Жер алдынан Төштүккө,
Барып кел деп жиберди.
Мен Кулкутан досуңдан,
Жер алдынан кабарды,
Салып кел деп жиберди.
Өлбөй тирүү бар болсо,
Арстандын кабарын
Алып кел деп жиберди.
Айланайын, баатырым,
Амалым көп, каруум жок,
Айбаалыдай сыягым,
Адам жыгар алым жок.
Ташыркабас таманым,
Талбай жерди чаламын.
Каалап чыккан сырттанды,
Кай тараптан табамын?
Сен дагы сырттан окшойсуң,
Кайгуулчулап бараткан,
Эр мүнөзүң көрүнөт,
Турушуңа карасам.
Туйгунсуң го, шерсин го,
Кыйла жерди кыдырган,
Кыраан туулган эрсиң го?
Андай неме билдиңби,
Андай неме туйдуңбу?
Айта салып дайныңды,
Күнөө кылсам алдыңда
Кечиргин кеткен айбымды!
Дагы айтарым, баатырым,
Ээгимдеги сакалды
Ак экен деп ойлобо.
Алжып калган мени бил
Чал экен деп ойлобо.
Кырктан ашык катарын,
Жасалма чач, сакалым.
Кийип жүрөм башыма,
Кейпин жасап атамдын».
Деп, ошентип Желдениң,
Кебин* сыйрын алды эле,
Кер муруту келишкен,
Жигит боло калды эле.
Бул жоругун көргөндө
Жоодар айран болду эле.