Элимди чогуу кырган го,
Тукум курут кылган го.
Атам Төштүк арстанды,
Кай жерге орго салды экен?
Карыган кезде кор болуп,
Аман, эсен бар бекен?
Жакшылыкка жамандык;
Жыйнап жүргөн жан экен.
Өз башын салып азалка,
Кыйнап жүргөн жан экен.
Эртерээк ага жетейин,
Карап туруп нетейин.
Эсен-аман бар болсо,
Ордон сууруп алайын.
Аман болсо эл-журтум,
Ачылганы таалайым.
Асылган жоону жай кылдым,
Көтөрүлөр паанайым.
Азган элди туш-туштан,
Издеп жүрүп табайын».
Мына ошентип эр Жоодар,
Айтып оозун жыйганча,
Андай-мындай дегиче,
Алды жаккы кең түздө
Адам батпай кылтылдайт,
Найзанын учу жылтылдайт.
Караса көңүл бөлүнөт,
Сырттан Жоодар баатырга,
Сүрү башка көрүнөт.
Бастырганы булардын,
Кең-Кыянын жолу экен,
Абайласа келаткан,
Жер жайнаган кол экен.
Кылыччаны кыйрында,
Баатырлары башында,
Байкап турса эр Жоодар,
Жөө күлүк келет кашында.
Эр Жоодарга Темир алп,
Жеке уруш салганда,
Аянбастан эки дөө,
Былчылдашып калганда,
Бул турганым болбос — деп,
Темир кулак оңбос — деп,
Жекелесе кызыталак,
Сырттанды соо койбос — деп,
Учуп-күйүп жөө күлүк,
Кырымдын жолун чалыптыр,
Кырымкандын Кыргыйбек,
Буга жетип барыптыр.
Элемандын эр Төштүк,
Кыйын күндө калды — деп,
Жетип кабар салыптыр.