Жоодарбешим
Кубалап барып артынан,
Атаңдык кегин алгын — деп.
Канын ууртап Төштүктүн,
Чын өктөмүң кангын» — деп.
Жети жүз дөө шер берип,
Темир алпты шайлаптыр,
Эр Төштүк көздөн айдаптыр.
Ошондо көрсөң Темир алп,
Көбүк чачыл күрпүлдөп,
Буурадан берет зиркилдеп.
Камандан бетер чамынып,
Чыккан экен камынып.
Эр Төштүктү союуга,
Тыпдым кылып коюуга.
Жети жүз дөө жанында,
Келген экен жабылып.
Темир алп каптап келгенде,
Эл үркүптүр удургуп.
Жандын баары качышып,
Журтта калып ит улуп.
Көргөндөр жандан түңүлүп,
Туш келген жакты бет алып.
Көчкөн экен бүлүнүп;
Ошондо, кайран Төштүк кабылан,
Кайратын жыйын абыдан.
Эртегисин эске алып,
Чалкуйруктай ат минип,
Чайингидей тон кийип,
Чыккан экен найза алып.
Албарс кылыч байланып,
Темир алпты бет алып.
«Карып калган кезим —деп,
Кырааным Жоодар кантейин,
Кабарсыз кеттиң өзүң — деп.
Тирүү калбай өлөм — деп,
Темир кулак алп менен,
Бир беттешип көрөм — деп.
Баштагыдай бар болсом,
Кызыл канын төгөм — деп.
Каруу тайып, жан чыкпай,
Намысым кантип берем» — деп.
Карап турсаң кайраты,
Арстан Төштүк чалыңдын,
Көкүрөктөн кете элек,
Баштагыдай калыбы.
Чалкуйрук болсо чаалыган,
Куудай сакал ак болуп,
Чал болуп Төштүк карыган.
Чын намысы келгенде,
Калар эмес каруудан.
Темир алп менен кездешип,
Эр Төштүк турду беттешип.
Найза сайып, жаа тартып,
Мандай-тескей турушуп.
Кайран Төштүк каржалбай,
Тосуп турду урушуп.
Мерчемдүү жерде салышып,
Беттешип найза сайышып.
Берен Төштүк чалыңыз,
Бели эңкейип, мекчейип,
Эки көзү чекчейип,
Каруу тайды эңкейип.
Ошентсе да эр Төштүк,
Эки жүз дөөнү союптур,
Тындым кылып коюптур.
Атаңдык кегин алгын — деп.
Канын ууртап Төштүктүн,
Чын өктөмүң кангын» — деп.
Жети жүз дөө шер берип,
Темир алпты шайлаптыр,
Эр Төштүк көздөн айдаптыр.
Ошондо көрсөң Темир алп,
Көбүк чачыл күрпүлдөп,
Буурадан берет зиркилдеп.
Камандан бетер чамынып,
Чыккан экен камынып.
Эр Төштүктү союуга,
Тыпдым кылып коюуга.
Жети жүз дөө жанында,
Келген экен жабылып.
Темир алп каптап келгенде,
Эл үркүптүр удургуп.
Жандын баары качышып,
Журтта калып ит улуп.
Көргөндөр жандан түңүлүп,
Туш келген жакты бет алып.
Көчкөн экен бүлүнүп;
Ошондо, кайран Төштүк кабылан,
Кайратын жыйын абыдан.
Эртегисин эске алып,
Чалкуйруктай ат минип,
Чайингидей тон кийип,
Чыккан экен найза алып.
Албарс кылыч байланып,
Темир алпты бет алып.
«Карып калган кезим —деп,
Кырааным Жоодар кантейин,
Кабарсыз кеттиң өзүң — деп.
Тирүү калбай өлөм — деп,
Темир кулак алп менен,
Бир беттешип көрөм — деп.
Баштагыдай бар болсом,
Кызыл канын төгөм — деп.
Каруу тайып, жан чыкпай,
Намысым кантип берем» — деп.
Карап турсаң кайраты,
Арстан Төштүк чалыңдын,
Көкүрөктөн кете элек,
Баштагыдай калыбы.
Чалкуйрук болсо чаалыган,
Куудай сакал ак болуп,
Чал болуп Төштүк карыган.
Чын намысы келгенде,
Калар эмес каруудан.
Темир алп менен кездешип,
Эр Төштүк турду беттешип.
Найза сайып, жаа тартып,
Мандай-тескей турушуп.
Кайран Төштүк каржалбай,
Тосуп турду урушуп.
Мерчемдүү жерде салышып,
Беттешип найза сайышып.
Берен Төштүк чалыңыз,
Бели эңкейип, мекчейип,
Эки көзү чекчейип,
Каруу тайды эңкейип.
Ошентсе да эр Төштүк,
Эки жүз дөөнү союптур,
Тындым кылып коюптур.

