүн башын таянып,
Үрбүн жатсын жай алып
(Сагымбай Орозбаков, 2. 160),
— деп айтылат. Географиялык реалияда Ысык-Көл өрөөнүнүн батыш чети.
КӨТӨЛҮКТҮН САРЫ-БЕЛ
— топоним. Чоң казатта Манастын колу Бээжинге жакындап келип токтойт. Алмамбет мындан ары Бээжинге кандайча баруу жөнүндөгү оюн ортого салып Манас менен К. С-Б-инде кеңешет. «Көтөлүктүн Сары-Бел, Он бир жолдун ортосу, Алты жолдун арасы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 236) аркылуу кербенчилер, жолоочу-жүргүнчүлөрдүн баары өткөн. Капырдан кароолчулар келсе да К. С.-Б-не токтошкон. Географиялык реалияда Тарбагатай тоосундагы кытайга ашып түшчү ашуу.
КӨТӨРМӨ
— топоним. Көзкаман Манасты өлтүрдүм деп элин чаап, мал-мүлкүн талап алып К-нү ашып, Суусамыр аркылуу Каканды көздөй кетет (Курама вариант, 1. 280).
КӨТӨРҮШ
— эпизоддук кейипкер. Бокмурун Сыймун аралын жердеген жапан элинин баатыры К-тү да ашка чакыртып, ашка келгени айтылбайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 94).
КӨЧӨК
— эпизоддук кейипкер, кыпчак баатыры. Араникте болгон согушта жекеге чыгып, каңгайдын Талап балбаны менен бетешип, анын күрсүсүнө такат кыла албай өлүм болот (Курама вариант, 1. 117).
КӨЧҮРМӨ
— түп нуска деп эсептелген текстти толук чагылдырган кол жазма. Манастаанууда К. өзгөчө мааниге ээ. К. түп нусканы толук эмес, анын айрым үзүндүсүн, бөлүгүн гана чагылдырышы да мүмкүн (мисалы, Сагымбай Орозбаков вариантынын «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгүнүн К-сү делип айтыла берет). «Манас» адеп жыйнала баштаган убактан тартып эле анын К-лөрү жаратыла баштаган. Ы. Абдыракманов Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазып жатканда анын жанында К. жасоо үчүн атайын адамдардын отургандыгы белгилүү. Ошондой эле К. Мифтаков да анын көпчүлүк бөлүгүн кайра көчүрүп чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын 20—30-жылдардагы К-лөрү азыр да Кол жазмалар фондусуна түшүп жатат.
Манастаанууда К. жана вариант деген түшүнүктөрдү ажыратуу кээде атайын изилдөөнү талап кылат. Мисалы, Тоголок Молдо «Манастын» эпизоддорун өз колу менен бир нече ирет жазып чыккандыгы белгилүү. Манасчынын ар бир айтканы (Тоголок Молдодо жазганы) өзүнчө вариант болуп калышы да мүмкүн (к. «Манастын варианттары). Ошондой эле мурдагы жазылган даяр тексттен сөзмө-сөз көчүрсө, К. катары бааланууга тийиш.
Кол жазмалар фондусунда «Манастын» ар бир вариантынын түрдүү көчүрмөлөрү сакталып турат. Араб, латын, орус арибиндеги К-лөр менен бирге фотожазуу, фотокөчүрмө түрүндө сакталган нускалар бар. Изилдөөчүлөр пайдалануу үчүн даярдалган жумушчу К-лар да Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
С. Кайыпов
К ПРОБЛЕМЕ ТРАДИЦИОННОГО И ИНДИВИДУАЛЬНОГО В ЭПОСЕ «МАНАС»
— Р. . Кыдырбаеванын орус тилинде жазылган монографиясы (Фр., 1967). Эмгек «Манас» эпосундагы салттык көрүнүштөрдүн жана жеке чыгармачылыктын карым-катнаш мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөгө арналган. Бул максатта эпостун сюжетиндеги, ошондой эле поэтикасындагы салттуулук проблемасы каралат. Изилдөөгө манасчылар Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Тоголок Молдонун варианттары, В. Радлов жазып алган вариант менен 16-кылымдын башында тажик тилинде жазылган Манас баатырга тиешелүү фактылык материалдар алынган. Сагымбай Орозбаков вариантын талдоо аркылуу манасчынын жеке кошумчалары эпостун сюжетине биротоло сиңип кетишине жол бербеген салттуулуктун ролу ачылат. Салттык сюжетинин көөнө катмарынан тартып эң кийинки кошумчаларына чейин каралат.
Окумуштуу буга жортуулдарды, кырк чорону, Манастын Жолой менен болгон согушун, Манастын төрөлүшү жөнүндөгү темаларды киргизет. Эпостун поэтикасын иликтөөдө метафора, антитеза, строфикалык параллелизм, туруктуу эпитет, салыштыруу, апыртуу, эпикалык кайталоолорго айрыкча көңүл бурат. Окумуштуу жеке чыгармачылык менен оозеки чыгармачылыктын салты бири-бирин жокко чыгарбастан тескерисинче, диалектикалык тыгыз карым-катышта боло тургандыгын белгилейт.
С. Алиев
КӨЧӨР
— эпизоддук кейипкер, кыргыз баатыры. Кыяс Айчүрөктү олжологону келгенде Бөлөкбайдын уулу Акжолтой менен кошо Айчүрөктүн капкасын коргоп курман болот (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 334).
КӨЧПӨСБАЙ
Көчпөс — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта К-дын чабдары Агыштын Карала атынан кийин келгени айтылган эпизоддон башка учурларда Жанайдын атасы экендиги гана көрсөтүлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 61, 105, 178, 268).
КУБАЙЫС
— эпизоддук кейипкер. Кулутка Манастын кабарын билдирип К-ты Алоокеге чабарман кылып жиберет (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 658, 659-б.).
КУБАЙЫС
— топоним. Кыргыздардын катаган уруусу жашаган калаа (Сагымбай Орозбаков, 2. 199).
КУБАН
— эпизоддук кейипкер. Манас менен болгон согуштун алдында Орго кан колуна кайрылганда баатыр-балбандарынын ичинде К-ды да айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 80).
КУБАТ
— эпизоддук кейипкер, Жакыптын койчуларынын башчысы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп, той бергенде союлган койлорду айдап түшкөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 61).
КУДАЙНАЗАР
— эпизоддук кейипкер. «Кудайназар куу чокмор, Курган Кошой жолдошу» жана жан бирге сырдашы, акылман. Кошойдун түшүн жоруп, Манастын келерин айтат. Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошоткон жортуулуна катышып, келаткан жолдо кайра Манаска жардамга келип, кытайлар менен болгон согушта Жолойдон өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 111, 112, 161). «Кудайназар куу чокмор» деген каарман «Эр Табылды» эпосунда да кездешет. Муну кыргыз эпосторунун бири-бирине таасири катары кароо керек.
КУЙРУЧУК
[(өз аты-жөнү — Кудайберген Өмүрзак уулу) 1866, Жумгал району, Кызыл-Туу айылы — 1940, ошол эле жер] — чечен, куудул, ырчы. К. кыргыз оозеки чыгармаларын, уламыш, санжыраларын жакшы билген, кепке уста, абдан чечен адам болгон. Атактуу Найманбай манасчы менен да айтышка түшкөн. «Манас» эпосунун айрым бөлүктөрүнөн да айткан. Андан 1938-ж. «Семетейден» «Чынкожо, Толтойдун Акун кандын шаарын курчашы», «Айчүрөктүн ак куу кебин кийип, Семетейди издеп чыгышы, Семетей кушунун артынан барып, Айчүрөктү табышы» жана башкалар эпизоддор (3000 сап) жазылып алынган.
КУЛ
— кожоюндун жеке менчигине айланган, эч бир укуксуз киши, кул ээлик коомдун негизги таптарынын бири. К. буюм катары эсептелип, аны сатып алган, сатып жиберген, ал түгүл өлтүрүп да салган. Эпосто К-дун укуксуздугу «Сатыкка салып, кул кылып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 264),— деп көрсөтүлөт. «Таятаң Темиркандай мытаамдын Дене кулу болупсуң» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 130),— деп сүрөттөлгөндөй эпосто дене К. деген түшүнүк жолугат. Дене К. — түбөлүк кул, сатып жиберсе кыңк этпеген кул деген маанини билдирет. Ал эми «Элирип кеткен кесек кул» (Сагымбай Орозбаков, 1. 64), «Оңой Манас кул эмес, Оюлгур жайы башкача» (Саякбай Каралаев, 1. 144), «Жайма көкүл жаш Айдар Өзү эптүү кул эле, Өңү сындуу кул эле» деген саптардан эпосто К. жалпы эле кудайдын кулу, адам, киши деген мааниде айтыла берээрин баамдоого болот.
КУЛА
— Кутубийдин байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага он бешинчи болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).
КУЛАБЭЭ
— Ороңгунун күлүгү. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта байгеге чабылган (Саякбай Каралаев, 2. 70).
КУЛАККАЙЧЫ
(калмакча — ууру). Сагымбай Орозбаков вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушу жөнүндөгү баянда Оргонун дөөтайы Калтаңдын кыргыздарга карата айтканында эскерилет:
Анда Калтаң кеп айтат,
Камыкпа каным деп айтат.
Кулаккайчы буруттур,
Көбөйүп кетти дейсизби
Көк теңир аны уруптур
(Сагымбай Орозбаков, 2. 77),
— деп кыргыздарга душманы кемсинткен түрдө айтат.
КУЛАН
— топоним. Манастан коркуп Бээжинге качкан Алооке кан күндүзүндө тынч албай, түн ичинде уйку албай чөл, талааларды басып өтөт. Буруттан эми кутулдук деп К. талаасына жүк түшүрүп, малын өргүтүп тыныгышат (Саякбай Каралаев, 1. 201).
КУЛАН
— эпизоддук кейипкер, калмак жайсаңы. Мунаркандын колу менен согушкан калмак, кытайлардын ичинде К. жайсаң да болгон (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 768, 786-б.).
КУЛАНАК
— топоним. «Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы» окуясында «Куланак, Ак-Чий, Кең-Талаа, Жүк түшүрүп салды дейт» (Курама вариант, 1. 147),— деп айтылат. Географиялык реалияда Чыгыш-Түркстанда Какшаал дарыясынын өрөөнүндөгү жер.
КУЛАН-ЖАЙЛАК
— топоним. Алтайдагы Жакыптын жылкысы жайлаган жайлоо. Бай Жакып Манастын жентек тоюна семирген жылкыларынан сойгону эскерилет: «Кулан-Жайлак, Куу-Тезде Кур атым жатат бу кезде» (Сагымбай Орозбаков, 1. 74). Географиялык реалияда Алтай аймагындагы жер.
КУЛАНСАРЫК
— Манастын бешинчи муун урпагы, Сейтектин эки небересинин бири. Кенен баатыр башында турган кыргыз эли бейкут жашап жаткан учурда аялы Гүлайым эгиз уул — Алымсарык, К-ты төрөп, «Сан кара тойго союлуп, Албан түрлүү жан келип, Уруудан калбай эл келип» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 146-инв., 401-б.) чоң той өткөрүлөт. Манастын учугун уланта турган тукумду эл зор кубаныч менен кабыл алышат. Эгиздердин келечекте эр жүрөк баатырлардан болорун алдын ала билдирген белги көрүнөт. Эбегей, Көгөй деген эки баатыр түш көрөт да кандайдыр бир коркунучтун жакындап келатканын кабарлап К-ка айтса, ал «Сунулган бут тартылбай, Жумулуп көз ачылбай, катуу уйкуга батып» кенебейт. Душман капыстан кол салып, Кененди өлтүрүп, кыргыздарды кыйратканда К. менен Алымсарык жаштыгына байланыштуу каршылык көрсөтө алышпайт. Желжетпес баатырдын акылы боюнча утурумдук эл-жерди таштап качып чыгууга аргасыз болушат. Алар Масин деген дарыядан Олуя атанын колдоосу менен өтүп, Эки-Аралды жердеп туруп калышат.
А. Жайнакова
КУЛАНСУР
— Байчоронун күлүгү. Манас Алоокени жеңип кан көтөрүлгөндө түшкөн олжону бөлүп алсын деп, кең Кашкарды сураган Алабекке Байчорону К-ду мингизип кабарга жиберет (Саякбай Каралаев, 2. 213).
КУЛА ТАЙ
— Аккуланын тай кезиндеги аты. Айтуучулар тарабынан К. т-дын таржымалы толук түзүлгөн. Саякбай Каралаевдин вариантында К. т-дын атасы кайберен-кулан, энеси Нойгуттун Карача деген канынын көп жылкыларынын ичине эч адамга көрүнбөй, билинбей пайда болгон «кайыптан келген куу байтал» (к. Куу байтал).
Тууганда жерге жатпаптыр, Энесинин үстүнөн Карап турса Карача
Так миң катар аттаптыр (Саякбай Каралаев, 1. 175).
Эпос боюнча К. т. кезинде сынчы сынайт да «күтүп жүргөн ээси бар» экен, өз менчигине тиешелүү мүлктү асырай билген ээсин таап берүүнү Карача канга эскерет. Чынында эле К. т-дын ээси — Манас болот, ал ага тиешелүү. Анткени, болочокто сымбатына сыпаты төп келишкен тулпар болчу К. т. «Олуяттан бата алат, Аккула болуп аталат» (Саякбай Каралаев, 1. 175),— деп эскерилет. КУЛЖА — топоним. Эпосто кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары көп эскерилет. Нескара менен Манастын урушунда: «Ошо суунун аягы Эми да аты өчкөн жок «Кулжа» аттанып калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 245); Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Кошой күрөшкө чыкканда Жолойду кордогону Кошойдун сөзү аркылуу эскерилет:
Кулжа-Тоонун оюнда,
Кутман байдын тоюнда...
Катылам деп Кошойго
Кан жөткүргөн жериң бар
(Сагымбай Орозбаков, 3. 219).
Кытай-калмак байгеге зордук кылып уруш чыгарганда: «Кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 280),— деп айтылат. Географиялык реалия катары К. — Иле дарыясынын алабындагы тоо. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономия районунундагы (Синьцзяндагы) суу, жер, шаар.
КУЛУН
— топоним. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш капталындагы көл. Тар суусунун оң куймасы. К. суусунун башында жайгашкан. Элдик уламыш боюнча калмактар кыргыздарды чаап, туш-тарапка айдап жиберген байыркы мезгилде Жакып кан Алтайга сүрүлүп кетет. Кыргыздардын ичинен 10 түтүн бөлүнүп киши жетпес тоонун арасында калат. Бул он түтүн элди Акас деген мерген кийик атып, тузак салып, багып турат. Анын жалгыз Кулабээси 3 жылы катары менен кайыптан кулун тууйт. Алар кийин тулпар чыгып, бирин Манас (Аккуланы), экинчисин Жолой (Ачбууданды), үчүнчүсүн Көкөтөй (Мааникерди) сатып алат. Кулабээнин кулундарын сатып, оокаттанып калган Акас мергендин эли тоо арасындагы көлгө жакын көчүп келип конушат. Акас мергендин Кулабээси төртүнчү жылы жазга маал көгүш кулун тууйт. Айгыр карабаса деле Кулабээнин кулун тууганына таң калган Акас мерген жолдоштору менен ууга чыгат.
Кулабээсин көлдүн боюна аркандап, жолдошторун жөнөтүп жиберип, өзү жээктен алыс, көмүскө жерде жашынып карап турса көл көпкөк болуп, анын бээ аркандалган чети чайкалып, көлдүн түсүнөн айыргыс көпкөк аргымак айгыр сүзүп чыгып бээге келет. Аны жыттагылап жатып, Акас мерген жакты карап калат. Адамдын жытын сезгенсип, башын жерге салып, бээни айланып, башын көтөрүп мерген жакты дагы бир карап, башын чулгуп алып, көк кулунду жалынан тиштеп, көлдү карай сүйрөп кирип кетет. Мерген көлдү караса, анын ичи дүңгүрөп, көп жылкы жүргөнсүйт. Кулабээ көлдү көздөй жүткүнүп, ордунда тыбырчылап кан сийип жиберет. Кулундун жайын мергенден уккан эл Кулабээнин мал болбосун сезип союп алышат. Көлдү кайып алган деп, ак сары башыл кой, ай туяктуу бээ союп, алла тааладан кечирим сурашып, көлгө «Кулун» деп ат беришет. Ошондон кийин Акас мерген ооруп өлөт. Эл К. көлүнүн жанындагы жайлоо мындан кийин Акас жайлоо болсун деп бүтүм чыгарышат, к. Акас мерген.
С. Карагулов
КУЛЖАН
— эпизоддук кейипкер. Акунбешим паашага каршы аттанаардагы кеңешке катышканы гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 94).
КУЛТАҢ
— эпизоддук кейипкер. Үч-Турпандык Каар аярдын баласы К. Манастын келатканын Текеске кабарлап, Текес, Куяс өлгөндөн кийин Орго канга барат. Орго ат мингизип Акунбешимге кат жазып берип, К-ды андан ары жөнөтөт. Жолдо Кеймен шаага келет. Оргого жардамга жөнөгөнү жаткан Кеймен ат которуп мингизип, ал дагы Акунбешимге кат жазып берип, К-ды жолго салат. Акунбешимге кабар жеткиргени туурасында айтылбай, К-дын айтып келгени чын экен деп согуштан аярлык амалы менен аман чыгып, качып келген Сары кыяр аярдын Акунбешимге айткан сөзүндө гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 33—34, 36, 70, 74—75, 78—79, 99).
КУЛУНСУР
— Акжолтойдун тулпары. Жер кезип жүргөн Акжолтойго жолугуп, Олуя чал Сейтекке Кулансурду, Акжолтойго К-ду атайы арнап алып келип берет. К. тулпарга ээ болгон Акжолтой далай эрдик иштерди жасайт. Чоң Билгич менен болгон согушта анын айбандан башкача күлүк керигине К. жете барат. Токсон төрт балбан жабылып Акжолтойдон Чоң Билгичти бошотуп алып, көптөп кармамакчы болгондо жанга шерик тулпары К. куткарып калат:
Астындагы Кулунсур,
Ай жаныбар чын буудан,
Айбан да болсо жаныбар
Абаңызга чын тууган,
Беттеп айза сунганда
Белес менен жылт коюп,
Жамгыр кылып жаа тартса,
Ийри-муйру кылт коюп,
Акжолтой абаң урушту
(Саякбай Каралаев, «Сейтек», 296).
Кененге каршы кол курап келген Эбегей, Көгөйго Акжолтой К-ду тартуу тартып, алар Кенен менен эл болуп, Таласка көчүп келет.
С. Төлөгөнова
КУЛУТКА
Култка — эпизоддук кейипкер. Калмак калдайы, баатыр. Манаска каршы кол курап жаткан Орго канга отуз миң аскери менен кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 72, 77, 80).
КУЛЬМИНАЦИЯ
(лат. culmen — чоку, бийиктйк) — көркөм чыгармадагы окуянын өсүп, өнүгүп жеткен жогорку чекити. Бул учурда сюжеттеги конфликт ачык көрүнөт, каармандардын максаттары, сапаттары айкындалат. Ар кандай көркөм чыгарманын, анын ичинде эл оозунда сакталып ушул күнгө жеткирилген эпикалык чыгарманын ар бирине сюжеттин өнүгүшүнө жараша окуя мотивдештирилип, өөрчүтүлүп олтурат да К-лык абалга жеткирилет. Андан ары окуянын чечилиши башталат. Эпикалык чыгармаларда адатта алгачкы согуштардан кийин окуянын чордону деп аталган эпостун финалдык жыйынтыгын чыгаруучу эпикалык чоң жүрүш башталат. Ал жүрүшкө чейин даярдык иретинде айтылган чакан эпизоддорду учуратабыз.
Бул эпизоддор тарыхый доордун шартына жараша ситуациялык кагылыштардын натыйжасында ар кыл багытта өөрчүтүлөт да, өнүгүү процессинде болот. Жалпы дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда кездешүүчү баш каармандардын жоого аттануу алдында өз үй-бүлөсү менен коштошуусу, анын жоо кийимдерин, курал-жарагын камдап берүү салты да кеңири баяндалат. «Манас» эпосундагы мына ушундай көп чакан эпизод» доорду жыйынтыктоочу К. «Чоң казат» болуп эсептелет. Бул эпизод ичине Манас жана анын башкы чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Төштүк жана башкалар баатырлардын көрсөткөн эрдиктерин, бир нече согуштук көрүнүштөрдү камтыйт. Жыйынтыктоочу эпизоддун негизги окуяларын түзгөн мотивдер эпостун мазмунуна жана сюжетинин курулушуна курч мүнөздөгү ситуацияларды киргизип, жогорку эпогейине, К-лык чекке жеткирилген. К-нын чечилиши Манастын өлүмү, чоролорунун курман болушу менен аяктайт.
К. Кырбашев
КУМАЙЫК 1
— Манастын алгыр тайганы, кийин мурас катары Семетейге калат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Көк жору тууган көзү ачыла элек кызыл эт күчүктү Манас Медияндын чөлүндөгү Кум-Булактын боюндагы кумайдан кайыбынан таап алат. К-ты «сыңар күнөө кылбаган зайып багат», — деп угуп Букардын каны Темиркандын кызы Каныкейге куда түшүп: «Кумайык багып сен берсең, Азарым анык салармын. Кол жеткен жердин баарына Каныш кылып алармын, Артылып камчы чаппасмын, Айкалтып күнү албасмын. Бенделигим билгизбейм, Бек сөзү сага тийгизбейм», — дейт. Каныкей «Күндүзүндө тынч албай, Түн ичинде уйку албай, Оозу менен сүт берип, Колу менен эт берип, Кырк кез ордун түбүнө багат» (Саякбай Каралаев, 1. 146 —148).
Багыш Сазановдун вариантында Алмамбет дүрбү салып туулган жеримден кабар алам деп Кум-Чокунун башына Сарала аты менен чыгып барып, Көк жору тууп таштаган К-ты таап алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «Туу байталдын казысын туурап салдырып, жети жыл жер алдында багат» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1258—59-б.). К-тын табылышы башка варианттарда да аталган манасчылардыкына жакын сүрөттөлөт. Бардык варианттарда К. баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир жан күйөр, сыйкырдуу жаныбары катары сүрөттөлөт. Манас өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле К. мөгдөп, аза күтөт, анын касташ туугандары Абыке, Көбөшкө кызмат кылыштан моюн толгойт. Семетей Букардан Таласка алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат, ал Кыяс колдуу жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп, эч кимди жолотпойт. Кийин Семетей, Бакай, Айчүрөк, Күлчоро кайып болуп, дүйнө кезип кеткенде, касиеттүү жаныбар катары кайып болот. Түрк элдеринде (кыргыз, казак, түркмөн, хакас жана башкалар) К. жөнүндөгү легенда кеңири тараган. Ал элдик оозеки чыгармаларда оң каармандардын жакын жардамчысынан.
КУМАЙЫК 2
Бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Бул жаныбар ушул эле ат менен Кавказдагы жана башка элдерде да учурайт. Демек, анын образы алгач бир негизден таралган. Иран элдеринин эң байыркы дин китеби «Ригведе» жерге касиеттүү өсүмдүк хоманын уругун алып келип таштаган Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Элдик түшүнүктө ал бийик тоонун башында жашаган жору мисалдаш куш (кыргыз уламыштарында К. жорунун жумурткасынан чыгып, аны жети күнгө чейин таап алса кыраан итке, андан кечиксе жоруга айланат). «Манаста» да кээде К. деген куш болгон делип айтылат (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв„ 1258-б.). Иран элдеринин түшүнүгүндө жана көркөм адабияттарында Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Кийинчерек Хомай ушул эле иран элдеринин мифиндеги өзүнө жакын турган образ Симург («Авесте» Сенмуров) куштун да ролун аткарат. Симург ит жана куштун кейпиндеги жакшылык кылуучу аргын жаныбар. Ал кийинчерек ит менен кушган турган жакшылык кылуучу образын Хомайга өткөрүү менен каардуу ажыдаардын элесине айланат.
Аты жана образынын көп белгилери жакын болгондуктан түрк элдериндеги К-тын образы байыркы иран элдериндеги ушул Хомайдын Симург менен биригишкен образынан маданий таасир катары кабыл алынган деп айтууга негиз бар. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Хомайдын образы бир кыйла эволюциялашкан. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту Акшумкарга (к. Акшумкар), иттик атрибуту К-ка айланган. Экөө башта бир образ болгондуктан «Манаста» экөө дайыма катар коюлуп, ажыратылбай бир учурда эскерилет. К. жөнүндөгү аңыз сөздөр кыргыздын башка оозеки чыгармаларында да кеңири кезигет. Мисалы, «Көбөк кан» деген уламышта кырк уруу түрк журтунун башчысы Көбөк кан аңчылыкта жүрүп, күчүк таап алып, карындашы Карлыгачка бакканга берет. Карлыгач оозу менен сүт берип, колу менен эт берип, жыл маалы үйдөн чыгарбай багат, күчүккө К. деп ат коёт. К. чоңойгондо жер үстүндөгү аңдарга тынчтык бербегенде Ак бугу мелдешке чакырып көзгө сүзүп өлтүрөт (Кол жазмалар фондусу, 106-инв., 59-б.). Мифологиялык планда баяндалган бул уламыш «Скиф — Сибирь аңчылык стили» деп аталган археологиялык байыркы эстеликтерде эң кеңири тараган, укмуштуу жырткыч жаныбар менен шаа мүйүз бугунун күрөшү чагылдырылган сценаны толук эске түшүрөт. Буга караганда К-тын образы кыргыздардын байыркы мекени Сибирде биздин эрадан алда канча мурун пайда болгон.
Р. Сарыпбеков
КУМАР
— эпизоддук кейипкер. Дебегинин атасы деп гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 347).
КУМ-АРЫК
— топоним. Бээжинди көздөй качкан Алооке канды Аксынын жанында К. -А. дарыясынын боюнда кууп жетет. Алоокени жайлап, дүнүйөсүн калкка бөлүп берет. Кошойдун сунушу боюнча К.-А-та жыйылган эл Манасты кан көтөрүшөт (Саякбай Каралаев, 1. 209). К.-А. Чыгыш Түркстанда, Тарим дарыясынын сол куймасы.
КУМ-БУЛАК
— топоним. « Кум-Булактын белинен, Даарат алган жеринен Кайыбынан кабылды. Кол башындай сур күчүк Көзү ачылбас чагында Жаңыдан тууган табында» (Саякбай Каралаев, 2. 233—34) Манас Кумайыкты таап алат.
КУМДУУ-СУУ
— топоним. Жанаша аккан К.-С. жана Кара-Суу деген дарыялардын бир тарабына Манастын колу, экинчи тарабына Орго кандын колунун:
Желбиреп желек туу болуп,
Жер жарылган чуу болуп,
Бир жагында Кумдуу-Суу,
Эки жагы суу болуп
(Сагымбай Орозбаков, 2. 79) ортодогу кургакта өткөн согушта Орго кандын колу жеңилип, өзү өлөт.
КУМ-КЫЯ
— топоним. Таласка көчүп келген Семетейге каршы Абыке, Көбөштүн колу чабуул койгон жер (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 320-б.). Географиялык реалияда Талас өрөөнүндөгү жерлердин бири.
КУМ-ТАЛАА
— топоним. Нойгуттарды көп жолу чаап алып кордук көргөзгөн жети талаа Жаркенди жердеген калчалардын каны Шоорукка каршы Бакайдын кеңеши боюнча Манас көп колу менен К.-Т. аркылуу өткөн (Саякбай Каралаев, 1. 216).
КУМУЛ
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын байгесине зордук кылмакка ниеттенген Коңурбай бир топ баатырларына, анын ичинде К-га «Ашын бузуп чыр кылып, Атын жыгып сын кылып», чыр баштамак болуп кайрылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).
КУМУЛ
— топоним. Эпостун көпчүлүк варианттарында жер аты катары колдонулат. «Кумулдан чыккан жол барбы, Курчап келип бу жерде, Кууратып жаткан кул барбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 222); «Кумулду барып чапканда, Астында жүргөн мен элем» (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв., 1562-б.) деген саптар бар. Географиялык реалияда Синьцзияндагы Кумул (кытайча Хами) шаары менен тике байланышат. КУНАР — топоним. «Манастын туулганына той кылганы» окуяда:
Бир чети Тибет чөл болсун,
Күн чыгыш жагы кытайдын
Камбылдын Кунар бел болсун,
Чакырарын тоюма
Шондо берки эл болсун
(Сагымбай Орозбаков, 1. 94),
— деп, К-дан берки эл тойго чакырылат.
КУНДАК
— ымыркай бала бешикке бөлөнгүчө жатуучу төшөкчө. Көбүнчө төө жүнүнөн, тыбыттан же койдун уяң жүнүнөн кат-кат төшөлүп, баштык же оромо түрүндө жасалган. Сырты кездеме, таар, жаргак менен капталган. Көчкөндө алып жүрүүгө, кереге башына илип коюуга, сууктан сактоого ыңгайлуу болгон. Эпосто көп жолугат. Мисалы, «Бешик боосу бек болсун, Кундагың боосу кут болсун!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 70),— деп Манас төрөлгөндө Жакыптын Бакдөөлөткө кайрылганы, Семетей төрөлгөндө «Караган аман калчу эмес, Көзүндө кара калы бар эле», — (Саякбай Каралаев, 2. 223),— деп Каныкейдин К-тагы баланы Манаска көрсөтпөй турганы К-ты жаңы төрөлгөн баланын төшөнчүсү экендиги далилдейт.
Каныкей менен Чыйырды Манас өлгөндөн кийин Букарга качып бара жатып жолдо Байтеректин түбүндө уктап калышат. Он эки айры мүйүздүү ак бугу келип, баланын К-ын чапкылаганда алты айлык Семетей К-ынан суурулуп чыгып кетет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 50). Мындан, К. бешик менен бирдей эле мааниде колдонулуп, кеңири тарагандыгын билүүгө болот. Мылтыктын найынын бешиги да К. делет.
КУНДУЗ
(иранча хухане — көөнө, эски; диз — чеп, сепил, коргон) — топоним. Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана ага караган аймак. 17-кылымда каттаган уруусу түндүк тараптан көчүп барып отурукташкандан кийин К. ш-нын чөйрөсүндөгү жер «Каттагани вилаети» деп аталат. Эпостун айрым варианттарында: «Кундуз, Талкан жайлаган, Кундуздай кара ат байлаган, Аталык уулу эр Кошой» (Сагымбай Орозбаков, 2. 199),— деп айтылып, негизги каармандардын бири Кошойдун ата мекени катары баяндалат. Географиялык реалияда Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана өрөөн.
КУРАЛ-ЖАРАК 1
(аскердик) — согуш аракетинде колдонулуучу ар кандай каражаттардын жалпы аты. Кыргыз элинде да негизинен К.-ж-тардын ан, уулоочу, аскердик, спорттук түрлөрү болгон. Аң уулоо куралдары колдонулушуна жараша атылма (жаа, мылтык, жана башкалар) жана ыргытуучу (найзалар) болуп аңчылык кылууга ылайыкталган. Атылма куралдар улам өркүндөтүлүү менен аңчылыкта анын ар кандай түрлөрү колдонулган. Металлдын ачылышы менен аскердик К.-ж-тар колодон, темирден жана башка металлдан жасала баштаган. Мылтыктын найына сай (октун айланып, алыска учушу, таамай тийишин камсыз кылат) салынат. Чабуул куралдары менен катар зоот, калкан, туулга сыяктуу коргонуу жабдыктары да жасалган.
Спорттук мылтыктар спорттук максатта (элдик эпостордогу даңазалуу аш-тойлордо өткөрүлгөн салттык мелдеште (мисалы, жамбы атуу) ар кандай буталарды атууга арналат. Атылма мылтыктын түрлөрү: Аккелте, Бараң, мылтык, замбирек жана ал куралдардын негизги бөлүктөрү: кундак, най, кароол, ок салгыч куту, машаа кармагыч (цевье), жана сактагычтан турат. Кыргыз элинин эпикалык салтында айтылган К.-ж-тардын түрлөрү казак, өзбек жана башкалар коңшу түрк элдеринин чыгармаларында негизинен бирдей термин-туюнтмага жакын энчилүү ат менен аталат. Башкы баатырдын образын толуктап турган ал курал коомдун тарыхый өнүгүшүнүн ар кыл мезгилдеринде пайда болуп, улам өркүндөтүлгөн формада колдонулуп келген реалдуу куралдардан болуп эсептелинет. К.-ж-тардын улам өркүндөтүлүшү жана жаңы куралдардын пайда болушу, жоокердик шартка ылайык сүрөттөлүшүн камсыз кылып турган. Ошондуктан эпостордун салтындагы жоокерчилик согуштар үчүн натыйжалуу куралдар көбүрөөк идеалдаштырган. Мисалы, мылтык, кылыч, замбирек (топ) өңдүү согуштук куралдар Орто Азияда 14—16-кылымдардан колдонула баштаганын жана ал элдердин эпосторунда бул куралдар кеңири сүрөттөлүп, олуттуу идеалдаштыруу мүнөздүү экенин бир катар изилдөөчүлөр белгилешкен.
КУРАЛ-ЖАРАК 2
Эпостук салт боюнча баатырлар укмуштуу К.-ж-тар менен камсыз болушат. Эпикалык бул мотив ар бир элдин эпосунда ар түрдүүчө идеалдаштырылып баатырлардын тигил же бул К.-ж-ка кантип ээ болгондугу баяндалат. Көпчүлүк эпостордо баатырлардын куралдары өтө чебер устанын колунан жаралган согуштук буюм катары даңазаланат. «Манас» эпосунда баатырлардын, айрыкча Манаска таандык К.-ж-тардын өзүнчө таржымалы, аларга ээ болуунун тарыхы кеңири баяндалат. Кандай шартта, кайдан келгендиси, же ким тарабынан жасалгандыгы жөнүндө толук кабар берилет. Башкы баатыр сыяктуу жардамчы каармандардын өзүнүн энчилүү кылычы, сайса узарган найзасы, алыскы жерлерди көргөн дүрбүсү, жазбай тийген мылтыгы болот. Булар баатырлардын эпикалык образын толуктап турат. Айрым көөнө эпостордо баатырдын келечекте мине турган тулпары менен К.-ж-ы асмандан түшкөнү айтылат. «Манас» эпосунда Манас баатырдын К.-ж-тарынын табылышынын түпкү теги жомоктук мифологиялык мүнөздө поэтизацияланат. Саякбай Каралаевдин вариантында асмандан түш көн алты курчтун ар биринин өзүнчө касиети идеалдаштырылат.
Манастын урунган К.-ж тары эпостун кийинки бөлүмүндө Семетейге атадан калган мурас катары өтүп, анын образына да керемет бүткөрүп турат. «Манаста» чагылдырылган К.-ж-тар негизинен энчилүү ат менен аталат. Мындай салт элдик эпостордун баарына мүнөздүү. В. М. Жирмунский мындай байыркы адат Батыш Европа элдеринин эпикалык чыгармаларында да орун алгандыгын белгилеп, көпчүлүк учурда кылыч, найза өңдүү куралдарга ээ болуу үчүн баатыр көп кыйынчылык менен жете турган сыйкырдуу жомоктук мотивдин бири катары карайт. Баатырды баатыр даражасына жеткирип, күчүнө күч, эрдигине эрдик кошкон куралдарды ар бир элдин айтуучулары өтө кылдаттык, сүймөнчүлүк менен ырдашат. Манас баатыр өзүнүн энчилүү К.-ж-гына кандайдыр бир жогорку күчтүн колдоосу аркылуу ээ болсо, Семетей атасынан мурас калган ошол эле жоо куралдарды (Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркескен, Сырнайза) атасынын бир туугандары — Абыке, Көбөштөн кайтарып алууда каршылыктарга учурайт. Айрым учурларда К-ж-тар душмандын колуна тийип калса, кылыч кынынан суурулбай, мылтык атылбайт. Ээсинин колунда турса гана кылыч кынынан суурулуп, мылтык атылып, адилет идеянын кызматын өтөйт. Бала баатыр Семетей ички душманы Көбөш менен жекеме-жеке кармашкан учурда үйдө илинип турган Аккелтеден шүйшүңдөп кан агып, өзү эле тарсылдап добуш берет. Жоокердик куралдарга мүнөздүү жомоктук бул мотив «Семетей» эпосунда да «Манастагыдай» кереметтүүлүктөн ажырабаган көөнө белгилерди, магиялык касиеттердин белгилүү өлчөмдө сакталганын далилдейт.
С. Алиев
КУР
— эпизоддук кейипкер. Бээжиндин чоң төрөлөрүнүн бири Дуңшанын уулу. Коңурбай Бээжинге келгенден анын жанында жүргөн нөкөрү. Анжыянды таштап Манастан качып келаткан Алоокеге жолукканда Коңурбай К. экөө барганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 224).
КУР
— булгаарыдан, кайыштан жана сызма сыяктуу башка материалдардан, узун жазы кездемеден белди бууп, байлаш үчүн жасалган буюм, белге курчана турган жоолук. Эпостогу маалыматтар курдун байыртадан эле болгондугун айгинелейт: «Белине жоолук — кур берди» (Сагымбай Орозбаков, 1. 45), «Курдан кармап алганы Оодара тартып атынан Чалды жерге салганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90). Ал эми К-ду моюнга салуу жеңилгендикти же кудайга жалынып тилек тилөөнү билдирет: Мисалы, «Мойнуна курун салынып» (Саякбай Каралаев, 1. 52), к. Ботокур, Боз кисе.
КУРМАН Кыдырбай кызы
(1915, Жети-Өгүз району, Чырак айылы) — «Манас» жыйноочу. Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн. 1932— 33-ж. Москвадагы стенографистикалардын курсунда окуган. К. манасчылар Саякбай Карала уулу менен Шапак Рысменде уулунун варианттарындагы негизги окуяларды так, жогорку деңгээлде жазып алган. Анын Саякбай Карала уулунан жазып алган материалдарынын көбү өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Калган материалдар Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
КУРМАНОВ Таалай
(1949, Чүй району, Талды-Булак айылы) — сүрөтчү, графикачы. 1968-ж. Фрунзедеги сүрөт өнөр окуу жайын, 1976-ж. Ленинграддагы сүрөт өнөр-жай жогорку окуу жайын бүтүргөн. Манасчы Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манастын» 4 томдугуна «Манас» 1—2-китеп, «Семетей» 1—2-китеп (1984 — 89) графикалык сүрөттөрдүн циклин түзгөн. К. сүрөттөрүндө жанрдык, баатырдык, жоокердик окуяларды реалисттик маанайда чагылдырып, каармандардын мүнөздөрүн терең ачып берүүгө аракеттенген.
К. тарткан сүрөттөрдө образдарды, композицияларды чечүүдө ар түрдүүлүк байкалат.
КУР САЛУУ
— 1) толук багынганын билгизип, кулдук уруп айыбы, кылмышы үчүн бирөөлөрдөн кечирим суроо. Кудай жана башкалар жогорку күчтөрдөн кандайдыр бир көмөк, жардам сурап тиленгенде жасалган жөрөлгө. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас эр жетип, катылган кара кытай, калмактардын катыгын берип, жоосу да, досу да көбөйүп турган чакта Алтай жериндеги кыргыз, казак элинин аксакалдары чогулуп, Ала-Тоого кетүү үчүн кеңешкенде: «Мойнуна курун салынып Боздоп турду Бай Жакып Жаратканга жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 218).
Ала-Тоого көчүү үчүн ак жол тилейт. Радлов жазып алган вариантта «Семетей» бөлүгүнүн окуясы кырк чоронун чыккынчылыгын баяндоо менен башталат. Аталган эпизоддо Манас баатыр менен жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан жоокер чоролор — деп Семетей өтө кадырлаган кырк чоро качканда аларды артынан кууп жетип ызаттаган сезим менен урматтап таазим кылып кайрылуусу жөнүндөгү эпикалык баян айтылат. «Эне болуп үйрөткөн, ата болуп дуулаткан чором, атыңдын оозун бура тур» — деп Семетей Тайбуурулду алдыларына тартат. Кырк чоро болбогондо курун салып, башын тартуу кылат. Эпосто Семетей баатырдын акыркы үмүт, ишеним менен «атамдан калган мурапы» деп кырк чорого тулпар атын тартып, мойнуна курун салып, башын тартуу кылып, өтүнүп турган учуру кечирим суроонун эң жогорку чеги жана жеткен жери.
КУРТКА
— эпизоддук кейипкер. Анжыяндык кары адам. Манаска ат коюуга катышканы гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 86).
КУСАБҮБУ
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, кыз тандоодо аты он бешинчи келген Каракожо тагдырына буюрган К-гө үйлөнөт.
КУСАРЫШ
— топоним. Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндө жыйын куруп эл башчыларына кайрылган Манас ата-бабалардан калган жерлердин катарында К-ты да эскерип өтөт.
КУТАН АЛП
— мифтик каарман. К. а. эпостун байыркы катмарын түзгөн кейипкерлерден. Бул тарыхта белгилүү кара кытайлар (кидандар) менен байланыштуу эпоним. Кутан «кидан» этнониминин өзгөргөн түрү, бирок эпосто К. а. менен Китен алп экөө эки башка дөө катары берилген. «Манаста» бирде «Кулан куйрук Кутан алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99), бирде «Кулагы темир Кутан алп» (Саякбай Каралаев, 1. 80) болуп айтылат. К. Китен алп.
КУТМАН
— эпизоддук кейипкер. Кошой Жолой менен күрөшөрүндө К. байдын тоюнда Жолойду жеңгенин эскерет (Сагымбай Орозбаков, 2. 219).
КУТТУБАЕВ Аманкул
(1907, Сокулук району, Белек айылы — 1984, Фрунзе) — кыргыз совет режиссёру, актёр. Кыргыз ССР эл артисти (1946), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). 1935—41-ж. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетинде окуп, В. Г. Сахновский менен В. А. Орловдон таалим алган. Чыгармачылык жолун 1926-ж. Пишпек (Фрунзе) шаарында музыкалык драма студиясынан баштаган.
1939-ж. Москвада өткөн кыргыз исквосунун декадасында улуттук сахна өнөрүнүн саамалыгы болгон «Айчүрөк» операсын зор ийгилик менен коюп, өзүнүн режиссёрдук дареметин көрсөтө алды. К-дин «Манас» операсынын алгачкы (1951) жана кийинки вариантын (Р. В. Захаров менен бирге, 1966) койгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
КУТТУБАЕВА Анвар Акматовна
Кудайбергенова (1915, Бишкек шаары — 1977, Фрунзе) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1939).
Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуп, актёрдук чыгармачылыгын андагы драма ийриминен баштаган. 1929-ж. кыргыз театр студиясына кирип, артисттик ишмердигин уланткан. Ал «Айчүрөк» операсынан Калыймандын партиясын аткарган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
КУТУБИЙ 1
Кутунай — кырк чоронун бири. Бул образ ар түрдүү варианттарда ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаков вариантында Ошпурдун айылдашы кыргыз Кадообайдын баласы, өз ысымы Чегебай. «Кутман болор сага деп, Дартыңа болор даба деп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 115) кырк чилтен атын К. коюп беришет. Манастын чоролорунун ичинде бирде К., бирде Кутунай деген ысым менен айтылат. Мисалы, Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо:
Кутубийдин Акбакай,
Улаан күлүк бир далай,
Бешинчи болуп барыптыр,
Бери кызындай Кыяпат
Берген кудай муну деп
Бекке ылайык кутунай
Бетине келип калыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 2. 422— 423).
Ушул окуядан нары кырк чоронун бири катары «Кыргыздан кыраан Кутунай» делип, эрдиги, ар ишке жүйөкөрлүгү көсөтүлөт. Ошочдуктан жөн билгиликти, баатырлыкты талап кылуучу ишке Манас бекеринен К-ды кошо жибербейт. Мисалы, Алмамбетти алгач тосуп чыккан Чубак, Сыргак баштаган беш баатырдын бири К. болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 303), Манастын Санирабигага күйөөлөп келатканын Атемирге Ажыбай, Чалыбай, К. үчөө кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 392 — 393).
КУТУБИЙ 2
Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында Манас менен козу кайтарып жүргөн кара калмак Ошпурдун баласы Чегени Кызыр Алейкисалам К. атайт: «Кутубий дедим бул бала, Кутман болот өзүңө. Астыңа салса ак жолуң. Сенин артыңда жүрсө сан колуң...» (Саякбай Каралаев, 1. 106). Манас Кошойго жолукканы кеткенде Акбалта менен бирге каптап келген жоонун жолун тосот. Манас келгенден кийин Кошой жардамга келгенче Манаска караан болуп, сандаган кол менен жан аябай согушат. Ошол согушта Манас Оргону минген качырынан түшүрө сайганда азыр болгон К. Оргонун башын кесип кетет. Алтайдан Ала-Тоого келгенден кийин элине, Сары-Колго кетмекчи болгон Акбалта: «Кутмандуу бийиң кулунум, Курган нойгут элиме Кан көтөрүп салайын! Манаска тете уулум, деп, Баана кылып алайын» (Саякбай Каралаев, 1. 126 — 142, 151 — 154, 170),— деп К-ди кадырын салып Манастан сурап элине алып келет. К. Манаска, кыргыз элине, ак кызмат өтөсө, кийин К-дин уулу Карадөө Манастын урпактары Семетей менен Сейтекке да ошондой эле адал кызматын арнайт.
К. Кырбашев
КУТУБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Чыйырдыны төрөтүшкөн аялдардын бири К-дын зайыбы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 74).
КУТУ
— эпизоддук кейипкер, жедигер элинин аксакалы, кадырман, акылга дыйкан, чечен адам:
Келер менен кетерди,
Кеңири билген жан экен.
Семеңе тийген Кыязга
Карасаң мындай Кутунун
Чоң кастыгы бар экен
(Курама вариант, «Сейтек», 56).
Айчүрөк уул төрөгөндө баладан күмөн санаган Кыяска К. нуска сөзүн айтып, той берип, баланын атын өзүң кой деп Сейтектин аман өсүп, эр жетишине көмөктөш болот.
КУУ БАЙТАЛ
— эпостун негизги варианттарында эскерилген эч адамга билинбей кайыптан пайда болгон ургаачы жылкы. Карача кандын малы. Аккуланын энеси. Ал эпосто:
Кайыбынан кабылган,
Нойгуттун каны Карача
Эркеги жок кызы арбын,
Кудай сүйүп буюруп
Так ошого табылган
(Саякбай Каралаев, 1. 175), — деп баяндалып, касиеттүү К. б-дын биринчи төлү Кула тай (Аккула).
КУУ-ЖЕКЕН
— топоним. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта аттар токтогон жер.
Эпосто:
Түркстандын ары жагы,
Куу-Жекендин аралы
Куу деген бас экен,
Аяк-башы түшчүлүк,
Дайрага жакын саз экен,
Саз боюнда жайнаган,
Жапан учкан каз экен
(Сагымбай Орозбаков, 3. 263), — деп айтылат.
КУУЖИГИТ
— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын чоролорунун ичинен амал-айлалуу, кысталышта жол таба билген чоро катары айтылат (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 79, 91-б.).
КУУКАЗЫК
— Көкбөрүнүн байгеге чапкан күлүгү жана жоого минген аты. Саякбай Каралаевдин вариантында Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылганы эскерилет (Саякбай Каралаев, 2. 70).
КУУ-ТЕЗ
— топоним. Жакыптын жылкысы жайылган жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 180).
КУУ КУЛЖА
— кытай, калмактардын чегин кайтарган кароолчу жандыктарынын бири (к. Кароолчу жандыктар). Эпостун «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүндө салттык түрдө айтылып, жоо тараптын сыйкырдуу жардамчыларынын милдетин аткарат. «Манас» эпосунун сүрөттөөсү боюнча К. к. сыйкырдын жардамы менен иштетилген магиялык касиеттеги жандыктардын бири катарында көрсөтүлөт:
Тогуз жолдун тоомунда,
Кырк бөрү койдун чаркына,
Үзгүлтүк тоонун урчукка,
Үңүрөйгөн тумшукка,
Как суунун четине,
Каспаң тоонун бетине
Кулжаны кабар койду дейт
(Саякбай Каралаев, 1. 165).
Кытай, калмак чек арасын кайтарып турган, кишиден кыйын акылдуу К. к-ны жеңүү жан-жаныбарлардын куулук-шумдугун, тилин, сырын билген Алмамбеттин гана колунан келет.
Ошондуктан ал «Чоң казат» эпизодунда кытай чек арасына чалгындап барган Алмамбет, Сыргак тарабынан ажал табат.
КУУЧАБДАР
— кытай баатыры Шаңдөөгөрдүн минген аты. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта катышат. Эпикалык душман баатырынын эрдиги К-дын тулпарлык касиетинин күчтүүлүгүнө байланыштырылып эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 151).
КУУ ӨРДӨК
— кытай-калмактардын укмуштуу кароолчу жандыктарынын бири. Укмуштуу К. ө. «Манас» эпосунда мындайча сүрөттөлөт:
Жел учса кабар берүүчү, Жез канаттуу Куу өрдөк. Абаргер деген көлүнө Суук-Капчыгай төрүнө Муну кароол койду дейт. Кабылан төрө Манастын Келе турган жерине (Саякбай Каралаев, 1. 165). Кытай чегин кайтарып турган, кишиден кыйын акылы бар. К. ө-тү сыр билгизбей жеңүү аракети жан-жаныбарлардын куулук-шумдугун, тилин, сырын билген айлакер Алмамбеттин да колунан келбейт. «Чоң казат» эпизодунда кыргыз колунун Чоң Бээжинге каршы аттанып келе жатканын алдын ала билип Коңурбайга кабарлаган да ушул К. ө. болот. Амалкөй К. ө-түн терс мүнөзү байыркы доорлордогу канаттуу кабарчы өрдөк жөнүндөгү элдик түшүнүк эпостун кийинки өнүгүш этабында эпикалык душман өкүлүнүн куралына айландырылып, жоо тараптын сыйкырдуу жардамчыларынын милдетин аткарып, кызмат кылышы менен мүнөздөлөт. Эпикалык өрдөктүн образы өзүнүн алгачкы үлгүсүндө терс мүнөздө элестетилбейт. Анткени, байыркы доорлордогу катташып башкы каармандын оор абалын бүлөсүнө, элине билдирген «көгүчкөн катчы» жана башкалар канаттуу кабарчылардын жагымдуу элесте сыпатталгандай эле өрдөк да оң маанисиндеги элестерден, к. Канаттуу кабарчы.
КУШ-МУРУН
— топоним. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын ашын берүү үчүн көчүп өткөн жерлердин бири. «Бакты-Куурай басамын, Куш-Мурун тоосун ашамын» (Радлов жазып алган вариант 147),— деп айтылат. Географиялык реалияда Кегендин түндүк алабындагы тоо.
КУУ ТҮЛКҮ
— кытай-калмактардын укмуштуу кароолчу жандыктарынын бири. Байыркы элдер өздөрүн курчап турган жаратылыш кубулуштарды, жан-жаныбарларды адамга мүнөздүү касиетке ээ деп ишенишкен. Ушуга ылайык оозеки чыгармалардын ар кандай үлгүлөрүндө чагылдырылган укмуштуу айбандар адам сыяктуу сүйлөөгө, түшүнүүгө, окуяларды алдын ала билүүгө жөндөмдүү жандык катары сүрөттөлөт. «Манас» эпосунда жомоктук-фантастикалык элесте сүрөттөлгөн бул жандык:
Кырк кулач кызыл түлкү экен,
Айбандан болгон артык сак,
Эсен канга мүлк экен.
Мүлктүгү ушул эмеспи,
Кароолго койгон Куу түлкү
Бел байлаган бел экен
(Саякбай Каралаев, 1. 165),
— деп сыпатталат. Бээжинге барчу жолду кайтарып жаткан, адамдай акылы бар К. т-нү жеңип, жоонун жерине кирүү иши да Манастын чоролорунун колунан келет. Канчалык амалкөй болсо да К. т. кароолдо турган жерине чалгындап барган элдик баатырлар тарабынан жай болот.

