Белгисиз жерден кол чыкты,
Белесте турган жашынын.
Баатыр Жоодар балаңыз
Бул кызыкты көргөндө,
Бар кайраты ашынып,
Найза сунуп айкырып,
Жөнөп калды качырып,
Желмогуздан куугун жеп,
Калыптыр ичи ачынып.
Арстандай сүр менен
Алды жагын жапырып.
Айбат түсүн көргөндө,
Бири беттеп келе албай,
Качып берди чачылып.
Найза сунган немелер,
Адамдан башка эр көрдү,
Арстан сымал шер көрдү,
Ачып көзүн бир көрдү,
Ажыдаардай сур көрдү.
Алактаган каракчы
Ажал чыгып алдынан,
Андай кордук ким көрдү.
Арстан Жоодар ошондо,
Айкырыкты салды эле,
Ачуусу келе калды эле.
Айбат менен барды эле,
Жеткен жоосун узатпай,
Кээсине найза малды эле,
Кез келгенин баатырын,
Кылычтап башын алды эле.
Өзү келип катылган
Каракчыны бүт союп,
Чын кумары канды эле.
Жоодарбешим балаңыз
Эр экенин караңыз.
Кырк каракчы биригип,
Бирөө кылыч чапкан жок.
Баатырыңды каратып,
Бирөө жебе тарткан жок.
Кыйыны чыгып ичинен,
Кылчайып найза сунган жок.
Маңдайлашып баатырга,
Кылайып каруу кылган жок.
Жолуккан жоосун баатырын
Жолборстой чалды эле.
Буудандарын чогултуп,
Коштоп айдап алды эле.

ЖООДАРБЕШИМДИН ТАЯТАСЫ АГАЙ КАНГА КЕЛГЕНИ

Баатыр дагы жол жүрсө,
Укуругу колунда,
Үч жылкычы сүйлөшүп,
Турган экен жолунда.
Баатырды көрүп шашты ошол,
Укуругун сүйрөшүп,
Үйүн көздөй качты ошол.
Жоодар турду бакырып:
«Чочубагын, жылкычы,
Тура тур — деп, чакырып,— .
Элиң кайсы эл? — деди,
Бери жакын кел,— деди.
Кара теңиз болсоңор,
Мен силерге жээн,— деди.
Таятам менин Агай кан,
Элим кыпчак эл,— деди.
Энемдин аты Кенжеке,
Эр Төштүктүн баласы,
Жоодарбешим мен,— деди.
Чочуркабай тагалар,
Бура тартып кел»,— деди.
Баланын сөзүн байкаса,
Буларга жакшы угулуп,
Үч жылкычы элеңдеп,
Тура калды бурулуп.
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Кыраан Төштүк тукуму
Көк сеңир тоодой көрүнүп.
Сүйлөй албай сүрдөшүп,
Баралат деги жанына,
Бирин бири жүр — дешип.
Батына албай чочулап,
Балага жакын келди эле,
Сырттан Жоодарбешимге,
Үйрүлүп салам берди эле.