Чарчап келген мал-жандар,
Чаалыккан жаны жай алып,
Жыргап жагын калышты.
Ат арымы басылды,
Эки күн оттоп талаадан,
Ачып көздү жумганча,
Кыйла күн өттү арадан.
Көчөлү десе эр Жоодар,
Кыйын мүшкүл иш болду.
Кыйноо тартып жигиттер,
Онтоп ооруп калыптыр,
Бир башына күч болду.
Эч нерсе жок оюнда,
Баратканда эр Жоодар,
Бул кырсыкка туш болду.
Байкап көрсө жигиттер,
Күрс-күрс этип жөтөлөт.
Көзүн ачпай онтошүп,
Араң башын көтөрөт.
Муну көрүп Нурпери,
Кармап көрсө тамырын,
Араң эле былкылдайт.
Башын жөлөп көтөрсө,
Үзүлчүдөй шылкылдайт.
Ошондо сулуу Нурпери,
Агаларын көргөндө
Буркурап ыйлап жиберип,
Көздөн жашын имерип:
«Айланайын, агалар,
Эмне болду деп сурайт.
Как талаада жүргөндө,
Аман болор бекенбиз?
Төрт көзү түгөл баарыбыз,
Качан элге жетебиз?»
Дегенде бирөө кеп айтат,
Демигип сөздү эми айтат:
«Айланайын, Нурпери,
Эскиден адат бар эле,
Күйдүргүнүн токойдо,
Күнөп-түнөп уу кылып,
Кийик уулап жүргөндө,
Кырк жигитке бүт бойдон,
Тийип калган дарт эле.
Алты ай андан айыкпай,
Араң жаным калды эле.