Жоодарбешим
Чөлдү кезип өткөнмүн.
Чычкан мурдун салбаган,
Черди тешип өткөнмүн.
Адам атын укпаган,
Жерди кезип өткөнмүн.
Көбүгү көккө атылган,
Көк ирим болуп чачылган,
Суудан кечип өткөнмүн.
Кайраным буудан барында,
Качкан жандан кутулуп,
Кууган жоого жеткенмин.
Эрегишкен душмандын,
Найзалап кардын тешкенмин.
Күлүк атым, Кылкара,
Ак бугу башын кескенмнн.
Азап башка келгенде,
Акыл айтып кошконум.
Айыгышкан душмандын,
Аргымагым барында,
Айныбай жолун тосконмун.
Бууданым сенден ажырап,
Кандай күндө каламын.
Талаада калсам сороюп,
Кандай арга табамын.
Жөө темтеңдеп курган жан,
Кай тарапка барамын.
Атап төөнүн жүгү эле,
Өзүм менен жанымда,
Ала жүргөн жарагым.
Былк эттирбей ушуну,
Алып жүргөн, Кылкара,
Катуу тозок душманга,
Салып жүргөн, Кылкара».
Алактап шашпай сырттаның,
Албан түркүн ой ойлоп,
Ажалга кыйбай тулпарын.
Башына түшөт пенденин,
Нечен түркүн жамат— деп.
Ар тозоктон куткарып,
Акыл айла табат — деп.
АЛП КАРА КУШ МЕНЕН ЖООДАРБЕШИМ
Токсон жакка толгонуп,
Сырттан акыл ойлонуп.
Эсине түштү ошондо,
Энекеси Кенжеке,
Узак жолго эр Жоодар,
Сапар чалар кезинде,
Берген эле Жоодарга,
Алтын боолуу ак кисе.
Башка кырсык келгенде,
Жардам болор жаныңа,
Буюм бар деп ичинде.
Түтүн салып түтөтсөң,
Ааламга кабар салар — деп.
Башка мүшкүл иш түшсө,
Аралжы болуп калар — деп.
Эми түшүп оюна,
Алтын боолуу ак кисе,
Алган экен колуна.
Ичип ачып караса,
Чыбырчык чаар жүзү бар,
Бир башкача куштун жүнү бар.
Ала коюп колуна,
Ары имерип карады,
Бери имерип карады.
Баатыр Жоодар кыраанга,
Белгисиз экен кабары.
Жай киседен куу алып,
Отукка салып тартты эле.
Ширенди чыгып жанды эле,
Кармаган куусу тамды эле.
Чок чыгарып, от үйлөп,
Куштун жүнүн салды эле.
Ачып көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче,
Асмандан добуш шуулдап,
Ар тараптан белгисиз,
Шамал жүрүп зуулдап.
Асмандын күнү бүркөлүп,
Ачык асман заматта,
Кара булут чүмкөнүп.
Жайлоонун башы жамгырлап,
Бексөнүн башы мөндүрлөп.
Кара нөшөр шыбыргак,
Кардай түшүп шыбырлап.
Абайласа эр Жоодар,
Асмандан укмуш үн чыгат,
Аба жарган күү чыгат.
Ал тарапты караса,
Көөнү башка бөлүнүп.

