Жоодарбешим
Аңдыган жырткыч күйүнгөн, досум,
Өлгөн жаным тирилген, досум,
Ата, энем келип сүйүнгөн, досум.
Сенин атаң эр Төштүк,
Өчкөн отум тамызган, досум,
Өлбөстүн даамын татыткан, досум.
Күйүт тартып ата, энем,
Көзүнөн жашын агызган, досум.
Өрттөнгөн жүрөк кубанган, досум,
Өмүрүм минтип уланган, досум,
Кабарың бардыр булардан, досум.
Жер алдынан Төштүктү,
Алп кара куш чыгарган, досум.
Мен да сага дос болуп,
Жүнүмдөн жулуп беремин, досум.
Башыңа кыйын иш түшсө,
Түтөтө койсоң келемин, досум.
Башка айтар акыл жок,
Кечикпей жолдон жөнөгүн, досум.
Эрен Төштүк кыраанга,
Барганда менден салам де, досум.
Үйүрү менен Кара куш,
Көрүп келдим аман де, досум.
Кайтайын турбай жериме, досум,
Шашып учуп келгенмин,
Достуга жардам бергени, досум.
Өлгөн жанды тиргизип,
Өзүң көргөн балапан,
Ошол өзү келди де, досум.
Менде да бар балапан, досум.
Көп кечиксем бара албай,
Балапан калат тамактан, досу-м.
Энем качан келер — деп,
Жол карап көзү талыгар, досум.
Майып болсо ачкадан,
Азапка башым малынар, досуң.
Алты күндүк узак жол,
Күнү-түнү учайын, досум».
Деп ошентип Кара куш,
Уча турган болгону.
Өлгөн жаным тирилген, досум,
Ата, энем келип сүйүнгөн, досум.
Сенин атаң эр Төштүк,
Өчкөн отум тамызган, досум,
Өлбөстүн даамын татыткан, досум.
Күйүт тартып ата, энем,
Көзүнөн жашын агызган, досум.
Өрттөнгөн жүрөк кубанган, досум,
Өмүрүм минтип уланган, досум,
Кабарың бардыр булардан, досум.
Жер алдынан Төштүктү,
Алп кара куш чыгарган, досум.
Мен да сага дос болуп,
Жүнүмдөн жулуп беремин, досум.
Башыңа кыйын иш түшсө,
Түтөтө койсоң келемин, досум.
Башка айтар акыл жок,
Кечикпей жолдон жөнөгүн, досум.
Эрен Төштүк кыраанга,
Барганда менден салам де, досум.
Үйүрү менен Кара куш,
Көрүп келдим аман де, досум.
Кайтайын турбай жериме, досум,
Шашып учуп келгенмин,
Достуга жардам бергени, досум.
Өлгөн жанды тиргизип,
Өзүң көргөн балапан,
Ошол өзү келди де, досум.
Менде да бар балапан, досум.
Көп кечиксем бара албай,
Балапан калат тамактан, досу-м.
Энем качан келер — деп,
Жол карап көзү талыгар, досум.
Майып болсо ачкадан,
Азапка башым малынар, досуң.
Алты күндүк узак жол,
Күнү-түнү учайын, досум».
Деп ошентип Кара куш,
Уча турган болгону.

